ШАХАНОВ Мухтар: Мухтар Шаханов Кожогелди Култегиндин котормосунда

МУРУН

“Адам болуу оңойбу толук кандуу,
Алып таасир алптардан – калыптан бу,” –
деп башкырдын акыны Мустай Карим
Мени Расул Гамзатка алып барды.

Тоолуктардын тоого тең деми бар да,
Толкуп-ташып коштошкон эрип анда.
Үч жылдан соң космонавт Севестянов
Тааныштырды акынга мени кайра.

Расул айтты: «Жаш талант сурап-нетсе –
Баасын айтыш эң кыйын! Кубат жетсе…
Иним, сенин ырыңды окубапмын,
Бирок, музоо мурунуң турат эсте.

Өзгөчөгө ойчулдар күлөбү дейм,
Өзгөчөлүк – табигат тиреги бейм.
Өнөрдө да эч кимге чаташтырбас
Өз мурдуңдун болушун тиледим мен!»

Уккум келип кылымдын чын ырларын,
Улуу тоонун ойлодум кыйырларын.
Гамзатовдун өзүнө карадым да:
“Кеп мурунда экен…” – деп кымылдадым.

Өттү жылдар, кеңейди өрүшүм да,
Бар, арийне, жеңилүү, жеңишим да.
Тилектештер көбөйдү эл ичинде,
Бирөөлөр жүр келалбай келишимге:
Ырларымдын мурунун талкалайм деп
Котур ташын карманып жең ичинде.

Бийиктикке не жетсин көңүлдөгү,
Анык мага зор бакыт берилмеги –
Ырымды окуп, эч кимге окшобогон
Мурунумдан тааныса элим мени!

АТЫМДЫ НЕ МУХТАР КОЙГОН?

Мурат Ауэзовго

Залкарлардын күүсүн чертип батаар күн,
Заман – терек, адамдар ал – шактары.
Мен туулганда, досум, сенин атаңдын
Таркалыптыр «Абай» аттуу дастаны.
Менин атам аны окуп,
Узак түндөр сыр чечишип аябай,
Бийиктиктин туу чокусун таптым деп
Сүйүнүптүр баладай.
Сүйүнүчтө ачып таштап асманын,
Жыйнап бардык досторун да, кастарын,
Ниетимди колдойт сөзсүз уккан деп,
Бул ысымда өзгөчө бир кут бар деп,
Мына мендей перзентине шол күнү
Ат коюптур Мухтар деп.

— Ха-ха-ха-ха! Дымакты көр, дымакты –
Айылдагы көп иттердин аттары
«Бөрүбасар», «Көкжал» болгон сыяктуу.
Бирок, али бөрү баскан бири жок,
Бөрү тургай, коён кармаар түрү жок, –
Деп бирөөсү узатыптыр шылдыңын.
Башка ургандай анын арсыз күлкүсү
Баарынын тең өчүрүптүр ындынын.
Ошондо атам бешигиме сүйөнүп,
Оор үшкүрүп түнөрүп:
— Болгону бир суранаарым, балам-аа,
Боюңду тар капчыгайга камаба,
Кийин мени табалатпа ага да,
Кыраан болгун – бүт мейкиндик багынат! –
Деп ишеним артып мага жалынат.

