АБДЫРАИМОВ Ырысбай: ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ: ТАЙЛАК МЕНЕН АТАН ТӨӨ

АҢГЕМЕ

Соорусуна тамга басылган буудан оң капталы бийик жарлуу сайга жеткенде кошкурунуп алды да, тумшугун малып, сууну шорулдата шимирди. Жаныбар үстүндөгү Тажимурзага көк кашка, тунук суунун бетинен башында шоңшойгон ак калпагы бар, кыркма сакал-мурутун ак чала баштаган аксакал аттын жалына эңкейе, суулдурукту бош кармаган тейде тиктеп турду. Ал өзүнүн сууга чагылган көлөкөсүн тааныды. Сай түбүндө жайнаган түрдүү таш, бууданынын муунагына чейин ак жүн каптаган  туяктары да даана көрүндү. Чаңкоосу канган жылкысы баш көтөрүп, ээгинен суу тамчылата бышкырынып койду.

Жолоочу тизгин какпаса да, күлүгү  өзү билип,  лок-лок жортуп, саргыч тарткан адырды өрдөгөн чыйырга түштү. Жаныбардын жайы-кышы көнүмүш жолу ушу. Тажимурза башын бурбаса да, үйдөн минип чыкты дегиче ушул чаңдуу жолго салат. Анткени далай ирет каттап, көңүлүнө жатталып калгандай.

Адырдын күнгөй каптал-кырына күн тие баштаптыр. Тескей жак күндү тосуп турганга жайылган кой-эчки короосу менен кенен баткыдай өрөөн ичи көлөкө.

Жар бойлой аккан суу боюнда өскөн он түпчө талдын бутактары боз үйдөй тайпаң жерге жайылган. Дарактардын саябанына эки чатыр тигилген. Алардын чет жакасына коюлган очоктон түтүн созолонот. Болжолу, чөп чапканы келген уул-кыздар жумушка кетишкен өңдүү. Жерге түшкөн учу жогору кайрылган чатырдын айлана-тегереги ээн. Четки талдын бутагына, Тажимурзанын тили менен айтканда аккордеон дешчү беле, же баян бекен, айтору, бир аспабы илинип турат.

Түндө жамгыр себелеп өткөнгө теребел жуунгандай сергилең тартып, таза аба коюн-колтук аралап ичиркентет. Тажимурза асманга суктана тигилди. Көгөргөн көккө көзү тоёр эмес. Деңиз суусун жиреген кемелер тариз, көк асманда жарышкан булут, эшик алдына жаңыдан күрөлгөн кар сымак аппак…

Ылдамыраак жумушка жеткирүүнү каалагандай бууданы лөк-лөк желгенге өттү. Тизгинди булкмайын, аты ушул кадиминен жазбайт. Көзгө алейне баамдалбаган чыйыр менен өйдөлөгөн сайын Күнгө теңешкендей болду. Шашке убактын аптабы төбөсүн ысытты. Аксакал ичинен кыңылдап, камчысын маасынын кончуна чып-чып чапкылады. Артына кылчайып карады эле, сайдын аркы өйүзүндөгү айылындагылар бодо мал, кой-эчкилерин бадага кошкону айдап калышыптыр.

Тигине, колуна чыбык кармаган көкүрөк кызы Жамийла ала күрөң уюн музоосу менен короосунан айдап чыгып, чубалып бараткан малдын катарына кошту  да, жол чети менен мектепке жөнөгөн курбу кыздарынын сабына түштү.

Жамийла быйыл алтынчы класста окуйт. Тажимурза менен байбичесинин колунда чүрпөлөрүнөн ушул кенже кызы калган. Андан улуу балдары эчак үй-бүлө күтүп, перзенттүү болушуп, бапырап калган чагы. Алардын эл катары морунан түтүн чубалтканына абышканын сүйүнүчү ченегис. Эсине түшүргөндө жүрөгүн өйкөп, күндүзү күн тынымын, түндөсү түн уйкусун бузуп, санаа тарттырган ою да жок эмес. Аң-сезимине бүлүк түшүргөн көйгөй – алда качан бой тартканына карабай бири окуп, экинчиси тигүү фабрикасында иштеп, борбордо жүргөн эки кызынын тагдыры…

Күрмөсүнүн эки өңүрүн бүркүттүн канатындай эки жакка желбиреткен бирөө атын ызгыта чаап келип, сайга түштү. Сууну чачырата чаап өткөндө таштардын шагыраганы аксакалдын кулагына даана угулду. Ээр үстүндөгү чабандес өзүнүн азилкечи Аман экенин жазбай тааныды. Кезигишкен сайын экөө тамашасыз сүйлөшө албайт. Бири-бирин алыстан көргөндө эле бүттү, оюну башталат. Аксакалдын андай чактагы аты – Аюу балбан. Бул ысымды ага Аман койгон. Тажимурза өзү да эмдигиче аюудай майпаңдап басарын, эки мүрү эки адам отургудай дүгдүйүп, эткеел, болук денеси бир караганда аюуга, бир тиктегенде алп кишиге окшорун элес албаптыр.  Бети нурлуу жигит алгач жүздөшкөндө эле түсү ийги, ыманы ысык көрүнгөн.

Кыштактагылардын ичинен батынып азил узатуучу да жалгыз Аман. Ал кызматка жаңыдан орношуп, айылга үйүр ала элегинде анын жалгыз бойлуулугун эрөөн туткан Тажимурза дароо тамаша ыргыткан. Баары ошондон тутанган. Аманды көрөрү менен эмнегедир тили кычышып, тийише баштайт. Аны туурап бөтөн бирөө Аюу балбан атаса, куйкасы курушуп, кызыраңдамак да, “атасынын сакалы менен ойногон ыйлаар баланын” алда качан ит терисин башына кептемек.

Көнгөн адаты эске түшкөн Тажимурза кумарын жазганы атын артка бурду да, тигини тосуп алмак болду. Экөө буудандарын бири-бирине көздөй теминип, учкан куштай күү менен келатып, тайпаңда беттеше түштү. Аюу балбан саламдашуунун ордуна камчысын тиштеди да, эки жеңин чыканакка дейре түрүндү. Бетме-бет келишкенде кабак алдынан аңдышып, кимиси озуна чап саларын күтүштү. Жолукканда мелдешер оюну  — эр оодарыш. Жөө кезинде да тартыша кетишет. Азыр да билек майыштырууга ниеттенишип, короздордой үрпөңдөштү. Ээлеринин пейилин билгендей аттары да ордунда тим турбай, бири-бирин тегерене түртөт.

