АБЫКАЕВ Абийирбек: ЖАЛАЛИДИН РУМИНИН СУФИЙЛЕР БОЮНЧА ИКАЯЛАРЫ

Бакалея сатуучусу жана анын тотукушу

Бир бакалея товарлары менен соода кылган адамдын тотукушу бар эле, ал кайда барбасын анысын мактаганын койчу эмес. Анын сөзүнө ишенсек, тотукуш ал жокто дүкөнүнө көз болчу, соода кылганы келген сатуучулардын көңүлүн аччу. Чындыгында эле ошондой болчу.

Бир жолу, ал кайрадан дүкөнүн тотукушка калтырып кеткен эле, акшактар менен  түрдүү чөптөргө шыкалган каптардын ортосунда олтурган тотукуштун жанынан, капысынан эле мышык чуркап өтпөспү. Чочуп кеткен тотукуш канаттарын калдаңдатып, ордунан ыргып кеткенде, жакын жерде турган жыты буркураган суюк май куюлган бөтөлкө кулап түшүп, май жайнап төгүлүп жатып калды. Кожоюн дүкөнгө киргенде эле майдын жыты мурдун жарып, эмне болгонун айттырбай билди.

Бул окуя аны аябай капа кылды, ачуусун тыя албай тотукушун өлөрчө сабап салды. Таяк жеген тотукуштун башындагы таажысы түшүп, тамак татбай, суу ууртабай, эң жаманы — сүйлөшпөй калды. Ачуучу тараган кожоюн чокусунан таажысы түшүп, сүйлөбөй калган тотукушту карап алып өзүнүн кылганына аябай кыжаалат болду.

— Сени урганча өзүмдүн чачым жыдып, колум сынып калсачы!

Ал ага дары-дармек издеди, такыба адамдарга барып, Кудайдан тотукушу кайрадан сүйлөп кетишин сурап дуба кылып коюуларын суранып көрдү, бирок алар жардам бере алышкан жок, тотукуш үн-сөзсүз отурганын улантты.

Бул бир нече күн, бир нече түн — тотукуштун көзүнө дүкөнгө төбөсүндөгү чачы түшүп жалтыраган таз дербиш чалдыккыча уланды. Аны көрө калып тотукуш кыйкырып жиберди:

— Сен мени кандай гана жооткоттуң! Мына, эми майды төгүп, таяк жеп чачы түшкөн жалгыз эле мен эмес экенимди көрдүм!

Дүкөндөгүлөр тотукуштун сөзүнө каткырып калышты: алар тотукуш өзүн дербишке теңеп жатканына күлүп жатышкан.

Кээ бир күнөкөр адамдар тиги тотукуш сыяктуу, такыба адамдарга окшоп жеп-ичип, укташканы үчүн эле  өздөрүн ыйык сезишет.

Султандын барабаны

Бир бала атасынын тапшырмасы менен эгин коруп, талаада барабанын тарсылдатып канаттуларды чочутуп жүрчү. Алардын талаасынын четине султандын аскерлери келип жайгашкыча ал өз милдетин так аткарып, эгинге бир да чымчыкты кондурган жок эле.

Бир нече миң аскерлерден тышкары, алардын артынан жетелей жүрүшкөн, чоң жана оор барабан жүктөлгөн, тартайган, эки өркөчтүү зор төө боло турган. Ал барабанды жеңиштин урматына жана душмандарга сүр көргөзмөккө кагышчу. Аскерлер өргүп жатканда бош жүргөн төө эгин талаасынын четинде оттоп жүргөн, бала төө эгин талаасына кирип кетпесин деп чочуп, барабанын тарсылдатып кага баштады.

Көптү көргөн бир адам аны көрүп күлдү дейт:

— Эй, уулум, бекер убара болбо! Султандын барабанын көтөрүп жүргөн неме, сенин барабаныңды тоготмок беле!

Кочкор,төө жана бука

Бир жолу кочкор, төө жана бука кургак талаада  баратып бир таңгак чөп таап алышты да, аны кантип бөлөбүз деп талаша кетишти. Кочкор маселени чечүүнүн өз жолун сунуштады:

— Бул чөптү үчкө бөлсөк кайсыныбыз тойобуз. Ошондуктан кимдин тукуму эң байыркы болсо ошол алсын. Пайгамбарыбыз өзү улууларды сыйлагыла дебеди беле! Келгиле, эстеп көрөлү, кимдин тамыры өткөнгө тереңирээк кетер экен. – Кочкор бир аз тыным алып, тигилер каршы сөз айтпагандыктан сөзүн улады: — Менин тукумум эң байыркы экенин моюнга алгыла! Силер билесиңер да, менин түпкү бабам Авраам өз баласы Измаилдин ордуна Аллахка курмандыкка чалган ак кочкор менен бирге жайылып жүргөн!

