ЖИГИТОВ Салижан: Ит атаар жана башкалар

Устат-шакирт өнөрканасы

Мен билгени «Күн тууду» Салижан Жигитовдун энтамгадай көргөн чыгармасы, эңсеген суусуну эле. Эңсеген суусун эсиме келгени: «Ушул «Ит атаарымды» ийине жеткире иштеп өлсөм арманым жок эле, түп-тамырынан бери кайра жазмакмын, роман кылмакмын» – деп, башкасын билбейм, мага көп ирет айтты. Мен уюштуруп, гезитке жарыяланган кайсы бир интервьюсунда: бу кытай жазуучулары жаш кезинде каражат топтоп, карыганда нык отуруп жазат экен, мен кудай урганда, акча чогултканга да жарабапмын маанисинде масел айтып, кайрадан «Ит атаарын» кыйытканы бар. Көр оокаттын көйгөйү болбосо, айлык акы, кызмат деп ак урбай, ойду бир жерге топтоп, ушул романымды бүтүрөр элем дегени. Мен анда шап ооздонуп, Фолкнердин бир каймана сөзүн айтсам: «А кудай урган, анысы да бар» – деп каткырган. Фолкнер француздардын «Жаштык билсе… карылыктын каруусу жетсе…» деген ылакабын алып, анда гениалдуу чыгармалар дүйнөгө жамгырдай жаамак, тилекке каршы, жазуучу жаш кезинде жазып атканын түбүнө түшүрө билбейт, качан билгенде, карылык келип, каруу-күчү жетпейт маанисинде чечмелеген.

 

Анткен менен кай куракта болбосун ал кишинин күчү жетмек. Убактысы жетпей калды. Мен ишенем. Канткен менен жаштыгымдын көп мезгили ал кишинин таасиринде өттү, кылт эткен кыймылы көз алдымда турду, жетим музоодой көп ээрчип, көп сүйлөштүм дегендей. Ал киши жашоодон, сүйүүдөн, чыгармачылыктан, чындыктан башка дүйнөнүн бардык кумарчылыгынан кутулган адам эле. Жогоруда мен атагандарга качан болбосун болуп-толуптурчу. Күтүүсүз ойлордон, фантазия, сюжеттерден, маалыматтардан, ташка тамга баскандай тамаша-тамсилдерден башы, жаны, каны бош жүргөн, ашыра айтпасам, саат, мүнөтүн көргөнүм жок. Аны байкаган азилкечтерине: «Кандек иттин карыганы билинбейт» – деп койчу.

Кийин, ооруп жүргөн мезгилинде бир ирет телефон менен сүйлөшүп калсак: «Мен жаңылып жүрүпмүн, кандек иттин деле карыганы билинет экен, мен карыптырмын» – деп карс-карс күлгөн. Тилекке каршы, карылыктан өлгөн жок, айыкпас кесел 70 жашка жеткирип-жеткирбей арабыздан алып тынды. Кечээ жакында «Ит атаардын» ушул гранкасын окуп аткан элем, редакцияга Эл акыны Омор Султанов баш бага калып, Салижан Жигитов тууралуу сөз боло кетти. «Ар дайым таң-тамаша куруп жүргөнсүгөнү менен, – деди Омокем. – Ичинде кандайдыр бир кусалык, ызалык бар эле». Ошондо анын элеси көз алдыма кудум тасмадай тартыла түштү. Омокем оңбогондой таамай байкаптыр. Чын эле ошондой: чуулдаткан ачылышка, дуулдаткан атакка, керек болсо кенен-чонон каражатка болгон кусалык бар экен ойлосом. («Каражатым калың болсо, үйдөн тап жылбай, «Ит атаарды» катырат элем дегени эле эмне каңкуу?!)

Кыргыз дүйнөсүндө аларга деле жетти, бирок чөөт болуп акпай калар адам эмес эле. «Ит атаары» ушу. «Күн тууду» деген ат менен 1977-жылы китеп болуп тараган. «Ит икаясы» деген каргысы да бар эле. «Итимди» ит талагандай кылып чыгарышты, кийин тааныбай барып араң тааныдым деп калчу. Сагызгандан сак айрым адабиятчылар китептен саясый ката таап жиберишиптир. Ички рецензия деп коюшчу, жашыруун-жабык пикир жазгандар кабинетте чогуу отурган каламдаштарым, санаалаштарым экен, басмага баралекте деле окушкан, ал пикирин мага түз айтса, акча төлөбөйм да, ошондуктан ЦКга жазып беришиптир деп күлкүгө айландырчу.

Анын үстүнө автордун аллегорияларынан бийликтин бийик калдайлары өздөрүн таанып алса керек. Эмнеси болсо да китеп чыккандан кийин адабий чөйрөдө кыйла талаш- тартышты жаратты да, ошол бойдон унутулуп калгансыды. Учурунда окурмандар да бир топ уу-дуу менен кабыл алды. Башкасын билбейм, мен өтө маашырканып, өзүм жазып аткансып кычуум канып окугам. Китеп жарык көргөндө ооруканада элем, улгайган адамдар менен жатчумун. Аларга окуп берип боорун тырматкам. Таасири ушунча, эртең менен төшөктөн: «О кайран, кара айгырым» – деп турушчу болгон. (Ит атаар эшегин ошентип «эркелетет» эмеспи.)

Ошентип, окурмандардын жаңы мууну да унутту. Китеп библиофил таңсыктыгына айланды. Бул жаатынан «Жаңы Ала-Тоо» бул чыгарманы жаңыртып басып, окурмандарга эле эмес, жалпы кыргыз адабиятына, бери калганда, тарыхына татыктуу кызмат кылып атыр. Китепти эң жакын шакирттери, досторунан да таппай үйүнөн алдырдык.

Салижан Жигитович өз колу менен китепти кыйла жерин кыскартып, оңдоптур. Көп абзацтарга балчайта-балчайта белги коюлган. Кыязы, жаңы сюжет, портрет ж.б. кирмек. Килейген-килейген суроолор көп. Баяндын атын да өзгөртүптүр: «Ит атаар жана башкалар» – деп. Тилекке каршы, «тигип-сөгүүлөр» жарымына жетпей токтоптур. Чолоосу тийбесе керек. Коомчулук билет, ал киши кайсыл ишти болбосун кан менен тердин ортосунда аткарчу. Кайсы маселенин болбосун жаңгактай катуу кабыгын чакмайынча жаны жай алчу эмес.

Анын үстүнө өмүрүнүн акыркы жылдарында коомдук-саясый иштерге да баш-оту менен кирип кетти. Публицистиканын жаагын айырды. Педагогикалык, илимий ишмердигин айтпай-ак коёлу! Ошентип, редакция китептин олуп-чолуп оңдолгон вариантын жарыялоону туура тапты. Каалагандар салыштырып окуп алар. А мен болсо оңдолгон вариантты редакторлоп жатып, оңдоп-түзөгөнгө улуу устаттын колу бекеринен кычышпаганын байкадым. Кыязы, табият берген таланты менен чектелген жазуучу болсо, башкача жазмак, Салижан Жигитович адабиятчы, акын, болгондо да адабиятчылардын алдыдагы сарасы, акындардын «айкүрү» болуп атыр. Прозасында «кем-карч» болсо, ошого байланыштуу. Бирок ошол «кем-карчка» да канча күч, канча талант жумшалганын сезүүнүн өзү эле кандай керемет!

Алым ТОКТОМУШЕВ

Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата

Повесть

Биринчи баян

Согуш бүтөр жылдын ала шалбырты эле. Күңгөй адырлар илең-салаң буу чыгарып турган; Жамшит-сары экөөбүз ошо күңгөйдүн чала тоборсуган бир таман каптал жолу менен келатабыз; төмөн жакта, биздин кыштак жайгашкан бүйүз түздөрүндө ала-чокул карлар киргилт-күңүрт жаркырап, булак-булак эриген суулар жылжып агып жатты. Мен ымыркай күчүктү көкүрөгүмө баладай көтөрүп, күчүктүү болгонума кудуңдап сүйүнүп келаткамын. Үйдөгүлөр күчүк алып келгеними кайдыгер эле кабыл алышты. Мен алардан башканы күткөн элем. Бир гана кичинекей карындашым кубанганынан жер тепкилей тыбырчылап жиберди. Күчүктү пешайбандын жерине койгонумда, анын үстүнө үйрүлө түшүп: «Күчүк! Күчүк!» – деп жонунан сыйпалап, алда кандай чебеленип кетти. Анын ошонусуна ичим жылый түштү.

Кубанычыңа ортоктош болгон киши табылса да жакшы турбайбы. Карындашым мага бажырая күлө багып: «Менин күчүгүм ээ, меники ээ? – деп жасакерленди да, кайра дароо эсине келе калып, кебин түздөй койду. – Экөөбүздүкү болот ээ?» Мен укмаксанга салып, унчукканым жок. Күчүк бүрүшүп, ичиркенгендей болор-болбос калтырап, бүлкүлдөгөн кара тумшугу менен жер шимшилеп, кыңшылагандай бир кызык үн чыгарып, турган ордунда тегерене баштады. Жетимсирей түшкөн бечара энесин жоктоп жатты көрүнөт. Мага кантип жагынарын билбей делдектеген карындашым ашканадан бир бүтүн нан алып чыгыптыр. Анысын: «Ме-ме, күчү, күчү» – деп күчүккө сунуп баратканда мен колумду тескери жазгай корс эттим: «Тарт! Наныңды жебейт бу!» Карындашым нанын бооруна тарта коюп селдейе түштү да, мага жалооруй жалт-жалт карап туруп калды. «Нанга тиши өтпөйт, – дедим жумшара сүйлөп. – Сүт апкел».

Карындашым сексеңдеп кайра ичкери кирип кетти да, ашканадан башбагып: «Сүт кичине эле экен, апкеле берейинби?» – деди. Мен «апкеле бер» дегендей ишаарат кылдым. Пияла толо сүт апкелиптир. Күчүккө пияланын өзүнөн эле ичирсем апам урушарын билип, итаяк болгудай бирдеме караштырдым. Ылайыктуу эчтеме жок. Мукураганымда пешайбандын өңгүл-дөңгүл жеринен бир чуңкурду чукуп кеңиттим да, сүттү ошого эле куя салдым. Эмчектен чыга элек күчүк сүт ичкенди билбейт экен! Желкесинен кармап тумшугун сүткө тийгизсем, шарт тартып алды. Сүт жерге сиңип, кирдеп, азайып баратты. Тумшугун сүткө матыра малып-малып алсам, күчүк кыңшылап жиберди. Уйпаланган тайкы жүндөрү ансыз деле күчүктү үтүрөйтүп турду эле, эми ал көзүнө дейре булганып, ого бетер бүжүрөп, боор ооругудай кебете кийди. Мурдуна сүт кирип кетти окшойт, бүт денеси менен силкине бышкырынып, жаланып-жаланып койду. Даамын таткансып калды белем, тумшугун сүткө абайлап дагы малсам, ал башын дагы тартып алды, бирок оозунун сүт тийген жерин көңүлдөнүп жалмалады.

Мени бир кыйла убара кылгандан кийин гана бир чети пейили тартпагандай, бир чети батына бербегендей маалкап, анча окшоштура албаса да, кадыресе итчесинен иче баштады. Ошентип ичип атса, мултук куйругу дегеле чычая чагаракталып, тыным албай чодоң-чодоң булактап жатты. Карындашым экөөбүз сүйүнгөнүбүздөн күлүп ийип, жетине албай маашырканып карап турдук.

* * *

Эми кээде күчүк менен көп алышканым үчүн жеме жей баштадым. Бирок күчүгүм турганда анын айынан анда-санда тил укканым кеп бекен! Мен анын тумшугунун учунан төрт таманына чейин жакшы көрөм. Мантаң-мантаң басканычы, серең-серең жүгүргөнүчү, айрыкча чоочун киши-кара же мал-сал көрсө, жакын барганга даабай, алыстан жандили менен борсулдап үрүп турганычы! Андан да тамдын бурчуна же күлдөбөгө барып, дегеле каадалуу итчесинен арткы бутун сырайта көтөрүп «даарат сындырып» калганычы!..

Мен жаз бою көңүлүм чак-чак, кудуң-кудуң куунак жүрдүм. Күчүгүмдү ээрчитип көчө аралай ойгелди жүгүрө берем. Сайга ойногону барсам, көрүнбөс канатым бардай учуп-жанып, артыман калбай сереңдеген күчүккө кылчак-кылчак карап коюп, бир башкача эдиреңдеп барам. Балдар да күчүктү көргөндө кубанычтуу чурулдашып, дароо тегеректей калышып, бири жонунан сыласа, бири куйругуна жабышып, бири апаптачудай ээгинен эркелетсе, бири кулагын кармалап, заматта жүдөтүп жиберишет. «Эй! Болду, коё бергиле, – дейм мен жүз үйрүп. – Колуңардын табы өтүп чоңойбой калат». Балдар айтканымы эки кылышпайт.

