ДҮЙШЕЕВ Шайлообек: ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ: КЫРГЫЗ КЫШЫ

Мен Советтик Армиядагы эки жылымда Подмосковьедеги орус асманынын үтүрөйгөн кебетесине такыр эле ичим чыкпай жүрүп келгем. Качан көрсөң эле бүт дүйнөнүн кайгы-муңун жалгыз өзүнүн кабагына түйүп алгансыган биздин Апас Жумагуловдун кабагына окшоп салаңдап, үтүрөйүп, алтургай булутсуз ачык күндөрү да Россиянын асманы биздикиндей болбой, «аза күтүп», «көңүлү чөгүп» турар эле.

* * *

Бирок кышы укмуш болчу!

Жумалап сыртка чыкпай, кысталса чакасына ушатып коюп, бошогон шишеси менен сасыган балыгынын жонтерисинин кылканын айнегинен ыргыта берип, терезенин тегерегинен да, теребелинен да иттин өлүгүнөн да жаман жыт таркалып, чымын-чиркейге, акыр-чикирге толуп, бака маңдабай, жылан жыттабай калган орус хуторлорунун айыбын да, айыпсыз азап-тозогун да душман көзүнө көргөзбөй, бир күнү эле Александр Сергеевич Пушкиндин ямщигине окшогон коңгуроолуу аппак кыш каптап өтүп кетүүчү. Ошондо көрүп ал! Кудайдын кышы жер үстүнөн кылайган ала калтырбай, ойрон орустун жамандыгынын баарын жаап-жашырып, баарын апакай кылып, баарын ак аюудай таман алдына басып калар эле. Орус кышы бу дүйнөдө эмнеге колу жетсе ошонун баарын орустуку кылгысы келген орус баласынын, өжөр, өзүмчүл, көк бет, өзүм билем мүнөзүнө окшоп кетчү.

* * *

Орус кышында гана чыныгы оруска окшочу.

* * *

Кыргыздын тоо-талаалуу, кокту-колоттуу, өңгүл-дөңгүлдүү, уңкул-чуңкулдуу, бирде жондон, бирде ойдон көрүнгөн жалаң төш, жайдак ат, ызгаары ызылдап, аязы каланган көңгө окшош, боз үйдүн капталындагы чегедектей каксоо, кургак, ак көңүл, жалаңкат кышы менен орустун очойгон, оонап жаткан маалында да ордунан тургусу келбеген, ыкшоо, «тердигинин» алды такай ымшып тердеп турган кышына салыштыруу мүмкүн эмес эле.

* * *

Анткен менен орус поэтикасында, поэтикасы эле эмес бүтүндөй орус коомунда «русская зима» же бизче «орус кышы» деген түшүнүк бар. Ушинтип айтыла берип, жазыла берип, орус элинин «менчигине» айланып, кадыресе «орус кышы» болуп кеткен. Түптүү, бардыгына өзүн кожоюн сезген эл ушундай, «энчикчил», «мен билем» болот экен.

* * *

Ал эми Пушкин, Фед, Тютчев, Есенин жазган орус кышы эмне деген керемет! Кийин булардын салтын орус элинин алардан кийинки мыкты акын уулдары Николай Рубцов, Анатолий Передреев жана башкалар улады. Чынында эле адам суктанарлык!

* * *

Анан мен дагы кыргыз поэзиясын жөн эле «келди-кетти ырлар» менен толтура бербей, «кыргыз кышы» деген түшүнүктү киргизсем деп Кудайдан тилендим. Бир чети дүйнөдө теңдеши жок «Манасым» бар менин орус акындарынан «эмнем кем?» деп намыстандым. Кыргыз баласы үчүн намыстанган жакшы белем, тилегиме эми жетип олтурам.

* * *

Башкалар кечирип коюшсун, кыргыз кышын мен ажайып кыргыз жеринин башка аймактарына караганда кышы алда канча катаал Ат-Башынын мисалында айткым келди.

Кыш

Кылчылдайт. Аппак кийгени.
– Кыш белең? – десек:
– Ии, – деди.
– Үйгө кир, даам сыз? – деди энем,
Үй муздак болчу, кирбеди.

Ак-Сайда
Кыргыз кышын көрдүң беле Ак-Сайдан,
Кызыл чийкил, чач, кирпигин ак чалган.
Кызыл камчы, кара түтөк, шыргалаң,
Кылкан мурут, кылагар көз, дагдайган.

