АБДЫРАМАНОВ Шабданбай: ШАБДАНБАЙ АБДЫРАМАНОВ: БУРКАН

АҢГЕМЕ

Буркандын шак этип бирөөгө катуу сүйлөгөнүн көргөн адам болбойт — кышын-жайын болсун, жамандык, жакшылыкта болсун бир калыпта. Иште жүрсө да, тышта жүрсө да калыңыраак кабагын саал түйүп, өз иши менен алек болуп жүргөнү жүргөн.
«— Эй, Буркан!— деп өз атын тик атаганда да, «Эй, Карамомун»,— деп буруп атаганда да, эки ууртун эки кулагына жеткире шашпай жоош жылмаюу менен иштеп жатса ишин уланта берет да, кетип баратса жолун улантат. Көрүнүшү дайыма токтоо. Анын мурда барбагай майланышкан кара жүзүнөн каны сыртына тээп, сүйүнүп кеткенин да, каны ичине тартып ачуусу келип калганын да ажыратуу кыйын.
Туурасы өскөн жапалдаш боюна шай келишкен кыска мойну аны төбөсүнөн ныгыра төмөн басып койгон оюнчук ылай баланын кейпине келтирип турат.
Буркак башталгыч мектепти ара-араң бүтүп эле андан ары окубай калган. Буга биринчи айыптуу өзү. Ал мектепте абдан начар окуду. Мугалимдин айткандарын оңой менен түшүнө койчу эмес, кийин түшүнчү. Ал түшүнгүчө балдар жаңыга өтүп кетер эле. Ошон үчүн көбүрөөк тил уга турган. Ал эми түшүнбөй калгандарын да жеме укпайын деп түк сурабайт эле. Ушул себептенби балдар менен коюн-колтук алышып ойноп жүргөн учурлары көп болчу эмес. Балдардан кээде токмок жей турган, бирок эч качан кол көтөрчү эмес. Андан көрө тийип-тие электе көзүнөн жаш шорголотуп ыйлап жиберип кутулуучу. Ал өзүнүн жоош мүнөзүн биротоло ошентип түнттүккө тарта берип, анысы бара-бара бүткүл шерик мүнөзгө айланды.
Буркандын түнт мүнөзү үй-бүлөлүк турмушуна да таасир этпей койгон жок, өз курбалынан кыйла кечигип — жашы жыйырма алты-жыйырма жетилерге барганда зорго үйлөндү.
Аялы Кадича бой сымбаты жагынан да, мүнөз-жоругу жагынан да Бурканга бүтүндөй карама-каршы көрүнүштөгү адам болуп чыкты: арык келип, шыргыйдай узун: сүйрү жаак, ак жуумал, жүзү бир караганга сулуу да көрүнөт. Таңдайынан чаң чыгып тилдүү. Каткырыкты калың салып, жүргөн-турган жеринин баары кыйкырык сүрөөн… Билсе-билбесе да тайманбай сүйлөйт.
Эрди катын минтип эки башка мүнөздө болушканы менен экөөнүн жылдызы шай келишип, удаа-удаа төрт балалуу болуп калышты.
— Ой, сен сагызгандай шакылыктап араң турасың, а эриң болсо бир күндө бир сөз сүйлөсө сүйлөйт, сүйлөбөсө жок, кантин ичиң жарылып кетпей күн кечирип жүрөсүң?— деп калышат тамекиде иштеп жүргөндө катындар.
— Эр дегендин уюткан коргошундай салмакту болгонуна не жетсин,— деп Кадича шакылыктап сүйлөп, эринин түнттүгүн артыкчылыкка жоруп, эч кимге сөз бербейт,— кармаса каруусу, басса салмагы болбогон эркек эркекпи?
— Алда кокуй ай,— дейт кээ бир катындар чычалап күйүп кетип,— ошол эр ушул сенин Карамомунуңбу? Кудайдын ичи кең экен да?
— Ананчы,— дейт тилинен чаң чыккан Кадича эч кимге конок бербей,— катын мүнөз ажалаган эркектерди жактырбайм.
— О кокуй, болду… болду!
— Болбогондо төгүнү барбы? Карамомунум үйүмдүн куту, балдарымдын атасы… Кудайдын кулагы сүйүнсүн…
Кадича үй-тиричилигин өз тилине жараша тыкан кармабайт эле. Буюм-кечелери өз ордун таппай, кээде апырык-сапырык болуп жата берчү. Өзүнүн бул кемчилигин сезип, бирок анысын начардыгым деп мойнуна алуу ордуна, тетирисинче актана сүйлөчү: «Үй ичине периште түнөр экен. Кайра-кайра эле шыпырынып, кагынып-силкине берсе, периштелер кагажып кетер имиш».
Буркан кабагын өйдө көтөрө аялынын арык чырай жүзүнө тигилген бойдон таңыркап оозун ачып калат.
Кадичанын балдары чамбыл-ала болуп, кийим-кечелери да албырап-далбырап жыртылган бойдон ылай баткак кечип ойноп жүрө беришет. Кадича аларды кечкурун ошол бойдон жаткырып, эртең менен ошол бойдон тургузат.