Ошо күчүгүмүн аркасы менен теңтуштарымын арасында кадыр-баркым бир кыйла көтөрүлө түшкөн эле. Бир күнү сайда балдар күчүгүм менен ошентип «саламдашып» атса, Жамшит деген ылжырама сары баланын ачуу доошу капыстан чайылдай түштү: «Эй! Таптым, таптым!» Баарыбыз анын оозун карап калдык. Ылжырама сары: «Муну апчарке ит кылып үйрөтпөйлүбү, ыя? Оо, баягыда оюнчулар келбеди беле, апчаркеси бар эмес беле, баарыбыз көрбөдүк беле? – деп безилдеп ийип, менден атайы сурап койду. – Сен дагы көрдүң беле?» Көрбөгөндө анан! Эрди-катын эки оюнчу мурдагы жылы ити менен кошо оюн коюп келишип, а түгүл биздикине түнөп кетишкен. Аялы түпкүчтөй ийилип, жерден бетаарчысын тиштей тура калып, бир чалкасынан, бир оңкосунан кетип оюн көрсөткөн; эркеги оозунан кызыл жалын бүркүп, бычак жутуп, таңдайынан узун кагаздар чубап көз боёмочулук кылган; ити болсо ич жагына кыдырата бычактар сайылган алкактан секирип өтүп, көрсөтпөй каткан буюмдарын издеп таап, деги ээси эмне буйрук кылса, анын баарын так аткарып берген. Алар кеткенден көп-көп кийин чоң кишилер: «Кысталак, баягы эрди-катын оюнчу ишпион экен, чегарадан чыгып баратканда кармалыптыр», – деп жүрүштү. Биз болсок алардын адамдай акылдуу итине таң калып, иттин өнөрлөрүн айтып түгөтө албай, далайга жомок кылганбыз.

Жамшит сарынын айтканы баарыбызга макул келди. Качма топ ойногон мындай калып, күчүктү «апчарке кылып» үйрөткөнгө кириштик. Бирок күчүгүң түшкүр биздин оюбуз менен болсо эмне! Кыска чырпык тиштетип тургуза албай шайыбыз ооду. Чырпыкты улам туурасынан оозуна салабыз, ал улам кайра лак таштап коюп, мултуйган чагарак куйругун булактатып туруп калат. Айлабыз куруганда ага чырпыкты зордоп тиштетип туруп, эки четине эки жип тагып, жиптердин учун желкесине байлап таштадык. Ал ошо кемээчтеген боюнча нары-бери томполоңдоп чуркаса, тилегенибиз көктөн түшкөндөй чурулдап кубалап алдык. Мен күчүгүмүн аңкоолугуна арданып, аны урайын деп жатсам, ылжырама сары Жамшит дагы чайылдап кыйкырып ийди: «Эй! Ит атаар келатат!» Мен күчүктү кучактап отура калдым, балдар катар тура калышып, мени далдалай кетишти. Тизилип турган балдардын арасындагы жылчыктан Улукбек акени көрдүм. Кара эшегин минип, кош ооз мылтыгын асынып, окчонтоюн курчанып алган экен. Эшегин кыдыңдатып жолдун бизге тушташ жерине жетти. Ошондо балдар алыстан: «Ассалоом алейкум, Улукбек аке!» – деп жарыша чурулдашты. Улукбек аке баш ийкей алик алды да: «Ай, кайбарлар эй, ит кубалап сайда жүрөсүңөрбү?» –деп күлүп койду. Дүңүрөйгөн капкара бетинен тиштери жарк эте түштү. «Кайбарлар, бу жаз чыккандан бери мага жолобой койдуңар го?» – деди ал кичине бастыра бергенде. «Кол тийбей атат», – деп бошоң айтты балдардын бирөө. Аңгыча болбой сары Жамшит дагы чайылдап ийди: «Улукбек аке, кайда баратасыз?» Узай түшкөн Улукбек аке кылчая берди. «Жогоргон айттырып ийишкен экен, бир дейди ит жүрөт имиш, ошону жайлап келем», – деп дагы тиштерин жарк эттирди. Ал жолдон өтүп баратса, айылдын алаңгазар иттери чуулдап ээрчип алат, кээде эшеги менен өзүнө тап берет. Иттер өтө албууттанып кетсе, ал мылтыгын ала коюп «баң!» дедире атып иет. Атканы демейде тийбей калат, баягыда жогорку айылдын бир кабанаак итин жыга атканын укканыбыз болбосо, биздин мааладан бирди-жарым итти жыга атканын көрө элекпиз. Ошентсе да аны эшекчен көрсө, балдар кадыресе чочулайт, иттерин апыл-тапыл бекитип калат.

Анын үстүнө кичине балдарды чоң балдар да коркута берет. «Ит атаарга быйыл тери планды көп салыптыр, – деп келишет алар. – Ал ошо пландан кутула албай шордоп жүрбөйбү, эми көзүнө көрүнгөн эле итти атып, терисин сыйрып алат». Ушундан улам биздей кичине балдар Улукбек акени жолдон эшекчен көрөр замат иттерин чакырып, байлаганга же бекиткенге шашат. Мен мурда бейкапар эле жүрчү элем, күчүктүү болгондон бери балдардын ошентип корккону мага да жабышты. Эшекчен Улукбек аке бизден кыйла эле узап кетти. Биз «апчарке» кылып үйрөтөбүз деп Жолборсту кайрадан кыйнай баштадык. Кем акыл күчүк экен, дегеле бирдеме үйрөнө турган түрү жок. Жадаганда аны өз жайына коюп, качма топ ойногонго кирдик.

* * *

Биз чакан дайрабыздын суу жемирип ойгон бир жерин таш менен тосмолоп, көл жасап алган элек. Жайды-жайлай көргөн-бакканыбыз ошол көл: керээли-кечке суудан чыкпай, апаларыбызды үй-үйлөрүбүзгө какшатып чакыртабыз. Жолборс мени көлгө ээрчип барат. Биз баарыбыз жарышып сууга бой таштайбыз, күчүк да биз менен кошо киргиси келет, бирок киргенге даай албайт, тек жамажайы ачыңкы оозунан кызыл тилин салаңдатып, кашатта тыбырап-тыбырап калып калат.

Баягыда биздин бир өрдөк күрп болуп, ага тооктун бир жумурткасын кошо бастырып койгон элек. Тооктун жалгыз жөжөсү өрдөктүн балапанына аралаш көз жарып, өрдөктү эне кылып ээрчип жүрчү. Бир гана жери: өрдөк балдары менен сууга кирсе, жалгыз жөжө кире албай чыйпылдап, арыктын кырында байкушсунуп туруп калар эле. Биз сууга бой урганда кашатта калган күчүгүм да ошо бечара жөжөгө окшоп кетет. Көлдүн ичинде талашып сууланган нанды жегенде аябай ширин болот. Бир күнү ала келген нандарыбызды суулап жеп жаттык эле, мен кашатта жаланып турган Жолборско жеп аткан нанымы сунуп өзүмө чакырсам, ал суудан бир аз сүрдөп тыбырап турду да, анан тобокелге салды белем сууга чалп секирип түштү. Аптыга калкып чыгып, башын чулгуй бышкырынды да, мага карай бир көмүлүп, бир көрүнүп сүзө баштады. Мага эптеп жетейин дегенде, анын сүзүп келатканын көрө койгон балдар чурулдап кыйкырып ийишти. Күчүк чочугандан сууга чөгө түштү, кайра артына шарт кайрылып, жанталаша тарбалаңдап жатып жээкке жетти, жүндөрүн терисине жабыштыра шөмтүрөп, курсагы менен эки капталынан шыркырата суу куюлтуп кашатка секирип чыкты. Жонун бүкүрөйтө түйүлүп туруп, кумда кактанып жаткан балдарга калың тамчылар жаадыра силкинип жиберди… Кийин биз эт-нандын жардамы менен аны бат эле сууда сүзгөнгө үйрөтүп алдык.

* * *

Аңгыча болбой күз да келип калды. Мен үчүнчү класска бара баштадым. Биз түштөн кийин окуйбуз. Классташтарымдын көбү оо жогортон келет, алар келгиче мен көпүрөнүн үстүндө болом. Күчүгүм мени ошо жерге чейин ээрчип барат. Мен көпүрөнүн орто ченинде тактай кырында бутумду салаңдатып семичке чагып отурам. Жанымда суу бетине карап, куйругун шыйпаңдатып Жолборс турат. Мен айлампалуу иримге көз салып, сонуркап тамаша кылам. Каралжын-тунук суунун үстүнөн төгөрөк иримдер кат-кат таралат, түбүнөн самын таштар одурая кашкаят, жатып калган балырлар былжыр-былжыр көгөрөт. Топ-тобу менен кара чаар балыктар жылып жүрөт. Алар кылк-кылк этип жай сүзүп баратып капыстан ойт берет да, соймоң-соймоң оюн салып калат; чагылбаган бүкүлү семичке таштасам, шап илип алып, куйруктарын күнгө бир жарк эттире кайра кирип кетет. Күн мемиреп тийип, менин жонумду коңур жылытат. Мен кат-кат таралып жаткан иримдердин как чордонуна, чуңкурая түшүп төгөрөк из жасап жаткан жерине кадалып көз тигем. Ошо иримге бир саам көз ирмебей карап турам да, анан көпүрө менен кошо жылып, акырын ага баштайм.

Кадаланып караган сайын акканым катуулап, бир маалда тим эле зымырап кетем. Зымырап ага берип, ага берип, акыры көзүм ымыр-чымыр талып, башым айлана түшөт. Көзүмдү жуумп жиберип, бир аздан кийин ачам. Суунун бетинде жанагы эле кат-кат таралган ирим, анан күчүк экөөбүздүн талпая түшүп, калтырап турган карарыңкы көлөкөбүз. Астыртан көз кырын салсам, Жолборс да сууга дегеле мелтирей карап турат. Ал суу бетине эмне эле мынча кадаланып карайт? Кызык, а да сууга карап-карап туруп көпүрө менен кошо зымырап агат бекен? Эмне, ошентип акканды менчилеп жакшы көрөт болду бекен?

* * *

Жолборс экөөбүз ушинтип жакшы эле ынак жүрүп, кыш ортосунан мамилебиз сууй баштады, кайра жаз чыкканда арабыз такыр эле ажырап кетти. Иттин бала чагы кышкы күндөн бешбетер кыска экен: ал бат эле чоңоюп, кадыресе ит болуп алды. А мен дагы эле бала бойдон элем. Ошонун айынан Жолборс мени баласынтып тоотпойт, баштагыдай ээрчитейин десем, анча көңүлсүнбөйт. Жиним келгенден таяк менен капталга сайгылап, көчүккө тээп тийишип көрөм. Ошондо ал мага кыртышы сүйбөгөндөй жаман көзү менен карайт, «тааныш болбосоң көрсөтөт элем го» дегендей дүгдүйүп ордунан турат, дегеле тоотпогон кейпи менен деңкейе басып кетет. Шыйпаңдап, бутуна үч бүгүлө жыгылып, атама кошомат кылат. Таэнем өлгөн соң аныкында жүргөн жатындашым Түмөн кайра биздикине келди эле, ит менден улуусунтуп ошого көбүрөөк жойпуланат. Жок, Жолборс каратып туруп эле мага сыртын салып кетти.

Мен аны жек көрүп, туруксуздугуна күйүп-бышып капаландым, көңүлүм анын ордун жоктоп, бир жагы эңшериле түшкөндөй оңкулдап, катуу убайым жедим. Акыры, бир эрмек таппай тура албаган жаным, көгүчкөн менен таан бакканга көчө качтым. Бирок аным итке тиешеси жок өзүнчө бир башка кеп… Кокус жадасаңар, дагы кичине сабыр кылгыла, балким, мындан аркысы кызыгыраак болуп кетер.

* * *

Экинчи жылы Жолборс узун-бийигине бирдей чоңоюп, бат эле килеңдеген даңгыт болуп чыга келди. Баягы күчүк чагындагы түп жагы агыш, учтары каралжын-көгүш назик жүндөрүнөн дайын жок, эмки жүнү кылчык, узун, калың, бозомук. Көкүрөгү алдыга тээп чыгып, мойну жооноюп, тула бою локуюп, нары кабелтең, нары айбаттуу кебете-кешпир алды. Арстан кабак, калжайган чоң, түксөйгөн түктүү башы анын ошо кебетесин ого бетер сүрдүү кылды. Ал эшиктин алдында комдонуп жай жатканы менен эле келген-кеткенди коркутуп жүрдү. Жолборс кокустан тышкы көрүнүшүнө жараша албуут, кабанаак, кара мүртөз жаралып калса, биз кызылдай эле балээге калмак экенбиз. Теңир жалгап, ал оор басмырт, жоош-момун, ак көңүл дөбөт болду. Көзүнө көрүнгөндүн баарына эле арсылдап бейжай үрө бербейт. Байкатпай асыла кетет, качырып тиш салат, албууттанып ажылдайт деген менен иши жок. Тааныгандарга, атүгүл биздин үйгө кирип эле чыккан кишиге асти үн чыгарбайт.

Ырас, чоочун киши көрсө сөзсүз үрүп чыгат, үргөндө жепирейген жел өпкө иттерче чебеленип, чайылдап, кыйратып ийчүдөй эрдемсип үрбөй, тек салабаттуу калбаат сөөлөтүнөн жазбай, жоон доошу менен салмактуу күп-күп этет, күпүлдөп үргөн сайын эки бөйрөгүнүн тушу көөп чыга калып турат. Кишини ажылдап ээрчип да албайт, качырып да тийбейт, чын пейилинен күйүп-жанбай, обочороок туруп алып, ыргылжың гана үрүп-үрүп тим болот. Менимче, анын үргүсү деле келбесе керек, же унчукпай жүрө берип ичи бышкандан, же бизден уялгандан, же иттик парзынан эптеп кутулайын дегенден эле үрүп койсо керек. Көрүп-билгендер биздин иттин жакшы пейилин мактап калышат. Ошондо апам: «Иттин кандай чыгышы эшиктен болот, – дейт сыймыктана түшкөнүн сыртына чыгарбаска тырышып. – Биз күчүктүн кандайын баксак деле жоош чыгат. Деги биз ит жагынан жолдуубуз».

