АБДЫРАИМОВ Ырысбай: ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ: НАГЫЗ БААТЫР ИЙИЛБЕЙТ

АҢГЕМЕ

Арадан үч жыл өттү. Сакадай эми чуу менен коштолгон шайлоонун үстүнөн чыкты. Ал окуя элди кыйла дүрбөтүп, удургутту. Көз каранды эместик алгандан чейрек кылым өтсө да, даңгыр жолго түшө албай, өлкөнүн башы чуру-чуу, утуру капсалаң окуялардан чыкпай койду. Калемгердин жаны мына ушуга кейиди. Тынчтык байырлабаган жерде кут-берекени, мелмилдеп аккан дарыядай тынч өнүгүүнү кондуруу да адегенде кыйынга турду.

Ажолукка талапкер ал жарыштан өтпөй, кулады. Аны жактагандар Бишкек-Ош жолуна чыкты. Жолдун Коргон районундагы депутат туулуп-өскөн айылдын тушунан тартып, эски тоокканага чейинки бөлүгү тосулду. Беш түн бою бул арада жеңил жана оор жүк ташыган, кала берсе жүргүнчүсү бар авто унаалардын жол жүрүүсү тыйылды. Бул бөлүктө жолоочулар жөө калды. Унаасы менен өтүүнү көздөгөндөрдүн автомашинасы жол тоскондор чайпалтып, түрткүлөгөндө көңтөрүлүп барып, кайра оңолду. Ортодо бир кыйла аралык буулду. Сакадай тосмо жолдун каршы-терши жагында жеңил да, жүк тарткан оор да машиналар кербендей тизилгенин түшкө жакын, кечке жуук кыдырып барып көрүп, санын билди.

Мындай чукул кезде демейкидей күн-түн жөө жалаң, бат жана калыс, так иштөө — бешенесине жазылган. Жол тоскондорду күнүгө аралап өтүп, алар менен жүргүнчүлөрдүн маанайы, жолду буугандарга нааразы болгондор, улам өзгөргөн кырдаал жана башка көйгөйлөр тууралуу кечке жуук же дубан борборуна, ал жактан күн батышты көздөй  жол жүргөндө  район байтагы  Коргонго жетип, телефон аркылуу жагдайды баяндап турмай.

Чакан уюмдун чалгынчысы кан жолдогу тополоңду тасмага жашыруун тартып жүрдү. Талапкердин таламдаштары алда неден шектенип, аны кармап алышты да, видеотасмасын бир сыйра көрүп чыгышты. Тасмага  жол тоскондордун  сүйлөгөндөрү, кеңеш курганы, тамак-аш ичкенинен өйдө түшүрүлгөн. Жол буугандардын арасында Сакадай менен Бекен да  кылт эткен окуяга баам салып турушту.  Өкмөткө тиешеси жок уюмдун кызы адегенде Бекенди  “видеотасманы тартып алган”, андан соң, “пахта талаасына сүйрөп барып, зордуктоого шымаланды” деп айыптап, арыз жазат. Көрмөтасманы Бекен эмес, жол бууган аялдар тартып алганын ал жердегилердин  баары көргөн. Ал дооматтын артынан Бекенге областта гана эмес, Бишкекте да нечен ай бою эркин  гезитинин ишин токтотуп, сурак берүү шыбагасы тийди.

Кан жолдогу ызы-чууга кошул-ташыл облустук Ак үйдүн алдында Топчубек  менен бирге “Акаевге кол салуу уюштурду”  деген доомат тагылып, абакка кесилген адамдардын туугандары ачкачылык кармады. Наар татпай, керелден кечке кесээрип, тикеден тик тургандардын карааны күздүн шамалдуу, жамгыр-кар себелеген ызгаар күндөрүндө да облбийликтин темир кашаа менен тосулган үч кабаттуу кеңсесинен үзүлгөн жок. Ак жеринен жазага жыгылып, ар кайсы түрмөлөрдө жаткан адамдарды азаттыкка чыгарууну  көшөкөрлөнө талап эткен аксакалдар менен аялдар, кээде балдар, ар кайсы курактагы кишилер каккан казыктай кырк күн турду.