Уйкусу канган Буркан кээде эрте ойгонуп, томолонуп аркы-терки уктап жаткан балдарынын жонунан кашылап, жүрөгү элжиреп, ичинен жалбарат да, анан алардын чамбылдарын көрүп, кекете күңкүлдөйт:
— Тилиң эле бар какылдап. Ушуларды бир киринтип койсоң боло турган.
— Тигини,— деп катыны кайра Бурканды коркутат,— жалгыз башың бешөө болду. Кудай дебейсиңби? Адам дегендин көзү октон курч. Мен аларды жаман-жуман көзгө түшпөсүн деп ошентип коё берип отурса, мунун кудайга кусур кылганын көр…
Буркандын жаагы жап болуп, ал турсун ичтен сестенип чочуп калат.
Кадичанын атасы абдан такыба сопу киши болгон. Ошон үчүн чын эле Кадича кудай жолуна абдан бек, жүргөн-турган эрежелеринин баары ошол дин жолуна такалат, такалбаса да өзү ошондой деп ишенет. Өз түшүнүктөрүн кынтыксыз туура жол катары эсептеп, ошон үчүн анын баарын эрине дал өз түшүнүгүндөй жеткирүүгө аракөт кылат. Колунан тасписи түшпөгөн кемпирдин чөйрөсүндө чоңойгон Буркандын дин маселелерине карата мурунку болгон көз караштары Кадичанын таасири менен биротоло бекемделди. Кадичанын дин жолдору боюнча айткандарын, сунуш кылган эрежелерин өзүнүн ыклас менен өткөрүп, антишине өзү зор маани берип, кол жетпес ишти иштеп жаткандай көңүлү ачыла, өзүн жеңил сезгенсип калат. Кадичасына сыймыктанат.
Ал өмүрүндө бир жолу Кадичасын өлөрчө сабаганын эстеп азыр да өзүнөн өзү уялып, эти чымырап кетет. Андагы айып Кадичадан болгон. Бирок баары бир Буркан өзүн тилдейт.
… Кадича келин болуп келген жылы. Буудайлар тизеге чаап богок боло баштаган кезде, отуз-кырктай адам кен жылганы каптап учу көрүнбөй жаткан буудайды отоп жүрүштү: сойлок, кетмен, орок… Чоң-чоң аткулактарын, чоңейнелерди чаап, каз катар туруп басып кете беришет. Колдору иште болгону менен ооздорунда сөз. Кыраң каткы күлкү, тамаша… Келиндер жигиттер менен чабышып кубалашат.
Сөзмөр, оюнкараак Кадичанын чечекейи чеч… Көрүнгөн менен чабышып өнөгүн бербейт. Буркан болсо эки ууртун эки кулагына жеткире жоош жылмайып, катынынын шайырлыгына, ачыктыгына маашырланат…
Бир убакта бир жигит менен чабыша жүгүрүп, боор жерде экөө тең токтоло албай колот ылдый кирип кетишти. Баары аларды карап күлүп жатышты. Буркандын жанында турган Көбөк деген тууганы чычалатайын дедиби, же кайнага сөрөйү болумуш этип, Кадичанын ачык жоруктарына ичтен тырчып калды беле, Бурканга карап кобурап койду:
— Эй Буркан, эмне, сен эркектиктен калгансыңбы?
Күтүүсүз оор сөз жүрөгүн бир аз кысылтса да, анын оор мүнөзүн кызытып жибере алган жок. Ал тим эле ичтен сызылып калгансыды. Мунун мындай оорлугуна жини келген агасы бир топ сөздөрдү күбүрөдү. «Катының ургандан өлбөйт. Күнөөсү күбүлөт. Катын уруу азамат жигиттердин гана колунан келет. Сен эмне жер карайсың? Эркексиңби же катынсыңбы?..»
Кечке маал үйүнө эрте кайтып, талдын бутагын айра тартып, көк союл кыйды да, жагалданган Кадичаны чачтан бурап жерге жыгып, башы-көзү каер дебестен сала берди. Бир паска чейин чыңырып жан далбас кылган Кадича таякка уугуп, ооруган жерин билбей калдыбы, же эси ооп кеттиби, сулк эле жыгылып калды. Жооштон жоон чыгат дегендей, түндүн сыңары түнөргөн Буркан дагы эле таяк менен салып жатты. Бир убакта Буркандын апасы чыңырып келип келиндин үстүнө жыгылды:
— Өлтүрөсүңбү дагы! Мени кошо өлтүр!
Колу-коңшулар жетип келип, араң ажыратты. Аталаш абасы аябай сөктү:
— Акмак! Катынды да ушунча урабы? Кичине какыс-кокус кылса болот да. Бул эмне, малбы сага, акмак?!— Буркан ачуусун жыйган соң аябай ачынды. Өзүн өзү сөктү. Катынын аяп түнү менен ыйлап чыкты.
Бир нече күн төшөктө жатып араң турса да, өз айыбын мойнуна алган Кадича сыр көрсөтө албады. Кийин гана «кара мүртөз экенсиң, колуңдан ар кандай жамандык келгидей» деп тарынчын айтты.
