АБДЫРАИМОВ Ырысбай: ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ: АЗИРЕТ АЙЫК

Аңгеме-жомок

Илгери мал-мүлкүнө сан жеткис, ээлеген жеринин кеңдигине көз жеткис, мансап, байлыгына чиренген, “карыбасам, арыбасам… жашарсам” деп суусундук ордуна мейиз, бал кошулган сүт ичкен бай жашайт. Анын Азирет аттуу малайы күндөн күнгө өңдөн азат. Арыктап, бети-башын, тула боюн ириңдүү жара басат. Аны кароодон көңүлү айланган кожоюн Азиретти эл жашагыс, ээн талаа, эрме чөлгө алып барып таштоого буюрат. Байдын сөзү эки болбойт. Кенедейинен бай эшигинде жүрүп, бойго жетсе да үйлөнө-жайлана албай, жөрмөлөөгө дарманы жетпеген  коколой баш Азиретти какыраган аптаптуу талаага ташташат.

Саратан жайдын күнү. Жандык аттуу таңдайы катып суусап, өзөк нымдаар суу таппай, көлөкөгө бой урат. Чакчая тийген күн Азиреттин бүткүл беденинен тер чыгарып, тамчы суу көздөн учат. Тырп этерге алы жок, бетинде ныпым каны жок, чаңкоодон улам эрини кургап, эт-бетинен жамгырдай тер куюлган жигит бар күчүн жыйнап, өзүн-өзү кыйнап, чалкасынан, көмкөрөсүнө араң оодарылат. Ошондо асманда чымчык пайда болот. Азиреттин дал төбөсүнөн айланчыктап учуп, алда бир нерсени туюнткандай өз тилинде сайрап, жигиттен бута атымдай ары турган жалгыз даракка конот.

Азирет чымчыктын үнүн угуп, эсине келет. “Суу, суу” деп үн чыгарат. Чымчык дарак түбүн улам чокуйт да, башын көтөрүп, не бир сонун нерсе тапкандай, сайрап, теребелге шоокум салат. Аны мунарык арасынан Азиреттин көзү чалат. Ал шайы оосо да, жөрмөлөп жылып олтуруп, бир оокумда дарак түбүнө жетет да, кайра эсинен танат. Алдыга сунган колу муздак нерсеге урунат. Ысуулаган жаны андан сеп алат. Ным болгон алаканы менен маңдайынан аккан терди аарчып, андан ылдый жүзүн сыласа көзү ачылат, ириңи денесинен күбүлүп түшкөнсүйт. Көрсө, дарак түбүндө булак бар экен. Алаканы менен шилеп, тырмалап, кочуштап олтуруп, булак көзүн тазалаган сайын сууга тийген колу чыканагына чейин жарадан арылып бараткансыйт.

Азирет суунун касиетин байкайт да, кочуштап ичип, адегенде бетин, анан калган денесин жууйт. Булактын кудуретиби же өзү жаткан жердин сыйкырыбы, айтор суу тийген денеси баштан аяк тазарып, оорунун белгиси калбайт. Кубанган жигитке алда кайдан кубат бүтүп, ордунан ыргып турат. “Кудай кааласа, айыктым ээ?” деп өзүнчө күңгүрөнүп, теребелге үн салат: “Оо асман, жер! Өлөт деген Азирет айыкты-ы…”. Булактын касиети күчтүүлүгүнөн, а түгүл курсагынын ачканы да билинбейт.

Ал эл-жер кезип жүргөндө ээн талаага буйруган байдын кызы аруулап калат.

-Жаман жараат  жабышкан малайын эл көргүс, жел келгис жакка алып барып таштап, оорудан кутулган экен. Эми ошондой жара байдын кызын тооруптур, — деген каңшаар дубанга тарайт.

