ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ ЗАМАНДАШТАРЫНЫН ЭСКЕРҮҮСҮНДӨ

Нуралы Капаров: Көрүнүктүү кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен татыктуу бирөөсүнүн бейнесин кыргыз тилинде жаздырып, адегенде түрк тилине которуп, китеп кылып чыгарып, андан ары Европа тилдерине котортуп жайылталы деген жакшынакай идея менен акылдашканы түрктөр Салижан акеге келишет.

— Албетте, Чыңгыз Айтматовдон ылайыктуусу жок,- деп кеңешин айтат Салижан аке. «Кимге кайрылсак болот, ким жазат?» деген суроо чыгат. Кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн жоон топ окумуштууларды акыл таразасынан өткөрүшсө, ылайыктуулары аз. Колунан келе турган окумуштууларга кайрылышса, көбү убактыбыз жок эле деп маданияттуу баш тартышат. Акыры айланып олтуруп Салижан акенин өзүнөн суранышканда, биринчиден, убактысы жок экенин, экинчиден, Айтматовду изилдеген окумуштуу эместигин айтып баш тартса да болбой, акидей асылышканынан аргасыз макул болот. Кыскасы, «Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятына адеп келгенде» деген макаласын жаза баштады.

Материал түрктөрдүн колуна тийгиче «Кыргызстан маданиятына» баса баштадым… Улам кийинки бөлүгүн алып келген сайын деги кандай жазып жатам деп пикиримди сурайт. «Мыкты!» деп баш бармагымды чычайтсам, «ошондой эле болсун» деп өзү да сүйүнүп жүрдү. Чынында эле өмүр бою Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп, жазып, нан таап жеп жүргөн кыргыз «айтматововеддердин» бардыгын бириктирип чогултуп келсе да жазалбай турган мыкты эмгекти Салижан акем жаратты. Түрктөр да, биз да ыраазы болдук.

«Эми, Салижан аке, муну уланталы» деп акыл салдым. Ч.Айтматовдун сый-урматка жеткенге чейинки жана андан кийинки чыгармалары, табылгаларын, адашкандарын, ийгилик-кемчиликтерин так, даана ажыратып жазып, кыргыз окурмандарынын көзүн ачмай болдук. Бир топ башында бышырып жүргөн ойлорун ортого салып, ал ойлоруна өзү да каткырып-күлүп жыргап, ана жазам, мына жазам деп өзү да катуу камынып жүргөнүндө жанагы жаман оорунун диагнозу чыгып калды. Адегенде Москвага барып көрүнөйүн деп камданып жатып, түрк коллегаларынын кеңеши менен Түркияга барып текшерилип келди. Күтүлбөгөн кошумча түйшүктөр көбөйдү. Ичинен санааркап туталанганы менен, сыртынан баягысындай эле жаркылдап, жайдары жүргөнсүдү.

Бир күнү «Салижан аке, Айтматовду кандай кыласыз, жазасызбы?» десем: «Нуралы, өпкөмөн жанагы жаман оорунун диагнозу чыккандан бери жазуу ишине сууп калдым» деп жан адамга айтпаган сырын айтты. Ал эми бөлөктөргө болсо, «күндүн жашоосуна беш эле миллиард жыл калды деген бир окумуштуунун макаласын окуп алып, түбөлүктүү эч нерсе жок турбайбы деп жазгым келбей калды» деп тамашага чалып күлдүрүп жооп берип жүрдү».

Кусеин ИСАЕВ: Салижан кыргыздын Чаадаеви…

— Салижанды илгертен эле жакшы билчүмүн. Бир жыл менден алдыда окуду, № 5 мектепти ал бүтүп жатканда мен 9-класста, ал университетти бүтүп жатканда мен 4-курста окучумун. «Манас» университетинде да чогуу иштеп калдык. Аны менен баарлашканда көп нерседен көзүң ачылып, башкача адам боло түшчүсүң. Чындык үчүн күрөшүүсү тээ мектеп босогосунан эле башталган. Катуу тамашалап, кишиге лакап ат койгон жагынан алдыга ат салдырчу эмес. Бирок эмнегедир мага ат койгон жок. Же менин олуттуу жүргөнүмдөн уламбы… Бирок тамашалап сын-пикир айтчу, туура кабыл алчумун. Анткени, анын тамашасынын төркүнүндө чындык жатчу.

