ОГАРЁВ Георгий: Миң уламыш (2-бөлүк) (аңгемелер, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Саякатчы тоок

Тооккананы айлантып согулган тосмонун кырларына катар тизилип отурушкан чабалакейлер, өздөрүн тынсыздандырган көп нерселерди сүйлөшүп жатышканы менен, ойлорунун баары көбүнчө алыскы түштүктөгү жылуу жерлер жөнүндө эле. Анткени, түндүктүн муздак шамалынын эпкини эмитен эле сезиле баштаган.

Бир күнү алар учуп кетишти, бардыгы чабалекейлер жөнүндө, түштүк жөнүндө  сөз кылып жатышты. «Кийинки жылы мен өзүм түштүккө барып келем», – деди тооктордун арасынан бири. Дагы бир жыл өтүп, жазында кайтып келген чабалекейлер жайдын аягында кайрадан түштүккө камына башташты. Бир күнү эрте таңда түндүк шамалы башталды, чабалекейлер жапыт асманга көтөрүлүп, түштүктү көздөй бет алышты. Алар канаттарын шуулдата күүлөшүп, кандайдыр бир ата-бабаларынан бери жоголбой сакталып келе жаткан сыйкырдуу күчтү сезгендей, асманда каалгып учуп, биздин шаардан чыккан түтүндү артка калтырышты.

– Убакыт жетти, шамал да сонун болуп турат, – деди да, баягы тоок канаттарын жайып, тоокканадан жүгүрүп чыкты. Ал жүгүрүп жолдон өтүп, андан ары төгүлгөн шагылды аралап, ылдый жактагы бактын ичине кирип кетти.

Кечке жуук эси ооп чарчаган тоок кайтып келди да, тоокканадагыларга түштүктөгү чоң кара жолго чейин кантип барып келгенин, андагы кыйма-чийме жүрүп жаткан автомашиналар анын жанынан кантип чубап өткөнүн какылыктады. Андан ары бакка барганын, анда жайнаган кооз розалар өсөрүн, ал тургай ал жерден багбанга да жолукканын божурап жатты.

– Бул укмуш! – деп суктанып жатышты тигинин эрдигине бүт тоокканадагылар. – Түштүктү кандай жакшы сүрөттөп берди!

Кыш өтүп, жаз менен кошо чабалекейлер да кайтып келишти. Бирок тоокканадагылар алардын түштүк жөнүндө, деңиз жөнүндө айтышканына ишенген  жок… «Биздин тооктун айтканын уккула!» – дешти алар.

Ал тоок азыр баарынан кадырлуу болуп алган. Ал жада калса шаардан да чыккан эмес, болгону көчөнүн аркы бетине барып кайткан; бирок ал түштүк кандай экенин бардыгынан жакшы билет.

Бардыгы түшүнүктүү

Хан сарайындагы маскарапоздун аялы төрөйт.

– Ким төрөлдү? – деп сурайт андан султан.

– Кедейлерден кыз же эркектен башка ким төрөлмөк эле?

– А эмне байлардыкы башкача болобу? – таңгалды султан.

– А сен билбейсиңби? Байлардан зордукчулар, кылмышкерлер, тирандар, акмактар, келесоолор, дөдөйлөр…

– Жетишет! – деп токтотту султан. – Бардыгы түшүнүктүү.

Жыйырма тогуз себеп

– Кальян зыяндуубу же пайдалуубу? – деп сурашты Даходон.

– Анын зыяндуу экенине жыйырма тогуз себеп бар, – деп жооп берди  Дахо.

– Ал кандай себептер?

– Зыяндуу, зыяндуу, зыяндуу, жыйырма тогуз жолу зыяндуу – болду!

Тоскоол болбо!

