АБДЫРАМАНОВ Шабданбай: ШАБДАНБАЙ АБДЫРАМАНОВ: ЧОКОНДУН ЫЙЛАГЫСЫ КЕЛЕТ

АҢГЕМЕ

Чокон зыңгырап оор тарткан башын жумшак жаздыктан көтөрбөй, зордоп көзүн жыртканда, эң мурун бир көзү ачылып, ага шыпка жакын илинген калпагы урунду. Денеси оорлошуп жанчылып, өзүнө баш бербей турган сыяктанды. Ал көзүн кайра жумду, бирок таң аппак атып калганын терең көңүлүндө сезип, кечки отуруштун эң акыркы учурларын эстөөгө аракет кылды. Бирок эсине эч нерсе далил түшө берген жок: үзүндү-үзүндү, кээ бир жери кылаң этип жок болот. Керебетти ийилте салмактантып көпкө чейин жата берди. Жоон, жылаңач билегин баш жакка узатып сыйпалап папиростун, күкүртүн тапты. Оозуна сигареттен бирди салып, анан жай кыймылдап жандырмак болду эле, күкүртүндө бир тал даны калбаптыр.

Балит сөз менен кыжырдуу сөгүндү. Анан кыймылсыз болуп калды. «Чокон, сен мас болуп калдың. Ушинтесиңби?» таапыш үн кадимкисиндей көңүлүнө кылт эткенде, эки көзү пар ачылып кетти. Бөлмө ичи жап-жарык экен. Анан. стулду тарс эттире бир муштаганын, пияла, шише шалдырап кулап түшкөнүн эстеди. Ал тумандуу сестенүү менен пар жаздыкка чыканактап өйдө болду. Жаздыктан аялдын тааныш, бирок муздаган жытын болор-болбос сезди.

Кроваттан тура калар замат саал темтеңдеп кетип, анан акырын түздөнө басып наркы бөлмөгө кирди. Эч ким жок экен. Бөлмөнүн дал ортосунда кашыланып токтоп калды. Ошондо гана ал оозунун жаман даамданып турганын сезди. Эмне деген сөз айтканын эстей албаганынан улам көңүлү тынчсыздана берди. Анткени — өз сыры өзүнө белгилүү— кудайды да тааныбай кетерин, балбан ооз болуп кетерин билет.

Тең жарылып ооруп жанын кыйнап турган баш оорусун жазыш үчүн бир неме таап ууртоону ойлоду. Бирок негедир, көңүлү чаппай, ал турсун, аны эстөө кыжырын келтирди. Тамеки жандырып чекти. Өзүн-өзү эш тарта түшкөнсүдү. Ичкиликти биринчи жолу ичкенсип, кечиндегисин бүгүн эстөөгө аракет кылганына кыжыры келди. Рас, бул Чокон үчүн жаңылык эмес эле…

Эшикти шарт ачып эшикке чыкты да, чоң керзовый өтүгүнөн тарп-тарп добуш чыгарып, кечээ күнкү жамгырдан соң кеч күздүн кара суугунан тоңо калган чөлмөктүн жука муздарын кычырата басып, жогортон соккон муздак шамалды беттеп кара май фуфайкасынын топчуларын да салбай жакжайып, үнсүз басып кете берди. Муздак аба анын көңүлүн саал сергектентти.

«Кантип эле ызаа кылып койдум?» Чекесин тырыштыра жаагын бекем тиштенди. Эгер анын көңүлүнө азар берген болсо, буга Чокон кандай карар эле? Кеп мына ушунда. Токточу, ал ушунчалык эле жумшак көңүл болуп калганбы? Эмне үчүн тынчы кетүүдө?.. Автобазада шофер болуп иштеп турганда механикти ручка менен салып, ал жыгылганда көңүлүнөн аёо чыкпай көчүк талаштыра тээп-тээп жибергеничи? (Ошондон улам кесилип да кетти). Андай таш боордуктун канчасын кылган эмес. Баатырдык, эрдик, азаматтык жөнүндө анын өзүнчө жыйынтыгы, өзүнчө философиясы бар Чокон ошол философиясынан кайтып калды беле? Антпесе эмне?..

