АБДЫРАМАНОВ Шабданбай: ШАБДАНБАЙ АБДЫРАМАНОВ: МАДЫ

АҢГЕМЕ

Мады кышын-жайын кош ат чеккен арабасынан түшпөйт. Ал башкалардай болуп арабасынын үстүндө талтайып тике тура калып, камчысын асмандата тегерете булгап, кыштакты жара калдыратып катуу да айдабайт. Арабанын бир жак кырына жалпайып отуруп алып, кыска гана ышкырып, узун тизгинин силкип коёт да, саал кылыр көзү менен айланасына таңдангандай шыкырая карап кете берет. Жаздыр-күздүр семиз этинен жазбаган коёндой окшош кара жал тору аттары анча-мынча учурда эле жортуп койбосо, керилип жай баскан басыгынан жазышпайт.

Ушунча жылдан бери башка ишке койгун деп бригадирге Мады бир жолу да даттанган жок, анткени — бул иши өзүнө жагат. «Палан жакка жөнөгүн» десе күн-түн дебей, кара жамгыр кыш дебей, каамыт моюнчактарын көтөрүп чыгып, негедир бир нерселер жөнүндө күңкүлдөп сүйлөнүп, окшош тору аттарын арабасына чегүүгө камынат. Кубаныч-капасы түк сезилбеген салыңкы кабактуу кара сур жүзү ар убак бир калыпта.

Мадынын атасы алтымыш жаштардан ашып калган чоң сакалдуу адам: анын төрт уул, эки кызы бар — чоң уулдарын үйлөндүргөнүнө көп жылдар болуп калды — эмки кезек Мадыныкы… Ушунча үй-бүлө бир казандан аш ичип, ынтымактуу жашап турушат, анткени, Касымдын байбичеси дымактуу жан, келин-кесек, уул-кыздарын бириктире бек кармап, ушул үйдүн туруму болуп, тиричиликтерин кыймылдатып турат.

Касым менен кемпиринин кийинки кездердеги негизги ою — Мадыны үйлөндүрүү… Касым көпкө чейин өз ичинен «азыркы жаштар өздөрү таап алышат тура, Мады да бир күнү бир кызды колдон жетелеп кирип келер» деп жүрдү. Бирок Мады анте алган жок. «Ой, Мадынын жашы жыйырма төрткө кадам коюп баратат. Бул биздин үй-бүлө үчүн күнө эмеспи? Эл эмне деп жатат болду экен?» Касым чыдай албай өзүнчө сөгүнүп, тынчы кете баштады — Мадынын жүүнүнүн боштугуна сөгүндү.

Касым ошондо гана коңшулаш айылдагы картаң таежесинин бойго жеткен эки кызы бар экенин эстеп, ичинен ойлонуп калды. Күн кечтеп бараткан эле, Касым чоң курсак кара бээсин токуп минип, жантая бастырып таежесиникине барып түштү.

Картаң таежеси Касымдын унутпай келгенине аябай сүйүндү.

— Бара-бара балдар алысташып баратышат. Сөөк жаңыртсак деп келдим,— деди Касым чайдан ууртап отуруп. Кемпир Касымдын жүзүнө ишенбегендей сестене карап, анан эмшиңдеп чала-була ыйлап да жиберди.

— Ооба, ооба… Кудай өмүр берсин сага, Касым,— деди кемпир,— менин эчкиникиндей гана жашым калды. Кыздар болсо беш күндүк мейман… Там-ташым, бак дарагым турат. Баш-көз болор адам калса десем эки көзүм төрт. Мадыңы мага бер — Айгүл экөөнү тиги үйгө киргизип коём. Кичи кызым өз тууруна конгончо биз мында болобуз.

