АБДЫРАМАНОВ Шабданбай: ШАБДАНБАЙ АБДРАМАНОВ: АБИЙИР

АҢГЕМЕ

Абаз колойгон обуру чоң кара жигит. Кийинки жылдарда ого бетер толуп, көкүрөгү дагдая, ар бир колу сокпелектей жооноюп салмактанган сайын, өңү да кара көк тартып түтөп барат. Саал ийин кага дем алып, маңдайы дайыма чыпылдап тердеп турганы менен ал шамдагай, кыймыл аракети он сегиз жашындагыдай жепжеңил. Жайдыр-кыштыр шахтадан кайтканында да, же сменасына түшүп баратып иш кийимин кийинер алдында да, муздак душка он-он беш мүнөт тосунуп, жайлоодон жаңы түшкөндөй сергектенет.

Мунун өзү анын бошошконун чыңап, ноюнганын жандандырып жиберет: жер астында кереки-кечке көкүрөгүнө бек такала дырылдап титиреп таш көзөгөн болот бургусунунун кош туткасында каткан колдорунун булчуңдары жеңилденип, үйүнө жетпей чарчаганын унутуп калат. Ал башка жолдошторундай эптеп кроватына жетип, бир-эки саат кыймылсыз сулк жатпайт да. Бир нерсени ышкырып же кыңылдап ырдап үйүнө кирип, кечеги бүтпөй калган ишин улантат, болбосо көчөгө чыгып жолугуп калган өз жоросу менен бир-эки шишени бөлүштүрүп жутуп, анан көңүлдүү кайтат. Чакан короосундагы бир нече түп багынын арыгын тартып, анча-мынча эгип койгон огородунун түбүн чукулайт. Анткиси келбесе жаңы келген газета-журналдарды барактап, айрым макалаларды үн чыгара бакылдап окуйт.

Анан мектепте окушкан топчу мурун эки уулунун, бир кызынын табелдерин карайт. Жакшысы болсо мактап жалбарат, жаманы болсо көчүк талаштыра шапалак менен салып-салып жиберет. Уулум уулум экен, кызым кызым экен деп ажыратышты билбейт. «Мен сен үчүн… Сенин адам болуп чыгышың үчүн жооп берем… Акмак болуп чыгышың үчүн да аталык жүзүм менен… адамдык жүзүм менен жооп берем… Алкыш болсо да, наалат болсо да мага келет… Билесиңби сен?..»

Абаздын кара жүзү көгүш тартып титиреп кетет.

Балдары көзүнөн жаш тегеретип туруп кутулушат.

Абаздын бул жоругуна аялы Фатима түк кийлигишпейт. Анткени Абаздын өзүнө карата мамилесин жакшы билет: сөгүп жиберүүдөн, уруп жиберүүдөн да кайра тартпайт. Барбайган чочмор мушу менен өзөртө муштаган учурлары да көп болгон. Анда ал жаш эле, боз эле, бирок азыр антпесин билсе да ошондо жалкып калган Фатима дагы да этияттанат…

Анан Абаз ачуулана көпкө чейин уктабай жатат. Кыялы тээ алыска — кыштагына кетет: эң мурун картаң ата-энесин, анан тууган уруктарын эстейт, алар менен кошо сөзсүз тээ бери жактагы дагы бир кыштак кыялына түшпөй койбойт. Ошондо анын эсине мындан жыйырма жылдай мурдагы учурлары келет. Өзүнүн жыйырма жаштарга эми чыгып, мурутун жаңыдан кырынган узун бойлуу, арык, уялчаак өспүрүм чагын көрөт. Жүрөгү бир аз жибишип, өзүн дал ошол чагындагыдай кыялдуу, жалындуу сезип, ошондон улам бүткүл көңүлү жумшарып чыгат. Азыр эле мурдунун учуна келе калган ачуусун бүт унутуп, өзүн дүйнөнүн кандайдыр жыргалында сезип кыялдуу жатат…

Абаз мына ушинтет. Анын мында келгенинен бери жыйырма жылдан кем эмес убакыт өттү: анда эртеңинин кандай болорун түк болжой албай, эптеп күн өткөрө турайынчы деген кыял менен келген өспүрүм азыр үч баланын, үй-бүлөнүн атасы болду, көкүрөгүндө бир нече орден жаркырады, мээнеттери менен тапкан акчасына көк «Волга» сатып минди, бирок баары бир тээ алыскы кыштагы, андагы адамдар, анда пайда болгон үмүт-тилектери дагы эле ошо бойдон көкүрөгүндө… Ошон үчүн ал кыштак жөнүндө күн сайын ойлоого мажбур. Ал өзү ойлобоюн десе да көңүлү кылт этип кетип калганын байкабай калат…

