ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН САБАКТАРЫНАН ЖАНГАН УЧКУНДАР

Көсөмдүн көмүлгүс ойлорунан

…Кыргыз тили — эларалык тил деп закон кабыл алып, Конституцияга киргизип койсок, андан эларалык тил болуп калбайт да. Тилди закон же Конституция өнүктүрбөйт, кишилер өнүктүрөт. Адабий тилди жазган кишилер, билимдүү кишилер, кыргыздын интеллигенциясы жаратат. Ошол интеллигенциябыз начар, чаласабат, чала билимдүү болуп атпайбы. Кыргыздын шору ошол. Маркс айткан: «Интеллигенция — улуттун башы, жөнөкөй эл — денеси» деп. Мына ошол улуттун интеллигенциясы итий болуп өскөн, мээсине кислород жетпей, кыйналып чоңойгон баланын башындай болуп атат. Анан ошол башына революцияга чейинки, андан кийинки иллюзияларды, жалган элес, түшүнүктөрдү толтуруп алып, өзүнүн башы адашканы аз келгенсип, элдин башын да адаштырып, айландырып отурат…

* * *
… интеллигенциябыз өз алдынча ойлоналбай, кыргызча да, орусча да жазалбай, эң негизгиси, ишке жарабай, оокат кылалбай жатпайбы. Өз алдынча оокат кылыш, саясат жүргүзүш, мамлекет башкарыш кыйын экенин башыбызга түшкөндө билдик. «Кыргыз тил» деп кыйкыргандан башкага жокпуз. Экономика наржакта калды, аны сөз кылган эчким жок. Экономикабыз жок болсо, кыргыз тили каяктан өнүгөт? Китеп каяктан чыгат?

* * *
Өгүнү бир патриот айтат: «Нарында үйдүн барын кытайлар сатып алып жатыптыр, Президентке айтпайсызбы» деп. Кудай урбадыбы, ошо кыргызыңдын өзү эмне үчүн кытайга сатып жатат? Кыргызды сактайм десе, сатпай койбойбу? Эмне үчүн борбор шаарда шагырап батпай жүргөн патриоттор ошол айылга барып, үй салып, жер иштетпейт? Анан арбир кыргызга «сатпа» деп же арбир кытайга «сатып ала көрбө» деп Президент айтыш керекпи?

* * *
… тарыхый кырдаал өзгөргөнүн эсепке албай, айрыкча жогорку окуу жайларынын кыргыз тили боюнча мугалимдери — кыргызча эки сөздүн башын жөндөп жазалбаган же балдарды дурус окуталбаган адистер, мурда деле окучу эмес, азыр андан бешбетер окубаган чала билимдүү студенттер кыргыз тили үчүн катуу күйгөн патриот болуп, иштин жөнүн айткандар душман болуп жатпайбы…

* * *
… орус тили закондон тышкары, такыр колдонулбасын деп Президент Указ чыгарып, Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып койсо, орус тили кемип калбайт, биздин коомдук турмушта баягыдай эле роль ойной берет… республика орус тилисиз дүйнөлүк базар түгүл, коңшулаш республикалардын базарына чыгалбайт. Дүйнөлүк маданий, илимий дөөлөттөрдү айтпай эле коеюн.

* * *
… биз кичинекей элбиз, көбөйгөн жагынан тарыхтан биртоп уттуруп койгонбуз, мына арабыздагы бир да элди ассимиляция кылалбай койдук. Ассимиляция кылмак түгүл, астыртан да, ачык да өгөйлөп турабыз… Атургай атасы кыпкыргыз, өзү деле кыпкыргыз Ч.Айтматовду энеси татар болгону үчүн жазуучулар арасында канча кеп чыкты? Өзбектерди алалы: өзбек тилин, динин, салтын алган кишини эчкачан өгөйлөбөйт. Ошонусу менен көбөйүп жатат. Түрктөр деле ошондой, орустар деле ошондой…

* * *
Улуттук аң-сезим деген эмне? Улуттун өзүн өзү аңдашы. Эмне жагынан барбыз, эмне жагынан жокпуз дегендей…

(Жел желпинте соккон менен таң мезгилсиз атпайт. «Кырг.маданияты»,
13-апрель, 1993-ж. Алым Токтомушев менен маектен)
* * *
… кыргызча илим-билимге тиешелүү тексттер жазган же жаза алган кишилер аз. Айылда кыргыз мектебин бүтүрүп келип, ЖОЖдо көбүнчө орусча таалим алып, анан илим жолуна түшкөн кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү илимий эмгектерин орусча жазчу, дагы эле жазууда. Алар орус жазма речин деле жарытылуу билбейт, бирок тамтаңдап жазып, билимдүүрөк орус кишисине оңдотот… Илимдүү кыргыздардын арасында тырмактайынан орусча окуп, орус тилдүү болуп калгандар да бар. Алар эне тилинен ажырап, орус тилине биротоло телинип, бирок орус илимине, маданиятына, тилине кымындай үлүш кошалбаган немелер. Алардын орус коомуна кереги жок, кыргыз коомуна деле кереги тийбейт. «Маргинал» дегендердин классикалык тиби ошолор.

* * *
… Кыргыз тилине бир убакытта күйөрмандык кылып чыккан Т.Сыдыкбеков, К.Маликов, Ч.Айтматов аксакалдардын балдарынын бирөө да кыргызча эки барак сабаттуу текст жазалбайт. Алардын эне тили — орус тили. Эми байлар Бишкекте эле балдарын англис тилдүү кылып, англисче окуткан мектептерге жана жогорку окуу жайларына бере баштады. Англис тили да жакын арада куду орус тилиндей кыргыз жаштарынын далайын эне тилинен жабыркатат. Орус, англис тилин эне тили кылып алган кыргыздар республиканын экономикасына же саясатына үлүш кошсо кошор, кыргыз тилинин өнүгүшүнө кылчалык да пайда келтирбейт.