Чокон бара жаткан талаа шыйпаңы алыс эле. Кең пахта шүдүгөрүн как жарган жолдо ал жай кадам шилтейт. Өз ички ою менен алек. «Акмаксың, Чокон,— деп угуза айтып өзүн-өзү тилдеди,— сенин төрт тарабың кыбыла эмеспи? Кайда кадам шилтесең кадам өзүңдүкү, эмнени ойлосоң башың өзүңдүкү эмеспи?..» Чокон артыкча өзүнө бел кылган ишенимдүү жыйынтыктарына кетти. Негедир ал алда кайда алыс-алыс жөнөп кете бергиси келди. Өзүнүн укмуш өмүрүн баштагысы келет. Буга ал ар убак ишенет. Ошон үчүн бардык иштеп жүргөн иштери, аракеттери убактылуу, күн өткөрүп туруу үчүн жасаган аракеттер сыяктанып туюлат. Андан улам ар бир кыжырданган, ачууланган шартта бүгүн иштеп жаткан иши, орду жөнүндө кылдай да эске албай, ачуусуна ого бетер эрип кетет.

Сот алдында жооп берүүлөрүн да эч качан өкүнүү менен эске түшүрбөйт. Ал турсун, кээ бир өз ордунда тынч жүргөн адамдарга көңүлү түк алымсынбагансып, алар алда неге кара курсагы тойгонуна ыраазы болуп жашап жүргөн бир байкуш жандарга окшойт. Турмушка карата өз мамилесин туура деп бекемдейт, өзүн турмуштун активдүү адамы деп сезет. Айрыкча өзүнүн тээ кыштактагы карындашынын күйөөсү Сарбанды көргөндө ичинен кыжыр, бир жагы байкуш деп аёо сыяктуу, балким, саал жийиркеничтүү сезим да көңүлүндө пайда болот. Ошон үчүн аны менен эч качан чечилип сүйлөшкүсү келбейт. Сарбан көзүнө бир момолой чычкан сыяктанып сезилет. Анын өз ишинде кыңкы-мыңкы дегенди билбей, бригадир кайсыны айтса да иштей бериши, анан иштен соң түк тынбай огородун чукулап, эптеп үй-тиричилигине үйрүлүп түшкөн күйүмдүүлүгү Чоконго жакшы сезим чакырбай, ичтен итиркейин келтиргендей болот. «Бул турмушта эмнени билет? Кара курсагынан башка ойлору барбы? Момолой эмегенде эмне?» дейт.

Өз кыштагына барып калганында апасы ар убак ыйлайт. Өзүнүн карып кеткенин, эми өлөрүн айтат. «Сенден топурак буюрса дечү элем» деп бышактап, жээги кызарып, асты канталана бырышкан кичирээк көздөрүн жоолугунун учу менен сүртүнөт. Анан Сарбанды айтат. Оокатка күйүмүн, тиричиликке бүйрөлүгүн мактайт. Кызынын өз очогун таап, тынып калганына кудаага шүгүрчүлүк келтирет. Чокон буларга сыртынан макулдугун билдиримиш болсо да, «Сен да Сарбандай түтүн булатып» дегенинде чыдай албай кетет. Башкага кылган адатынча Сарбанды мыкчып жерге чаап, көчүк талаштыра буту талыганча тебе бергиси келет. Ичтен өзүнүн эзилип кеткенин сезет. Зорго токтолот. Бир тууган карындашын эстейт. Ошондо гана бул жерден тез кетүүгө шашат.

Чокон кеткенде айлап, жылдап кабарсыз жоголот. Апасы ар убак ал кайтканда ыйлайт. Мунусун эстесе туулуп өскөн кыштагына баргысы келбейт. Бирок барат… Кемпир жалгыз уулунан эч нерсесин аябайт. Жок дегенде бир улагын сата коёт.