Карапайым кишилердин бул жоругуна таңданбаган адам жок. Ал кезде берегидей жосундун болорун, көк муштумдай көгөрүп ачка олтурган адамдарды  эч ким оюна албаган. Облкеңсе жана улуттук коопсуздук кызматы менен ички иштер башкармасынын, прокуратуранын кызматкерлери бул ачкачылыкка элеттиктерди ким түртүп чыгарганын кез-кез Сакадайдан сурашчу. Калемгер ал жагынан кабарсыздыгынан ийин кысып койчу. Билген күндө деле ага тиешеси болбогон соң, тигил же бул адам таанышыбы, же башкабы, айтор дегеле өзүнөн бөлөк кишинин иши тууралуу бирөөгө күбүр-шыбыр эткенди жактырчу эмес. “Эгер өлкөнүн чек арасын бузуп, мамлекетибизге кол сала турган шектүү пенде көзгө илинип, дайыны угулса, андайдын тамырын соолутууга жан үрөйлү” деп ойлочу ал.

Орто бойлуу, арык чырай, көөнө жука шляпанын үстүнөн ак жоолук оронгон аялдын тоолуктарды облустук ак үй алдына келүүгө үндөгөнү, а кезде күтүлбөгөн көрүнүш болду. Бирок Сакадай ал зайып тууралуу эч кимге ооз ачпады. Жабылып калган кайсы бир журналдын кабарчылык күбөлүгүн кармап, оор жумушка бел байлаган бейтааныш айымга абайлоону кыйытты. Ары-бери өткөн сайын ачкачылык кармагандардан кабар алмай. Бирок ачкачылыкты токтот деген жергиликтүү атка минерлер, кызыл шапкечендер менен кошо алардын максат-тилегинин тамырын тартканы менен оокат ичпей койгондордун саламатчылыгын ноябрдын шамалдуу күндөрүндө дарыгерлер да сурабады. Жаан-чачында алардын  бирлери өнө боюна башынан ылдый жылтырак кагаз жамынып алышчу. Аялдар кабат-кабат жоолук салынып, наристелерин бооруна кысып, ным жерде олтурушчу.

Жер сыз тартып, ары-бери тынбай, жөө-жалаң каттагандардын таманынан да ным өткөн кез. Тоолуктар ара күндө ооругандарын улам бөлөгүнө алмаштырат. Кымбат баа жеңил автоунаа ташып, жылуу, таш тепкичинен өйдө  килем салынып, мамлекет курган таза бөлмөдө олтурган чоң кызматтагылар сырттагылардын абалына көңүл кош карагандай сезилчү.

Ал арада дубанга Акаев келери тууралуу каңшаар желдей тарады. Эрте менен күн бүркөлүп, кыламык кар жаап жаткан. Башка жактарга да абай салып, пикетчилердин жанына баргыча күндүзгү саат онго чукулдады. Ага дейре ачка тургандар менен облмилициянын генерал начальниги, анын орун басарлары менен шаардык милиция сүйлөшүптүр. Эриндери кеберсип, суусаган кишилер Сакадайды ортого алышып, үйүлө калышты. Түрлөрү чочулагандай. Сураштырганга  үлгүртпөй кара тору,  кыркма мурутун бир аз ак аралаган тумакчан киши тароого үндөгөн милиция өкүмүн күчөтүп, коркутууга өтүп, болбосо, камап салышарын кыйытканын айтты. Бул адам бөлөктөрү утуру алмашса да, облбийликтин алдынан кадам жылчу эмес.

— Коргондо  жол тоскондор соттолуптур. Айып пул салыныптыр. “Алар шаарга жетип, митинг өткөрсө, силердин талабыңар тигилердики менен камырдай аралашып, жуурулуп кетет. Силерге эч ким көңүл бурбайт. Кокус, эки ортодо чыр-чатак чыкса, жабыркашыңар да ыктымал. Ошон үчүн таркасаңар болот эле!” — деп жатышат. Коргондуктардын жөрөлгөсү бир жаңсыл сээлдегиче, үй-үйүбүзгө таркап, ачкачылыкты убактылуу токтото турсакпы! Камалгандар ага дейре бошотулбаса, кийин деле уланта беребиз. Кандай дейсиздер? – деп а киши жанындагыларга жалооруй акыл салды.

