ОГАРЁВ Георгий: Миң уламыш (5-бөлүк) (аңгемелер, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Бир жолу акылмандан окуучулары сурап калышты:

— Эмне үчүн адамдардын терс жактары тез эле өөрчүп кетет да, жакшы сапаттары оңой менен калыптанбайт?

— Эгерде оорулуу, чүрүшкөн урукту сээп, таза урукту күнгө калтырып койсо эмне болот? — деп суроого суроо менен жооп берди акылман.

— Оорулуу уруктан, оорулуу өсүмдүк өнүп, чүрүшкөн мөмө берет, ал эми топуракка түшпөгөн урук кургап жок болот, — деп жооп беришти окуучулары.

— Адамдар так ошондой кылышат. Өзүнүн жаман жактары менен кылган күнөөлөрүн сыртка чыгарбай жан-дүйнөсүнүн тереңине жашырып сактайт. Алар көбөйүп, адам жүрөгүн жей баштайт. Ак көңүл адамдар, кылган жакшы иштери менен мактанышып, элге көргөзүүгө аракет кылышат да ошонусу менен кылган иштерин жокко чыгарышат.

*     *     *

Окуучусу устатына келип мындай деди:

— Атакеси, мен сизге келген сайын туура эмес кылган иштеримди айтып күнөөдөн кантип арылышты суранам. Сиз дайыма кеп-кеңешиңизди айтып, жол көрсөтөсүз. Бирок мен кайра эле баягы эски жолума кантип кирип кеткенимди байкабай калам. Жаман адаттарымды таштай албай тургандан кийин, сизге кайра-кайра келиштин зарылчылыгы барбы?

Анда устаты мындай дептир:

— Уулум, мага эки чөйчөк алып келчи, бирөө бош, экинчисинде толтура бал болсун.

Окуучусу устатынын айткандарын алып келди.

— Эми балды бир идиштен экинчи идишке бир нече ирет куюштур.

Окуучу тигинин айтканындай кылды.

— Эми бош идишти жыттап көрчү.

— Устатым чөйчөк бал жытанып жатат, түбүндө да бир аз бал калыптыр.

Так ушул сыяктуу, менин айткан кеңештеримдин жугу көңүлдүн түпкүрүндө кала берет. Ошол калган нерселерди жүрөгүңдө өчүрбөй сактасаң, кудайым сенден жүзүн бурбай, ишиң оңолот.

*     *     *

Белгилүү акылманга жаш кечил келип, өсүп-өнүгүүнүн жолун сурдады.

– Бүгүн түнү, – деди акылман, – көрүстөнгө бар дагы, ал жерде көмүлгөн адамдардын арбактарына жалынып, аларды таң аткыча мактап чык. Эртең менен мага келип, алар мактоого кандай жооп кылышты, айтып бересиң, – деди акылман.

Эртең менен кечил келип:

— Сиздин айтканыңызда кылдым, атаке! Таң аткыча ал жердеги жаткандардын жакшы жактарын эстеп, мактап чыктым.

— Анан алар сенин мактоолоруңа кандай жооп беришти?

— Эч кандай жооп болгон жок, бирөөнөн да жооп болгон жок. Бир да үн чыкпады.

— Бул өтө таң калыштуу, анда мындай кыл: бүгүн түнү баргын да, аларды болгон жаман сөздөр менен тилдеп көр, сөзсүз жооп беришет болуш керек.

Эртең менен кечил келип мындай деди:

— Кандай гана жаман сөздөр менен аларды тилдеп да, сөгүп да чыкпадым, бирок алардан бир да үн чыккан жок…

Анда акылман мындай деди:

— Сен периштелердин жашоосунун биринчи тепкичине бут койдуң. Ал айтканды угуп, баш ийүү деп аталат. Жер бетиндеги жашоодо анын чокусуна сен тиги көрүстөндө жаткан адамдар сыяктуу мактоого да, таарынычтарга да көңүл бурбай койгонду үйрөнүүгө жетесиң.

*     *     *

Жаш шакирт устатына кайрылды:

— Атаке, жүрөгүм дүйнөнүн азгырыктарынан тазаланып, сүйүүгө толду. Мындан кийинки кадамым кандай болот?

