АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫН ИЗДЕГЕНДЕР ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

The Beatles ансамблинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Леннон кичинекей кезинде, анын апасы ага дайыма кайталап айтар эле, жашоодогу негизги нерсе — бул бакыт. Баштапкы мектептин мугалими балдардан чоңойгондо ким болгулары келишери тууралуу дилбаян жаздырды. Жон “Мен бактылуу” болгум келет деп жазыптыр. Мугалим дилбаянды окуп: “Сен тапшырманы түшүнбөйт экенсиң”, —десе, келечектеги улуу музыкант: “Сиз турмушту түшүнбөйт экенсиз”, — деп жооп бериптир.

Аныкы туура болучу. Ар бир адамдын таттуу кыялы — бул бактылуу болуш. Бирок ал кандай сезим, аны кантип туюп, кантип сактап калуу керек?

Келгиле, бул суроого жоопту бакыт жөнүндө айтылган уламыштардан издеп көрөлү. Анткени, кыска жана нуска уламыштар турмуштун бардык маанилүү суроолоруна жооп берет эмеспи. Бакыт деген эмне экенин да уламыштардан тапса болот.

Мага бакыт жасап бер

Кудай адамды топурактан жууруп жасаган соң, бир аз ылай артып калат.

— Сага дагы эмне жасап берейин? — деп сурайт Кудай.

— Мага бакыт жасап берчи, — деп суранды адам.

Кудай унчукпай, анын алаканына калган ылайды карматыптыр.

Бакыт сатылабы?

Бир жолу аял түш көрдү. Түшүндө ал бир дүкөнгө кирсе, сатуучунун ордунда Кудай өзү турган экен.

— О Кудай! Бул сенсиңби? — деп сүйүнүп кетти аял.

— Ооба, бул Менмин, — деп жооп берди Кудай.

— Бул жерде эмне сатылат?

— Эмне кааласаң баары бар.

— Андай болсо мага бакыт бербейсизби.

Кудай арткы бөлмөдөн кичинекей кутуча алып келип сунду.

— Ушул элеби?! — деди бир чети таң калган, бир чети нааразы болгон аял.

— Ооба, болгону ушул, — дейт Кудай. — Сен менин дүкөнүмдө жалаң урук сатыларын билбейсиңби?

Бакытка үйрөткөн илим тууралуу уламыш

Качандыр бир убактарда бир акылман дүйнөнүн сулуулугуна суктанып, көңүлү ток, капасы жок узак жолдо сапар чегип келаткан эле. Аңгыча алдынан оор жүк көтөрүп, алсырап чарчаган, бактысыз адамды жолуктурду.

— Ай байкуш, өзүңдү мынча эмне кыйнайсың? — деп сурады андан акылман.

— Жыргаганымдан жылкычы болуптумунбу. Балдарым, неберелерим бактылуу жашоодо жашасын деп тытынып жүрөм да. Менин чоң атам — атамдын бактысы үчүн, анын атасы — чоң атамдын бактысы үчүн, анын атасы да – өз балдарынын бактысы үчүн иштеп келишкен эмеспи, эми мен өз балдарым менен неберелеримди бактылуу кылыш үчүн өмүр бою иштеймин.

— Анан тукумуңардан деги бир адам бактылуу болуптурбу? — деп сурады акылман.

— Жок, бирок менин балдарым менен неберелерим сөзсүз бактылуу болушат! — дейт бактысыз адам.

— Сабатсыз адам окуганды үйрөтө албайт, ал эми арс чычкан эч качан бүркүттүн балдарын тарбиялай албайт! — деди акылман. — Адегенде өзүң бактылуу болгонду үйрөн, ошондо балдарың менен неберелериңди кантип бактылуу кылышты түшүнөсүң.