Тажимурза сөзгө кирди:

— Ии, тырбаңдаган баатырым!.. Алыңа карасаңчы!

Жигит мындайга бышы кулак. Тикирейген жолборс сүрдүү калыбынан жазбай, күлүмсүрөп тура берет.

— Сүйлө!..Дагы мага зайып таап келдиңби? Ортомчуну мен да тапкан экем. –  Аксакалдын дымагы ого бетер күчөдү.

Аман:

— Таппагандачы?..Тапканда да кандайын илештирдиң деп сурабайсыңбы, Аюу балбан?! Момундайы бактыңа туш келди, — деп баш бармагын койкойтту. — Өөгүнкүсүнөн он эсе ашып түшөт. Ай десең, айдай чырайлуу! Күн десең күндөй сулуу, карасаң,  шилекейиң чуурулат.

— Чын элеби?..Мындай сынчы экениңди билгенимде сен туулганча үйлөнбөй туруп, күйөө жолдоштукка жандатып алмак экем. Сага тандатып туруп, зайып албай…Ка-ап… Жашпы?

— Өтө жаш. Кумурска белинен кармаганда Аман досуңа ыраазы болосуң.

— Канчаларда бар?

— Макулдугуңду бер, анан айтам.

— Эмне деп?..

Жигит бырс күлдү  да:

— Үйлөнөм деп.

— Шылдыңдабайсыңбы?

Аман башын чайкады.

Тажимурза:

— Болуптур, анда! Бүгүн кааласаң, бүгүн, эртең десең, эртең… Жашын айт!

— Он тогузга оогондой  кебетеси, — деген Аман бу курдай да күлүп ийди. Анын жылмайганынан шексинген Аюу балбан сөөмөйүн силкилдете:

— Ай оңбогур! Мени дагы мыскылдаганы турасың, ээ! Өзүңө тапканды мага шылтап жүрбө! Мага кыз тандашты коюп, мени качан жеңелүү кыласың? Ошону айт, оболу.

— Алгач сени үйлөндүрөйүн, Аюу балбан! Анан кезек мага жетер. Сага ашык болгон кыз дубай-салам жиберди. Аюу балбаныңа айтып кой дейт. Калыңсыз эле келе берсин!- дейт. О-ой, менин таң калганымды айта көрбө!

— Ийи?

— Тийгенден  кийин балбаныңдын желкесине, күндөшүмдүн жонуна минем. Тажимурзаны кулдай, байбичесин күңдөй жумшайм. Ошон үчүн акча сурабайм. Калың алсам, аны акташ керек, кызматына жараш керек. А мен Аюу балбандын талпагына олтуруп, чай ичкенди чырпыктай кезимден эңсеп жүрөм дейт.

— Ата-а кызы миң тамыр, ай-я! Астанамы аттабай жатып, мени бийлегиси келгенин кара!.. Опе-ей досум, бобул эмнең?..Соо эмес окшойсуң…- Тажимурза шектенер белги болбосо да, жигиттин билегине ымдады. Анын эси-дарты Аман колуна алаксыганда шап эңип алууда турду. Мектеп алдында жигиттин бейтааныш кыз менен сүйлөшкөнүн көргөн. Өзүнө ынак туткан баланы ал кызга ыраа көрбөй ичи ачышып, ысык мамиледе болсо, айныткысы келди:

— Мугалим жеңем чымчып алыптыр да, ээ? Пай-пай-пай…Өзү тийишсе, кыбаасын кандырып койбойсуңбу? Апе-ей, мойнуңда башкасы да бар го. Тиштеп алган окшойт, бармак басым жериң кызарып калыптыр.

Уккандарынын баары ойдон чыгарылганын баамдаган Аман камырабай жооп узатты:

— Бойдок кез башыңдан өтпөптүр ээ, Аюу балбан?

— Иши кылып, мыш болуп калба да!.. Э, мейли ал жагын өзүң бил. Ме, анда карма! Мен да ишке шашылып жатам, жолго батыраак түшөйүн. А жанагы, мага атаган кыздын жашын айтпадың го. Аныгын билбесем, санаам тынчыбайт.

— Он тогузду тескери окуса, канча болот, Аюу балбан? – Аман азилкечин мыскылдаганына табаасы кангандай ыкшып күлдү. Күлкү аралаш:

— Куп гана жайландың, ээ?…О-ха-ха-ха, оха-ха-ха, и-ий…

Кептин төркүнү Тажимурзанын дээрине эми жетти:

— Аа башың өскүр, мени ошо токсон бирдеги “кызыңа” теңедиңби? Дос болбой калгыр. Аныңдан көрө өзүмдүн байбичем кымча бел эмеспи, жаш көрүнөт. Он тогуздагы кыз өзүңө эле кут болсун! Ыштанына салып, чоңойтуп алаар. Мени кудай өз аялымдан айырбасын, миң жыл бою! Сениби, ушул азилиң  үчүн…Бир байкелетип койбосом…Чү, чү…- деди. Бууданын теминип, ээринде кыйшая отурган Аманга жапырыла кол созду. Оңдой берип, күрөктөй колуна кетмен сабындай билек уруна түштү. – Бөрү карыса бир койчолук алы бар, а менин отуздагы оёнду омкорууга  күчүм жетет. Сени элеби?.. Эр болсоң, кыймылдап көр эми…Чү, атым, чү…

Экөө бири-бирин эңе албай, кыйлага тартышты. Колу талып кеттиби же өз ыкмасына дал келтире албадыбы, жигит колун бошото берди. Анын билегин ээрге басмак болгон аксакалдын уучу да сыдырыла түшүп, жазылып кеткенде Амандын колу чыгып кетти. Аябай чыйралган жип үзүлгөндөй, кызарып татарган азилкечтер ээрдин үстүнөн оодарыла жаздап чайпалышты. Бойлорун зорго токтотушту.

Аман күш-быш эте демиккен досунун билегине кайра жармашты. Көзгө илештирбей аны эңип алды да, такымга басып, атын алга теминди. Тажимурза булкунуп көрдү. Былкылдата алаар эмес. Жигиттин колу аттиштей кыпчып, билегине ээрдин кыры өтүп баратат. Эки бүктөлүп, ээринен жылбышкандай болду.