 

Алкынганда аппак ызгаар төгүлгөн,
«А-уу» десе таш экиге бөлүнгөн.
Кыйкырганда кыйрап түшүп бороону,
Кыр-жондору дал-далынан сөгүлгөн.

 

Кузгун да жок, куш дагы жок, бак да жок,
Кудай гана жалгыз мында жаккан от.
Куюккандан чыдай албай Ак-Сайда
Кулап түшөт суугунан аткан ок.

 

Москванын карын кечип, муз миндим,
Мактап жүргөн кышын көрдүм Пушкиндин.
Жер үстүнөн, бирок сендей көрбөдүм,
Жети ай бою кирип турган жут жиндиң.

 

Күүлөнгөндө күндүк жолдон күрсүнүп,
Күйүккөндө күрткү болуп түртүлүп.
Күкүктөнгөн ызгаар агат бир гана,
Күн Батыштан Күн Чыгышка бүркүлүп.

 

Жээликкенде жер табалбай сыйгандай,
Жел да тоңуп, желип-жортор кыр калбай.
Жээгин бербей мелт-калт болуп жатат кыш,
Жер шарынын кышын мында жыйгандай.

 

Ат-Башыда
1-варианты

Албуут аяз тоодон тоого соктугат,
Ала буурул адыр-түздөр кошкурат.
Ак жоолукчан кыш далбактап эшикте,
Айылдардын боорун жүрөт топчулап.

 

Кайыңдынын суугу жолдон үзүлбөй,
Карагайлар калч-калч этет бүтүндөй.
Жылуу түтүн колу менен көктөгү
Жылдыздарды кармап турат түшүрбөй.

 

Сагызгандар бадалдарга тик кирген,
Сай жалтылдайт тонун муздан тиктирген.
Салып-уруп сарайына баратат,
Сары-Коолук сары жигит «ЖИП» минген.

 

Аз калгандын бороон бүтөп жыртыгын,
Ач калгандын ак кар бүтөп жыртыгын.
Эңкейиштен экиленген жыт келет,
Эттин жыты… болгондо да жылкынын.

 

Бул өрөөндү ызгаар менен апаптап,
Буудан минген чилде жүрөт акактап.
Бубак баскан зым карагай түбүндө,
Бубак баскан эшек турат апаппак.

 

Алтай-жетай чеги кайда билинбей,
Азапка да, тозокко да ийилбей.
Асман-Жердин ортосунда жатат кыш,
Ат-Башыга таштап кеткен Сибирдей.

 

2-варианты

Аң-чөнөктөр ала калбай бүтөлгөн,
Агат аяз адыр-жондон, түзөңдөн.
Ун элеген супурадай ай талаа,
Суук, суук киши тургай, ит өлгөн.

 

Кеч айылды каптап келет бүтүндөй,
Келин жүрөт жолдон көзү үзүлбөй.
Жылуу түтүн түркүк болуп асманга
Жылдыздарды кармап турат түшүрбөй.

 

Чыйыр жолдор чыга качып чийинден,
Чычырканак чыдай албай ийилген.
Өйүз-бүйүз өөдөлөнүп, чор кайнап,
Өзөн-сайлар өпкө тонун кийинген.

 

Эзет бороон эки өңүрүн этектин,
Эңкейиштен жыты келет тезектин.
Кымтыланып кыштак турат, жанында
Кыроо басып кирпиктерин эшектин.

 

От жаланып уйдун кызыл тилиндей,
Жаккан мешке түшө калат билинбей.
Жатат бул кыш ак чуудасын чубалтып,
Ат-Башыга таштап кеткен Сибирдей…

 

3-варианты

Агы дагы, кары дагы ак, таза,
Ак бүткөндүн баарысынан таптаза.
Аска-зоосун аяз менен чайкаган,
Ат-Башынын кышы кыштан башкача.

 

Чокулары алда кайдан көрүнүп,
Чоорун тартса бороон боздоп төгүлүп.
Агып жатат ала буурул дайрасы,
Аласалып, аргамжыдай өрүлүп.

 

Миң-миң жылдан кайтып келген бир кези,
Миң Сибирге бергис, бергис бир кечи.
Адыр-түздө айгыр минип алкынып,
Айды чапчып агып турат чилдеси.

