ДҮЙШЕЕВ Шайлообек: ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ: ЭЛЧИБЕК

ЭСКИ ДОСТОР

Үй-бүлөмдү Чаектеги кайын-журтума таштап, квартира таап алган соң көчүрүп келмекчи болуп, бой иштеп жүргөндүктөн кечкисин Төкөлдөштөгү досум Нуралыныкына барып жатам. Бир жумадан кийин Нуралынын көмөгү менен ошол эле жердеги экөөбүз бири-бирибизди жакшы тааныган, журналистиканы менден бир курс кийин окуп бүткөн Кубандыкына «көчүп» алдым. Кубан бойдок, мен бой. Экөөбүз «эки бакыр-бир тукур» болуп жарашып калдык.

Кубанды «журналист, жазат» деп жүрсөм, журналистикага караганда кара күүгө, калем кармаганга караганда Карамолдого жакын жан болуп чыкты. Көрсө, искусство институтун төртүнчү курстан таштап кетиптир.

* * *

Ошентип жашап жүрөбүз. Кубан эттен балыкты жакшы көргөн эме экен, дүкөндөн такай тегерек калайга «шыкалган» сельд балыгын сата келип жүрүп, мени да балыкка көндүрүп алды. Экөөбүз кечки тамак маалында маңдай-тескей олтуруп алып шашпай балык жейбиз.

– Филармонияда Мадемилова да кыздарын түштө «Океандагы» (балыктан тамак жасай турган кафе) балыкка кубалайт, эмне үчүн антет, билбейм.

Ошо кезде Кыргыз Эл артисти Гүлбүбү Мадемилова филармониядагы бий ансамблинин көркөм жетекчиси болучу.

Кубан сырдуу күлүмсүрөп:

– Жапондор балык дегенди жөн эле курсак кампайтыш үчүн жешпейт. Балык, биринчиден, «слух» менен «памятты» жакшыртат, экинчиден, «зренияны» жакшыртат, үчүнчүдөн, сөөктү бекемдейт, Мадемилова бийчи кыздарын сөөгү бекем болсун деп балыкка кубалайт да, – дейт көптү билген карыдай.

– И-ии, чын эле, – дейм.

– Үйдүн чатырынан дабыш чыгып жатканын угуп атасыңбы?– дейт.

– Жок, жөн эле турат ко,–дейм.

Кубан сырдуу күлүмсүрөп:

– Слухуң начар. Нарында жалаң койдун этин жеп жүрүп «слухуң» жоголгон, койдо да слух болбойт, дегеле нарындыктарда слух болбойт,–дейт.

– Шералиевде да слух жокпу? Ал деле Нарындан эмеспи,–дейм.

– Шералиев деген балык жеген да,– дейт Кубан, Жумамүдүнгө Ат-Башынын дайрасынан күндө балык кармап берип жүргөнсүп.

Анан:

– Жеп атасыңбы?–дейт.

– Жеп атпаймбы?–дейм.

– Сөөк ката электе жеш керек болчу, эми кеч болуп калды,баары бир таасир этпейт,–дейт.

* * *

Албетте, мен армияда болбогон, армия деген эмне экенин билбеген Кубанга Россияда эки жыл бою күнүнө үч маал жалаң балык жеп келгенимди, балыктан көңүлүм үч көчкөн журттай калганын айткан жокмун.

* * *

Кубандын үйүнүн чатырында желдеп кургасын деп арканга «асып» койгон өрүк дөңгөч бар. Анын түшүндүргөнүнө караганда ушундай «сквознякта» кургаган өрүктөн чапкан комуз укмуш үндүү болот имиш. Комуз дегенде колу кычышып, өрүк дегенде «өлүп жыгылган» эме экен.

Кээде иштен чогуу келатып эле мага Төкөлдөштөгү атам тааныбаган бакты көрсөтүп айланып-тегеренип калат:

– Мына комуз деген! Дагы эки жылдык өмүрү калыптыр, эки жылдан кийин чертелекте эле ырдап турган шумдук комуз болот!– деп каржайган жоон бутагын кармалап, кабыгын сыйрып жыттайт.

Колунан келсе түбүнөн омкоруп алып көтөрүп кетчүдөн бетер аржак-бержагына чыгып, далайга кеталбай туруп басат.

– Самараныкынан дагы үндүү болобу? – дейм.

