АСАНБЕК Жетиген: ЖЕТИГЕН АСАНБЕК: «КАССАНДРА ЭН ТАМГАСЫ» КАККАН ДООЛБАС

Бул сын эмес. Сын жазганды, болгондо да Айтматовдун чыгармасына сын жазганды мага ким коюптур. Болгону чыгарманы окугандагы мага “угулган” доолбастын үнүн каккым келди, башкалар да укса деген далалатым. Дээрлик бардык чыгармалары менен коомдогу көйгөйлөрдүн бутасына тийип келген Айтматов, бул чыгармасында бүткүл аалам алкагында, бүтүндөй адамзаттын көйгөйүн козгогонунан кабар алууга болот. Бул жолу да чебер сүрөткер бутага жазбай тийген.

Американын Нью-Йорк шаарында «баардык континенттерде ойду ойготуучу» деген атак алган «Трибюн» гезити мурда бир да басма сөздүн, бир да маалымат каражатынын тажрыйбасында болуп көрбөгөн, дегеле бүткүл адамзатынын тарыхында болуп көрбөгөн ишти кылууга батынды. Өзүн космостук монах Филофей атаган, космосто жашоо өткөрүп жаткан адамдан «Трибюн» гезитине факс аркылуу Рим папасына жолдонгон кат келген. Илимпоздук ишмердигинде көптөгөн чоң ачылыштарды жасаган бул атактуу адам жашоосундагы чоң бурулуштан кийин, аялдын боюна жаңыдан бүткөн түйүлдүктүн энесинин чекесинде пайда боло турган кичинекей так аркылуу бул дүйнөгө төрөлгүсү келбей тургандыгын маалымдаган жөндөмдүүлүгүн ачкан.

Ал так Филофей космостон жиберип тура турган тапкыч нурлардын жардамы менен көрүнмөк. Ооба, бул фантастика. Бирок жазуучу фантастиканын жардамы менен айткан ачуу чындыктар – бузуктугун тынбай улантып келаткан адамдар өздөрүнө өздөрү акыр заман алып келаткандарын эскертип, дүйнөгө кагылган доолбас деп кабыл алдым. Түйүлдүктүн бул дүйнөгө келгенде тартар азабын алдын ала сезип, туулуудан баш тартуусу бул дүйнөнүн жамандыкка канчалык толгонунан кабар берет. А дүйнөнү жамандыкка толтуруп жаткан, Айтматов белгилегендей, жер үстүндө акыл эске ээ жападан жалгыз жандык болгон адам баласы экени айкын. Мына ошол адам баласынын тукуму уланышы менен бул тирүүлүк жүрүп турат. Бирок адам тукумунда жамандык гана басымдуулук кылып калса, бул тирүүлүктүн жүрүп турушунун маңызы түгөнмөк.

Эми алардын жаңыдан бойго бүткөн түйүлдүктөрүнүн бул дүйнөгө келбейбиз деген билдирүүсү, бул жер үстүндө адам баласынын тукуму уланбай калат дегенди билдирмек. Ушунун өзү дүйнөнүн акырын негиздеп турат. Айтматов «Кассандра эн тамгасы» атаган, бойкат аялдын чекесинде пайда болуучу так акыр замандын кабары эмес эле, акыр заманды алдын алуу үчүн ырайым менен берилген эскертүү болчу. Башкы каарман – космостук монах Филофейдин катында муну ырастаган мына бул саптар бар:

«…мүмкүн, Жараткандын өзүнүн эрки жана буйругу менен жаралган идеяларды назарыңызды бөлүп, угуп коюңуз.

Дүйнөнүн ала салчу маалы келди…

Тээ Адам-ата, Обо-энеден бери мурастап келаткан жашоо калыбынын колдон чыгып кеткен туруктуулугунун орду эмне менен толтурулат? …суроо туулат: качан болсо пайда гана көздөгөн жана түгөнгүс боорукерлигин нысапсыз пайдалануу менен, дилибизде үмүт дубасын кайталап, эң жогорку гарант катары ишенген, Жараткандын өзүнө дайыма каршы жашашкан булар кайдан чыккан — бизде даяр турган жаман жосундардын соолгус генетикалык башаты кузгундагандар кайдан чыгышты?

