ШАХАНОВ Мухтар: Казак акындары Бактыгүл Чотурованын котормосунда

Олжас СУЛЕЙМЕНОВ

Акылсыздын сөзү
Эгерде, эненин сүтү менен
Акылсыздык акса каныңда,
ден соолугуң да барында,
Жакшы кылыш оңой эмес, сен бар жерде,
Жүргөндөй уйлар жанында…

Эгер жат жерде жүрсө кадамың,
Эгерде сокур болсо аялың,
Мен антымды буза алмакмын өзүмдүн,
Анан сага бурмакмын багытын көзүмдүн.
Коркконго кош көрүнгөндөй, дилимден
шумдуктардан коркуп турам бүгүн мен.
– Мен катышчу дарылардын баары жаман,
сыры мунун –
Абышка болом кайсы кемпир болсо да,
Сен чачырасаң, мен анын сыныгымын.
Жолборстордун арасында жолборсмун да,
Үйүндө мен маймылдардын маймылдаймын,
Тынчтыкта сүзүп кетем жымжырттыкты,
Ай үстүндө түнкү айдай жаркыраймын.

Акылман да, узун кулак, аңкоо жана
ак көңүл – баары кенчтей жабык, өлсө.
Туура,
Акылсыз да акылман, уксаң, көрсө,
Эгер акылсыз өз сөзүндө
чындыкты айтып берсе.

Түрмөк булуттар
Өзгөчө бир маанилүү сөз бар менде,
Үрпөйүшүп олтурушкан үкүдөй,
Менин ички дүйнөмдө,
Уйку бербей канымда агат,
Дагы бир үкү суранат.
Берип деле салмакмын,
Бирок аларды ким алат?
Сайрайт  жагым булбулдар
Дайым жанга берет даба,
Дагы бир үнсүз, караңгы жыл
Жылып учуп келет мага…
Эми чабалекей жөнүндө айтсам,
Ага баары бир ток астында зымдарда,
Кызыл кыштын үстүндө учуп баратат,
Казандагы бекеттин чатырынан да ашат,
Айтпаганы үчүн айтчу нерсени,
айтайын деп бараткандай ал шашат,
Өз катарын тешип учуп жөнөп жай,
Канаттары жайылган кең кулачтай,
Курбулары олтурушат зымдарда.
Мынча зымдар көп үстүндө бекеттин.
Менин жолум алыстыгын сезет ким…
Жана ар бир кичинекей станциялар,
Казандыкындай…
Менин сарысанаамдагы сынык бу –
Эске салат тиги түрмөк булутту.

Издер
Шексиз,
Бул издер-
Сеники.
Миңдеген издер, бүт мүлдө!
Чымчыктардай ак көпүрөнүн үстүндө,
Четиндегидей менин дептерлеримдин.
…Символундай түнкү күнөөлөрүмдүн,
Көгөргөндөй көккө окшош беттеги…
Көп ичинен издеп табам акыры,
Жагымдуу жүз деп сени,
Таап чыгам сөздүктөрдөн жакшы сөз,
Иттей шимшип таза жолду тапталган –
Шаар сыртында кыламыктуу ак кардан.
Талааларда кар белгиси карарбайт,
Ал жакта, кар адепсиз деп саналбайт.
Балким,
Тоого
болбо кызыл түлкүдөй?
Же көк карышкырдай
таштандыда күркүрөй?

Балким,
кекиликтей аппак, аппак,
Кар үстүнө чачып салдың,
Чыйырын айкалышкан сызыктардын?
Алыс жакка учуп кеттиң акырын,
Кытайдын семиз ит мурунубу жакының?
Айкалышкан ал сызыктар
артка алып баратат,
Үзүлгөн жерге, чуңкурга да, тоолорго –
Ирээти менен кара каргалар дагы,
Талаадагы көп баскандан салынган
жол үстүндө баратышты,
Талкаланып коркунучтуу жарылган.
Карга изинен айкалышкан сызыктан
сени сурап көзүм катат.
Ал сызыктар мага жооп беришти:
«Жок».
Кар жаап жатат,
Из калтырбай, кар жаап жатат.