— Жеңилдим  де, Аюу балбан!.. Айтасыңбы, жокпу?! Аксакал экениңди сыйлап, эл көзүнчө ээрден шыпырылып, мөөрөйдү дайыма өзүңө берчү элем. Эми ээн жерде жеңилсең, эмне болуптур! Эч ким көрбөйт, бирөөгө айтпайм. Кана, багындым де!

— Баш байге, сеники дос! Он тогуз жашар кызың менен кошо…- Экөө колотту жаңырта каткырып алышты.

Терин сүртүнүп, кийимин иретке келтирип алган соң, эмки угузар кабарына досу кандай карарын кыялында таразалап, Аман аярлай сөз баштады.

— Иш мындай, досум, — деди ал олуттуу түрдө. – Күлкүнүн көбү, сөздүн азы жакшы.

Тажимурза күрсүнүп, кандай жумуш болсо да, кайра тартпоочудай кеп күттү.

— Кулак сенде, баатыр!

— Сизден башкаларды алыс токойго жөнөттүм. Ошондой буйрук келди. Ал жакта жаңгак, алма терим башталат экен, күзөтчүлөр жетишпей жатыптыр. Бул токойчодо экөөбүз калдык. Тиги өрөөндөгү камыштын өсүп кеткенин билесиз. Балдар чаап, бүтө албай кетти. Аткананы камыш менен жаппасак, шыйпыр жакын арада келер эмес. Былтыркыдай үстү дагы ачык калса, иштермен аттарга убал… Быйыл кыш оор болот деген каңырыш угулуп жатат, ага кам-көсүбүздү көрүп, даяр туруш керек. Жылкылар калчылдап үшүп турса, биздин  күпүлдөгөн отко кактанганыбыз жарыбас.

Аман чакан токойдун башчысы болгондуктан корукчу Тажимурзага буйрук берүүгө толук укуктуу болсо да, азилкечинин эс алууга чыкканына карабай, өзүнөн кичүүлөр менен тең тайлаша иштегенин урматтайт. Ошондуктан аны коруктан тышкаркы жумушка жумшачу эмес. Бүгүн ага  биринчи ирет иш дайындашы. Досунун ыйбаа тутуп, тапшырмасын шыр бере албай, тартынганын күзөтчү аксакал туйбай койгон жок.

— Макул, балам!

— Ашып барса, бир гектирчеси калды. Кысталыш болбосо сизди буйрубайт элем.

— Ачык-айрымдыгың жөндүү, досум! Өкмөттүк жумуш  жаш-карыга бирдей. Достук башка, иш башка. Сен келечеги кең жигитсиң. Жараткан жолуңду ачып, өмүр берсе, өсөсүң, өнөсүң. Кол алдыңдагы адамга иш дайындаарда кирпидей бүжүрөбө! Талапты катуу кой, бекем бол, ошондо иш жүрөт! Көңүлүн оорутпайын деп аяп, жумшак сүйлөсөң, сени эч ким тоотпойт. Жыгачтын жумшагына курт бат түшөт. Биздин адистер азырынча колдун учу менен иш кылгандан арыла элек.

— Мен сизге эле ийилем, башкага катуумун.

— Менин деле сакалыма караба! Өкмөттүн жумушун алдап аткарганыбыз жарабайт, досум!

— Кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңгон чоңдорду эл сүйбөйт тура! Үтүрөйгөн пендеден жылуу кеп угарынан түңүлөт. Мен андай болгум келбейт, Аюу балбан!

— Ниетиңе баракелде, уулум! Анда, үйдөн кайрак таш, чалгыны алып, камыш жакка жөнөйүн, ээ?

— Ошентиңиз. Кагаз иштерди бүтөрүм менен мен да артыңыздан жетип барып, алгоолошом.

***

…Тажимурза эмнегедир үйүнө батпагансыйт. Нечен жылдар бою уул-кыздары менен баткан куттуу үйү, бүгүн, үстүндөгү көйнөгүндөй тарып калгандай. Кеч кирген убак.  Камыш чабыктан чарчаганына шылтагыдай чаалыкканы сезилбейт. Баскан-турганы мурдагыдан жеңил. Бурчтагы үстөл үстүнө коюлган телевизорду жамбаштап тиктеп жатты. Андагы көрсөтүүгө ичи чыкпай, өчүртүп салды. Төрдө илинген сүрөттөрдү эрмектей тигилди.

Кыдырата тиктеп келип, Мыскал кызынын элеси көзүнө урунганда күрсүнүп алды. Анысы Фрунзеде чоң доктурлукта, медициналык институтта окууда. Чегирткенин мурутундай узун кирпиктеринин арасынан карагаттай көздөрү күлмүңдөйт. Жүзүнөн нур менен от чачырап, куду апасыныкындай сүйкүмдүү. Жеңсиз көйнөгүнөн чыккан жумуру, аппак билектери, бети-башы ак жуумал тартканынан шаар жаккан экен. Же жүзүнө боёкторун сыйпанып жүрөбү? Неси болсо да көзгө жакын бу садагам, чейрек жаштан ашты. Түбөлүк конор түнөгүн табууну ойлойт бекен? Гүлгүн курак кезинде, көзүмдүн тирүүсүндө турмушка атказсам… Бактысына биздин Амандай кыраакы жигит туш келсе… көрүмдө тынч жатам го. Окууга да бир аз кечирээк кирип калды, айланайын. Эки жыл убара тартып, эми өттү деген ойго кирди. Балким, ушу Аман досумдай бозой менен убада бекитип жүргөндүр. Андай болушу да толук ыктымал… Ай, бирок менин тилегимди орундар киши кайда? Билим алып, бир кесипке эгедер болгонго жетпейт. Турмуш арабасын кошо сүйрөшөр өмүр шерик да артыкбаштык кылбайт.

Ай эми,  кайсынысын айтайын!.. Мыскалдыкы мындай десем… Эжесинин багы аныкынан беш бетер байланып жүрөт. Университетти бүткүчө беш жыл шаарда жашады. Кызык, ошондо бир да бала сөз салбады бекен, ыя?.. Өзүмдү тартып сөөк-саактүү чыгып, лөкүйгөнүн кара деп аксакалдын көңүлү ушу тапта райондо иштеген улуу кызына ооду.