Мен эр жеттим – кас санаган калтаарып,
Шылдың-ою ташка урунду канчалык!
Атка миндим!.. –
Тиленсе да Кудайдан,
Атам маркум көрбөй аны – муңайгам.
Көралбады тагдырдын мергендигин,
Эрке уулунун ырдан гүл тергендигин –
Абай, Мухтар баштаган атагы зор
Улуу көчтү улайм деп келгендигин.
Сапар сайын олжосуз салт кайтпадым,
Көрбөдү атам мээнеттен бак кайтканын.
Көрбөдү атам баягы шылдыңкөйдүн
Небереси ырымды жатка айтканын!
Мейли, касым көп болсун досумдан да,
Мейли, кайгым көп болсун чачымдан да,
Карыздармын ысымын мага берген
Сенин атаң сыяктуу асыл жанга.
Менин туңгуч китебим басылганда,
Үмүт оту жарк этип ачылганда,
Апам байкуш сүйүнчтөн жарылардай
Жыртык, эски кепичин сүйрөп эптеп,
Коңшуларга жүгүргөн күйпөлөктөп!
Анан башын бир азга ойго малып,
Ой ичинде, оо, укмуш тойго барып,
Анан дароо жупкадай китебимди
Улуу томдун жанына койду алпарып!
Мунуң не деп айтууга жарабадым,
Досум, буга мыскылдап карабагын,
Энелер бүт перзенттин ийги ишинен
Билесиң го тоодой дем таба алаарын.
Душман эми – өмүрүм бош корогон,
Бошко кетсе боздоп мен жашка ороном.
Абай акын бир башка,
Мухтар башка,
Мен да, досум, мен дагы башка болом!
Жол ачамын али эч ким баштабаган,
Жогортодон жоодур көз асман алам.
Бүгүн жашайм сагынып мен эртеңди,
Бүт өмүрдө сүйөм-ов кең өлкөмдү.
Көрсөтпөймүн эч кимге зордугумду,
Түшүрбөймүн эч кимге көлөкөмдү.
Мезгил-доордон алганча үлүшүмдү
Мен токтотпойм күрөштө жүрүшүмдү.
Мухтар деген ыйык ат,
Маркум атам
Мага тегин койбогон бул ысымды.

Ишенимден айырба, мекен, мени
Кас-душманым күчүмдү сезээрде эми.
Өзүм канча мыктыга чөгөлөдүм,
Өзүмө эми чөгөлөйт нечендери!

КОМПЬЮТЕРБАШТУУ ЖАРТЫЛАР

(Рухсуз күчтүн формуласы)

Элге устаттык кылган кары болчу куйма кулактуу,
Меймандары андан минтип сурашты:
— Ага, канча балаңыз бар артыңызда келаткан?
— Бир жарым го… – деди астан. –
Тактап айтсам, үч уулум бар зирек дагы билимдүү,
Үчөөсү тең илим жактап, назарга эрте илинди.
Үч уулумдун бири гана батыл, өткүр чабытын,
техникага шыктуулугун, илимий зор табитин
Улутунун сан кылымдык РУХУНА жолдоду,
Андан эргүү, кубат алып, ааламдык ой толгоду.
Эки уулумдун тагдырында бул өзгөрүш болбоду,
Экөөсү тең жалаң билим чеңгелинде шорлоду.
Рух дүйнөсү төмөндөрдүн зордук жатат артында,
Ошондуктан кош перзентти теңеймин мен жарты уулга.
Мейли, мезгил эки уулумду келсин жөлөп аркадан,
Нагыз уулум бирөө гана, тигил экөө – жарты адам!

Ие, бизди кайда алпарат мезгилдин бул таскагы?
Чалкып жаткан жергебизди жарты адамдар каптады.
Кайда барсаң көз алдыңда өрнөк болуп жаркылдаар –
Жарты устаттар,
жарты төбөл,
жарты кыздар,
жарты уулдар.
Биздин канча жаштарыбыз чет өлкөгө аттанды, айт!
Билим алып келсин дедик,
Эл-жерди бүт көрсүн дедик.
Бирок, ошол изги үмүттү жалаң билим аткарбайт.
Зулумдук да билим-кызга ашык болду – сүйүштү,
Ким тескемек, ким оңдомок бул пенделик күйүттү?!
Жалгыз жол бар:
билим дайым рухий дөөлөт-байлыкка
Терең тамыр сүңгүтүүгө тийиштүү!
Кантсек экен, монитор көз, компьютер баш
жаш талап?
Билим + рух болуу үчүн айрылбасын кош канат!
Качан болсун билим – күчүң , ары нурлуу жетегиң.
Бирок, билим адамзатка зыяндуу да экенин
Ким ойлоптур, Жараткан-оо, эгер ууру-найсап да
Зор билимин арам ишке курал кылса ар саатта –
Ошончолук салат тура бейгам элди апаатка?

