РОЖДЕСТВЕНСКИЙ Роберт: Роберт РОЖДЕСТВЕНСКИЙ Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * *
Жаратылыш кайра жакыр,
куржалак,
кайра маарып –
кулпурат бүт чырайы.
Таңгалдырбайт кооздугу анын мурдараак,
таңгалдырган –
чыдам-эрки, чыдамы!

Гүлдү кара
беш салаадай арбайган,
түн ооп барып
жарып чыккан асфальтты –
жер күчүнө мен кубанбай,
ардангам –
ал кыйкырып
жардам сурап жатпаспы…

КАР ЖӨНYНДӨ КАБАР
Мындай карды
көрбөпмүн го, көрбөпмүн –
башкача экен,
такыр башка сезимим.
Келе жатып
уялыңкым, өрнөктүүм
келатканга
сурап атат кечирим.

Кечиргин дейт
келатканга калкып жай –
түшүнө албас,
жерге чоочун
телеңгит.
Кечир десе
сылыктыгы артыкча-ай,
ошон үчүн
бир аз күлкү келерлик.

 

Кечиргин дейт
көнбөгөнгө көктөн түз,
буйтап,
кайкып –
көрсөткөнү-ай өнөрүн.
Кечиргин дейт
билип туруп
чөптөр бүт
алдында анын
калаарын да өлөөрүн.

Кечиргин дейт
ой басканы үчүн да
ашыглыктан
сыртта жүрүп атайын.
Кечиргин дейт
бардык-бардык учурда
макул болуп,
тартканга анын азабын.

Буйруп койсоң,
буруп койсоң –
жабат ал
нени болсун
тегиз кылып, катмарлап.
Мактаба деп
какшап жатам баятан –
акыры бир
албууттугу башталмак!

Ишенбегин
эрке, назик экен деп,
каптап жаткан ак мейкинге
ишенбе.
Өч алаарда
эрип-толкуп кетем деп
басмырланып –
жүргөн белем «кишенде».

Кар дегениң
катыганда жаны – шиш,
шарт эрисе –
шалп урулуп эсирмей.
Адегенде
кечиргенбиз аны биз,
калдык кийин
өзүбүздү кечирбей!

СИНГАПУРЛУК АКЫН ГО БО СЕНАНЫН ЖЕТИ ЖАШАР УУЛУ КА САН МЕНЕН КАР ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШҮҮ
Ка Санды, ооба, деңиз гана чарчатат,
кадимкидей олуттуу адам чунак бул.
Табигат-сыр кызыктырат
байкасак:
— Кар жөнүндө айтсаңыз? – деп сурап тур.

Окшошподу –
тартсам кардын сүрөтү.
Эми кантип түшүндүрөм десеңер.
— Балмуздакка окшош, – дедим, – бул өзү…
— Коюңузчу…
— Куду ошондой сезе бер.…

Куду ошондой…
Жаткан сымал алкыш жаап…
Ишен… ишен –
кышта биздин Маскөөнүн
баарын каптап калып, демек, балмуздак –
көчө, чатыр, дарак, гүл, чөп
ачты өңүн.

Ар короодо,
ар эшикте жаркылдай
кыздар үчүн,
балдар үчүн кар жатат…
Зоопарктарда жырткыч үчүн ал тургай…
мына ошону кар деп
колго кармашат.

Карды күтөт мамлекет баш болуп,
каалагандай түшүп келет асмандан.
Чексиз жайнап –
жомок… жомок ах-толук!
Дос болдук деп кычырап тур баскан сайын.

— Ширинби анан?
— Шириндиги шумдук-ай,
баарын кошо ширин кылып турбаспы.
Маектешим кыйлага анан тунжурай,
белгисиз бир жакты карап үн катты:
— Бактылуу жан экенсиңер?!
— Кез-кезде…

* * *
Жапырт сызык –
жамгырлар
олжо сымал,
чакчелекей короодо толук бойдон?
Туулган күн да
өлгөн күн
ортосуна
кимдир-бирөө
сызыкча коюп койгон.

Ошол аксак… ипичке сызыкчанын
бир үзүгү,
ыргымы
талап баштайт –
буйруп койгон күндөрдөн ашык жагын
өмүрүңдөн кемитип
шалап таштайт.

Жашап жүрүп
көңдөй да
көрөөгөчсүң,
кыйкыр, шаттан –
ненин ал тыгынчыгы?
Кыпынчалык көрүнгөн өркөнү өскүр –
сызыкча эмес,
өмүрдүн жыйынтыгы!

АЯЛДАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮ
«Канчада экен?..»
«Канча жашка келиптир?..» –
мындайды укса
кол шилтешип аялдар,
эки сөздү эптеп жамап – кейип бир,
эркектерге чоюшташат,
каран кал.