Абаз мүмкүнчүлүгү болгон кийинки жылдары отпуска убактарында болсун, майрам күндөрүндө болсун, көк «Волгага» балдарын, аялын отургузуп зуулдатып кирип барып калат. Азыр алдында машинасы болсо, экинчи жагынан ал алыс курортторго, дем алыш үйлөрүнө кетүүдөн жадай баштады.

Ак сакалы түйдөктөнө агарып, бир чеңгел болуп карыган атасы уулуна ойлуу тиктеп, ал аркылуу көңүлү илгерки оор турмушуна кетсе да, саламдашканы келген колу-коңшулары алдында өзгөчө сыймыктануу менен комдонуп эркин отурат.

Абаз эң алды ата-энесинин саламаттыгын, анан кем-өксүгүн сурайт.

— Кудайга шүгүр, балам,— дейт чал кубанган түр менен,— жакшы… баары жакшы. Кемчилик жок. Кемибиз эле силер. Мына ушинтип келип турсаңар эле болду…

Абаздын балдары болсо чоң энесинин жалынып-жалбаруусуна бөлөнүшүп, анан кыштак балдары менен коюн-колтук алыша ойноп кетишет.

Тамак жасоого аябай уста Фатима ала келген азык-түлүктөрүнөн кайнене-кайнатасына сонун-сонун даамдуу тамактар жасап берүүгө, ошону менен алардын алкыштарын алгысы келсе, бир жагынан усталыгы менен таңдандыргысы келип, керели-кечке кемеге башында алек. Абаз болсо сайдын аркы өйүзүндөгү бир кыштакта туруучу атасынын бир тууганы Камка эжесинин алын сурап келүүгө камынат.

Ортолуктагы дарыядан машина өтпөйт, ошон үчүн ат токутуп, өзү жалгыз жөнөйт. Барбай коюуга кыялы түк тынчтык бербейт — анын көңүлү эжеси Камкадан көрө көбүрөөк башка жакта… «Сейдана акыркы күйөөсүнөн да ажырашып, биротоло атасыныкына келип алыптыр…» деген сөздү мындан бир нече жыл илгери келгенинде уккан. Бир нече күндөр бою бүткүл иман-жаны менен ушул сөздөргө байланыштуу ойлору менен жашаган. Алда качан өчкөн сезимдери кайра тутанып, бардык окуялар элесинен кайра жаңырып өткөн… Бири аны өкүнткөн, бири кыжырданткан, дагы бири жаагын кабыштыра тиштентип өкүнүчкө салган…

Жөн калууга таакаты жок — аттанып ошол айылга барган: бир жолкусунда Сейдананы таппай калган — кайдадыр бир алыс жакка оокаттын айынан кеткендигин уккан, экинчисинде, Абаздын барганын байкап калган Сейдана атайылап качып кеткен, атайлап жүз көрүшкүсү келген эмес. Минтиши Абазга кыжыры ушунчалык катуу ташуудан улам беле же намыстанганынан улам ошенттиби, Абаз өзү да ушул күнгө чейин ажырата албайт. Булар эсине түшсө ар убак тынчы кетет, күтүүсүз ойлорго кабылат. Түнү болсо уйкусу бөлүнөт, ишинде жүрсө куралы колунан түшөт.

Абаз азыр минген атын камчылана ылдам бастырып бара жатты. Бирок анын кыялы тээ алда кайда калган учурлары менен аралашып жүргөн эле.

Сейдананы Абаз окуучулардын райондук олимпиадасына барганда биринчи жолу көргөн: Сейдана жадырап күлүп турган жылдызы менен да, шаңкылдап ачык ырдаган кооз үнү менен да, Абазды таң калтырып көзүнө түшкөн. Анда Абаз да мектептеги комсомол активисттеринен болуп көкүрөгүнө значоктор тагынып, эртеңине карата ишеними жалындаган өспүрүм эле.