Мына, азыр да Чоконду баягы кыялдары бийледи. Ал кыялдары Чокондун жашоосунун ишеними, анын эртеңи. Бүгүн болбосо эртең чапанын ийнине салып жөнөп кете берет — көз көргүс, кулак уккус жактарга. Андан өзүнүн бактысын сөзсү табат. Бирок ага негедир жөнөп кете албай кечиктирип жүрөт. Жазды күтөт, жазда күздү, анан…

Бир жылдан бери минтип дагы кечикти. Азыр Чокондун ою бир жаңсыл кетип, бул жерге биринчи келип калган күндөрүн эстеди. Ырас, ал кокустан келип калды. Ал актык кагазын күтүп, эч жерде иштей элек болучу. Бир жагынан ишти эле сагынып калган эмес. Мына бул балжайган москоол манжаларындагы жездей жылтырап каткан чорлор бекеринен пайда боло калган эмес. Бир аз убакыт өтсүн деген ойдо жүргөн. Дал ушул шартта шаарда баягы Идирис жолугуп калды. Аны Чокон тааный койду, болбосо кызымтал Идирис көзүнө эч нерсени иле алар чамасы жок эле.

— Сен Чукансыңбы?— деди ал саал татарча акцент менен.

— Ооба.

Чокон өз абалын жашырбай айтты.

— Якшы,— деди Идирис тамеки ороп. Анан кыштакта жалданып иштеп жатканын айтты. Алар там салып жатышкан эле.

Чокон кошо жөнөдү.

Идирис ал үчүн ишенимдүү адам. Чокон аны менен биринчи түрмөгө түшкөндө таанышкан. Кыйын шартта акыл насаатын айткан. «Мунун өзү да чоң турмуш» деп түшүндүргөн. Анткени — 18 жаштагы Чокон үчүн андай шартка түшүп калышы оор болгон, бардык нерседен көңүлү калган…

Идирис болгондо да өзүнчө турмушка көз карашы бар адам болучу. «Турмушта турмуштун өзүндөй катуу болуу керек,— дечү ал ар убак,— ким күчтүү болсо турмуш ошонуку. Жоо аяган жаралуу — катыны каралуу… Боорукердик — бошоңдук. Чылада жатса, колунан тартпа — дал башынан басып өт. Ошондо сенин өтүгүңдүн жулугу ылай болбойт, бир душманды жеңген болосуң. Ошондо турмуш сеники. Чокон бул философияны биринчи укканда күлгөн, ишенген эмес, бирок көп нерселер жөнүндө ойлонууга аргасыз болгон. Бүткүл жаштык романтикасы ташка урулган чайнектей быркыранган Чокон үчүн кийинки чыныгы турмуштук көз карашынын түзүлүшүндө бул философиянын кандайдыр даражада таасири болбой койгон эмес. Ошон үчүн ал Идиристин азыркы сунушуна кылчаңсыз макул болуп кошо жөнөдү.

Жолдо ичишип, кыштакка кызуу келишти. Пахта терими кызып бараткан учур эле. Чокон эртең менен кыштакка биринчи жолу көз жүгүрттү. Жашыл бак. Аны суктантар айрыкча көзгө түшкөн нерсе болгон жок. Өзү туулуп өскөн кыштагы сыяктуу бир кыштак эле, бар болгону апасын эсине түшүрдү. Аны менен бир жарым жылдан бери жүз көрүшө электигин ойго алды. Акыркы бош болгон беш-алты күнүндө барып келе албаганына өкүндү. Эң акыркы жолу барганында апасы адаттагыдан өзгөчө жалбарып, тээ кыйла жерге чейин ээрчип келип, көз жашын сүртүнүп, жол боюнда кала бергенин эстеди. Анын тамагы саал буулуңкурады. Турмушта катуу болуу керек экендиги жөнүндөгү ой башына кылт этти. .

Баалап алышкан үй курулушунда Чокон ылай чаап иштеп жүрдү. Кечке маал күн сайын ичишет.

Бул үйдү Уулкан деген аял салдырып жаткандыгын Идиристен биринчи эле күнү уккан, бирок көргөн жок, көргөндө-көрбөгөндө Чоконго баары бир — тиешелүү акчасын алса болду.