 

Коктулардын колу-буту тушалган,
Колтугунан Күн алыстап жукарган.
Коркконунан кире качып от үйгө,
«Коркконунан карагайлар узарган».

 

Ток ургандай урат бир күч таманга,
Тозоң салып, топон салып кар анда.
Тоолорунда, токоюнда жатат кыш,
Топозго окшоп төшүн тосуп шамалга…

 

Ат-Башыга барганда
Ат-Башыга бара калсам, баягы,
Асман-Жердин аппак болуп аягы.
Кыйла жылдан бери таппай келаткан
Кышты көрдүм, көрдүм сары баланы.

 

Айылдардан анда жалаң кут агып,
Аяп тийчү Күндүн табы жукарып.
Үшүгөндөн кире качып от үйгө,
Үшүгөндөн аяз кетчү кызарып.

 

Ошол кез ай, бубак кез ай, зымдагы,
Ойноп-ойноп кайткан кезде шымдары
Картон болуп, кагып-силкип апабыз,
Кактап мешке, кайра «киши» кылганы.

 

Колтугунда куунап өстүк муз-кардын,
Коюнуна кар салганда кыздардын.
Эмне кылар айла таппай «дүрт» этип,
Эриндери күйүп кетчү ызгаардын.

 

Чокулары алда-кайдан көрүнүп,
Чоорун тартса бороон боздоп төгүлүп.
Агып жаткан экен ак жал дайрасы,
Ала буурул аргамжыдай өрүлүп.

 

Коньки тепкен көралбадым балдарды,
Короолорду «Аудилер» айланды.
Согум сойгон жерден көрдүм соксоюп,
Сотка чукуп олтурушкан чалдарды.

 

Ушунча жыл мени кимге кул кылды,
Улуулугуң бүгүн араң туйдумбу?
Тооңу тиктеп шамалыңа тууган жер,
Тосуп турдум топозго окшоп мурдумду.

 

Айылда

Асмандан аздап бөлүнүп,
Ак чаңгыл тоолор көрүнүп.
Айрылып жаткан булуттан
Ай түштү сайга өрүлүп.

 

Ай түшкөн ошол сайдагы,
Ачмыйып арык талдары.
Айылдын көзү кыпкызыл,
Айнектен тиктеп шамдары.

 

Күрөндү кылган дөбөнү,
Күрөк тур тамда жөлөнүү.
Ит барып жаба сийди да,
Ийреңдеп ары жөнөдү.

 

Түйдөгүн түрүп күндөрдүн,
Түтүнү бийлейт үйлөрдүн.
Түйшүгү жеңил болгойле,
Түн катып жолдо жүргөндүн.

 

Тытынып ызгаар ынтыккан,
Тырмалайт тынбай жылчыктан.
Сактай көр, Кудай, айылды
Саат-сабыр, бөөдө кырсыктан?

 

* * *
Буурадай жолдо лакылдап,
Буулугуп бороон жакындап.
Булуттар «чаңын» күбүдү,
Будуң-чаң түшүп лапылдап.

 

Адыр-түз, там-таш, мал корук,
Агород, кемпир, чал болуп.
Ала жер калбай айылда,
Агарып жатты кар болуп.

 

Ат жолдор тоого ашыгып,
Айдоолор чээнге жашынып.
Кечээки «келген» бейитти,
Кепиндеп кетти жашырып.

 

Аздан соң тынып мемиреп,
Аптыгып аба демигет.
Түбүндө көңдүн көк дөбөт,
Түндөгү сөөктү кемирет.

 

Тиштеген данын түшүрбөй,
Тирмиет чымчык үтүрдөй.
Керели-кечке тынбастан
Керней тартат түтүндөр.

 

Саяктар салат бозосун,
Сагалы жоктойт топозун.
Чоң чилде, кышта бөбөк тур,
Чорбойтуп коюп чочосун…

 

* * *
Толготту асман тунарып,
Тоз каптап сайды мунарык.
Тоолордун баары – кыламык,
Токойдун баары – буламык.

 

Кара жол, ат жол агарып,
Кар жатты карга каланып.
Агарбай койду бир гана,
Каргалар көктө карарып.

 

Көбөттөр окшойт – уяга,
Көк дайра төккөн сыяга.
Жок издеп чыккан таң атпай,
Жолоочу барат кыяда.

