АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: УУРУЛУК ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Миссис Папандопулос кошунасы Викки менен бир ижарада жашаган уулу Костаныкына кечки тамакка келди. Дасторкондо унчукпай отурган Костанын энеси, анын коңшусунун сулуу экенин ойлоп койду. Ал мурда эле экөөнүн ортосунда байланыш бар го деп шектенип жүргөн, Виккинин сулуулугу анын шек алуусун күчөттү. Тамактан кийин да ал экөөнүн сүйлөшкөндөрүнөн алардын ортосундагы мамиле бир топ терең экенин баамдады. Анын эмне жөнүндө ойлоп жатканын сезген Коста кесе айтты:

— Апа, сен эмне жөнүндө ойлоп жатканыңды билем, бирок сен ойлогондой эмес, Викки экөөбүз жөн гана жакшы коңшулардан болобуз».

Бир жумадан кийин Викки Костага кайрылды:

— Апаң келип кеткенден кийин, кант салган күмүш табак жоголуп кетти. Сенин апаң алып кеткен жокпу?

— Ал аны эмне кылмак эле, бирок кат жазып сурап көрөйүн.

Ал мындай кат жазып апасына жөнөттү: «Кымбатым апа, мен сени АЛЫП кетти деп ойлобойм, бирок АЛГАН жок деп да айта албайм. Бирок факт деген факт тура — сен келип кеткенден кийин кант салган күмүш табак жоголуп жатат. Сени сүйгөн уулуң Коста».

Бир нече күндөн кийин апасынан мындай жооп келди:

“Уулум, мен сени Викки менен бир төшөктө ЖАТАСЫҢАР деп айталбайм жана ЖАТПАЙСЫҢАР деп да айтпайм. Бирок факт деген факт — эгерде, Викки өзүнүн керебетинде жатса, кант салган күмүш табакты эчак эле таап алмак. Сүйүктүү апаң.”

Мораль – энеңерге калп айтпагыла.

Кооз мезгил

Күз – жылдын эң кооз убагы, дарактардын жалбырактары алтын түскө боёлуп, токойлор кызыл-тазыл, күрөң өңдү жамынышат. Күнөстүү күндөр азайып, жаан чачын көбөйөт, кышка болгон даярдык башталат.

Күз жөнүндөгү аңгеме-жомоктор аркылуу балдар күз маалында токойлор, талаалар кандай болот, кандай аба ырайы күтөт, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүндө кандай өзгөрүүлөр болот деген суроолорго жооп таба алышат.

Которгон Абийрбек Абыкаев