Адамзатка күн мурдатан арналган Жакшылыктын энергиясын жана аны менен катар жана ага каршы Жамандыктын энергиясын эч ким өзгөртө албайт. Бирок адамда түбөлүктүүлүктүн түгөнгүс кыймылын камтыган акыл артыкчылыгы берилген, эгер ал жашоосун улантам десе, эгер цивилизациянын туу чокусуна жетем десе, анда ал өзүндөгү Жамандыкты жеңиши зарыл».

«Өзүндөгү жамандыкты жеңиши зарыл». Жазуучу өз каарманы аркылуу сунуш кылып жаткан өнүгүү жолунун өзөгү мына ушунда жатат. Филофей дагы мындай дейт:

«Жок, бул өттү-кетти нерсе эмес, сөз түбөлүктүүлүк жөнүндө баратат. Түбөлүктүүлүк өзүнөн-өзү түбөлүктүү, ал эми адам түбөлүктүүлүккө өзү жетиши, түбөлүктүүлүктүн кредитин укумдан тукумга узартып олтурушу тийиш, анын жападан жалгыз жолу – адеп-ахлак жактан өзүн-өзү өркүндөтүү. Мен дагы бир ирет билдирем, кассандро-эмбриондордун берген белгилерин аныктоо боюнча менин космостук изилдөөлөрүм – мындан ары мындай жашоого болбойт, мындан ары тукум курут болобуз, – дегенди түшүнүүгө элге жардам берүүдөн башка эч бир максат көздөбөйт».

Бирок коомчулук муну кызуу каршылык менен кабыл алышты. Филофейдин тапкыч нурлары алгачкы тактарды таба баштады. Түйүлдүктөр жарык дүйнөгө келгиси келбестигин кабарлап жатышты. Бул көрүнүш ааламга анык чуулганды салды.

Чыгармадагы дагы бир оң каарман Гарвард университетинин окумуштуусу, дээрлик өмүр бою бүгүнкүнүн жардамы менен келечекти болжолдоп, адам өмүрүнүн маңызы эмне экенинин сырын ачууга далалат кылып келе жаткан футуролог Роберт Борктун бейнесинде да жазуучу мына ушул ойлорду толуктайт. Көпчүлүктүн пикирине каршы тура, тааныган чындыгынан тайбастан, тайманбастан, ошол эле «Трибюн» гезити аркылуу футуролог буларды жазды: «Көзгө көрүнбөс генетикалык куюн көтөрүлүп, чарк айлантып жатат. Эми экөөнүн бирин жасоо керек: башкалар эмне болсо ошол болсун, өзүм аман калсам болду деп көпчүлүгү ойлогондой, «көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» дегенсип корккондо башын кумга катып алган төө куштун кейпин кийүү керек, же жалтанбай Теңирдин көзүн тике карап, анын элге эскертүүсүн кабыл алуу керек, анткени Теңир эскертип гана коёт, бүтүмгө келүү өзүбүздөн».

Адаттагы көрүнүш, Филофейдин жазгандары дүйнөнүн катасын көрсөтүп, кылмыштарын ачып, айыбын ашкерелеп тургандыктан көптөргө жакпады. Өзүн ашкере сүйүүчүлүктөн, айыбын тануудан эмес, моюнга алуудан оңолуу башталарын төшүнбөй калышты. Бүлүнгөндү бүтөөгө болгон чакырыкты бүтүндү бүлүнтүүчүдөй кабыл алышты. Кай жерде болбосун, кимдер гана болбосун орбитадагы монах Филофейдин катын, кассандра эмбриондордун каргашалуу билдирүүлөрүн гана талкуулап жатышты.