Ошондогу жоругуна Буркан азыр уялып кетет.
Бүгүнкү турмушу болсо жаман эмес. Буркан өкүнбөйт.
* * *
Буркандын үйүнүн тынчтыгын согуш отунун жалп этип тутанып кетиши бузду. Фашисттик Германиянын чоюн, болот кийинген кубаттуу армиясы чыгышты көздөй селдей каптап келе жатты.
Көзү ириңдеп, көкүрөгү кирилдеп, өз иманын тилеп калган кемпир-чалдар көз жаш менен уулдарын узатып, ойноп оюну, күлүп күлкүсү кана элек жаш келиндер москоол күйөөлөрүн койнунан суурутуп, аргасыз кол булгап ыйлап турушту.
Ошол үйүр-үйүрү менен жөнөп жаткан жигиттердин кезектеги тобу менен Буркан да жөнөдү. Этегине коргологон чиедей жаш балдары менен Кадича кала берди. Анда өзү бир топ оору болуп, жакшы көтөрүлө элек неме ошонусуна кейиди.
— Ушу сен азыр жетип эле Гитлерди жыга чаап байлап келсең да, бир аздан кийин кетсең дурус болбойт беле. Минтип өзүм оору болсом, балдардын күнү не болот?..
Буркан ар кай жерден экчелип отуруп, кадимки аскерге түшпөй, эмгек армиясына кошулду. Сибир тараптагы кандайдыр бир заводдун курулушуна туш келди. Анда да Буркан заводдун тике өзүндө станоктордо иштеген жок. Складда иштеди. Келген жүктөрдү түшүрүп, кээде өзү машинага жүктөп, көтөргөнү ичинде оор буюму бар яшик, темир-тезек болду. Күн болсо күн, түн болсо түн, тилегени үйүнө кайтуу, каргаганы согуш… Согуш болбосо бул жети атам көрбөгөн жерлерде эмне кылып жүрөт элем деп ичтен жаратканга жалынат, Гитлердин өлүмүн тилейт… Кээ түндөрү ыйлайт…
Анан күн-күн алыс үйүнө кат жазган болот. Чанжыраган үч-төрт сүйлөм менен эле айтайын дегенин бүтүрөт, анан эмне жазарын билбей, ар бир катында өз айлындагы катын-калач, чал-кемпир дебей баарын тизмелеп чыгат. Эң аягында ошолорго мендөн салам айт деп Кадичадан суранат.
Буркан эки жылга жакын жүрдү. Бул мезгил өмүрүндөгү азаптуу катары жүрөгүнө терең батып калды. Ал дайыма өз ички ою менен гана жашап, турмуш жөнүндө өз жыйынтыктары, өз түшүнүктөрү менен гана болгонсуду. Анткени ал орус тилин жаңсап сүйлөсө, анча-мынча түшүнгөнү менен өз оюндагысын айта албайт эле. Ошон үчүн ал эч ким менен пикирлешип, өтө жакындыкта да боло алган жок. Бирок ар кандай адамдарды, алардын ар кандай кадамдарын, жоруктарын көрдү. Бири-бирине, өз ишине, айлана чөйрөсүнө болгон мамилелерин көрдү. Көп жорук-жосундарга түшүнбөй таң калган учурлары көп болду… Өзүн күтүүсүз ойлорго, өмүрүндө башына түшпөгөн ойлорго алып келген окуялардын күбөсү болду…
Бүгүн анын баарын эске түшүрүп отурууга такаты жок… Бирок ал Кадичасынан алыс жерде (өз оюнда жалгызчылыкта) өтүп жаткан өмүрүн желге кеткен пайдасыз өмүр катары эсептеп, ичтен сызыла күйүп жүрдү…
Бир күнү эле туз насиби көтөрүлүп, үйүнө жөнөп бергенин билбей калды. Буркан жол ката кудайга жалынып, чынбы-жалганына ишене албай өрөпкүп келе жатты.
Үйүнө жакындаганда утурлап жүгүрүп чыккан Кадичасын Буркан тааныбай калды. Кадичанын тиштери гана орсоюп көрүнүп, ач-арбак, куу сүрнөт болуп калган эле. Көзүнүн үстү кошкаттана киртейип, күлүп жаткандай тиштерин ырсайта берип, жаак эттерин тырыштыра араң үн чыгара ыйлап келип мойнунан кучактады. Көпкө чейин өпкө кагып коё бербей турду.
Буркан балдарын көргөндө буркурап ыйлап жиберди: алар да тиштерин момолойдун тишиндей орсойтуп, апасынан кем эмес арыкташкан эле. Ал турсун кичине уулунун көздөрүнүн асты домпоюп, шишик басып, ордунан тура албай калган экен.
Буркан үйүн, балдарын канчалык ойлосо да, бул жердеги каатчылык, оор турмуш жөнүндөгү ойду түк башына келтирген эмес. Кадича да сапардагы неме өз жанын араң сактап жүргөндүр, белин бошотсом болбос деп, кыйынчылыкты анча тактап жазчу эмес… Эптеп эл катары күн өтүп жатат деп койчу. Ырас эле эл да ушу Кадичадан ашыкча эмес болучу.