— Мен андан да байыркымын! — деп кыйкырды бука. — Мен, Адам ата өзү моюнуна каамыт салган буканын түздөн-түз тукуму болом.

Кочкор менен бука бири-бирин сөгүп, талашып жатканда төө унчукпай чөптү жеп жатып ойлоду, баары бир менин тукумум байыркы, анкени мен силерден чоңмун жана күчтүүмүн.. «Бардыгын сөз менен  жылдар чечпейт. Күч чечет», — деп ойлоду ал чөптү жеп бүтүп…

Эки абышка менен каракчылар

Бир убактарда, бир айылды каракчылар келип басып алышты. Катылган байлыктарды оңой табууну көздөгөн каракчылар эки абышканы кармап келишти.  Алардын биринин кекиртегине бычак такап мууздамак болгондо тиги абышка:

— О, эр жүрөк баатырлар! Эч нерсеси жок, бир бечара чалды өлтүргөндө табар пайдаңар кайсы?

— Балким сенин эч нерсең жоктур, бирок сени экинчи абышканын көзүнчө мууздасак, ал коркконунан байлык кайда катылганын айтып берет!— деди каракчылардын бири. Мындай жоопту уккан абышка кыйкырып жиберди:

— Андай болсо тиги абышка менден да кедей! Мени коркутуш үчүн аны биринчи мууздагыла!

Ур-токмок аң-сезимди аныктайт

Бир  кожоюн өзүндө кызматта жүргөн жетим баланы көп сабай турган. Байкуш бала эмнеге сабап жатканын түшүнчү деле эмес, болгону таяк жеген сайын үнүнүн бардыгынча озондоп ыйлайчу. Анын ыйын уккан бир киши кожоюнду уяткара катуу айтты:

— Сага ким жетимди кордогонго укук берди. Кудайдан коркуп, токтот бул жоругуңду!

Кожоюн ага жайбаракат жооп берди:

— Мага мындай сөз айтканыңыз кызык! Мен жетимди уруп жаткан жерим жок, мен ага кирип алып кулагын угузпай, тентектик  жасатып жаткан шайтанды уруп, кубалап жатам. Менин ордумда өз энеси болсо деле дал ушундай кылмак.

Өлүмдөн качкан акылсыз адам

Кайсы бир күнү бир акылсыз адам падышалардын падышасы Сулайман пайгамбардын астында турду.

— Эй, бактысыз эмнени каалайсың? — деп сурады пайгамбар.

— О, падышам, түндө мага өлүм периштеси келип, жаман көзү менен карап жатыптыр!

— Мен эмне кыла алам? —деп таңгалды падышалардын падышасы.

— О дүйнөнүн ээси, шамалга буйрук берип мени Индостанга  жеткиртип салыңызчы, мен тиги каардуу периштеден жашырынып калайын, — деп жалынды тиги акылы жок бактысыз.

Сулайман пайгамбар шамалга буйрук берип, аны Индостанга жеткиртип салгандан бир нече күн өтүп, ал өлүм периштесине жолугуп калып, андан сурады:

— О кудайдын элчиси, жакында бир бактысызды эмне чочутуп жүрөсүң, ал сенден коркуп үй-бүлөсүн таштап Индостанга качып кеткенге мажбур болду.

— Менин өзүмө кызык болду, — дейт периште. — Мага Кудайым анын жанын Индостандан алып, тозокко сал деп буйрук берген эле, ошондуктан ал күнөөкөрдү сенин жаныңдан көрүп таңгалдым. Кудай жалгап ал тез эле Индостанга учуп жетти. Мен Кудайдын буйругун ал айткандай так аткардым!

Өзүнөн жашына албаган адам, Кудайдан эч жакка качып кутула албасын эстен чыгарбашыбыз керек.

Оорулуунун акыбалын сураган дүлөй

Күндөрдүн бир күнүндө бир дүлөй адам кошунасы катуу ооруп жатканын угуп, барып абалын сурап, адамгерчиликтин ыйык милдетинен кутулуп коюну ойлоду. Бирок ал өзүнүн кулагынын катуулугун, оорулуу адамдын акырын сүйлөөрүн ойлоп, аны жакшы уга албай, туура эмес жооп берип, уят болуп калам го деп чочулап турду.

