ТОЛСТОЙ Лев: Лев Толстойдун алакандай аңгемелеринен

Кичине кыз жана козу карын

(Болгон окуя)

Эже-сиңдилер козу карындан келатышкан.

Алар темир жолдон өтүшү керек эле.

Поезд алыста деп ойлошуп, бийик төгүлгөн шагылга чыгып, темир жолдун рельстеринен өтө башташты.

Капыстан жакындап калган паровоздун үнү угулду.

Кыздардын чоңурагы арт жакка качты, а сиңдиси болсо темир жолдон өтүп кетти.

Эжеси сиңдисине, «аркага кайтып келбе!» деп кыйкырды.

Бирок абдан жакын келип калган паровоздун добушу, кулак тундурган ачуу чыңырыгы, эжесинин эмне дегенин угузбады.

Чакырды деп ойлоп, артка карай чуркады.

Темир жолго чалынып жыгылып, себети колдон ыргып, козу карындары чачылып кетти.

Кыз шашыла чачылган козу карындарды чогултуп кирди.

Паровоз абдан жакындап, машинист алынын барынча паровоздун ышкырыгын катуу чыңыртып келатты.

Эжеси, «Козу карындарды ташта!» — деп кыйкырды.

Сиңдиси болсо козу карынды калтырба деп атат ко, — деп ойлоп, калган козу карындарды жөрмөлөп тере берди.

Машинист поездди токтотконго үлгүрбөй, паровоз болушунча ачуу чаңырып келип кызды коюп кеткендей болду…

Эжеси чыңырып, ыйлап жиберди.

 

Эмне окуя болгонун жүргүнчүлөр вагондордун терезелеринен тиктеп өтүп баратышты. Ал эми кондуктор, поезддин куйрук жагына чуркады.

Поезд өткөндөн кийин баары – рельстердин ортосунда башы ылдый карап кыймылдабай жаткан кичинекей кызды көрүштү.

Поезд бир топ узап калгандан кийин кичинекей кыз башын көтөрө эки жагын карады да, ордунан ыргып туруп, калган козу карындарын тез-тез жыйнап салып, чымын-куюн боло эжесине жугүрдү.

Кичинекей чөндөлөй

Чөндөлөй ойногону чыгып, короону бир айланды да, бат эле кайтып келди.

— Апаке, мен кызыктай эки жаныбар көрдүм. Бириси – аябай коркунучтуу, экинчиси – момойгон жоош.

Эне чычкан сурады:

— Кана, айта койчу, кандай жаныбарлар экен?

Чөндөлөй:

— Аябай коркунучтуу биринчисинин – буттары кара, чокусунда кыпкызыл көкүлү бар, көздөрү тим эле чакчаят, тумшугу иймек. Жанынан өтүп баратсам, бир бутун көтөрдү да, оозун ачып ушунчалык катуу кыйкырганда коркуп кеттим.

Эне чычкан:

— Ал короз. Эч кимге зыяны жок. Андан коркпой эле кой, — деди.

— Экинчисичи? Көрүнүшү кандай экен?

— Беркисиби? Ал жөн эле күнөстөп жатты. Анын моюну ак, буттары болсо бозгуч анан сыйда. Өзү агыш төшүн жалагылап, куйругун акырын кыймылдатып, менден көзүн албай тиктей турду.

— Кеңкелес ай, кеңкелес. Мышык деген ошол да.

Которгон Садир ДОСБАЕВ