Устаты аны өлүм алдында жаткан оорулуу адамдыкына ээрчите барды. Анын акыбалын сурагандан кийин оорулуудан сурады:

— Тиги бурчтагы сандыгыңызда эмне бар?

— Ийниме илип кийбеген аялуу кийимдерим бар. Той-ашка же дагы бир уяттуу жерлерге барганда кием деп аяп кийбей жүрүп, чирип да калды окшойт.

Сыртка чыкканда устаты шакиртине мындай деди:

— Жанагы сандыкты унутпай жүр. Эгерде жүрөгүңдө сактаган байлыгың болсо, өз убактысында пайдалан. Болбосо чирип жок болот.

*     *     *

Бир жолу падыша бакчанын жанына өтүп баратып, шабдаалы олтургузуп аткан абышканы көрдү.

– Эй, абышка, – деп кайрылды багбанга, – жашарыңды жашаптырсың, бул дарагың мөмө байлагыча өлүп деле каласың, бекер убара тартып эмне кыласың дейм да?.. Эмне айтарыңды билип турам: «Аталарыбыз биз үчүн иштешкен, биз балдарыбыз үчүн иштеп жатабыз» – деп айтасың да. Бирок караңгылыкка сиңип кеткен өткөндү, караңгыдан алиге чыга элек келечекти ойлоонун кажети барбы? Бизге азыркы учурубуз маанилүү эмеспи.

– Мендей жөнөкөй багбанды, сага окшогон өкүмдардын түшүнүшү кайда! – деп жооп берди абышка.

– Өткөндү эскергиң келбей жатса – демек, эстегиң келбей турган иштериң арбын. Келечек жөнүндө ойлогуң келбей жатса – сен андан коркосуң. Ошондуктан сенин азыркы учуруңа көз артпайм!

*     *     *

Султан акылмандарын чогултуп мындай суроо берди:

– Күнөө кандай болот?

Ал оюнда көзүнүн тирүүсүндө эле ыйыктардын катарына кирүүнү кыялданчу, ошондуктан ал өзүнүн күнөөсүз экенин билгиси келип жаткан.

– Кошунасынын чычкак улагын уурдаса да күнөө болот, өкүмдарым, – деди биринчи акылман.

«Кудай сактасын, мындай күнөөдөн алысмын!» – деп ойлоду султан.

– Күнөө– бул, тамак ичерде, Аллага ыраазычылыгын бербей олтуруу, – деди экинчиси.

«Кимдин кандай экенин билбейм, – деп ойлоду султан, – мен саат сайын Аллахка жалынам».

– Күнөө – бул башкалардын аялдарына суктануу, – деди үчүнчүсү.

«Алла ыразы болсун – өзүмдүн аялдарым жетиштүү», – деп кубанды султан.

Акылмандар ушул сыяктуу майда, чоң күнөөлөрдү айтып жатышты. Султанда андай күнөөлөр жок эле…

«Демек, менин күнөөм жок экен», – деп компоё түштү өкүмдар.

Акылмандардын бири жанатан бери унчукпай олтурган.

– А сен эмне дейсиң, Абу Фарум? Эмне унчукпайсың?

– Күнөө – бул өзүн күнөөсүзмүн деп ойлоо, – деп жооп берген Абу өзүнүн жообу менен султанды бир аз оңтойсуз абалга калтырып.

*     *     *

Дахо бир китептен кимдин башы кичинекей, сакалы эки тутамдан узун болсо, бул адамдын сөзсүз акылы кем болорун окуду. Сакалын тутамдап ченеп көрсө, эки тутамдан ашык болуп чыкты.

– Эч ким көрө электе ашык жерин күйгүзүп салайын, — деп чечти ал.

Сакалын колу менен тутамдап кармап, аны отко тосту. Оттун ысыгына чыдабай, колун коё берип жибергенде, жалын сакалына жабышып, бүт бойдон күйүп кетти.

Күйгөн жерлери айыкканда Дахо китептин баягы өзү окуган барагынын четиндеги актай жерине мындай деп жазып койду:  «Бул жерде жазылган нерсени жеке өзүм текшерип көрдүм, анын чындыгына көзүм жетти!»

Которгон Абийрбек Абыкаев