– Самараныкын айтасың, Карамолдонукунан дагы! – дейт.

Арбайган-тарбайган мына ушул өрүктүн жыгачынан шумдук комуз чыгарын такыр элестете албай Кубанды ээрчийм.

– Жакшы комуз болорун кайдан билесиң? – дейм.

Бул суроомдон кийин Кубан ого бетер сырдуу, ого бетер олуттуу тартат. Дулдуюп бир топко дейре жообун маалкатып, унчукпай басат. Анан ал комуз тууралуу институттан өзү окуган, бирок мен окубаган, өзү уккан, бирок мен укпаган сөздөрдү айта баштайт. Айта берип, айта берип, бир маалда өзү да кара күрөң тартып, чор кайнап уюп жаткан, чабылалек өрүккө айланып кетет. Анан менин фантазиям ойгоно баштайт. «Эгер чындап эле Кубан өрүк болуп калып, мына ушул түтүнү түтөгөн ТЭЦтин түбүндөгү Төкөлдөштө эмес, бейиштин төрүндөй болгон тоонун этегиндеги өзүнүн Белогоркасындагы атасынын үйүнүн чатырына «жатып» алып «сквознякта» кургаса, анан мыкты устанын колуна тийсе, укмуш комуз болот эле!» – деп кыялданам.

* * *

Кубандын түбүндө Нуралынын кеминдик агаларынын бири, Алтын аттуу жубайы базар кармап, өзү терапевт болуп иштеген, аялдан да, артисттен да өңдүү-түстүү, кашкарлык соодагердин тойго барарда тагынчу бычагындай жалтылдаган, деги эле эзели дарыгерге окшобогон Элчибек деген врач жигит жашайт. Океев көрсө ойлонбой туруп эле, жаман малакай кийгизе салып байдын жылкычысынын ролун бере салмак деп ойлоп кетесиң.

* * *

Элчибектин Алтыны чындап эле алтындай болгон казан-аштуу, улагадан төрүнө чейин берекеси төгүлүп турган ак көрпө жайыл аял. Ал айрыкча артисттерди тоскондо көркүнө чыгып, жадырап-жайнап, гүлдөп кетет. Өмүрүмдө бир эле жолу: «Бетме-бет көрүп калсам арманым жок эле?» – деп дегдеп жүргөн Түгөлбай Казаковду мен ушул Элчибектин үйүнөн көрүп, бир чети таң калып, бир чети төбөм көккө жете сүйүндүм. Бирок кетип калбагай эле деп корктум, Түгөлбай менен Асанкалый бул үйдөн кетпестигин, бул үйдө экөө такай болуп турарын, кээде түнөп да каларын Кубан айтып жүрөгүмдү басты. Бирок Түгөлбайдын мен сыяктуу ат басып кеткен чакадай болгон кебетеси суук неменин деңгээлине дейре түшкүсү келбеген мырза чалыш жигит экени көзүнөн дароо эле байкалды. Баягы Балыкчыдан мен көргөн Түгөлбайга караганда бир аз тотуга түшүптүр.

* * *

…Анда да жай эле. Биз студенттик курулуш отряды менен Балыкчыда иштеп жүргөнбүз. Дем алыш күн болсо керек. Бир маалда эле: «Түгөлбай Казаков келиптир, сыртта Мады менен турат» – деп студент кыздар дүрбөп калышты.

Мады деген менден төрт жаш кичүү курсташым, айылдашым, Ача-Кайыңдыдагы батасы менен бак бүрдөткөн он аксакалдын бири – Мамбетказиев Мамбетакундун баласы. Ыраматылык Мадым тилинде мөөрү бар, жетем дегенине жетип, жулам дегенин жулуп, алам дегенин алган, атасы айткандай эртең менен үйдөн 1 сом алып чыкса, кечинде анысын 10 сом кылып келген эпчил, 1-курстан тартып эле балдарды окууга ректор өткөзгөндөй «өткөзө» баштаган, жалаң декандар менен жүрүп чагылган ургандай тез өскөн, студенттик профкомду башкарган, мага окшоп бир ооз орусча билбей туруп 3-курска жеткенде кадимки Турдакун Усубалиевичтин бир ооз кыргызча билбеген, чаңына жан жолотпогон проректор баласы Сашка менен «шилекей алышкан» дос болуп, биз тургай, оңой менен оозу ачылбаган окумуштуулардын оозун ачырган, калайман менен алайманда да күнү жолунан, айы оңунан тууп турган, Нарындын ресторанын тээп кирип, Бишкектин ресторанын тээп чыккан шумдук жигит эле. Усубалиевдей киттерге кулачы жеткен Мады Түгөлбайга окшогон чабактарды эки чайнап, бир жутмак.

