АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: ААЛАМДЫ КАРМАП ТУРГАН НЕГИЗГИ ЖЕТИ МЫЙЗАМ БАР

Турмушуңду оңой албадыңбы? Демек, ааламдын жети мыйзамын бузуп жатасың.

Ал жетөөнү билбегениң – жоопкерчиликтен куткарбайт. Билип алсаң, ката кетирбей, гармонияда бактылуу жашооңо жардамы тиет.

  1. Боштук мыйзамы

Эгерде жаңы туфли алам десең, эскисин ыргыт. Эгер киймиңди жаңыртам десең, кийим салган шкафыңды тазала. Өз эркиң менен эски көз караштарыңдан арыл. Жаңы нерсе, эскиден арылганда гана келет. Идишиңди бошотпосоң, жаңы бышкан тамакты куя албайсың.

  1. Айлануу мыйзамы

Бир нерсе алуу үчүн өзүңө тиешелүү бир нерсени бергенге даяр бол. Чачылсаң жыйналасың, төгүлсөң толосуң.

  1. Кыялдануу мыйзамы

Өзүң күткөн ийгиликтериңди көз алдыңа элестет. Өзүң кыялыңда самаган күндү сүрөттөп кагаз бетине түшүрүп, эч кимге көргөзбөй катып кой. Жакын жерге коюп, кайра-кайра окуп тур.

  1. Чыгармачылык мыйзамы

Адам ийгиликке өзүнүн ойлонуусу, интуициясы, кыялдануунун натыйжасында жаралган энергияны пайдалануу менен жетет.

  1. Алыш-бериш мыйзамы

Бир нерсени берсең, он эселенип кайтат. Тапканыңды айланаңдагылар менен бөлүш. Кудай берген талантыңды пайдалана албасаң, кудайды сыйлабаганың. Өз жөндөмүңө маани берип сый мамиле кылгың келсе, талантыңа ыраазы болуп, аны башкалар менен бөлүш. Ошондо жашооңдо да көп жаңы ырыскыларды аласың.

  1. Ондук мыйзамы

Аалам дайыма өзүнө ондон бирин алат. Берүүчүгө көрсөткөн сыйыбыз – биз ээлеген нерсенин болгону гана 10% ти. Эч качан бергениңдин кайдан, качан кайтарын билбейсиң. Акча – кадимки көрүнүш. Бирок бирөөлөр менен жарашуу, бирөөлөр менен достук мамиле түзүү, дартыңдан айыгуу сыяктуу жолдор менен да кайтуусу мүмкүн.

  1. Кечирим берүү мыйзамы

Адамдарды кечире албасаң, байыймын деп ойлобо. Жүрөгүңдү көрө албастык ээлеп алса, анда ал жакта сүйүүгө орун жок. Өзүңдү ичиңден жеп тынчыңды алган негативтүү нерселерден арыл.

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