Таанышкан мүнөттөн тарта экөөнү өзгөчө бир жакындык сезими тартып турду: биринчиден, биринин жылдызы бирине түшүп калгандыктан болсо, экинчиден, Сейдана Абаздын эжеси Камканын коңшусунун кызы болуп чыгышынан улам ошентти го…

— Оо, Камка эжемин жанынанбы? Мен аерге баргамын,— деп Абаз шашып кетти.

Сейдана жадырап жылмайып, узун бойлуу Абаздын башынан аягына чейин сыдыра тиктеп турду.

Көп өтпөй Абаз Камка эжесиникине барып, меке кайрыткан бир ашарда Сейданага экинчи жолу жолукту. Жолугушканда да алда качан көңүлү табышкан адамдардай жакын сезим менен учурашышты.

Ашардан соң бозо ичишип, кызымтал кайтышты. Камка кемпирдин үйүнүн артындагы жалгыз түп картаң талдын түбүндө күтүүсүздөн кучакташып, биринчи жолу өбүшүп да кетишти.

Кийин Абаз Камка эжесинин эгин-тигинин жыйнаштырышып, бир нече күн жүрүп калды. Ал түк чарчабайт, бүткүл көңүлү — тиги короодон улам кылаң этип көрүнө калып, кашкая күлүп, кайра кирип кетип турган Сейданада. Абаз жүрөгүн туйлаткан ички абалын колуна айры кармап кырманда кошо иштешип жүргөн москоол Мурзакмат байкап койбосо деп чочулайт. Мурзакмат — Сейдананын атасы.

Ошол күнү айылда бир адам өлдү. Мурзакмат ага кетип баратып, кырманды жыйнаштырууга жардам бер деп, Сейдананы Абазга кошуп берди.

Түн. Ай кылкылдап батып бара жатат…

Азыр Абазга андан кийинки көп жолку түнкү жолугушуулардын ар бири өзүнчө бир укмуш жомок болуп, өзүнчө бир кол жеткис дүйнө болуп көз алдынан өтүп жатты.

Бул учурда экөө тең окуусун бүтүп, бирок экөө тең окууга «бара алышпай калышкан. Андан көп өтпөй Абаз Камка эжеси аркылуу Сейдананын атасы Мурзакматка сөз айттырды. Бирок… бирок баары үстөмүнөн кетип, иш бузулгандыгын эстеди… Заматта жүрөгү кысылып дем тарталбай калды. Минген атын гана күп-күп эттире темине берди. Жаактары бири-бирине катуу тиштенүүдөн кабышып калды.

Бул алда качан өткөн окуяларды эстеп баратып, Камка эжесиникине жетип калгандыгын да сезбей калды Абаз.

Кемпир чала-була ыйлап, кайра кубанып жалбарды. Анан казан-аягына бурулуп, оокатка камынды.

Мурдагы жылдарда Абаз эки жолу келгенинде да баягы москоол Мурзакмат бакылдап салам айтып кирген. Азыр да ал ошентти. Аны көрөр замат Абаздын жүрөгү зыр-р этип, эти чымырап кетти. Мурзакмат кийинки жылдарда ноокас болуп, аксап калган тизесин таянып какыйлап жатып, араң төшөккө отурду.

Өткөн-кеткенден сөз жүрүп жатты.

Абаздын көңүлү караңгы тартып, Мурзакматтын обу жок мактангандарын жактырбай отурду. Анын сөзүнөн Абаз бир гана нерсени күтүп жаткан эле: ал Сейдана жөнүндөгү кабар болучу. Көп өтпөй Мурзакмат аны да айтты:

— Сейдана үйдө,— деди ал кайдыгер унчугуп,— баягы сүзөктөп жүргөн оорусу аны биротоло төшөккө жыгып таштады… Эринен алып келген үч баласы да менин колумда. Аял бак таппаса жаман тура…

Абаз азыр барып учурашуу жөнүндө өтүндү.

Кыйраңдап аксаган Мурзакматтын артында бараткан Абаз Сейдананын мындан жыйырма жыл илгерки жылмайган жүзүн элестетип, андан улам саал сүрдөнүп, өзүн араң токтотуп келатты.

Мурзакматтын жалпак жабылган дубал тамынын босогосун аттаганда Абаздын мурдуна алды тактайсыз үйдүн ным жыты урду. Наркы бөлмөнүн төрүндөгү төшөктөн алсыз жан араң кыбырап баш көтөрдү. Абаз баш ийкеше саламдашканы менен аны тааныган жок. Үйдүн оң жак, сол жак капшытына көз таштап, Сейдананы издеп жатты.

