АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: ЭШЕКТИН ӨЛҮГҮ

Мойша карыган дыйкандан жүз долларга эшек сатып алмакчы болду. Дыйкан акчасын алып, эшекти эртеси күнү жетелеп келип бермек. Дыйкан убадасы боюнча эртең менен келди, бирок эшеги жок эле.

— Кечирип коюңуз, эшек өлүп калыптыр.

— Анда, менин 100 долларымды кайырып бер.

— Бере албайм, мен аны кечээ эле жок кылып салгам.

— Жакшы болот. Анда мага эшекти жеткизип бер.

— Өлгөн эшекти эмне кыласың?

— Лотерея ойнотуп, аны байгеге саям.

— Кантип? Өлгөн эшекти байгеге саясыңбы!!!

— Ооба, саям. Бирок мен анын өлүк экенин эч кимге айтпайм.

Бир айдан кийин дыйкан Мойшага жолугуп калды:

— Өлгөн эшекти эмне кылдың?

— Баягы айткандай эле мен аны лотерея ойнотуп, байгеге сайдым. Беш жүз билетти эки доллардан саттым, жыйынтыгында 898 доллар пайда таптым.

— Эмне, эч ким нааразы болгон жокпу?!

— Бир жигит нааразы болду. Эшекти утуп алган неме. Ал аябай жини келди… Мен ага эки долларын кайтарып бердим.

Мораль: маркетинг – бул альфа жана омега.

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев