АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: ӨЛҮМ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

80 жаштагы багбанга Жаналгыч периште келет: абышка жалынып-жалбарып жиберет:

— Оо кудай, мага дагы бир аз жашоо бер!

Өлүм периштеси унчукпай чыгып кетти. Дегеле, ал бул үйгө кирбеген сыяктуу жок болду. Абышканын кулагына аңгыча сүрдүү үн жаңырды:

— Дагы канча жашагың келет?

— Бул алмада канча жалбырак болсо, дал ошончо.

— Жок, болбойт, ал көп.

— Анда, бул түптө канча алма болсо ошончо болсун.

– Бул дагы көп, — дейт Жараткан. — Мен сага канча досуң болсо ошончо жаш берем.

Абышка ыйлап жиберди. Өлүм периштеси кайрадан кирди да мындай деди:

— Мени кайра-кайра убара кылбай, досторуңдун жогу жакшы болбодубу.

Иисус менен Иуда

Леонардо да Винчинин чиркөөнүн ички дубалдарына түшүрүп жаткан сүрөттөрүнүн бири “Сырдуу кечтер” деп аталчу, аны тартуу учурунда чоң кыйынчылыкка туш болду: ал Иисустун образы аркылуу жакшылыктын, ал эми аны сатып кеткен Иуданын образы аркылуу жамандыкты чагылдырып берүүсү керек эле. Ал сүрөткө чагылдырылган адамдарды турмуштан алып, ылайыктуу модел табылганча ишин токтотуп салчу.

Бир жолу, сүрөтчү хордо ырдаган жаш ырчылардын арасынан бир жигитти Христостун образына өз оюндагыдай дал  келерин көрүп, аны өзүнө өнөрканасына чакырып, бир нече этюддарды тартып алды.

Арадан үч жыл өттү. «Сырдуу кечтер» аягына чыгарына аз калган, бир гана Иуданын образына туура келген модел табылбай жатты. Ал иштин аткарылышына жооптуу адам аны шаштырып, тез арада аякташын талап кыла баштады.

Бир жолу сүрөтчү  арыктын ичинде тоголонуп жаткан бирөөнү көрдү — ал мезгилинен мурда карыган, кир, тырмак-чачы өскөн жыртык кийимчен, мас неме экен. Убакыттын тардыгынан, ал издөөлөрүн токтотуп, тиги жигитти модел кылууга бел байлады, жардамчыларына аны чиркөөгө алып келүүсүн суранды.

Жардамчылар сүйрөп олтуруп, аны сүрөтчүгө жеткирип беришти. Тиги болсо эч нерсени түшүнбөй сүрөтчүнүн алдында жатты, а Леонардо анын күнөө жана өзүмчүлдүк ачык көрүнүп турган  жүзүн, чеберчилик менен өзүнүн этюдарына көчүрүп жатты.

Сүрөт тартылып болуп калганда, кайырчы бир аз соолугуп, көзүн ачты да, маңдайында турган сүрөттү көрүп кыйкырып жиберди:

— Эй, мен бул сүрөттү мурда көргөм!

— Качан? — деп таң калды Леонардо.

Үч жыл мурда, ал кезде менде баары бар эле. Хордо ырдачумун. Алдыга койгон максаттарым чоң болучу. Бир сүрөтчү ошондо мага окшоштуруп Христосту тарткан болчу.

Которгон Абийрбек Абыкаев