Үчүнчү жылы Жолборс ошо жакшы атына кир жугузбай килеңдеп жүрүп эле бир күнү жоголуп кетти. Анын жылас болгону үч-төрт күн өткөндө билинди. Иттин үйдөн качып кеткени атамын кабагын карыш түшүрүп, жакын туугандарыбыздын ыраңын саруулатты. Көптөн бери илең-салаң болуп ооруп жүргөн апам төшөктөн турбай жатып калган эле. Абаларым менен тагаларым апамын көзүнчө кабатырлыгын каш-кабагынан көрсөтпөс үчүн күлө сүйлөшүп кара күчкө багжаңдашса да, тышка чыгар замат дароо сумсайышып, кайдыгер эле бирдемелер жөнүндө кобурашып турушуп, анан чочугандай: «Кысталак, качып кетти, аа!» – деп Жолборстун жоголгонуна кейип калышчу болду. Мага эмне үчүндүр жакындарыбызды апамдын оорусуна караганда иттин качканы көбүрөөк бейпайга салгандай сезилди. Жолборстун жоголгону чоң кишилерди неге мынча санааркатканын түшүнө албай бүшүркөп жүрсөм, бир күнү кокустан эки кемпирдин сүйлөшүп баратканы кулагыма шак этти.

Апамын алын сурашып кайтышкан кемпирлердин бири: «Я, жеңе, бечара Майрамбү өйдөлөбөй калат бейм, – деди да, күйүттүү шыпшынып койду. – Иттери да качып кетиптир…» «Чын айтасың, чоң кыз, чын айтасың! – деп безилдеди экинчиси. – Ит качкан жаман, жаман! Ит дегеле жакшылыкка качпайт. Ит жаныбар көзү ачык болот имиш ко. Баягыда Улакчы акем өлөрдө дагы иттери качып кетпеди беле?»

Менин жүрөгүм шуу дей түштү. Көпкө ооруп жаткандардын далайы акыры өлүп тынарын көрүп-билип жүрсөм да, көптөн бери төшөктөн турбаган апамын бир күнү өлүп калары такыр эле капарыма келбептир. Ошондо итибиздин качканы апамын оорусуна байланыштуу экенин, апамын да таэнеме окшоп жерге көмүлөрүн ойлой коюп, үрөйүм учуп кетти. Ошо жерден эле жүгөрүгө суу сүрүп келгени алышка кеткен акем Түмөнгө карай чаптым. Ага кемпирлерден укканымды айтып бергенче ашыктым. Арык бойлой дикилдеп баратсам, ал кетменин далысына арта салып суу сүрүп келаткан экен, мени көрөр замат сестейип токтой калып, кайра мага каршы жүгүрдү…

* * *

Башка жакка ооп кетсе керек, биздин кыштактан Жолборстун өлүгү да, тириги да табылган жок. Көрбөгөнүн деле көргөндөй, божомолун деле болгондой кылып сүйлөгөн бир абам: «Ит жайлоого өткөн бир түрктү[1] ээрчип кетти, – деди чырт түкүрүп. – Айтканым калп чыкса мага келгиле, мурдуму кесип берем». Абам айткандын жалган-чыны билингиче эле Жолборстун дареги ылдыйтан угулуп калды. Өзгөндөн базарлап кайткан бирөө биздин үйгө кайрылып: «Какырдын талаасынан бир ит көрдүм, кубаласам сайга кире качты, мага силердин итиңердин эле өзү көрүнүп кетти», – деген кабар айтты. Аңгыча болбой Жолборстун дареги жогортон чыккансыды. «Салам-Аликте бир жолбун ит жүрөт имиш, – деп келди жайлоолоп барган тууганыбыз. – Сураштырып көрсөм, куду Жолборстун өң-түспөлүн айтышты».

Кекенген Түмөн качкан итти тындым кылып келгени эки тарапка тең издеп барып, таппай кайтты. Анан өлгөн апамын жетилиги чыгып-чыкпай бир шашке ченде Жолборс өзү эле темселеп келип калды. Аны биринчи мен көрдүм. Кынжыйып арыктап алыптыр, жүндөрү уйпаланып, кээ жери даакыланып, жүдөмүш тартыптыр, локуйган сөөлөтү эле калбаса, анык күйпүл күчүктүн кейпин кийиптир. Ал мага эркелегенге батынбай, көзүмө тике карай албай, айбыккансыган кыяз менен илээлей басып барып, күлдөбөнүн түбүнө комдонуп жата кетти. Созо таштаган алдыңкы буттарына тумшугун коюп, киртийген көздөрүн сүзүңкүрөп, кайгылуу ойго чөккөндей тунжурап калды. Апамын өлгөнүн Жолборстун качканынан көрүп, Түмөндөн калышпай сыртынан кектеп-жектеп жүрсөм да, байкуштун карыпчылыгын көргөндө ошо жектегеним эсимен чыгып, ырайымым козголо түштү. Үйдө отургандарга Жолборстун келгенин сүйүнчүлөсөм, баары жабалактай турушуп, босогодон жардана карашты. Атамын чоң эжеси: «А-а, ырысы жогум, болор иш болгонун билип келген тура!» – деп кейиштүү шыпшынды.

Түмөн жумуштап кеткен жагынан түш ченде кайтты. Ал аталага тоюп алып, пешайбандын бурчунда солуп жаткан Жолборско бир чети жипкиргенсип, бир чети боору ооругансып бети-башын тыржыйта карап турду да, шарт артына бурулду. Там башынан узун кыл аркан алып түшүп, бир учунан сыйыртмак жасап, шыйпаңдап тура калган Жолборстун мойнуна кийгизди. Кийгизип жатса, ээсинен эч жамандык күтпөгөн ит башын сыйыртмакка камырабай тосуп, дагы шыйпаң-шыйпаң эркелемиш болуп койгонун кантесиң! Жетелегенге да кыйыктанбай көнүп, өзү эле Түмөндү ээрчип жөнөдү. Түмөн мага кайрылып: «Жүр, коктудагы чоң жаңгакка асып келебиз», – деди.

Мен көңүлдөнбөй тескери басайын десем, ал бир акырая карады эле, аргам жок артынан түштүм. Биз төш таяна бергенде атамын эки эжеси тамдын капшытына чыгышып, бизден иттин жанын соогалап какшанышты, мен кылчактасам да Түмөн кашайып эле кулак какпай койду. Эки кемпир биздин тил азарлык кылганыбызга наалыган бойдон кала беришти. Каркайган чоң жаңгактын түбүнө жеттик. Түмөн буйрук кылгандан мен жаңгакка үч метр чамалаш чыгып бардым да, курчана чыккан аркандын учун белимен чечип, туура карай өскөн жоон бутакка арта салдым. Арканды ылдый түшүрүп жатып карасам, Жолборс калың жалбырактуу жаңгактын шоола аралаш түшкөн аламык көлөкөсүндө таргыл түспөлдөнүп шүмүрөйүп, кыпкызыл тилин бултайта болор-болбос акактап, мага ынамдуу акыйып туруптур. Көп өтпөй күм-жам болору дегеле капарында жок, көз карашында тек гана маңыроо ишеним бар.

Мен иттин көзүнөн көзүмдү ала качып, арканды шапа-шуп сойлотуп ийдим, опсуз жоон жаңгактын одур-будур боору менен шыпырылып түштүм, өңүрүмү чала-була кагынып, Түмөн менен Жолборско баш буруп карабай, чыңк ылдый салдым. «Эй, кайда? Токтой тур, – деди Түмөн шашкалактап. – Бир чоң таш таап келчи». Мен чочуп кеттим: «Эмне таш менен уруп өлтүрөсүңбү?» «Жок, – деди Түмөн. – Кел, асып туруп, арканга таш байлап качабыз». Анын көшөргөнү саал бошой түшкөн экен. «Өзү деле өлгөнү калыптыр, коё бербейлиби?» – дедим мен боорукерсинип. «Жок, өлтүрөм, өлтүрбөй койбойм!» – деп Түмөн кайра чыйрала түштү да, аркандын салбырап бош турган жагына асылып, күч менен ылдый тартып жиберди. Мойнундагы шалкы сыйыртмак зыр сыдырылып, алкымын кыса бууп, байкуш Жолборс эми көтөрүлөйүн дегенде, төмөн жактан тааныш бакырык заңк этти: «Эй! Коё бер! Ташта арканды!» Атамдын эжелери жумшаган көрүнөт тагабыз ат оргутуп чыгып келатыптыр.

Ал Түмөн экөөбүздү тең бак-бак этип тилдеп, кокон пешке салып коркутуп, Түмөнгө опурулуп тийди: «О колуң сыңгыр десе! Итти агыт! Коё бер азыр!» Түмөн үлүрөйө жер карап, аркандын учун мыкчыгылап, көшөргөндөн көшөрүп тура берди. «Эй, – деди тагабыз жоошуй түшкөн доошу менен. – Сенде баш барбы? Бу, эмне, жамандыгынан качты дейсиңби? Жаман болсо кайра келет беле? Билсең, ээси өлөрдө иттин жакшысы качат. Көзү ачык, эстүү ит ошентет».

Тагабыз кашайып маңдайыбызда туруп алды эле, Түмөн акыры итти агытканга аргасыз болду. Кыңырылып кыйылган кыяпатта сыйыртмакты чечип жатып, эчкирип ыйлап ийди…

* * *

Ошо Жолборс ажалдан аман калгандын кийинки жылы болучу. Ак жайдын үп баскан бир караңгы түнү эле. Пешайбандагы чарпаяда атам, жаңы апам, мен үчөөбүз жатканбыз. Түшүм же өңүм экенин билбейм, бир маалда кимдир-бирөө катуу чочуп кыйкыргансыды, бутума чалынып, санымы сый басып өткөнсүдү, көйнөгүмөн: «Кокуй! Тур!» – деп жулкуп-жулкуп тартып жибергенсиди. Обдула туруп отуруп калдым бейм, көзүмдү араң жыртып ача салсам, тандырдын жанынан дүпүйгөн эле кыпкызыл бирдеме адегенде мажүрүм тал сыңары самсаалап тургансып, анан бир заматта алоолонгон улуу отко айланды. Карандай кызыл жалын караңгыдан калдайыңкы суурулуп, тандырдан кыйла эле жогору көкөлөп чыгып, жалбырт-жалбырт алоолонбой, опурулуп-жапырылып дуулдабай, тек байкалар-байкалмаксан чайпалып, кылк-кылк көйкөлүп, түтүнү көрүнбөй, кылда учунан кара-кара пырлар учуруп, жайбаракат жанып атыптыр.

Оттун жарыгы алыска чарпыла тийип, чукул айланасын жапжарык кылып, ошо жарыктан жанындагы боз тандыр менен көк жүгөрүлөр кызаргансып, Жолборс болсо берегирээкте кыңшылай тыбырап, жалынга карап туруптур. Аңгыча ак дамбал-көйнөкчөн атам караңгыдан жарыкка атып чыгып, жалындын арасына кирип кетчүдөй күүлөнүп барып, колдорун серпип ийди да, чакасын калдыраткан бойдон там аркасына чапты; ага удаалаш делбеңдеп жыңайлак чыккан жаңы апам да чакасындагы сууну отко ыргыта салып, атамын артынан буту-бутуна тийбей безеленип чуркады. Жаңы эле бүкүлү турган кыпкызыл жалын эми ортосунан жемирилип кирип, бурк-бурк түтүн бүркүп жиберип, эки-үч жеринен айрылып, өөдүк-сөөдүк күйүп калды. Мен ошондо эсими жыйып, чарпаядан жерге секирип жүрөм.

Суу ташыгыдай идиш табам деп ашканага карбаластап баратсам, атам менен апам бирден чака көтөрүп, энтеңдей дикилдеп, дагы там бурчунан чыга келишти. Босогодон аттаар замат менин көзүм байлана түштү, карайлап бурчка жетип, алда немеге чалынып, казан-аякты калдыратып, колдорум менен караңгыны кайсаладым. Адеп колума урунган мискейдей бирдемени эле жула качып, эшик таппай түркүктү чала сүзүп кокуйлап, эптеп пешайбанга чыкканча, атам менен апам там аркасындагы арыкка эки-үч мертебе чымын-куюн каттап ийишкенби, айтор, өрттү өчүрүп салышыптыр.

Жалындын орду караңгыга бүтүндөй жутулуп, анда-мында гана кызыл кыпындар жылт-жылт өчүп, суу тийген чаңдын, түтүндүн, күйүктүн аралашма жыты караңгы аваны жарып жибериптир. Атамын караңгыда агарыңкы көрүнгөн карааны оор-оор үшкүрүнүп, пешайбан секичесинин кырына отура кетти, колундагы чакасы ташка тийди бейм, ачуу дабыш чыгара «каңк!» этип каңгырады. Атам күйүккөнүн баса албай: «Пай-пай-пай-пай!.. Ух-уу… пай-пай-пай… үх-үү!.. – деди энтигип-энтигип. – Кудай бир… ух-уу… сактады да… ух-уу!»

