АКМАТБЕКОВА Сагын: САГЫН АКМАТБЕКОВА: ПОЕЗДДЕ

АҢГЕМЕ

-…Жаш кезимде жол жүргөндү абдан жакшы көрчү элем, айрыкча ушинтип поездде баратканды…

— Азыр деле жаш экенсиз.

— Түн ичинде жол жүргөндү жакшы көрчүмүн. Уктабай. Эч ким менен сүйлөшпөй. Өзүм менен өзүм болуп…

— Дагы токтодук. Жүргөнүбүздөн токтогонубуз көп болду.

— Кайсы станция болду экен?

— Ким билет. Станция эмес эле талаада турат окшойбуз.

Терезеге үңүлүп карашты. Чын эле ээн талаа экен.

— Айнекти ачайынчы.

Ачты. Жел менен кошо жаңы чабылган чөптүн жыты бур деп кирип келди.

— Бала кезимде атам экөөбүз далай жолу чөп чаптык. Атам чапчу, а мен бүлдүркөн терчүмүн. Күндүз уктап эс алып, түн ичинде айдын жарыгы менен чөп чапчу. Атты болсо тушап койчубуз. (Поезд козголуп акырындап жүрө баштады.) Бир күнү атам экөөбүз базарга бардык. Уй сатканбыз. Маңдайы кашка күрөң уйубуз бар эле. Атам да апенди экен, акчасын кагазга ороп мага карматты. Мен аны сеткага салып алып базарды аралап жүрөбүз. Мага пальто издеп жүрөбүз. Бир кезде жайма базардан мага чак жакшы пальто чыкты. Алалы десек эле акчабыз жок. Базардын ичи кырка майда дүкөндөр эле. Ошолордун бирине таштап кете берипмин. Бирөөнүн текчесинде мыкта илинип туруптур. Дүкөнчү алып берди.

— Акчасы жоголбоптурбу?

— Ошо бойдон экен.

— Акча экенин билбесе керек.

— Билбейм. Иши кылып ошондо атам мага эң сонун пальто сатып берген. Өңү жашыл болчу. Алигүнчө эсимде турат.

Поезд катуулап жүрө баштады. Терезеден муздак шамал кирип, экөө тең ичиркенип кетишти. Эркек терезени кайта жаап койду.

— Темир жолдун боюнда кызылча талаасы бар болчу. Ошого жардамга келчүбүз. Суюлтчубуз, отошчубуз, казышчубуз. Темир жолдон эртели кеч поезддер өтчү. Карай берчүмүн. Качан мен да чоңоюп, жолго чыгам дечүмүн…

— Чылым чексем кандай дейсиз?

— Чеге бериңиз.

Эркек ширеңкесин эки-үч жолу күйгүзө албай жатып, чылымын тутантты.

— Сизди карап туруп Александр Чактын бир ыры эсиме түшүп кетти.

— Кимдин дейсиз?

Кошуна вагондун каалгасы ачылып, эки киши алардын вагонуна өтүп кетти.

— Жолдо кетип баратып жол боюндагы үйлөрдү караганды жакшы көрөм. Терезелери бери карап, эшиктери ары карап турган тамдарды. Кимдер жашайт болду экен, бактылуубу, же бактысызбы, жаштарбы, же карыгандарбы, канча баласы бар, же такыр эле жокпу, баарын билгим келет. Бир күнү да ошентип карап келаткам, автобуста өзүм менен өзүм болуп. Эки орус аял сүйлөшүп келатышыптыр. “Длинный, худой, рыжий”. Кулагыма шак дей түштү.

Эркек аялдан көзүн албай карап калды.

— Бу да кимдир бирөөнүн ырыбы?

— Жок. Дөбөт.

— Ошондой да дөбөт болобу?

— Болот экен. Поезд кадимки катуу жүрүшүн алып ээн, караңгы талаада дүкүлдөп сызып баратты. Тамбурунда эркек менен аял. Жолдо жолугушкандар. Жолугуп, айрылыша тургандар. Кадимки жүргүнчүлөр. Бул дүйнөнүн кадимки, жай жүргүнчүлөрү.

1986.