— Сейдана, таанып атасыңбы, Абаз келди,— деди Мурзакмат күрсүлдөп сүйлөп.

— Тааныдым… Тааныдым… деди алиги аябай арык жан.

Ошондо гана Абаздын жүрөгү канжар менен шара тилгендей жараланып, баягы Сейдананын жүздөн бирине окшобогон жанды тигиле тиктеп калып, анан сыңар тизелей берип колдон алды. Абаз Сейдананын саргыч тартып чийдей болгон арык манжаларын коё бербей кармап турду. Анан кетенчиктей барып бурчтагы сокуга отуруп, көөдөнүн тиреп тээп чыккан оор сезимди баса албай, ийин кага үнсүз дем алып жатты.

— Сейдана,— деди Абаз көптөн кийин акырын сүйлөп,— доктурга көрүнүп атасыңбы?

— Жакындан бери көрүнүп атам. Ана-мына деп жүрө берип…

— Ана-мына дегениң болобу? Жандан артыгы барбы?

— Рас,— деди Сейдана жер тиктеп турган калыбында,— эми көрүнөм. Курортко барып дем ал, дарылан деп атышат…

— Ошент, ошент.

— Балдары бар… Аны таштап кайда курорт,— деди Мурзакмат колдур сүйлөп.

— Балдарым деп өз жанын таштап иймек беле? Сиз багыңыз!

— Менби? — деди Мурзакмат кара жүзүнө каны тебе кекетип,— ансыз да булардын азабы менин мойнумда… А сен анткиң келбейби?

— Ал эмне дегениңиз?

— Аңкоосуйсуң ээ? Кызымды эл оозунда сөзгө калтырып кеткен ким эле? Аны өмүр бою бактысыз кылган ким?

— Ким?! — деди Абаз күчтүү ички сезимден түтөп.

— Сен!..

— Жүзү кара,— деди Абаз тиштене кылчылдап,— Сейдананы бактысыз кылган сен, жүзү кара! Мен сенин кара жүзүңдү ачып беремин!

— Сенин каныңды…— деп Мурзакмат дубал боорунда илинип турган балтаны ала коюп шилтеп жибергенде, Абаз аны билектен чапсаң алып, колун кайрып кетти. Балта Мурзакматтын колунан түшүп, жерде турган чайнек талкаланды.

— Эл-журт! Кармагыла канкорду! — деп Мурзакмат аксап сыртты көздөй умтулганда, Абаз аны желкеден алып тартып токтотуп, жакадан муунта силкилдетип туруп унчукту:

— Канкор ким? Каракчы ким? Үй-бүлөсүн, өзүн бактысыз кылган ким? Айт, жүзү кара!

— Кудай кылган, кудай! — деди кыркырап муунуп кеткен Мурзакмат.

— Кудайбы? Бутуңду да кудай сындырдыбы?

— Кудай жиберген балээден болгон… Уюмду уурдаган уурулардын артынан жүгүргөнүмдө жамбашымды сындыра чаап кетишкен.

Капкара болуп ачуудан күйүп кеткен Абаз жакадан муунтуп турган Мурзакматты капшытты көздөй түртүп жибергенде Мурзакмат дубалга бир урунуп, анан кийиз үстүнө жыгылып түштү. Апкаарып жер таяна баш көтөрдү.

— Уурулар чаап кетишкенби? — деп Абаз кекете унчукту,— Жүзү кара! Жети-Жарда каракчылык кылып жүргөнүңдө бир азамат жамбашыңды талкалай чаап кеткен эмес беле?!

— Ах! — деп Мурзакмат жүлүнгө сайгандай ыргып кетти.

— Отур! — деди үнү дирилдеген Абаз, Мурзакматты желкеден басып кайра отургузуп.— Ушул кезге чейин адамдарды алдап келгениң жетер… Жаштыгымдан улам сенин кара жүзүңдү учурунда ачпай басып кеткениме өмүр бою өкүнөм. Кеч болсо да эми сенин кара жүзүңдү ачып коёюн… Сен бактысыз кылган кызыңдын көзүнчө чындыкты айтып коюу менин адамдык милдетим…

Мурзакмат бой таштап, Абаздын жакасын көздөй асылды. Абаз аны чапчып желкеден алып, күчтүү колу менен басып жерге дагы отургузду.