Түнкү экспресс
Кесилген сызыктай рельс күйүп турат,
Үстүнөн карыштырып сырдуу кечин
Телетайпа кара лента үзүндүсүндөй
Өтүп барат менин бүкүр экспрессим.
Дарыялар туурасынан чыгат да,
Темир жолдун рельсине төшөлгөн,
Окшошкондой көрүнүшөт жыгачка.
Эбегейсиз ал жыгачтай – туурасынан Яика,
Көпүрөлөрдү бүт санап,
кызматкерим бат-бат сүйлөп ызылдап,
кошулган жерде кекечтенип быдылдап.
Кесектей такалып, кыйкырган кекиртекте
түнкү туннелде деле
жулунуп көрсө ушундай беле!
Эңкейишти эңшерип учуп барат такымдай,
Тешилген туннелдин көзүндөгү жашындай.
Көздөрүң сенин кечирип жатат,
каргап!

Эски ырым-жырымды жактагандын
кичинекей станциясы бүлбүлдөтүп асман алдын,
Шейшептей булгалап мага кермедеги,
Көрүнгөнсүйт кадимки эле
жоолукка тең көлөмү.

Мухтар ШАХАНОВ: Цивилизациянын адашуусу

(Поэмадан үзүндү)

Биримдик тилектин күчү
Бай аксакал,
Кыйналган ойдон карып.
Бийик тоонун чокусуна чыгып барып,
Кудайга зарлады ал.
Ыйлады үч күн,
Көз жашын сыгып алып:
– О, Жараткан,
Ырас, сен мени бай кылдың.
Таппадым бала- бактымды,
Ошого гана кайгырдым.
Мен эми эңкейген карылыктан
Эсеби келип ай, жылдын,
Бир бутум көрдө турат.
Артымда калар мураскер,
Бергин мага бир туяк!

Чагылган чарт жарылып,
Асманда жарык учкан,
Арасынан карайган булуттардын,
Капыстан үн угулду жарып чыккан:
– Жок, сени колдой албайм.
Туяксыз өтөт деген,
Маңдайыңда жазууну өчүрүп мен
Оңдой албайм.
Ага эми азгырылба,
Тагдырың да.

Көз жашы болуп дарыя,
Жакасын кармап,
Жалынды шондо карыя:
– Кур дегенде акыркы,
Өтүнчүм аткар, күттүрбө.
Жыттасам бала жытын деп,
Жүрөгүм түшүп мүшкүлгө.
Үч күнгө…
Турамын сурап белекке,
Үч күндүк гана өмүрлүү,
Үч күнү сүртөр карекке,
Бергиниң уул, канаке…

Карынын кирпиги төмөн жумулду…
Кайрадан асмандан бир үн угулду:
– Болуптур…
Сен каалагандай болот!

Ошентип тогуз ай толот,
Байбичеси төрөп,
Баягы карыя уул көрөт.
Эли-журтун жыйып түгөл,
Эч ким көрө электей,
Той-тамаша мол берет.
Муктаж үй-бүлөлөргө,
Бирден уй,
Жетимдерге тогуздан кой бөлөт.
Эр жигит аттууга ат жетелетет.
Ошондо калайык-калк кашына келет,
Анан баары бирдей,
Чын дилден ак бата берет:
– Уулуң жүздөн өтсүн,
Жараткан эгем бак даарып,
Жоомарттыгы сизден өтсүн!

Баягы айтылган үч күн да бүтөт…
Карыя тынчыта албай көңүлүн,
Жамандыкты күтөт.
Өтө берет, бирок күндөр,
Кырсык келбейт…
Төртүнчү…
Бешинчи…
Отузунчу…
Негедир уулу өлбөйт.
Убакыт кыркынчы күндү улады,
Акыры карыя чокуга чыгып баягы,
Теңирден сурады:
– Жараткан эгем,
Мага уул бергенсиң,
Өмүрү үч гана күндөн ашпаган.
Анткени менен өлгөнү жок ал,
А менин көөнүмдөн кетпейт капсалаң.
Кечиргин мени Теңирим,
Түшүнбөй жатам мен неге,
Мынчалык жакшылык кылдың эмнеге?!
– Мен сага кылганым жок жакшылык,
Ага себеп болду өзүңдөгү мартчылык.
Сенин айкөлдүгүңдү баалашып,
Жүрөгүнөн берилип,
Элиң түгөл каалашып,
өмүрүн узартууну уулуңдун,
Өтүнүштү баарысы,
Калайык-калкыңдын жаш-карысы.
Арасында кут конуп,
Элиңдин биримдиги ыйык болуп,
Жакшы тилек агып турса адамга,
Жок дей албайм аларга.

