АБДЫРАИМОВ Ырысбай: ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ: «ШУРУ»

Аңгеме

Бактыкан кыйладан бери төшөктөн бүгүн турду. Эки кабат, жым-жырт  үйүндө  өзү жалгыз. Коңшу инисинин  булбулдай сайрап, кыт-кыт күлө, кубалашып ойноп, үйүн үч көтөрчү балдарынын карааны да короодон көрүнбөйт. Бети-башын кат-кат бырыш уялаган апасы да жанында жок. Жүзүнөн мээрим менен нур төгүлгөн энеси бу туңгуч кызын периштедей туят. Ар күнү ысык төшөгүнөн жылдырбай, кызыл чайын сунуп, көзүн тиктеп, эбиреп-жобурап, маңдайында олтурчу. “Бакытымдын жанынан жылбайм” дегенине көнбөй, а кишини сиңдиси кечээ, тойго ээрчитип кеткен. Азыр Бактыкандын бар экенине кызыккан, андан кабар алчу адам жоктой. “Көрсө, башкалар керегиң тийгенде, колуңда кызмат, байлыгың болсо эстеп, ошондо мамиле күтүшөт тура” деп ойлоду ал.

 

Айттырар замат таңга жуук жетип келген Мыктыбек сүйкүмдүү көрүндү. Ал Бактыкандын ысытмасын түшүргөнү утуру ийне сайып,  ордунан козголбой, ойлонбой жатууну буйруду. Тааныш доктурду чакыртканы эм болду.  Жүрөк-өпкөсүн тыңшаганы тетигин койнуна салганда жигиттин колун бекем кармады. Жоодурай тиктеп, аны жактырарын туюнтту. Мыктыбектин илептүү колун жүрөк тушунан чыгаргысы келбей, ага ичи элжирейт. Дарынын күчүбү, аялдын чыйрыкканы басылып,  өзүн жакшы сезди. “Ушу жигит мендик болсочу” деп кыялданды. Ал жигитти өзүнө имере тарта жыттап алды.

Мыктыбек аялдын бал-бал жанган көз карашынан көзүн ала качты. Ал азыр качып ийчүдөй туюлгандыктан Бактыкан дитиндегисин айткыча шашты.

— Менин байым болсоң, ээ? – Ордунан турду да, үй ичине кол жаңсап, жигит анын кебин угабы-жокпу, аны менен иши жок, бир эсе тамашага чаптыра, күбүрөдү; — Карасаң, айланамда каалагандын баары турат. Үстүмдө үй, төшөгүм – кең. Бирок жалгыздык жанды өгөөлөйт. Жашоом супсак. Бүлөсүз жашоо – азап тура! Билсең, бул жер — сеники, бирок, ордуң – бош. Бир гана сен жетишпейсиң. Экөөбүз бирге жашаганда ээ, Мыкын? – Жигиттин өзүнөн  жаш экени эстен чыкты. Аял  ага сырдаш баладай ой жоруганын таңазарына албады.

Бактыкандын чын ыкластуу кебине Мыктыбек эки анжы. “Жөөлүдү” дейин десе, аялдын ысытмасы бая түшкөн. Ишенбейин десе, сөзү өзүнө тийиштүү. Ал орто бой, кара көз, сулуу аялды иш убагында ооруса, үч кабаттуу ишканасына барып, тейлечү. Бактыкан ошондо да кызматына ыраазы болгондой Мыктыбекти жанынан жылдыргысы келбей, иш бөлмөсүнөн жалооруй узаткан. Эми алда неден үмүттүү тиктегени кызык. “Эмнени каалайт?” Жигит сырдуу мамилеге көңүл бурбады. Кыйла тунжуроодон соң;

— Ка-ап, мен бойдок кезде кайда элең дегендей… Азыр аты Арстан, Жолборс уулдарым бар, аялым алаканына салат, — деп азилдеше, кайра күлүмсүрөдү.

