АСАНБЕК Жетиген: РУХИЙ ДӨӨ-ШААЛАРДЫН ИШЕНИМ ЖӨНҮНДӨ ЭКМЕТТЕРИ

Ыйман сезиминин айныгыс өкүм талабы бардык адамдарга мүнөздүү. Адам дайым эле бул сезимдин жетегинде болуп, пайдалуу иштерди жасай бербегенден улам, ыймандуу жүрүм-турумга шыктандырып турган, бул дүйнөдөн тышкаркы кандайдыр бир негиз болушу керек. Ушунун бардыгы өлбөстүктүн, жогорку соттун жана Кудайдын болушунун зарылчылыгын талап кылат…

* * *

Үстүмдөгү жылдыздуу асман – ичимдеги ыйман мыйзамы. Ушул эки нерсе мен аларга канчалык үңүлүп, ой чабытымды жайган сайын, ошончолук жан дүйнөмдү утур жаңы, өрчүп турган таңданууга, терең аздектөөгө толтурат. Түпсүздүк жана туңгуюк чулгангансыган, менин мейкиндигимден сырт жайгашкан экөөнү тең изилдешим эмес, божомолдошум гана керек. Аларды бет алдымдан көрүп туруп, түздөн-түз өзүмдүн барлыгымды туюум менен байланыштырам.

Иммануил Кант

♦ ♦ ♦

Өзүңөргө ишенип, күчүңөрдү болушунча өзүңөр аркылуу Кудайдын иштери көрүнүп туруш үчүн жумшагыла. Ошондо силер өзүңөрдүн жана бүтүндөй дүйнөнүн бакубаттыгы үчүн жасай ала турганыңардын баарын жасайсыңар.

* * *

Адамдарга, бүтүндөй адамзатка көз чаптырып, адамдар жашоо маанисин билишерин жашап ырастаарын көрдүм. Өзүмө карасам: жашоо маанисин билип турганымда жашадым. Башка адамдар сыяктуу эле, мага да жашоо маанисин жана мүмкүнчүлүгүн ишеним берип турду.

* * *

Акылман, окумалдардын жүзү менен акыл-эске сыйган билим жашоо маңызын жокко чыгарат. Ал эми элдин эбегейсиз көптүгү, бүткүл адамзат ошол жашоо маңызын акыл-эске сыйбаган билим менен таанышат. Ошол эс-акылга сыйгыс билим – бул ишеним.

* * *

Толук эркиндик жок, бирок адам акыл-эсинин жана сүйүүсүнүн Кудай менен биригүү өлчөмүнө жараша эркиндикке жакындайт.

* * *

Ар кандай ишенимдин табият-турпаты жашоого өлүм жок кыла албаган маани берип тургандыгында.

* * *

Бөтөн ойлуулуктан коркпоңуз, тескерисинче, сизде бар нерселердин эң сонуну – Кудайдан  болгон башталыш ошол курчап турган чөйрөдөн бөтөнчөлүгүңүздө туюнтулган. Анын жашоодогу көрүнүшү биздин бар экенибиздин башкы эле эмес, жалгыз гана маанисин билдирет.

* * *

Адам жер үстүнө өзүнүн жанын куткаруу үчүн коюлган жумушчу.

Лев Николаевич Толстой

♦ ♦ ♦

Жашообуздун максаты, жападан жалгыз максаты – ышкызарлыктын баарын түп-тамырынан жоюп, аларды жакшы иштерге алмаштыруу.

Варсонофий Оптинский

♦ ♦ ♦

Адамдын жан дүйнөсүндө Кудай гана бүтөй ала тургандай тешик бар, аны ар ким алынын келишинче ар нерсе менен толтурат.

Жан-Поль Сартр

♦ ♦ ♦

Жаратылыш кандайдыр бир сырткы нерсе аркылуу эмес, өзү аркылуу өзү таанылат. Ал ар бири өз өзүнчө бүтпөс, жеткилең болгон түгөнгүс өзбелгилерден турат. Анын барлыгы табиятына тиешелүү, ошондуктан андан сырт барлык же тирилик жок. Ушул касиети жападан жалгыз зор улуулукка ээ, даңктуу Кудайдын табиятына дал келет.

Бенедикт Спиноза

♦ ♦ ♦

Теңирдин Руху бар жерде эркиндик бар.

* * *

Жашасак, Теңир үчүн жашайбыз. Өлсөк Теңир үчүн өлөбүз. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да Теңирдикибиз.

Апостол Павел

♦ ♦ ♦

Жан дүйнө түпкүрүндө адамды көрүнгөн нерседен көрүнбөгөн нерсеге, акылмандыкты сүйүүгө, кудайлык нерселерге жетелеген каалоо бар.

Халил Жебран

♦ ♦ ♦

Менин жүрөгүмдө эмне үчүн эч кандай дин жок деп сурагандарга, ошол эле диндин айынан мен аны жоготуп койдум деп жооп берем.

Фридрих Шиллер

♦ ♦ ♦

Адамдагы адамдык касиет Кудайга таандык.

Яков Кротов

♦ ♦ ♦

Биз эс-акылдуу ой жүгүртүү Кудайдын барлыгын талап кылгандан эмес, дүйнө сырга такалып, эс-акылдуу ой жүгүртүү ошол жерден бүткөндүктөн Кудайга келебиз.

Бердяев Николай Александрович

♦ ♦ ♦

Адам жер үстүндө асманда ырдай турган ырын үйрөнөт.

Виктор Гюго

♦ ♦ ♦

Кудайдын алдында өлгөндөр жок.

Анна Ахматова

♦ ♦ ♦

Ар бир адам, атургай Кудай жөнүндө билбесе же аны жокко санаса да, көңүлүнүн тереңинде жашоого маани берген, табынууга боло турган кандайдыр бир сонун, жеткилең нерсеге тартылат. Адамдарга дем алуу, ой жүгүртүү, сезүү кандай мүнөздүү болсо, идеалга ишенүү ошондой эле мүнөздүү. Эң жогоркунун бар экенине ынаным биздин бар болуп туруубузга күч берет.

Александр Мень

♦ ♦ ♦

Жалгыз, кичинекей адамды сындырып коюш оңой, бирок анын жаны күчтү Кудайдан алып турар болсо, ал жеңилбес болуп калат.

Дейл Карнеги

♦ ♦ ♦

Адам – динчил жандык.

Альбер Камю

Которгон Жетиген АСАНБЕК