Касым бул ойго аябай макул болуп, тынымсыз баш ийкеп отурду. Арадан көп өтпөй эле той өткөрүлүп, Мады Айгүлдүн үстүнө кирип келди. Эки жаш мурунку кездерде ата-энелери аркылуу таеке-жээн катары анда-санда гана көрүшүп жүрүшсө да, көп өтпөй эле кандайдыр бир күч аларды бекем тартып, бат эле байыр алыша, кыйышпастай болуп кетишти. Мады сүйкүмдүү Айгүлүнө ыразылык түр менен канааттана тиктеп, жүрөгү элжиреп сүйүнөт, өз бактысына ичтен күңгүрөнүп ыраазылык айтат.

Бул жерге келгенден кийин да ат-араба колуна тийии, Мады өз сүйгөн ишин улантты. Эртели-кеч колу бошой калганда күдүңдөп үй чарбачылыгын иштейт: арык тартып, багынын ичине суу жүргүзөт, там-ташынын бузулган, тешилген жерлерин оңдойт. Буга ичи жылыган кайненеси тапканын оозуна кармап, бардык иште анын кеңешин сурайт, бир үй-бүлөнүн башчысы катары урматтоо менен мамиле кылат.

Эреркей түшкөн Мады баарын өзү билген киши катары эч кимден кеңешсиз эле арыктан суу жыгып келип, аң казып ылай жасады. Кайын энеси чыгып, алаканын маңдайына серепчилей араң көрүп, Мадыга карай кобурады:

— Убараланган айланайын, муну эмне кыласың?

— Эки мал бата турган чаркар тургузуп коёюн, мейман-ысман келет экен, ат байларга жай болсун. Андан калса кунажын да бар эмеспи…— Мады атасы энчилеп берген кунажыны жөнүндө айтты.

— Өзүң бил, айланайын,— деп кемпир кобурана кудайга жалынып үйүнө кирип кетти.

Мады эртели кеч кол тийгизе коюп жүрүп, кичинекей чаркардын алты пакса дубалын бүтүрүп койду.

Балакетти кайдан келбейт деп болот? Бир күнү кечинде Мады арабасын кырманга чыгарып, аттарын коё берди да, үйүн көздөй шашты. Үйүнө жакын жерде Айгүл менен узун бойлуу, арык Бакир сүйлөшүп турушуптур. Мадынын жүрөгү жарылып кете жаздаса да, өзүн өзү араң токтотту. Эрдин кырча тиштенип, тигилерге салам да айткан жок. Бакир болсо кыйгачтай басып короодон чыга берди.

Үйүнө кирген соң Мады өзүн токтотуп араң сурады:

— Бакир эмнеге келиптир?

— Тигинин кабагын кара? — деди Айгүл шыңкылыктап күлүп,— шашпай эле кой, билерсиң кийин…

Эртеси күнү Мады кырманга жакындаса бир топ жигит негедир дуу-дуу күлүп жатышат. Алардын арасында Бакир да бар болучу. Бул күлкүлөрдүн баарын, недендир, күмөпсүнгөн Мады өзүнө алып, жүрөгү зырп этип кысыла түштү. Мады аларга барып токтой калса сөз тизгини башка жакта экен, бирок ал ишенбей, «мени көрүп калп эле сөздөрүн буруп жооткотуп коюшту» деп ичтен шекшинди.

Ошондон эки-үч күн өтпөй, Мады баш болгон төрт арабакеч станцияга эгин жеткирип кайтышты. Жол ката оозуна келгенди оттоп келатышкан жигиттердин бири Мадыга карап бакылдап сүйлөдү:

— Мады,— деди арабакеч кең жолдо Мадыны жандай салып,— Айгүлгө канча калың берип алдың?

— Эч нерсе… – деп Мады жылмайды.

— Калың бермек беле — күч күйөө уктаганын калыңга тогойт дейт, Мадынын калыңы уйкусу да! — деп арткы арабадан калпакчан кара жигит бакылдады. Арабакечтер дуу этип боор ката күлүп жиберишкенде, Мады күлүп жибергенде да кантер эле, бирок ал анткен жок, тетирисинче мостоё түштү. Тигинин абалын байкай коюшкан жигиттер сөз тизгинин башка жакка бурушту. Анткен менен жигиттердин башка нерселерге күлгөн күлкүлөрү да Мадыга октой тийип, жүрөгүн астыртан тилип жаткансыды.