— Акылыңдан!.. Үй-бүлөңдөн айланайын! Колуктуң экөөңдүн бактың айрылбас! — Бактыкан эбедейи эзилип,  эркелете жигиттин башынан сылады. —  Баары сендей, аялына байланган эркек болсо кана? Карабек сенче болбоду.

— Аныңыз ким?

— Карабек – сырты эркек сөрөй, турпаты аял. Ал экөөбүз  чымын чакпай, жылкы теппей кол үздүк. Арадан канча жыл сыдырым желдей учту. Ошондон быяк бак айтпай, мен эрсиз. –  Бактыкан оор үшкүрүп, кебин улады: — Балким, менде да айып бар… Ачуум чукул, жагалданбайм, жалынбайм. Бирок нечен жолу калчап көрсөм, кайсы жеримден жаздым, катам эмне, таба албадым.. Сүйгөн адамыма тийише бергим келет. Бура сүйлөгөнүм болбосо, ал шекшигендей ала жипти аттоо оюмда жок. Ажырашкыдай бирөөнүн алдында жатсам, бир жөн. Ошентип, тагдыр талкаланды. Муну сени жактырганымдан улам түшүнөт деп айттым, Мыкын. Он гүлүмдүн бири ачыла электе туш келгениңде, ким эмне десе, ошо десин, сага өзүм тийип алмакмын!

— Турмушумду бузуппу?

— Жо-ок, садага! – Бактыкан баш чайкай: — Эч кимдин ордосу урабасын! Дээримде сени жашы менден улуу, башы бош ойлоп атам… Мүнөзүм ушундай, жакканын ачык айтып, ак сүйлөйм. Мансаптуу, бай эркек көрсө, эртеңкисин ойлобой, аксынганы менен   алаасын ачкан ургаачы, же короз түбүнө чөк түшкөн тоок эмесмин, секет! — Ал жылмайды.

Күлгөндө ай чырайы ого бетер ажарына чыкты. Көздөрү күндөй күлүңдөп, бетине нур жайнады. Анын жаш курагына тең келбес сулуу ажары, жагымдуу күлкүсү жигитти  арбады. Аялдын көйнөгүнүн кыска этегинен аппак, тунук  сан булаят. Жигит аны көрмөксөнгө салды. Өзүн тартып, ал көрүнүшкө биртке ачууланды. “Кыздай кылыксынып, соорусун салат! Азгырмак болуп атат окшойт.”

Мыктыбек сыртын салгандыктан Бактыкан андан үмүт үздү.

— Сезип турам, берекем, жактырбайсың! – Ал  тартынбай, ак сүйлөдү. — Мен күсөгөндөй болбос!.. Сүйүү жаш тандабайт. Бирок экөөбүздө Раймалы менен Бегимайдай сүйүшөр эрк, кайрат, мүнөз жок. Азыр сенин тоо уратаар, кырчылдаган курагың. Миң кааласам да, мага үйлөнбөйсүң! Бирок  уулунан кичүү  жигиттер менен жүргөн аялдар бар…Анан эмне кылат? Эрсиз калып, кайдагы ханзу, же башкалар менен жүрүп, бөтөн уруктан төрөгөндөн көрө, өз жигиттерибизге  баш кошуп , өз тукумубузду көбөйтөлү!..Ээ кайран жаштык, мастык, көздөн кайкып учту го…– Бактыкан айласы куругандай кыялга чөмүлдү.- А балким, балалуу болорбуз. Сенден төрөгөн уулумду чоңойтуп, жетелеп жүрсөм, ээ?- Тамашага чаптырды, Бактыкан.

— Койсоңуз! Биздин элде андай жоро жок. Ошондо көчөдө кантип баш көтөрүп жүрөм? Мен кызматыңызды ыйбаа кылам. Жерибизди каптаган ханзуларга сатылбай, баары өз тукумубузду асыраса кана? Келечек эмес, күнүмдүк жашоонун кулуна айландык!

