АКМАТБЕКОВА Сагын: САГЫН АКМАТБЕКОВА: КАЛЕМДИН АЙТКАНЫ (ШЕДЕВР)

АҢГЕМЕ

Көптөн бери үйүндө жалгыз.

Күндө жазып отуруп жешилип, түгөнүп баратам. Түгөнгөн сайын учумду чыгарып учтап коет. Жазат. Кайрадан түгөнө баштайм. Менин түгөнгөнүмдөнбү же өзүнүн түгөнгөнүнөнбү, акыры таштап салат. Сары кагаздардын үстүнө. Ак кагаздарга сейрек жазат. Алар ардакталып текчеде. Машинканын жанында. Машинканы жаңы эле сатып алды. Сары кагаздар менен мен дайыма стол үстүндөбүз. Көбүнчө туш келди ташталып, чачылып жаткан болобуз. Кээ күндөрү таптакыр эле унутулуп калабыз. Ошондо өзүмдүн өткөн күндөрүмдү эскере баштайм. Калем боло электен мурда дарак болгонум эсиме түшөт. Ооба, дарак болсом керек.

Кайсы токойдо өстүм экен? Токойдо эмес эле, деңиз жээгинде өскөн чыгармын. Эсимде жок. Бирок деңиз жээгинде өсүп тургам деп кыялдангым келет. Ооба, деңиз жээгинде өсүп тургам. Зор, ажайып кооз дарак болчумун. Күн ачыкта жалбырактарым күмүштөй жалтылдап, келе жаткан кемеге алыстан эле көрүнчүмүн. “Тигине, баягы ажайып дарак! Ажайып дарак! Салам!”- дешчү андагы кишилер. Албетте, алардын сөзү мага жетчү эмес. Ортобуз мелтиреген көк деңиз, жаркыраган ак толкун, уруп турган шамал болчу…

…Мен өсүп турган жээкке оңой менен киши чыгып жете алчу эмес. Анткени мен аска боорунда асылып турчумун, төмөндөн караган кишиге ошондой көрүнсөм керек. Айлана-тегерегим жалама аска, удур-будур тоо, чатыр-күтүр таш. Алгыр куштар гана учуп барчу. Бутагыма конуп шаңшып, шаңшып үн салышчу. Жок. Асканын боорунда эмес, балким, түз эле жерде өскөн болбоюн. Жан барбаган түздөрдө. Бирок дале болсо деңиздин жээгине келип бүткөн талаада… Кургак, учу-кыйырына көз жетпеген мейкинде. Билбейм. Айта албайм.

Кантип калем болдум?

…Кээде мени колуна кармаган боюнча терезеге келет. Үйдүн эки терезеси көчө жакты карайт. Бири ашкананын терезеси. Көбүнчө ошонун жанына барат. Турат. Унчукпай тура берет. Эки колу кайчылашып боорунда. Колунда мен. Мен да эшикти карайм. Караган сайын эле көзүмө кара жыгач урунат. Түп жагы көк, баш жагы куурап бараткан кара жыгач. Түп жагын карасаң жаз, баш жагын карасаң кыш. Куш конбойт. Каргалар гана конот. Бир да чымчыктын ага уя салганын көргөн жокмун. Уя салынбаган дарак дарак эмес.

Көчөдөн адамдар жана машиналар тынымсыз өтүп турат. Аларга көңүл бурбайт. Эки көзү кара жыгачта. Тилсиз, үнсүз. Кээде деми да чыкпагандай туюлат. Үйдө киши эмес эле көлөкө жүргөнсүйт. Телевизорду койбойт. Койсо акыркы кабар болуп атканда коет. Бүткөндө өчүрүп таштайт. Эртең менен кетет. Кечинде келет. Китеп окуйт, же жазат, же жөн эле жатат. Керебетке сулк ташталып. Ойгоо жатабы же уктап жатабы, билинбейт. Кээде кечинде жарыкты да күйгүзбөйт. Көчө шамдарынын чаңгылт шооласы гана тартылган пардалардан араң-араң өтүп турат. Тынччылык. Кулак-мурунду кескендей тынччылык. Саат кулак-мээни жейт. “Чык-чык”- дейт саат. “Кайда чыгайын? Чыга албайм”- дейт тынччылык. Ушинтип кайым айтып отурушуп таң атырышат…

…Эртең менен турат да, чай кайнатат. Эч качан бир жерде жаны жай алып олтуруп чай ичкенин көрбөйм. Басып жүрүп ичет. Бирде бул терезеге, бирде ал терезге барат. Сыртта бирде күн ачык болсо, бирде бүркөө болот. Өтүп жаткан адамдар, кетип жаткан машинелер. Асфальт жолдун бети өңгүл-дөңгүл, аң-дөң, дайым эле казылып, жамаачыланып, шагыл төгүлүп, көмүлүп, ачылып, жабылып жаткан болот. Жолдун аркы бетине мончо салынып жатат. Мончонун ары жагынан кийим тикчү фабриканын, фабриканын ар жагынан цирктин чатырлары көрүнөт…

…Кетет. Кечке үйдө “чык, чык”, “чыга албайм” үчөөбүз гана калабыз. Кээде күтүүсүздөн телефон чырылдайт. Чочуп кетем. “Чык, чык” менен “чыга албайм” ага көңүл да буруп койбойт. Кабагым-кашым дебейт. Телефон чырылдап, чырылдап жадайт да, унчукпай калат…

…Кээ күндөрү кеткен жагына кагаз кол баштыгына салып мени да ала кетет. Шуулдаган мажүрүмдөрдүн, дуулдаган фонтандардын жанынан өтөбүз. Дайыма ушул жол. Бир күнү ал жолдон бурулуп кеттик. Телевидениенин машинелери туруптур. Үч камера. Бирдеме тартып атышат. Шуулдаган мажүрүмдөр, дуулдаган фонтандар. Жолдон бурулуп кеттик…

…Иштеген жеринде телефондун жаагы басылбайт. Кирип чыккандар, жазып жаткандар, сүйлөшүп отургандар. Тигил столдо бир киши, бул столдо бир киши, бул столдо кагаз, тигил столдо кагаз. Бир күнү баары түштөнүүгө кетишти. Ал гана кеткен жок. Жолдун аркы бетиндеги тамдын тушунда бала турат. Алма жеп турат. Кызыл алма. Сары парда. Кетип калды. Бир аздан кийин кайра келип парданы булкуп жаап алды.

Кантип калем болдум?

Жешилип, түгөнүп баратам. Түгөнүп баратып дарак болуп турганым эсиме түшөт. Деңиздин боюнда өскөн аябай зор, ажайып дарак элем.

Машинкага баса баштады.

Сары кагаздардан көчүрүп ак кагаздарга басып жатат. Сары кагаздардын тагдыры мага бештен белгилүү. Тытылат да, ыргытылат.

А мен деңиз жээгинде өскөн ажайып дарак элем. Бутагыма бүркүт конуп, тамырымда деңиз толкучу.

Ажайып дарак элем.

1986.