АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: КАРАГАЙЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Эки карагайчы — канадалык жана норвегиялык — мелдешке чыгышты. Аларга коюлган талап боюнча: эртең мененки саат сегизден баштап, саат төрткө чейин өздөрүнө бөлүнгөн аянтчада ким карагайды көп кыйса, ошол жеңүүчү болуп таанылмак.

Саат сегизде ышкырык жаңырып, ар бири өз аянтчаларында ишин баштады. Алар карагайларды биринин артына бирин кулатып жатышты. Бир убакта канадалык карагайчы, норвегиялык карагайчынын токтоп калганын укту. Бул ага жеңүүгө берилген бир мүмкүнчүлүк экенин сезген канадалык эки эселенген күч менен иштеп кирди. Он мүнөттөн кийин норвегиялык ишин улантканы угулду.

Кайрадан экөөнүн балталары тынбай иштеп жатты, саат тогузга он мүнөт калганда норвегиялык кайра токтоп калганын уккан канадалык атаандашынын чарчап калганынан пайдаланып, алдыга чыгуу үчүн бүт күчү менен аракет кылып кирди. Саат ондо норвегиялык ишин улантты.

Ошентип, мындай көрүнүш саат сайын кайталанды, бир сааттын он мүнөтүн норвегиялык эс алуу менен өткөргөнсүдү. Тынымсыз иштеген канадалык карагайчы жеңиш өзү тарапта экенине бекем ишенип, көңүлү ток эле.

Саат төрт болуп, жыгылган карагайларды санаганда, норвегиялыктын жыккан карагайы алда канча көп болуп чыкты.

Канадалык жеңилип калганына аң-таң болуп, тигиге кайрылды:

— Кандайча мындай болуп кетти?  — Ар бир саат сайын он мүнөт иштебей эс алып жатпадың беле, а мен тынымсыз иштедим. Анан кантип сенин жыккан карагайың көп болуп чыкты? Мындай болушу мүмкүн эмес?!

— Анын сыры жөнөкөй эле, — деп эч нерсе жашырбай ачыгын айтты норвегиялык. — Ар бир он мүнөт сайын мен балтамды курчутуп аттым.

Тыянак: алдыңда чече турган маслеле чыкканда, шашпай, улам токтоп, ойлонуп, “балтаңды” курчутуп алып турганың жакшы.

Которогон Абийрбек Абыкаев