Карыя муну укканда,
Токтоналбай жүрөгүн болкулдатып,
Бактыдан бакырып ыйлады ал,
Ак карлуу чокуларды солкулдатып.

Нагашыбай МУКАТОВ  

Айылдын аксакалдары
Мээнеттен жанган багы,
Небере алданганы.
Тууган эл сүйөнгөнү,
Тууган жер таянганы,
Айылдын аксакалдары.

Илгертен иши мыкты,
Илгиртпей түшүнүшчү.
Саламга саал бурулса,
Салмактап кишиликти,
Айылдын аксакалдары.

Ойлонбой олтурмакпы,
Көз таштап чар тарапты.
Багынган бир Аллага,
Сыйынган өөп топуракты,
Айылдын аксакалдары.

Өттү… жок… каталары,
Таттуусун татаар али.
Жайылган дасторкондо,
Дарыядай баталары,
Айылдын аксакалдары.

Сезимге туна калыпмын,
Соолугун сурамакмын.
Уул-кыздарга уядагы,
Улуу мектеби уланат, чын,
Айылдын аксакалдары.

Катуудан кашык аман,
Мээрим нур чачыраган.
Темирдей бекемдиги,
Алтындан асыл адам,
Айылдын аксакалдары.
Өңчөй жакшы күү аткарган,
Өрттөнгөн  өңчөй уяттардан.
Калдайган караандары,
Ак карлуу Ала-Тоо сыяктанган,
Айылдын аксакалдары.

Ырым менин
Кай бир көзгө кээ бирде илинбедим,
Кимдер сезет жүрөктүн дирилдегин.
Тентек толкун сыяктуу деңиздеги,
Турпатымда туйлаган ырым менин.

Адал жанга келет оов, күлүңдөгүм,
Көзүм келбейт көргүсү кирдин көбүн.
Секунддарга себилген нуру менен
Шатур-шутур агылган ырым менин.

Ыр барында бүтпөйт эч бүгүн демим,
Так жүргөн соң тирликтен түңүлбөдүм.
Алаканга толсо деп эңседим, чын,
Алаканда жаралган ырым менин.

Мончок кылам ойлордун тизилгенин,
Ошон үчүн уктабай, көз илбедим.
Канаттарын таранып күүлөнгөндө,
Куштан бийик учалат ырым менин.

Качан болсо таттуудур тилиңде үн,
Акылыңа акыл кош, дүрүлдө элим.
Атак алып атомдой кубат менен,
Алчаңдата бастырар ырым менин.

Дан жыты
Асмандын асты ак алтын,
Куюлуп толот кампасы.
Өпкүлөп нуру ысык күн,
Ыр болуп туйлайт дан башы.

Аңызда аштык агылтып,
Эртеңки сыйга ушул күн.
Шамалдай соккон сагынтып,
Жытын ай, жытын кызылдын.
Чабыттуу кыймыл айлана,
Чалкыбай кантип басалам.
Баба дыйкан жай гана
Сылады дөңдүн башынан.

Мээримге мени оросо,
Күлүңдөп күндөй нурлансак.
Ыр менен калган өзүнчө,
Акынга окшоп турган чак.

Көркүнө канбай көз кырдан,
Обон өрүлгөн сезим көп.
Аймалайын деп тургам,
Айланайын дейин деп.

Жибек желдей желпип тур,
Дыйкан тоюн баштарда.
Жытың менен мас кылчы,
Тегеренер баш барда.

Комбайнга жүр, миндик,
Күн менен дан өбүшсүн.
Өмүрүмдө жүрөм түз,
Өзүңдү жыттап көнүпмүн.