Азирет,  кеп өзү тууралуу жүргөнүн боолгоп, ичинен кымыңдайт. Кожоюнунун калаасына жетип, ооруган бей-бечара, кул-кутандарды жолуккан жерде айыктырат. Эл ичинде өзү жөнүндө күбүр-шыбыр сөз жүргөн соң, касиеттүүлүгүнө ишенип, байдын капкасына кирет. Капка ээси аны тааныган жок. Жактырбагандай тиктеп койду. Анткени, дарымы күчтүү деген нечен табып, молдолордун да эми түшпөй, кызы айыккан эмес. Кайра кесели күчөп, күндөн күнгө алдастап, оюна эмне келсе ошону жасап калган. Кызынын эки эстүүлүгүнөн ичкени аш болбой, короосундагы бак-даракка баренде куш конбой, байдын аргасы түгөнгөн.

-Колуңдан эмне келет?.. Тумоологонумда мени сакайткан табып сөрөйлөрдүн эм-дому кызыма тийбей, башы алынды. Курттап, сөөктөрү чирип жатат. Аны айыктырганга жарым байлыгымды атагам. Сен да ошолордой байлыкка кызыгып, башыңдан айрылба!- деди көңүлсүз түрдө.

-Мага мал-мүлк, алтын, күмүштүн кереги жок. Олтурган тагыңызга да сугум түшпөйт.

-Ии..

-Менин байлыгым сиздикинен да эсеп жеткис, пендеде жок. Аны эч ким тартып ала албайт менден. Байлыгымды берген күндө да, менин сыйкырым башканын  колунан келбейт, — деди Азирет.

Анын камырабай, бек айтканына байдын көзү чекчейет. Үстү-башына көз жүгүртөт. Жигиттин кийгени көзгө комсоо, бирок сөзү тың. “Бул эмнеге керкейет?” Байдын акылы Азиреттин кебинин төркүнүнө жетпейт. Айлананы жаңырта күлөт.

-Эй тентимиш, кана ошо байлыгың?

-Байлыгым – алтын башымдын амандыгы, ден-соолугум. Пенде баласы мындан артык байлыкты самайбы? Ал эмес сиздин кызыңызга деле амандыктан ашкан байлык жок. Же ал үчүн жаныңызды бересизби?

Бай суроодон тайсалдап, көзүн ала качат:

-Мындай текебер сөздүн миңин уккам. Бирок баарын өлүм жыккан. Акыйлашар убакыт жок. Дарымчы болсоң, дартыңды айт да, тур барып, кызымды сакайт. Мурдагы шартты ушу сен үчүн өзгөртөм. Айыктырсаң, кызымды байлыгы менен кошуп берем. А кийинки шертти билесиңби?.. Ал жагын кабыргаң менен кеңеш… Кокус, кызым ушу абалынан жазбаса…

-Билем, башым кетет. Ага кайылмын, бай!

— Жок, антпейм. Сен мени менен азилдештиң, сасык чулгоо орогон башыңды байлыгыма теңеп. Ошон үчүн тирсегиңден асам!

-Макул, — дейт Азирет. – Анда кызды көрсөтүңүз.

Азиретти кыз жаткан үйгө баштап келишет. Ал экөөнү жалгыз калтырууну өтүнөт. Үйдүн каалга-терезелерин чүмбөттөтөт. Белине байлап келген кабактагы суу менен адегенде кыздын бети-башын сүртөт. Ылжыраган жара кыз жүзүнөн  кирпик ирмегиче жок болот. Көзү ачылган кыз үп тарткан үй ичин тегерете карайт. Эсине келсе, маңдайында Азирет турат. Сүйүнгөнүнөн аны бекем кучактайт. Кайра бетин ала качып, жүзүн жашырат.

— Шашпа, — деди ага бала. – Калган дартыңды да айдайын.