— Былк этпей отургун! — деди Абаз буйрук берип.— Сен оюңда баарын алдадым деп жүргөнсүң го? Жо-ок! Сен али жамбашыңды ким сындыра чаап кеткендигин да билбейсиң! Мен эми анын баарын айтып берейинби?!.

*   *   *

Абаз Камка кемпир менен чала-була коштошуп, бирок күчтүү ички сезими тарабай, ат үстүндө өзүнөн өзү кыйналып келатты. Анын кыялы дагы баягы жаштыгына, турмушунда чукул бурулуш жасалган учурларына кетип жаткан эле.

…Абаз Сейдана менен бирге түн ичинде кырман жанчышып, анан өтө сырдаш болуп калышкан жакындыгынан соң түк тынч алып кала алган эмес. Мүмкүнчүлүгү болор замат Сейданалардын айлын көздөй жөнөчү — эми экөөнүн жакындыгы жөнүндө, эртеңки тагдырлары жөнүндө ата-энелери арасында да сөз жүрүп калган…

Абаз уктай албайт. Кечке араба айдап чарчаса да, түнкүсүн бригадирден жашыра бир атын микип, кээде колуна жоон таяк алып, жөө болсо да Сейданалардын айылын көздөй жүрүп берет. Аралыкта токой, анан Жети-Жардын быткылдары, анын төмөн жагында күркүрөгөн дарыя жатат. Эгерде Сөйдананын ышкысы болбосо, алтын төлөсө да Абаз түн ичинде бу жолду беттеп эч качан чыкпас эле.

Согуш жылдарында бу жолду Чоро качкын мекендеп, жалгыз-жарым адамды күндүз болсо күндүзү, түнкүсүн болсо түнкүсүн карактап алып турган. Чоро кармалып кеткени менен жолдун чыры дагы эле бүткөн эмес: «Баланды тоноп коё бериптир» деп да угулчу. Дал ушундай коркунучтуу жолго Абазды түн ичинде беттеткен күч бар… Абаз тобокел кылат… Анын коркунучунан тиги жакка болгон каалоосу жүз эсе, миң эсе күчтүүрөөк…

Кырманда бригадир уктаганда Абаз атына токум салып, эч кимдин көзүнө илинбей, уюган бүркөө түндө жолго чыкты. Желдирип-жорттуруп келатат. Жети-Жардын быткылдарынан чыга берерде карп-курп алдынан тоскон атчан Абаздын атын жылоодон алды. Абаз аттан боюн таштап жерге түшүп, артына кача берерде экинчи атчан утур тосуп, мылтыгын шарак-шарак эттиргенде, шашып калган Абаз колундагы жоон таягы менен керилип туруп шилтеп жиберди. Ташка тийгендей чак этип добуш чыгуу менен мылтыктуу атчан чокусу менен сайылып түштү. Тарс этип башка мылтык атылганда көзүнөн от чагыла түшүп, акылын бийлей албай коркуп кеткен Абаз жардан төмөн боюн таштап аңке-чеңке кулап барып дарыяга түштү. Дарыя менен агып наркы өйүзгө өтүп кетти. Коркуп калган өспүрүм талааны-талаа билбей жүгүрүп отуруп, Камка эжесиникине жетип жыгылды.

Ал түнү менен уктай албады. Таңга маал гана кирпиги илинип кеткен неме эшик алдындагы кыжы-кужудан чочуп ойгонду.

— Ой шумдугуң кургур оой, — деп бир адам экинчи бирөөгө айтып жатканды Абаздын кулагы даана чалды,— түндө Мурзакматтын уюн ууру жетелеп качкан экен, артынан кууса жамбашын талкалай чаап кетиптир…

— Ой шумдук… шумдук…

Абаз башын төшөктөн көтөргөн калыбында катып, уккан кулагына ишенбей турду. «Кантип эле? Кантип эле ошо Мурзакмат болчу?.. Ал ушундай иштерге барып жүргөн адам беле? Эми мени билип койсо кантем? Сейдана билип койсо эмне дейм? Менин бул күнөөмдү ал кечеби? А мүмкүн уй уурдоого келген деп жалаага жыгып жиберишсечи? Жок, андай эмес, мындай десем башкалар мага ишенеби? Далилдеп беришсе белгим, күбөм барбы? Ырас эле кантем? Эмне кылышым керек? Эмне кылышым керек?»..