Көөрүктөй күшүлдөгөн өпкөсүн басып-баспай, ал апама кайрылып буйрук кылды: «Чырак жакчы!» Демигип турган жаңы апам ичкери карай баскансыды. «Кудай жалгап, шамалдын жогун кара, – деди атам өзүнө өзүбү же магабы, айтор, божурап. – Леп эткен жел жок экен, мемиреп гана туруптур, жел болсо эле жалын шыйпаңга[2] жабышат болчу, ошондо бүт айылыбыз менен өрттөнөт элек. Пай-пай-пай-пай!» Тандырдын жанындагы үймөк самандын өрттөнүп кеткенин мен эми аңдап жүрөм. Кечээ эле тандыр кызытканга деп арабакечтер үч араба саман түшүрүп, тандырдын капшытына шоңшойтуп үйүп кетишкен. Саманга учкун күлдөбөгө төккөн жаңы күлдөн жабышкан го, сыягы. «Жолборс бир азаматтык кылды, бир зор ишке жарады, – деп атам божурай берди. – Так кулагымдын түбүнө келип уңулдап улуп ийген экен, ошондон чочуп турбадымбы. Карасам эле тандырдын жанындагы калдайган бирдеме кызарат. Үрөйүм учуп кеткеничи! Дагы өчөйүн дегенде көрүпмүн, чатыр-чатыр күйүп атканда ойгонсом жүрөгүм чындап түшмөк экен…» Ичкериде күкүрт тамыза албай шыртылдатып жаткан апам: «Жолборс азыр дүмбүл уулап жүрбөйбү, өрттү алыстан көрүп келген го, – деп сөзгө аралашты. – Ит жетип келгиче саман дагы күйүп бүткөндүр да». «Мына, жел келбедиби! – деп атам чочуп кетти. – Бу жел баяраак жүргөндө шорду катырмак. Шыйпаңга куду азыр чабылат эле өрт! Тыптыйпыл өрттөнөт элек!»

Жайын-кышын даңкылдап оорубай жүргөнү болбосо, кайран Жолборс кошунамын ити көргөндүн чет-жакасын да көрбөптүр. Анын үйдөн буюрган күндөлүк ырыскысы жугунду менен сөөк-саак эле. Андан башка аңдыганы мен элем. Ал талаадан да шимшилеп бирдеме-сирдеме таап жечү, бирок сырттан тапканы деле демейде алиги ыпылас бирдемелер боло турган. Үйдөн тапкан эң мыкты олжосу кадырлуу мейман келгенде сойгон кой-сойдун жылуу каны эле. Ал эми мейман биздин үйгө күндө эле келе берчү эмес. Ырас, Жолборс үчүн «күндө майрам, күндө той» жылына бир келип, катары менен жыйырма күндөй, кээде бир айга жуук созулар эле. Биздин айыл менчик жерлерине туташ жүгөрү айдачу, дүмбүл убагында итибиз ошо бой тирешип калың өскөн бийик жүгөрүлөрдүн ичине кирип, дарегин таптырбай кетчү; жүгөрүлөрдүн башы андан-мындан былкылдап калганы гана анын кайда жүргөнүн каңкуулап турчу. Жүгөрүнүн даны таштай катуу болгуча Жолборс анын ичинен чыкпай, күндүр-түндүр дүмбүл кемирип, ээн-жайкын чардап жүрөр эле.

Анан бир күнү күлтүйө семирип, кызыл тилин салаңдатып, кылчык сыйда жүндөрүн артына жапырып, берметтерин жылтыратып, кундуздай кулпурган кейпи менен жарк этип чыга келээр эле. Кокусунан кара шайтан азгырбаса, кайран Жолборс жылына бир ай гана дүмбүлдөн чечекейи чеч болуп, калган учурда кыштак иттеринин көнүмүш күнүн көрүп жүрүп, жедеп карыганда өз ажалы менен эле өлөт беле? Бирок андай болгон жок, күтүлбөгөн жерден анын тагдыры тескери тегеренип кетти. Анын убалына Анар жинди калды.

* * *

Эми силер, ардактуу окурмандарым, Анардын ким экенин да билбейсиңер. Силер баарыңар биздин кыштактан болсоңор, ошондо да жашыңар мага куракташ, меникинен улуу же саал кичүүрөөк болсо, анда мен Анардын жөн-жайын атайы божурап отурбайт элем го, атын атаганда эле силер кимди айтып атканымды дароо биле койбойт белеңер. Ошо силер баарыңар мага кыштакташ болбой калганыңардан эми мен Анардан аздыр-көптүр кабар бергенге аргасыз болуп жатпайымбы.

* * *

Согуш бүткөндө кыштагыбызга «кара кагаз» деген балакет көп келип, ар кайсы үйлөрдөн ызы-чуу чыгара баштады. Суук кабар алгандар үй ичи менен ыйлап-сыкташып, ургаачылары кара кийинишип, кемпир-чалдары мөгдөй түшүшүп, бирок көп өтпөй эле баары тең өлбөгөн көроокаттын абыгерчилигине аралашып кетип жатышты. Бир гана кыштактын чет жагында бир үйдө өзү жалгыз турган Анар деген аялды «кара кагаз» аябай жаман кылды. Жаман кылганы ушул: кара чечекей уулунан «кара кагаз» алгандан кийин Анар акыл-эсинен айнып, тамын өзү өрттөп ийди. Буга чейин мен Анардын өзүн көрмөк түгүл, атын да укпапмын. Тамын өрттөгөнүн да өз көзүм менен көргөн жокмун. Бир күнү таң атканда эле биздин кыштак дуу дей түштү. Көрсө, айыл-апасы суук кабарды угузгандан кийин Анар адегенде нес баскандай далдырап, кээде гана чочугандай омбу-домбу сүйлөп жүрүп, анан бир түнү акылынан тайып, тамына өрт коюп жибериптир. Анан ал ошо жалбырттап күйгөн үйүн тегерене саксаңдап жүгүрүп, каткырык салып кыйкырып-өкүрүп жүрүптүр. Айыл-апасы там күйүп бүтүп, кара дүмүр болоюн дегенде араң туюшуптур.

Кошуналары Анарды байлап ташташып, эртеси арабага таңып Өзгөнгө жеткиришиптир, аерден Ташкендин жиндиканасына алып кетишиптир. Анар Ташкенден үч ай өткөндө кайтып келди. Тирүүлүктүн өксүбөгөн башка сөздөрүнө алаксып, Анарды унутуп калган кыштак кайрадан жандана түштү. «Бечара айыгып кеткен окшойт, баягысындай эле көрүнөт», – дешти бирөөлөр. «Жок, догдур оолукма жинин эле кагып салган го, көзүн көргөн жоксуңарбы, соо кишинин көзүндөй эмес», – дешти экинчи бирөөлөр.

«Жиндин керээти дагы эле калыптыр, жакшы эле сүйлөп келатып, айнып кетет экен», – дешти дагы бирөөлөр. Айтор, Анардын аты аял-эркек менен кары-жаштын оозунда эрмек болду. Мен – өмүрүмдө тирүү жинди көрбөгөн жаным – Анарды бир көрсөм деп дегдеп, бирок көргөндөн сестенип да жүрдүм. Аңгыча болбой төшөктө жаткан апамын алын сураганы Анар өзү эле биздин үйгө келип калды. Ырас, адеп эшиктен киргенде анын Анар экенин билгеним жок. Маасы-галошчон, кыжымы чапанчан, эски ак жоолукчан, тышкы көрүнүшү кыштактын башка катындарыныкынан эч айырмасыз бир жалпак бет катын кирип келди да, төшөктө жаткан апама эки колдоп учурашып, божурап эсен-соолук сурашты. Ал нускалуу аялдардын каадасын бузбай салынуу көрпөчөгө көчүк басып, апаман: «Кандай, ооруңун жылышы барбы?» – деп дагы сурап койду. Апам: «Кудая шүгүр, жакшы элемин, турпактан тышкары кыбырап турам, – деп даяр жообун айтты. – Кандай, Анар, өзүң жакшы барып келдиңби, сакайып алдыңбы?»

Мен ошондо тиги нускалуу көрүнгөн аялдын Анар экенин биле коюп, чочуп кетип жүрөм. Эми мен Анарды, ар бир сөзү менен кыймылын кыя өткөрбөй, ыкылас коюп аңдый баштадым. Ал көпкө дейре чай ичип, соо кишилердей эле сүйлөп, суроолорго жөндүү жооп берип отурду. Кыймылдары деле соо кишиникиндей экен. Менин ынтызарым дароо сууп, күндө эле угуп жүрчү соо сөздөрдөн жадап кетип, эми эшикке жөнөйүн деп жатсам, капыстан Анардын кеби айный түштү. Мен адегенде таңыркай калып, анан чыдай албай бырс күлүп жибердим. Анар андан бетер кызык дөөрүгөндө, мен аябай быкылдап күлдүм. Апам да муңайым жылмайып, берки отурган аялдар да жапырт күлүп ийишти. Анар күлкүдөн эреркеп ээлигип кетти. Анын ээ-жаа бербей көбүрүп-жабырганы, маанисиз чалды-куйду кажылдаганы эми менден башка эч кимдин күлкүсүн келтирбей калды.

Тырчыган алсыз үнү менен: «Мээми кагып алдың, Анар, кичине дем ала турчу», – деди апам. Апамын сиңдилери кепке кызып алган Анарды араң тыйышып, колуна эки нан карматып, алдап-соолап араң жолго салышты. Бөлмө бир азга тунжурай түштү. «Бечаранын эски дарты кармап калган турбайбы, – деди апам бир аздан соң. – Элдин көбү билбейт, бу Анар илгери, жаңыдан келин болуп келгенде, ушинтип жиндеп кеткен. Анда күйө тургандары бар экен, бакшыга салып, ысыктап багып атып айыктырып алышкан. Катуу күйүт ошо эски дартын кайра козгогон тура ырысы жоктун. Оңолгонсуп эле калыптыр, эми деле эки-үч кой союп ысыктаса, окутуп-чокутса, жакшы болуп кетчүдөй. Атаганат, эми ошентчү киши кайда, багар-көрөрү жок коколой калбадыбы шордуу!»

Анар жинди ошо бойдон оңолгон жок, оокат-тиричилигине карабай, дейди болуп кетти. Күн сайын кыштактын башынан аягына аралай чаап, ар кимдикинен буюрган ырыскысын терип жеп, өлбөстүн күнүн көрүп жүрдү. Кышында гана балтырын итке каптырып, каптырган жери кабылдап кетип, эки айча үйүндө жылбай отуруп калды. Ошондо бир тамак-аштан кыйналбаса, дени-карды соосунда кара курсактын кайгысын анча деле тарткан жок. Анар керээли-кечке айылчылап жүрөт, кирген үйүнөн тамак ичет, атүгүл бирди-жарым нан ала чыгат. Ал нанды сурап деле албайт, кишилер тек боору ооругандан өздөрү берет. Айтор, күн сайын эртең менен өйдө карай салт өтсө, кечке жуук ылдый карай нанга толгон түйүнчөк көтөрүп өтөт. Бирок ал биздин маалага кемде-кем келет. Эмне үчүн дегенде, анын үйү күңгөй өйүздүн чатында, ал эми күңгөйдөн биз жак өйүзгө өтчү жалгыз көпүрө биздин туштан кыйла өйдөдө. Ошол себептен биздин маала Анардын көндүм жолунан обочо, кыйчалыш калат.

Май айында биздин чакан дайра сайга батпай кирип, өйдө жактагы көпүрөнү шыпырып кетти. Суу тартылганда жаңы көпүрө биздин туштан ылдыйраак салынды. Эми Анар өйдө-ылдый биздин мааланы аралап өтө баштады. Бирок анын жолдон өткөнүн мен эртели-кеч көрө албай жүрдүм. Чоң жол бийик өскөн жүгөрүлөрдүн далдаасында калган эле. Жүгөрү орулганда чоң жол шаңк этип ачыла берди. Жолборс жолдон каттаган киши-карага үйдөн дегеле асылып кетчүдөй адыраңдап чыгып, жакындап барганда кайра тайсалдай түшүп, эки-үч мертебе калп эле арс-арс үрүп коюп, кайра артына кайтып жүрдү. Бул анын көнүмүш адаты эле, тек гана доңуз айбаты эле.

Иттин бу сырын билгендер анык адыраңдап келатканын тоотушчу эмес, камырабай беймарал өтө беришчү. Жолборстун ошонусун Анар гана чын көрүп алыптыр. Мен өзүм көргөнүм жок, бир күнү кечинде Анар биздин туштан ылдый өтүп баратса, Жолборс адатынча абалап жетип барыптыр. Ит артына кайра тартарда коркуп кеткен Анар жолго отура калып, түйүнчөгүнөн бир нан ала коюптур. «Мечи деги, раистин жугундусуна тойбой атсаң, ме, тоюп ал!» – деп бир нанын итке ыргытып ийиптир. Жолборс нанды баса калганда, Анар аны менен кадыресе кишидей урушканча жолго түшүптүр. Каптыргандан бери ит аттуунун баарынан жүрөгү түшүп калган Анар ошондон кийин өйдө-ылдый өтсө нан таштап бере берип, Жолборсту жаман үйрөтүп ийди.

Анарды аңдыганы аз келгенсип, ит эми башкалардан үмүт этип, тааныш эле кишилерге каап ийчүдөй тап кылып, алардын артынан калбай арсылдап, айласын кетире баштады. Күн сайын мектепке каттачу кыздар Жолборс чуркап келатканда эле чай-чуй кыйкырышып, туш-тарапка дыр качышып, итти ого бетер эрдемситип салышты. Анан кыздар Анарды туурап итке нан таштап берип, өйдө-ылдый тынч өтүп жүрүштү. Бекер оокаттын кылыгына кирген даңгыт кыш түшкөндө уят- сыяттан бүтүндөй кол жууп, «кой-ай» дегенге көнбөй, өткөн-кеткендин астын тороп, жолдун так ортосуна жатып алмай адат чыгарды.

Локуя комдонуп жатып, болор-болбос ыркырап, жолоочу четтей басса кошо жылып, бирдеме үмүт этип акыйып, торогон кишисин биздин үйгө кыйкыртчу болду. Бирок Жолборс чакырганыбызга кулак какпай, үйдүн нанына азгырылбай, какыс-кукус кылганыбызды деле эч тоотпой калды. Итибиздин ээнбаштыгын жакшылыкча койдура албай, анын айынан арыз-наала да көп угуп ийдик. Ошондо атам: «Кысталак, дурус эле ит эле, паракор болуп кетти, – деп кейиди. – Капырай, тим эле паракорго шакирт жүргөндөй иш кылат! Кой, муну байлабаса болбойт, байлап салгыла!»