— Сен көнбөсөң, мен жабышпайм. – Бактыкан  тырчыды. — Турмушта түркүн окуя болот. Жаш тулпар ысыгы суубаган картаң бээни качырат. Кудайга шүгүр, төрөткө жарайм. Ак никелүү моокум кандырган суу тийсе, жемишти мол байлаар көчөт өндүрөм! — Ал Мыктыбекке кыйытты. — Токсонбай, Сексенбай аттуунун баары өз атасынын канынан чыкпаган. Гүлгүн чакта менин да бүлөм болгон. Кийин тапкан эримди балдары келип алып кетти. Кызмат дейсиң… Ошо кызматтын айынан бактым тайыды. Ээ, кызматы да кызматтай, өкмөт, же президент, болбосо,түшпөс хандай депутаттык болсочу?

Жигит  жанатан камдаган сөздүн удулу келгендигин баамдады:

— Сырыңыз түгүл, сыны бузулбаган кызга бергис жубансыз. Азыр иши жок бойдок эркек сайдын ташындай. Базарыңыз кызуу. Бактыңызды колдон учурбай, бой жүргөн кишини кармаңыз! Көзгө жакынсыз. Көздүү шуру, тешик мончок жерде калбас. Моюнга тагылган шуруга кимдин  болсо да көзү түшөт. Анын сыңары сиз алаканда жүрөр жансыз .

— Ай балакет ай-йе! — Бактыкандын ичи  Мыктыбектин кебине жылыды. Оюнда өзү менен өзү кобурашты. “Эмнем эл башы? О мансабың менен кургур! Бийликке жетем деп, ата-энем бакты-таалай каалап, аруу тилек менен ат койгон бактымдан айрылдым. Канчасы сөз салды, көнбөдүм. Апам акыл курду, укпадым. Аким, гүбүрнатыр, министрликти дегдедим. Ошого жеттимби? Университетти бүтөрдө үйлөнөлү деп артымдан чуркаган Камчыбекти жалооруттум. Ага жан тартып, акыл айткан курсташтарымды жакын жолотподум. Жок дегенде бүрдөп, гүлдөп, тиккен адамга мөмө берген көчөтчө болбодум. Сулуулуктан тапкан бактым ушул. Темир кызуусунда согулбады… Аялсынып эр күтпөй, энесинип бала эмизип, эркелетпей,  коколой баш калып, ээн үйдө жалгыз жатканым да кызмат куугандын кайыры…

Жарыбаган майда кызматка байланып, тапканым ушу макоолук! Энелик таалайды чанып, эркектер менен эрес так талаштым. Эми ойлосом, зайып бактысы – баш ачкан байың менен түбөлүк коюн-колтук жашап, этегиңден жалгап, бала алдейлөө, жар-эне болуу, элиңди дүйнөгө таанытар уул-кызды тарбиялоо…А тиги президент, өкмөт, министр  аялдардын багын, жараткан эгем алар жаралганда ачып коёт окшойт!.

— Кейибеңиз. Эркектен миң эсе акылдуу, адал иштеп, абийири таза, мөмөлүү дарактай бүрдөгөн мансаптуу эжелер толтура! Батыштагыдай аялдан падыша тандаган заман келер. Мага саясаттын кылча кереги жок. Тынч турмушка бүлүк салып, эл-жерди бөлүп, кызмат куугандан башканы ойлобой, эл чогултканды сапырган сай-сат байкелер жакпайт. – Мыктыбек тажагандай кол шилтеди.

Кайырлашып жолго түштү. Бактыкан умсуна, карааны көрүнбөй калгыча аны терезеден көз карашы менен узатты.

