ЖАКЫПБЕКОВ Ашым: АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВДУН СТУДЕНТТИК КҮНДӨЛҮГҮНӨН

1954-жылдан 1959-жылга чейинки күндөлүк. Фрунзе шаары. Кыргыз мамлекеттик университети. Филология факультети.

Мына, саат 2.00. 1957-жылга да жетип келдик, 1956-жыл калды, өмүрдүн бир бутагын кертип калган бойдон улам артта калып, улам мунарыкка сиңип көздөн учуп баратат. Кантели, тагдыр ушу болгон соң, кош! Атаганат, «өмүр өчпөс болсочу».

Түндө Жапардыкында болуп, алардын «семейная драмасынан» бир үзүндү көрдүм. А да турмуш. Эл өз жаны менен алек, а мен ал учурда ал «драманы» кантип жазууну ойлоо менен алекмин.

Үйдөгүлөр аял ал деп кыйнашат. Макул, албай эле кой (окууңду бүткөндө аларсың), азырынча бирөөнү көрсөтүп кет деп кыйнашат. Акыры өзүм да ошол ойго келдим. Ошон үчүн Акылбек менен Жуматайдын карындашын көрсөтө келдим. Сөйкө сала беришсин. Ал кыз жөнүндө муну гана айтам: азыр 15-16га аттаган чагы. Сырткы кейпи — жаңы ачылган гүл, эч нерсени (жамандыкты) сезе элек таза гүл. А ички дүйнөсү жөнүндө эчтеме айта албайм. Себеби, ал кыз менен беттешип бир ооз кеп сүйлөшө элекмин.

Жакында ал кызга кат да жазып жибердим. Жөн гана жолдошума жазган каттай жалпыга маалым махабатты супсак шилтеп койдум. Мына, сүйүүсүз сүйүү! Көрөбүз кийинки жагы кандай болор экен…

* * *

…Бүгүнкү күн мен үчүн бөтөнчө күн. К.дан жооп кат алдым. Мени таң калтырган нерсе: биринчи эле барган катка мурунтан мени сүйүп жүргөн күндө да кантип макулдугун билдире алды? Буга жооп: же жеңелери түртмөктөдү. Колу (почерк) аялдыкына, болгондо да кыздын колуна эмес, келиндин колуна жакыныраак сыяктуу. Кыз жазса, биринчиден, мынчалык какшык аралаштырууга батына албас эле. Экинчиден, мындан да тазараак жана күңүртүрөөк жазмак. Бирок анын ордуна башка бирөө жазганда деле макулдугун билдирип жатканы жаман бекен!

* * *

К.га дагы кат жибердим. Албетте, ойлогон ой ордунан чыгып, жаңы жанган махабаттын каты.

Айылга кеттим. Ошол эле түнү Күкүнгө жолуктум. Жолукканда такыр мен ойлогондой эмес. Кадимки эски салт боюнча жеңелеринин ээрчитүүсү менен белгиленген жерге — жаңы салынып жаткан тамга келди. Күкүн экөөбүз бөлөк бөлмөсүнө кирдик. Ооба, кадимки мен көргөн, ойлогон али таза, али кагыла элек наивная кыз. Менин күткөнүм да, каалаганым да ушу болчу. Мен дагы өрөпкүп сүйлөдүм. Ал суроолорума жооп берип гана турганы болбосо, уялат, кысылат. Өбөйүн десем жүзүн төмөн түшүрөт. Мен психологиялык чалма менен башымды тартып алып: «Эмне, жактырбайсыңбы?» — десем, «Жок… уят… али…» — дейт да, өзүнүн уялганын жеңе албай, бирок менин көңүлүмдү кайтаргысы келбей, мен экинчи жолу үңүлсөм саал кымырылат да, бирок жүзүн тартпайт.

* * *

…Бүгүн иштен кечирээк кайттым. Себеби, Байдылдалар болуп пиво ичип, кармалып калгам, үйгө келсем баягы эле көрүнүш: суук, нан жок… карала-торала болуп от жагып, анан нан издеп чыктым. Үнөмдөп келаткан акчаман 5 эле сом калыптыр. Ошон үчүн троллейбуска да түшпөй шаарды жөө кыдырып жүрөм… Ушундай абалды эгер билген болсоң, Күкүнтайым…. Мейли, кыйналсам да мен кыйналайын, азырынча сен мындай оор абалга түшпө… Эгер сүйгөн жарым кокус үйдө ушинтип мен сыяктуу ачарчылыкка кыйналып турса эмне болмокмун деп элестетем да, андай абалды көргүм келбейт, жөн элестеткенге эле чыдабай кетем да, онтоп ием. Өзүм (эркек) ачка болсом, кыйналсам мейли — кайылмын, бирок аял кишинин (назик зат) ачкалыкка кыйналуусун көргүм, уккум келбейт. Аялдарга андай абал болсо, өзүм да, ал да кемсингендей, асыл касиеттердин бирин жоготкондой сезем…