Адатка айланып калгандай адамдар өздөрүнүн кыянаттыгын кимдир бирөөнүн (бул жерде кассандра эмбриондордун) көрсөтүшүн каалашкан жок. Адамдагы жамандык аны өзүндөгү жамандыкты жеңүүгө болгон чакырыкка, аны куткарууга болгон далалатка кулак салууга жөндөмсүз кылып койду.

Ашкере өзүн сүйүүчүлүктөн тумандаган көздөр өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн, утурумдук жыргалчылыктарын түбөлүк кыйроого төлөп берип жатышкандарын сезишкен жок. Мансап дөөлөтүнө мас болуп, бийлик кумарынынын тайыздыгында камалып калган алар азыткыга жол берип, чындыкты будамайлоо менен өздөрүнө кастык кылып жатышкандыктарын сезишкен жок. Күнүмдүк жыргалчылык үчүн түбөлүк кыйроого макулдук берип жатышкандыктарын билишкен жок. Жашоодогу мына ушул чындыктарды көрсөтүү үчүн жазуучу президенттикке ат салышып жаткан Оливер Ордоктун бейнесин жараткан. Анын бийликке болгон кумарынын күчү ушунча болду, керектүү добушка ээ болуу үчүн бүтүндөй аалам деңгээлиндеги коогалаңдын доолбасын угууга жөндөмсүз болуп, канткенде шайлоочулардын ишенимине кирерин баамдоодо сак турду. Бул үчүн ал шайтандын өзү менен макулдашууга баруудан кайра тартпачудай абалда эле. Так ушуну кыйытып, жазуучу Оливер Ордок менен футуролог Роберт Борктун маегине мына муну кыстара кеткен:

— Баса, сага шайтан тууралуу айтып бермек эмес белем.

– Шайтан тууралуу дейсиңби? Ии, ооба, эстедим. Айтсаң айтчы, ал эмне болгон шайтан экен?

– Бул бир кызык окуя. Ии дебейсиңби, жакында мен шайлоо алдындагы биринчи жолугушуумду өткөрдүм. Килейген зал жык-жыйма эл. Беш миңдей бар! Өрөпкүгөнүмдү айтпа. Программамды ортого салдым. Анан суроолор бериле баштады. Тим эле жамгырдай жаады. Эмнелерди гана сурашпады, ийнесинен жибине чейин! Кызтекелерден тартып, эл аралык мамилелерге чейин. Спортко барсызбы, үйбүлөңүз кандай, жакшы көргөн эрмегиңиз – хоббиңиз эмне, жана башка жана башкалар. Аңгыча микрофонго бирөө келе калып, мындай суроо берип турса болобу: «Мистер Ордок, сизден көптөн көп өтүнүч, айтып койсоңуз, сиздин шайтанга кандай тиешеңиз бар?» Менин оозум ачылды да калды. Зал тымтырс! – «Шайтанга дейсизби? Кайдагы шайтанды айтасыз?» – «Сизди айтам, мистер Ордок. Сиз – шайтансыз!» – «Түшүнбөдүм, кандайча?» – «Сиз, мистер Ордок, тегиңиз жактан венгрсиз. Венгер тилинде «ордог» «шайтан» дегенди билдирет! Муну эсиңизден чыгарганыңыз жарабас, мистер Ордок!» Зал күлкүдөн жарылып кете жаздады. Менден болсо алка-шалка тер кетти. Анан жанагы неме: «Кечирип коюңуз, Ордок. Мен бекеринен айтып жаткан жокмун. Мен сиздин Америкадагы барып турган белгилүү шайтан болушуңузду тилейм!» деп кошумчалап олтурбайбы. Зал дагы күлкүдөн жарыла жаздап токтоду. Муну кандай дейсиң, Роберт.

– Мунуң ойго келбес нерсе экен! Жессиге айтып берейин».

Айбааттуу ат салышуунун алдында делөөрүп турган Оливер Ордок, элди уу-дуу кылып турган Филофейдин билдирүүсү боюнча көз карашын жыйнактоодо атаандаштарынан артта калбоону көздөдү. Анчейин тыгыз мамилеси жок эски таанышы футуролог Роберт Боркко мына ушул себептен иши түшүп турган. Бул суроо боюнча эң жөндүү пикирди айтса ушул адам айта алат деп, анын шайлоо алдындагы кампаниясын жүргүзүүчүлөрдүн бири Энтони Юнгер сунуш кылган. Энтони Юнгер Роберт Боркту сыртынан иштери аркылуу таанып, терең урматтаган жаш жигит эле.