Салижан миң жылда бир жаралчу инсан эле. Билиминин тереңдиги, ичинин кенендиги, сөзүнүн бийиктиги, өзүнүн чынчылдыгы, адеми тазалыгы менен кыргыздын тарыхында алтын тамга менен жазылып калчу даанышмандардан.

Салижанды кыргыздын Чаадаеви деп айтаар элем. 19-кылымдын ойчулу Чаадаев «Россияны сүйүш үчүн сындаш керек» деген. Салижан да «Кыргызстанды сүйүш үчүн сындаш керек» деп сынды катуу айткан. Бирок көпчүлүк кыргыз ал сөздөрдүн түпкүрүнө түшүнгөн жок. Кыргызда «Арзымат», «Арзымат эмес» деген түшүнүк бар эмеспи. Салижан «Арзымат эместерге» кирчү. Маселени кабыргасынан коюп, кемчилигин бетке айтып, өлкөбүздү оңдоо үчүн аракеттенген булактай таза жигит эле.

Бирөөгө жагалданып кошомат кылганды билбеген, түз жүргөн, каткырып күлгөн, тамашөкөй эле. Салижан менен Дооронбектин (Садырбаев — ред.) тамашалары укмуш болчу. Экөөнүн Жогорку Кеңештен жолукканы көз алдымда калыптыр. Салижан коридордун тиги башынан, Дооронбек бул башынан чыгып калды. Анан Салижан жөн турбай, «келатат, келатат» деп эле полго жата калды. Дооронбек да колундагы пальтосун ыргытып жиберип, жата калса болбойбу. «Оо Доке», «Оо Саке» деп эле амандашып калышса, алардын мындай жоругуна элдин боору эзилип калды.

Салижандын тамашаларын жакшы түшүнгөн адамдардын бири Дооронбек эле. Жаркылдап жүргөн учурдагы жанагы жаман оору жармашып, алып кетпедиби. Бирок Салижан ага тик карады. Анын улуулугу мына ушунда…

Мухиттин ГҮМҮШТүрктөргө да сын айтчу…

— Биз Салижан агайды жарык дүйнөгө келген күнү — 17-мартта, көз жумган күнү — 11-февралда гана эскербей, күнүгө эскерип турушубуз керек. Себеби, Салижан агай ошого татыктуу адам. Адабият, маданиятка чоң салым кошуп кетти. Андан тышкары, эки мамлекеттин ортосуна көпүрө болгон боордоштугун биз эч качан унута албайбыз, түбөлүк эстейбиз.

Кыргыз адабиятын эле эмес, түрк адабиятын да сынга алган киши эле. Адабияткабы, маданияткабы, саясаткабы, айтор, бардык нерсе боюнча ал адамдын көз карашы башкача болчу. Тагыраак айтканда, ой-пикирлери оригиналдуу болчу. Кыргыздардыкын түрктөргө, түрктөрдүкүн кыргыздарга которуп, жеткиликтүү кылып жеткирип турчу. Түркияда «Кардеш калемлер» деген журнал бар. Ошол журналга агайдын илимий макалалары чыгып турат. Артына калтырган чыгармаларын биз, түрктөр, жогору деңгээлде баалап, эмгегин эскеребиз. Ал адамдын асыл ойлорун жаш муундарга жеткирүү биздин парз деп ойлойм.

Алтынбек ИСМАИЛОВАгайдын дарсын муюп укчубуз

— Салижан агайымдын бул дүйнөдө жок экенине эми-эми гана ишене баштадым. Анткени, агайды аябай ээрчип жүрүп көнүп калыпмын. Ушундай улуу адамдын айылдашы болуп, таалим-тарбия алып калганыма сыймыктанам. «Чыгыш -5те» кошуна туруп калдык. Үйүнө чейин барып, түн бир оокумга чейин баарлашып олтурчубуз. Агайдын ар бир сөзү мага сабак болуп, болушунча андан азык алыпмын. Көзү өтсө да, сөзүн өткөргүм келбейт. Кайсы жерге барбайын, ким менен баарлашпайын, агайдын алтын сөздөрүнөн мисал келтирүү адатка айланып калган. Студенттерге ырларын окуп берем. «Тилден дилге» деген китеп даярдалып жатат, ага агайдын ырларын киргиздим. Агайдын чыгармаларын, ырларын жайылтканга аракет кылып атам.