* * *

Мынча болду маркум Мадынын айрым жоруктарын эстей кетейин. Мен агезде обулустук «Нарын правдасы» гезитинде иштеп жүргөн кезим. Түшкө жуук Мады кирип келди.

– Жүрүңүз Шаке, Ат-Башыга кетип баратам, мени менен тамак ичип алыңыз, Бишкектен келатам,–деп «волгасына» салып алып Нарындын жападан жалгыз ресторанына айдап келип токтоду. Ресторандын эшиги ичинен илинүү экен. Такылдатсак:

– Сандень, бүгүн иштебейт, столовойго баргыла!–деген үн чыкты.

– Текшерүү келип атса, каяктагы сандень!– деп Мады эшигин тепти эле, колхоздун каалгасындай болгон эмеси шарак этип ачыла берди. Зымдын жоонунан жасалган илгич менен илип койгон экен. Кирип бардык. Швабрасын сүйрөп алып пол жууп жүргөн келин местейип эле туруп калды.

– Эмне турасың? Чакыр заведующийиңди?– деди Мады. Аңгыча залдын арткы бөлмөлөрүнөн бөйпөңдөгөн кара тоголок аял чыга келип:

– Биякка кириңиздер? Биякта кабина бар,– деп эле бизди ээрчитип келип, төрт олтургучтуу үстөлдүү чакан бөлмөгө олтургуза салды. Мадынын ким экенин, кайдан келатканын сураган да жок.

– Куурдак куурта коёюн, күтөсүзбү? Же бышкан тамак бар, даярын бере салайынбы?– деп тыбырап турду.

– Шашып баратабыз. Ат-Башыга кетебиз. Куурдакка күтпөйбүз. Даярын апкелиңиз. Бере турганыңызды жолго ороп бериңиз, бир туш салып койгонду унутпаңыз!– деди Мады.

Ресторандын башчысы «чымын-куюн» болуп, жеңил деген тамагын бир шише коньягы менен алдыбызга жая салды. Түштөнүп бүтүп, сыртка чыктык. Кара брезент алжапкыч байланган жигит муздаткычтан алып чыккан семиз койдун этин кагаз мүшөгү менен көтөрүп барып «волганын» багажнигине салды. Дагы кагазга оролгон бирдемелерин заведующийи көтөрүп келди.

– Жакшы калгыла. Бизди уят кылбай жакшы иштегиле,– деди Мады салабаттуу түрдө ресторандын башчысы менен коштошуп жатып.

– Буюрса уят кылбайбыз, аксакал. Жакшы жетип алыңыз. Келатканда да кайрыла кетиңиз? – деди заведующий.

* * *

Филармонияда иштеп жүргөн кезим. Бир иш менен агездеги «Ленинчил жаш» гезитине бара калып, жаңы эле кетейин деп атсам Мады кирип калды.

– Кетсеңиз жеткирип коёюн, – деп калды.

Ырас болбодубу, – деп сыртта турган «волгасына» барып олтурдум.

Анын студент кезде эле Волга минип жүргөнүнө баары таң калчу. Жөнөп калдык. Мады Фрунзе көчөсүнө бурулбастан түз эле эски Өкмөт үйүн көздөй айдады. Ал учурда өкмөттүк аянтта машина айдоого ЦКнын секретарларына да уруксат берчү эмес. Анын үстүнө ошол күнү Москвадан, болгондо да Кремлден чоңдор келет деп, аянттын ар бир жерине жөн дагы милиция эмес, чини капитандан кем болбогон офицерлерди тизип, республика «жуунуп-таранып», Гоголдун «Текшерүүчүсүн» күткөндөй күтүнүп жаткан кези болчу.