Ал кызы көптөн бери аткаруу комитетинде орун басар. Айыл арасындагылар чогулганда, алда кимдир-бирөөлөрдүн кыз-келинге кызматты ким коюптур. Адегенде этегинен жалгап, алдын – мал артын – бала бассын дегенин да угуп калат. Же астыртан Тажимурзага кулак кагыш кылышканыбы?.. Жашы отуздан эчак ашкан чоң кызынын эл башкарганына, ырас, ал кубанбай койбойт. Күйөөгө тийип, бактысын таап алганда жердин аркы түбүнө барып иштесе деле, кайыл.

Ал теңдүүлөрдүн ак көйнөкчөн балдарынын, чачына ак бантик байлаган кыздарынын арты биринчи, экинчи класста окуп калышты. Адам дегениң, чамасы, бир жагынан кемчил келет сыягы? Ойлоп турсаң, айрым эри бардын согончогу канабай…Бирээрки перзенттүүлөрдүн бирөөсү ден-соолугунан өксүп, саламаттыгы тыңдын дагы бир жагы аксап, тагдыр деген адамдарды ушинтип калчайт тура!

Төгөрөгү төп, кем-карчсыз кишини табуу кыйынга турду. Жоруган оюнун аягына чыга электе кыялына дагы бирдеме түштү. Тура калып, сыртка чыкканы далысына чапан жамынды. Каалганын туткасын тарта бергенде кемпири үн салды, көз айнегинин үстүнөн тиктеп:

— Жети түндө кайда барасың, байым? – Байбиче Тажимурзанын тигишинен сөгүлгөн көйнөгүн бүрүп жаткан.

Аюу балбан буйдала түштү:

— Амандыкына…

Зайыбы жиптин учун түйүп, тиши менен кырчып үздү да, ийнени чыгырыкка сайып койду:

— Мындан ары ал бала менен тамашаңды токтот.

Байбичесинен мандемдүү кеп угарын боолгоп, Тажимурза кайра ордуна олтурду.

— Сөзүмдүн төркүнүн түшүндүңбү?…

— Адегенде сүйлөп бүт, анан сура, – деди аксакал.

— Атан төө мас болсо, тайлак менен дос болот. Аманыңды чайга чакырганда байкагам.

— Эмнесин көрдүң?

— Эмнесин демекчи… Босогону аттаары менен төрдөгү сүрөткө кадалып, нес болгондой тикесинен катып калган. Качан гана сен жогору өт деп артынан түрткөнүңдө эсине келген. Оокат жеп атып да, кылчак-кылчак карады.

— А кимисине тиктеп турду?

— Кыздарыңдын кайсынысы көзгө жакын, кана айтчы?

— Мыскалгабы?.. Оо садага болоюн. Ошондой болсо кана? – Тажимурза сүйүнүп, дердеңдей түштү. – Мен күсөгөндөй, асмандан күткөнүм, жерден табылмак… Жакшы, жакшы… Эмне, Аман досум сага жакпайт окшойт?!

— Билбейм. – Байбиче ийнин кысты. — Сиңдинин эжеден мурда күйөөгө тийгени салтта жок. Эл-журтка шерменде болобузбу деп чочулайм. Калкта жок иш жасап жатабызбы деп корком.

Аюу балбандын чекеси тырыша түштү:

— Турмушка чыгуу – шерменделик эмес, жашоонун тартиби. Экөөнүн бойго жеткени, бүчүр ачар маалы келгени качан? Өмүрүнө көктөм киргени качан? Багын байлаганыбыз жарабайт, акылдуум. Ырас эле Мыскалтайым Аман менен сырдашса, өтө сонун. Менин оюм дал түшкөнүн кара!

— Сенин оюң… Ал досуңдун урук-тууганы жок  деп уктум. Томолой жетим имиш. Тек жайын сураштырдың беле? – Кемпирдин  жибиир түрү жоктой.

Эзели кабагы бүркөлбөгөн аксакалдын каны кызыды:

— Э-эй, акылтайым! Бүлө кура турган  — эки жаш болсо, тамыр-тааныштарын  башыңа урасынбы?!

— Баткендик имиш… Бу жерде ашып барса, он жылча иштеер. Кийин элине көчсө… Кыргызда ат айланып казыгын табат.

— Ии анан?…

— Ал жакка көчүп кетсе, бир жылда жүзүн бир көрбөй, эркелетпей, сагынам. Катташканга жакын айылдагы балдардын колун кармаса дейм да.

— Ыраак, чукул деп… Сага эл бөлүштү, жер бөлүштү, уруу сүрүштүргөндү ким үйрөттү?.. Ушуларды уккум жок, мага бардыгы бир тең.  Кызыңдын барган жеринен бак табарын тиле! Кимге жар болсо да, алтын башы аман болуп, көшөгөсү көгөрсүн! Жанагы сөзүңдү оозуңа экинчи алба, байбиче! —  Тажимурзанын кеби сый кетти.

Зайыбы анын кыйыгына тийгенин сезсе да:

— Минтип ара күндө кеселден башым көтөрүлбөй, бутума чалынып жүрсөм… Жамандык-жакшылык деген каш-кабактын ортосунда. Кокус…Сага эмне? Жыйырмадагы бозойдой белиң бүтүн, көзүң курч, билегиңде күч-кубат толо. Элүү катынды деле карытасың. Же төбөң агарганы менен ишиң жок, — деп байбиче какшык аралаш кемшиңдеди. Көз айнегин алып, көйнөгүнүн этеги

менен көзүн сүрттү.

Үй ээси аялын далыга таптап:

— Кыздарым астанаңдан ары узай электе эле кемшеңдеп… Кечип ийе элек ко! Кайратыңды эмитен бошотпой, чыйрак турсаң…Керек десең, экөөбүз эки жүздөн ашабыз.

— Ооба, сен го өлбөйсүң!..

— Туура, өлбөйм! ..Жалган айтамбы?.. Менин уругум жаш, ата-бабаларым көктөйлөрүндө көз жумган. Алардын жашабаган өмүрлөрү мага калды. Уул-кыздарым ар бири өзүнчө мамлекет болот. Ааламдан өтсөк, тукумубузду улантышат. Ошол да өлбөстүк, тирүүлүк деген.

