ЖИГИТОВ Салижан: НУРАЛЫ КАПАРОВДУН ЖИГИТОВДУ ЭСКЕРҮҮСҮ

«Биздин тукум кебете-кешпирден да, баатырлык, балбандыктан да кудай айткан тукум экен. Бирок мага келгенде ошол укум-тукумдун мыкты шыбагасы артпай, көзүм жымшык, башым чоң, боюм бакене болуп жатпайбы» — деп хахалап каткырып алып, түшүндүрө сүйлөгөнү эсимде…

Салижан акенин Муса деген чоң атасынын атасы (аты эсимде калбаптыр) токсондон ашык жашап, кемпири өлүп, өзү арып-карып төшөк тартып жатып калганда: «Кой, атамды бакпасам болбойт» деп акталаалык саяктардан аял алат. Алган аялы эзилген сары, кебетеси серт, бою жапыз, ыргайдай арык, эптеп эле ысык жаны бар бирдеме экен, аны көрүп намыстанган урук-туугандары, алган аялы тукумду бузат, ушундайында кетиртели дешип чогулуп Мусаныкына келишет. «Туугандардын ынтымагынан чыгып кайда барам, макул, кетирейин» — дейт Муса. Капшытта жаткан атасын сөөмөйү менен көрсөтүп: «Мынабу шордууга кыйын болду. Ичкен-жегенин билбей төшөгүнө кое берет. Тукумум жакшы улансын деп баланча агам баландай сулуу катын алды эле, ал сулуу катынды бак десек, жийиркенип карабай койду. Түкүнчө агам түкүндөй сулуу катын алды эле, ал андан бетер ыргыштаган неме экен, жаа бою качып жолобой койду. Айлам кеткенде катынды өзүм үчүн эмес, ушул шордуу атам үчүн алдым эле. Бизге ушул катын чыдады. Ишенбесеңер, атамдын төшөнчүсүн ачып карап көргүлө, бок-сийдиктин өзү эмес, жыты да жок! Кетир деп жатасыңар, кетирейин!» — деп обдулуп тура калса, кетиртебиз деп чогулуп келген туугандары кайра тескерисинче: «Кой, айланайын, кетире көрбө, сөзүбүздү кайра артка алдык. Укум-тукумуңар өссүн, өмүрлүү болгула, кудай кармашкан колуңарды ажыратпасын!» — деп батасын берип тарашыптыр. Ошол чоң чоң энемден кийин бою асман тиреген өңдүү-түстүү баатыр-балбандын тукумдары мага окшогон өңү серт, кибиреген тукумга айлана баштаптырбыз», — деп Салижан аке укум-тукумунун таржымалын айтып калаар эле.

Салижан аке чындап эле баатырдын, балбандын тукуму экенинен кенедей да шек саначу эмесмин. Өзү айткандай, бою кодо, өңү серт (буга да кошулуш кыйын) болгону менен хандан-бектен кайра тартпаган баатыр жүрөк киши эле. Ал жалтанбай айткан чыркыраган чындык сөздөрдү Салижан акеге чейин да, кийин да эч ким айталган жок! Аталарынын балбан денин албаганы менен, баатыр жүрөгүн алган экен!»

* * *

«Бир жылга жетпеген убакыт ичинде рак оорусу жөнүндөгү кандай медициналык, элдик табыпчылык китептер болбосун, баарын таап окуп чыгыптыр. Тажрыйбалуу онкологдор биякта калсын. Төшөк тартып жатып калганда да үстөлүнүн үстү жалаң ошондой китептерге толуп кетиптир. Ал-жайын сурап барган кишинин кайра өзүнө кайрат айткан адаттан тыш кайраттуу адам эле. «Ээ, бир кудайдын башка салганын көрөбүз да. Андан көрө өзүңдүн ишиңди айтчы, өзүң кандай?» деп онтоткон оорусун билгизбей жадырап-жайнап кайра өзүңдүн ал-жайыңды сурачу…

* * *

Салижан аке өтө чынчыл адам эле. Ал өзүнүн оорусуна да чынчыл көз караш менен карады. Үмүт отун жандырам деп ашкере көңүл айтып, «буюрса, айыгып кетээрсиз» деген «алдамчы» сөздөрдү уккусу келбей, «ооба, ошентип койсоң эле оңолуп кетем» деп мыскылдап карагандай, терс бурулуп кетээр эле.

— Нуралы, рак деген оору өмүргө чыгарылган приговор экен! — деди бир күнү. Ал мени менен коштошуп жатканын түшүндүм. «Ооба» дегендей башымды ийкедим. Жыйырма жылдан ашуун ага-дос болуп жүргөн Салижан агамдын өмүрүнүн саналуу күндөрү калганын түшүнүп, көзүмө жаш тегеренди»…