Жүрөгү чыгып кеткен боз баш өспүрүм адамкерчиликтин кашкайган зор чындыгын беттеп «мен кылдым!.. деп барышка даай албай калды. Эшикте турган адамдар аны көзүнөн билип коё тургансый берди, аны айыпка жыгып жибере тургансый берди…

Абаз ордунан тез туруп, там айланды да, калың мекени аралап качып, чоң жолго чыкты. Артынан кууп келе тургандай алактап шашып, өз кыштагын көздөй бет алды.

Ушул күндөн тарта ар бир өткөн күн Абаз үчүн бара-бара оорлошо берди: күндүзү ишинен алаксыса, түнкүсүн уйкусунан ажырайт. «Эмне кылуу керек?.. Эмне кылуу керек?…» деген суроо миң жолу сезиминде кайталанып, аны ичтен мүлжүп жеп жаткансыды. Ал эми өз адамдык иманы алдында өзү уялып, ошондон улам анын бүткүл ички абалын башкалар көрүп тургансый берди. Ал Сейданага да, алардын айлына да беттеп бара албай калды. «Мен Сейдананы кантип алдайм? Мен аны алдоого акым барбы? Өз абийиримдин алдында акым барбы? Мен аны сүйгөндүгүм үчүн алдоого акым жок да. Мен өз жүрөгүмө каралыгымды жашырып коюп, кантип андан актык күтөм? Бул жүзү каралык болбос беле?.. Жок!… Жок! Мен алдай албайм… Атасын майып кылган күнөөмдү ал кечеби? Атасын кечип ийип, анан мени менен жүздөшүп жүрө алабы? Иманын кир чалбай жүздөшүп жүрө алабы? Адамдар ошентип жашай берүүгө болобу? Эң жакын адамын да алдап жашай берсе болобу?..»

Абаз Сейданага бармак турсун өзүн ушул адамдар арасында кандайдыр кара, ичине кара нерселер каткан жандай сезе берди. Ушул адамдар арасынан өзүн башкача, ашык баш көрө баштады. Өзүнөн өзү буулугат. Алыс-алыс жактарга кетип жоголгусу келет. Баарын унуткусу келет… Бирок «кантип?… кантип?..»

Дал ушундай шартта Абаз алда кайдагы бир тоо кенине адам чогултуп жүргөндөргө жолукту. Кайда деп да сураган жок ал. Ошолор менен жөнөп кетти.

Мына, андан бери жыйырма жылдан ашык убакыт өткөн…

Атчан бастырып келаткан Абаз андан аркы окуяларды эстеди. Абаз сурьма кенин казган металлургдардын тобуна кошулганын алды эсине. Ал адамдардын жүрөгү зор да, талабы катуу да болучу. Жыл айланбай Абаз алар менен ата-бала болуп кетти. Күндөр өтүү менен андагы өзү ишене баштаган адамдар иштеп жүргөн чырайлуу жаш келинди — Фатиманы ыраа көрүштү. Өздөрү той өткөрүп, баштарын кошуп коюшту.

Күндөр өтүп жатты. Бирок Абаздын жүрөгүн өйүгөн нерсе тарап кете койгон жок. Эрте-кеч жүрөгүн зыр эттире жанына тийип өтүп, ичтен кыйнап турганы турган. Күндөрдүн биринде Абаз өзү чогуу иштеген тажрыйбалуу адамга сырын айтты. Ал эски металлург мурутун жанып ойлуу отуруп, акырын кобурады:

— Сен туура эмес кылгансың, Абаз. Сен бекер өзүңдү айыпкер сезип жүргөнсүң. Каракчылык кылган кишини да аяйт бекен? Сен аны аясаң, сенин бутуңду же башыңды ал сындыра чаап кетет болучу. А балким, өлтүрүп кетет эле. Сен аны аттан учура чапканың абдан туура. Анын каракчылыгынын бетин ошо саат ачып, сүйгөн кызың Сейдананы көрүнөө колдон алып басып кетишиң керек эле да. Сейданаң жетик болсо сени айыптамак турсун, азаматтыгыңа сыймыктанмак… Адамгерчиликтин заңы, адилеттиктин заңы мына ушундай…

Абаз эрдин кырча тиштеп, өз балалыгын, өз тажрыйбасыздыгын биринчи жолу мойнуна алып, бир нече түн удаасы менен уктай албай чыкты… Арадан бир нече жыл өткөн соң, өз кыштагына келип, Сейдананын башка эрге чыгып балалуу болуп калганын укту. Эч нерсе кылууга мүмкүн эмес эле.