— Эй абышка! Сен го тыштагы адамсың. Катын-калач, абысын-ажын, урук-туугандар кыздарыңдын калыңын кымтып калбай, көрсөт бизге дешет. Айылыбыздагы  кыздардын тоюнда алган тояналарды эки кызың кичине чагында  колуна карматчусуң, «силердин, жээн кыздарымдын  тойлорунда мен да элге тояна таркатайын” деп. Ал ырымың эсимде…

— Э, койчу! Калыңдын айынан чырактай бүлөлөрдүн турмушу ойрон түшүп, куда-кудагыйлар эсептешип атат. Калың – кыздардын бетине чиркөө болот. Ушул жагын ойло!

— Сенден башкалары ойлоп атабы?

— Башкалар көзүн ачып, мээсин иштетиши үчүн сен экөөбүз баштообуз керек. Айдай кыздарым – экөөбүздөн чыккан үрөн, тамыр-бутак. Калың алыш-коюшту экөөбүз чечебиз. Коё тур, деги Аман экөөнүн сүйлөшкөнүн өз көзүң менен көрдүңбү? Ушак-айың болуп жүрбөсүн.

Байбиче жооп узаткыча күтпөй, кепке Жамийла кыпчылды:

— Кышта, эжем каникулга келгенде, оо аспалт жолдон атына өңөрүп келген.

Эне чыканагы менен аны капталга түрттү да:

— Дарт, жөн отур. Сөз тыңшабай, китебиңди оку.

Жамиладан уккан кабарына ишенген Тажимурзанын көңүлү көтөрүлүп, кабагы ачылды.

— Анда дурус, жолу ачылган экен, — деди да кемпирине:- Ата-энебиздин тили менен экөөбүз бирибизди-бирибиз тааныбай баш кошконбуз. Сырыңды билбей, катуурак сүйлөсөм тыраңдап таарынып, төркүнүңө качып кетчүсүң. Баланча калың берсек, кошкон себи пулумдун жарымына да чак эмес деп ыраматылык чоң энем көрпө-төшөгүңдү эшикке ыргыткан.

Сөзгө муюгандай байбичеси үндөбөй калганда, Тажимурза кебин андан ары улантты:

— Макулдашып үйлөнгөнүбүздө энем анча чакчаңдабайт болчу. Мыскалды Амандай жигит жандаса, ичиңден кудуңдай бер да, ошол күнгө жеткирсин деп жатсаң да тиле, турсаң да суран.

— Ашкан акылдуу экен, досуң. Бекеринен биздин айылга келбептир. Ушу кезгече эч кимге шек алдырбай жүргөнүн карасаң. Ата-энесин, үй- жайын сүрүштүрөйүн деген го чамасы… А сен аны менен шилекей алышкан достойсуң…

— Кемпир, сен кызыксың! Окууну бүткөн соң, өкмөт жиберген жакка барып иштейт да. Билим алганга жумшалган мамлекеттик акчаны акташы керек.

— Отпуске убагында Прунзеге барып, Мыскалдын жанында жүрүп кайтыптыр.

— Сен айткандай эле болсун! Демек, бири-бирин кадырлай билет. Анда эмитен себиңди камда! Айылыбызда калыңсыз кыз узатышты өзүм баштаймын. Жаңыча той берем. Жанагы, аты кандай эле, Жами? – деп оюнда турган атты эстей албай, кенжесинен сурады.

— Комсомолдук той, ата… – Апасынан жазганган Жамийла боюн оолак тартты. Энеси дагы акырая карады.

— Эч кимден чыгым кетирбей, ошо тоюн да өзүм өткөрүм беремин.

— Ата, меникин дагыбы?

Байбиче ага тап берип:

— Ой эмне мынча быдылдайсың, тилиңди тартпай. Бала деген чоңдордун сөзүнө аралашпайт. Атасы экөө эрге тийгенди оюн көрүшөт. Ашыкпасаң, кезек эртең эле сага да жетет. Үй-бүлөң менен бала-чакаңдын түйшүгүн тартып, мурдуңдун суусу тизеге куюлуп турарсың бышактап…

— Ооба, сеникин да, кызым. – Энесинин жемесине мурчуя түшкөн Жамийланын көзүндө күлкү ойноду.

Чекеси нымшыган атасы сүйүнүчүн жашыра албады:

— Мыскалым азамат! Көрөгөчүм, кыраакым, жигит тандашты өтө жакшы билет тура!.. Кой, эмнеси болсо да, тилимдин кычуусун кандырып кайтайын! Аман досум менен сүйлөшмөйүн үйгө батар түрүм жок. Кайын ата, күйөө бала болгондо ызатташып аларбыз. Ага дейре достуктан айрылбайлы!..

Ал жанын өгөөлөп жүргөн кыжалат ойдон арылгансыды. Буюрса, Мыскалы тууралу мындан ары баш катырбасын болжоп, көңүлү жайланды. Кыялында кызы менен Амандын ынактыгынан кабардар болсо да, билмексендикке салып, шыбырт алдырбоону, демейдегидей катуу тамашалашпай, аз-аздан сый мамилеге өтүүнү чамалады. Кыздарынын тагдырына ой жүгүрткөндө бүгүнчөлүк кубанчу эмес. Амандай жигиттин кызына түгөй болуусун кандай гана күсөбөдү дейсиң? «Бири-бирин сүйүп, жактырышкан соң, сөзсүз ынтымактуу жашап, бактылуу болушат да», – аны соороткон ушул бүтүм.

Айсыз түн. Кыштак чакан болгондуктан жолго али жарык орнотула элек. Асфальт төшөө тууралу ойлоо да эрте. Чар тарабы адыр менен курчалганга, айыл дүйнөдөн бөлүнүп калгандай сыяктанат. Жолдон гүүлдөп өткөн машина да жок. Теребел тумчугуп калгандай жым-жырт. Эки катар курулган үйлөрдүн терезелеринен жолго үрүл-бүрүл жарык түшүп турат. Чамасы, дагы жамгыр жаайт  көрүнөт. Кара булуттар көчүп, асмандагы жылдыз да көрүнбөй, тунжураган караңгы. Түндүк тараптагы аска-зоокалардын оро-парасында жарк-журк эткен  чагылган түнөргөн асманды тең экиге бөлгөндөй жара тилди. Артынан киши баласы тунукенин үстүндө басып жүргөндөй чатыр-чутур үн чыкты да, күн узакка күңгүрөнгөндөй болду.