Топтолгондор саамга унчуккан жок. Акыры арасынан кимдир-бирөө берегидей үн катты:

— Жылбайбыз. Таркасак, кайра жыйналыш кыйын. Ажого каршы кутумду биздин туугандар уюштурган жок. Ак жерден айып тагып, жакындарыбызды абакка тыгышты. Камалгандар бошотулса, бул жерде бир да мүнөт кармалбайбыз. Колунан кокон тыйын жакшылык келбеген бу ак үйдөгүлөр  аягыбызга  аш салып бербесин, карапайым адамдар ак мээнет менен жашаары, базарда араба түрткөн тиги балдарга да дайын.

Ушундай кептен кийин бөлөк адамдар да чечкиндүү сунушка моюн сунгандай, сөз жаңыртылган жок.

Күн шашке. Сакадай милициянын акциядагыларга үрпөңдөгөнүн тактаганы Чехов көчөсүнө жайгашкан облустук ички иштер башкармалыгынын башчысын кыйла күттү. Ал иш бөлмөсүнө келген жок, кайда экенин орун басар, жардамчысы да айтпады. Сакадай: “Болжолу, өлкө башчы дубанды кыдырганда коопсуздукту сактоонун жол-жобосун тактап, аны уюштуруунун ташпишин тартып жүргөндүр” деп ойлонду.

Түштөн кийин  шаардык ички иштер бөлүмүнө баруудан башка айла калбады. Кезек тийгенде бөлүм башчысынын  каанасын аттады. Бөлмөдө анын ээси менен облмилициянын жетекчисинин дөөдөй чоң орун басары бет маңдай сүйлөшүп олтурат. Көңүл бурар түрү жок. Шаардык милиция башчы Сакадайды жакшы тааныйт. Ошентсе да саламдашып, өзүн орун басарга тааныштырган соң, ага кайрылган себебинин четин чыгарды.

Полковник ачка олтургандар менен кездешкени жагдайында сыр бербей, коркутуу-үркүтүү тууралуу анын суроосун да жоопсуз калтырды. Тулку бою чоң милициянын өң-түс, көз карашынан тырчыганы, чабармандын соболун жактырбаганы сезилет. Сакадай ага карабай, суроону кайра жаңыртты. Бою узун, кең далы, кыркма мурут, милициянын алыбеттүү, өңү-башы корей түспөлдөш бул полковниги:

— Биз сизге отчет берүүгө милдеттүү эмеспиз… Түшүнүктүүбү?…  Ары барыңыз — деп орусчалап, каарый сүйлөдү. Башка сөзгө өткөн жок. Мындан бөлөк  жооп бербей турганын туюнткандай далысын салып, тескери, бөлмөнүн ээси жакка бурулду.

Чоң жолду  буугандар добуштарды кайра эсептеп, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну көксөдү. Ал жүрүш эки күн облустук администрациянын алдындагы аянтка көчтү. Бийлик ээлери  жыйналган адамдардын кайрылуусуна көңүл бурбай, сыртын салды. Аянтка  топтолгондор кийинки күнү, бешим ченде облустук бийликтин имаратын көздөй жүрүш жасады. “Акаевге каршы кутум уюштурду” деген айып менен камалгандардын жактоочулары бир четке жылып, обладминистрациянын тосмолорунун бурч жагына сүрүлдү. Алар коргондуктарга  кошулган жок.