Колхоздон зыкымдап бөлүп берилген эки литр сүткө суу кошуп кээде кымыран кылса, кээде айран кылып ачытып балдарына берчү. Кийинчерээк чөп-чардын данын кайнатып бере койсо, балдары шишип кетти…
Ушинтип Кадичанын абалы таң болуп турганда асмандан түшкөндөй Буркандын келип калышы өзүнчө бир керемет болду. Кадича өңүмбү, түшүмбү деп, баягы кара жүзү ак жуумал тартып толмоч көрүнгөн Бурканын көпкө чейин коё бербей ыйлап турганы ушундан… ;
— Айланайын Карамомунум, үйүмдүн куту… Сени ким жеткирди?..
Буркандын жан баштыгында эки-үч килограммдай кургатылган нанды, бир килограммдай ак кантты, төрт банка консерваны балапандай ооз ачып турган балдарына Кадича кичинеден үлөштүрүп өзөк жалгатты. Өзөгүнө оокат түшкөн айрымдары шалдырап бошошо түштү.
Балдарынын түрүн көрүп коркуп кеткен Буркан үйүнө бир эле түнөп, эртеси тээ алыскы тоо арасындагы тагаларына жөнөдү.
Адыскы сапардан кайткан Бурканды колдон келишинче жакшылап тосуп алышып, эртеси бир чымчымдан топтоп, төрт чексе дан чотултуп беришти. Буркан данды колтырмачтап көтөрүп алып жолго түштү да, балдарына жетүүгө ашыгып, буту жерге тийбей тоо аралап учуп күйүп келе жатты.
Бет алдында дүңкүйүп Кашка-Белдин тоосу жаткан эле. Кашка-Белди жарымына чейин токой, андан ары ташка чыккан арча кантап, көз кайкыта көк чиет. Белди айланган араба жол узак — Буркан кечке чейин үйүнө жетсе жетет, жетпесе жок. Белге салса эрте жетиши мүмкүн, бирок жол катаал. Анткен менен Буркан ошол жакка салууну болжоп келатты. Анын жаштыгы ушул жолдордо өткөн — Кашка-Белдин коён жатагынан бери билет.
Күн кайнап күйүп турат. Бирок Буркан тынган жок — токой аралаган сокмок жол менен белге тырмышып чыгып келатты. Кайыштан өзү кын тигип, кемерине илип тагынып жүргөн жаман бычагы менен кыскараак таяк кесип, таянып калган соң, бир топ өбөк болуп арымы арбып күчөп калгансыды. Тула боюнан тер булак болуп шорголоп, мандайынан агып көзүнө кирип ачыштырган терин улам калпагынын ичи менен аарчынып, тырмыша жогорулап отурду. «Белге чыгып тыныгам, булакка башымы бир жууп, анан жөнөйм. Кудаага шүгүр, куру кол кайтканым жок. Ушул төртчексе данды чаңыт кылып эптеп балдарды өнтөлөп түрсак, Кудайдын дагы бир айтканы болор. Чөп орок башталып калыптыр. Кудаа кааласа бир он күндө арпа да бышып кетер. Анан моюн бербейбиз. Баарыдан өзүм келип калдым… Кудаага шүгүр…»
Буркан жонго араң чыгып, «Ох!» деп жибергенде, булактын жанындагы зоңкол ташта айланага дүрбү салып отурган кара сакал адам жалт бурула чочуп кетти. Колундагы беш атар мылтыгын шарт оңдонуп:.
— Кимсиң?— деди да, таштан секирип түштү.
— Бурканмын. Ак-талаалык болом.
— Билем. Көтөргөнүң эмне?
— Бир аз дан эле,— деди Буркан «билем» дегенинен бир аз жүрөгүн басып, бирок тиги кара сакалды ажырата тааный албады.
— Ташта даныңды!— Коржойгон кара сакал буйрук бергендей айтты.
— Бери бас, тууган. Мен кечээ эле мусаапыр сапарынан келип… Балдарым ач экен…
Кара сакал тигинин сөзүн угумуш болуп келгенче бою менен байкоосуз Бурканды шап кекиртектен алып кетти. Анын колун мойнунан чыгарууга асылып, кыйналып кеткенде Буркан боюн туш келген жагына уруп жиберди. Бал камышка бурала жыгылды. Колтырмачталган жибин ийнинен чыгарып жибергенче болбой, алиги москоол кара сакалдын күчтүү колдору мойнун толтура тутамдап, кычкач сыңары чымыратып муунтуп бара жатканынан башкасын билбей калды. Буркандын көзү «баа!» деген үндөн улам пар ачыла түштү. Али «караңгылаша жылдыз учкан» көзү менен жыландай толгоно бал камышты жапырып бараткан кара сакалды көрдү. Ал толгоно барып, анан колдору шалдайып чалкасынан жатып калды. Ошондо гана өз колундагы жаман бычагын байкады, анысы кызыл ала кан эле. Жан талпас менен бычагын сууруп туш келди уруп жибергенде, бычак бүлкүлдөк бөйрөктү өрдөй берип, учу өпкөгө жете түшкөнүн ал өзү да билген эмес… Эми акылына келе түшкөн Буркан эңишти көздөй качып жүрүп берди. Жонундагы даны да баягы оорлугун жоготуп, койгонсуп, буттары анда-санда бир тийип жүгүрүп келе жатты…
Ал түзгө түшкүчө токтогон жок. Сай бойлоп дагы канча жерге чейин чуркады. Таш тилип, согончогу ачышканда гана бир ботинкасынын түшүп калганын билди. Бул жана бал камышта жан талаша жулмалашып жатканда түшүп калды беле, же жүгүрүп келатканда суурулуп кеттиби, айтуу кыйын эле.
