АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: ЧОҢ АТА ЖАНА БАЛА

Бүгүн Мишанын классында экинчи сабак орус тили болмок. Бул анын мектептеги жакшы көргөн сабагы эле. Ошондуктан ал коңгуроону күтпөй эле, ордуна келип күтүп отурду. Сабак башталып мугалим: “Мен чоңойгондо ким болом?”— деген темада дилбаян жаздырды. Миша бир аз ойлонуп отурду. Ал кечээ эле китеп саткан дүкөндө косманавтар жөнүдөгү китепти барактап көргөн. Ошондон бери анын кыялы космоско учуу болуп жүргөн. Ал дилбаянды бардыгынан тез жаза салып “беш” деген баа алды.

Үйүнө ал учуп жетти. «Эмнеге кубанып жүрөсүң?» — деп кызыгып койду апасы. «Мен дилбаян жазып “беш” алдым! Апа, мен косманавт болууну чечтим!» «Сенден кайсы космонавт чыксын, дайыма эле ооруп жүрөсүң. Кыялданбай эле кой!» — деп кесе айтты апасы. Мишанын көзүнөн жаш тегеренип кетти, ал дайыма апасынын айткандарына ишенчү.

Ал анан атасына барды: «Ата, сен кандай ойлойсуң, мен космонавт боло аламбы?»  «Миша, апаңдан сурачы, менин колум бошобой атат. Негизи косманавт болуш үчүн жакшы окуш керек, а сен математикадан начарсың», — деп атасы ого бетер көңүлүн чөгөрүп койду. Анын колу дайыма эле бошочу эмес, Миша ал ага келечектеги кесибин тандап берет деп  ишенген деле эмес.

Кыларга башка иши жок болгондуктан Миша сыртка чыкты. Короодогу олтургучта бир карыя  киши олтуруптур. Ал алар жашаган төрт кабат үйдүн коңшулаш эшигинде жашачу. Миша аны дайыма көрүп, саламдашып өтчү, бирок буга чейин аны менен сүйлөшүп көргөн эмес.  Миша карыянын жанына барып олтурду да, колуна чыбык алып жерге бир нерселерди чиймелеп кирди.

«Эмне тартып атасың?» — деп кызыга кетти ак сакал. «А жөн эле…» – деп үшкүрүп койду бала. «Эмнеге көңүлсүзсүң?» — ак сакал суроосун улантты. «Бүгүн мектепте чоңойгондо ким болосуң деген дилбаян жазганбыз, мен космонавт болом деп жазсам, апам менен атам боло албайсың деп каршы чыгышты. Мен баары бир максатыма жетиш үчүн күрөшөм, жакшы окуйм, жалкоолонбойм, ден-соолугумду оңдойм, акыры космонавт болом. А сиз кандай ойлойсуз чоң ата, мен атамдай болуп чоңойгондо ким болот деп ойлойсуз?» – деп сурады Миша карыядан. «Мен ойлойм, сен Адам болосуң?» — деди карыя туруп бара жатып. «Кызык, — деп ойлоду Миша. – А мен эмне азыр адам эмесминби?»

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев