АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: БАКТЫЛУУЛУК ЖАНА БАКТЫСЫЗДЫК ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Айылда бир абышка жашаптыр. Ал эң бактысыз адамдардын бири экен. Андан айыл элинин баары жолобой жаа бою качышчу: ал дайыма кабагын ачпай түнөрүп,  болбогон нерсеге наалып, дайыма жаман маанайда жүрөр эле. Улам карыган сайын анын наалыганы көбөйүп, тили заар боло баштады. Ага жакындагандан да коркушчу:  бактысыздык жугуштуу эмеспи. Анын жанына барып бир аз сүйлөшкөн кишиге бул дүйнө жалаң кайгы менен муңдан, түйшүк менен азаптан тургансып, жашоодон түңүлүп өлгүсү келчү. Анын жанында туруп, бактылуу болуш да ыңгайсыз эле. Ал тегерегине бактысыздык уругун таркатчу.

Бир жолу ал сексен жаштык мааракесин өткөздү, мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүш болду — адамдар өз көздөрүнө ишена албай турушту. Айылга чагылгандай тез кабар тарады: «Абышка бүгүн бактылуу экен, эч бир наалыбай, жыргап-күлүп жүрөт. Өңү да жакшынакай болуп калыптыр».

Айыл эли заматта чогулуп келишти. Алар абышкадан сурашты:

— Сага эмне болгон? Өзгөрүшүңдүн себеби эмнеде?

— Эч нерсе деле болгон жок, —  дейт абышка. — Сексен жыл бою бакытка жетсем деп аракет жасадым, болбоду. Мындан ары ансыз эле жашоону чечтим. Ошон үчүн мен бүгүн өзүмдү бактылуу сезип жатам.

Сокур үчүн чырак

Шаар четиндеги ашканага сокур скрипач келди. Ал скрипкада мыкты ойночу, ал ошол күнү ишке орношуу үчүн келген. Ашкананын кожойкеси анын ойногонун жактырып, ишке алды. Алар чай үстүндө аркы-беркини сүйлөшүп олтурушканча түн кирип кетти. Скрипач үйүнө кайтмак болгондо ага чырак күйгүзүп берди.

— Мага чырактын кереги жок, — деди скрипач. — Мен сокурмун: караңгыбы же жарыкпы – мага баары бир.

— Сага чырактын кереги жок экенин билем. Бирок сен чырак алып албасаң, сени көрбөй башка бирөөлөр тебелетип кетиши мүмкүн. Чыракты ал, башкаларга кам көргөнүң, өзүңө кам көргөнүң эмеспи, – дептир кожойке.

Алча багы

Акылманга бир адам келип ага өзүнүн ички сырын ачып, кеңеш сурады:

— Мен өлгүдөй кызганчаакмын. Аялым мени сүйөрүн, анын тазалыгын билем, бирок баары бир кызгана берип, өзүм да кыйналып бүттүм. Жада калса түшүмдө да ал бирөөлөр менен жүргөнсүйт. Айтыңызчы, акылманым, бул дарттан кантип кутулам?

Акылман ага табакка толтура салынган алчаны алдына коюп, бир аз ойлоно калып аңгемесин баштады:

— Мен деңиз боюнда жашаган бир адамды билчү элем. Ага мураска укмуштай кулпуруп өскөн алча багы калган болчу. Ар жаз сайын гүлдөгөндө, андан чыккан аңкыган жагымдуу жыпар жытты бир нече километр жерге чейин шамал айдап, андагы жашаган адамдарга жеткизип турчу. Мындай керемет бак бул чөлкөмдө жок эле. Бактын ээси жаздан күзгө чейин бакчада чарчап-чаалыктым дебей, маңдай терин төгүп эмгектенчү. Жыл сайын болуп көрбөгөндөй түшүм жыйнап, каалагандардын баарына түшүмүнөн бөлүшүп, мөмө менен кошуналарын карк кылар эле.

Бир жолу бакчага ичи тар жаман адам келип калды. Ал бакты көрүп аябай жактырды. Ал анан кожоюнга мындай деп айтты: «Атаңдын көрү, сенин керемет багың бар экен. Бирок сен эмнеге аны кайтарбайсың? Түн ичинде бактын арт жагынан келишип, түшүмүңдү уурдап кетип жаткансыйт!»

Жаман киши кетти, а жаман кишинин жаман сөзү тиги кишинин көңүлүнөн кетпей койду. Ошол күндөн баштап анын санаасы санга бөлүнүп, уйкусу качты. Бакты айланта таш коргон салды, таң аткыча бакты кайтарып басып жүрчү болду. Күндүз уйкусу канбаган неме солдоюп жатып алып уйкусун кандырат. Ошентип убакыт өтө берди. Багуусуз калган бак акырындап четинен куурай баштады. Акыры, кайран бактын бир түбү да калбай куурап бүттү.

Акылынан ажыраган бак ээси, түнкүсүн дагы эле уурулардан чочуп, куураган багын кайтарып жүрөт.

Которгон Абийрбек Абыкаев