Чокон аялды жамгыр жааган күнү биринчи жолу көрдү. Аял кыялында болжогондой эмес, жаш экен. Талаадан энтигип ылдам келип:

— Эмне отурасыңар жаппай? Дубал эзилип түшпөйбү,— деди өктөм сүйлөп, биринчи бетме-бет чыккан Чоконго. Сен да устасыңбы деген сөзгө да келе алган жок. Анын али кирдей элек көк комбинзону боюна чыпталышып, бир жагынан белин курчанып алгандыктан саал көтөрүңкү соорусу, көкүрөгү даана билинип турду. Бою да шыңга көрүндү. Чокон негедир терс алды. Жүзү анча жагымсыз да учурады. «Эх, сен майсоору. Мунун сүйлөгөнүн көр. Кожоюн имиш…»

— Сен жап. Сенин үйүң,— деди Чокон камырабай орой унчугуп.

Ошондо гана Уулкан Чокондун безеткилүү, эткел жүзүнө, москоол тулкусуна имере көз таштады, анан нары басты. Арык боюндагы бешемек чөптөн бир нече боону колтуктап жаңы дубалдын кырына коё баштады.

«Сволоч» деп сөгүндү кыжыры көөдөнүндө кайнаган Чокон. Минтиш анын адаты. Өз орду, өз бактысы бар адамды көрсө, кандайдыр жек көрүүсү туулат. Анын оюнда тиги кимдиндир эсебинен ушинтип жүргөнсүп, анын бактысын тартып алгансып кетет. Уулканга карата алгачкы кыжыры да, анын таанымал пахтакер — механизатор экенин, звено башчысы экенин укканда эле пайда болгон.

Чокон ар убак Уулканды көңүлгө илбеген кишисинип көрүнүүгө аракет кылып жүрдү. «Анын үйүн салып жатабыз, бирок бул көз каранды болуу дегендик эмес…» деп жооткотту өзүн. Биринчи жолугушуудан соң ал эми биздин мамилебиз дал ушул бойдон калат деп катуу ишенип, андан улам өзүн дал ошол бойдон кармап жүрүү максатын койду. Ал эми Уулкандын мамилеси болсо баягысындай чыкты…

Анан эмне болду эле? Анан Чокон бир күнү өз сырын ага жашырбай айтып берип койду. Эмне үчүн ошентти? Кантип эле чечилип кетти. Антүүнү кемсингендик, өзүн-өзү төмөн уруп алгандык деп эсептей турган эмес беле? Же мастыктан улам ошентти беле? Жок. Сопсоо болучу. Азыр аны эстөөгө аракеттенди. Ырас, анда эч нерсе деле болгон эмес. Бар болгону Уулкандын эч кандай коопсунбаган мамилеси болгон. Чокондун ар бир сөзүнө, анын өзүнүн башынан өткөргөндөрүнө чын жүрөктөн ишенип отурган. Чокон өз тажрийбасынан билет: ага айрым адамдар кылмышкер катары ишене беришчү эмес. Ушуга эреркедиби, иши кылып, Чокон бар сырын, башынан өткөргөндөрүн айтып таштаган.

Ырас, анда эмнелерди айтты эле? Баарын айткан — түк жашырган эмес. Институтка кирем дегендеги көңүлү калгандыгын да, көөдөнү толо өкүнүчүн, нааразылыгын да айткан. Ал сезимдер экзаменден куланып калгандыгы үчүн эле туулган эмес. Анткен болсо ал тиштенип кайра кете бермек. Апасы да кубанып тосуп алмак. Кеп башкада. Окууга Аскар, Мейлис үчөө келди. Бирге окуп, бирге чоңоюшкан. Үчөөнүн романтикасы да бирдей эле. Үчөөнүн тыңы Чокон болучу. Оруу-жыюу кези экендигине карабай Аскардын атасы эки күндө бир чаап келип интитуттун эшигинде убараланып жүргөнүн көрүп, «Атаңы эмне убара кыласың?» деп Аскарды тилдеген. А Мейлис чоң кызматтагы таякесиникинде турган. Кээде гана таякесиникинде жакшы даярдана албай тургандыгын айтып калчу. «Өзү да начар эле, эми даярдана албаса…» дечү Чокон ичтен.