* * *

Эл жык-жык, баары каникулга тарап бараткан студенттер — таластык улан-кыздар. Уктоого, кыйшаюуга орун жок… Аңгыча комуз табылып калды. Комузчу да чыкты… Ошентип уктабай Жамбылга жетмей болдук. Купеге тыгылыша отурдук. Комузчу чертип-чертип чарчады. Анан «Сармерден» баштадык… Ыр менен жол кыскартып, Жамбылга жеттик. Алар түшүп калды, мен нары кеттим…

Бул жолду эскерүүдө бир нерсе: алиги студенттердин арасында бир келин баратыптыр. Кыздарга эмес, жигиттер ошол келинге суктандык. Себеби, бечара күйөөгө жаңы эле чыккан окшойт — кыз түспөлүн жогото элек: чырайлуу, жылдыздуу жүзүнөн кас тийбеген ууздук, табиятынан тазалыгы, акыл-эсинин бүтүндүгү көрүнөт. Шаарда окуганына эки жыл болсо да, кыргыз келиндик кейпин, адебин, кийим кийүүсүн жоготпогон — бөтөнчө, ушу улуттук туруктуулугу жүрөгүңдү жылытат. Муну кийин окусаң күлөрсүң ичиңен, Күкүн. Жок, антүүгө акың жок, жаным. Анткени, мен ал келинди сүйүп, сени бир мүнөт эстен чыгардым дегендик эмес, ал келиндин улуттук тунуктугун, туруктуулугун баарыбыз жактырдык. Кыргыз келини ошондой таза, жөнөкөй, бирок ошо жөнөкөйлүгү менен кол жеткис бийик, акылдуу, карапайым болуп, улуттук мүнөзү канга сиңген болсо деген гана ой…

* * *

…Түнүндө кадимки жабыла элек жаңы тамдын караңгы бурчунда Күкүн экөөбүз жолугуштук. Же сүйүүнүн толкундаткан таасириби, же мүнөзүмдүн мококтугу, боштугубу, же башка себеппи, айтор, ар дайым Күкүнгө жолукканда мурда ойлоп барган сөздөрүмдү унутам да, сагынычтан улам кучактап өпкүлөй берем; маанисиз, атүгүл шектендиргич сөздөрдү балача сүйлөй берем — бул сөз жоктуктан.

* * *

Апрель. Эртең командировка алып айылга кетем го. Күкүнтайымды өөп-жыттап келбесем сагындым го…
Ойго батып мелтиреп,
Ойлодуң бекен менчилеп.
Жүдөбөйт элем мынчалык
Жүрөгүң койсоң энчилеп…
Бул ырдын бизге ылайык келбеген жери, биздин жүрөк бири-бирибизге энчиленүү. Ушундай эмеспи, Күкүн?

* * *

Май. Жаз маалында айыл сонун, абасы таза, көкүрөктө эч кир жок жаңы төрөлгөндөй сергийсиң. Күкүнгө жолуктум. Кеңири отуруп, эркимче бир сырдаша албадым, ушуга өкүнөм. Что поделаешь, салт, башынан жүүнү боштук кылып, ага баш ийген соң эми иш бүткөндө кайда качмак адам. Жеңелер шарт түзүп бере албады, көңүлдөнүшпөдү. Күкүн алтын кыз, сүйөм, болбосо мындай кысым сүйүүгө мен эмдигиче чыдабайт элем… Кайра кайтарда жолуга албадым.

* * *

Сентябрь. Отпускага чыктым. Эртең Күкүнгө учам… Июлда бир барып келгем. Эжем Бүкөндөн ажырап, Жакыпбектин тукумунан жалгыз калдым. О, дүйнө таш боор!..

Үйлөнөм деп жүрдүм, бирок эч даярдана албадым. Ох, турмушта жашоо кыйын.

Хрущевдун көпкөнү

Азыр өлкөбүздүн ичинде абал оор тартып турат. Көп ири шаарларда студенттердин ж.б. интеллигенция бөлүктөрү совет өкмөтүнө каршы козголоң чыгарышып жаткан окшойт. Чынында эле азыркы мезгилде биздин өлкөнүн жаңы баскычка өтөр доору келип турат. Ооба, өлкөбүздүн, б.а. айтканда Октябрдын элди канааттандырбас көп кемчиликтери бар. Мисалы, саясатта, адабиятта, жалпы эле идеологияда эркиндиктин тардыгы, хотя не такой словесной, а жизненно-правдивой свободы мечтал Ленин.

