АСАНБЕК Жетиген: АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: БИЙЛИК МЫЙЗАМСЫЗ ӨКҮМДӨРДҮ ЧЫГАРГАН САЙЫН ЭЛ АРАСЫНДА НААРАЗЫЧЫЛЫКТАР КҮЧ

“Акыйкат” партиясынын лидери, Кыргыз-Орус славян университетинин профессору, белгилүү саясатчы Аликбек Жекшенкулов менен учурдагы саясый кырдаал туурасында учкай маек…

– Өткөөл мезгилдеги президентибиз Роза Отунбаева стратегиялык жактан Сооронбай Жээнбековдун тандалышы мен үчүн туура жол болду деп билдирди. Жаңы бийлик саясый камоолорду оң жагына чечип, сот адилеттигин орнотот деп үмүттөнсөк болобу?

 Роза Исаковна Отунбаева абдан тажрыйбалуу, билимдүү, прогматик саясатчы. Сооронбай Жээнбеков менен КСДПда партиялаш болуп, көп жыл чогуу иштешкен. Ошон үчүн ал кишинин стратегиялык багыттагы көзкараштарын тереңирээк түшүнөт болуш керек. Кыргыз эли да үмүт менен жаңы президенттен жаңылануу кадамдарды күтүп турат.

Менин оюмча Жээнбеков чын дили менен адилеттүү коом орнотом десе, иш жүзүндө укук коргоо органдарын, сот тармагын чындап реформа кыла баштаса, саясый мүнөздөгү адилетсиз камалгандардын иштери оң жагынан чечилет деп ишенем.

– Бийлик бүгүнкү күндө Ата-Мекен партиясынын үч беделдүү мүчөсүнө мыйзамсыз өкүм чыгарууга жетишти. Процесстеги сот иштери да бар. Бул жүрүш менен оппозициянын толук мизи кайтып, демократиядан четтеп кетүү коркунучу жаралып жаткан жокпу?

– Азыркы бийликтин мындай аракеттери бийликке аброй апкелбейт. Демократия, эркиндик, адилеттүүлүк элибиздин канында бар. Бийлик мыйзамсыз өкүмдөрдү чыгарган сайын эл арасында нааразычылыктар көбөйүүдө. Ошол себептен оппозициянын катары азайбай, кайра көбөйүп кетиши мүмкүн. Мисалы, Бакиевдер да ошол иш-аракеттерди жасап, аягы эмне болуп бүткөнүн баарыбыз билебиз.

 Күчтүү жарандык коомсуз демократияга толук жетүү мүмкүн эмес делинет. Жарандык коомду кантип күчтөнтүүгө болот?

 Акыркы президенттик шайлоо жарандык коом алсыз экенин көрсөттү. Өнүккөн демократиялык мамлекеттерде күчтүү партиялар өнүккөн жарандык коомго таянып, саясатын өткөзөт. Бизде болсо классикалык саясаттын принциптерине таянбай, эмоциялык саясый топтордун кызыкчылыгына таянат. Жарандык коомду өстүрүп,тарбиялаш үчүн биздин мамлекетте идеологиялык багыт аныкталып, улуттун кызыкчылыгы башында турган мамлекеттик башкаруу системасы орнотулуш абзел. Керек болсо бала бакча, мектептен башталган тиешелүү жамааттар уюшулуп, жалпы коомго алардын үнү, пикири, жасаган иштери жетип туруш керек.

Бирок бир нерсени белгилеп коеюн: акыркы президенттик шайлоодо талаш-тартыш, ар кандай багыттагы пикирлер курч болбодубу. Менимче, бул көрсөткүч биздин коомго өнүгүүгө жол ачты. Азыр жеңгендердин да, жеңилгендердин да тарапташтары мындан ары кантип эл колдогон реалдуу саясатты өткөзсөк деп турган кезең. Ошон үчүн бара-бара коомубуз оңолот, өнүгөт деп ойлойм. Буга убакыт керек.

Маектешкен Жетиген АСАНБЕК