Мойнуна каргы тагып, терең кагылган жоон казыкка бышык эле жип менен байлап койсок, өмүрү байлоо билбеген ит алкынып-жулкунуп жатып жибин үзүп кетти. Өчөшкөндөн чынжырлап байлап таштасак, бошоном деп урунуп-беринип, дагы үзөм деп өлөрмандыкка салып алкынды, чынжырын тындырбай шалдыратып, кыйлага чейин казыкты чарк айлана берди. Шайы ооп, мойну ооруп, бу шалдыраган салмактуу неменин үзүлбөй турганына көзү жеткенде Жолборс акактап туруп калды да, заманасы куурулгандай кыңшылап жиберди. Тамак ичпей кесерип, бу жагынан да кууланып көрдү. Антсе да, минтсе да эчтеме чыкпаган соң ит өз пейилинен тапкан жаңы тагдырына аргасыз баш ийди.

Бирок кыш ортосунан Жолборстун кыялы кескин бузула түштү. Болор-болбоско кыжырланып, ачуусу мурдунун учуна тез чыгып, чыргоолоно баштады, тааныштарга деле ыркырап, чоочун кишилерге албууттанып жулунмай адат тапты. Бир жаалданып алса, кепке сабыр токтото албай, үрпөйө түшкөн жондорун кайра жаткыра албай, бир калыпта жай ырылдап, казыкты тегерене берчү болду. Буулуккандан ушинтип атабы деп күндүз маал-маалы менен агытып көрдүк. Анда Жолборс малсалга катылып, жолдон өткөндөрдү дыркырата кууп, атчандарга асыла кетип жүрдү.

Бир сапар күндүз коё берсек, ал биздикине келаткан карыя абабызды байкатпай куду май куйрук туштан каап алды. Чапандын калыңдыгына баракелде, иттин тиши чалдын этине өтпөй калыптыр. Ошо жолу Түмөн Жолборсту байлап алып, эси-көөнүнөн кеткис кылып аябай сабады. Көрсө, деле пейили бузулган итке сабак болбоптур.

* * *

Райондук милициянын начальниги Бейшеке Ургазиев жазгы айдоо маалында колхозго уполномоченный болуп келип, биздин үйдө жатып жүргөн. Ал өзү жапалдаш бойлуу, ыраң-мүчөсү зайпана чалыш, кылыктангандай кыңылдап сылык-сыпаа сүйлөгөн, кулунча кишинеп күлгөн киши экен. Эрмеги эле китеп экен, көп окуй берип өзү да китептегидей сүйлөп калыптыр. Күп-күп сүйлөп чыкчырылган начальниктерди көп көргөн кыштак калкы Бейшеке Ургазиевдин илмейген назик келбетине тойбой, сыпайы жосундары менен кыңылдап сүйлөгөнүн аябай өгөйлөдү. Жоро шайтан аны келеке кылып алды. Жоро шайтан демекчи, а дагы бир кызык киши.

Уруштан келгенден бери лесхоздо корукчу болуп иштейт. Уруш чыгаалекте айылдагы аткаминер кызматтарга жармашып жүрүп, акыры сельсоветтин төрагасына чейин көтөрүлүп барган экен. Ал ошондо аябай катуу көпкөн дешет. Көпкөнүн мындан билгиле: жаш эле катыны турса, үстүнө Жаркынай деген сулуу кызды токолдукка алат. Жаркынайды аларын өзү алып, нике күбөлүгүн өзүнүн кем акыл инисине жаздыртып таштайт. Ошентип Жоро шайтандын сулуу токолу документ боюнча акылында тубаса майыбы бар кайнисинин жары болуп калат. Душмандары Жоро шайтандын үстүнөн эки катыны бар деп «тоголок» арыз жазышат. Райондон тергөөчү келгенде Жоро шайтан көрөр көз зайыбын келиним деп айтып, далилине алиги нике күбөлүгүн көрсөтөт; кошумча далил болсун деп Жаркынайды өзүнөн качыртып, «акелетип» тергетип да коёт.

Бирок күнүчүл жаш байбичеси айгак чыгып, анын айыбы ачылат да, сельсоветтиктен ыргып түшөт. Түшкөн ызасына чыдабай: «Үч жүз отуз үч талак койдум, төрт тарабың кыбыла, кааласаң баягы тергөөчүгө тийип ал!» – деп жаш байбичесин айдап иет. Анан нике күбөлүгүн жаңыртып, Жаркынайды инисинин наамынан өзүнүкүнө каттатып алат. Корукчу аты эле болбосо, Жоро шайтан токойду сыртынан багып, дайыма кыштакта бекер жүрөт. Баса, ал маал-маалы менен уучулукка чыгып, жазында бөлтүрүктөр кармайт, күзүндө карышкыр да чаап алат. Ошондон улам кээ бир нускалуу карыялар аны: «Жоро бөрүчү» – деп кадырлап айтышат. Бирок анын чындап кылган иши – бакылдап элди күлдүрмөй. Эртели-кеч устакананын алдына чогулгандарга тамаша салып турбаса жарпы жазылбайт. Ырас, ал чукугандай сөз таап, калпты-чынды койгулатып күлкүлүү сүйлөйт. Бир гана айыбы: кебине уятты көп аралаштырып, шалпып кетет. Бир жеринде өксүгү бар киши көрсө, ачкенедей жабышып, кайра-кайра келекелеп асыла бермей адаты да бар.

Деги ал бирөөнү күлкү кылбай тура албаса керек. Бейшеке Ургазиев биздин кыштакка келгенден бери Жоро шайтандын күнү куду оңунан тууду белем! Мен бир күнү чоң кишилердин сөзүн укканы устаканага барып калсам, Жоро шайтан бак-бак этип атыптыр. Адегенде эле анын: «Катын эле болчу кейпи бар, катын болсо келишкен жубан болот эле, кысталак!» – дегени кулагыма чалынды. Жаңы начальникти кеп кылып жатканын мен дароо аңдай койдум. Жоро шайтан: «Кудай Таала оюнда ургаачы эле кылып жаратайын десе керек, баарын ургаачы кылып жасап келип, бир жерине келгенде гана жаңылып калган экен… – деп дагы шалпып кетип, анан кайра ымандуу сөзгө кайрылды. – Катын эле болуп калганда эмне? Керилип-чоюлуп, кыңылдап кылыктанып, көзүн сүзүп турса… кысталак, мендей азамат уулдар колуна өлүп берет болчу! Башкаларды ким билсин, мен жан аямак эмесмин, көргөндө эле дубанадай ак уруп артынан түшмөкмүн. Ой-боюна койбой имерип алмакмын. Жаркылдаган Жаркынай сулууман да кечип иймекмин. Ошондо бир катындан арманым чыгат эле, кысталак!»

Жоро шайтан бирдемеге сугун түшүргөндөй жаланып-жаланып койду эле, анын ар бир сөзүнө эле күлүп отургандар кыраан-каткы түшүп калды. Күлкү сээлдей түшкөндө Жоро шайтан: «Өгүнү экөөбүз кызык болбодукпу, – деп сөзүн узата берди. – Мен кызматтан суй жыгылып чарчап келаткамын. Начайлик чочугандай Жалгыз-Жаңгактын кырына чыгып барыптыр. Көңүл сергитип келейин десе керек. Атын отко коё бериптир. Өзү болсо катынча өчөйүп отуруп алып, көк майса чөптүн башынан мына минтип эркелетип сылап атыптыр. «Ассалоомалейкум!» – деп барк этсем, селт чочуп кетти бечара. Кызга окшоп кыпкызыл боло түштү. Куду кашына балпаң-балпаң басып бардым дагы, кыздыкындай маез колун ушу рабочу колум менен кабыштыра кармадым, кысталактыкы! Колун коё бербей, кайра-кайра кабыштыра кысып: «Саламатсызбы, амансызбы, бакыбатсызбы, жакшысызбы, дуруссузбу?» – деп дегеле узакка эсен-соолук сурашып туруп алдым. Начайлик болсо: «Жакшы, жакшы!» – деп кыңылдап, колун кыскан сайын: «Ой, аксакал, ой, аксакал!» – деп ойкуштап, бойго жеткен кыздай бураңдай берди. Кысталак, бир маалда көзүмө кыз эле көрүнүп кетпеспи. Шап кучактап, көкүрөгүмө кысып ийгеними өзүм билбей калыпмын. Жаагым чуу дегенде бир эсиме келдим. Начайлик кучагыман жулунуп чыгып, кызаңдап урушуп, мени катырып сөгүп калды. «Акмак!», «Келесоо!», «Наадан!» – деп ого эле көп сөз айтып чукчуңдады. Ошондогу менин сүйүнгөнүмү айтпагыла! «А-а, бар экенсиз го, жолдош начайлик! – деп арсалаңдап күлдүм. – Мына эми өзүңүзгө келдиңиз!.. Бизге окшогондорго ушинтип кыргыйдай тийип турсаңыз! Сөгүп турбаган начайлик да, начайликпи!» Ошентип аржалактасам, кайран эр ого бетер ачууланып, ачуусуна чыдабай атына мине качты, минген бойдон өчөңдөп жүрүп берди… Жок, жинине тийсе бу деле түзүк эле чукчуңдайт экен, кыздай кылыктанып сылык сүйлөгөнүн да унутуп калат экен!»

Жоро шайтандын айтканы жарым-жартылай чын экен. Ал начальникти кучактап го ийбептир, бирок колун бир саамга кыса кармап, тамашага чалып бакылдап тура берип, чын эле анын ачуусун келтириптир. Ошонун эртеси атам Жоро шайтанды чакыртып алып, жети өмүрүн жерге киргизе жекириптир. Деги атам Бейшеке Ургазиевге айрыкча жан тартып, анын кадыр-баркын бекер ооздордун келекелүү кеп-сөзүнөн көп арачалады. Жаңы начальник ага бардык жагынан жагып калгансыды. «Билимдүү деген ушундай жумшак болот, – деп аны сыртынан мактап жүрдү атам. – Кишинин шагын сындырбайт, көрүнгөнгө бейжай короңдой бербейт. Сойсо да билимдүү сойсун кишини. Чочоңдоп чоңсунгандын баары мага окшогон караңгы немелер».

Бир күнү Бейшеке Ургазиев жогор жакка мейманчылап кетип, эл жатарга чейин келген жок. Биз байлоодогу Жолборсту агытып ийип, жатып алганбыз. Мен катуу уйкумун айынан түндө болгон дүрбөлөңдү туйбай калыпмын. Көрсө, барган жери: «Жатып эле алыңыз» – деп суранса болбой, начальник жети түндө биздикине келе бериптир. Өчөйүп бастырып келатса, килеңдеп бош жүргөн Жолборс ага капыстан асыла кетиптир. Ат үстүнө чапчаң секирип, Ургазиевдин көкүрөгүн апчый аркырап, кителинин сол төшүн айрып түшүптүр. Муну мага эртең менен турганда Түмөн сүйүнчүлөп айтты.

Жолборстун жоругу атамы аябай беймаза кылды. Ал мен ойгонгондо эле эшикте наалып аткан экен, баарыбыз чайга отурганда деле бирде итти беймаал агыткан бизге сүйлөнүп, бирде иттин өзүнө ачууланып, бирде кителдин айрылганын айтып, өзүнчө эле наалый берди. Кителди жамап отурган жаңы апам да атама кошулуп кейип алды. Бир маалда Бейшеке Ургазиев чыдабай кетти. «Койсоңуздарчы, жарыктыктар, – деп кыңылдап жиберди ал. – Сиздер мени абдан ыңгайсыз абалда калтырып жатасыздар. Ырас, иттин мага асылганы принципте өкүнүчтүү факты деңизчи, бирок аган кейип-кепчүүнүн эч кажети жок». Атам наалыганын тыйып, астындагы пияланы колуна алды. Бир саамга нандын чалп-чалп чайналганы менен чайдын шоркурата ичилгени гана угулуп турду. Атам ичип бүткөн чайынын түбүн жерге серпип таштап, пияласын Түмөнгө суна берди да: «Жолборс бизди жаман уят кылып койду, найсапты бүгүн эле аттырып салам!» – деди.