Буркан колдойгон керзовой ботинкасынын бир жагын да чечип ыргытып жиберди. Анын чоң жолго салбай, сай бойлогон сокмок жол менен жылаңайлак кетти. «Мен бычакты кантип кынынан сууруп алдым? Кантип эле мен адам өлтүрдүм?..»
* * *
«Мен адам өлтүрдүм…» деген ой Буркандын мээсине найза болуп сайылып калды.
Ал үйүнө жеткиче көзү эч нерсени көргөн жок — айын ой-санаасы өзүнүн ички сезимине биротоло түшүп кеткендиктен, балким, ага жолдо адамдар жолукса да көргөн жок — сөз сурагандыр, салам айткандыр, бирок алардын бирин да Буркан эсине кармап калалган жок. Мындай суук ой өмүрүндө башына бир ирмем келип кетпеген момундун сезими шал болуп, эси ооп калган эле. Анын бүткүл рухин бир гана ой бийлеп алды.— «Мен адам өлтүрдүм»
Буркан үйүнө күн бата жетти. Бирок Кадичасы жок экен — көзүнө жаш каканактап кетти. Талаадан ыза көрүп, апасына жүгүрүп келип таппай калган баладай болду — алкымы ооруксуна буулуп, араң-араң дем алып, буулуккан өпкөсүн зордоп басып турду. Туш-тушунан асылып жаткан балдарына да бир ооз сөз кошуп, көңүл бурган жок.
Көп өтпөй Кадича кирип келди. Буулугуп араң турган Буркан узун бойлуу Кадичасынын мойнунан асыла бек кучактап, башын анын көкүрөгүнө жөлөп, эки бөйрөгүн бүлкүлдөтө эчкирип ыйлап жиберди. Эң алды Кадича мунун себебин билбей, сагынычтан эркелеп жатат ко деген ой менен арык жаактарын тырыштыра жылмая берди. Анан Бурканынын өпкө кага шолоктоп ыйлап жатканын туя чочуп кетти: «Кече келсе, бүгүн кайра аскерге жөнөткөнү жатат бейм» деген ой башына кылт түштү. Кадича токтоно албай кошо бышактап ыйлап жиберди.
— Эмне болуп кетти дагы? Кагылайын Карамомунум, дагы сенден айрыламбы, мен кандай кылам?..
Экөө бир кыйлада барып бирин-бири түшүнүштү.
— Эмне дейт,— деп арык Кадича чочуп кетти.
— Ырас, мен адам өлтүрдүм…— деди Буркан жаш баладай өпкө кагуусун али токтото албай.
— О кудай… Эмне дейсиң, Буркан?
Анан Буркан баарын бир баштан айтып берди.
Демейде чеченсинген Кадичанын оозуна түк сөз илинбей, өңүнөн каны кача шалдайып отуруп калды.
Көпкө чейин экөө тең бири-бирине түк үн катышпай, өз ички ойлору менен болуп калышты.
— Ырысыбыз бар экен… Кокусунан Чокмокко жолугуп калсаң эмне болот элең?— деди башына келе калган өз оюнан коркуп кеткен Кадича.
— Аның ким эле?— деп сурады Буркан.
Кадича эми энтигип Чокмок жөнүндө айта баштады. Ал Бурканы менен кошо жаткан мурдагы күнкү бир түндө Буркан алыста жүргөн кезде кыштактарда болуп өткөндөрдүн баарын айтып үлгүргөн эмес — анын ичинде Чокмокко да кезек жете элек болучу.
Чокмок тээ сайдын наркы өйүзүндөгү айылдан эле. Коржойгон москоол, балбан жигит болучу. Майрамдарда дайыма күрөшкө түшчү. Буркан анын оңкойгон мурдун, ээги алды көздөй саал жаа болуп кайрылган жүзүн көргөн. Күрөштө бул айылдык жигиттерди «А-а!» деп бакырып так көтөрүп тегерете, бирин койбой жерге чапкан. «Атаңдын көрү, жигит болбосоң коё кал» дешип элдин баары тамшанган. Алардын бири Буркан болгон.
Чокмок орсойгон күрөк тиштерин көрсөтө жылмайып, ого бетер күчөп, күрөштөн жыгылган эмес. Ошо Чокмок аскерге жөнөтөрдө дезертир болуп кетет. Кийин кармап алып камап койгон жеринен конвойду жыга чаап, беш атар мылтыгын алат да, биротоло тоо таянат. Ал турсун кийин издеп барган добровольный отряддын командирин ташка жашынып туруп атып өлтүрөт.