Агайдын алгачкы мугалими менин таенем болуптур. «Ушунчалык дилгир бала болчу. Тамга тааныганча «жомок айтып бериңизчи» деп мени ээрчип алчу. Тамга тааныгандан кийин, анысын тык токтотту. Китепти укмуш окучу» деп таенем эскерсе, бир «киргиз» таякем: «Мага кеңеш бересизби. Түркияга кетсемби» деп барса, «айылга барып, топоз бак» дептир. «Бул адам слишком умный или слишком чокнутый» деп ызаланып келген. Түркияга кетип, ал жактан окуусун таштап келгенде, «агайдын сөзүнө бекер чычалапмын, андан көрө айылга барып топоз баксам болмок экен» деп бармагын тиштеген.

Агай көрөгөч да эмес беле. 11-класста окуп жатканда «кайда тапшырайын?» деп кеңеш сурап келдим. Анда агай «Манас» университетинде проректор болчу. Ошондо жөнөкөйлүгүнө баа бердим. Мени өзү тосуп алды. Кесип тандоомо чоң жардам берди, азыр агарып, көгөрүп олтурам. Университеттин босогосун аттагандан баштап кабинетине күндө барам. Сабактын жадыбалдарын карап алып дарстарына катышам. Сабакты ары кызыктуу, ары уккулуктуу окучу. Баары (20га жакын улуттун өкүлү окучу) муюп укчу.

Ал кишидей мугалимди азыркыга чейин кезиктери элекмин. Акын, жазуучуларды алып келчү. Аларды 5 мүнөт сүйлөтүп, өзү 40 мүнөт сүйлөчү. «Бизди атайын ээрчитип келип алып, бизге сөз бербейсиң» деп таарынып баратканда «унутуп койгон турбаймынбы» деп сөзгө конок берчү. А чынында агай сөзгө чечен болчу. Колуна кагаз кармап дарс окуган жок. Мунун баарын кантип мээсине батырып алган деп таң калчубуз. Үч суроону доскага жазып коюп, «Мен силерге үч саат убакыт берем. Китептен көчүрөсүңөрбү, же сүрөт тартасыңарбы, ал өз эркиңер. Кыскасы, мага актай кагаз бербегиле» деп эркиндик берчү.

Үтүр, чекитке чейин китептен көчүргөн студенттерди билип койчу. «50 студентке сабак берсем, ошонун ичинен бирөө эле адам болуп чыкса, мен ошого сүйүнөм» дечү. Агай студенттерди такыр урушчу эмес. Эркелеп кеткендер жарым саат кечигип же коңгуроого беш мүнөт калганда деле келе берчү. Анда да агай: «Ой, кел, төргө өт» деп күлүп койчу. Агайдан сөз менен иштөөнү үйрөндүм. Тексттеримди кызыл жаян кылып оңдоп берчү. Ошентип, агайды 7-8-жыл ээрчидим.

Мени өкүндүргөнү — ушул убакка чейин агайдын аты ыйгарылган көчө жок. Мамлекетке тырмактай салым кошпогон адамдардын аты коюлуп жатат. Азыр бул залкар кишинин атын кандай жол менен алып чыгыш керек деген ой жүрөгүмдү өйүп турат.

Ильгиз Талип: Салижан менен жүргөн күндөр жакшы түш сыяктуу…

— Биз университетте окуп жүргөндө тааныштык. 50-60-жылдары филфактын журналистика бөлүмүнө өткөн бизди бир да күн окутпай түштүккө алып жөнөштү. Жолдо тарткан азап аз келгенсип, эски автобус менен араң жеткен «Коминтерн» колхозунда студенттерди күткөн деле эч ким жок сыяктанды. Анткени жатакана, ашкана камы көрүлбөптүр. Бир факультеттин студенттери эски клубдун алдында котолошуп турдук. Биздин окутуучулар К.Иманалиев, Ж.Субанбеков, С.Давлетов чарба жетекчилери менен сүйлөшбүз деп кетишкен. Ошол бойдон дайындары чыкпай, тээ түн ортосунда бети-башы «майланып», жакшы маанайда келишти. Маселе эртең чечилет дешти.

