ТОЛСТОЙ Лев: Токойдо жамгыр алдында калганым

АҢГЕМЕ

Кичине бала кезимде козу карынга жиберишти. Токойго жетип, козу карын терип бүттүм. Эми үйгө кайтайын дегенимде бир заматта эле  асман алай-дүлөй караңгылап, күн күркүрөп, жамгыр башталды. Коркуп кеттим. Бир бай түп эмендин алдына корголоп отура калдым.

Чагылган ушунчалык катуу чагылды.

Көзүм караңгылап, ооруганынан улам жума калдым. Үстү жактан карс-курс үн чыгып, анан башыма  бир нерсе тийгендей болду.

Жыгылып түштүм.

Ошо бойдон жамгыр басылганда гана турдум. Өзүмө келип карасам, токойдогу дарактардын баарынан суу тамчылап атыптыр. Куштар сайрап, күн күлүңдөп туруптур.

Мен коргологон бай түп эмен эки айрылып сынып, дүмбүрү түтөп турат. Айланта  чачылып тарашалар жатат.  Көйнөгүм бүт суу болуп денеме жабышып, башым  ооруганынан, сыйпаласам  чокумда төмпөйгөн шишик жүрөт. Жерде жаткан тумагымы алдым да, үйдү көздөй  чуркадым.

Келсем, үйдөгүлөрдүн эч кимиси жок. Дасторкондогу нандан алдым да, мешке чыгып кеттим.

Ойгонсом, козу карынды кууруп, жегени калышыптыр. Кыйкырдым:

— Эй, эмне мени күтпөй жеп атасыңар?

Алар болсо:

— Өзүң эмне уктап каласың? Кел батыраак, тамак  же.

Которгон Садир ДОСБАЕВ