Кездешүү керек
Жашоодо пенде бирине бири сая бак,
Түшпөсө чиркин көңүлгө кетпес кара так.
Кездешет адам кубанычтарда, тойлордо,
Ак тилектерин алаканга салып аярлап.

Бир кемедегилер, бороон-чапкындан качпадык,
Көрбөдүк, балким, жалгандан дагы жазганып.
Кездешет адам, кайышып турган кайгыда,
Жоктогон сайын каректеринен жаш тамып.

Карабайм тоону булутка калган жашынып,
Турбаса туман тегерек күндү жашырып.
Кездешет адам көчөдө, шаар, талаада,
Сааттар түгүл, мүнөттөр сайын ашыгып.

Ширесин сөздүн суусундай ичип тойбодум,
Казактын сөзү казына табар, ойдогум.
Кездешет адам жыйналыш болгон кезинде,
Ортого таштап оттуу өзөктүү ойлорун.

Өмүрдүн жибин  өзүбүз гана өрөлүк,
Сагынган жанга сабыбыз кошуп көбөйүп.
Кездешет адам бейтааныш болуп жүрүп да,
Ачылып кучак, көңүлдөн пейлиң кеңейип.

Бирөөлөр үчүн топудай жер тар, көртирлик,
Жабыркап бирде, кайтадан кээде желпиндик.
Кездешет адам темир торлордо, түрмөдө,
Эңсетип турган эшиктин арты эркиндик.

Төбөдө туруп төмөнгө күлүп күн-айым,
Ак шоола нурга чөмүлсүн жүзүм ылайым.
Кездешүү керек, кездешүү керек адамдар,
Кездешпегенден сактай көр мени Кудайым!

Касымхан БЕГМАНОВ

Өмүр аттуу сапарда кездешкенбиз
Жаш турат кара көзүмдө,
Уурдатып алыс атыңды.
Жоготтум бала кезимде,
Алгачкы махабатымды.

Канчалар сүйүп канбаган,
Кайыңды жел көп термеген.
Энебиз бизге арнаган,
Бул өмүр кайтып келбеген.

Он сегиздеги сезимден,
Сүйдүм мен коңур күзүмдү.
Дагы бир көктөм көзүмдөн,
Кусалык болуп үзүлдү.
Көңүлдө калды сыр сага,
Сагыныч бойду термеп бир…
От болуп жүрөк турса да,
Жаштык кез кайтып келбестир.

Ай талаам сырдуу нур түнү ай,
Жаралган-жетпес арманга.
Сыйлашып өтсөк чиркин ай,
Келбеспиз эки жалганда.

* * *
Кайнадым кара чайнекте,
Дабасы суу деп дартымдын.
Жамгыр жааганда айнекте,
Сагынчым чертип калтырдым.

Көзүмдө жаштай дал менин,
Тамчыдай кулап чиркин де…
Балбылдап шамдай бал өмүр,
Өтөөр да, кетээр бир күндө.

Күбөсү болгон шартымдын,
Көчө эле… ошол кыз менен.
Дабасы болгон дартымдын
Сыланган чачын искегем.

Кирпигим эрксиз сууланган,
Байкалар сага дагы эмнем?!
Терезелерден бууланган,
Элесиң издеп телмиргем.

Адамдын көзү булактыр,
Агып бир жаткан кең түздө.
Төгүлүп ыйлап тураттыр,
Мына бул дүйнө менсиз де…

Ойлорду багам… сыр айтып,
Урпактар билээр заман бар.
Бириңди бириң муңайтып,
Ыйлатпасаңар, адамдар!

Чыңгыз менен Илияс
«Данияр, Жамила менен Асел эми мен  үчүн  өз жанымдын үнү деймин».
Чыңгыз АЙТМАТОВ

Мотордун үнү күүлөнгүс тоолорду карай,
Кулакка жетсе ысык жаш жүзүмдү жууп.
Чачылган кезде жетермин, бактар аралай,
Асел кыз менен коштошкон күзүмдү кууп.

Жамила, Асел, Бүбүжан, Хадичаларым,
Алыстап кеткен ботокөз, ботолорум ай!
Кечеги Акан, Биржаңсал – падышаларым,
Илия болуп келген ыр ноталарындай.

Келбеди эми бизди алып келген жол бакка,
Сынады тагдыр эң катаал, чыдадым дедим.
Ысык жаш болуп үзүлдү Ысык-Көл жакта,
Кызыл жоолук байланган Чынарым менин.

Чынарым менин армандай, ынагым менин,
Мыйзамдарын махабаттын аткара албадым.
Муңайбачы деп Кудайдан сурайын дедим,
Адашып кеткен Аселим, Жамилаларым.

Илия жазган ошол обонго таасирде турам,
Жашып уккан эл да эстен танып чыдады.
Илияс-Асел жаңы эле үй-бүлө курган,
Бар бекен анда бир автобаз Балыкчыдагы.

Эй, өмүр башта дагы бир жол-кырларыңа,
Бактысыздардын жүрөгү сыздап, жанбас…
Көз жашы тамган Илиястын толкундарыңа
Ысык-Көл, сууң эч качан муздап калбас.

Кайтты көктөм жасанып… жылгадан жылга,
Оронсо гүлгө бар кызык майда экен дедим.
Кыйкуулап өткөн төбөмдөн турналар, турна…
Көрдүңөр бекен Аселим, кайда экен менин?

Жашыруун гана жүрөктө сакталганыңды,
Ким керектесин касирет-кайгың барында.
Сүйбөймүн сени, эй тоолор, чаткалдарыңды,
Кызыксыз экен ак куусуз айдыңдарың да.

Келдим мен дагы жапжалгыз жээкке ал түн,
Кызыл жоолук чакыргансып көңүлүм бурган.
Айтчы сен мага кайгысыз көгала толкун,
Чынарым менин кайда экен жел термеп турган.

Жүрөмүн ойлоп тарыхын ошол көлдөгү,
Бал махабаттын бул тагдыр кесиптир жолун.
Балбылдап шамы өчпөгөн Күрөңбелдеги,
Кыдырдай терметип бешикти бир үйдө ал үн.

Байтемир, Асел, Илияс-ал, Самат балким,
Сагынычтуу сүрөтүн салган сарала күздүн.
Чыңгыз, Илияс куштун кош канаты калкым,
Ыр болуп жеткен асмандан талаага биздин.

Элестеп ал бир бутагы сынбаган кайың,
Алыска баштап кайсы кашка жол да болор, ов!
Угулуп Илиястын обону ырдаган сайын,
Чыңгыздын муңдуу жүзү жашка да толор, ов!

Аэропорттор, темир жолдор… жол тарабында,
Аңызга айланып, Чыңгыз менен Илекем-агам.
Мындан артык байлык жок ортолорунда,
Элимде улуу адамдар жүрсө экен аман.

Унута албаган бактылуу чакты да мүлдө,
Махабатым ай, боз бала, ууз кездеги,
Ойготуп турган уйкумдан капкара түндө,
Жаш төгүп турган Аселдин кара көздөрү.

Байыт КАБАН улы

Кыздар
Кыздар чексиз эркеликтен
элеңдеткен миң эрди.
Мени да ошол чексиздиктер
ээлендирип жиберди.
Кыл көпүрөдөн күндө өткөрүп
Кыянатта кыйна, кантем жигерди.
Тыялбадым эрдигимди,
Тыялбадым силерди.

Кызыктар ай, кылыктар ай,
Назиктер ай, ардак ай!
Айтылбаган ырга толо,
Чертилбеген сырга толо жандар ай!
Түнкү асманга
Жымың-жымың жамыраган шамдар ай,
Түнөгү жок таңдар ай!

Силер барда колум создум,
Жетпес ойду суздуруп.
Карабадым алтын тактуу хандарга да бышкырып.
Силер гана болгон үчүн,
Орундалбас бакыт кармайм куш кылып.
Эгер силер болбосоңор,
Бул жалгандын мелт-калт толо лаззатына
Койбос мени туш кылып.