Кассандра эн тамгасы тууралуу Роберттин айтканы Оливердин ою менен төп келбеди. Азыр Оливерди кызыктырганы Роберттин айтканы, Филофейдин билдирүүсү канчалык жүйөлүү, негиздүүлүгү эмес, кандай дегенде шайлоочулардын оюндагысын таап, бул чуулгандуу маселеде добуш утуп алышы эле. Телефон аркылуу болгон ушул сүйлөшүүдө жакшы ымалалаштай сүйлөп турган Оливер, шайлоочулар менен жолугушууда ойт берип, шайлоочуларга эмне жагарын билди да, алардын алдында беделин көтөрүү үчүн, Филофей менен кошо дүйнөнүн кыянаттыгын ашкерелөөдөн кайра тартпай турган Роберт Боркту курмандык кыла берди. Эгер эртеңки күнү Ордок президент болуп калса, убайын көрүүдөн үмүттөнүп ээлигип алган шайлоо кампаниясындагы адамдар үчүн анын бул кадамы анчейин өөн учурабады. Бийлик, мансап кумарына байланбаган, абийири тирүү Энтони Юнгер гана анын бул кадамын так кесе каршы алды. Энтони үчүн талапкеринин бет жабуусу түшүп, чыныгы жүзү ачылып калды. Экөөнүн жолу бир эмес экени ага айкын болду. Андан мурда Энтони Робертке Оливер Ордоктун шайлоочулар менен жолугушуусу түз алып көрсөтүлө турган убакытты билдиргенче, Филофейдин билдирүүсү боюнча да пикирин сурап, аны менен дээрлик пикирлеш болуп чыккан эле. Оливердин бул жоругунан кийин, Энтони Юнгер көрүнөө Роберт жана Филофей тарапка өттү. Ошентип, чындыктын жактоочуларына өткүр, тайманбас дагы бирөө кошулду.

Өзүнүн беделин көтөрөм деп Оливер Ордок өздөрүнө кырсык жасап алышканын уккусу келбей удургуп турган калың элди Роберт Боркко карай айдактап койду. Роберт Борк тайсалдап чындыктан качышы керек эле, кача албаса, чындыкты бурмалай албаса өлүмгө тике чыгышы керек эле. Бирөөгө жасакерленип жагынбастан акырына чейин чындыкты жактагандардын тагдырларын кайталап, Роберт Борк селдей агылып келген элдин ур-тепкисинен курман болду. Мына ушул кадамга ал эмне болорун түшүнүп туруп барды. Көз жашын көлдөтүп турган жубайы да, андай кылба деген жок. Антпегенде Роберт Борк жасакерленип, бул өздөрүнө жаккан жалганды сүйүүчүлөргө жагынып, өң карама болсунбу? Жок, Роберт андай кыла алмак эмес. Алар жазмышка моюн сунушту. Чындыктын дагы бир курмандыгы Роберт Борк болду.

Бири бирине бейтааныш пикирлеш, ой-ниеттеш Роберт Борк менен Филофей, экөөнүн тагдыры чечилер окуянын туу чокусунда, алыс аралыктан, сырттан болсо да тааныша алышкан эле. Бул убакта телефон менен байма-бай байланышып, Роберт Боркту жана космостон Филофейди катыштырып, түз эфир уюштуруу үчүн Энтони Юнгер келе жаткан. Энтони шериктешин сактап кала албады. Канга боёлуп жаткан кезинде, көз караштар бир кездешип, коштошушту. Ошол көз караштан Энтони Борктун туу туткан ураанын өзүнө өткөрүп алгансыды.