Мына ушундан соң эл ичинде Чокмок жөнүндө укмуштай сөздөр тарап кеткен. «Чокмок бирөөнү жыга чаап качып кетиптир» десе, экинчиси: «Ой, Чокмок ташка жашынып туруп отряддын командирин ыргыта атыптыр» десе, үчүнчү бири: «жок, бир отряд аскерди өзү жалгыз кубалап жүрүп койбой атыптыр» дейт. «Ой-бой, Чокмок кол кураптыр» деп айткандар да жок эмес эле. Чынында Чокмок кайдандыр бир качкынды таап алып, кыштактарга уурулука кирип турганы чын болучу.
Кадича энтигип ого бетер күчөп айтып жатты.
Буркандын жүрөгү куушурулуп, эти чымырап араң укту.
— Жок,— деди Буркан кескин,— бул Чокмок эмес… Мен аны көргөм… Кудаага шүгүр, бул Чокмок эмес…
— Кудай сактаганы ошол. Болбосо ага жолугуп калсаң күнүбүз не болмок?..— Кадича бышактап ыйлап жиберди.
— Бу кара сакал адам Чокмоктой алп болсо мен аны кайдан… тирүү каламбы?..
Экөө дагы кыйлага чейин тиктешип калышты.
— Эч ким көргөн жокпу?— деди Кадича акырын.
— Жок!..
Кадича ойлонуп туруп, анан акырын айтты:
— Көрбөсө эле болгону. Көп эле коркпочу… Билинбей кетер…
Заматта Буркандын ичи бөксөрө түшкөнсүдү. Ал көөдөнүнө абаны кеңири-кеңири тартып дем ала баштады. «Ырас эле мен атайын антейин депминби? Кокустук болду…»
Ал кардынын аябай ачканын билди. Кадичанын суюк аталасынан бир кесе жутуп жиберип, терең үшкүрүндү. Ал аябай чарчаган эле. Бир пас болсо да баарын унутуп уктагысы келди.
Төшөгүнө жатты да башын чүмкөндү. Оң жамбашына, анан сол жамбашына которулду. Жок, уктап кете албады. Көзүн жумган менен негедир кыялы уктабай, аны алда каяктарга алып кетип жатты.
«Мен эмне үчүн уктай албайм, — деди Буркан айласы кеткендей өзүнчө күбүрөп. Кайра өзүнө өзү жооп берди.— Мени уктатпай жаткан адамдын каны… адамдын!..»
Денеси чымырап төбөсүнөн бутунун учуна чейин жетти. Ал буулугуп кыйналып жатты. Анан оюн андан ары аргасыз улады. «Мен адам өлтүрдүм! Дүйнөдө ушундан артык күнөө барбы?
– Жок!— деп анын ичинен кандайдыр үн жооп бергенсиди,— жоок… Бул күнөөдөн адам арылууга жол барбы?.. Жок! Жок… Канды кан менен гана жууйт. А закон боюнча да өлүм жазасына берилет… Бул кандай бийик күнөө? Мен аны кандай жубам?..»
Буркан тунжураган калыбында түк кыймылсыз. «А балким ал мага окшогон бир бечарадыр?.. Бала-чакасын багыш үчүн жүргөн немедир. Балдары жетим калгандыр, катыны тул калгандыр… Көрчү, мен турмушта кандай кечиримсиз күнөө кылдым?.. Ал эми өз турмушумда ушу күнөөмдү жууп кетер жакшылык иштер аткара алдымбы?..»
Буркандын алдына өмүрүндө эч качан коюлбаган суроолор биринчи жолу коюлуп турду. Ал өмүрүндө жакшылык деп ойлогондорун бир-бирден көз алдынан өткөрмөк болду, бирок көзгө урунтуктуу зор бир нерселерди көз алдына келтире албады. Жаш убагында талаадан ээр токулга таап алып, ээсине жеткирип бергенин эстеди. Бригадирдин бир-эки жолку айткан рахматы кыялына келди. Өзү алыс сапарда жүргөндө тааныган адамдарынын сүрдүү жүздөрү тартылып турду… Булардын ар биринин колунан ар кандай иштер келери түк күмөнсүр сыяктуу эмес эле… Алардын андай иштеринин кээсин көрүп, кээсин көрбөгөн болсо да ишенди… Ичтен буулугуп, кыйналыңкы абалга келип турду.
«Ал эми кандай жамандык иштер иштедим?..» Анын алдына кайдандыр күтүүсүз суроо коюлду. Буркандын кыялы дагы өз өмүр жолуна кетти. Акылына чоңураак эч нерсе урунбады. Жаш убагындагы коон уурдаганын эстеди. Кийин Кадичасын өлөрчө сабаганын эсине түшүрдү…
«Мен туулдум… Өстүм… Бала туудурдум… Эл арасында күнүм өтүп келе жатат… Адамдын бүткүл өмүрүнүн маңызы ушубу? Же башка жагы да барбы?..»