Мады түптүз эле азыркы Өкмөт олтурган имараттын капталында турган майорду сүзө качырып барып токтоду да, айнегинен башын чыгарып:

– Жолдош майор, турган кебетеңди карачы? Курсагыңды карачы, салаңдап? Тарт курду! – деди эле, майор «честь» берген колун түшүрүп жиберип, курун оңдогончо шашты. Мады шарт бурулуп, «волгасын» зуулдатып барып андан элүү метр арыда турган капитанга токтоду: – Эй, айланайын, фуражкаңды оңдочу, Гитлердикиндей кылбай? – деди да, кайра айланып зуу коюп чоң жолго түштү. Жолдо тизилген милийсалар бизге «честь» берген бойдон кала берди.

* * *

Мады факультеттин профсоюз комитетинин төрагалыгына шайланып, жарым жылдан кийин профсоюз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда отчеттук докладын өзү жакшы билбеген орус тилинде жасамай болуп, аны орус тилин жакшы билген курсташыбыз Жолдошбек Исмановго жаздырды. Чогулуш болор күнү анда-санда кол чаап, колдоп, сүрөп тургула деп бизди айдап барды. Ак жуумал, бадырайган өңдүү-түстүү жигит эмес беле, трибунага чыгып эле докладын шатыратып окуп кирди. Көңүл коюп угуп олтурган орус группасынын кыздары суроо берди эле, Мады:

– Вопорос потом,– деп койду.

Доклад бүткөнчө бир нече ирет суроо берилип, докладчы «вопорос потом» дегенин бир нече ирет кайталап токтотуп жатты. Ошентип окуп атып докладын да бүттү. Биз кол чаап, сүрөп барып басылдык. Орус группасынын студенттери суроолорду жаадыра баштады. Мады:

– Вопорос потом деп атпаймбы! – деп, артындагы:

– Какой нахал! – деген үндөрдү тыңшап да койбостон актовый залдан чыгып кетти.

* * *

Колу ачык, жолдошчулукка мыкты, ийненин тешигинен өткөн, укумуш жигит эле.

– Усубалиевдин баласы колумда, эми бир аттасам Ак үйгө кирип барам,–дечү.

Кайран жигиттин өмүрүн болбогон жерден келген ажал алып кете берди. «Советтик Кыргызстанда» жөнөкөй кабарчы болуп жүрүп эле жарышка түшкөн ат-башылык аттуу-баштуу туугандарынын көздөрүн жайнатып, көкүрөгүн кайнатып туруп өзү иштеген гезиттин башкы редактору Тилектеш Ишемкуловду Ат-Башыдан Жогорку Кеңешке депутат кылып баса берген Мады оңой Мады эмес болчу. Маркум азыр тирүү болгондо далайдын ичинен чыкмак. Кээде ойлоп-ойлоп башым жетпейт, Кудай бул дүйнөгө өтө кереги тие турган пенделерин өзүнө керек кылыш үчүн алып кетет окшобойбу деп…

* * *

Ошентип «Түгөлбай Казаков Мады менен турат» дегенди угуп алып тышка атып чыктым. Кудай бетин салбасын, агезде өсүп турган чөп дагы «түгөлбайлап» өсүп, агып турган суу дагы «түгөлбайлап» агып, күн жааса «Жамгыр» болуп жаап, насаат айткысы келсе «Насыйкат» болуп ырдап турган чак. Сыртка чыгаарын чыгып алып, капкара чачын желкесинде желбиретип, жалган дүйнөгө батпай, Мады баштаган эки-үчөөнүн курчоосунда күлүп-жайнап турган Түгөлбайга даап баралбай койдум. Барып колум тийсе эле жел урган шарга окшоп каяккадыр учуп кете тургансып сезилди. Мады менин карап турганымды көрдү, бирок чакырбады. Анан алар да көпкө турбай, машинага олтуруп, чын эле «учуп» жок болушту.

* * *

Ошол мен эңсеген «сырдуу» Түгөлбай эми кадимкидей «колумда» турду. Анда-санда балпайып, аккордеонун көтөрүп Асанкалый келе калат экен. Ошондо кудай бетин салбай кал, ыр төгүлүп, күү төгүлүп, эл уктаса да Элчибектин үйү уктабай чыгат. Алтындын жайыл дасторкону байыркы «Миң бир түн» жомогундагы багдаддык соодагердин үйүндөгүдөй жер ийилткен дүйүм даамга, халва менен балга, мойну-башы койкойгон таттуу, таттуу шараптарга толуп, күндө майрам, күндө той. Көрсө, ошол кез, ошол жылдар, баары, баары Төкөлдөштүн төрөсүндөй болгон берекелүү, ачык-айрым, оюн-күлкү гана болсо болду, башка менен иши жок, ыр менен тамашанын, аския менен күлкүнүн устасы – Элчибектин «жумса уучунда, ачса алаканында» кези экен. Тим эле илебине нан эмес, жан бышат! Канча «дрожж» салса да ачыбаган камырга окшоп, алардын арасына мен гана бышпай, мен гана батпай, кошулалбай койдум.