Табият тилин түшүнгөн Айтматов көп чыгармаларында табиятка тил киргизгениндей, бул чыгармасында да окурмандарын адамзаттын башаламан, ынсапсыз бийлигинен онтоп турган табиятты тыңшаганга үндөйт. Нью-Йорк Филофейдин катынан кымкуут болуп жактан кезде, Роберт Борк океандын үстүндө Европага болгон кезектеги сапарынан келе жаткан эле. Суу үстүнө көз жүгүрткөн Роберт, капыстан кайдадыр шашылып сүзүлүп баратышкан киттердин үйүрүн даана көрүп, сүрөткө тартып калган. Киттердин үйүрүн көрүп жолдуу болгонуна бир маашырлана, ошол замат жубайы менен бөлүшкүсү келип, ага океан үстүнөн коңгуроо каккан эле. Келери менен дагы Жессиге айткысы келген эң кызык кеби ушул болгон. Европадан жолуктурган бир ак ниет адамдын киттер тууралуу айтканы Роберт үчүн абдан чоң ачылыш болгон эле.

Киттердин үйүрү менен жээкке келип жан берген учурлары кездешет. Мына ушуну ал адам адамдардын эсепсиз кыянатчылыгын эскертүүгө болгон белги катары негиздүү тшүндүрүп берген экен. Ага жан дили менен ынаган Роберт Жессиге төгүлүп-чачылып айтып берген. Анан түшүнө ошол киттер кирген. Өзү да ошол киттердин катарында кең океанда суу жиреп, каяккадыр шашылыш сүзүп бараткан. Эми өзүнүн тагдыры өзү кубаттаган гипотеза менен үндөшүп отурат.

Түз эфир Роберт Борксуз өттү. Филофей бул тирүүлүктө айтар сөзүн ошондо айтып түгөттү да, өзүнүн өмүр таржымалын, бул ачылышка кандай жол менен келгенинин баянын Энтониге табыштап, ааламга боюн таштады.

Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу айтып турган, дүйнөгө толуп, ташып кеткен адамдагы жеңилбеген жамандык, өзү менен кошо жүздөгөн, атургай миңдеген жамандыктарды алып келери негизги каарман Филофей – чыгаан илимпоз Андрей Крыльцовдун өмүрү менен берилген. Аны дүйнөлүк экинчи согуш учурунда балдар үйүнүн крыльцосуна таштап кетишкендиктен ага ушундай фамилия беришкен. Энеси аны боюна немец аскерлеринин биринен бүтүрүп алгандыгына байланыштуу таштоого мажбур болгон деген божомол бар эле. Ушунун өзүндө канчалаган жамандыктар катмарланып турат?!

Тизмектеп көрөлү, анын балдар үйүнүн секичесине ташталышынын себеби – анын никесиз төрөлгөндүгү. Никесиз төрөлгөндүгү болсо – энесинин бузулгандыгы. Энесинин бир беткей күнөөлөөгө болобу? Аны ушундай абалга салган согуш учурундагы турмуш, шарт деп айтууга толук себептер бар. Демек согуш себепкер. Согуш адамдагы кайсы жеңилбеген жамандыктын натыйжасы экенин ким түшүндүрүп бүтө алат? Жер планетасын талашуу, ач көздүк, мансапкорлук, бийлик кумары. А согуштун адам баласынын жашоосундагы кесепеттерин ким толук түшүндүрүп бере алат? Бейкүнөө канчалаган жандар набыт болушкан. Натыйжада канчалаган жесирлер, канчалаган жетимдер калган.

Андрей Крыльцовдун бейнеси – жамандыктан жамандык туулуп, катмарланышын көрсөткөн бейне. Кесепеттердин кесепетинен улам ал ата мээримин көргөн эмес. Анын ордуна атасынын дайынсыздыгы аны коомдон кемитип, тексиздиги аны эңшерип келген. Апасынан болсо баласын балдар үйүнүн секисине таштагандагы күрткүдө калган издер гана калган. Ата, эне деген түшүнүктөр анын жан дүйнөсүнүн жарааты болгондуктан анда ата болууну каалоо сезими болгон эмес. Жубайына аборт жасоо менен ал өз канынан бүткөн балдарын, өз колу менен эч коркунучсуз, өкүнүчсүз, мерездик менен өлтүрүп турган. Алар менен кошо жубайынын тагдыры менен ойногон. Анын тоңгон муздай мерез жүрөгүнөн үшүгөн жубайы, акыры андан биротоло кетип тынган.