Тажимурза каалганы ачар менен Аманды көрдү. Ал олтургучка дагыра коюп, шашылбай көйнөгүн жууп жатыптыр. Колу чыканагына дейре ак көбүк. Кийимин сыгып, кир сууну сарыктырды. Жигит быякка өтүңүз дегендей башын орундукка ийкеди. Аксакал орун ала берип, досуна суроолуу кыязда жалт карады:

— Апей, бул эмнең? Энең жууп берет болчу, тартынбастан үйгө алпарбайт белең. — Аюу балбан байбичесин Аманга “эжең”, кээде “жеңең” деп айтчу. Күтүүсүздөн эле а кишинин аялын  “энең” деп таңуулай сүйлөгөнүнө  жигит, өзүн сырын алдыргандай сезди. Тажимурза: “Ургаачыга айланып бүтүпсүң, досум! Эми сага “күйөө” издебегей элем. А-ай, кийимиң гана эркектики экенин билгенимде… достошпой эле коймокмун” – демекчи болуп, тилин тартты. Аман күлүмсүрөп, тим болду.

— Биздикине бут баспай койдуң, эмнегедир. Курсагың кантип атат, досум!

— Элдүү бөрү ач калбайт! Коңшулар чакырат.

— Бу аралда күйөөрүң болбогондон кийин тайманбай үйгө барып, тамактанып тур деп канча айтам, эй бала!

— Сиздин да үй-бүлөңүз бар. Өзүн бага албаган жигит жоктур, азыр…

— Кыргыздын ичине үйүр-үйүр жылкы баткан. Бир сени бөпөлөбөй, артыкбаш көрсөк, жапайыга айланабыз…

— Капа болбоңуз, эми барам. Алдыда убакыт деген артым-артым белестей.

— Убадаңдан жанып кетпе, анда!

Бир бөлмөнүн дубалына ыктай коюлган төшөнчүлүү керебет турат. Анын маңдайында текчелерине толтура китеп коюлган шкаф. Шкафтын ортоңку текчесинде китептерге сүйөнгөн сүрөттү жакын барып, “ Мыскал болуп жүрбөсүн?” деп саксынып, аны тиктөөдөн айбыкты аксакал. Амандан кандай бийкечти чоттоп жүргөнүн, качан, кимге, кайсы жерлик селкинин колун кармаарын сурамак болуп, батына албады. Узактан экинчи кызынын караанын сүрөттөн  тааныды. Тили кычышып, жигит менен тамашага көңүлү чаап жатса да, оозуна сөз кирген жок…

***

Таң атты. Ичине атчан киши кирсе көрүнгүс камыш үлп эткен желге ыргалып, шуудурак шыбырты өрөөндүн жылга-жыбытын аралайт. Колотту экиге бөлгөн таштак жолдон адырдын капталына чейин орулган чөп чөмөлө болуп, ортодо ушул камыш калган. Камыш түбүнө болот миздүү чалгы шилтенген сайын тобу менен солго кулап жатты. Тажимурзанын кечээкиден калган жумушту бүгүн бүтүрмөккө шымаланган түрү бар. Чалгыны кере-кере шилтегенге ыракат алып, бүйүрү улам кызыды. Бүткүл ой-дити ишке берилгенге, атын тушап, арт жактан келген Аманды байкаган да жок. Күү-шау этип, боо-боо камыш жыгылат. Сол илгерилеген сайын денеси жибип, аксакал өзүн жеңил сезди.

Каңырыгы түтөгөн жигитти ой басты. Суук кабарды кантип угузардын амалын таппай, кыйлага бушайман тартты.

— Чарчадыңыз. Чалгыны мага берип, эс алыңыз, — деди ал бир кезде.

Аюу балбан ыракатын бөлүндү кылган тааныш үнгө нааразы болгонсуп, ыргылжың түрдө кейиштүү кылчайды. Купуя сырдын четин козгоп коюп, сөз аягын бүдөмүк бүтүргөн токой башчыга чалгыны узатты. Тер баскан жүзүн жука, ак көйнөгүнүн этеги менен аарчып:

— Эмне дейт?

— Узакбай деген тууганыңыз бар беле?

— Ооба, ооба…- Тажимурзанын чый-пыйы чыга түштү. – Колум бошобой, кабар ала албай жүрдүм эле. Прунзеге клиникеге алып кетишкенин уккам. Аман-эсен бекен?

— Ааламдан өтүптүр. Кайрат кылыңыз! Энем мына муну тез жеткир дегенинен сизге чаап келген жайым.- Аман алакандай кагазды сунду.

— Мен кат билбейм. Өзүң окучу?

Жигит эки бүктөлгөн катты жазып, үнүн чыгарып окуду: “Тажимурза! Бүгүн саат экиге Узакбайдын таажиясына кел!”

— Оо, жаны бейиште болгур э-эй! Шордоп калган турбайбы!..

Аксакал Амандын коштоп барайын дегенине көнбөй атына жетти. Көз жумган кишинин турагы токойду этектей конгон айылда болгону менен камыштуу колоттон итапкан алыс. Ал көнгөн адатындай үйүнө кайрылууну да унутту. Маркумга топурак салууну пенделик карызым деп түшүнөт. Ошондуктан адырма-адыр ашып, арадан кыйла убакыт өткөнүн элес албай, кыштактын чок ортосунда өкүрүк жаңырып жаткан үйдү көздөй чапты. Соорусуна колу талыгыча камчы уруп, бууданын күйүктүрө чаап келсе да, жаназага турганга үлгүргөн жок. Жарым сааттай мурда сөөктү көрүстөнгө жашырып келишкен экен. Көз жашы кылып, кайраттуулукка үндөгөндүгүн билдиргендей маркумдун бала-чакасын кучактап, өктөөсү басылгыча өкүрдү.

Эшик алдында кызмат кылган адамдын коштоосу менен бак аралай узата коюлган орундуктарда олтурган карыялардын катарынан орун алды. Алар Тажимурзаны көрөр замат аркы-берки сөздөрүн токтотушту. Башына чачтын өрүмүндөй селде чалынып, килемде чөк түшүп олтурган дамбылда ыраматылыктын арбагына багыштап куран окуду. Молдонун алдына жайылган тасмалда эки табакка үйүлгөн чучук, казы-карта, дүйүм боорсок, нан, жайнаган таттуу. Жоолугуна түйгөн тиешелерин белине курчанып алган белем, кара чапанынын бөйрөк ыптасы томпоёт. Алдына тартылган жиликтен көзү өтө бергенге, корукчу, палоодон ооз тийимиш болду да, устуканды молдо жакка жылдырды.