Бир аз ойлонуп, сүйлөшүүнү өзү болжогондой нукка буруп, камдап алган суроо-жооптору  аркылуу ал абалдан чыгууну чечти. Мисалы оорулуудан: «Кандай болуп калдыңыз?», — десем, ал сөзсүз: «Бир аз жакшы болуп калдым», — дейт, анда мен: «Кудайга шүгүр, ошондой эле болсун!»—дейм. Анан : «Эмне тамак жеп жатасың?» —десем, ал кандай жооп берсе дагы: «Ошол тамак сизге аш болсун»—дейм. «Ким дарылап жатат?» —деп сурап, жообун укпасам да ал доктурдун мыкты экенин айтып, ал сени дарылаганы жакшы болуптур деп айтам. Ошентип даярданып алган дүлөй коңшусуна келди.

— Кандай болуп калдыңыз? — оорулуунун жанына отуруп атып суроо салды.

— О досум, өлүм мени өзү менен сапарга чакыра баштады, — алсыз үнү менен жооп берди коңшусу.  Дүлөй камдап алган жообун берди:

— Кудайга шүгүр, ошондой эле болсун! Оорулуу анын айтканын угуп эти жыйрыла түштү: «Сөөк өчтү душманым гана өлүм үчүн кудайга рахмат айтмак!»

Дүлөй камдап алган суроолорун бергенин улантты:

— Бир тууганым, эмне тамак жеп атасың?

— Мен жеген тамак — ал тамак эмес эле уу! — деди оорулуу. Эч нерсе укпаган дүлөй жаттап келген жообун айтты:

— Жакшы, жакшы, ошол тамакты кудайым сизге аш кылсын. – Мындай каалоону угуп эсине келе электе дүлөй кийинки суроосун узатты:

— А ким дарылап жатат?

— Дарыгерим өлүм периштесинин  өзү болсо керек, — деп көзүн жашылдантып жооп берди оорулуу. Жоопту укпаган дүлөй жайма-жай сөзүн улантты:

— А, ал дарыгердин колу жеңил экенин элдин баары билет. Ал баштаган ишин дайыма аягына чыгарат. Сиздин ооруңуздун шыпаасын да табаарына ишенем!

Бул сөздөрүн айтып дүлөй милдетинен кутулдум деген ой менен жолуна түштү. Ал эми анын оорулуу коңшусу таңгалып жатты: «Ушунча жыл кошуна жашап туруп, анын ичинде мага ушунчалык арамы бар экенин ойлобоптурмун. Мен ага эмне жамандык кылдым экен?  Эмнеси болсо да оорулууну шылдыңдаган чоң күнөө эмеспи, жазаңды кудайым өзү берсин»!

Балким, өзүбүз сыйлык алууга татыктуу деп жасап жүргөн иштерибиздин ичинде чоң күнөө катылып жаткандыр. Ансыз да кыйналып жаткан бечара адамдын көңүлүн өзү  байкабай оорутуп кеткен дүлөй сыңары, биз дагы ал иштерибиз жөнүндө кабары жок жүргөнүбүз жокпу?

Айыкпаган оорулуу

Бир катуу оорулуу адам доктурга келип көрүндү. Доктур аны карап көрүп, айыкпас дартка чалдыкканын билди да, ага боору ооруп, жок дегенде бул байкуш өмүрүнүн бир аз калган бөлүгүн жакшы жашап алсын деген ой менен, ага минтип кеңеш берди:

— Сен айыгыш үчүн каалаганыңды жасашың керек, бир нерсени каалап, бирок тартынып ишке ашырбай койсоң, ооруңду күчөтүп жибересиң.

Оорулуу ага берилген мындай эркиндик, аны далай жолу рахатка бөлөрүн ойлоп кубанып чыкты.