Күтүүсүз ички күчтүү сезимдерден улам Буркандын эрктен тышкары өмүрүндө биринчи жолу коюлуп жаткан бул суроолору Бурканды канчалык бийиктикке көтөрүп жибергендигин ал өзү да түк байкаган жок.
«Туулдум… Өстүм… Катын алдым… Бала туудурдум…— деди ал алиги оюн дагы кайталап,— ырас, минтиш бардык жандарга тиешелүү. Ал эми биз адамбыз да! Демек, ошо биздин адамдыгыбыз эмнеде?..»
Бул акыркы суроолор оозунан катуу чыгып жатканын Буркан билбей калды. Чала уйкуда жаткан Кадича чочуп кетти.
— Буркан, эмне дейсиң?
— Менин адамдыгым эмнеде?
— Кагылайын Карамомунум, ал эмне дегениң?
— Мени адамдар эмне дешет?..
— Эмне демек эле, момун дешет, сен бекер жөөлүбө,— деди Кадича төшөгүнөн баш көтөрө Буркандын бешенесине алаканын коюп. Ал Буркандын абалын да, анын ою кай жакта экенин да түшүнгөн жок.
— Эч нерсе дебейт. Алар сенин эмне кылганыңды билип коюптурбу?
— Эл билбеген менен өзүм билем да! Өзүм…
— Өзүң билсең кудаага жалын. Кудаа кечирет.
— Кудай?— деди Буркан дүлөй жандай катуу үн чыгара кайра сурап,— кудай кечирет?
— Кечирет. Кудайдын пейли кең…
Буркан баары бир таң атканча уктаган жок. Ушул татаал ойлор менен аргасыздан аралашып жатты.
Ага кошулуп Кадича да уктабады.
Таң агарганда Кадича акырын кобурады:
— Мен молдону алып келем.
— Эмне кереги бар?— деди Буркан көңүлсүз.
— Тилабат-кураан окутабыз. Кудайга тообут кылабыз. Жол-жобо сурайсың…
— Ошентелиби?— Буркан бир жагы ойлуу, бир жагы саал кооптуу сурады.
Буркан ордунан туруп сыртка чыкты. Түнү бою чырым этип уйку көрбөгөн эме сендиректеп араң басты. Башы салмактанып, көңүлү айланып турду. Көп өтпөй кайра үйүнө кирип ордуна жатты.
Кадича кечиге берди. Буркандын башында уюлгуган эсепсиз ойлор аны тунжуратып басып жатты. Аларга жооп берүүгө чамасы келбей турган сыяктанды.
Кадича түш оой келди.
— Молдо үйүндө жок экен. Күтүп отурдум. Бир аздан кийин келмек болду,— деди Кадича энтигип, анан эрине насаат айтып,— бул аябай чоң молдо. Ыйык адам дешет… Жакшы сүйлөш…
Эми Буркандын бүткүл ой-кыялы молдого көчтү. Ар бир мүнөт саат болуп, ар бир саат жыл сезилип, убакыт эсепсиз созулуп жаткансыды.
Арык молдо кеч бешимде келип эшегинен түштү. Ээгиндеги суйдаң сакалын сербейтип Буркандын жалпак жүзүнө тигилип турду.
Буркан тирелген ички сезимден энтигип араң сүйлөп жатты. Эч нерсесин жашырбай баарын айтты.
Молдо иш жайына түшүнгөн соң чөк түшкөн калыбында көзүн жуумп көпкө үнсүз отурду.
Буркан да үнсүз тиштенип чыдады.
— Ээ, Бурканбай,— деди молдо саал жылмая,— кудайдын даргөйү улук. Эч нерсе эмес. Сен ал кишиге тийгениң жок, ал өзү сени өлтүрмөк болгон. Сен өз жаныңды сакташ үчүн аны өлтүрүптүрсүң. Аның туура…
Буркандын үстүнөн оор жүктү алып ыргыткандай жеңилдене түштү. Ал ордунан козголуп, молдого жакын отурду…
— Кудаа өзү кечирет. Кудаага сыйын. Күнөөңдү кудайдан мен сурап алам.
— Айланайын молдоке, оозуңа май… Мен эч нерсемди аябайм.
Буркан дагы жеңилдене түштү.
— Мен кудайдын жолунан куран окуйм… Анан өлүп кеткендин арбайына тилабат — кураан түшүрөм… Болду. Ошону мөнен кудайым өзү ал-кулум дейт. Ал үчүн алиги көтөрүп келген даныңдын эки чексесин азыр мага бер… Мен эрте жөнөйүн, барып куран түшүрөйүн…
Буркан сүйүнгөнүнөн көз жашы каканактап, молдонун этегинен өөп, аны маңдайына сүртүп жиберди. Ал жанагы бийиктигинен канчалык төмөн түшүп кеткенин байкаган жок. Анан молдону узатты. Кайра үйүнө кирди.. Өзүн жеп-жеңил, алгыр бүркүттөй эркин сезди. Ааламга жаңыдан төрөлгөндөй сергектенип, дүйнө кирсиз таптаза болуп тургансыды.
Ал алыс сапардан келгенден бери биринчи жолу Кадичасынын жүзүнө эркектик көз менен тиктеди. Кадичасы көзүнө демейкисинен сулуу көрүндү.