Сталиндин өлүмү өлкөдөгү козголоңдорго, нааразычылыктарга ачкыч болду. Ал Хрущевдун куйтулугу менен башталды. Эл Хрущевду анын көп эле жакшы эмгектерине карабастан жаман көрүп калды. Себеби, Хрущев эң кыйын митаам болгону менен көөп кетти, ички-тышкы саясаттарда өтө эле аша чаап кетчү болду. Анын үстүнө кийинки күндөрдө турмуш аны оңкосунан уруп жатат. Жакында ал бийликтен кетпесе эл нааразычылыгы оңой менен басылбайт. Муну азыр турмуш талап кылып жатыры.

Кыргыз интеллигенциясы

…Биздин кыргыздын интеллигенциясы али дөдөй. Себеби — бир жактан коомдук тарыхый шарт болсо, экинчи жактан ошолордун өздөрү. Бирөө бир нерсе десе (жогор жактан же бир влиятельное лицо) баары ошол жакка жапырылат, туура, туура эмеспи, ошол айтылган сөзгө өзүнөн жекече пикир да чыкпайт. Качан барып дубалды сүзгүчө көзүн жумуп алып кете берет. Бир кезде (азыр да бар болсо керек — келесоо рассуждениелер) «Манасты» кыргыз элинен үзүп алууну көксөшкөн. Ошондой кесепеттерден «Манас» эпосу «Иллиададай» дүйнөлүк масштабга жетпей кечигип жатат. Аалы айткандай, далайлары кыргыздын эл экенине шек да келтиришкен — «биз Октябрдан кийин гана орустардын жардамы менен гана эл болуп» дешип. Бул иттик. Кыргыз да тегин эмес — бир кезде жазмасы да болгон (Енисей жазмасы).

…поэзиясы

Кыргыз поэзиясы азыр оор жана сонун кырдаалда турат: азыркы мезгил кыргыз поэзиясынын жалпы риторикалык түрдөн назик, конкреттүү лириканын түрүнө өтүү мезгили. Бул өзгөрүшкө Алыкул кайталангыс нурдуу жол салып кетти.

…прозасы

Кыргыз драматургиясынын өсүшү Жусуптун дооруна караганда төмөн. Кайран Жусуп! Тирүү болгондо залкардай чоң кубаттуу историко-романист болчу түрү бар эле. Т.Сыдыкбеков даана жолдо баратат. Тоону тинтишкен алтынчылардын эмгегиндей Түгөлбайдын эмгеги да дыкан. Аалы «Токтогул» менен өзүн прозада көрсөтөт. Аалы поэзияда кандай бийик болсо, прозада да ошондой экендиги көрүнөт. Аалы — кыргыз сөз көлү.

…киносу

Бул айда «Салтанаттын» орусчага дублировать этилгендигин көрдүк. Да… жазындагы оюм туурадай… Францияда өткөрүлгөн советтик кинонун аптасына кошулду. Кыргыздын биринчи чыгармасы — киносу. Рыскулов — зор! Кыдыкеева сонун аткарган. Чыгарманын көркөмдүк жагы сонун берилген. Майда-чүйдө кемчиликтери бар: атка кимиси минбесин чабат. — Кыргыздар жинди эмес да… Бирок москвалыктарга ж.б. ат көрбөгөн «орто баштарга» укмуш көрүнөт окшойт. Ж.у.с.

…музыкасы

Радиодон концерт угуп отуруп кыял чиркин толкунданат… Эх!.. кыргыз элим!.. Өзүңдүн аздыгыңа карабастан кандай укмуш байлыктардын ээсисиң!.. Музыкаңды укчу!.. Жүрөктү элжиретип, бирде мыкчып, бирде көкөлөтөт… Ы.Тумановдун «Жеңиш», «Паравоз», Атайдын «Булбул», «Гүл», «Күйдүм чок» ж.б. Көрчү-укчу!.. Сөз таппайм!..

Курдаштар: бири тунук, бири куйту

…Кызык… менин ар бир жолдошко болгон мамилем ар башка….