Ошондо ачкарын араң турган студенттердин арасынан чыканактай болгон бир бала ортого чыгып, мындай мамиле малга да жасалбай тургандыгы, чарба жетекчилеринин тил эмизгенине көнүп, студенттердин кызыкчылыгын жактай албаган окутуучулардын жоопкерсиздиги жөнүндө такылдап айтып кирди дейсиң, калгандардын баары аңкайып эле туруп калышты.

Бул жаңы студент болгон бизге абдан чоң эрдик катары көрүндү. Ал студенттин койгон дооматтары адилет болгону менен ага батылдык кылгандыгы ээнбаштыктай көрүнүп, аны окуудан чыгарып жибербесе экен деп аяп да турдук. Ошо кезде кандидаттык наамды алгачкылардан болуп алган Киреше агайыбыз бул тапан студентти опузалап кирди эле, аны «биздин алдыбызга таза абалда келиңиз» дегенде, агайыбыз сүйлөй албай калды.

«Атаңкөрү, бу көкжалдын аты-жөнү ким болду экен» деп биз турабыз. Айтор, ал күнү окутуучуларыбыздын кекетип-мокотконунан эч майнап чыкпай калды. Биз өткүрлүгүнө таң берген 3-курстун студенти Салижан Жигитов экен.

Университетти аяктаганда бир тобубузду радиокомитетке иштөөгө бөлүштүрүштү. Ал жакта иштеп жүргөнүбүздө кыштын бир күнүндө Сакең кабинетке шайдоот кирип келди. Жумуш аяктап калган эле. Анан эле столдор ортосундагы кууш өтмөк аркылуу кадимки эле Владимир Ильичти элестетип, каршы-терши басып калды. Кээде гана колундагы мүштөктөй болгон бирдемени ырахаттана жыттап коет да:

— Аттиң, оргуштап келген илхамдан кайсы чыгармамды жазууну билбей башым да айланып калбадыбы, — дейт. Анын азыркы жоругуна таңдана карап олтурган Ишенбай Мансуров:

— Саке, толкунданып турганыңдын сырын айтчы? — деп калды. Анда Сакең:

— Кантсе да буларга караганда (бизди көрсөтүп) сен мага сөөм жакынырааксың да. Айтпаса болбостур, Айтматов Чыңгыз ага Индонезияга барып келиптир. Жаңылыктарды сурайын деп барсам:

— Салижан, мен үмүт арткан кыргыздын чоң таланттарынын бирисиң. Чыгармачылыкта кээде туттугуп калган учурлар болот. Мына ошондой кезде мындан жыттасаң, акылың пештелип, илхам келет экен. Мага белек катары экини беришти эле, бирин сага арнап койгом. Бирок дозасы чакталуу гана экен. Андыктан сарамжалдуу пайдалан деди. Мына, азыр көп жыттап алып, кайсы чыгармамды улантаарымды билбей жатпаймынбы, -деди.

Сакеңдин бул сөздөрүнө Ишенбай ушунчалык суктануу, жалооруу менен карап олтурат дейсиң, тим эле жыланга арбалган баканы элестетет. Акырында чыдай албай кетти да:

— Ой, Саке, экөөбүз № 5те окуганда сырдаш элек. Баягы жатакананын чердагына чыгып, адабият жөнүндөгү түнкү сырдашуулар эсиңдеби. Ошондо чоң-чоң чыгармаларды жазуу тууралу кыялданбадык беле. Мен ыр менен роман баштап койдум эле. Бир топтон бери ошонум ордунан жылбай жатат. Достук кылып алдагыңдан бир жыттатып койчу, — деп жалбарды. Анда Сакең ого бетер акыштанып:

— Кой, дос, Чыкем айтпадыбы, өтө сарамжалдык менен корот деп. Сага окшогон кыйышпастардын баарына жыттата берсем, өзүмө эмнеси калат? — дейт. Акыры жалына бергенден бир эле жыттатууга макул болуп, эски достукту эске алганын айтты.