… Бирок экзамен деген экзамен экен… Чокон куланды. Дал чокусунан чагылган ургандай бардык кыялы талкаланып алдырай түштү. Келгендердин баары эле өтпөй тургандыгын билсе да, ал бул чындыкка макулдук берген жок. Мунун себебин адилетсиздиктен көрдү… «Мугалим да адилетсиздикке барабы?» деп ойлоду өз ичинен. Мугалимдик кесипти ыйык эсептеп ага ээ болууга арзыганын эстеди…

Саат сайын анын жаштык намысы башына тээп чыга берди.

Анан эмне болду эле? Шаарда калды. Келерки жылга даярданмак болду. Нан заводунда кара жумушка орношту. Бул — Чокондун өмүрүндөгү бурулуш кадамы эле…

Чокон андан аркысын ойлонуп эч нерсени элестете алган жок. Жалгыз жүрө алган эмес, кандайдыр тааныштар пайда болгон, албетте, иштен соң азыраактан ичкен да… Муну убактынча деген — жолдоштордун кампаниясынан ажырап калбас үчүн деген өз дилинде…

… Анан көктөм маалында бетме-бет отурган прокурор Закирбаевдин сулуу, бирок темирдей бек, салкын жүзүн түк унута албайт. Чокон дүкөн уурдагандын катышуучусу деп айыпталды. Ал эң алдын корккон жок, моюн берген да жок — актыгыма ишенем деди. Закирбаевдин жүзү жумшарган жок… Чоконго ишенген жок. Түк ишенген жок. Чокон баладай шолоктоп ыйлады — эгерде мүмкүнчүлүк болсо жүрөгүн сууруп алып стол үстүнө чабайын деди, бирок кайда?.. «Ууру тойгончо жейт, өлгөнчө карганат…» Ушул сыналган философия турду Закирбаевдин башында…

Чокон кесилди.

Чокондун алда нечен көңүлү калды. Адамдарга карата жек көрүүсү пайда болду. Адамдардын бири-бирине ишенбегенин көрдү. Эми ал эч кимге ишенбей калды. «Турмушка турмуштун өзүндөй катуу болуу керек…» Ушул философиясы туулду башында.

Мунун баарын айтып берди Чокон. Андан кийинкилерин да. Бирөөнү тоноп кармалганын да жашырган жок. Уулкан болсо үн кошподу: жектөөсү да, актоосу да белгисиз эле. Бар болгону баары өзү баштан өткөргөн турмуш чындыгы катары зор ички сезим менен угуп отурду.

Бир күнү кечке маал Чокон кызымтал эле. Кыялында өзүн өзгөчө сезип турган. Кылжыңдап жогортон сөз сүйлөдү Уулканга.

— Сен адам болушуң керек,— деди Уулкан Чокондун сөзүнө анча деле терикпей, саал кайдыгер да.

— Адам эмес адам барбы?

— Болот,— деди Уулкан. Анан күлүмүш болуп койду. Анын эки ууртундагы жарашыктуу эки чукурду ала көлөкөлөнгөн жарыкта Чокон даана көрдү. Ал эреркей түштү. Кучактап алды. Чочуп кеткен Уулкан аны түртүп жиберди эле, караңгыда Чокон устунга чалынып жыгылып түшө жаздап, жер таяна оңолду.

Уулкан баягыдай эле үн менен кайдыгер сурады.

— Идирис кайда? Бирок Чокон жооп бергенге күтпөй, алар турган үйдү көздөй басты. Чокон көпкө чейин тамеки чегип ошол жерде тура берди. «Бар сырымды айтып коюп, жеңил баа болуп алдымбы?» деп ойлоду ал. Ошол түнү негедир түйшөлүп көпкө чейин уктай албай чыкты. Ушул жерге келип калганына тилденди.