Милиционер жигиттер жөө жүрүшчүлөрдүн алдын торой чыкты. Кирпик ирмегиче убакыт өтпөй, эки тараптын ортосунда жаңжал тутанды. Ары-бери түртүш, жакалашмай,  муштум такамай, аягында кол да шилтенди. Токтоолук кылган кызыл шапкечендердин да сабыры түгөндү: жаңжалдашкан шайлоочуларды кармоого өттү. Алар туш-тарапка жайылып, чилдей тараган адамдардын артынан сая түштү. Бекен эчтекеден кайра тартпай, көк жалдык менен фото аппаратын “чырыктатып”, кармашты сүрөткө тартып аткан. Капысынан эле генералдын  “журналистти кармагыла!” – деген буйругу жаңырды. Беш-алты жигит Бекенге жүткүндү. Эки колунан толгоп, бурамак болгондор менен алышып атып, Бекендин кийими айрылды. Көрсө, аны талапкердин “эң жакын адамы” деп эсептешкен экен.

Калемгердин колун кайрып, милициянын эски  кеңсесин көздөй сүйрөштү. Аянтка чукул “Мөлмөл” мейманканасын көздөй качкан “Асаба” гезитинин калемгери Караматты да үч-төрт кызыл шапкечен артынан сая кууп, бучкактап алган. Каарман кызды тызылдата кууп бараткандар ал конок үйгө кире качмакчы болуп, мейманкананын каалгасына жеткенде кармап алышты. Татынакай  кыздын чучуктай чыңырган үнү Сакадайдын кулагына ыраактан илинди. Карамат да аянттын ортосундагы суу бүркмөнү курчаган айлампанын үстүнө чыгып алып, милиция жөө жүрүшчүлөрдү кармап, апаларды сүйрөп бараткандарын жана  окуянын жүрүшүн сүрөткө түшүрүп аткан. Ага ошо тарткан сүрөттөрүн “өчүрөсүң” деп чочоңдошуптур.  Кырдаал кызыган  чакта Сакадайга канат бүтөт: окуянын изин суутпай, теребелди удургуткан куюндан бетер тез иштемей өнөкөтү кармады.

Ал Токтогул көчөсүндөгү  жарандык коомду колдоо кеңсесине шашып-бушуп, жүгүрүп жетти. Ойдо жок жерден жаралган жорук-жосунду кагазга ылдам түшүрдү.

Сакадай кагаздарын жыйыштырып, темир тепкич менен ылдый басты. Тополоңдо колго түшкөндөрдүн тагдырын билүүгө шашты. Ага  экинчи кабатка өйдөлөгөн укукчу аял бет маңдай чыкты. Укук коргоочунун жүзү капалуу:

— Ушундай да болобу?.. Милиция элди уруп-сабап… Канчаларын кармап, ИВСке сүйрөп кетти, – деп токтоно албай ыйлап ийди ал. Аял каш-кабактын ортосунда болгон жаңжалдан Сакадайды “кабарсыз калды” деп ойлоду окшойт.

Сакадай облустук ак үйдүн алдындагы тополоңду баштан-аяк  көрүп-билип, укукчу ал окуяны  угузганга чейин  радиого жаздырганын, ал баяндама жарым саатка жетпей обого жаңыраары жөнүндө үн катпады. Бышактаган аялды жооткотту. Ошентсе да аянттагы соңку кырдаал тууралуу  укукчу менен баарлашты. Аны Бишкектеги кеңсенин оператору телефондон жаздырып алды. Ал жылдары  үналгынын уктуруулары кечки саат алтыда жана сегизде обого чыгарылчу. Таңкысы да ушул эле убактарда жаңырчу.

Көз байланды, эл орунга олтурган убак, кечки саат сегиздер чамасы. Ага карабай кармалган адамдардын тагдырын билгени  кайра ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына барбаса, санаасы тынчыр эмес.

Убактылуу кармоочу жайдын үлбүл жарык чачкан кеңсесинин тушунда бир нече киши котолоп турат. Аркы-беркини сурап, жооп алгыча болбой,  камалгандарды алда-кимден уккан Шермамат жетип келди. Ал ачуусун кармана албай:

— Балдарды эмнеге каматтыңар?- деп күрсүлдөдү.