Бир искеп эле илеп тартмак болгон Ишекең баягы түтүктү оң таноосуна да, сол таноосуна да матыра сайып, кере-кере дем алды дейсиң, көзүнөн жаш да атып кеткенсиди. Көрсө, Саликең грипп болуп калып, аптекага барса, дарылыкка ошол карандашты жытта деп беришиптир. Салижандын айткандарына Ишенбай ишенип алыптыр. Ал «Илхам келатат, кечикпей үйгө жетейин» деп чыгып кеткен. Антип-минтип үйгө баргыча кош таноого конгон грипптин микробдору жакшы эле жайылып, Ишекеңдин температурасы көтөрүлүп кетпейби. Ал муну нысапсыздык кылып, көп жыттап алганынан көрөт. Бирок жубайы врач болгондуктан дары-дармектерин берип, дарттын алдын-алуу аракеттерин жасайт. Анан эртең менен дары сатып ал аптекадан деп акчасын карматат. Ал жакка барса, кечээги Салижан жалынтып атып жыттаткан түтүкчө витринада жайнап жатат дейт…

Жакшы санаалаш жоро-жолдошторун шакаба чеккен Сакеңдин мындай жоруктарын айтсаң сан жетпейт. КМУну бүткөндөн кийин Курманбек Абдукеримов менен бирөөнүн батиринде туруп калышат. Курманбек өңү-түсү төп келишкен, өзү да кербез жигит эле. Андыктан кыз-келинге өтүмдүү да болчу. Саликеңе болсо, талант, акылына тан берген, өңү серт, жашы да өтө баштаган бир айым жабышып, колдон чыгаргысы келбейт. Андан кутулууну ойлогон Сакең айымды опера-балет театрына спектаклге чакырат. Ошол күнү өзгөчө маанайы көтөрүңкү Саликең көйнөк-шымын үтүктөп, кыңылдап ырдап, ичтен обон кайрып жагалданат. Анын сырын сураган Курманбекке:

— Бүгүн бир сулуу бийкеч менен театрга барам. Аны кандайча ийиткениме өзүм да таңмын. Орустар айткандай: Везет же мне! Завидуйте, любуйтесь, я счастливчик любви! — деп тигини ого бетер кызытып таштайт. Бир оокумда театрга кеттим деген Саликең он беш мүнөт өтпөй ичин басып, өхөлөп кирип келет. «Кудайдын каары, дал ушундай бактылуу күндө кара басып ич өтүп калганын карабайсыңбы.Эми эмне кылмакчымын? Мени куткарбасаң болбойт, Кумаш! — дейт. Анысы дароо макул боло кубанып, кудуңдап жолго түшөт.

— Барганда кечиккеним үчүн кечирип кой, секет деп колунан кысып кой,- дейт Сакең. Бардыгы Сакең айткандай болот. Бийкеч адегенде таарынымыш болуп, анан тигиге ыктап калат. Кукеңе мунусу ого бетер жагат. Ошентип, экөө кучакташып олтурганда антракт болуп, жарык күйүп калбайбы. Курманбек караса… кучагындагы кыз өңү серт, жагымсыз эле бирөө экен… Эми намыс үчүн сыр бербөө керек болот. Кыскасы, ошол ырайы суук бийкечти Курманбектин колуна салып бергенин Саликең санын чапкылап, ырахаттана баян кылчу.

Саликеңдин дагы бир жоругу жөнүндө көзүнүн тирүүсүндө эле «Кыргыздын биринчи рекэтири» деп «Кыргызстан маданияты» гезитине чыгаргамын. Анда «Сынган кылычтын» калем акысын алган Т.Касымбековго «Кызыл ыштан» аттуу кыздар бандасынын атынан кат жаздырып, белгилүү бир сумманы почтамтка алып келүү талабы коюлат. Эгерде талап аткарылбаса, башы кетээри эскертилет. Катты алган Төкөңдүн жүрөгү түшүп, КГБ, ИИМге Темикени баш кылып, аксылыктардын баарына кабарлап, дүрбөлөң салат.

Катта көрсөтүлгөн күнү агенттердин акмалоосу менен лоторея билеттери салынган конвертти почтамтка алып барып, стол үстүнө таштап чыгат Төкөң. Аны акырында нарындык бир студент кармалап көрүп, жөн эмес дегендей, койнуна катып чыгат. Айтор, бул тамаша Сакең редакцияга барып калып билинет да, органдын кызматкерлерине отбой берилет. Ушунун өзүнөн да Саликеңдин азили абдан масштабдуу экени көрүнүп турбайбы. Азилди жакшы көргөн инсан башкалардын оригиналдуу тамашаларына да тан берип баалаган.