Бир күнү Цзы-гун карыган багбанды жолуктурду. Багбан өз бакчасында иштеп жаткан: ал кудуктан суу алып, аны чакалап ташып бакчасын сугарып жүргөн эле. Цзы-гун ага сууну чакалап ташыбай, сууну өзү сузуп арыкка куйган бараны колдонбойсуңбу деген сунушун айтты. Тигил мындай жооп айтты:

– Мен өз устатымдан уккам, ким механиканы колдонсо, ал бардыгын механика жасаган сыяктуу жасайт. Андай адамдын жүрөгү да механикалык жүрөккө айланат. Көкүрөгүндө механикалык түрдө соккон жүрөгү бар адам, адамдык таза сапатынан ажырайт. Адамдык сапатын жоготкон адамдын турмуш жолу да тынч өтпөйт…

Сен атак-даңк менен соода кылгандардан экенсиң. Чындыгында эле сен, жа-дүйнөңдү танып, денеңди жек көрөсүңбү? Сен өзүңдү башкара албай жатып, дүйнөнү башкара аласыңбы! Ишиме тоскоол болбой кетип кал!

Мээң иштебесе – сактай албайсың

Бир бай атчан, жанына бир атчысын алып, кеч кирип келатканда жылкы уурулары күч алып турган шаарга келип түштү. Ал атын уурдатып жиберем деп катуу коркту. Кербен-сарайга жайгашкан бай, атчысын аттын жанына калтырып, ага тапшырма берди:

– Сен таң аткыча көзүңдү ирмебей, жакшылап кара. Мен деле уктабайм, улам келип сени карап турам, сен көзүң кашайып уктап калсаң, аттан ажырап калабыз!

– Кожоюн, – деп таарына кетти атчысы (ал кудай деген киши болчу), – кантип ошондой сөздү айтып жатасыз? Мен кожоюнумдун таң аткыча уктабай чыгышын каалабайм! Мен бир көз ирмемге да көзүмдү жумбайм, бир коркпоңуз!

Кожоюн көпкө уктай алган жок. Түн ортосунда ойгонуп, атчысына келди.

– Уктаган жоксуңбу? Эмне кылып жатасың?

– Ойлонуп олтурам, – дейт атчы, – кудайым суунун ортосуна кургак жерди кантип кыймылсыз орнотуп койду болду экен?

– Оюңа алаксып уурулардын келгенин билбей калба!

– Мырзам! – кайрадан таарына кетти кыялкеч атчы. – Сиз бир кам санабаңыз! Тынч жата бериңиз – баары жайында болот.

Кожоюн дагы бир аз уктап, ойгонуп кайра келди.

– Уктап кала элексиңби? Эмнени ойлоп олтурасың?

– Кудай таалам асманды кантип тирөөчү жок, жерге түшүрбөй көмкөрүп койгонуна таңмын.

– Сенин ойлонгонуң жакшы. Бирок көзүңдү чоң ачып кара! Атты уур алса, жаныңды мен алам!

– Коюңузчу, кожоюн! Ойгоо олтурсам кайсы жинди ууру келмек эле!?

– Балким чарчагандырсың? Сен барып бир аз уктап кел, өзүм карап турайын.

– Менин таптакыр уйкум келген жок, бара бериңиз! – ишендирди атчы.

Кожоюн уйкуга кетти. Таңга маал туруп келген кожоюн атчыдан:

– Эми эмнени ойлонуп олтурасың? – десе, анда атчы:

– Эми, кожоюн, ойгоо эле олтуруп, атты кантип уурдатып жибердим деп акылым жетпей жатат?! – деген экен.

Угуучуларга жараша даабат

Молдо Насреддин элдин алдына чыгып түшүндүрүп жатты:

– Ааламды алты айда жараткан алла тааланын кудретине таазим кылалы, ага мактоолор гана болсун!.

– Молдоке, – деп шыбырайт, шариатты жакшы билген бирөө, – алты ай эмес, алты күн да.

– Мен аны жакшы билем, – деп жооп берди Насреддин, – антип айтсам бул олтурган эл ишенбейт.

Ар бир чымчыктын өз эрежеси бар

Таранчы менен тоок сүйлөшө кетишти. Таранчы таш короонун кырында олтурган, ал эми тоок дубалды бойлой басып жүргөн.

– Эй, сен ары-бери жүрүп жер чокулагандан тажаган жоксуңбу? – деп сурайт таранчы. – Сен байкуш учканды небак унуткансың да!

– Жөн эле сүйлөй бересиңби! – таарына кетти тоок. Ал бардык күчү менен канаттарын каккылап, дубалдын кырына келип конду.

