АСАНБЕК Жетиген: ЭЗОПТУН ТАМСИЛДЕРИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ

Толготкон тоо

Тээ илгери, алмуздакта бир окуя болуптур. Шаңкайган тоонун түпкүрүнөн үрөй учуруп дүңгүрөгөн онтоо угулат. Баары тоо толготуп жаткан экен дешет. Узун элдин учунан, кыска элдин кыйрынан бул улуу шумдукту – тоонун жарык дүйнөгө эмнени алып келерин көрүүгө толо эл чогулуп, муну көрбөй кантип калалы деп карап отурушат. Теке-тука болуп, күнү-түнү күтүшөт. Акыры тоо чычкан тууп таштаган экен!

Айрым адамдар да ушуга окшош, ойду омкором, тоону томкором деп убада берип, кылган эч нерсеси жок.

Анар багы менен алма бактын талашы

Анар багы менен алма бак кимибиздин жемишибиз жакшы деп талашып кетишет. Кызыл чеке болуп ызылдап, улам күчөп бараткан алар жакынкы чарбактагы тикендүү жыгачтын: «Токтотпойсуңарбы, достор, талаштын эмне кереги бар!?» дегенинен кийин басылышыптыр.

Анын сыңары, нарк-насилдүү адамдардан ырк кетсе, болбогон эле бирөөлөр каада күтүп алышат.

Эки корооз жана бүркүт

Эки короз тооктордун айынан чокуша кетип, бири экинчисин жулмалап салат. Самтыраган байкуш нараак барып, караңгы жайга далдаланып калса, жеңгени дерделеңдеп канатын көккө сермелейт. Коруктун кырына чыгып алып, болушунча кыйкырыкты салган кезде, кайдан-жайдан бүркүт учуп келет да, илип кетет. Ошондон кийин берки далдаага жашынып калган короз тооктордун баарына жалгыз өзү бейкапар ээлик кылып калган экен.

Бул тамсил эмнени түшүндүрөт?.. Кудай-Таала деле менменсиндерге ачууланып, момундарга кайрымдуу экенин.

Кыргызчалаган Жетиген АСАНБЕК