Ой-санаа зымырык куштай туш келди чабыттайт. Өткөн өмүрү  сыдыргыга салгандай чубурду. Мектепти бүтөөрдө мыкты окуучулардын кечесине барган. Анда буудай ыраң шаар акиминин торуна илине жаздады. Ак бантик, ак көйнөк, бүтүрүүчүнүн кызыл тасмасын мүрүнө илген Бактыкан классташтары менен бийлеп жүргөн. Бир кезде шаар башчы дегени  коштоочусу менен кыздардын жанына келди да, аны бийге чакырды. Кыз мэрдин шагын сындырбай, колун кармаганда, орто бойлуу аким белинен имерип, эки-үч кур чимирилтти. Тегеретип барып, четке алып чыкты. Музыка басаңдаганда, “бүгүн мени менен жүр! Колуңа акча толот. Машина, үй сатып берем. Мэрияда иштеп,  андан ары чоңоёсуң”, — деп кулагына шыбырады. Кыздын тула бою дүркүрөдү. Ал колун бошотмокчу болуп, булкунду. Билегинен аттиштей кыса кармаган аким аны өзүнө тартты. “Каалаган окууңа өткөрөм. Мени менен бол!” деп жалбарды. Анан кыздын сумкасына бирдеме салгандай болду. Колу  бошогон кыз аны көкүрөктөн ары түрттү. Оозунан арак буркураган аким чалкалай жыгыла жаздап, оңолду. Кошоматчылары жетип келип, эки колтугунан сүйөштү. Жолдо келатып, сумкасын ачса, ак мончок жүрөт, аны ыргытып ийди.

Ошентип бойго жеткен жалжал көз кызга кимдер гана ашыктыгын айтпады. Билимдүү, бир сырдуу, аялдын кадырына жеткен жигитке жар болууну самачу. Ошо тейде сөз салган балдардын бирин да жанына теңеген жок. Борбордогу окууда сырдашып жүрүп, Карабек экөө баш кошту. Бирок ал үйлөнгөндөн жыл өтпөй, илимий иш жактамак болду. Бактыкан өзү туулуп-өскөн районго акимге орун басары болуп келди. Жыл маалында көз жарды. Уулун кайын энеси карап, өзү кызматта жүрдү.

Бюрократиялык жумуш колун көп байлады. Бүткөн иши жок, аким тынымсыз жыйын курат. Болор-болбос суроо үчүн Бактыканды бөлмөсүнө  утуру чакырат. Бир эсе эмнегедир кайсы бир аялдын жерге-жээги, бир партиянын, жоон сандын үзүрү менен чоң кызматка илээшкенин кыйыткан. Бактыкан “кыз-келиндин баары андай эмес. Бийликти жаманатты кылгандар сендейлер!” деп ичинен тилдеген. Аким эл орунга отургуча аны жалгыз алып калып, бирдемелерди тактамыш эткени канча болду. Жумуш кеч бүткөн күндөрдүн биринде аны төр жактагы бөлмөсүнө жетеледи.

— Чарчадык, эс алалы.

Бактыкан белине оролгон акимдин колун ары түрттү. Көздөн далдаканада баары даяр; чучук, казы карталуу дүйүм тамак, ичимдик, куш уйку салаар орундук, жуунуучу бөлмө. Ал акимдин кандай максатта жетелегенин туйду.

— Байкасам, ханыша болор сүрүң да, түрүң да бар, — деди райбашчы. — Жакында эки аким кызматтан алынат. Ал орунга сени табыштайм. Өкмөт өз бала, сөзүмдү угат. — Ал эки чөйчөккө коньяк куюп, анын бирин Бактыканга сунду, бир колунда жылыткы. — Кел эми, сенин аким болушуң үчүн!.. Кана, тартып жибер!

Бактыкан аким сунган чөйчөк ордуна чай куюлган пиаланы кармады:

— Көңүл көтөргөнүңүзгө ракмат! Уруксат бериңиз. Үйгө кайтайын, балам жаш.