– Өзүң айтчы, учуп-конуп секирип жүргөндөн тажаган жоксуңбу? Кел тоокканага келип жаша. Кожойке күндө акырга жем толтуруп коёт, – чокулап жеп курсакты тойгузуп семирип жата бересиң. Ооба, союп шорпо кылып салышы мүмкүн, бирок коркпо, ал өмүрүңдө бир эле жолу болчу нерсе. Чыдап койсо болот!

Аңгыча кайдан-жайдан катуу шамал келди. Тоок шамалга туруштук бере албай, дубалдан ылдый учуп түштү. А таранчы канаттарын жайып бир аз учуп барып короонун кырына конду.

– Мына, көрдүңбү, – деди ал, – сен чоңсуң жана күчтүүсүң, бирок акырдан жем жеп көнгөнсүң, а мен өзүмдүн канаттарыма жана өзүмө гана ишенем.

Бардыгы салыштырмалуу

Бир адам жолдошунан сурап калды:

– Кечки тамагыңа эмне бар?

– Эч нерсе жок.

– А сеники жакшы экен, досум! Менин да эч нерсем жок, бирок коногум да бар.

Достор

Бир адам досунун үйүнө барып, таппай калып, анын эшигине “Эшек” деп жазып кетти. Кийинки күнү жолугушканда:

– Кечээ үйүңө барып сени таппай калдым, – десе:

– А сен экениңди билгем, – дейт тигиниси, – каалгага колуңду коюп кеткен турбайсыңбы.

Курмандык

Насрединдин көйнөгү чатырда жайылып турган. Шамал болуп ал жерге учуп түштү.

– Э байбиче! – дейт молдо. – Курмандык чалып, элден бата алалык! Эки кой сойсок жетет деп ойлойм

– А эмне болуп кетти? – таң калат аялы.

– Тиги көйнөктү мен кийип турганда чатырдан куласам эмне болот эле!

Улуулук оорусу

Бир адам өзүн Кудаймын деп сезип алды. Халиф аны коркуткусу келип, ага мындай деди:

– Сен билесиңби, былтыр дагы бир келжирек пайгамбармын дегенде аны дарга тарттыргам!?

– Туура кылгансыз, – халифти мактоого алды тигил. – Ал өзүн өзүн пайгамбар деп атап алган жалганчы неме! Мен аны жиберген эмесмин.

Семиз менен Арык

Юй Лян  бир жолу Чжоунукуна конокко келди. Чжоу коногунан сурайт:

– Кымбаттум, мынчалык семирип алганыңа анчалык эмне кубанасың?

– А сиз, урматтуум, ушунчалык арыктап алганыңызга эмне мынча кайгырып алгансыз? – деп тигиге жооп кайтарат Юй Лян.

– Мен кайгырган деле жокмун, – дейт ага Чжоу И. – Жөн гана тазалык менен актай жерлерим көбөйүп, кир баскан ашык нерселерден күндөн күнгө арылып баратам.

– Мен деле сүйүнүп кеткен жерим жок, – деп сөздөн алдыргысы келген жок Юй Лян. – Жөн гана жашоомдун мааниси жана өзүмө болгон ишенич күндө өсүп, болбогон кубатсыз нерселер жок болуп баратат.

Татыктуу сөзгө жооп жок

Чжан Хой өз таланты менен элге белгилүү болчу.  Ал  Цзи Кандын таланттуу экенин угуп, аны менен таанышкысы келди.

Бир күнү Цзи Канга бармак болуп камынган шаардын белдүү адамдары аны өзүлөрүнө кошуп алышты.

Алар барганда Цзи Кан, чоң бактын көлөкөсүндө, темирди кызартып алып бир нерсе жасап атыптыр, ал келгендерге көңүл бөлбөй иштей берди. Чжан Хой кетүүгө камынды.

– Бул жерге келгидей мен жөнүндө эмне уктуң эле, а азыр бурулуп кетип калгыдай эмнени көрдүң? – деп сурады Цзи Кан күтүүсүздөн жасап жаткан ишин токтото калып.

– Укканымдан келгем, көрдүм кетип бара жатам, – дептир Чжан Хой.

(Уландысы бар)

Которгон Абийрбек Абыкаев