Келген достор үчүн алып ар дайым,
анан жаркыйт –
ар тараптан тийип күн.
Айымдардын туулган күнү бар дагын,
туулган жылы болбойт, кокуй,
билип жүр.

* * *
Адамга аз-маз эле нерсе керек:
издесе,
издегени табылса анан.
Оболу бир дос болсо элпегирээк,
оболу бир кас болсо шаулдаган.

Адамга кичине эле нерсе керек:
убайлуу,
узагыраак болсо жолу.
Апасы жашай турса эркелемек,
жашап көп –
кабыл келсе болжогону.

Адамга аз-маз эле нерсе керек:
күркүрөк добулдан соң –
мемиресе.
Бир үзүм туман дагы – жерде белек,
бир өмүр,
бир өлүм эч кемибесе.

Таң-эрте жайнап турса жаңы гезит
адамдан башкаларга арналбаган.
Керегин,
керектигин баары сезип –
бар бол дейт Планет-Жер калдаңдаган.

Жылдыздан жылдыздарга жорткон жолдо
кыял-ой кыйыр кезип жүрсүн дейли.
Бул өзү  чоң деле эмес –
корстон болбо,
бул өзү –
бир сөөм же бир бүртүм, мейли.

Жупуну сыйлык баалуу –
берсе, демек,
дөңчөдөн
бийиктикке күчтөнгүлө!
Адамга кичине эле нерсе керек,
баарынан – болсун үйдө күткөн бирөө.

АТАСЫ ЖАНА УУЛУ
М. Магомаевге
Өңүндө да түшүндө ырдалбаган
ыры барбы адамдын, ыры барбы?
Канкакшачу кайтсам деп!
Кырдаалда анан
согушту өмүр чекити кылып алды.

Жыйырма ашык жыл деле – улуу белги,
ушунча жыл табынып чарчаганда
атасына –
Польшага уулу келди
аңсап анда,
тирүүдөй аңсап анда.

Тапкан кезде тизмени –
жаткан жерин
апкаарыды айрыкча башын ийип.
Атаңгөрү, карачы, баскан чегин –
атасынан
уулунун жашы бийик.

Көрүстөндүн көөдөнүн каптап биртке,
аппак гүлдөр сунала жарык жанган.
Алар окшош негедир аппак бинтке
госпиталда кат-каттап таңып салган.

Оор желбиреп желек тур осуяттай,
чапкылап жаан –
калканчты чиймелешип.
Уулуна ушул келишти поляктар,
турушту үнсүз кошулуп-биргелешип.

Анан бирөө үн катты:
«Кечириңиз,
жоокерди тур жер-шары баалап акыр.
Сиз турасыз (ой басуу – кепилиңиз)
өз жеринде жатышын каалап азыр…»

Нымдуу шамал шакты ийип оюн салды,
айнектерде тамчылар –
сөзбү элирме?
Анан уулу шыбырай моюнга алды:
«Жатат атам чын эле өз жеринде…»

* * *
В.Песковго
Жарып музду,
бузуп суунун агымын,
алпуруштук тескери бир жактарда –
акыр-түбү
кечир дейбиз жалынып
ошол дайра,
ошол бархан,
саздарга.

Кечирсе экен
жарык-ата теңдешсиз,
кечирсе экен
көзгө илешпес кыпындар –
ал жөнүндө ойлой турган эмеспиз,
андан зарыл ой-максат көп кыпылдаар?

Аэродром,
перрон,
пирсте тур санаа,
канаттуусуз токой…
суусуз чөлдөбүз,
Кемип бүттү – жаратылыш курчаган,
кеңип бүттү – курчап турган чөйрөбүз…

ГАРСИЯ ЛОРКАНЫН ГИТАРАСЫ
Бир кыл – жаанын тартмасы,
түнүндө да доош кагып.
Сөз-жебени айтпачы,
гүл-жебени созду анык.

Экинчи кыл – дарыя,
кечип өтөм ашыгып.
Кечиш жеңил дайыма –
балалык кез чакырып.

Үчүнчү кыл – жылаандан,
тартпа колду – черт, эзгин?!
Ойлоп-таап мен ынангам –
душмандарым селт этсин!

Төртүнчүсү – көктөн бул,
таң нурунан тартышкан.
Асан-Үсөн төккөн нур –
байкуш жерди жаркыткан.

Бир кыл – жүзүм сабагы,
достор келсин, жанашсын!
Ыр-күү, сүйүү баягы
башталбайт эч шарапсыз.

Болгон, ырас, да бир кыл –
назик, дилдир, түз абдан.
Бирок аны, сабыр кыл,
бир жексур ок үзө аткан…

* * *
Согуш
муң-зар, атак-даңкты артынып,
жылдар менен дөңгөлөндү –
алыста ал.
Октор учуп келет дале алкынып
ошол февраль,
ошол өткөөл,
тарыхтан.

Октор келет
тээ түпкүрдөн…
аркы… арткы…
айтпа тамчы-коргошундун «мыктысын» –
тешип өтүп медалдарды –
калканчты,
жүрөктөрдүн чыгарууда быт-чытын.

Согуштан жөн келгени жок ал октор,
келүүдө алар
өткөн күндүн биринен,
келүүдө алар
мурунку ошол окоптон,
жоокерди аткан снайперден –
чириген.

Бул кармашка тең келбейсиң, эй, пенде,
ала албайсың
душмандан жооп-өчүңдү.
Арга таппай келем ардагерлерге –
сакташ кыйын
жаба салып өзүмдү.

Ардагерлер…
арга таппай келемби,
айыптуудай
көзүм кайдан илинмек?
Чоюп-керчү Чоң театр дегенди,
кичиргенден-кичирди азыр –
бириндеп.

ФУТБОЛЬ АРДАГЕРИНИН МОНОЛОГУ
Биз деген,
биз –
жерлерди арыштагыч.
Биз деген,
биз –
илгерки чабуулчулар.
Алмаштыр дейм –
чабалын алып салып,
андай кезде
алардын жаны чыгаар.

Топ артынан томпоңдоп жүгүргөн – биз
топ сыяктуу тоголок жерди кезип.
Днепропетровск,
Стокгольмда
түйүлгөнбүз,
Махачкала,
Парижде
желбиредик!

Тойдук!
Болду!
Жетишет деп турчу элек
өпкө-көөрүк от үйлөй
ийип-нетип.
Биз тараптын балдары кеп курчу эле
«профессор» деп мени
бийиктетип.

Кошумча аттын коогасы такыр кыйын,
аман эле болушсун –
арбып дымак,
«доценттери» өңдөнүп азыркынын,
«профессор» таксырды
чалып жыгат.

Өз талаамда өскөн чөп –
эккен эгин,
өлө-тала ашаган сыңарымын.
Билип бүттүм футболдун эмне экенин,
бир болсо мен –
кыраандын-кыраанымын!

Бардыгынча күчүмдүн окторулуп,
бой урамын бу четке
тиги чектен!
Кулап бара жатып да
топту буруп,
кулап –
жерге чылк тийип «Тепкин! Теп!» дейм.

Шатырата чапкан кол
жарып барып
шамал урган жамгырдай сабалайбы?!
Алмаштыр дейм –
чабалын алып салып,
алмаштыр дейм бутунан жарадарды.

Алмаштыр деп кыйкырам жарым түндө,
алмаштыр дейм – чабалын алып салып.
Бул оюнсуз
мен кеммин дайым мүлдө,
бул оюнсуз
өлүүмүн – арып-талып.

ПОЮЗ
Эптүүлөй зор,
эс тандыраар поюзду ал
кийип алып,
сапар кездим ар кандай.
Жер-суу, өлкө –
баарысы ыргыйт жолуккан,
мүнөт ыргыйт,
саат, күн ыргыйт байкалбай.

Тешип өтөт саратанды,
салкынды.
Жука дамбал,
калың дамбал,
халат бар.
Сүт сүйүнтүп,
шарап жазат жарпыңды,
түндө болсо
дубалдай – сырт тараптар.

А купеде
ачылды шаң, ачылды,
жашарууда курулушчу маңкайган.
Шыңкылдагы-ай акын кыздын…
асылдын
адамдардын жан дүйнөсүн аңтарган.

Шыңгыр,
элкин
күлкүсүн-айт, күлкүсүн,
шарапты да,
баарын төлөп салчудай.
Күлкү артынан
ыйлап берсе түнкүсүн
эч ким аны
соорото албай калчудай.

Тейлегичтер
текебердей калышып,
жүргүнчүлөр
бекеттерден түшүүдө.
Тапшырганга белеттерин алышып,
кайра кайтпас сымал
караан үзүүдө.

АТ УУРДАГАН УСТА ЖӨНҮНДӨ ЖОМОК
Уста болчу
ачууну эч бир татпаган,
Кудайымдын ырыскысы жык толчу.
Айныган же
бирөөнү ойлой баштаган,
кошунанын атын уурдап –
ит болду.

Кармап аны,
журттун баары жыйналып,
калчылдаган карыясы сөз сүйлөйт.
Колун жая
үн катаарда кыйналып,
көздөрүнөн
кылым жашы мөлтүлдөйт:

— Кагылайын калкым,
кантип турабыз
катарында кара беттин –
уурунун.
Акмакты бул жексен кылсак –
туурабыз
арын сактап айылымын –
туурумун?!