…Бексултанга — чыныгы, тунук жолдоштук. Кээде гана болор-болбос себептер аны мунарыктанткансыйт, бирок — ошол замат жаркырайт. Жүрөктөн чыккан сөздөр, бири-бирибиздин мүнөзүбүздү терең түшүнүү, ыйык-ысык тамаша. Мен кичинекейимден эле өзүмө (менин оор мүнөзүмдү терең түшүнгөн) жолдошту издеп келдим… нечен жылдар өттү, акырында өзүм каалагандай жолдош Бексултан болду. …Чөкүгө — чыныгы, тунук, жөнөкөй жолдоштук. Чөкү чыныгы кыргыздын айылдык жигити. Ар бир ишти элдик мүнөздө чечет. …Кубанычка — кыргыздын айылдык карапайым, илимге умтулган принципиалдуу уланга, иниме болгон сүйүүдөй… Садырбекке — баарыдан да жандай сүйгөн байкеме болгон ысык, тунук сый. Анын порядочный, принципиалдуу, келечекти таланттуу интеллигентке окшош калыбы, келбети, жүрүш-турушу мени аргасыздан өзүнө тартып, сыйлоого, сүйүүгө мажбур кылат. …Карагулга — митаамга болгон кылдат мамиле. …Сеитке, Жалилге — абай мамиле, өзүмдүн сөздөрүмдү карап-талдап, жөнөкөй, ачык жолдоштук мамиле. Камбарга — сараң, 3/7 эгоистке болгон сындуу мамиле. Тамаша катуу… Жанболотко — бой көтөргөн, менменсинген, эгоист, башына кыйынчылык түшсө сөзсүз патриоттук калыбында турбас кишиге болгон жек көрүү (бирок тымызын) мамилеси. …Ысак О.-го — мактанчаак, талашчаак (бул сөздүн эң жогорку маанисинде), «мен дегенин бербес», урушчак, арсыз, бетсиз… жигитке болгон жек көрүү, какшык, сындуу мамиле…

Дагы, дагы… ар кимге ар башка… Ал эми кыздарга таптакыр башкача — өтө сый мамиле жүргүзөм…

Эх, студенттер…

Мурдагы күнү кечинде Шамыкеникине жөнөдүк — аял алган (үйлөнүү үлпөтүнө), тоюна чакырыптыр. Бардык. Ушерде окуган айылдык кыздар, балдар бар экен. Келинчегин көрдүк. Чынында мага жакпай калды. Жаш жигиттин алганы өңү болбосо да, акыл эсинен суктантып турса. Билбейм кандай себептен алып калганын — кызыктырар, ашык болор түрү жок. Бирок бул оюмду, албетте, ичке сактап отурдум.

* * *

Акиштайды — биз менен бирге окуган кызды да келесоо, жинди десем жаңылбайм. Женпедде окуган бир кыз (орто эле) менен (Жумагүл) катар отуруп калдык. Жалпы отургандар көп отурбай ачык «сен, «менге» өттүк. Мастык атмосфера. Саат таңкы 6га чейин отуруп калдык. Анан отурган жерибизде жата кеттик (эки экиден). Жумагүлдү жатар менен оозунан өпсөм каршылык кылбады. Сезилди ким экени. Бат эле сүйүшкөндөр боло түштүк. Минуттук увлечение менен боорго кыса кучактап, өбүшүүдөн жадабадык. Бирок кеч жатып калыппыз да (таң агарып кетти)… Эртең менен көңүл кайта берди. Көз карашты жолуктурбай ала качып, көңүл бургум келбейт. Ырас, аядым. Бирок бул сүйүү эмес да… Ошондон эле түндөсү байкабастан «сүйөмүн» дегенди кантип өчүрүүнүн жолун издей баштадым. Таптым: жолугуп туруп «Экинчи бирөө менен мындай болбоңуз. Тагдырыңызга ыракмат айтыңыз» деш керек. Бул во многом чыныгы ойду көрсөтөт (искренне). Болбосо чынында эле мен эч нерсе болбойм, өзү оңбой калат. А балким мурун эле… Ким билет…

* * *

Авторучкам өткөн вечерде бир кызга кеткен экен, эми минтип карандаш менен жазып отурам. Бүгүн базар. Кечке чейин эч жакка чыккан жокпуз. Күн суук — аяз. Вильветкам менен шымымды Жумабай айылга кийип барып, аны ошондон ары армияга алып кетиптир. Азыр Бексултандыкын кийип жүрөм. Ич кийимге да, тыш кийимге да, өзгөчө кыш кийимге жардымын.

* * *

Кудай урган филологдор чечен сөрөй келишип эле ким сүйлөбөсүн какшыкты жөнөтүп турат турбайбы. Биздин комнатадагы балдарда азыр ошондой какшык күчөп кетти. Ошондуктан, кечетен бери жаңы чечим чыгардык: ким болсун какшык сүйлөсө бетине түкүрөбүз.

* * *

Окуу окуу сыягы жок. Даамсыз да пайдасы да аз. Уккуң да, баргың да келбейт. Анын үстүнө беш жыл окуп бүткөндө орун таппай сандалып, тапсаң да алганың 600 сом болуп жашаганың курусун. Бул настроение азыр биздин филфактын балдарынын баарында бар. Бирок уже кеч.

* * *

Жүрүп атабыз. Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн. Ошентип февралды да жуттук. Өмүр ушинтип эле өтө берет турбайбы. Өтсө экен деп күндү жемелейбиз. Өтүп кетсе өкүнөбүз. Адам кызык го!..