— Барасың да, үйүң качпас. – Аким өктөм сүйлөдү. — Аялым шаарга кеткен бойдон кайта элек. Кызматтын көркүн ачып коюш керек, кээде. Сен эми турмуш көргөн жансың. Чоңдордун оюн тапсаң, өсөсүң!

— Аны ким билди.

— Алардан ашасың,  сулуу келбет, тажрыйбаң, билим жетиштүү. Мобу мончок ажарыңды ого бетер ачат. — Аким ак манжарлуу шуруну Бактыкандын мойнуна салмакчы болду. — Жарым жылда алмашып аткан тиги вице-премьерден да өтөсүң, сен! А мен кызматта жүрүп, чачым агарды. Бу жерде экөөбүздү эч ким укпайт…Күйүп-жанып атам…Келчи, жаныма дабаа болчу!…  – Аким кучактоого умтулду.

Мончокту башынан алып салган орун басар ордунан тура калды:

— Кечиресиз, карышкыр өз короосуна кол салбас. Адепсиздик биздин иш эмес. Аңгилик аңга түшүрөт. Кашаба жабышмак болгондо, бээнин тепкисинен өлгөнүн уккансыз, — деди ал “тийишсең, бирдемени көрөсүң!” дегенди туюнтуп.

— Ал жагын кой, балапан эмесмин. — Аким сүрдүү унчукту.- Азыр компартиянын заманы жок, жүрүм-турум териштирер. Кимди ким көрдү? Кызмат деген жердештик, тамыр-тааныш, акча менен өсүп калган.

Бактыкан акимдин жүйүртү тууралуу мурда уккан ушагынын чын экенине ишенди. Өзүнө чейин орунбасар болгон кыздын аким менен шынаарлаш болуп,  кабинетинде өбүшүп жатканда аялы бул экөөнүн  үстүнөн чыкканын,  кызматтан бошогон ал кыз төрөгөнүн кол алдындагылардан уккан.

Аким кайра асылды:

— Жолобо! Башыңды жара чабам! — деген орунбасарды угаар түрү жок.

Бактыкан колундагы сумка менен аны башка чапты.

— Айбан!.. Сени менен жатаар адам жок. Мамлекеттин куттуу ишканасы гарем эмес. Ыйык төрдү булгабай, сыйың  менен жүр! – деди да, албууттана  бөлмөдөн узады.

Аким жоошуй түшүр, жоругун жайгара сүйлөгөн болду:

— Тастаңдаганын…Кантээр экен деп тамашалап койсо… Кой эми, социалдык отчетту бүтүрүп, анан кет!

Үйүнө жетип, борбордон Карабектин келгенин билди. Көптөн бери жүз  көрүшпөгөн күйөө короого кирип келген зайыбынын саламын кабыл алган жок. Туугандарынын арасында уулун эркелетүү менен убара. Алардын  ичинде Бактыкандын инилери да жүрөт. Кийинки кезде Карабек зайыбы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, айылга кем каттоочу. Аялынын акимчиликте иштээрин сүйчү эмес.

— Көрдүңөрбү, үйгө түн жарымда келгенин. Өкмөт ишин жалгыз ушу бүтүрөт, — деди ал какшыктап. — Же баланы карабаса. Үйдөн таң саар кеткен бойдон “уулум эмне болду, кайын энем кантти?” деп ойлобосо, же бир жолу кабар албаса…Болду, муну менен жашабайм, — деди ал алда нени колко  кылгандай.

Сөзгө энеси аралашты:

— Жаман жоро баштап, ысык үйдү суутпа! Бактыкан бир короо бала төрөсө да, чук этпей, багып-чоңойтом. Ал кызматта жүрөт, эл башылык оңой эмес.

— Апа, сизге ысык чай деле бербесе керек! Эл башы имиш…Жети түндө ким менен ээрчишип жүргөнүн айтпайт. А балким, чоңдор менен …

Өз туугандары эчтекеге түшүнбөгөндөй Бактыканга алмак-салмак тиктеди.