Бакыт жөнүндө үч түшүнүк

Илгери-илгери бул дүйнөдө үч дос жашаптыр. Алар бактылуу болууну самашчу. Бирок бакытты ар кимиси ар кандай түшүнчү. Биринчиси, бакыт деген байлык деп билчү. Экинчиси, байлык бул талант, ал эми үчүнчүсү, бакыт  бул  үй-бүлө дээр эле. Азбы, көппү, үч дос ар кимиси өздөрү тилеген бакыттарына жетишти. Бирок бардык нерсенин бүтөр мезгили бар эмеспи. Өмүрүнүн аягында баягы үчөө чогулуп, өткөн-кеткендерди эстешип, жашоолорунун жыйынтыгын чыгарышты.

Биринчиси мындай деди:

— Мен каалаган байлыгыма жеттим, бирок бактылуу боло алган жокмун. Сараң жана адамдарды жек көргөн боюнча бул дүйнөдөн өтүп баратам.

Экинчиси үшкүрүнүп алды да:

— Талантым ташкындап турган менен бакыттын даамын таткан жокмун. Бул жашоодон жалгызчылыктан тажаган боюнча өтүп баратам.

Ал эми үчүнчүсү айтыптыр:

— Мен бактылуумун. Бул жарыкчылыктан жакындарымдын камкордугуна бөлөндүм жана бул дүйнөгө эң баалуу — артымда ишимди улантуучу тукум калтырдым.

Бактылуу адамдар жөнүндө уламыш

Бир жолу бир кезде чогуу окушуп, азыркы учурда өз иштерин мыкты билген, коомдо кадыр барктуу, бай адамдар өздөрүнүн карып калган сүйүктүү профессоруна жолугуп, ал-ахбалын билиш үчүн анын үйүндө чогулушту. Мындай учурларда боло жүргөндөй, сөз азыркы заман жөнүндө, иш деп тытынып жүрүшүп стресске кабылып жаткан замандаштары жөнүндө, дегеле турмуштун ар кыл жагдайлары жөнүндө кетти. Профессор бир кезде тигилерге кофе сунуш кылып, алардын макулдугун алган соң ашканасына чыгып кетти.

Бир аздан кийин кофе куюлган чоң чайнегин жана бири-бирине окшобогон кооз чөйчөктөрдү көтөрүп кирди. Чөйчөктөр бири кичинекей, бири чоң, түстөрү да ар кандай эле. Бири фарфор, бири жөн эле чоподон жасалган, бири айнек, дагы бири пластиктен жасалган болучу. Формалары да түрдүү, бирининин кармаган туткасы ыңгайлуу жайгашса, экинчисинин  таптакыр эле туткасы жок эле… Профессор ар бирине өздөрү жактырган чөйчөктү тандап, кофе куюп алгыла деп сунуштады. Чөйчөктүн баары толгондо ал конокторуна жылмая карап мындай деди:

– Сиздер көңүл бурсаңыздар керек, эң кооз чөйчөктөрдү биринчи кезекте тандап алдыңыздар. Туурабы?  Ал эми жөнөкөй жана арзан чөйчөктөрчү? Бул туура эле, ар ким өзүнө жакшысын алсам дейт. Силер айтып жаткан стресстин себеби дал ушул жерде жатат. Чөйчөк кофенин даамын өзгөртпөйт. Чөйчөк болгону биз ичип аткан кофени сыртынан кооздоп, ичкенге ылайыктайт. Биз кофе ичкибиз келген, бирок инстинкт менен кооз жана кымбат чөйчөк тандап алганга аракет кылдык. Жашоо бул — кофе. Жумуш, акча, социалдык абал — бул жөн гана турмушту ар кандай формаларга салган чөйчөктөр. Чөйчөк жашооңдун маңызын өзгөртө албайт. Тескерисинче, чөйчөктүн кооздугуна суктана берип, кофенин даамын сезбей каласың. Ошондуктан кофеңерди ырахаттанып ичкенди унутпагыла! Эң бактылуу адамдар — эң кымбат, кооз нерселердин ээси эмес, алар — колдо бар нерсесин туура пайдалана билген адамдар. Ушуну эстен чыгарбагыла.

Которгон Абийрбек Абыкаев