Ургазиев селт чочуп, колундагы чайын төгүп ала жаздады. Алдастап шашканынан: «Жо-жок, аксакал, антпеңиз, кереги жок, кереги жок!» – деп безилдеп жиберди. Жаңы начальник, Жоро шайтан айткандай, жини келгенде гана эмес, шашканда да башкалардай эле бат-бат сүйлөп иет экен. Атам анын оозуна таңыркай карап калды. Бейшеке Ургазиев бир аз ойлонуп туруп, анан адатынча жай кыңылдады: «Иттин өлтүрүлүшүнө мен принципте каршы эмесмин, принципте ал башкаларды да каап алышы мүмкүн. Бирок сиз бир нерсени эске албай жатасыз. Арийне, райондо ажыкыз жолдоштор аз эмес. Эгер ит өлтүрүлсө, сиз менен биз дагы бир шылдыңга негиз берип койгон болобуз. Ит атыла турган болсо, эртең эле дагын бир анекдот чыгат. Айтор, «Ургазиев командировкага барып, чоңдугунан пайдаланып, бир ит аттырып келиптир» дегендей бирдеме чыкпай койбойт. Мындайды башымдан көп өткөрбөдүмбү. Сиз билет бекенсиз, билбейт бекенсиз, менин бир аз үшүкчөөл жайым бар. Мен быйыл кышта күн өтө суук болуп турган эле, райкомго чейин жөө бардым, баргыча калчылдап үшүп кеттим. Ошол үшүгөнүмдү көргөн ажыкыздар дароо гана бир анекдот чыгара коюшуптур. Мен анекдотту тузу менен айта албайм, ошентсе да айтууга далалат жасап көрөйүн…»

Өзү айта баштаган анекдот боюнча, Бейшеке Ургазиев кышкы суукта райкомго колу менен оозун камтууга да шайы келбей тоңуп кириптир. Кире берип кабинетте отургандарга бирдеме деп айтканы карышкан оозун күч менен чоң ачыптыр, бирок араандай ачылган оозун кайра жапканга шаасы жетпей, аңкайган бойдон карышып туруп калыптыр. Аңгыча болбой аны кимдир бирөө меш жанына делдейте көтөрүп барып, ошо селейип каткан калыбында дубалга жөлөп коюптур. Карышканы жазылбай, жаагы жабылбай меш жанында жөлөнүү турган Бейшеке Ургазиев жарым сааттан кийин гана: «Са-ла-мат-сыз-дар-бы?» – деп үлдүрөп үн катыптыр. Көрсө, чыгып келатып тамагына тоңуп калган салам сөзү жарым саатта араң эрип, оозунан араң-араң муун-мууну менен түртүлүп чыккан экен. Зыңкыйып тоңуп калган Бейшеке Ургазиевдин оозун аңырайта ачкан бойдон карышып, меш жанында кыймылсыз селейип турганы көзүмө даана элестей түштү.

Мен кыстаган күлкүмү кармай албай бышкырып ийдим. Жаңы начальник өзү да мага удаалаш кулунча кишинеп күлүп калды. Атам мага жаман көзү менен акырая тиктеди, мен коркконуман тиңшийип жер карай бердим. «Эчтеме эмес, аксакал, – деп атама карап жай кыңылдады начальник. – Бул өзү күлкү чыкыра турган анекдот, адеп укканымда өзүм да күлгөмүн. Бирок күлкүгө объект болуу кимге кызык? Жок, мен эми сиздин иттин айынан да күлкүгө калгым келбейт. Эгер мени белгилүү өлчөмдө сыйласаңыз, итти азырынча өлүмгө кириптер кылбаңыз. Сизден суранам: маган ит асылганы жөнүндө эч кимге эчтеме деп айтпасаңыз экен!»

Ажалы жеткен эмес экен, Жолборс мында да аман калды. Бирок ошондон көп өтпөй эле ит төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чарпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинен үчөөнү катар тагынып келген Айдараалы бырыкна деген кедейген кодоо жигитти каап алды. Биздин кыштакта Айдараалы аттуудан экөө бар, эл аларды бир биринен Айдараалы бакырчаак жана Айдараалы бырыкна деп ажыратат.

Бырыкнасы ушул кошумча атын уруштан кийин алыптыр, ага чейинки аты Айдараалы бир метр экен. Ошо кодоо Айдараалы аскерден келген күнү бозодон саал ашыкча ичип коюптур, согушка барып келген жолдоштору бирдеме айтса эле анын баарына орусча «брыхня»[3] деп кол шилтеп, кыткылыктап күлө бериптир. Ал ошондон кийин Айдараалы бырыкна деген жаңы атка көчүптүр. Мен уйку-соодо ыңгыранып жаткамын. Сырттан иттин «ар-р» эткени, бирөөнүн ачуу кыйкырганы, атамын көнүмүш «найсабын» айтып бакырганы капыстан кулагыма шак этти. Мен ыштанчан эле эшикке жүгүрүп чыктым. Атам качкан Жолборсту таш менен уруп кубалап баратыптыр, Айдараалы бырыкна канжалай түшкөн оозунун үстүн кармагылап, калтырап куту учуп, сөрүнүн жанында туруптур, жаңы апам күйгөн оту бар очокко куйкум жытын буркурата курмушу куйкалап атыптыр. Көрсө, түндө агыткан Жолборс кайра байлана электе Айдараалы бырыкна биздикине жумуштап келаткан экен, тамдын капшытынан кедең этип чыга калганда, пешайбандын бурчунда жаткан дөбөт ага илбирстей асылып тийип, «ар-р» этип беттен алыптыр. Иттин курч тиши Айдараалы бырыкнанын куду үстүңкү эрдине кириптир, тиш тийген жер кийин ок тийгенсип тырыйып бүттү. Тырыгын жашырам деп Айдараалы бырыкна мурутун коё берди. «Бир эсептен ит ырас эле кааптыр, – деп ал кыткылыктап күлүп жүрдү. – Каппаса кайдан муруттуу болот элем». Коё берген муруту Айрадаалы бырыкнага куп жарашып, аны кадыресе салабаттуу кылды. Бирок Жолборс өзү каап алган адамынын мурутка жетинип, салабаттуу боло түшкөнүн көзү менен көрбөй калды. Ошо Айдараалы бырыкнаны капкан күнү эле атам Жолборсту өлүм жазасына буюрду.

Түштөн кийин окучу элем, мени атам сабактан келерим менен Ит атаарга жумшады. «Айт, эртең саарлап келип атып таштасын», – деди. Мен ашканадан нан ала чыгып, Улукбек акеникин көздөй бет алдым. Ит атаар – биздин кыштактагы бештен белгилүү адам. Биздин көзгө басар мергенибиз да ошол. Кокус бирөөнүн ую же ити кутуруп кетсе, дайыма аны чакыртып аттырышат. Анан калса ал чын эле көзгө атар мерген – кандай жаныбар атпасын, как көзгө атып жыгат. Бир сапар мен өзүм көргөмүн: жогорку мааланын кутурган бир уюн коктуга байлап коюшкан экен, Улукбек аке алыстан эле атып ийген, атып ийсе ок уйдун оң көзүнөн кирип, сол көзү ченден тешип чыккан. Мен өзүм көргөнүм жок, көргөн балдар айтышат: Улукбек аке ит атса да ар дайым көзгө атып жыгат экен. Ошенткенде иттин териси бузулбайт имиш, жогорку сортто өтөт имиш. Уруштан келген соң Улукбек аке айлыктуу экен деп ушул ишке турган, райондук «Заготживсырьёнун» чоңу Акынбек Коёнкөзовго тогуздап кекилик тартуу кылып, анан менин атамы да арага салып жатып араң орношкон.

Улук акенин аттай кажырлуу бир кара эшеги бар. Аны коделегинде Ит атаардын тун уулуна таэнеси энчилеп берген экен. А кезде Улукбек аке урушта экен, уруштан ал кара коделек кадыресе эшек болуп калганда келиптир. Өзгөнгө түшөр замат кеч кирип, түнөп кеткени өзбек ашынасыныкына барыптыр, ошо жерден эшекчен базарчылап келген тун уулуна кабылыптыр. Тууган үйү көзүнөн учкан Ит атаар түнгө карабай кыштакка жол тартыптыр. Уулу экөө кара эшекти алмак-салмак минип отурушуп үйлөрүнө таңга жуук келишиптир. Үй-бүлөсү түгөл экенин көрүп, Улукбек акенин көңүлү жайланыптыр. «Он беш күндөн бери уйкум кана элек, бир алп уйку салбасам болбойт – дептир ал бала-чакасына. – Эртеңкиге чейин келгеними эч ким билбесин, мишайт кылышат». Ал айтканындай эле туура бир сутка уктап, эртеси шашкеде эшегинин айкырыгынан ойгонуптур. Ойгонору менен: «О, коңгуроодой болгон доошуңан айланайын! – деп эшегине жалынып жибериптир. – Акжолтой экен, жаныбарым, акжолтой экен!»

Кийин өзүнө учурашканы келгендерге да: «Акжолтой эшек экен, уулум экөө мени Өзгөндөн тосуп алышпадыбы, – деп тамашасы жок мактана бериптир. – Түшүндө эшек минген кишинин иши оңолот имиш. Мен кызылдай өлүмдөн эсен-соо кайттым, үйүмө түшүмдө эмес, өңүмдө эшек минип келдим. Буюрса, ыкыбалым көтөрүлөт экен!» Улукбек аке кара эшегин жанындай көрөт, дайыма: «Кара айгыр» – деп ардак менен атап, күлүк аттан бетер бапестеп багат. Бирөөгө асти мингизбейт, сураган кишиге өлүмү бербейт. «О кайбар эй, өзүмү «сен» деп, кара айгырды «сиз» деп жүрсөм, кулакка гана койгулап иштеткиң бар ээ?!» – деп кергиштейт. Ошентет да карт кекирип коёт. Мунусу – бир чети «сөз бүттү» дегендин, бир чети «бозого тоюп алдым эле» дегендин белгиси. Ал жайдыр-кыштыр үзбөй бозо салдырат. Улукбек аке анда-санда бозодон аракка да кирип кетет. Өзү арак ичкенде эшегин да кур ооз калтырбайт экен. «Ит атаар оңбойт, киши кылбагандын баарын ушу кылат, – деп чоң кишилер күлүп калышат. – Кичинеден берип жүрүп эшегин да аракка үйрөтүп коюптур, капырай!» Улукбек акенин ошентери деле ырас окшойт.

Ал айына бир жолу район борборуна тери өткөргөнү барат. Ошондо эшегине куудураган терилерин үйө артып алып соо кетет да, кайра эшегинин жонуна конуп мас кайтат. Нары-бери оолжуп, алды-артына тоңкочуктап, үйүндөгү зайыбы жанында тургансып: «Ой, катын! Катын!» – деп улам-улам чакыра берет. Алка-шалка тердеген эшеги да башын кейкейте көтөрүп, куйругун казыктай чычайтып, дегеле алчылана басат; үйүнө жакындаган сайын алкынгандан алкынып, анда-санда буттары чалыштаса болбой адыраңдап, кайра-кайра айкырып кулак тундурат… Эртеси ээси үйүндө башын мыкчый кокуйлап жатса, эшеги малканада өйдө боло албай очорулуп калат. Улукбек акенин дагы бир кызык жоругу бар. Ал жыл сайын тоокту көп багат, бозодон ичи каарылып же этсиреп кетсе эле бир тоогун чыгаша кылат. Бирок ал тоокту элчилеп мууздап жебейт, дайыма атып жейт. Союла турган тоокту уулу же кызы, алар болбосо башка балдардын бирөө там башына алып чыгып, ошо жерден көкөлөтө ыргытып берет, жерде «мантикирис» мылтыкчан даяр турган Улукбек аке «чып» дедире атып калат, тоок кээ-кээде эле жерге тирүү түшпөсө, демейде өлүп түшөт.

Там башынан мен деле далай тоокту көкөлөтө учуруп бергемин, ошолордун бирөө гана жерге тирүү түшүп, кукулуктап сайга качып жөнөгөн, качып баратканда как койкоктогон башына ок тийип, томолонуп кеткен… Ушинтип тоок атканын Улукбек аке «тирнирөпкө» деп атайт. Тоогуна жерге түшкүчө тийгизсе эле ал: «Мынтип тирнирөпкө кылып турбасаң сынайперче атканды да унутуп каласың», – деп чүйрүйүп коёт. Улукбек аке деги кыштагыбызды кеп менен күлкүдөн өксүтпөйт. Соосунда кылгандары эле кары-жашка күнүмдүк эрмек болот, ал эми мас чагында кылгандары кыштакты көп күнгө дуулдатат. Элдин баары эртели-кеч Улукбек акенин чалды-куйду жоруктарын айтып күлө берет. Кээ бирөөлөр гана: «Бу башта мындай эмес болчу, уруштан ушинтип айнып кайтты», – деп калышат.

Анын айныганы кеп-сөз болсо эле Жоро шайтан туурадан чыгат. «Ит атаардын кантип айныганын мына менден сурабайсыңарбы, – деп бак-бак этет ал. – Бу сынайперлик кылып жүрүп, уруш бүтөрдө десанты вызботко туш болбойт бекен. Барган күнү эле жонуна парашут таңып туруп, айрыпландан куркуратып таштап ийишиптир. Ит атаарың өлсө да жөн өлбөй калсын, ошондо да элден башкача болом деп шумдуктаныптыр, эл буту менен түшүп атса, ал башы менен жерге түшүптүр, жердин катуусун жаман башы менен сынап көрүптүр. Мунун мээси ошондо козголуп калган, аны силер билбейсиңер, мына, мен билем!»

Былтыр бекен, айтор, бир жолу кечинде атам, жаңы апам, абаларым болуп Улукбек акенин кылыктарын сүйлөшүп отуруп калышты. Мен кыябы келе түшкөндө: «Ит атаар мурда башкача экен го, аскерден айнып келген имиш го?» – деп сөз арасына кыпчылдым. «Каяктан айныйт, апенди чалыш пейили башта эле бар болчу», – деди атам. Анан ал Улукбек акенин жаш чагынан эскере кетти: «Уруштан мурда кароолчу да кылып көрбөдүкпү. Калкоздун кянсясына[4] үйү жакын, кирип-чыгып карап турат дегенбиз. Караарын го жакшы эле карап жүрдү, калпычылыгы бизди аябай жадатты. Мен ошондо билбедимби, калпты бир шумдук айтат экен, капырай! Бүгүн сенден бирдеме укса, эртеси эле аны сага таптакыр башка кылып кайра айтып берет. Айтып берсе, кечээ эле өзүң айтканды кайра өзүң тааныбай каласың.