* * *
Эрте жаткан Буркан аябай кана уктап, саарлап турду да, көптөн тамынын шыбына кыстарылып турчу айрысын саптады. Чөп жыюу эми башталган. Эки жылдан бери биринчи жолу Кадичасын ээрчитип, айрысын ийнине сала жолго чыкты. Көңүлү ачылган Кадича көзөөгө куйган суюк ашын көтөрүп, Буркандын алдында жадырап кубанып келе жатты.
Кемпир-чал, бала-бакыраны баштап бригаданын ишин кыймылдатып турган аялдар үчүн Буркандай ишке катуу колдуу эркектин келип кошулушу чоң дарман. Бирок азыр анын келишине эч ким көңүл бурган жок — өз ара бир нерсеге таң калышып, бири бирди, экинчиси экини айтып жатышкан эле. Чийненин өгүзүн минген балдар оозун ача ээрге өбөктөп, чалдардын жүзүн тиктешет: чөп сайган катындар эки-экиден сөз талашышат. Ак чач чалдардын четки чүкөдөйү кежигесин кашынып, кыт-кыт күлө сөз улап коёт:
— Чокмоктон кыйын уул балдар да бар да!..
— Ооба, төшү түктүү азаматка жолуккандыр да!— деп кубаттады экинчи үксөйгөн чоң абышка.
Эч нерсеге түшүнбөй селдее түшкөн Кадича акырын сурады:
— Ээ, — деди алиги кыт-кыт күлгөн чүкөдөй чал,— тетиги Кашка-Белдин эңкейишинде булакта Чокмок балбанды бир азамат өлтүрүп кетиптир…
— Эмне дейт? — Кадича кайра оозун алаканы менен баса калды.
Буркандын жүрөгү солк этип, муштумдары чымырап түйүлө, денеси таш болуп катып калды. Кулагы чып бүтүп укпай, көзү караңгылашып кетти. Ал бир ирмем акыл-эсинен адаша түшкөн эле.
— Буркан кыйлада барып акылын жыйды. Бул убакта мунун мындай абалын байкабаган адамдар арасында сөз жүрүп жаткан эле:
— Менменсиген каракчыга кандай гана азамат туш келди экен?!
— Эл болгон соң азаматтар бар да…
— Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло деген ошо!
— Ырас, ырас… Бирок Чокмок эч кимдин алы жетпестей жан эле, байкатпай сайып койду бекен?
— Жоок! Кармашып жүрүп, бал камышты майкандап жибериптир дейт.
— Оо, анда чыныгы азамат, чыныгы балбан туш келген экен.
— Кармашып жүргөндө ошо азаматтын ботинкасы түшүп калган экен дейт.
— Анда өкмөт таап алат аны…
— Таап алса аны айыптар беле? Гитлерге жардам берип, бизге ок аткан немени өлтүргөн азаматка өкмөт кайра орден берер дейм?
— Антсе да адам өлтүргөндү соо калтырбайт ко.
— Э мейли да… Эр жигит бир туулат, бир өлөт. Ушунча азаматтык кылыптырбы, болуптур да.
Буркандын көөдөнүнө толуп чыккан күчтүү сезим анын мурдагы жалтак эркине багынбай, фонтан болуп атылып чыгып кетти…
— Ой, эл-журт!— деди ал аптыга,— мен өлтүрдүм Чокмокту! Мен!.. Йшенип койгула! Мына ушу колдорум менен…— Ал колдорун элге көрсөтө берип басты.
– Буркан! Буркан! — деп Кадича жүгүрүп барып анын оозун басты.
Буркан аны жыга түрттү.
— Мен өлтүрдүм, ишенгиле! Мейли, мени эми атып жиберсе да ыраазымын! Өзүм иштеген ишти өз мойнум менен адамча көтөрөм! Адамгерчиликтин милдети ошол экен!.. Мен азыр аны жакшы билем… Мен коркпойм… Мына мен кеттим. Милицияга барып өзүм билдирем… Мен келдим дейм…
Буркан шарт бурулуп ылдамдай басты.
Кадича артынан жүгүрүп жетип, аны кемерден алмак болду:
— Айланайын Карамомунум, бизди таштап кайда барасың? Балдарыңды кантем?..
Кадичанын колу кемерге чала илинип, чөпкө чалына барып көмкөрөсүнөн жыгылды. Өпкөсү көөп калган неме кайра туруп, жүгүргөнчө Буркан алда кайда узап кеткен эле. Ал шамдагай басып, Ак-Кыя аркылуу чоң тумшукту ашып ылдамдап бара жатты.
Эл таңдана кыймылсыз ыгып калды.
Кадича болсо Буркандын бүгүнкү жоругун баягы өзү кирпиги менен башкаруучу «Карамомунунун» элпек мүнөзүнө түк сыйыштыра албай, мунун өзүн же жамандыкка, же жакшылыкка жорушун билбей, көңүлүн кандайдыр бир коркунучтуу коопсуу аралап, көзүндөгү жаш менен анын караанын бел ашып кеткенге чейин узатып турду…