Төш чөнтөгүнөн саатынын чынжырлуу боосу салаңдаган, көздөрү чүңүрөйүңкү, суйдаң сакал абышка анын саламын жактырбагандай кабыл алды. Үтүрөйө көз жиберди да:

— Ии, эми келдиңби? – деди өктөмүрөк.

Тажимурзадан беш-алты жаш улуурак бу чалдын аты – Зулпукар. Жакындан бери той-тополоң, аш-өлүмдө эл бийлегенсип жүрөт. Кезегинде, согуштан кийин колхоздо актүп болуп иштеген. Тажимурзаны кыртышы сүйбөй, көрүшкөн жерде өйдөсүнүп мамиле кылат. Катарына жайланышкандан бери анын иреңи кумсарып, ачуусун зорго жутуп турганын Аюу балбан алдыртан баамдабай койгон жок. Манжаларын майлуу сүлгүгө аарчый:

— Кагаз жетееи менен быякка жөнөдүм, — деди ал тигиден кеп күтүп. Курсагы жалаңсып турса да, сөөк чыккан үйдөн даам сызууну туура эмес көрөт. Ээк каккан кишинин үй-бүлөсү зар какшап, боздоп турса, айрым билермандардын каада ашырып, табыт ээлеринин бар мүлкүн сапырышканын жактырбайт. Аза күткөнү кайсы да, азалуулардын сүйөнгөн устуну урап, күйүткө батып турса, жылкы, бодо мал союп, казан-казан эт-аш жегени, уурданып арак жутканы эмнеси?

Тажимурзанын ою боюнча табыт сыйлаган пенде баласы маркумдун өмүрү кыйылганына чындап кабыргасы кайышкан болсо, тамакты ойлобой, жакындарына көз көрсөтүп, көрүстөнгө топурак салып, кайра тартканы абзел.

— Кабар эң биринчи сага жөнөтүлгөн, түңкү үч жарымда. Сенин ушундай бат келериңди билип, Узакбай үзүлөрү менен сага чаптырганбыз, – деп Зулпукар какшык узатты.

Тажимурза чакыруу кагазын жанааракта алганын айтса да, кутулар эмес. Зулпукар аны актангандай түшүнүп, уккусу келбей, кол шилтеди. Ийине көнө бербеген Тажимурзаны ооз ачырбас кылып, мүңкүрөтүүнү самады. Анткени азыр анын сөөк узатууга катышпаганына шылтоолоп, кекетип-мокотуунун удулу айкүрүнөн конгондой сыяктанды.

— Билебиз, сени. Иш дегенде тырмышып, жантыгыңдан жата каласың. Өзүңдү оолак тартып, башкаларга жол бошотууну жактырбайсың. Жашың сексенге чукулдагандан кийин, уул-кыздарыңдын баары жай-жайын таап алгандан кийин… Бергин да, өзүңдөн бөлөктөргө. Сага эмне жетпейт? Балдарыңдын тапканына канаат кылып, олтур, үйүңдө!

— Бала-чакага жүгүмдү арткым келбейт. Алардын да өздөрүнө жараша тартар арабасы бар. Чыккан кыз чийден тышкары го!

— Э ошого окшогондорду…Эмне үмүт менен бактың аларды? Пайдасы тийбесе, табагыңа аш салып бербесе, бутунан кармап, жерге чап! Билегиңден каруу кетип, ээгиңден тиш түшкөндө, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болбогон балдардын атасынын көрү… Мына, алыс  жакка тийген кызымды беш баласы менен ажыратып алдым. Үч жылда каттаса, бир жолу каттайт эле, болбосо жок. Азыр тамекиде иштеп, аптасына алаканыма жүз сомдон салып турат.

Зулпукардын кебинен улам молдого жан киргенсиди. Ал баш ийкеп:

— Ырас кылгансыз, ошону! Ата-теги билбеген жакта эмне бар?

Балдарыңардын бактысын байлап, бутуна чидер байлаган силер турбайсыңарбы, эл-жерди бөлгөндөр? Кызбы, уулбу, кайсы жакта, ким менен жашаса да, кызыл бут болбой,  уучу узарып, көшөгөсү көгөргөнү жакшы го! Ой, тобо, балдарын бактым, эми ошо мээнетимди кайтаргыла деп милдет кылгандар да болот экен ээ?.. О шумдугуң ку-ур! Ой силер менин ишиме, турмушума эмне киришесиңер дейм да? – Тажимурза тиги экөөнө ушинтип айтууга ниеттенип, кайра кепти ырбатпоо үчүн тилин тыйды.

— Ташта эми ал ишиңди…Карып калдың, тапшыр бирөөсүнө. Өкмөттүн жумушу сенсиз деле бүтөт. Мына мен, пенсиядан кийин иштебей койдум эле, токтоп калган жери жок. Таң атып, күн деле батып атат, жыл деле өтүп атат. Же натуурабы, молдоке!

— Ии туура, ашепке жок… Убагында Зулпукар сенден өйдө  кызматта турган. Бүркүрөр болуп. Согуш маалында элди сураган.

Тажимурза тиги экөөнө теңелүүнү каалабады. Зулпукарды мен билбегенсип, мурда аны тааныбагансып, дамбылдасы да арыгын чабат. Зулпукарды колдогонунда сыр бар. Согуш чыкты дегенде ал бурон дейби, иши кылып кайдандыр тапкан кагаздын арты менен казатка барган эмес. Бир күнү эле прокурор болуп чыга келет. Мунун ошондо көпкөнүн айтпа, өрдөк жокто, чулдук бий болуп, бир дуулдап алды бейм. Ал акмакчылыгын жан адам билбейт деп жүрсө керек деп ойлоду Аюу балбан. Каяша айтуудан майнап чыкпасын боолгоп, тим болду. Анын бир адаты – жан кашайткан адамга ичинде ызырынганы менен ошонусун тышка чыгарчу эмес. Кебете-кешпиринен да баамдатпай, күлүп-жайнап тура берчү. Тынчтыкты тилеп, согушта жүргөнүн эгерим тилге ала элек. Ичине кир сактабай:

— Ыракмат, кат таанып калган экенсиз, пронттун бетин көргөн жоксуз.