Улуу иниси ага суроо узатты:

— Сага чаң жукпас жездем эмнени чаргытып атат? Ишин тапшырып эле койчу, эже!

— Жездеңдин көнүмүш түшү… Шек-шыбаачыл адам айыбыңды колу менен кармап  алып далилдейт. Жумуш кеч бүтсө, эрте келбейм да. Менде актанаар айып жок, — деди Бактыкан. – Ичи бузук киши, башканы өзүндөй ойлойт. Мүнөзүмдү жакшы билесиң! ..Карабек, мага тиешелүү сөздү эл кеткенде сүйлөшөлү, ээ!?

— Куйтуңдаган куу түлкү!.. Сен эле болсоң, жүрөнөөктүгүңдү карматаарсың.

Эне Карабекти  зекиди:

— Уят! Окумал адам сендей болбос…Сен талаалап жүрсөң, бу чийимден чыкпай бизди багып атат.

Карабек ого бетер туталанды:

— Бакканын колко кылбасын!.. Сени менен жашабайм, талагыңды берем. Апамдын оорун колдон алып,  караан болот дегем… Жок, бүттү, — деди терс бурулуп. — Ишенбейм, буга! – Кайнилерине: — Өтүгүн төргө илген эжеңердин алтын башы аман соо, мына, чекесине черткен жокмун. Иш мезгил кечки саат беште бүтсө, кийин кайда жүрдү?..Эркексиңер, ойлоп көргүлө. Түн жарымга дейре үйдө болбогон зайып эрине чөп салат. Болду, эми колу-жолу бош, аким болобу, башка болобу, жүрө берсин талаалап. Силер келгиче, жүк-себин ташыганга машина камдагам. Үйүңөргө алып кеткиле! Үч талак койдум. Бала апамда калат. Сага жооп, уктуңбу? – деди ал көзүнөн заар чачырата.

Мындай болорун болжобогон Бактыкан уккан кулагына ишенбеди. “Жалаң кара өзгөй эркектерге туш келгенимди кара!”

Жадесе уулун да ага жакындаткан жок. Карабек баласын чырылдатып ыйлаткан бойдон ичкериге алып кирип кетти.

— Карабек, жок дегенде айыбымды айт! Жазыксыз ажырашабыз деп баш коштук беле? — Бактыкан ызага муунду.

Жүйөөнү түшүндүргөн жан болбоду. Мурда ага ылым санап, Карабектин оозун жап кылчу кайнагасы көрүнбөдү.

Сураштырып, эринин Бишкектен үй-бүлө күткөнүн укту. Кыйла убактан кийин ал жүгүн жүктөп, өз туулган айлына кайтууга аргасыз болду. Жумуштан болсо акимдин аны кызматтан бошотуу тууралуу өкмөткө сунуш жөнөткөнүн укту. “Бөлөк кызмат бер!” деп сурангысы келбеди. “Кызматыңды башыңа тарт” деди да, бири-бирин укпаган, же жарытылуу иш бүтпөгөн башаламан доорго таарынып, үйүндө жатып алды.

Өткөн окуяларды эстеп, ал башындагы жоолугун жула тартты. Далысына жайылган кара жылтыр чачынын арасынан ак саамай серпиле түштү. Ыйламсырап сүйлөндү:

— Же баладан жок, же бала тапкан эрден жок. Куу баш атанып… Артымдан калбай, таманымды өпкүдөй болуп, ээрчиген жигиттер кана? – деп сурады өзүнөн өзү. “Алардын баары азыр ордолуу. Менчилеп ырыскыйды эмес. Мыкынымдын акылы ырас. Коколой баш калгыча, жаш же картаң деп тандап олтурбай, бойдок эркектин биринин колун кармайын! Көздүү шурунун кадырын билер эркек толуп атаар”.

Бактыкандын оюу ушуга токтоду.