Ал кызды чечинтет. Көңүл айланткан жара басса да, анын суйкайган сулуу келбетине көңүл бөлбөй, булактын суусу менен кыздын денесин баштан аяк жууйт. Жигиттин колу тийген сайын байдын кызы улам чырайына чыгат. Кыз кийинип бүткөндө гана Азирет сырын төгөт:

-Мени тааныдыңбы? Мен өзүң сүйгөн Азиретмин. Сени айыктырганы дабан ашып, жол арытып, какыраган адырлуу чөлдөн келдим. Атаңды жеңдим. Сага жеткиргени, кудайым мага жаман жара буйруптур. Аны билбей кайнатам мени ээн талаага кууптур. Ошо илдет, көрдүңбү, менден сага жугуптур. Ээн колотто жатсам, дарак түбүндө чымчык туруптур. Жаралуу экен. Булакты чокуп, тумшугун канат-жүнүнө тийгизген сайын жарасы күбүлүп түшүптүр.

Ошентип, бай шертке турат. Азирет менен кыз турмуш куруп, кырк күн бою ак сарайда сайран курат. Үлпөт бүткөндө ордодо турууну сүйбөгөн Азиретке кызын себи менен кошуп узатат. Жигиттин атагы чыгат. Ал өзү сакайган булакты мекен тутат. Андан айыккысы келгендерден жол бошобойт. Азиреттин колу тийип, эми түшкөн сыркоолор кеселинен, жаман пейилдүүлөр кесиринен кутулат. Сокурдун көзү, дүлөйдүн кулагы ачылат. Согончогу канабагандын боюна бала бүтөт. Булактын айланасындагы кыр-кыр болуп кеткен адыр, тоолорго мисте, жаңгак жана башка не бир түркүн бадалдарды тигет.

Азиреттин деми менен айыккан байлардын бири анын эшигине бир жагы сый, бир жагы кул катары ата-теги, тили, динин билбеген кишини таштап кетет. Ал табыптын отунун жарып, оокатын бышырып, малын багып жан багат. Кул Азиреттин буйругусуз эчтеме кылбайт. Айтканынан чыкпайт. Азирет көзүнүн агы менен тең айланган кулуна Жалил деген ат коёт. Кайда жүрсө, ким менен сүйлөшсө, өзүнүн касиети тууралуу ооз ачпай, Жалилдин атак-даңкын жайылтат. Жанында жүрсө, далыга таптайт, жалаң мактайт.

— Бу жерди бүрдөтүп, гүлдөткөн, абат кылган ушу Жалил. Бу жердин аты жок эле. Жалилдин тилинде сүйлөгөндөр да бу чөлкөмдө жок. Ошондуктун ушунун укум-тукуму көбөйсүн. Биздин дайыныбызды уккандар болсо, “ал кайда, кайсы жер?” деп адашып жүрбөсүн. Ошон үчүн бул жердин аты Жалил Абат болсун! Мени сурагандарга “Жалил-Абаттан табасың!” деп айткыла, — деп туш тарапка жар салдырат.

Жалил өзүнүн атын ыйык табып чыккан аймакка койгонуна шерденет. Мактоону көтөрө албай мардайып, төшүн кере ачып, алда кайдан сылык сүйлөгөнү менен ыштанын оңой шыпыра салган өз уругунан зайып табат. Аялы жыл сайын төрөп, уругу тез таркайт. Азиретке караганда Жалилдин укум-тукуму кумурскадай көбөйөт. Ошол себептүү  дубан  калкынын көбү анын урук-туугандарынан таркаган дешет. Жалил  барган жеринде Азирет табыптын алдындагы карызын өтөөөнү каалап:

— Ошо Жалил Абатта табыптын ыйык булагы чыгат. Анын жанында зайыбынын булагы агат. Ыйык булактардын биринин аты Азирет айык, анын аялынын аты  – Кыз булак.  Ал булактын суусу менен Азирет Аюб бабам адегенде өзү менен аялын, анан мени сакайткан, — деп жар салат.

Жылдан жыл, кылымдан кылым өтөт. Азирет менен анын жары мекендеген жер – азыркы шаар Жалилдин аты менен Жалал-Абатка айланат. Адырдагы эки булактын,  ар түрдүү тилде Аюб булак деген аталышы бузулуп, Азирет айык жана Кыз-Булак аталып калган.