АБЫКАЕВ Абийирбек: ИНТЕРНЕТТЕН АЛЫНГАН ДИЛ АЗЫК: ЖАШООҢО БАКЫТ ТАРТУУЛООЧУ НЕГИЗГИ ҮЧ ЭРЕЖЕ!

Кээде жакындарыбыз менен бири-бирибизди жактырбай уруша кеткен күндөрүбүз болот. Мүмкүн абыдан чарчагангандыктан чыгар: жакындарыбыз болбогон жерден атайылап ызалантып, капалантып, таарынткылары келгендей туюлат. Ал кезде көңүлүң чөгүп, өзүңдү эч кимге керексиздей сезесиң.

Эмнеликтен бул акыбалга жеткениңди билесиңби? Көрсө, бизге келген бардык бактысыздык, оору-сыркоо, кайгы, өз абалыңа канаттанбай жинденүү, өзүңдү жаман сезүүнүн себеби – өз ойлоруңдун жана аракеттериңдин натыйжасы экен. Биз көбүнчө эң маанилүү нерсени майда-барат көр оокатка алмаштырып алабыз да, негизги нерсе, өзүң менен өзүң гармонияда жашоо экенин унутуп коёбуз.

Бир акылман карыя биздин жашообуз негизи үч нерседен кураларын айтат. Үч деген сан сыйкырлуу күчкө ээ экенин дүйнөдөгү бардык маданияттар жана диндер да тааныйт. Ошол үч алтын эреже биздин дүйнө таанымыбыздын түпкү маңызын көрүүгө негиз болот. Ал эрежелерди карманып, турмушуңда колдоно билсең, бактылуу болуунун сырларын ачасың, турмушуң жакшы жагына тез өзгөрө баштаганына ынанасың.

Эмесе үч нерсенин эрежесине сереп салалы:

• үч нерсе кайра артка кайтпайт: кеткен убакыт, айтылган сөз, пайдалана албай калган мүмкүнчүлүк;
• үч нерсени сактай бил: сабырдуулук, үмүт, абийир;
• үч нерсе жашоодо эң баалуу: жакындарыңды сүйүү, турмушка бекем көз караш, ишеним;
• үч нерсе туруксуз: бийлик, байлык, ийгилик;
• үч нерсе менен адам бааланат: эмгекчилдик, чынчылдык, жашоосундагы жетишкендиктери;
• үч нерсе адамды бузат: ичкилик, куру намыс, көралбастык;
• үч нерсени моюнга алуу кыйын: “Мен сени сүйөм”, “Кечирип кой”, “Мага жардам бер”…

Бул баа жеткис акылман ойлорду жакындарың менен бөлүш! Эңсеген бакытыңдын ачкычы өзүңө жана жакындарыңа болгон мамиледе экенин бил. Ал ачкычты дат бастырбай пайдалан!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