Көп күн өткөн жок, баары Чокон күтпөгөндөй болду. Анын баарын Чокон азыр эсине жакшы келтире албайт. Кыязы, аны бүт сезим бийлеп кетсе керек — эч нерсе эсинде жок. Эң башкысы — ал Уулкандыкында түнөп калды. Бул Чокондун өмүрүндөгү укмуш бир түн эле… Бирок дал ушул күндөн тарта Чокондун тынчтыгы кете берди. Көп-көп түндөрдү чырм этпей өткөзүп жибере берди. Анын алдында кезек күткөн татаал суроолордун баарына жооп табуу зарыл болучу.

Көп өтпөй ишин бүтүп усталар шаарга кайтышты — Чокон да. Уулкан менен эртелеп туруп коштошууга келди. Чокон колун узатканда колун узатты. Эч сөз айткан жок. Анын кетишине өкүнүчүн да, кайдыгерлигин да билдирбей терезе жакка өттү да бир нерсеге убараланган болуп, экинчи жолу кылчайбады. Чокон мурун ага маани берген эмес. Бирок кийин дал ошол учуру көз алдынан кетпей, кылчайбай коюшунун себебин тынчсыздануу менен издене берди.

Адамгерчилик, ишеним, адамдардын бир-бирине мамилеси, адамдын адамдар арасында орду жөнүндөгү маселелерге өзүнчө жыйынтыгы, өзүнчө түшүнүгү бар Чокон алар менен экинчи жолу бетме-бет келди. Ар биринин маңызына кайра ой жүгүртүүгө милдеттүү болду. Дал ушул күндөрдө турмуштун мурда өзү жыйынтыктаган, көргөн жактарынан башка да жактары бар экендигине күмөнсүбөй калды…

Чокон автобазада слесарь болуп иштеп жүрдү. Эми ал ар убак өз ички ою менен жашап, ошондон улам көп учурда жалгыз жүрчү болуп кетти. Муну эң алдын байкаган жок. Бар болгону күндөр ушунчалык кашаң өтүп жаткансыйт.

Анан эмне болду? Андан аркысын бүгүн Чокон эстей албайт. Анын бүткүл эркин кандайдыр бир зор күч бийлеп, чыйыр жолдо таманынан кырчылдата добуш чыгарып, чилденин түнүн беттеп жолго чыкканын билет. Ал кайра эртең мененки ишине жете келем деген ойдо болучу. Бирок андай болгон жок…

Баятан шүүдүгөр аралап жолдогу жука муздарды кычырата басып ойлуу келаткан Чокон талаа шыйпаңынын алдында дөңгөлөгүн кыроо алып кыймылсыз турган пахта терүүчү машинанын алдына келип токтоду. Эски таанышына жолуккандай көңүлү жылыңкы тартты. Тегерете карап, анан ар жерин кармалап көрдү. Баары тааныш тетиктер…

Муздап калган мотордун бооруна ылата жагып от алдырды. Анан гаражга жеткирди да ыңгайлуу жерге токтотуп, тегерете тиктеп турду. Ремонт болорун эстеди. Бирок аны өзү жүргүзөбү же башкабы — жооп бере алган жок.

Кечээ бригадир Чоконду башкармага кирүүсүн эскерткен.

— Эмне, бригадир айткан жокпу? — деди орто жаш, мойну кыска семиз башкарма, ал-жай сураган соң.

— Жок.

— А, — деди башкарма кайра өзү сүйлөшмөк болгонун эстеп,— келерки чарба жылынын камы көрүлүүдө. Колхоз пахтачылыкта звено системасына өтмөк болду. Звено башчыларына ишенимдүү адамдарды ылгадык. Алардын бирине сени ылайык көрүштү.

— Мениби?— деп Чокон чочуп кетти. Ал саал энтигип калды. Денеси бүт чымырап кеткенсиди.