Жаш канаттар ааламзатка болуш үчүн өтүмдүү
Түнкү отторду издеп табаар көпөлөктөр шекилдүү
Касиеттүү ата конуш, өзөн-тоону жерсинбей,
Баба тарых ардактаган рух өзөгүн теңсинбей,
Чолок ойлуу, эссиз, көзсүз жаркыракка тартылды,
Тек, батыштын даңка-дүңкү өнөрүндө жанчылды.

Ырасы, бул – жолу шыдыр журтубуздун шору да,
Кантип түштүк биз батыштын кыйратуучу торуна?
Кубанганды-айт кошулдук деп кашка булак коруна.
Адашкандай токойдо ылдам
Биз алардын кир суу куйган,
Жүрөк айнып окшуй турган түтүгүнө туш болдук,
Аз жылдарда колдо барды жоготууга бут койдук.
Улуу Габит Мусирепов – кара сөздүн кемели,
Бүткүл казак рухунун бийиктиги, бедели,
Өмүр менен коштошуучу эң соңку саат какканда
Өлүмүн да айландырып мазмуну зор макталга,
Жанбай кашкөй ишеними,
Дир-дир этип бүт эрини,
Канаттуу оюн келечекке аккуу сымал учуруп,
Ал сөздөрдү калган элем кагазга мен түшүрүп:
«Накта өнөрдү басынтса да жеңмек беле ашказан,
Рухтун шаңкай асманында башка мүдөө, башка таң.
КЫЛЫМДЫ АШААР АДАБИЯТ,
ӨНӨР УЛУУ БОЛБОСО –
УЛУТ ОРДУН ТАБА ДА АЛБАЙТ,
УЛУУ БОЛУП САНАЛА АЛБАЙТ  ЭЧ КАЧАН!»

Ар жүз койдон кезинде үч жүз козу алганбыз,
Космоско да кулач уруп, Айга чыйыр салганбыз.
Ырас, азыр бүт ааламда байлык беттеп жүгүрмөк,
Байлыгы ашса мышыктар да жолборс сымал күрүлдөп.
Беш жүз кабат үй салуу да – ишенбөөчү чек эмес,
Акча болсо «маймылды» да башчы шайлоо – кеп эмес.
Адамзаттын бар тагдырын акча гана чечмекпи?
Карындарды – өзүн гана ойлогон,
Залимдерди – кан төгүүгө тойбогон
Урпактары үлгү тутуп, ээрчип арттан кетмекпи!
Адилдикке ишенимдер аздап-аздап өчмөкпү?
Жол бар бекен аман өтчү ойлордой жыш токойдон?
Адамдыктын салтын канттик, даңкын канттик  чотойгон?

Бүгүн неге рухсуздукка окшойт нагыз баатырдык?
Кишиликсиз баатырдыктан азап чегип жатыр журт.
Эмнеге үндөйт Ньютондун эрежеси үчүнчү?
“Ар бир кыймыл – каршы кыймыл туудурат,” – дейт,
түшүнчү,
Эгер курсак байлыгынан рух байлыгы пас болсо,
Окшош, тектеш эзме ойлору өнөкөткө баш койсо
Коом кандай кармамакчы адил ойдун чылбырын,
Жаны эле бар тайыз күчтөр жек көрөбү бир-бирин?
Алар азыр заманды алдап, мыйзамга алып ар ишин,
Коргойбуз деп чамынууда аңкоо элдин намысын…

Оян, Данте, Фирдоуси, Абайлардын айбыбы?! –
Бөгөй албай кылым-доордо ташкындаган кайгыны.
Кол куушуруп көнөбүзбү,
Үнсүз жата беребизби –
Робот-түйшүк артып алган,
Мээрими өчкөн жарты адамдар
Жердин бетин түгөл каптап келишсе?!..
Чайпалууда көңүл-аалам,
Бүгүн өлүү жеңил маган
Ишенгиче эртеңки ошол рухсуз – даамсыз жеңишке…