Кийинки бир жылда эринен ажырашканын да билди. «Алып кет. Алып кет» деди ички бир үн. «Алып кетем… Менин өз Сейданамды алып кетем…» деп жооп берди экинчи бир үн.

Дал ушул учурда Фатимадан экинчи уулунун жүзүн көрдү Абаз… «Эмне кылуу керек?.. Эмне кылуу керек?..»

Булар эми бир ооз табакелдик менен чече коё турган жеңил иштер эмес эле… Мунун аралыгында бүтүндөй бир үй-бүлөнүн, анын ичинде бир нече адамдын тагдыры жаткан болучу…

Абаз ат үстүндө өз ички абалы менен болуп, айланасына кылдай капары түшпөй, ойлуу жүрүп отурду. Ал азыр адамдын турмуштагы ар кандай кадамы жөнүндө… бир адамдын эссиз кадамынын өз айланасындагы башка адамдар тагдырына тийгизер таасирлери жөнүндө… а балким, кесепеттери жөнүндө ойлоп келатты. Бирөө үчүн оңой эле шилтенген кадамдын экинчи бирөөнүн өмүр-тагдыры үчүн оңолбос кесепет болуп, бүткүл өмүрүн башка багытка — түк оңолбос кесепетке түшүрүп кетерине ишенди.

Адамдын турмуштагы ар бир кадамынын ушунчалык татаал, жооптуу экендигин алды мойнуна… «Мурзакмат эмне үчүн муну билгиси келбейт? Эмне үчүн ал өз абийири, өз абийири алдында кызарбайт? Адамгерчиликтин бул ыйык, бул адилеттүү заңы жеңилдик береби? Деги антүүгө болобу? Жок!.. Жок! Эч качан!.. Бул милдеттен эч ким четте калмак эмес. Адамдын адамдыгы, адамдын улуулугу мына ушул кагазга жазылбаган, бирок акыл менен ажыратып алар эрежеде!..»

Өз ички оюна биротоло кирип кеткен Абаз үйүнө жеткенин сезбей калды. Атын акырга байлан койгон соң атасынын багын аралап басып жүрдү. Анын ою Сейденада эле. Адамдык жүз менен адамдык милдетин эстеди: эң биринчи аны жакшылап доктурдан өткөрүүгө жардам берүүнү эсине алды. «Анын оорусу анчалык деле оор эмес…— деди ичтен.— Анан курортко барса…» Көңүлү бир аз бөксөрө түшкөнсүдү.» Ал жаш… тез эле айыгары, адам болору сөзсүз… Бирок биздин аралыгыбызда эми татаал тосмолор көп: балдарым… үй-бүлөм… ишим… Өзүм үчүн гана жашоого эми акым жок… Антсе да анын тагдырына кол кабыш кылуу менин адамдык ыйык милдетим гана болушу керек…»

Абаз жапалак карт алманын түбүндө көпкө чейин тунжурап үнсүз турду. «Мурзакмат… Мурзакмат…» — деди бер кезде негедир. Анан Сейдананын үч эринен тапкан үч баласын эсине алды. «Сенин жаныңда ал балдар калышы мүмкүн эмес, Мурзакмат… Алар сени көрүп өспөсүн… Алар орун табар, алар адам болор жайларды мен табам… Аларды күтүп турган эң сонун мектептер бар, эң сонун адамдар бар.»

Көп өтпөй Абаз бала-чакасын «Волгасына» олтургузуп, төмөн көздөй уюлгутуп жөнөдү.

Ал баранканы кош колдоп жай имерип, майланышкан асфальт жолго көздөрүн тигилткени менен, кыялы алда кайда… Бүгүн кайра жаңырып ойгонгон адамдык абийири көкүрөгүн мыжыга эзип, ички күчтүү сезимден тамагы сезилерлик ооруп буулуга, каканактап тегеренген көз жашын балдарына байкатпас үчүн араң сиңирип, жүрөгү менен ыйлап баратты. Жаштыктан кетирген катасына болгон өкүнүчү, адамдар арасындагы жүзү каралыктарга карата ташынган кыжыры көөдөнүн фонтан болуп жарып чыгардай тиреп келаткан эле.