Милициянын бөлүмүндө бөлөк жетекчилер менен бирге жүргөн облустук дагы бир башчыны сыртынан сөгүп алды. Шермаматтын тайманбас, баатыр мүнөз түрү да, сүрү да бар. Ал ичкери кирип, милициянын  ачендиктери менен сүйлөшкөндөн кийин ызы-чууда колго түшкөн адамдар бошотулду.

Эртеси  облустук кеңешме чакырылды. Сакадай күн мурунтан келип, маалымат катчыдан сураштырып, чогулуш талкуулай турган күн тартибиндеги маселелерди билди.  Чогулуштун башталаарын күтүп, үч кабаттуу облустук администрациянын биринчи кабатындагы  кош канат каалгасы ачык залдын кире беришинде ары-бери басып жүрдү. Белгиленген сааттан өтүп баратат, жыйындын башталаары күмөн. Тактыкка көнгөн жигит  мындай жосунга көнбөй, ичинен буулукту.

Аңгыча көгүш шинелчен, баскан сайын шымынын эки кыргагындагы кызыл жиби көзгө урунган генерал-майор — облустук ички иштер башкармасы көрүндү. Ал сырты кызыл калың китепче, кагаздарды колтуктаган обладминистрациянын аппарат башчысын жандап алган. Сырттан кирген экөө Сакадайдын  жанына токтоду. Анын саламына көңүл бөлбөй, алик алышкан да жок. Генералдын жүзүнөн каар төгүлүп, сөгүнүп алды. Сакадайга сөөмөй нускап, аппарат жетекчиге даттанды:

— “Азаттыкта”  кечинде “милиция менен митингчилер тирешти” деп сүйлөгөн —  мына ушул! — деди да, калемгерге бурула карап: —  Тирешти, мушташты, кагылышты… деп айтпай  койсоң болбойт беле, ыя? Бар жокко бизди уят кылып…

— Агай, эки тарап жакалашканын болгондой баяндадым. Анын эмнеси уят?.. Окуяны өзүндөй, калыстык менен эч кимге жан тартпай кабарлоо – биздин милдет. Жаңжалды кечээ аянттагылар жапырт көрдү. Чындыкты жашыруу кыйын, – деди Сакадай тартынбай.

Генерал ызырынып, муштумдай  түйүлгөн манжаларын улам ачып-жумду да, кантерин билбей туталанды.

Курсагы челкейген, бети-башы токочтой томолок, ак жуумал болгону менен каш-чачы кап-кара аппарат жетекчи кабак бүркөп, Сакадайга сөөмөйүн силккиледи да:

— Мен сизди… сиз иштеген радиону буржуазиянын пропагандачысы катары жек көрөм, — деди оозуна башка сөз кирбей.

Казылуу аппарат башчынын өткөн кылымдын алтымышынчы-жетимишинчи жылдардын туманында адашып жүргөнү айкын болду. Анткени, жаңы кылымдын биринчи босогосун аттаган эки миңинчи жыл дооран сүрүп, кыргыз өлкөсүнүн өз алдынча мамлекет болуп, демократиянын жели сокконуна он жылга чукул убакыт орноп калган.

Сакадай бүткүл дүйнөгө эч кимдин, ар кандай топтун же партиянын, камчысын чаппай, сөз эркиндиги аркылуу түрдүү-түмөн улуттардын тең укуктуулугун, ар бир өлкө, адамдын эркиндигин сактап, калыстыгы жана чагылгандай ыкчам иши менен таанылган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун максатын тигиге түшүндүрүүгө ниеттенди. Бирок төрөпейилге теңелүүнү эп көрбөй, өз оюнан кайра айныды. Кыялында: “Кыязы, аппарат башчы эски доордун бешигинен бошоно элек. Балким, таразадай так радионун уктурууларын уга электир. Кийин аңдап алаар. Азырынча муну менен теңтайлашып айтышкыча, убакытты сый кетирбей, чогулушка кирип, ортого коюлар маселенин чоо-жайын тактап алганым дурус. Чиновник менен радио жагдайында талашып-тартышууга көңүлү чаппады.  Мындай “төрөлөргө  корогон кайран убакыт” деди өз көңүлүндө.