Өзүн маскараланган абалда сезип, сөзгө кем аралашып, алдыда келе берди. «Күч күйөө» деген сөз жанын эзгилеп, ар намызын ойготуп, астыртан тынчтыгын алып жатты — бүткүл өз тукумун намыска калтыргандай болот.

Какаганга муштаган болуп, Бакир дагы алардын короосунан чыгып кетип бараткандын үстүнөн чыгышса болобу. Бакир арабакечтер менен саламдашып, анан арабага отуруп жогору көздөй кетти. Бир кыйла узай беришкенде жигиттердин аңги күлкүсү дагы угулду. Мады муну кадиксиз өз жүрөгүнө алды.

Үйүнө кирген соң көпкө чейин сүйлөбөй отурду.

— Эмнеге кабагың жерге түшүп калган? Же табың жокпу?

Айгүл асты-үстүнө үйрүлүп түшкөнү менен Мады ачылып сыр айткан жок. Анын башында «Эмне кылуу керек?» деген бир гана ой уялап турду. «Күч күйөө» деген атка конуп, сөзгө сынып өтөмбү?»

Кечке жуук Айгүл эт кошуп басылган жыттуу палоону Мадынын алдына койду. Ачка неме палоодон тайлак таман кылып, беш-алты сугунган соң жаны жыргай түшкөндөй баш көтөрдү. Бет маңдайында отурган Айгүлүнүн жүзүнө көзү чалдыгышы менен баятан жанын кыйнап жүргөн «күч күйөө» деген сөз эсине кылт этти. Андан улам Бакирди да эстеди. Мады жүзүн тырыштыра оокаттан четтеп, атайын кычаштанды:

— Палоонун тузу кем,— деди Айгүлдүн жүзүнө тике карабай күңкүлдөп.

— Менин оозума андай учурабайт ко?

Көп өтпөй дагы күңкүлдөп койду:

— Палоо кылат имиш — сабизин да өлтүрө кууруй албапсың!

— Мындан артыгы күйүк даамданып калбайбы?

— Күрүчтү ысык сууга көп уютупсуң — эзилип ботко болуп кетишке аз калыптыр…

Айгүл эми ичинен тырчый түшүп, бирок сүйлөгөн жок.

— Сен күрүчтү дайыма бузасың, менин апам палоону кандай сонун жасайт!

Айгүл мунун себебин окуй алар бекемин дегенсип, жаш баланын сыңары кежирленген Мадынын жүзүнө карап турду.

— Сенин колуңдан бир жолу да палоо жегенге окшободум. Апам палоону кандай сонун жасайт.

Айгүл чыдай албады:

— Анда палоону апаңа барып жасатып жебейсиңби?

— Эмне?

— Менин палоом жакпаса каалаган кишиңе барып жасатып жегениң оң!

— Ушундайбы?

— Анан кандай болмок эле?

Мады ордунан ыргып туруп сыртка чыкты да, атасы уй кылып алгыла деп энчилеп берген кызыл кунажынды казыктан чечип жетелеп, жулкуна басып жолго чыкты. Айгүл кантти экен деген ой менен артына кылчайды эле, жакында эле өзү уруп бүтүргөн алты пакса дубалы көзүнө урунду. «Бир жолу кайрылгыс болоюн» деп күңкүлдөп артына бурулду да, кунажынды терекке байлап, анан кетменди колуна алып, жаңы дубалдын төрт тарабын төрт жакты көздөй уратып кирди.

Айгүл үйүнүн бурчунан үн катпай гана карап турду. Мады дубалды уратып бүтүп, кунажынын жетелеп жөнөй бергенде, Айгүл бетин баса каткырып күлүп, үйүнө кирип кетти.

Мады кечке жуук ата-энесиникине жете келди. Кечки тамакка кам урунуп жаткан апасы да, төрдө кынтайып жаткан атасы да ордунан тура калды. Алар адегенде чочуп кетишкен эле. Иштин жайын жай угушкан соң Касым чал тиштиккендей тиштенип түк сөз кошкон жок. Апасы болсо жемелеп-жукалап, бир паста жетесине жетти. Мады апасынын дымактуу үнүнөн, анын жемесинен бир канча жаттыга түшкөн эле…

Кечки тамакта апасы башка балдарынын, неберелеринин катарында Мадыга да бир кесе кесме ашты колуна карматты. Күндөгүдөй өнтөлөп аны төрдүн төбөсүнө өткөрүүштү ойлогон эч ким болгон жок — көптүн катарында аштын суюгу, нандын күйүгү тийгенине да ыкрал болду.

Жатар мезгилде болсо казан-аяк туруучу дализдин артындагы эски ордуна төшөк салып беришти. Керебетке жатып жаман үйрөнө түшкөн неме таң аткыча тынчы кетип уктай албай чыкты. Ал дароо эле баягы эски кейпине келип калгандыгын сезди.

Арадан эки аптадай убакыт өткөн соң, Айгүлдүн сиңдисин баягы узун бойлуу, арык Бакир алгандыгын укту. Мадынын жүрөгү кабынан чыгардай туйлап, эмне кыларын билбей, эч кимден кеңеш да сурай албай, башын жерге салып, эрдин кырча тиштенип, өзүнчө тунжурап отурду. Бакирдин колу жука жигит экендигин, андан улам азыр калың же болбосо той-тополоңго каражаты жоктуктан ошентип жашырын качырып алууга, кыздын эжеси менен ачык сүйлөшүп жүргөндүгүн аргасыз эми эсине келтирди…

Мадынын ичи туз куйгандай ачышып, төшөгүнө көмкөрөсүнөн кулап түштү. Бирок ал түнү бою кирпиктүү көзүн каккан жок: Айгүл жөнүндө… аны менен өткөргөн укмуштай таттуу түндөрүн бир бирден көз алдынан өткөрүп чыкты. Ошол эң сонун күндөрүнүн баасын ал биринчи жолу сезди… Дал ошол бактыман айрылып калган жокмунбу деген пикир оюна кылт эткенде жүрөгү оозуна каптала түштү.

Мады улам-улам сыртка чыгып таңды күттү. Түн бүгүнкүдөй эч качан узун болбос… «Кантип барамын?» деген ой дагы да сокур намызын ойготуп, жүрөгүнө найза болуп тирелип турду.

Таңга жакын Мады сокур намызын тепсеп жолго чыкты. Ал жеткенде Айгүл али төшөктөн туруп сыртка чыга элек экен. Үйгө кирип барууга дити чыдабай, Мады кайсалаңдап калды: Айгүлү анын алдында ушунчалык сүрдүү да, каардуу да учурап турду.

Ал үйгө кире албай кайгуулданып сыртта жүрүп, баягы өзү бузган дубалынын ордун көрдү: дубалдын кесектери аркы-терки ураган бойдон жаткан болучу… Мады дубалдын түбүндөгү көтменди ала коюп, арыктан суу буруп келди да, баягы ылай кылуучу аңга түшүрдү. Аңдын чеке белин казгыламыш болуп жатканда Айгүл сыртка чыгып, акырын басып жакын келди да, үнүн токтоо чыгарып унчукту:

– Сиз дубал ура турган мендикерсизби? Бизге мендиктер керек эмес!

— Жок,— деди Мады колунун арты менен маңдай терин сүртүнө бош сүйлөп,— дубал кыйшык урулуп калгандыктан, оңдоп урайын деп эле бузгамын…