АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: ДЕПТЕРДЕГИ КАТА

Бир мектепте биринчи класстын мугалими ооруп калып, анын ордуна башка мугалим сабак берер болду. Жаңы мугалим сабак бере баштагандан бир жумадан кийин, ата-энелер балдарынын кол жазмалары оңоло баштаганын байкашты. Тамгалары тайрактабай, түз жана сулуу болуп калыптыр. Ата-энелер балдарынын дептерлерин карап, эмне өзгөрүү болгонун көрүштү. Көрсө, мурдагы мугалим окуучулардын туура эмес жазган жерлерин кызыл сыя менен белгилечү экен, ал эми жаңы мугалим окуучулардын жакшы жазган жерлерин жашыл сыя менен белгилептир.

Ошондуктан окуучулар көңүлдөрүн өздөрүнүн жетишкен ийгиликтерине буруп, аны кайталашка аракет кыла башташыптыр.

Булакhttps://millionstatusov.ru/pritchi/vospitanie.html

Эң баалуу нерсе

Бир адам бала кезинде кошуна жашаган аксакал киши менен ынтымактуу эле. Бирок убакыт өтүп, колледжге өттү, ар кандай кызыкчылыктар пайда болду, жумушка кирди, кыскасы, жеке турмушун өткөзүп жүрдү. Анын бир мүнөт да бош убактысы жок болчу. Өткөн убактарды эскермек тургай, жакындарына да жолуга албай калды.

Бир жолу ал баягы кошуна чал каза болгонун угуп эсине көп нерсе түштү: аксакал ага көп нерселерди үйрөтүп, өлгөн атасынын ордуна ата катары болуп жүрчү. Ушунча убакыттан бери барып, бир кабар алып койбогонуна уялып, анын жерге берүү зыйнатына барууну чечти.

Кечинде, маркумду жайына берип келгенден кийин, ал абышканын аңгырап ээн калган бөлмөсүнө баш бакты. Бардыгы көп жыл мурдагы боюнча экен… Бир гана абышка эң баалуу деп катып жүрчү алтындалган кичинекей кутуча көрүнбөйт. Аны көп туугандарынын бири алып кеткендир деп ойлоду да, бөлмөдөн чыгып кетти.

Андан бир жума өтпөй, ал посылка алды. Андагы өлгөн кошунасынын атын окуп чочуп кетти да, коробканы ачты. Ал жакта баягы кичинекей алтындалган кутуча жатыптыр. Кутучанын ичиндеги астынкы бетинде: «Мени менен бирге өткөргөн убактар үчүн рахмат» — деген жазуусу алтын саат бар экен. Ал ошондо түшүндү — абышка үчүн эң кымбат нерсе, кичинекей досу менен бирге өткөргөн убакыт экен. Ал ошондон кийин аялы менен баласына көбүрөк көңүл бөлгөнгө аракет кылчу болуптур.

Которгон Абийрбек Абыкаев