— Ооба, чарбачыл экенсиң, иним. Быйыл… — деп башкарма саал пасыраак үнү менен өз оюн айтып жатты, бирок Чокондун кулагына алар түшкөн жок. Чокон жазгы кызуу кампанияны эстеди… Терим комбайнынын мингенин эстеди. Алыш башындагы суу үчүн болгон күрөштөрдү эстеди… Ал баары бир эч нерсеге ишене албагансып турду. Чарбачылдыгы жөнүндөчү? Ал эмнени билет?— Бар болгону кичинесинен пахта арасында өскөнүн айтпаганда…

Чокон конторадан чыкканда караңгылык түшүп калган эле. Ал ушинтип ойлоду беле? Көңүлүндө алда кандай сезим туулуп, саал чөгүңкү тарткансыды. «Убактынча эле, балким, жыл аягына чейин» деп жүргөнүн эстеди. Ал эч качан бир жерде байлангысы келген эмес, эркин турмушту эңсеген. Көз көргүс жактарды болжойт. Бактылуу болгусу келет. Бирок ал кайда эле? Азыр ал кыйналып баратты…

«Ишенимдүү адамдарды ылгадык…» – Кулагында кайталанды. Мындан улам Чокондун көөдөнүнө бир кубаттуу сезим толо чыгып, энтигип дем алды. Өзүн адаттагыдан кубаттуудай сезди.

Чокон эшикти шарт ачып үйгө кирди. Үй ичи жылуу, жайлуу сезилди. Уулкан үй-тиричилигинде эле. Чокон ички ойдон кутула алган жок.

Бүгүн демейдегисинен эрте жатышты. Бирок Чоконун уйкусу келбейт. Азыр кулак түбүнө жылуу тыноосу уруп, таттуу уктап жаткан Уулкандын мындан бир пас эле мурдагы жарашыктуу жылмаюсу, адатынча эки ууртунда пайда боло калган кош чукуру көзүнө элестеп, акырын унчуккан үнү кулагына угулат. «Звенонун башчылыгында кантип иштемекмин?.. Балалуу болобуз да…» Чокондун жүрөгү делгирди.

Көп өттү.

— Уулкан,— деди Чокон саал буулугуп, көптөн ичкилик ичпей кечинде катуу мас болгонун эстеп,— тил тийгизип койдум окшойт. Кечирип койчу.

— Чокон,— деди Уулкан саал уйкусуроо үн менен,— өткөндү эми түк эстебечи. Суранарым, ишенерим ушу болсун… — Чокон ак-көк деп убада берген жок. Үнсүз жата берди.

Уулкандын ажырашып кеткен эрин эстеди. Анын бу жоругуна кыялында түшүнгөн жок. Ошондон уламбы, ага кыжыры келди.

«Жезде, эми тойду качан өткөрөсүң?— деген башкарманын тамашалуу сөзү кайталанды кулагында,— колхоздун тойго кошору ар убак даяр…» Чокон той жөнүндө ойлоду. Анын башына ар кандан ойлор келип кете берди. Бир алдын өзүн-өзү капаска түшкөн кекиликке окшотуш жиберди. Эркин турмушун эстеди. Өчпөс үмүт туудуруп, ар убак жете жүрчү баягы ою көз көргүс алыс жактардагы ишенимин, эң сонун бактылуу турмушу жөнүндөгү кыялдарын түшүрдү эсине. Алар кайда эле?..

Ал көпкө чейин жата берди. Кыялында эңсеткен ошол дүйнөнү аралап бараткансыды. Кол илинер эч нерсе жок айланасын чапчып, түптүз деңизге чөгүп бараткандай туюлуп энтигип чочуп кетти. Жок, ал өз жылуу төшөгүндө жаткан эле. Чокондун москоол көкүрөгүнө жеңил ташталган Уулкандын жумуру билеги аны ушунчалык ишеним менен кучагына алып, эч качан жамандыкка бербестей ишенимдүү да, кубаттуу да сезилип, жан жыргатар жагымдуу да, жылуу да болучу…

Апасын эстеди. Анын көз жашын эстеди. Көөдөнүнө алда кандай сезим жык толуп буулуктуруп турду. Бул эне жытын сагынуу беле же ар убак үмүтүн ээрчиткен алда кайдагы «эркин бактысын» эңсөө беле, болбосо айкын эртеңи жөнүндөгү кубанычтуу сезими беле — айтуу кыйын эле. Солкулдап ыйлап жиберүүдөн өзүн араң токтотту…