АСАНБЕК Жетиген: ЭЗОП: МЫШЫК ЖАНА ЧЫЧКАНДАР

Бир үйдө чычкан абдан көп экен. Аны билип калган мышык келип, биринин артынан бирин мойсой баштайт. Чычкандар тукум курут болуп калбайлы деп, ийиндерине жашынып калгандыктан, мышык аларга жете албай калат. Анда мышык аларды куулук менен чыгармакчы болот. Мыкка жармашып, асылып өлүмүш болуп калат. Бир чычкан ийининен башын чыгарып аны көрөт да, мындай дейт: “Жок, айланайын, биротоло мүшөккө айланып кетсең  да, сага жолобойм”

Тамсил эстүү адамдар кимдир бирөөнүн куулугун байкап калса, алдоого жетелетпестигин көрсөтөт.

Чымындар

Кампада бал төгүлүп калган экен. Ага чымындар учуп келишет. Татып көрүшүп, кандай ширин экенин билишет да, баш-оту менен кирип кетишет. Буттары жармашып чыкпай, уча албай калышканда гана, тумчугуп баратышып: “Шордуу жаныбыз ай! Утурумдук шириндик үчүн, бүт өмүрүбүздү кыйдык” дешкен экен.

Ач көздүк ушундайча чоң кайгыга дуушар кылат.

Түлкү жана маймыл

Акылсыз жаныбарлардын отурушу болуп, бий жагынан маймыл алдына эч бирин чыгарбайт. Ошол үчүн аны падыша шайлашыптыр. Ага түлкүнүн ичи тарыйт. Анан ал капкандагы этти көрүп калат да, ага маймылды ээрчитип келип, мындай дейт: “Ушул кенчти таап алдым да, өзүмө албай, тартуу катары сизге сактап койдум, алыңыз”. Маймыл эч нерседен камсанабай барды да, капканга түшүп калды. Түлкүнүн акмактыгына ачыккан ал аны уруша баштайт. Анда түлкү: “Эх, маймыл, ушул акылың  менен анан падышалык кыласыңбы?” деген экен.

Кимде ким ишке аяр болбосо, көргүлүктү ушинтип көрөт.

Которгон Жетиген АСАНБЕК