Кайдыгер калп айтса го мейли эле, калпына калкоздун ишин аралаштырып жаман кылды. Мен билбей жүрө берипмин, Улукбек менин атыман калп сүйлөп, айтпагандын баарын айттыра бериптир. Мага туюк сүйлөп таарынгандар эле көбөйүп кетти. Бир күнү ушул эле Маати кокуй келип, мага туюк таарыныч айтып калды. Сурамжылап аныгына жетсем, Маати кокуй Улукбектин калпын чын көрүп коркуп алыптыр. «Айдап кел ошо найсапты!» – дедим. Маати кокуй Ит атаарды алаңдатып ээрчитип келди. «Эй, жаны жок, Маатини кулакка тарттырам деп качан айттым эле сага?» Ушундай десем, жаны жок Ит атаар: «Мен аны жөн эле айтып койгомун», – деп чүйрүйүп, турбаспы! Жети атасын калтырбай ашатып сөгүп, эсинен кеткис кылдым. Ошондо деле ал калпын тыйган жок. Дагы бир күнү мага Айдараалы бакырчаак келет. Ал күүлөнүп кирип келип эле: «Ит экенсиң!» – деди. Анан мени «ит» деп туюк кекетип, наркы-терки зиркилдей берди. «Ырас, менде итчилик бар, мойнума алам, – деп тамашага чалымыш болдум. – Эми сенде да итчилик болуп атпайбы. Ачыгын айтчы деги, эмне дартың бар?» Бакырчаак ого бетер бакырбаспы. «Ой, ормойгон арамы, бакырбай ачыгын жай айтчы!» – деп менин жиним келе түшүп, кыйкырып жибердим. Ал менден бешбетер бакырды: «Ачыгын сен айт! Мага келген орден кана? Өзүмкүн өзүмө бер, ит!»

Экөөбүз бакырышып атып араң түшүнүштүк.

Көрсө, оңбогон Улукбек Айдараалыга: «Сен экөөбүзгө Калийнин аксакалдан эки орден келген экен» – дептир мен өзүмкүн алып катып койдум, ушу сеникин раис өзү алып алды окшойт», – дептир. Бакырчаактын күүлөнүп келип мурду менен бир тийгени ошол экен. Экөөбүз туткакташкан бойдон Улукбектикине кирип бардык. «Эй, жаны жок, экөөңөргө Калининден качан орден келди эле, ыя?» – деп кыйкырып кирдим. Ит атаар дагы эле баягысын айтып турбаспы: «Мен аны калп эле айтып койгомун». Жаным чыгып кетти. «Жөн эле айта бересиңби, найсап! Эмне, оозуңа алың жетпейби?» Ошондо да Улукбектен сөз качып кутулбайт. «Оозуман чыгып кетсе эмне кылайын!» – деп кайра мага догурунуп жүрбөйбү! Ошо жерден Айдараалы бакырчаак мага: «Сөзүмдү кайра алдым, жолдош раис, – деп коюп, Ит атаарга апырылып кирди. – Мына, сен ит экенсиң!» «Аны кароолчудан бошоткуча шашпадымбы, – деди атам күлкү басылганда. – Баарыбызды кагыштырып, арабызга от жагып ийбесин деп чочуладым.

Көрсө, бечаранын ошентейин деген деле ою жок экен. Өзү айткандай, калпты жөн эле айта берет экен. Иштебей тура албаган дыйкан адамдар болот, алар керээли-кечке тыным билбей кажына берет, кажынып турбаса ооруп калат. Бу Улукбек да ошолордой эле неме окшойт, калп айтып турбаса оорумак тургай өлүп деле калабы дейм, а жаны жок. Байкап көрсөм, бу дагы бир дыйкан экен, калптын дыйканы экен. Биз анын ошондоюн билбейт экенбиз. Ит атаар ушу майда балдарды ырас таап алды. Балдарга эмне? Калпыбы, чыныбы, кызык сөз болсо жыргап уга беришет да. Улукбек болсо курсагында кайнаган бугун ырас чыгарып алат».

Улукбек аке калп жагынан биздин кыштак түгүл, бүт район боюнча эч кимди алдына чыгарбайт имиш. Чоң кишилердин баары ушундай деп айтышат. Жоро шайтан болсо: «Кудая шүгүр, биздин уруу башкасынан жутаса да, калптан жутабайт, – деп бакылдап калат. – Мына, чынды чыңыртып айткан мен деле кээ-кээде апыртып коём. Анча-мынча апыртпаган киши да кишиби?! Көбүбүздүн эле калпыбыз бар, бирок баарыбыз Ит атаардын жанында шоона эшпей калабыз». Жоро шайтан Улукбек аке тууралуу ушул сыңары тамашалуу бирдемелерди үстөккө-босток чыгара берет. Баарынан да анын: «Азирети Калп калпа» – деп чыгарганы аябай кызык. Ал калпты кадыресе кишидей кылып жандандырып айтат, ага «Азирети Калп калпа» деген ат коюп, эшек миндирип, селде чалдырып, сүлкүлдөтүп эл кыдыртып коёт. Ошо Азирети Калп калпа илгери биздин кыштакка келген имиш да, кийин калпычы боло турган балтыр бешик балдардын үйлөрүн текши кыдырып чыккан имиш. Ал болочок калпычылардын кээ биринин бетинен өөп, кээ бирин башынан сылай эркелетип, кээ бирин батага маарытыптыр, кээ бириникинен чай ичип, кээ бириникине түнөптүр, кээ биринин атасына эле алыстан салам айтып өтүптүр. Ошондо Азирети Калп калпа Улукбек акеникине үч күн катар коно жатып, кетеринде ага ак батасын берип, оозуна түкүрүп кетиптир. Калп калпа оозун толтура түкүргөндө болочок Ит атаар какап-чакап, азыраак жийиркене түшүптүр. Анын жийиркенгендей чүйрүйүп калганы ошондон экен. Жоро шайтан ушуларды укмуштантып сүйлөп келип: «Калпты Ит атаардай кылып айтыш кыйын, ага дуба кеткен, – деп багжаңдайт да, артынан кара күчкө өкүнүмүш болот: «Аттиң ай-я, ошондо Азирети Калп калпа биздин туштан атама салам айтып өткөн экен, атам «түшүңүз» деп чакырса болбой койгон экен, ошонун азабынан мен калпты жарытып айта албай жүрбөйүмбү!»

Чоң кишилердин арасында Улукбек акеге сөйкөнбөй сүйлөгөнү жокко эсе. Жадагалса эки сөздүн башын кошо албаган коноктор менен өтүгүн майрыйта баскан ашкебилер да ага сынтагып сүйлөйт. «Эй, Ит атаар!– деп келишет ошолор. – Кана, өрдөктөрүңөн бирди-экини учуруп койбойсуңбу?» Мындай арсыз шакабаларды го Улукбек аке чиркей талагандай да көрбөйт. Баарынан Жоро шайтандын асылганы жаман. Ал көрүнгөн жерде Улукбек акеге жабышып, а жок жерде деле ага тийиштирип күлкүлүү кеп-сөз чыгарганы чыгарган. Өрдөктүн жапайысын же бакмасын көргөндө: «Ит атаардын өрдөгү го, быякта эмне кылып жүрөт?» – дегендей бирдеме айтпай койбойт. Бая күнү эле устакананын алдында Жоро шайтандын элди күлдүрүп атканын уккамын.

«Айтты-айтты дээрсиңер, калптын беш жылдык планын Ит атаар быйыл эле бүткөрүп коёт, – деп бакылдап отурган Жоро шайтан. – Быйыл өрдөктөрү бир укмуш балалаптыр! Кызматым кыйын эмеспи, өгүнү кечке маал кызматтан чарчап келатсам, биздин үйдүн үстүнөн эле бир куш чарк айланып учат. Үнү кудайга жетчүдөй боздоп каркылдайт шоруң каткыр. Сүйгөн жарым Жаркынай сулуудан: «Бу кайсы куш?» – деп сурадым. Ошондо Жаркынайым жаркылдап айтып калды: «Балаңын кылганы да! Безери балаң балдарын апкеле бериптир, эми энеси ушинтип эле безилдеп атат». Көрсө, жанагы менин жарыбагырым темселеп жүрүп Сасык-Булактын сазынан талаа өрдөктүн уясын таап алыптыр, сегиз балапаны бар экен, энесин чыркыратып туруп эле баарын койнуна салып үйгө жөнөптүр, эне өрдөк артынан үйгө чейин безилдеп ээрчип келиптир. Өзүңөр билесиңер, мен бала-чакага тим эле кыргыйдай тиет эмесминби. «О, делдейген кулагыңды сенин! Баарын бүтүрүп эми ушу уурулукка өттүңбү? Бирөөнүн өрдөгүн башыңа урасыңбы, ыя?» Ушундай деп күпүлдөсөм, чычкагым өзүмү айныбай тарткан экен, кайра мага каяша айтып жүрбөйбү. «Эмне, сени кудайдын өрдөктөрүнө да корукчу койду беле? Бу талаа өрдөктүн балдары, Сасык-Булактан таап келдим», – деп турат да кысталак. Анда мен: «О, делдейген кулак-мулагыңды! – деп ого бетер күпүлдөбөйт бекемин. – Кудайдыкы эмес эле, Улукбек акеңки бул өрдөк! Элден жашырып сазга катып койсо, сен балапандарын уурдап келе берипсиң. Өрдөктөрү жок эми кантип оокат кылат Ит атаар акең? Бар, каерден алсаң, ошо жерге жеткирип кел!»

Ит атаардын балапан өрдөктөрүн ошентип баламан кайра көтөртүп ийдим. Ырас кылыпмынбы, ыя?» Жоро шайтандын ушундай апыртмаларына чоң кишилер кыраан- каткы түшүп күлүшөт. «Атаңа ыракмат, шайтан, Ит атаарды куп кана келиштиресиң да!» – деп көтөрө чалып мактап да коюшат. Ошого эрдемсиген Жоро шайтан кээде аша чаап, өтө эле олдоксон тамаша кылып жиберет. Мурдагы жылы – анда мен үчүнчү класста окучу элем – обу жок ойнойм деп ал Улукбек акени бөөдө өлтүрүп ала жаздаган. Ошо сапар биз, кичинекей балдар, дем алыш күнү Улукбек акенин короосундагы чарпаяга батпай тыгылышып отурганбыз. Улукбек аке болсо бизге аңгеме салып берип аткан. Аңгеме кызып калганда атчан бирөө короого дүпүрөтүп кирип келди. Жалт карай салсак, Жоро шайтан экен. «Эй, Ит атаар, балдарга өрдөгүңүн учканын көрсөтүп отурасыңбы? – деп барк этти ал. – Тоокторуңу аткыча оозуңан учкан өрдөктөрүңү ата берсең го, качан эле кырып бүтүрөт элең. Эми жерге-сууга батпай быкылдап кетиптир, башкалар атып убара болуп атат. Капчыгайдан бир мадырабаш атып алган экен, мен: «Келе, бер, бул биздин Ит атаардыкы!» – деп колунан жулуп алдым. Ме, өрдөгүңү өзүң ал! Ха-ха-ха! Бышырып же! Ха-ха-ха!»

Жору шайтан артына жашырып турган өлүк өрдөгүн биз жакка серпип ийип, каткырган бойдон атынын башын бурганча, өрдөк как ортобузга талп этип, канаттарын жайып жатып калды. Улукбек аке колдорун серең эттире селт чочуп кетти да, тула боюн жыйра чалкалап, көздөрүн алайткандан алайтып барып, кайра бүкчүйө түштү, бетин ыйлап ийчүдөй тырыштырып, мурдун чүйрүйткөндөн чүйрүйтүп, көкүрөгүн апчый кармап, онтолоп жиберди…

Аялы бетине суу чачып, колу-бутун укалап, эптеп эсине келтирип үйүнө колтуктап киргизип баратса, Улукбек аке бизге кылчая берип, үлдүрөгөн үнү менен: «Капа… болбогула… балдар… көрдүңөр го… табым кичине… айный түштү», – деди. Биз ошондо Улукбек акеге боорубуз ачып, Жоро шайтандын ырайымсыз тамашасына кыжырыбыз кайнап, үй-үйлөрүбүзгө шылкыйып сабыры суз тараганбыз. Улукбек акенин аябай жаман көргөн кишиси эле ушу Жоро шай тан болсо керек. Ал аны кас ташкан жоосунан бешбетер жек көрөт, жек көргөнү ушунчалык – Жоро шайтандын атын угар замат чүйрүгүй мурду ого бетер чүйрүйүп, дүңүрөйгөн өңү кара көк тарта түшөт, титиреңдеген жука эриндерин кыбыратып, ичинен сөгүнүп жиберет. Ал Жоро шайтандын изин басканда жалтайлап турат, а жүргөн жерден жаа бою качып өтөт. Кокус экөө беттеше калса, Жоро шайтан чап эле ага асыла кетет, Улукбек аке болсо каяша айтканга бурчасы келбей, ызырынып купуя сөгүнгөн бойдон качып жөнөйт. Бирок ал бизге айтып берчү аңгемелеринде Жоро шайтандан каалашынча өчүн алат, ага адамда бар жамандыктын баарын жамап сүрөттөп, моокум-табасын аябай кандырат, анын абийирин тим эле айрандай ашатып төгөт. Улукбек аке кас душманына үйүндө отуруп алып ушундай каяша айтат!