Тагдырына өчөшкөн Андрей Крыльцов өзүнө окшош тексиз адамдарды, атасыз, энесиз эле жасалма жол менен жаратууга болорун таап чыккан. Бул адам тукумунун уланышына кедергисин тийгизеби, ата-эне мээримисиз жетилген инсандар ата-энелик жөндөмсүз муунду жаратабы? Анда адам тукумунун андан ары уланышы, адамдын укумдан-тукумга берилип келаткан адамдык касиети эмне болот? деген өңдүү суроолор аны ойлонтуп да койбогон.

Бул анын өксүгүн толтура турган жол эмес эле. Өзүнө окшогон жаралуу, аталык сезими мокок, өксүктүү нечен тагдырлардын жаралышынын, жамандыкка анын дагы чие чырмалышынын жолу эле. Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу каккан доолбас ушул болчу. Адамдагы жеңилбеген жамандык жамандыкты улам кеңири жайылтып, ал адамдардын генетикалык касиеттерине чейин тарап баратканын эскертип каккан доолбас эле. Бул токтоосуз акыр заманга алып келе турган жүрүш экени ырас го.

Жамандыктын чырмалышкан торунда калган Андрей Крыльцовдун капыстан туңгуюктан шоола көрүп, жан дүйнөсүнө жарык киришине Руна Лопатинанын чындык үчүн курмандыкка барышы себепкер болду. Чыгармадагы баалуу чындык мына ушул. Коммунизм идеясынын күчү солгундап, алдан тайып бараткан коммунисттик партия үчүн Андрей Крыльцовдун табылгалары табылбай турган айла болду. Крыльцов эми коммунисттерди жаратууга жогортодон көрсөтмө алды. Бул үчүн, башкача айтканда, ижарага аял керек эле. Коммунисттик өкмөт мунун да жолун табышкан. Түрмөдөгү аялдар менен келишим түзүлмөк. Келишим боюнча бир жолку жасалма боюна бүтүргөнү үчүн аял түрмөдөгү жарым мөөнөтүнөн бошомок. Эки жолкуга макул болсо, түрмөдөн толук бошонмок. Келишимдин дагы бир катаал шарты бар эле.

Эгерде аял түзүлгөн келишимди бузса, жаза өтөө мөөнөтүнө дагы ошончо мөөнөт кошулмак. Жашоосуна жарыктын шооласын киргизген Руна Лопатина менен Крыльцов мына ушул иштин себеби менен жолугушту. Бирок Рунанын максаты башка эле. Ал Крыльцовго мына бул сөздөрдү айтуу үчүн гана келген: «Адамдар табият жана Жараткан буюргандай көбөйүшөбү, же азезилдин айтканындай болушу керекпи…» Адамдын көбөйүүсүнө кийлигишип, аны Жараткан койгон мыйзамдан сырт, кадимки консерва чыгаргандай иштеткени жаткан бул адамга Жаратканын эскертип коюу үчүн өлүмдөн да жалтанбаганы, чындыкты жактоо үчүн, мөөнөтүнө мөөнөт кошулганына кайыл болуп жасаган кадамы Крыльцовду ойго салды. Ал кеткенден кийин, анын таржымалы менен таанышты.

