ДҮЙШЕЕВ Шайлообек: ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВДИН ООЗЕКИ АҢГЕМЕЛЕРИНЕ КҮЛҮП АЛГЫЛА

Атасы «өлгөндө»

Аксынын Караванында гастролдоп жүрүшкөн кыл кыякчы Толтой Мураталиев Асанкул экөө Жалал-Абадга тезинен чакырылып, аэропорту жок Кербенден учалбай, Намангандан учмак болушат. Кассада болсо белет жок, ошондо Асанкул:

— Толтош, азыр аэропорттун начальнигине киребиз. Кирериң менен эле сен буркурап ыйлап жибер, атам өлүп калыптыр деп айт, — дейт.

Бирдеме сеп этмейин ыйлай албасын айткан Толтойго 150 грамм ичирип, начальникке жетелеп кирет, тиги болсо босогодон эле буркурап-боздоп кое берет. Кепти уккан начальник:

— Аксакал, сабыр кылың, өмүр жашын сизгеям берсин, пенделик да, белет табылат. Атаңыз нечада эле? — десе, 44 жаштагы Толтой ого бетер уңулдап:

— Байкуш атам быйыл 54кө чыкмак, — дейт имиш.

 

Аракет кыл, уулум…

Суусамырда бир жылкычыныкына конок болуп калдык. Капталда көшөгө тартылып турат, көрсө, үй ээсинин баласы жаңы үйлөнгөн экен. Тамак ичилип бүтүп, Эстеке (Э.Турсуналиев) баш болгон аксакалдар: «Уул-келиниңер бактылуу болушсун, алдын бала, артын мал бассын, омийин!» дешти эле, Асанкул, токтогула дегендей белги берип, жылкычынын уулун чакыртып алып:

— Айланайын уулум, батага ишенип жүрө бербей, өзүң дагы аракет кылсаң,- дебеспи.

 

Карызым көп

Асакем ага-инилери менен айылдагы үйүндө тамак үстүндө олтурушса, апасы:

— Бу балдарымдын ичинен Асанкул эле эмчек сүтүмөн кутула элек, — дептир. Анда Асанкул:

— Апа, сиздин эмчегиңизди көп болсо бир жыл эмгендирмин. Мен азыр сенден эмес, тыштагы кара кашка уйдан уялып кирерге жер таппай олтурам. Ал кургурду канча жылдан бери кактап ээмп келатам, — деген экен.

 

Сериал көрөм деп

«Просто Мария» деген шумдук кинону бары-жоктун баарын унутуп, байбичеси экөө көрүп олтурганда Уркаш абанын төркү үйүн терезесинен кирип карактап кетишет. Жеңем бала-бакырасы менен кыйсыпыр түшүп жатса, Уркаш:

— Ооба, каракүл балтом, ооба, ооба, каракүл балтом, — деп эле ары-бери чуркай бериптир. Жини кайнап араң турган жеңебиз:

— Э, каракүл балтоң менен жерге кир, андан он эсе кымбат буюмдарым жок, — десе, Уркаш аба:

— Энеңди урайын, анын чөнтөгүндө сенден катып жүргөн 16 сом бар болчу, ошол жоголуп жатпайбы, — деген экен.

 

Адашканда…

Уркаш абанын жакын жеңелеринен бирөө кайтыш болгонун угаар замат аялын алып жолго чыгат да, көз байланган учурда айылга жетип, тигилүү турган бир боз үйгө «жеңекелеп» өкүрүп түшөт. Жеңебиз коштоп боз үйгө кирет…

Өкүрүп турган эки жигит тез басылат да, аңкайып Уркашты, Уркаш болсо тигилерди тиктейт. Эч кимисин тааныбаган Уркаш:

— Токон кайда жүрөт? — дейт.

— Токон аба тиякта жүрөт, азыр чакырам, — деп бирөө ары басып, сакал-муруту сапсайган бирөөнү чакырып келет. Аны да тааныбаган Уркаш:

— Кагылайын сен кайсы Токонсуң? — дейт.

— Сага кайсы Токон керек эле? — дейт тиги күркүрөп.