 

Ак көңүл, кыроо, секелек,
Аптабын сууктун сезелек.
Алгачкы кышты айылга
Апкелди шамал жетелеп.

 

Көмүрсүз күндөр жашты алат,
Көйгөй да мында башкараак.
Көз жоосун алган элетте,
Көр оокат эми башталат.

* * *

Каймактай талаа. Зым мамы –
Карагай комуз. Зымдары –
Каамытсыз калган элеттин
Кайрыгын черткен кылдары.

 

Сай тоздойт «мурду» тыйылбай,
Санаасыз күндөр кылымдай.
Сарайлар түтөйт коктуда
Салаага кыскан чылымдай.

 

Көр-жерин ызгаар агызып,
Көгөрөт чийлер кайышып.
Көк муштум талга таранчы
Көз жашын өттү тамызып.

 

Агалбай булут көгүндө,
Азасы турат өңүндө.
Айталбай койдум ага мен
Адашкан бакыт жөнүндө.

 

Атайлап келип төргө Күн,
Адырдын сылап бөйрөгүн.
Арманда жатты чечалбай,
Ак кардан кийген көйнөгүн…

 

Кышкы кеч
Булут чаңдап, кар боройлоп,
Булуң-бурчту копшогон.
Бул айылды басты будуң,
Бурганактап боздогон.

 

Зыркаар ырын алып учуп,
Зым карагай созду обон.
Жол бечара адашты го
Жолдон үзүп топ бороон.

 

Какшайт ызгаар эски оорудай,
Качанкыны козгогон.
Кашат жактан улуйт шамал
Карышкырга окшогон.

 

Жанга-малга не болду экен,
Жалгыз-жарым оттогон?
Кылч-кылч этет кымтыланып,
Кыш далисте боздогон.

 

Кепе тамдан зикир чалат
Кеч бошонуп ноктодон.
Калдалаңдайт көлөкөлөр
Кара чырак коштогон.

 

– Айтчы энеке, жомогуңду,
Алда-качан токтогон.
Азадар күн кайда калды,
Ай карегин жоктогон.

 

Айтчу элең го: «Абайлай көр,
Арам дүйнө жан бузат».
Адал жолду кайдан табам,
Азабы жок, кайгысы аз?

 

Дагы канча агыш керек,
Дайрасында азаптын.
Көздү жумсам кум куюндап,
Көзүмдү ачсам басат муң.

 

Өз элим деп өңдөн азып,
Өзгө Күнгө кактандым.
Кагаз – талаа, кар – өмүрүм,
Карандаштай аз калдым…

 

Узап баратканда

Калды жер кардын алдында,
Калдыгын күндүн келептеп.
Муздак жел жортуп айлымда,
Муз жатты сайды «цементтеп».

 

Бут тийген кыштак кычырайт,
Булаңгыр басып жылганы.
Буластап жондор ысылайт,
Бубак тон кийген зымдары.

 

Уюган жуурат чайкап таң,
Узадым араң, түтүн, мен.
Алыстап барат жалпак там,
Айнектер көзү бүтүйгөн.

 

Ак заңгел тоолор татына,
Аппак үй, эркек, аялдар.
Ак бантик байлап чачына,
Аязын күткөн бадалдар.

 

Кой жолдор чубап кыяга,
Коктудан дайра «чарт» этет.
Үстүндө бала, фляга,
Үргүлөп барат карт эшек.

 

Күрткүлөр күмүш жалы бар,
Күлүктөй көккө түйүлөт.
Зым кармап алган мамылар
Зымырык куштай жүгүрөт.

 

Кыргыздын кышы! Маа дайын,
Изине чейин чилдердин.
Сылагың келет саамайын,
Сымкыроо баскан чийлердин.

 

Кыраңдар кат-кат-кат болуп,
Кыр-кырдын баары акактай.
Кылым да, кыш да ак болуп,
Кыял да актай, апактай.

 

Азаптан сактайт ак гана,
Ак гана таза баарынан.
Баары ак, а Ай капкара,
Өттүм мен мүрзө жанынан…

* * *

Алсыздар сага түтпөгөн,
Азабы колдон түшпөгөн.
Айылдар, алтын айылдар,
Аязын жонго жүктөгөн.

 

Керемет издеп алыстан,
Келин-уул кетип калышкан.
Келет деп бакыт кээ бирде,
Кечкурун ызгаар жарышкан.

 

Көшөрүп жашап чалдары,
Көгөрүп кемпир, балдары.
Көр оокат ушул деп жүрүп,
Көз айнек кийген тамдары.

 

Көң үстүн жапкан камыштар,
Көмкөрүп койгон кайыктай.
Тикен зым короо, көчөлөр,
Тилинген аппак кайыштай.

 

Чыйрыгып сууктун отунан,
Чыкыроон агат чокудан.
Чымчыктын тоңгон өлүгү
Чымындай данды чокуган.

 

Күйүтүн чөптөй боолаган,
Күн жатат күлдө оонаган.
Күйпөйүп тышта кыш отур,
Күрмө тон токуп шооладан.

 

Мекен тур тиши шалдырап,
Мечиттер турат заңгырап.
Мекеден келген ажысын
Мектептер тиктейт жалдырап.

* * *

Айнекти аяз саймалайт,
Ак келин көңүн жай калайт.
Тепкилеп ызгаар каалганын
Тешигин таппай «кай-да-лайт?»

 

Келиндин оту, меш дуулайт,
Кесмесин кесип, эт туурайт.
Кертим жүк, көрпө төшөктө
Керемет жаштык кез куунайт.

 

Бөбөктүн жалгыз «күнөөсү»,
Бөлөнгөн бешик жүйөсү.
Сонуркап төрдө ансайын
Соткасын чукуйт күйөөсү.

 

Жакшылык үчүн тик турат,
Жанын жанга уруп иш кылат.
Малы тынч, жан тынч, короодо,
Маңкайган эки «ЖИП» турат.

 

Даалдаган жашоо даң салат,
Дасторкон демди майтарат.
Чыгы мол куурдак, чыкчыйып
Чынылар колдо чайпалат.

 

Үй ичин кактап меш нуру,
Үшүгөн тышта кеч туру.
Чаалыккан күндү баяндайт,
Чайнектин созгон эски ыры.

 

Үнүнө сууктун жалынган,
Үн катпайт эшик жабылган.
Таштекте «Эне тил» жатат,
Тамызгы болуп жагылган…

 

Ак-Сай түнү

Ак-Сай мелт-калт аязда,
Калкыйт жылдыз алмадай.
Ийри бакан таякта,
Илген чырак – жанган Ай.

 

Короо кары күрөлгөн,
Кой көң, айры, акыр, ат.
Жеми, чөбү түгөнгөн
Жер кепелер акыят.

 

Кардан кийип такыя,
Каштай тунат тик кашат.
Башын катып чатына,
Бастырмада ит жатат.

 

Карандай суук, таш кургак,
Калкыйт деми койлордун.
Апай түндө акшыңдайт,
Ай туягы жолдордун.

 

Коктулардын колтугун,
Бороон жатат «өпкүлөп».
Түнү бою койчунун
Түшүнө чөп, чөп кирет.

* * *

Кой сарай, короо, шамалдын
Койну таш, тамы чабандын.
Коктудан чыккан боз түтүн
Колундай жылуу аялдын.

 

Аппак дөң, андан арыда,
Аз калган кеч тур агууга.
Айылды көздөй алкынган
Ат эмес, аяз мамыда.

 

Асман – из төмөн өрүлгөн,
Атчан, ит төштөн көрүнгөн.
Алдында чуурган ак койлор,
Ак мөндүр болуп төгүлгөн.

 

Эзилет койчу ойлордон,
Элетке сиңген о жолдор.
Эстесе эсил күндөрү,
Эскирген жыгач ноолордой.

 

Туш-тушта жатат күнсүрөп,
Тумчуккан бир үн күрсүнөт.
Ылымта таппай кирээрге,
Ызгаарга ыза бүркүлөт.

 

Оңдонот кайрып жакасын,
Отуна өрттөп капасын.
Желбиреп турат Каныкей,
Жем салган кармап чакасын.

* * *

Жагжаңдап төшүн чапкылап,
Жалаңкат ызгаар каткырат.
Жамынчы таппай көң жатат,
Жамаачы таарды тарткылап.

 

Түн дагы кардан агарды,
Түнөргөн асман алайды.
Түгөнбөс элет күндөрдүн
Түйшүгүн колго таянды.

 

Каргалар учпай дүрбөгөн,
Кабар жок кайтаар дүйнөдөн.
Бир кемпир келет үйүнө,
Бир мүшөк көмүр сүйрөгөн.