Зулпукарга бул сөз табалагандай катуу тийди. Ачуусун бир саамга жутуп, не сүйлөрүн таппай туталанды. Жанындагылар кунт коюп, экөөнү тыңшап турган. Ошого шердендиби:

— Адам э-эй, мобуну кара! Пуронтко барбадың деп күнөөлөп атасың го! – Зулпукар эмнегедир өз көкүрөгүн бир урду да: — Ооба, сени аскерден алып калбаганым чын. Бирок бурон жасап берип, канчаларды калкозго кайтардым, поюзга салган жеринен. Сенин ырысың тоодой экен, пронтон аман-эсен кайтып, эл-жердин суусун ичип олтурасың. Көпчүлүккө менчилеп илгертен көлөкөсү тийгендер дагы эле эл кызматы менен убара. А сендей жамандык-жакшылык менен иши жоктор кайберендей качып-тозуп, ээн токойду  мекендеп жүрөт. Мени менен кажаңдашкыча, ишиңди таштап, айыл-апага көчүп кел. Эртеби-кечпи, ар пенденин башында акыреттик бар, өлүм – ак. Жумуш, жумуш дегениң менен ошол иш акыры бир күнү түгөтөрүн ойлоп кой. Сен да бирөөгө барсаң, келет. Дасторкон жайсаң, тасмал жаят. Нан койсоң – нан, аш койсоң – аш аласың. Эсептүү дүнүйө. Болбосо, өлгөнүңдө сөөгүңдү ким жашырат? – деген ал, максатына жеткендей компойду.

Колундагы бийлигин даңаза кылгысы келип, корукчуну утуру демиткенинде мандем бар эле. Жашы жеткенде ардактуу делген эс алууга чыгып, жаштар менен тең тайлаша иштеп жаткандарга ичи күйө тургандыгын Тажимурза мындан мурунку сүйлөшкөнүндө эле баамдаган. Күйөө баласы ушул колхозго башкармалыкка дайындалгандан бери Зулпукардын дымагы ого бетер күчөй баштаганын кыштактагылар кеп кылышканда ишенген эмес. Тажимурза шамалдын эпкини тиймейин чөптүн башы кыймылдабасына, сөз тегин жерден чыкпасына эми ынанды.

Өмүрү бирөөдөн жеме укпаган оор-басырыктуу адамга, албетте, ортодо жүргөн кылапат сөз оор тийди. А түгүл ысытма да чыгарды. Басса-турса эски буркурордун кеби эсине түшүп, денесине тепчилди. Аман менен макулдашкыча акыркы бүтүмүнүн соңун ойлогон да жок. Маанайы чөктү. Жамийласына жаздырган жумуштан бошотуу жөнүндөгү арызын жигитке суна берип:

— Пенсияга чыккандан бери кыйла иштеп койдум окшойт. Эп келсе, каалагандарда орун бошотоюн. Ушуга кол коюп бер, уулум! – Аман кагазга көз жүгүрттү. Кайра Аюу балбандын жүзүнө тигилди. Тажимурзадан мындай чечимди күткөн эмес эле. Бир эсе таң калды:

— Биз сизге ишенип жүрөбүз, Аюу балбан! Капыстан айныганыңызга жол болсун! – Ал арызды аксакал жакка жылдырды. – Буга мен кол коё албайм. Бошоткум да келбейт. Ары деректирдин тапшырмасы да бар. Токой чарбанын куту менен байлыгы Тажимурза аксакалдын колунда. Ал кетсе, токойдун дөөлөтү, олжосу кошо учат деген. Себеп-жайын түшүндүрсөңүз адегенде.

Тажимурза үшкүрүнүп алды. Анчалык көңүлдөнбөй, досуна өткөн окуяны ийне-жибине дейре айтып берди.

— Колунда барды көрө албаган, болбосо бере албаган ичи тар ошентип, оозуна келгенин оттой берет, досум! Кара мүртөздөрдөн сиз бийик турасыз. Сиз деген ушул токойдун чырпыгын сайып, чынар кылган, колуңуз менен коюн-колтугуңуздан  береке төгүлгөн адамсыз… Элүү жылдан бери былк этпей иштеп келатсаңыз… Биз сизди жөн бошото койбойбуз. Билесизби, деректир менен парторг сиз тууралу мага кандай буйрук бергенин?

Карыя аны билгиче шашты:

— Ал эмне деген тапшырма экен?

— Өмүр баянын такта. Сыйлыкка көрсөтөбүз, – дешти.

Амандын кабары Тажимурзанын көздөрүн жоодуратты. Ал колуна калем алып:

-Кана Аюу балбан, туура аты-жөнүңүздү, кайсы жерде, качан төрөлгөнүңүздү билели! Жашыңыз эчеде? Мурда кандай наам, сыйлар тийген?

— Андай экен, мен дегеле бош олтургум келбейт. Аяк серперге күчүм калбаганча иштей берем. Көнгөн жерим, көнгөн ишим. Мейли, кара басып, көз жумсам, Зулпукар бата кылганы келбесе, сарткай сары… Топурак салбай эле койсун! Жаз анда, мен – Тажимурза Өмүрүузакып… Сен койгон атты да кошосуңбу?

— Жок, аныңыз жарабайт, Аюу балбан! Бул деген дакумент да. Ии, жашыңыз…

— Жетимиш тогуздамын. Ноокен айылында Ысман чоң атам жүздөн ашканда төрөлгөн экенмин.

— Жөн айтчы, Аюу балбан, башты адаштырбай! Өзүңкүн тактай албай атканда, чоң атаңын кылымдан узак жашка чыкканын кайдан билем?

— Эсепте да!

— Ай, бир жылды даана эстесең, санаймбы? Туура жылды айт!

— Быйылкы жылдан сексенди кемите койсоң, чыгат да, качан төрөлгөнүм. Мадыра баш десе, ушуну билбей, окууну пул менен бүткөн окшойсуң.

— Ооба, ооба, туура эсеп…

—  Сыйлыктан сурасаң, согушта алган бир орден, эки-үч медалым бар. Беш-алты туткунду кармап, Берлинге чейин жеткенимди да кошосуңбу?

Буга Аман үндөбөй, кагазды толтуруп жатты. Уккан сүйүнүчтүү жаңылыктан уламбы, башкы токойчуну алкаар сөз таба албай, ортодогу үстөлдөн артыла түшүп, кайра-кайра аны бетинен сүйдү. Туш-тарабынан ороп, жарым саат мурда жүрөгүн сайгылаган Зулпукардын кекээрин жаш досунун кабары эсинен түгөл чыгартып жиберди…