* * *

Курсташым Нуралы Элчибектин айылдаш, жердеш инилеринен болсо, Кубан кудай жалгап Түгөлбай, Асанкалый үчөө искусство институтунда чогуу жатып, чогуу окуптур. Эл сүйгөн эки обончу менен ошентип тааныштым.

* * *

Бирок мен чындап эле булардын улам бир тепкичин аттаарың менен экинчисинен кулап түшчү «көп тепкичтүү короосуна» кире албай койдум. Нуралы менен Кубан алып берген «бекер белетим» турса дагы кире албай койдум. Элчибек Түгөлбай үчүн ал концерт берээрде эң кадырлуу жерге олтурчу ардактуу коногу болсо, мен болгону «короонун» тышында туруп эле анын атын угуп алып сыртынан суктанып, сыртынан жакшы көрө берген, орундук жетпей калганына да кайыл болуп, алаканынын териси түшкүчө чапкылап турган сабатсыз, маңыроо көрүүчүнүн гана бири болчумун.

Кетип баратып: «Атаганат ушундайда Мады болсочу!» – деп жибердим.

* * *

Ошол учурда күтүүсүз жерден көзү ачык пайда болуп:

– 10 жылдан кийин сен, Түгөлбай, Асанкалый үчөөң бир үйдө жашайсыңар. Түгөлбай сенин «Акыркы ыр» деген ырыңа, Асанкалый «Гүлкайыр» деген ырыңа обон чыгарып ырдай баштайт. Андан кийин Асанкалыйдын там алчумун деген арызын вице-премьер Абдыганы Эркебаевге сен жазып бересиң, Түгөлбай иши жок үйүндө олтуруп калганда Эшимкановду көндүрүп, «Асабага» сен алып барасың, – деп көздөн кайым болсо, ким билет, балким, буга мен ишенген күндө дагы, Асанкалый менен Түгөлбай түк ишенбейт болучу.

* * *

Бирок тагдырдын жазмышынан эч ким эч кайда качып кутула албасы чын турбайбы, үчөөбүз чын эле кошуна жашадык, чын эле экөө ырларыма обон чыгарды. Асанкалый мен жазып берген арыздын арты менен акыры үйлүү болду. Мелис инимди көндүрүп атып Түгөлбайды «Асабага» алып бардым. Таланттуу киши бардык иште таланттуу болот экен, кийин Түгөлбай бул жерден өзү да гүлдөп, «Асабаны» да гүлдөттү. Кийин биз Болот Шердин «Жетимен» журналында, андан кийин «Алас» гезитинде чогуу иштедик. Аттиң, бул жигит бир-эки обондун оромунда калчу жигит эмес эле, Түгөлбайды да жети нотанын желесинен чыгарбай жүрүп карыттык!

* * *

Бир күнү иштен келсем мандаш токунуп алып, гитарды комуздай черткен бирөө сайрап олтурат. Cөз албай да, сөз бербей да сайраган неме экен. Көкүлү кандай болсо көңүлү так ошондой жумшак, боюн колу, оюн сөзү ала качкан, чала майланган батиңкедей ала-була сүйлөгөн, кээде сөзү аңыз, кээде сөзү тегиз, кээде көзү жашыл, кээде көгүш, аксаргыл жигит «Сагынбекмин» деди. Ушундайларды көргөндө эле маркум Райкан: «Болду болбоду, бу кудай албагыр таластык болуш керек» – дечү дейт. Чын эле таластык болуп чыкты.

Ичинде аласы жок, карапайым жигит ошол жылдары өзүнө өзү батпай, «күрп» болуп «кирип» турган кези экен. Ошентип Сагынбек Момбеков менен да Кубандын үйүнөн тааныштым.

* * *

Кудай бекеринен атын Элчибек кылган эмес экен, кыргыздын элим деген чыгармачыл азаматтарынын баары менен ушул үйдөн тааныштым деп ойлодум.