АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: КЕМСИНТҮҮ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Чыгыштагы бир акылман окуучуларына дайыма мындай деп айтчу экен: «Адамдар үч сөз менен бири-бирин кемсинтишет. Алар мындай деши мүмкүн, сен жиндисиң, сен кулсуң, сенин талантың жок.

Эгерде, сен ошондой абалга туш болсоң бир чындык эсиңде болсун: жинди киши гана башка бирөөнү жинди деп кемсинтет, кул гана башка кишини кул дейт, таланты жок адам гана башка бирөөнүн кем акылдыгы менен өзүнүн эч нерсе түшүнбөстүгүн жашыргысы келет».

Эки карышкыр тууралуу уламыш

Абышка небересине бир чындыкты ачып берип жатты:

— Адамдын жан-дүйнөсүндө дайыма эки карышкыр күрөш жүргүзөт. Биринчи карышкыр: ичи тардык, көрө албастык, кызганыч, калп, алдамчылык сыяктуу терс сапаттардын кызыкчылыгын коргойт. Экинчи карышкыр: ак көңүлдүктү, сүйүүнү, үмүттү, берилгендикти жана башка оң сапаттарды сактайт.

Небереси бир аз ойлонуп туруп минтип сурады:

— Акырында кайсы карышкыр жеңет?

Абышка жылмайып алды да, мындайча  жооп берди:

— Кайсы карышкырды багып жүрсөң, ошол карышкыр дайыма утат.

Эмнени тилесең, ошону аласың

Тролейбусста түртүшүп жатып орундукка барып олтурган аял ойлонуп баратты:

– Жүргүнчүлөрдүн бардыгы – орой жана кемпайлар. Эрим – арактан башы чыкпаган айбан. Балдарым – жалаң экиге окуган тентектер. А мен байкуш бактысызмын….

Ийниндеги периште анын ар бир айтканын жазып жатты:

  1. Жүргүнчүлөр – орой жана кемпай.
  2. Күйөөсү – айбандан жаман мас… ж.б.у.с.

Жазып бүтүп окуп көрдү да:

– Мунун баарынын ага эмне кереги бар? Мейли, өзү сурап жаткандан кийин, аткарууга туура келет…

Которогон Абийрбек Абыкаев