Коммунисттик партиянын атеисттик жана башка идеалогияларын сынга алгандыгы үчүн куугунтукталып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бул аял менен кыска гана жолугушуу анын жан дүйнөсүн бүтүндөй төңкөрүп, бүтүндөй өмүрүнө саресеп салдырды. Аял менен токтоосуз кайра жолугуу зарыл болуп турду. Өмүрүндө чындык жолунан тайып, тайымак гана турсун азыткынын анык шериги болуп жүргөнүн, көз таңуусун бирөө алып салгандай болуп даана көрүп турду. Өзүнүн өмүр жолун баяндаган жазуусунда аны ал мындай сүрөттөгөн: «Ошентип илимдин салтанатынын урматы үчүн мага чейин бир да адам кадам жасоого батынбаган жакка, баардык диндер үчүн тыюу салынган зонага кадам таштадым; босогосуна жетип, Кудай алдында таазим кылуунун ордуна, мен текеберчилик менен каалгасын тепкиледим».

Кудай алдында таазим кылуунун ордуна… илимде улуу ачылыш жасаган адам, жаратылыштын адам баласынан катылуу дагы бир сырын билгенинде анын Жаратуучусунун кеменгерлигин дагы билип, Кудай алдында таазим кылышы керектигин белгилейт алп жазуучу. Бул – Айтматов белгилеген дагы бир баалуу чындык.

Ошентип, Андрей Крыльцов өткөн өмүрүндөгү каталыктарын оңдоп, жан дүйнөсүнө жарыктын шооласын киргизген айымдын алдында да кечирим сурап, атургай, калган өмүрүн аны менен өткөргүсү келерин да мойнуна алгысы келип турду. Ошондо гана өмүрүнө маани кирип, жашоого дем алчудай болгон. Бирок Андрей Крыльцов Рунаы экинчи жолу көрө албады. Ал аялды эртеси күнү кайра алып келүүнү буюрган эле. Бирок Руна зарыгып күттүрдү да, келбеди. Жолдон качууга далалат кылганында атылып өлгөнүн кабарлашты. Жараткандын табиятына туура келбеген жол менен адам жаратууга катышпас үчүн өлүмгө бетме-бет чыккандыр. Андрейдин таңсык болуп турганда тапкан асыл бермети көрөр менен көздөн кайым болгондой, мөгдөттү, мүңкүрөттү. Күчтүү көксөөсү көңүл зилдеткен күйүткө айланды. Анткен менен жолун тууралап алган илимпоз Жараткандын бул жазмышын жашоодогу кылган кыянатчылыгымдын жазасы деп кабыл алды. Руна Лопатина анын мына ушул жарыкка келишинин курмандыгы болгон болчу. Жарыкка келип, көз карашы көп маселелердин жаатында жакшы жагына аласалды. Мисал алсак, өз колу менен жүрөгү болк этпестен нечен жолу кылган аборт тууралуу ал мындай дейт: «Аборт – бул атайлап киши өлтүргөнгө тете зомбулук акт, аборт «Өлтүрбө!» деген эң биринчи осуятка, Тоораттагы «Тукумдагыла жана көбөйгүлө!» деген батага түптүз карама-каршы экендиги жөнүндө көп ирет айтылган».

Романда көңүл жубаткан ой, отоо чөптөрдүн арасында чындыктын үрөнү да себилип, жемиши чыгып турары анык экендиги. Филофей кассандра тагы тууралуу билдирүүсүнүн акырында мындай деген:

«Бул жандуу рухтун тирүү калышынын жолу, башка жолу жок…

Кассандро-эмбриондордон дароо кутулууга аракеттенбей турган, андан баш тартпай турган эр жүрөк адамдар табыларына ишенем; бул адамдарга алиги фаталдык белгилер көп нерселерди билдирет: жашоо ыңгайы үчүн, урпактардын тагдыры үчүн баардыгынын жана ар бир адамдын жоопкерчилигин, алдыда мурда эч качан болуп көрбөгөндөй, адамдын өзү менен өзү күрөшүүсү күтөрүн айтып берет… Андай адамдар жакшы турмушка жетишет. Мен буга ишенем».

Филофейдин ишеними акталды. Ал айткан адамдар Роберт Борк жана анын ой-ниетин улантуучу Энтони Юнгер болду. Муну менен жазуучу дүйнөдө жакшылыктын жана аны жактоочулардын бар экендигин айтат. Окурман эми өзүнүн тарабын тандап алышы керек.