Биздей чакан элдин наркысы 500 миң, беркиси 100-150 миң кишисинин башка тилге өтүп кетиши улуттук чоң жоготуу, атүгүл трагедия эмеспи. Бирок бул трагедияны токтотуу мүмкүн эмес, анткени кыргыз тилинде илим-билим азырынча жокко эсе, ал эми кыргызча окуткан ЖОЖдор менен мектептер орусча, англисче окуткан окуу жайларындай билим бералбайт…

* * *
… Коомдук-экономикалык, илимий-техникалык, маданий тармактарда алдыга кеткен көп миллиондуу калктардын тилдери өрнөктүү илим-билимдин жана пайдалуу маалыматтардын казнасына айланат да… эч кандай мажбурланттырбай эле үйрөнүлөт. … англис тилдүү өлкөлөрдүн бири да эмдигиче тилин өстүрүү же дүйнөгө жаюу жөнүндө закон кабыл алалек. Ал тил мыйзам-сыйзамы жок эле дүркүрөп өсүп да атат, жер жүзүнө жайылып да атат…

* * *
… кедей этностун тили дүркүрөп өсалбайт. Өстүрүү үчүн ал тилде коомго пайдалуу информация ташыган тексттер жазылып, миңдеген нускада жарыкка чыгып турушу керек. Жарыкка чыкканда сатылып кетиши керек. Тилекке каршы, мамлекетибизде да, элибизде да акча аз, жакын арада көбөйөрү да шек-шыбалуу. Ушул ачуу чындыктарды аңдап-билүү үчүн орто мектепти бүтүрүүнүн деле зарылчылыгы жок. * * *
Орустар кыргызча сүйлөп бергенден улутубузга кандай пайда келерин мен дегеле түшүнбөйм.

* * *
… Менимче, мамлекет өз чиновниктеринен, биринчи иретте кыргыздардан эне тилинде сабаттуу жаза алышын да, таза сүйлөй алышын да катуу талап кылууга акылуу… Бирок орусташкан кыргыздарды «эне тилиңди билгиле!» деп курулай кысмакка албай, алар үйрөнө турган жакшы окуу китептерин, эң оболу «Кыргыз тилинин практикалык стилистикасы» дегендей китепти, сөздүктөрдү, кыргызча өрнөктүү тексттердин жыйнактарын даярдап берүү керек. Тилекке каршы, булардын бардыгын бийик деңгээлде жазып берчү тилчилерибиз жок, кокус жаза тайып жазылып калса, бастырып чыгаргандай өкмөттүн акчасы жок…

* * *
… канцеляриялык стиль улуттук жазма-басма тилинин биринчи планда турган салаасы эмес, алтынчы же жетинчи катардан орун алган спецификалдуу элементи. Биринчи планда булар: таалим-тарбия стили, илимий стиль, журналисттик стиль, көркөм адабият стили.

… басылып чыккан өкмөттүк иш кагаздарынын кыргызча тексттери орусчадан сөзмө-сөз, натуура, олдоксон которулган себептүү орусча билбеген кыргыз баласына түшүнүксүз…

… иш кагаздарын баштан-аяк кыргызчалап калган райондордун жана облустардын документтери кандай жазылып жатканын иликтеп көргөн тил күйөрманы барбы? Аларга иш кагаздардын сабатсыз болсо да, балдыр-салдыр чыкса да, кыргызча жазылып турганы керек белем…

* * *
… Мамлекеттик документтер кыргызча жазылгандан малыбыздын башы, эгинибиздин түшүмү көбөйбөйт, мамтармактарда коррупция тукум курут болбойт, өкмөт бюджети акчага тунуп калбайт, окуу жайларында таалим-тарбия жакшырып кетпейт.

Кыргыз тилинин Кыргызстан коомунда (чындыгында Бишкекте эле) экинчи катарга сүрүлүп келатканын айтып боздой бергенден аткез кылчу мезгил жетти. Ушул тапта эне тилибизге байланыштуу өз элине күйүмдүү билимдүүлөр каңырык түтөтүп боздоп, жер сабап айгай салчу бир гана орчундуу проблема бар. Элеттик кыргыз балдарынын «дүйнөлүк информация мейкини» дегенден тышкары калып атканына тиешелүү проблема…

* * *
… аркандай тилдин илим-билим байлыктарын жүктөнгөн жазма-басма вариантын бабырап сүйлөө, иштебеген мыйзамдар алуу, желбаш сөздөр сапырылган жыйындар өткөрүү менен эмес, илим-билим ташыган тексттерди жан-тен чымырткантып, жаратмандык эргүүгө тартылып, акыл азабын жеп жазуу менен гана өстүрүү мүмкүн.

* * *
… өзүбүз Борбор Азиядагы эң аз сандуу калк экенбиз, тоо-таштуу туюк ата-журтубуз нефть, газ, металл, жыгач сыяктуу кымбатбаа табият байлыктарына жана берекелүү түзөң мейкиндерге жарды экен, Алла Таала бизге цивилизациялашкан эл бийлөөчүлөрү, чиновниктери, милийсалары бар колу-коңшуларды да ыраа көрбөптүр. Мындай кысталаң жагдайда биздин укум-тукумдар колун да, башын да тынбай иштетип, ата-бабаларынын теңирден тетири үрп-адаттарын чанып, адамзат авангардынын илимий, техникалык, технологиялык табылгаларын дурус өздөштүрсө гана азыркыдай жакырчылык ичинде чайналбай күн көрө баштайт. («От» дегенден ооз күйбөйт. «Агым» №№ 78,79,80, 2003-ж. Алым Токтомушев менен маектен)