АБЫКАЕВ Абийирбек: ЖЫГЫЛБАГАН АДАМ УЛУУ ЭМЕС, ЖЫГЫЛЫП КАЙРА ТУРГАН АДАМ УЛУУ

Конфуций (чыныгы аты Кун Цю) жөнөкөй эле адам болгон, бирок анын окуусун көбүнчө дин катары кабыл алып жүрүшөт. Чындыгында дин жана теология маселелери Конфуцийдин окуусуна тиешеси жок. Анын окуусу моралга, этикага жана адам менен адамдын ортосундагы мамилелердеги жашоо принциптерине негизделген.

Ал жогорку нравалуу, гармониялуу коом куруу идеясын сунуштагандардын алгачкыларынан болгон экен. Алтын эрежеси:  “Өзүңө каалабаган жамандыкты, башкага жасаба”. Анын окуусу көпчүлүк элдин көңүлүнөн орун тапкандыктан, 20 кылымдан бери мамлекеттик деңгээлдеги идеологиялык норма катары кабыл алып келишти. Окуусу ар бир адамга жеткиликтүүошондуктан ушунчалык таасирлентсе керек.

  1. Токтоп калмайынча, канчалык жай жүргөнүң маанилүү эмес.
  2. Билимге үч жол алып барат: алардын эң эле асылы — ой жүгүртүү, эң жеңили — бирөөнү тууроо, эң туура жолу — турмуштан алган ачуу тажрыйба.
  3. Бирөөнү жек көрсөң, демек, сен андан жеңилгениң.
  4. Тартип бар өлкөдө тартынбай аракеттенип, тартынбай сүйлө. Тартип жок өлкөдө коркпой аракеттен, бирок абайлап сүйлө.
  5. Өч алам деп чечсең, эки мүрзө каз.
  6. Акыл айтсаң, өз билимсиздигин түшүнүп, билим издөөгө чыккан адамга айт.
  7. Сени түшүнсө — бактылуусуң, сени сүйсө — зор бакыттын ээсисиң, эгер сен сүйсөң — бул чыныгы бакыт.
  8. Чынында жашоо жөнөкөй, бирок аны көшөрүп жүрүп өзүбүз татаалдантабыз.
  9. Майда бараттан кармана албаган, улуу иштерди талкалайт.
  10. Карагай менен кипаристин жалбырагы эң аягында түшөрү суук түшкөндө байкалат.
  11. Байыркы адамдар көп сүйлөгөндү жактырышкан эмес. Алар өз сөздөрүнүн өтөөсүнө жетпей калууну чоң уят катары көрүшкөн.
  12. Бирөөнүн кеңешин тамчылап сиңирген менен, өзүбүз чакалап кеңеш беребиз.
  13. Асыл ташты сүртмөйүнчө жалтырата албаган сыяктуу, адам дагы кыйынчылыктарды башынан өткөрмөйүн ийгиликке жете албайт.
  14. Өсөм деген өзүн сындайт, өспөй турган башканы сындайт.
  15. Жаман адаттан бүгүн гана арыла аласың, а эртең кеч.
  16. Үч нерсе артка кайрылбайт — кеткен убакыт, айтылган сөз, кетирилген мүмкүнчүлүк. Ошондуктан: убактыңды текке кетирбе, ойлонуп сүйлө, мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба.
  17. Кылар ишиңди көңүлүңө жаккандай тандап алсаң, өмүрүңдө бир күн да иштебейсиң.
  18. Бирөөлөр мени түшүнбөсө капа болбойм, мен башкаларды түшүнө албасам капамын.
  19. Бир аз эле ак көңүл бөлгөнгө аракет кылсаң, жаман иштерден оолактай баштаганыңды байкайсың.
  20. Илгери адамдар өзүн жакшыртуу үчүн окуса, азыркылар башкаларга мактануу үчүн окушат.
  21. Өмүр бою караңгылыкты каргап карайлап өтсө да болот же кичинекей шамды күйгүзүп алса да болот.
  22. Адам бактысыздыкты жаратат, бакытты багып өстүрөт.
  23. Сулуулук бардык жерде бар, бирок аны баары эле көрө албайт.
  24. Асылзат адам жайдары, начар адам санаакы.
  25. Аркаңан түкүрсө, демек, алдыда баратасың.
  26. Жыгылбаган адам улуу эмес, жыгылып кайра турган адам улуу.

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