МА Лао: Кызыл батинкелер (аңгеме, которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ)

Лао Ма – азыркы Кытайдын көрүнүктүү жазуучуларынын бири. Анын каармандары арабызда эле жашаган, бирок көпчүлүк эл аларды түшүнүүсү кыйын болгон бала кыял, апенди чалыш адамдар. Биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынан мына ушул жазуучунун “Апенди чалыштар” деген кызыктуу китеби жарык көрүү алдында турат. Бул аңгеме ошол китептен алынды.

Орусчадан оодарган Кубаныч АРКАБАЕВ

АҢГЕМЕ

Эки жуп кызыл батинкелүү болуу – биздин үй-бүлөнүн эки муундан бери келаткан кыялы.

Балалык чагымда кыштактагы жашоо абдан эле оор болучу. Өзгөчө, акча жагынан ар бир үй-бүлө каржалып турар эле. Чоңдор көбүнчө чүпөрөктөн же ырзинкеден тигилген жыртык бут кийим (алардын бир аты “куткаруучу тупилий” болучу) кийип жүрүшчү. Кайыш батинкечендерди өтө эле сейрек көрчүбүз.

Ал эми биздей балакайларга бут кийимди ким коюптур; согончокторубуздун чорун жалтыратып, жер тандабай жылаңаяк чуркап жүрчүбүз. Ал тургай мектепке да бут кийимсиз барабыз. Кышында гана ичине жумшак чөптөрдү, тутам пахтаны аяздан коргонуш үчүн салып, “куткаруучу тупилийлерди” кийер элек.

Айыл башчысынын кызыл түстүү кайыш батинкеси бар болучу. Анын аскер кызматында жүрүп Шанхайда болгонунда ушул жуп батинкелерди ала келгенин айтып жүрүшчү. Алардын сатылып алынганын же уурдалган таржымалын эч ким билчү эмес.

Кандай болгон күндө да айыл башчынын кызыл батинкеси бир караганда эле көзгө жарк этип урунчу. Ар жылы ал бул бут кийимин Жаз майрамы менен айылдаштарын куттуктоо жүрүштөрүндө гана бир нече күнгө кийүүчү.

Андыктан кыштакта бул айтылуу кызыл батинкени билбеген киши жок эле. Элүүнчү жылдардын башынан баштап ар бир Жаңы жылда бул чыштай кызыл батинке кыштактын ар бир үйүнүн короосуна кирер эле. Айыл башчы кимдир бирөөдөн калган көк шырымалын желбегей жамынып, анын жеңдерин алмак-салмак эки жакка желпий басып, кырмызы кызыл батинкени кылактатып көчө кыдырчу.

Ошентип кызыл батинкелер жыл өткөнүн билгизчү, аны көрүшөрү менен айылдаштарым жаңы жылдык жардыргычтарын тарсылдатып киришчү. Андыктан кызыл батинкелер биздин кыштакта кызыл жуп жазуулар жана кагаз чырактар сыяктуу эле Жаңы жылдын белгиси болуп калган. Аларды кийери менен айыл башчы кайрадан жаралгандай жаркырап чыга келип, өзүн чыныгы жетекчи сезчү. Кантсе да ал Шанхайда болмок тургай, ал шаар кай тарапта экенин да билбеген жердештеринин арасында ошол жомоктогудай укмуш жерде болуп, ал тургай ушул кызыл батинкени ала келгени менен барктуу болучу.

Кызыл батинке ошентип биздин айыл башчыбызга даңк менен урмат-сый алып келгени менен анын айынан ал түйшүк тартып, кырсыкка да кабылган. Качан үч жана беш жамандыкка[1] каршы күрөш жүрүп баштаганда, айыл башчыбыздын бул кызыл батинкеси кимдир бирөөгө байлыктын белгиси, жашоо турмушунун жогорку абалындай көрүнсө керек; тоголок арыз жазып жибериптир. Мындан соң жогору жактагы чоңдор текшерүү жүргүзүшүп, айыл башчысынын “ызы-чуу салган” кызыл батинкесин акыры алып коюшту. Буга айыл башчысы көпкө кайгырды, ал жагымсыз окуя эсине түшөрү менен кимдир бирөөлөрдү ашата сөгүп жиберчү. Ошол кышта ал айылдаштарын жаңы жылы менен куттуктап кыштакты кыдырган жок. Мунун себеби, албетте, кызыл батинкенин жоктугунда болучу. Анткен менен алиги “измдер” менен төрөпейилдикке каршы күрөш аяктаганда жогорку жетекчилер кызыл батинкени ээсине кайтарып беришти. Айыл башчынын кубанычында чек жок эле. Жамажайын жайган жылмаюусу бир кулагынан бир кулагына чейин жетип, жаркыган жүзүнөн кетпей турду.