Ал жыйналышка кирмек болуп турганда босогодон аттаган улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармасы Таштандын карааны көрүндү. Таштан сабыры суз калемгердин жүзүнө кадалды да:

— Ай байке, эмне болду? – деп сурап, анан тиги экөөнө суроолуу тигилди.

Генерал колун обладминистрацияны тосмологон темир кашаагаларга көздөй жаңсап, баштагы кебин кайталады:

-Тирешүү менен бирге “Акаевге каршылар ачкачылык кармап олтурат” деп, радиодон күндө сайрайт. Биз тартипти сактап атабыз го!

Сакадай КГБнын баштыгын ак үйдүн адамдарына жан тартса керек деп күткөн. Бирок Таштан  ага ээк жаңсап:

— Ай, бу киши чындыкты айтып атпайбы! – дей салды. Муну уккан губернатордун жана итиреңдеген аппарат башчысы менен  генерал-майор кеп таппай, ооздору жап болду. Башка сөзгө өтүшкөн жок. Биринин артынан бири ээрчип, экинчи кабатка алып чыкчу, кызыл-тазыл килем төшөлгөн тепкичтерди көздөй бурулуп, өйдөңкү кабатка бет алышты. Сакадай чындыкты айткан коопсуздук башкармасынын калыстыгына ичинен кубанды.

Кийинки жылдын август айында Өзбекстандан качкан жан кечтилер облустун чек арасын бузуп, Чаткал тоолорун ашып өттү. Кара-көгүш селде чалынган башы менен колдорун үксөйгөн жүн басып, кийим-кечеси жүдөө  куралчандар Чаткалдын Акташ айылындагы койчунукуна келип түнөйт. Бейтааныштардын  түрүнөн чочуган үй ээси аларды тамак-ашы менен сыйлап,  боз үйгө түнөтөт. Чакырылбаган “коноктор” курсагын кампайткандан кийин кошкуруп-бышкырып, уйкуга кирет. Койчу бала-чакасын  жан кечтилерден оолак жакка жашырат.  Атынын кара тер түшкөнүнө карабай чаап олтуруп, түн жарымда аймактын байтагы Каныш-Кыяга жетет.  Райондук ички иштер бөлүмүнө чек араны бузуп өткөн жоо жөнүндө кабар берет.

Ал жакка Сакадайга тааныш генерал, милициянын өзгөчө  отрядын баштап барды. Жан кечтилерди жок кылуу операциясынын башында генерал өзү турду. Ак-Ташта, үрөң-бараңда эки тараптын ок атышуусу тоо жаңыртат. Койчунун үйүнө түнөгөн террорчулар бири калбай жок кылынды. Кыргыз жерин душмандардан сактаган жоокерлер менен алардын генерал командиринин каармандыгын угуп, калемгердин төбөсү көккө жеткендей сүйүндү. Облуска бир апта өтпөй келген Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары  жоочуларды тыйпыл кылган кыргыз милициясы менен анын генерал башчысына таазим этип, генералды кол саат менен сыйлады.

Сакадайга Бишкектен телефон чалышты: “Жан кечтилердин асман тиреген тоолуу чек арадан ашып өткөнүн кантип билдиң? Алар менен болгон кармашты, өзбек министрдин алкышын кайдан алдың? Борбордон мурда кантип уктуң?”- деп кызыраңдап, кызыккандар да чыкты. Сакадай “издеген адам табат”, — деп күлүп койду. Ал Чаткалда шеит кеткен жан кечти-басмачылардын тизмеси, баскынчылардын курал-жарак, ок-дарылары жөнүндө мөөр басылып, кол коюлган эки баракты ишенимдүү адамдан таптыртып алган эле. Баракта өлгөн басмачылардын, алардын баштыктарынан табылган Халифат орнотууга үндөгөн баракчалары менен мылтыктары, жардыргычы, кол пулемету жана ок-дарыларынын саны даана жазылган. Тизмени берген кишинин колун кур койбой, ал адам тууралуу жан адамга ооз ачпоого касам ичкен.