Эски жылдын акыркы күнү жазылган ыр
Менде далай дос  бар эле,
Ак жүзүнөн арууланып таң аткан.
Алар менен бай элем мен,
Маңдайыма сыйбоочудай жараткан.
Бүгүн анын эч бири жок,
журтка таштап көчүп кеткен алыска.
Тоноткондой
болом жолдо бараткан.

Кээси арак кайда болсо
Бал-шекердин даамын алган баладай.
А бирөөсү мансап күтүп ишеним ит жеп,
Кала бердим жолдоштукка жарабай.
Дагы бири мени таштап таанып алды байлыкты,
А калганын өлүм алды,
Менин каршы экениме карабай.

Ошентип мен жалгыз калдым,
Чакырса  да арттарынан барбадым.
Байлык мени ал дебеди,
Мансап мени ал дебеди, албадым.
Алар элем байлыкты да, мансапды да,
«Ордуна анын сен ырыңды бер!» – деди,
А ырсыз мен өткөн күндү Итке бердим,
Таңданбадым, каргадым.

Ошо менен достор кетти,
Мен аларга «кандайсыңар?» дебедим.
Кудай билер,
Канчагаче жыйган мүлкү турак болор «төрөнүн».
Менде жалгыз жолдош калды,
Жетет мага, ал – ырларым дегеним!
Аны мен эч бош койбодум, акындыктын көгөнүн!
Балкып эзип жан дүйнөмдө,
Ой толкунун чайпадым.
Сараңдыктын сайгак кууп шайтанын.
Сүрү кеткен сойку түрүн жууп аруу өң берип,
Сүттөн аппак,
оттон ысык ыр сөзүн алтынга сымал чайкадым.

Ашык болсо болгон чыгар,
Адалдыкты жерибеди толгонуум.
Антсе дагы суюлтпадым, ойдун калың чордонун.
Бел чечпестен кирпик какпай,
Улуу журттун жерин, элин кароолдой күзөткөн,
Акыйкаттын ак кар баскан чокусун
кир жугузбай коргодум.

Ой менен жасап үлгүрдүмбү,
Кол менен жасап үлгүрбөгөн күчүмдү.
Эртели-кеч эрикпестен таза кармадым ишимди.
Жер шарынын желке тушун
Ыр менен басып таскактап,
Көк асмандан ары бийик оболоттум кушумду.

Кулак түрдүм, ой жүгүрттүм элимдин ички зарына
Ишендим, бирок
Келечектин арууланчу эртең атар таңына.
Ошондуктан да ырымдын
Алтын канат ак шумкары асманымда шаңшыган,
Эртели-кеч беришпеди эч тынчтык,
Менин ушул жаныма.
Ошондонбу, өлүп- талып жыйнабадым,
Алтын, акча-тыйынды.
Өзүм өлсөм калсын дедим,
Ырдан, сөздөн өчүп тозбос сыйымды.
Кубанамын энекемдин ак сүтүнөн,
Бойго тарап алган кубат-нурун бу.
Бакыты бар өз калкымдын жүрөгүнө
Ал нур куттай жылуу бойдон куюлду.
Дээрсизге бердим жазган маңдай терден ырымды,
Дээрсиздер оттуу ырдан
Бултакташып жыгылды.
Билгиликтен качканым жок, күлүшөр деп урпактар,
Менин ичте сезим кушум
Урунбаска далай ирет урунду.

Кандай тартуу тартса дагы жеткирерге жетер күн.
Мени текке калтырбады,
Эркеликти кесер муң.
Как төбөмө чай кайнатып
жатса дагы «досторум».
Рухумду денемден  бийик асманыма көтөрдүм.
Сук артпадым
Куланбаска кулкунумдун күнү үчүн.
Жалтанбадым, отту кечтим,
Жалындуу сөз, ыр үчүн.
Ыраазымын болгонуна Кудай берген
Көрөңгөмө ырысым.
Калың калктын кандырып ыр
кулак-көзүн, жүрөк сезим жылысын.
Аңгемелеп аял, бала, казан-аяк, от башын,
Көңүлүмө көртирликтин кийгизбедим ноктосун.
Мен эгерде ушактарга болсом эгер урунган,
Өкүнбөймүн: келечегим кемечтесин,
аябасын, соттосун.

Ала-Тоо, апрель, 2017