Беш жаман коомдук илдет – жемкорлук, салыктардан качуу, элдик мүлктү тоноо, мамлекеттик буюртмалар менен милдеттерди аткаруудагы илең-салаңдык, мамлекетке тиешелүү экономикалык маалыматтарды чайкоочулук кылуу максатында уурдоо.

Кайрадан жаңы жыл келип, айыл элинин ар бир кишиси өз босогосун аттаган кырмызы кызылды көргөндө көңүлдөрү ачылып, майрам көркүнө чыккансыды. Дагы бир нече жыл өтүп, анан “төрт тазалоо” кыймылы көтөрүлүп, көңүлдөр кайрадан айыл башчынын батинкесине бурулду. Бул жолу айыл башчынын батинкесин тартып алышпаганы менен ал ушул бут кийиминин айынан өз кызматынан түшүп калды. Бул жылы ал кайрадан баягы жылкыдай болуп айыл башчысы катары элди жаңы жылы менен куттуктап кыдыра албай калды. Чын эле айыл башчы болбогонунан кийин кызыл батинкечен барып, жердештерин куттуктаганында кандай маани бар?

Анткен менен аны кимдир бирөөлөр мейманга чакырып, ал жакка кызыл батинкечен барганынан кийин аны ар ким өз үйүнөн көргүсү келе баштап, ал баары бир эле майрамда кыштакты  кыдырып чыкты. Эл эми айыл башчыны кезиктиргендеринде ага мурдагыдай болуп “аксакал” деп кайрылышпаганы менен “чоң ата”, “аке”, “аба” же “байке” деп урмат кылып жатышты. Антсе дагы анын көзү жок кезде “кызыл батинке” деп атай башташты. Ошентип мурунку айыл башчыбызга ушундай лакап ат жабышты.

Менин атам менен эң улуу агам кайсы бир бактылуу күндөрдүн биринде ушундай ээсине урмат менен сый алып келер укмуш күчкө эгедер кызыл батинкелүү болууну кыялданып жүрүшчү. Бирок алардын ой-кыялдары орундалбады.

Андан бери кырк жылдай убакыт өттү. Мен эбак эле туулган айылымды таштап кеткем. Убакыттын удургуган агымы менен кызыл батинкеден калган жаркын элестер менин жадымдан акырындап барып өчүп калды. Алиги айыл башчыбыздын эки жыл мурун жарык дүйнө менен кош айтышканын уккам. Эгер ал кызыл батинкесин мурда эле ыргытып жибербеген болсо, бул бут кийими баары бир эле анын артынан кетти болуш керек.

Бир нече күн мурун балалыкта бирге өскөн досум борборго мени издеп келди. Мен аны көрөрүм менен бутундагы кызыл батинкеге көзүм урунду.

— Сен эмне, айыл башчысы болдуңбу? — деп сурадым кандайдыр ой-туюмум менен дароо бирдемени сезе калып.

— Сен каяктан билесиң? Мен бул кызматка жаңы эле дайындалдым, — ал кандайдыр баёо каткырды. Мен дагы ага кошулуп күлдүм. Ошол замат менин эсиме жылаңаяк чуркап жүргөн бактылуу балалыгым түшүп, андагы жаркын күндөр көз алдыма элестеди.

[1] Үч “измге” каршы күрөш — империализмди, феодализмди, бюрократиялык капитализмди тыюу (коомдун мүлкүн уурдоочулукка, ысырапкорчулукка, төрөпейилдикке каршылык).