Мар БайжиевТакырбаштар жакшы ораторлор

— Кайран гана Салижан досум аа-ай! Эстеген сайын жүрөк зырп этет, жоругун эстеп күлөсүң, эмгегин эстеп сыймыктанасың.

Студенттик кезден ынак болдук. Орус группасында окуганымдан, Сакем мени көрсө эле орусчалап тамаша айткысы келип, Ленинди туурап, андагы жолбашчынын образына кирип кетер эле. Тамекини колуна чычайтып кармап, Владимир Ильичтей болуп туруп алып «Ну что, Вас все еще ругают?»- деп «р» тамгасын чулдурап айтып, күлдүрүп калчу. А негизи ошондо бизди тепкиге алып жаткан мезгил эле.

Чоң жыйналышта бир маселе боюнча абдан жакшы сүйлөдү. Анан ага минтип айттым:

— Саке, вообще-то лысый адамдар аябай жакшы ораторлор болот окшойт.

Сакем өз сөзүнө ыраазы боло түшкөнбү, мага рахмат айтып жиберди. Анын өзүнө окшоп тамашалап:

— Өзүңө алып, рахмат айтасың да, мен Аскар Акаев жөнүндө айтып жатпаймбы,- десем, «аа, мени айтып атат деп аябай ыраазы болуп албадым беле» деп менин да сөз тапканыма чын дилден каткырып калды.

Дагы бир ирет, Сакем, Левитин экөө Көлдөгү өкмөттүк дачада Конституциянын орусча-кыргызча варианттарын жазып жатышкан экен. Ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты элем, төрага Шеримкулов мени да депутат катары алардын артынан жиберди. Көлгө келгенде Салижан менен Левитин окшошуп, бойлору да тепетең болуп, ээрчишип келатышкан экен. Аңгыча, журналисттер чыга калышып, интервью сурап калышты. Камераларын орнотуп, микрофон сунуп, олуттуу сөз күтүп калганда, Сакең:

— Вот, мы, «два еврея», пишем Конституцию…- деп баштаганда андай сөздү эмес, Конституция боюнча олуттуу кепти күтүп жаткан журналисттер каткырып эле калышты. Капыстан мени көрө коюп, Салижан андан аркы сөзүн минтип улантып атпайбы: — А вот и третий «еврей» подошел…- десе журналисттер, карап тургандар, баарыбыз каткырып калдык. Сүрөткө тартабыз дешкендеринен, тепкич жакка чыгып, үчөөбүз ал жерге батпай калдык. Левитин экөөнүн бою кичине эмеспи, алдыга түшүрүп, «где один Байжиев, там двум евреям не место» деп койсом, Сакем да «туура, туура» дегендей каткырып кое берди.

Эскерүү, юбилей десе эле азыркылар байыркы бабалардан бери таш эстелигин тургузуп, жер жайнатып салууну элестетишет экен. Анын ордуна адамдын эмгектерин, баскан изин даңазалап, эмгектерин жарыкка чыгарып турганга не жетсин. Сакемдин 30-жылдардагы кыргыз адабиятын иликтеген эң сонун эмгектери бар, атаганат, анын аягына чыкканга өмүрү жетпей калбадыбы. Ошол эмгектеринде кыргыз адабият тарыхынын чыныгы жүзүн ачып бермекчи болуп жаткан. Дегеле кыргыз адабият тарыхын, мектептердеги адабият китептерин кайрадан жазып чыгуу керектигин айтып калар эле.

Карап көрсөңөр, Шабдан баатырды ким эл душманы кылган, кыргыз тилине ким каршы чыккан, «Манаска» ким каршы чыккан, айтор ушул сыяктуу суроолор көп эле да. Сакем 30-жылдардагы адабиятты эң сонун иликтеп келаткан болучу. Кол жазмаларынын айрымдары дале басылбай жатат окшойт.

Жазып алган Айгүл Бакеева

«Кыргызстан маданияты» (17.03.2011-ж)