Чоочун өлүккө келип өкүргөнүн эми түшүнгөн Уркаш жөн-жайын түшүндүрө баштайт.

— Каап, аба, тактап алып анан келсеңиз болмок экен. Аркы көчөдөн да бир кемпир каза болду дешти эле, балким ошого барарсыз? — дешет. Шашкан Уркаш жеңемди боз үйдөн жетелеп чыгып, өз таанышыныкын издеп жөнөшөт. Жетип эле машинадан жерге аяк таштап өкүргөнү жатса, жеңем чаңырат имиш:

— Өлүңгөрөйүн Урка-аш, жеңеме деген түйүнчөктөгү кийит тигил боз үйдө кала берген турбайбы, эми канттик, — деп.

 

Көлөчкө арак куюп ичип…

Асанкул Шаршенов менен Тууганбай Абдиев гастролдоп Ошко келишпейби. Экөө шаар аралап жүрүп, базарга киришсе, жайнаган галошторду көргөн Асаке:

— Э Туке, мобу көлөч дегениң бизге табылгыс оокат экен, бирди алып алайын, — деп сатып алат да, кой, эми муну сага жууп берейин деп бир бөтөлкө ысып калган арак алып, бирок ыстыкан таппай калышат. Аргасы куруган Асаке «Мобу көлөчкө куюп туруп эле басып албайлыбы, жаңы нерсе да», — деп ошол жерден эле аракты эки көлөчкө бөлө куят. Экөө тартып жиберип, Асаке эч нерсе болбогондой кайра ичкен көлөчтүн ичин жыттап койсо, берки Тууганбай ошол жерден окшуп, кусуп ийген экен.

 

Тооруган чалдар…

Асанкул каза болгон атасын жаңы эле коюп келсе беш-алты чал апасын тегеректеп, көңүл айтып отурушкан экен. Муну көргөн Асаке иниси Бектенге кыйкырат дейт:

— Ой, Бектен, алдагы чалдар апамды эмитен эле тооруп калышыптыр, ылдамыраак бата тиле да үйдөн чыгарып ий!

 

Чалыр башкармага чоңко насаат

Бир көзү чалыр киши калкозго башкарма шайланып калат. Жыйналышта бир чоңко ордунан тура калып:

— Эл ишенип шайлагандан кийин калыстык менен түз карап жүр, — дейт имиш.

 

Эми бир катын алсаң…

Асанкулдун аялы менен ажырашкан старший лейтенант иниси капитан деген наам алып агасына сүйүнчүлөп келсе, Асаке:

— Ап азаматым, эми бир катын алсаң майорго жетесиң,- деген тура.

 

Оңой болсун деп…

Ичкенди абдан жакшы көргөн жакын досу бир күнү катуу мас болуп калганда үйүнө апкелип, оозуна бузулбаган бир бөтөлкө арактын башын салып коюптур Асанкул. Тиги эртеси оозу ооруп ойгонуп, бул эмне кылганың деген го, анда:

— Ойгонсо оңой таап алсын деп бөтөлкөнүн башын оозуңа тыгып койгом, — деген экен Асаке.

 

Уркаш унутканда

Оштун аэропортунан самолет жаңы эле көтөрүлгөндө жанаша отурган Уркаш Келдибектин жоон санын аткый кармап, боору эзилгенче күлүп кириптир. «Ой, Уке, эмне болду?» деп сураса, жооп бергенге шайы келбей күлөт дейт. Эптеп эсин жыйып: «Гостиницанын биз жаткан бөлмөсүнө үтүктү сайган боюнча унутуп кетиптирмин» деп кайрадан боору эзилип жыгылыптыр.

 

Ысытмаң го түшсүн…

Асанкул үйүнө келип коңгуроону басса көпкө чейин эч ким ачпайт дейт. Оо бир кезде шырп-шырп этип араң баскан дабыш босогого жакындап келип эшикти ачса, аялы экен.

— Ай, Асанкул, температура болуп аябай ооруп жатам. Минтип үнүм да жакшы чыкпай, шыбырап сүйлөп калдым,- десе, жөн сүйлөбөгөн Асакем: «Температураң түшсүн, үнүң ошол бойдон калсын!» деп жооп берген экен.