Шыбыр күчөп,
чечимге анан келишти –
ууруга азыр өтөөрү жок даргадан.
Баягыдан улуу кары
демикти
бирдемени сүйлөмөккө жаңдап ал:

— Ой, кичине сабыр кыла тургула,
уурдалды, ырас, көп аттардын бирөөсү.
Ким уурдады?
Уста!
Көңүл бургула,
айылдын ал аш катыгы,
тирөөчү.

Даргага ассак журттун жалгыз устасын –
өзүбүздү аскан менен барабар.
Жасап берип турган ушул
бүт бачым,
жашоо токтоп калган турат,
карап ал.

Шыбыр-күбүр…
талаш-тартыш… кажылдак…
карылардын эң улуусу айтты анан:
— Күрөк, кетмен, чайнек –
баары асылмак?
Ээр, тегирмен, соко, мала кайтты аман.

Бирок, журтум, мынча айтылды –
качпайлы,
акча менен тартсын уста күнөөсүн.
Мынча айтылды –
азыр асып таштайлы
айылдагы бекерпоздун бирөөсүн!

Тарашты бүт
акыл болуп ортомчу,
бейпил турмуш ыргагына жанашып.
Атаңгөрү,
ошол уста болсомчу
ат уурдап мен алганымда
адашып?!

ЖАЗУУ
Ушакты уруп ойнобой,
чыдаттырып чүрөгүн –
дубалда сөз оймодой:
«Элка, сени сүйөмүн!»

Анда ачкөздүк, жаш – тамган!
Анда расмий салтанат!
Дубал
толкуп-ташкандан
туруп калган баштанат.

Элка сулуу, айт жөнүн –
эмнеден ким жабыкты?
Борборунда Маскөөнүн
бул ишке сен айыптуу!

Бейтаанышмын мен толук,
бирок ушул жазуунун
авторуна тең болуп
жактайм анын мазмунун!

Даңктайм ар бир тамгасын –
тирүү, тирүү лаулдап!
Койбойлубу анда чын
Мыйзам сымал кабылдап!

Таптак, жаркын, сыры ыйык,
жайкалганы-ай жаз сымал.
Чындык турат чыңырып
формуланын астынан.

Жазганын көр – сулуу, чоң,
өзүң үчүн – башка эмес.
Эйнштейн менен Ньютон
сук артчудай таң да кеч!

Жазуу эмес – өрт-салаа,
жазуу эмес – көлкүүр чак.
Каалоом – миң жыл өтсө да
аргеолог көрсүн таап.

Айлана тур бой сермеп
кайнап ичтен купуя!
Жигитке, Элка, жооп бер деп,
жыгылгым бар бутуңа?!.

ТҮН ЖАРЫМЫНДА
Сулк жат
кудум крестте керилгендей!
Унуткун да унутул!
Кыйра!
Түш!
Өч!
Жүрөк чыгат жаңыдан берилгендей,
кошо согот сырт жакка
улам күчөп.

Бааңды күткүн
арткы бир партадагы
окуучудай калчылдап
жаның калбай –
аласалып жаш дүйнө канча дагы (!)
кара бутак көрсөтөт чагылгандан.

Кайрадан түн жарымы кара чаңгыл.
Ысыгы ашкан
жана да шоола чачкан
көздү баса
бош таштап алаканды
көлкүп жатуу –
тааныш иш
жоорабастан.

Түн капыстан үшкүрүп ийгени (ой-даа!)
баш айланткан тал-терек, кеңдик менен!
Бизге чейин эч ким жок,
бизден соң да,
дүйнө ирмемге жаралып –
келдик белем?!

* * *
Атууну мен күткөндөй
түндү күтөм,
өкүм чыккан сыяктуу
көзүм курук.
Байлайм түнгө,
байлаймын үлгүрүп мен
тумчуктурган таңгычын өзүм туруп.

Ишенбеймин
ал тургай ушул сапка,
далбас урбайм
башканы түшүнгөнү.
Жарым жолдо калдым мен
кутулбастай
жок болмушка баратып түшүмдөгү.

Жакындоодо.
Келатат.
Кирип келди
секунд-жебе шаңгырын элеп улам.
Экинчи эс-тутумум бириккенби –
бар менен жок ортосун
ээлеп турам.

Айланам бүт –
дудуктун тунжуроосу,
жекшемби да ишемби торлорун сез.
Сүзүп жүрөт деңизде кургур өзү –
камкордуктун саманы
колго илинбес.

Калжыр-сөзгө чөктүрдүм күдөрүмдү,
алар үчүн урунуп-берингенден.
Атууну мен күткөндөй
күтөм түндү…
Таңды күтөм
кечирим берилгендей!