Сакадай телефондон кекетип-мокоткон үрпөң башка: “Жергиликтүү бийлик, ички иштер башкармасындагылар жана башкалар менен ийиндеш иштешсеңиз —  утасыз. Алар менен зарыл убакта тынымсыз кабарлашкан киши өз жеринде болгон окуялардын тамырын тартып, ийне-жибинен өйдө изилдеп турбаса, бөлөктөрдүн алдында сабагынан “эки” баа алган окуучудай башын шылкыйтып, жер тиктегени ыңгайсыз го!” — деп жооп узатты.

— Тизмени бизге да жөнөт, — деди Бишкектен чалган төрө.

— Борбордогулардын колу узун, кайда сунса, жетет. Ички иштер министрлигине кайрылып, сураштыргыла! А мен бирөөнүн табылгасын башкага бере албаймын. Ошондой убада бар.

Тигил кыйкыра баштаганда Сакадай үн чыгарбай  телефонду ордуна койду.

Ал милициянын  генералы менен кыйла закымдан кийин Аксы калайманын териштирген сотто кездешти. А кезде генерал чек ара аскерлеринин кол башчысына орун басар. Соттун танаписинде генерал түрдүү тамашаларды айтып, жанына чогулгандарды күлдүрчү. Сакадай жакка да кеп ыргытып, тамашалашчу. Генерал ошондо өзүнүн каармандыгы, ак кызмат өтөгөн эмгеги эске алынбай, атак-даңкы унутулганына кейиди. Ак жеринен соттолуучулардын тизмесине кошулганына аң-таң болду. Ыраңынан: “Кайсы кара теке сүзүп, ойдо жок балакетке кабылдым?” — деп өкүнгөнү баамдалып турат. Улам-улам баш чайкап, коогалаңда жабыр тарткандардан утуру үзүр сурап атты.

Облустук сотто кезектеги сурак жанданды. Саратан өкүм сүргөндүктөн сыртта аба үп. Сот залы салкын. Жөнөкөй кийимчен генерал айыпталуучулардын орундугунда шаабайы сууп олтурган. Милициянын генералдан кийинки мурдагы башчысы, облустун мурдагы прокурору аны менен катарлаш орундукта. Сакадай алардан кийинки катардан орун алды. Бул жерден сотто  жабыр тарткандардын, прокурорлор жана соттолуучулар, алардын жактоочуларынын, күбөлөрдүн далил сөздөрү тунук угулат. Үн тасмага түшүрүү жеңил. Кобур-собур тыйылып, ортодо тым-тырстык. Танапис бүтүп, баары соттун түштөн кийинки уланышын күтүүдө. Судья төргө келип, териштирүүнү баштагыча кыйла убакыт бардай.

Сакадай облустук  ак үйдө болгон кер-мур окуяны тамаша  иретинде генералдын эсине салды. Генерал чын ыкласы менен өз жоругуна өкүндүбү же тамашага чаптырдыбы, айтор, ал жагы Сакадайга кызыксыз эле. Ал үчүн итабар жыл өтсө да чатагын унутпай, чачын буурул баскан төрөнүн улуу башын ийип, үзүр сураганы маанилүү болду. Генерал жүзүн калемгерге бурду да:

— Кечирип койчу, иним! Билесиң го, мен “итмин” да! – де, жалбара сүйлөдү.

Сакадайдын дитинде  милициянын өзгөчө отрядынын  чек араны бузуп кирген Чаткалдагы жоочуларды жок кылган эрдиги турган. Башына мүшкүл иш түшкөн аксакалга боору ооруп, аны капа кылууну чеки санады:

— Сөгүшүңүз ошондо эле унутулду. Мактоо, көңүл чөктүргөн жеме шамал айдаган камгактай кыялымдан оолак кетет. Ким экениңизди мойнуңузга алганыңызга, ыракмат! Баатырдыгыңыз эсте, байке!  — деди жарпы жазылып.