СОЛЖЕНИЦЫН Александр: Өрдөк балапан (которгон Эрмек ШОРУКОВ)

АҢГЕМЕЛЕР

Өрдөктүн муштумдай болгон ак саргыл темир канат балапаны шүүдүрүм баскан чөпкө мүрү менен бир тийип боортоктосо, кишинин күлкүсүн келтирет. Алдыман чуркап баратып сүрдүгүп барып оӊоло түшүп:

– Энем кана? Меникилер каякта? – деп чыйпылдайт.

Ал энеси деле эмес, тоок. Күрп болгон кезде өрдөктүн жумурткасын салып койсо, өзүнүкүнө кошуп баарын теӊ чыгарган. Түбү түшкөн корзинкени көмкөрүп, таар жабылган уясын күн жааганынан бастырмага алып барып коюшкан. Баары теӊ ошого далдаланса, бул адашып калды. Кана, келчи, кичинекей, кел келегой алаканыма.

Ушул тырмактай жандык жашап кетеби деген ой кетет. Кенедей да салмак жок, көздөрү карагаттай капкара, буттары таранчыныкындай, кичине эле кысып койдуӊ — жок болот. А бирок жыпжылуу. Жалпак тумшугу кол менен сүртүп койгондой күӊүрт-кызыл. Жаргак буттары ак-саргыл тартып, үлпүлдөк темир канаттары көзгө көрүнүп калган. Ал турсун бир боорлорунан мүнөзү менен айырмаланып турат.

Биз болсо, жакында Чолпон жылдызга учканы турабыз. Эгер биз бир жеӊден кол чыгарып, бир муштум болуп бириге алсак, бир чай кайнамда бүткүл дүйнөнүн канабайранын чыгарар элек.

Бирок атомдук күч-кубатка ээ болуп туруп, канаттары менен сөөктөрүн берсе дагы ушул кипкичинекей ак саргыл өрдөктүн балапанын эч качан жасай албай турганыбыз айдан ачык… Эч качан!

Жаандан кийин

Түндө жамгыр себеледи, азыр да болсо көктө булут көчүп, анда-санда дыбырап ийип атат.

Гүлү түшкөн алма бактын астында таза абадан кере дем алып турам. Алма бак түгүл айланадагы көк чөп да жаандан кийин тамчы бүчүр байлап, абанын суусунун кандырган көрүнүштү сөз менен берүү мүмкүн эмес. Көмөкөйүм менен болушунча тартып, жыпар жытын көөдөнүм менен сезем. Көзүмдү ачып, улам жуумп ансайын дем алам.

Балким бирден бир, эӊ бир кымбат эркиндик – түрмө ажыраткан бул жердегидей дем алуу эркиндигидир. Жер жүзүндөгү эч бир даам, шарап, кала берсе сүйүктүү айымыӊдын искегени мен үчүн гүл, ным, аруулук жыттанган абадан кымбат эмес.

Мейли, кабат-кабат үйлөргө кысыла курчалган кичинекей бакча болсун, мотоциклдин атышканын, радионун чыйылдагын, үн күчөткүчтүн үнүн укпай калам. Жаандан кийин алма бактын астында дем алып турган соӊ, алдыда тирүүлүктүн күнү бар!

Сегден көлү

Бул көл тууралу жазылбайт, уккандар да аз. Сыйкырдуу сепилге барчудай кылып ага барчу жол деле салынган. Жолдун бардык жеринде тыюу салынган белги илинген, көзгө анча уруна бербеген жөнөкөй сызыкча.

Кишиби же жапайы айбан болобу, бул белгини көрсө келген жолуӊа түшсүн! Белгини жергиликтүү бийлик койгон. Унаа менен барганга болбойт, учуп барганга, жөө, ал турсун сойлоп барганга тыюу салынган.

Жолго жакын жерге карагайдан салынган буктурмада кароолчулар ышкырык, пистолети менен отурушат. Үнсүз токойду айланасыӊ, көлгө барчу жолду издеп жортосуӊ, – таппайсыӊ, сураганга киши жок. Элди чочутуп салышкан, бул токойдо эч ким жок. Уйдун жылаажынын эш тутуп, малдын жалгыз аяк жолу менен жаандуу күндө түшкө маал жетесиӊ. Араӊ дегенде эки бактын сөӊгөгүнүн ортосунан жарк эте эбегейсиз көл көзгө урунат. Ага жете электе аны өмүрүӊдүн акыркы көз ирмемине чейин көзгө ысык болуп каларын сезбей каласыӊ.

Сегден көлү – капкак менен кескендей тегерек. Бир жээктен бир жээкке кыйкырсаӊ (сени эч ким байкабасын десеӊ кыйкырбайсыӊ), жаӊырган үнүӊ гана жетет. Ыраак. Көл айланасы токой менен курчалган. Текши токой, бакка бак жанаша өскөн, бир дагы сөӊгөк бош калган эмес. Түнт жээктин сууга чыккан айланасы ачык. Тилке-тилке сары кум, үрпөйгөн сары камыш, жатып калган көк майсаӊ. Жыбыр эткен толкунсуз суу үстү тегиз, жээктеги суу котуру болбосо түбүндөгү таш көрүнөт.

Түнт токойго чулганган суу. Көл көктү караса, асман көлдү тиктейт. Токой үстү көрүнбөйт, жер үстүндө мындан башка нерсе бар экени белгисиз. Бар болсо дагы бул жакка зарылдыгы аз, ашыкча.

Бул жакка түбөлүк орун-очок алса… Дирилдеген абадай жан дүйнөӊ суу менен көктүн ортосунда куюлуп, аруу тереӊ ойлор чуурумак.

Болбойт андай. Кара мүртөз, көзү чалыр шум князь көлдү басып алган. Мына бакчасы, чайынчу көлү. Кара мүртөздүн балдары балык кармап, кайык менен өрдөк атышат. Адегенде көл үстүндө жүлүндөй түтүн, бир тынымдан кийин мылтык үнү чыгат.

Токойдун ары жагында бул аймактын дубаны өз бийлигин жүргүзөт. Аларга эч ким тоскоолдук кылбашы үчүн бардык жол жабык, алар үчүн мында илбээсин менен балык өстүрүшөт. Мынакей, кимдир бирөөнүн от жаккан изи байкалат, адегенде чала күйгүзүп, анан өчүрүшкөн.

Чөлдөгү көл. Көзгө ысык көл.

Мекеним…

Которгон Эрмек ШОРУКОВ