Үйүнө баратып жол боюндагы булакта эңкейип отуруп бети-колун жууп жаткан молдону көрүп калды. Анын желкесине көзү түшүп, ошол эле жерден катуу соккусу келип кетти. Доктурдун кеңеши эсине түшүп, ал каалоосун дароо аткарды.  Молдо ордунан ыргып туруп, тигиге жооп кайтармак болгон, бирок анын сөлдөйүп сөөгү эле калган кебетесин көрдү.  «Бир соксом өлүп калчудай, өлтүрүп алып балээсине калбайын!» — деп ойлогон молдо ачуусун басып, аны кармап алды да, акыйкат чечимге үмүт кылып, сотко жетелеп барды. Сот арызды укту да мындай деди:

— Сен эч кандай далил көрсөтө албадың, бул адамдын кебетесине карасам ал андай ишти жасайт деп ойлош кыйын. Карабайсыңбы, араң жан неменин үйлөсөң жыгылып кетчүдөй болуп турганын. Тим эле тирүү өлүк! Шариат боюнча өлүктөрдү соттобойт, өлүп бараткан адам менен кармашуу — көлөкө менен кармашкандай эле кеп. Өзүң ойлочу, мен аны эшекке мингизип шаар аралатсам, ал андай жазаны көтөрө алабы?!

— Мен негедир түшүнө албай турам, — деп таң калат молдо, — мени бул желкеге соксо, кайра эле мен күнөөлүү экенмин да?  Сот молдодон “канча акчаң бар”? — деп кызыкты. Анын төрт сому бар экенин билгенден кийин, эки сомун жоопкерге беришин талап кылды.

— Жоопкер ага нан алып жесин, балким ден-соолугу бир аз жакшы болуп калса аны соттоого мүмкүн болот, — дейт сот.

Ал убакта оорулуу кадырлуу соттун желкесин көз албай тиктеп калган, жакшылап карагандан кийин ал аны катуу соккусу келип кетти да, эч токтолбостон каалоосун аткарды. Анан согор замат минтип кыйкырды:

— Эми силер мага төрт сом беришиңер керек! Анткени сот жаңы эле бир соккуну эки сомго баалаган.

Сотко анын талабын аткарыштан башка чара калган жок.

Месневи:

Капканда жаткан жемди көр же көрбө,
Билип ал, түшөрүңдү түпсүз көргө.

Көрө бил, башталышын, бүтөр чагын,
Кыйынмын деп жүрсөң сен, акылманым.

Өзүңө каалабассың жамандыкты,
Өзгөгө да тилей жүр амандыкты.

Өзгөгө арнап казган терең орго,
Өзгө эмес, түшүп калба, өзүңдү ойло.

 

Бүтпөс жашоо

Көз көргөндүн эгизи бар, бир жайларда, билбеген,
Көрүнөөсү өлүп тынат — а түгөйү, ажалсыз дейт өлбөгөн.

Жарык өчтү, үн басылды, өлдү аны деп ыйлаба:
Жарык өлбөйт, көлөкө өлдү, ыйлап жаның кыйнаба.

Анда бизчи… маңызыбыз? Туулабыз да узак жолду баштайбыз,
Айлануунун тепкичинде улам алга, жылып кадам таштайбыз.

Абадан сен, ташка айландың, а таштан соң, чөпкө айландың жайкалган,
Айбансың сен андан кийин, сырдуу дүйнө, бүгүн берип, кайта алган!

Мына эми, боз топурак кийип кейпиң, айландың го кишиге,
Борпоңуң айт, чачылчуудай, таянсаң да билимине, күчүңө!

Периштеге айланасың, кыска жолуң, бүтүп бир күн жердеги,
Пешенеңде жазуу сени, жерден алып, чокуларга теңдеди.

О Шамс, тереңдикке сүңгү бүгүн, бийиктикке жулунба —
Тамчыларда кайталансын, деңиздеги бүтпөс жашоо, кылымга.

Казандагы буурчак

Акылмандын уламышын—уламышын эң эски,
Аңдап уксаң, жеткинчегим, аның жакшы эмеспи.

Буурчак тынбай тыбырчылайт казанда,
Жалын чачат жагылган от, ал казанды асарда.

Калкып чыгат, чумкуйт байкуш кайрадан,
Каргылданган үнү чыгат, ысык сууда кайнаган:

“Кожойке айтчы, мени сатып алганда,
Камдандыңбы, мени азапка салганга?”

Күчтөп коюп отун салып, от демин
Кожойке айтат: “Жаман оюм жок менин.

Кайнай, кайнай эзилбесең болобу,
Сорпо ордуна, суу ичсинби коногум?

Кайнак сууда, жай кайнаган казанда,
Күнөөң болсо, жан-дүйнөңдү тазала.

Жашыл кезде, өсүп кооз турактан,
Суу ичкенсиң, шылдыраган булактан.

Күндө өсүп, даның толуп, шаңданып,
Күткөн күнүң ушул, балким камданып?”

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