РУМИ Жалалидин: Дыйкан менен арстан жөнүндө икая

Түн караңгы, бир дыйкандын байлануу,
Короодо уюн арстан кирип жайлады.

Тойгон арстан тойгонуна кубанып,
Тойгон жерге жатып калды суналып.

Шектүү дабыш тынчын алып ашыгып,
Дыйкан кирди чырак албай шашылып.

Жатабы уй деп сыйпаласа колуна,
Колу тийди арстандын жонуна.

Арстан ойлойт: «Эки буттуу эшегим,
Уй деп мени жатканыңды сеземин!

Эгер азыр короо жарык болгондо,
Даамак беле колун жонго койгонго.

Өт жарылып караанымды көргөндө,
Даяр болчу ушул жерден өлгөнгө.»

Сен акылдуум, бир нерсени бааларда,
Маңызын көр, сырт келбетке алданба.

Уурдалган кой тууралуу икая
Үйгө алпарып соймок болуп сыягы,
Үйгө шашып алып учуп кыялы.

Келе жаткан бир шаардык базардан,
Кой жетелеп кой сатылчуу катардан.

Жулдурам деп, алдырам деп ойу жок.
Жип кесилип, бир кезде эле койу жок.

Кырсык деген тез экен го басарда,
Карбаластап тегеренет базарда.

Ал аңгыча, терең кудук жанынан,
Алган ууру тосот чыгып алдынан.

Башын муштап, үн жеткенче бакырат,
Боорукерлер, жардам кыл деп чакырат.

— Эмне болду, мынча неге кайгырдың?
— Эмне болсун, капчыгымдан айрылдым.

Байкабастан бул кудукка түшүрдүм,
Быйылкы жыл, акчасы эле түшүмдүн.

Болгон дүйнөм, жүз динарлуу капчыктан,
Берет элем жыйырма динар апчыксаң.

Тигил ойлойт: “Жаратканым берем десе берет да,
Жыйырма динарга жыйырма соолук келет да.

Бир койумду жоготтум деп баратсам,
Бир төө кылып кайтарыптыр жараткан”.

Келме айтып, түштү кудук түбүнө,
Кийимин жыйнап, ууру кетти сүйүнө.

Аа, курдашым, билбеген жол туңгуюк,
Абайлап жүр, коркунучту бил туюп.

Ач көз жанда сактык деген болобу,
Андай адам терең кудук коногу.

Термез шахы өз маскарапозунан мат алганы жөнүндө икая
Шахмат ойноп маскаропоз шах менен,
Мат коюптур жүрүш жасап ат менен.

Утулган шах ызасына чыдабай,
Уучтап алып фигурадан, чекеге урат кудай-ай,

“Ойногонду жакшы үйрөнгүн акмак,
Бул сага “шах”, а бул сага менден “мат”!

Ферз жүргөндө катачылык кетирдиң”.
Маскарапоз: “Улукманым, мен жеңилдим, кечиргин”!

“Отур ойно”! Фигуралар кайра баштан тизилет.
Маскарапоз кайра отурду, коркконунан титиреп.

Ойногондон отурганы бат болду,
Маскарапоз шахка кайра “мат” койду.

Мат койду да тездик менен камынып,
Жатып алды, алты жууркан жамынып.

“Эй, кайдасың? – таппай шахы кайсалайт,
Маскарапоз анда минтип үн салат:

“Адилет шах, чындыкты айтсам өзүңө,
Таяк тиер төбө, кашым, көзүмө.

Байкабастан кайра уттум, жапырдым,
Жүрүш сизде, мен башымды жашырдым”.

Карган адам доктурга барып оорусун айтканы тууралуу икая
— Көздөн жашым, мурундан суу куюлат,
Догдур айтчы, кантсем оорум тыйылат?

— Жарыктык ал, карылыктын белгиси.
Догдурдун жок, чындап аны көргүсү.

— Көзүм көрбөй, мунарыктап тунарат,
— Көздөн алыш, карылыкка бул адат.

— Белим сыздайт, ооруй берет басылбай,
— Карылык ал, болбойт эми жашыңдай.

— Жеген тамак сиңбей кыйнайт жанымды,
— Карылыгың алганы ошол алыңды.

— Дем кыстыгып күчөп барат жөтөлүм,
— Карылыгың кылган тура көтөрүм.

Бул карылык кирип келсе конокко,
Жүз оорусун ала келет белекке.

— Эй, акылсыз! Доктур сендей болобу,
Датымды угуп, түшүнбөдүң оболу.

Ар оорунун тапса болот дарысын,
Айтасың сен, айыкпайсың – карысың.

Ойноп жүрүп тайыз билим алыпсың,
Эшек элең, эшек бойдон калыпсың.

Дарыланбайм, сага экинчи келбейм дейт.
Догдур анда: Нервиң бошоп, кыйкырганың, карылыгың келген, — дейт.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