Ал чоң кишилердин калгандарын деле жакшы көрүп жарытпайт, алар топтошуп турган жерге эзели өзү басып барбайт. Барса эле баары туш-туштан чыгышып, шакаба чегип кажышып аны жүдөтүп ийишет. Ошонун айынан ал айылдагы ак тилектүү тойлорго да көз көрсөтпөйт. Мен телпеңдеп дегеле той аттуудан кур калбайм, ошо тойлордун биринен да Улукбек акени көрө элекмин. Көп кишилүү жыйындардан анын үзбөй барганы эле тажия[5] экен. Бирок тажияларга барганда ал эркектерге кошулбай, аялдардын арасына отуруп алат экен. Анын ошентерин мен таэнемин тажиясында көрбөдүмбү. Ал өзү жалгыз алыстан өкүрүп келип, өкүргөн бойдон сөөк жаткан боз үйгө кирип кетти. Кайра эшикке чыкканда короодо топ-топ болуп отурушкан эркектерге сыртын салып, аялдар отурган жакка басты. Эркектер дуу күлүп ийишти. Алардын бирөө: «Эй, Ит атаар, катындардын ичинде суутуп коюптурбу, бас бери!» – деп кыйкырды. «О, силердин атаңардын арбагына! – деп кыжынды Улукбек аке отурганы жатып. – Силерден көрө катындар жакшы, ушулар менен эле отурам». Аял-эркек бири калбай кыраан-каткы түштү. Дагы бир эркек күлкүгө аралаш дабыш салды: «Бу сен качантан бери катын болуп калдың эле?» Улукбек аке да жемин жедирбей: «О, сенин атаңын арбагына! – деп корс этти. – Сендей эркек болгуча, катын эле болом!»

Баары тең күлкүдөн дагы кыйракан түштү. Анан бири-биринен кыйынсынган тамашакөйлөр туш- тараптан каптап киргенде, бечара Улукбек аке талоонго түшкөн итке окшоп кылчаңдап жооп беришке да чамасы келбей калды. Эки далысы уңкуя чыккыча башын төмөн түшүрүп, кулагын жапырып, түнөргөндөн түнөрүп, чүйрүйгөндөн чүйрүйүп, тек жука эриндерин кыбырата ичинен сөгүнүп, отурган жерине белчесинен батып кеткенсиди. Анын ошо кыяпаты мага үлүлканасына кире качкан үлүлдөй көрүндү.

Деги Улукбек аке чоң кишилердин тобун көргөндө эле чочуңкурап, үлүлдөй жымырылып, алардын жанынан сыртын салып өткөнгө камынып, кулагын жапыра баштайт. Көчөгө чыкса эле мурчуйгандан мурчуюп, кабагын карыш түшүрүп алат. Ошентип алганы дүңүрөйгөн өңү менен чүйрүгүй мурдуна кошулуп, анын кебетесин ого бетер келиштирип таштайт. Анан калса анын ыраңы аябай эле калаты кызык. Жаңыдан төрөлгөндө киндик энеси аны сүйүнчүлөп көрсөткөнү алпарса, чоң энеси катуу чочуп кеткен имиш: «Апей! Маймыл го мунуң, апар нары!»

Улукбек акенин ынды кара ыраңы чын эле серт, көргөн кишини чочуткудай эле бар. Мурду болсо кимдир бирөө учунан чымчый кармап, анан ылдый карай чоё тартып, кайра ныгыра басып койгондой. Же өтө катуу жийиркенген бойдон бетине биротоло катып калгандай. Айтор, ал жай убакта эле көзү көргөндүн баарын жактырбай мурдун чүйрүп жүргөнсүйт, ал эми кабак түйө мурчуюп алса, жарык дүйнөдөн көңүлү аябай жипкирип турган сыяктанып калат. Чоң кишилер менен оту анча күйүшпөгөн Улукбек аке биздей балдар менен, айрыкча бизден да кичинекейлер менен аябай ынак. Бизди көргөндө анын кабагы жарк этип, бетинде жылмаюу кылактап, дүңүрөйгөн ырайында кандайдыр бир мээрим пайда болот, атүгүл мурдун чүйрүп жийиркенгенсип турганы да жазыла түшкөнсүйт.

Биз үйүнө барганда ал чын көңүлүнөн кубанып кетет, кашка тиштерин жарк эттире күлө багып, ордунан шарт ыргып турат, үстүнө дегеле ызааттуу меймандары кирип келгендей бүлүнүп, жетине албай калдаңдап калат. «Эй, катын! – деп ашкана үйүнө бакырат. – Балдар келди, төшөк салып, чай кайнат!» Анан отурган жерибизге көрпөчө төшөтүп, астыбызга дасторкон жайдырат. Өзү бозодон согот, биз нан жеп, чай ичебиз. Ал бизди өзү менен тең барабар кишидей көрөт, биз тургай кичинекейлерге деле, жанагы мектепке бара элек балдар бар го, ошолорго деле теңтушча сүйлөп, теңтушча мамиле кылат. Анын жанында отурганда биз өзүбүздү кадыресе чоң кишидей сезип кетебиз. А чоң кишилер анын биз менен мамыр-жумур алакасын жактыра беришпей: «Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот», – деп калышат.

Бирок бизди Улукбек акеге шынаарлаткан анын жакшы мамилеси эмес, кызык-кызык кеп-сөздөрү. Ал акыйкатта укмуш сүйлөйт! Кебин муңайым, жай доош менен эле баштайт, адегенде биз анын сөздөрүн мурдунун чүйрүйгөнү, жука эриндеринин кыбыраганы, мурутунун чычайганы, колдорунун сереңдегени менен кошо угуп-көрүп отурабыз. Анан ал кызыгандан кызый берет, биз болсок кептин кызыгына улам-улам бата беребиз; анан бир маалда аңгеменин таасирине кадыресе арбала баштайбыз да, өзүбүздү өзүбүз унутуп, көрүп турганыбыздын баарын көрбөй, аңгеменин ичине качан чөгүп кеткенибизди да байкабай калабыз. Анан биздин көз алдыбызга жомоктогудай татынакай көрүнүштөр, бири-бирине чиеленишкен укмуш кызык окуялар, опурталдуу бурум-бурумдары көп тагдырлар тизмектешип тартыла берет. Жок, биз ошолордун баарын жөн эле көзүбүз менен көрүп турбай, алардын арасында өзүбүз кошо аралашып жүргөн болобуз, кубангандарга кошулуп кубанычка батабыз, кайгыргандарга кошулуп кайгыга малынабыз, кыйналгандарга кошулуп кыйналыш тартабыз; жомоктогудай акылман сүйлөп, жомоктогудай иштер кылып, жомоктогудай кереметтенип жүргөн Улукбек акенин өзүн кайра-кайра көрө беребиз; жомоктогудай бирде түрү суук, бирде кыянатчыл, бирде коён жүрөк коркок Жоро шайтанга да көп жолугабыз. Анткен менен анын айткандары жомок десең, жомокко окшошпогон, китептеги чыгармаларга да анча коошо бербеген кызыктай бир нерселер.

Ал көргөн-билгендерин эле айтып жаткансыйт, көбүнчө жеке өзү башынан кечиргендерин, согушта жасаган иштерин, Жоро шайтан менен кантип кармашканын кеп кылгансыйт, биздин кыштакта жашап өткөн кишилердин, жылкылардын, иттердин тиричилигинен эле сөз козгоп отургансыйт. Бирок ошолордун баарын таптакыр башкача кылып асемдеп, кубулжутуп, сонундап айтат: анын оозунан бизге ашмалтай-тааныш эле нерселер жомоктун буусуна чайкалгансып чыгат, көрө берип көзүбүзгө көндүм болгон эле кубулуштар таптакыр өзгөрүп, башкача кебете алып, кулпургансып кетет. Бизге Улукбек акенин ушундай сөздөрүнөн кызык бу дүйнөдө эчтеме жоктой керүнөт. Мектепке бара электе, атүгүл биринчи-экинчиде окуп жүргөндө биз анын айткандарына жантыгыбыздан жата калып кулак төшөйбүз, алардын калпы-чыны менен деле анча ишибиз болбойт.

Тек үчүнчү-төртүнчүгө барганда гана көңүлүбүзгө күнөм саноо башбактап кирет. Буга дагы эле болсо чоң кишилер себепкер. Алар ар дайым биздин көзүбүзчө Улукбек акени келекелей кеп кылышат, апендиникиндей кылык-жоруктарын айтып күлкү салышат, сүйлөсө эле кызылдай калп сүйлөрүн кулагыбызга куя беришет. Анан биз жандилибиз менен жакшы көргөн кишибизге башкача карап, айткандарына баштагыдай ишенбей, андан тымызын жатыркай баштайбыз. Бирок айтканы бүт калп экенин билгенде деле биз аны укпай коё албайбыз, карандай калпты шыпырылтып сүйлөп берерин күн мурунтан билип турсак деле аныкына имерчиктеп бара беребиз. Бир гана жаман жерибиз: кичине чоңоё түшкөндөрүбүз Улукбек акенин калптарын үйүнөн жыргап-жыргай угуп алабыз да, сыртка чыкканда чоң кишилерди ээрчип мыскыл кылабыз, а тууралуу улуулардын сүйлөгөнүн сүйлөп кетебиз.

Кокус чоң кишилер сурап коюшса, уккандарыбыздын баарын: «Ит атаардын жаңы калптары» – деп дегеле келекелүү кылып айтып калабыз. Мен да азыр кичине чоңоюп, бешинчиден окуп жүрөм. Улукбек акенин кеп-сөзүн үйүнөн майда балдар менен кошо маашырканып угуп, анан тышка чыксам эле чоң кишилер тарабына өтө качам. Сурагандарга а түгүл Ит атаардын кантип сүйлөгөнүн тамашалап туурап, калптарын мазактамыш болуп кайта айтып берем.

* * *

Мен Улукбек акеникине жеткенче көз байланайын деп калды. Ачык эшиктен шырп алдырбай кирип барсам, ал өз төрүндө сүйлөп отурган экен. Оң-сол жагында уй мүйүз тартып кыдыракей отурган жалаң кичине балдар. Терезе текчесинде өлүмсөк кызгылт-күүгүм жарык чыгарган жетинчи чырак. Ортодо жая салынган эски чыт дасторкон, дасторкондун ар кайсы жеринде загыра нандын кесек-кесек сындырымдары, кырлары кетилген үч чай пияла, бирөөнүн эки жеринде кадоосу бар. Пиялалардын чайы куюлган бойдон ичилбей туруптур, бир гана Улукбек акенин астындагы жыгач кесе бошогон экен, ичинде агарып бозонун жугу калыптыр. Улукбек аке сүйлөгөндүн кызуусуна кирип, угуп отургандар да кызыкка аябай баткан экен, мен кирип барганда бирөө да мага назар бөлгөн жок, эси-дартын кепке алдырып койгон немелер менин киргеними чын эле байкашкан жок. Салам айтайын-айтайын деп барып, бирок саламым аликсиз калабы деп оозумду тартып алдым, отургандардын четки катарына барып көчүк бастым. Ит атаар учуп кетчүдөй теминип-теминип, колдорун арбаңдатып, жанын сабай чамынып сүйлөп жатса, төрдөгү текчеге жыйылган жүктүн боорунда калдайган чоң көлөкөсү арбаң-тарбаң ойноп жатты; ынды кара бети кызууланып, коңур майланышып, кызгылт-күүгүм жарыкка күңүрт жылтылдап, алайган көздөрү менен күрөк тиштери жарк-жарк этип турду.

Мурдун чүйрүйтүп, чычайган муруттарын сербеңдетип, шилекейин уурттарына көбүртө чыгарып, тиштеринин арасынан чачыратып, чамынгандан чамынып жаңшай берди. Мени адегенде анын кыймыл-аракети көбүрөөк алагды кылды, сөзүнүн мааниси аң-сезимиме анча жете берген жок, кептин жайын бир кыйладан кийин гана боолголой баштадым. Башын укпай калганыман аңгеменин жибин кармай албай, кызыгына кире албай тирмие кулак төшөп отурсам, Ит атаар капысынан мандашын жаза коюп чөгөлөй берди. Аңгыча болбой колдору менен шап жер таянып, итчесинен чочоё калды; анан: «Ошондо жаны кашайган кайран Көкдобул желке жүнүн үрпөйтүп, көздөрүн панардай балбылдатып, мына минтип асманга телмирип, мына минтип уңулдап», – деди да, итчесинен улуп-улуп жиберди: куду иттин өзүнө окшотуп үргөн боюнча жайылуу дасторкондун үстүнөн жөрмөлөп кетти; тизеси менен кара кесени аңтара жыгып, зыгыра нандын сыныктарын жалпайта басып, дасторконду сыдыра тартты; пиялалар дасторкон менен кошо акырын сүйрөлүп, бирөө кыңырайып барып жыгылып, чайы төгүлдү. Мен бырс күлүп ийдим. Отурган кичинекей балдардын бирөө да күлгөн жок, аларды аңгеме ушунча арбап салган экен, дасторкондун үстүнөн көз ачып-жумганча жөрмөлөп өтүп, эми шалчанын үстүндө жөрмөлөп үрүп бараткан Ит атаарды баары текши күн карамадай ээрчий карашып, жалдырагандан жалдырап отурушту. Улукбек аке өйдө боло койду да, бир терең дем алып, кебин улаган бойдон өз орду жакка басты.

Отургандардын аркасы менен сүйлөп өтүп баратса, балдар кежигесин кержейтип, анын оозуна акыя карап калышты. Улукбек аке баягысындай эле эргип-эргип сүйлөп жатты. Мен айткандарына кунт коё баштасам да, дагы бир азга анын кызууланган ыраңын, сербеңдеген колун, арбаңдаган көлөкөсүн көрүп отурдум, кеп-сөзгө көшүлгөн кичинекей балдардын эс-учун билбей делдейип, аңкайгандан аңкайып отурганы да баамыма урунуп турду. Мунун баары качан парасатыма илинбей калганын билбейм, аңгемеге аз-аздан тартыла берип, бир убакта ага биротоло жутулуп кетипмин… Мен эл жатарга жакын балдардын шары менен дүрбөп чыгып, биз тараптан келген үч балага кошулуп баса берипмин. Эшикке чыгарым менен ал үчөөнө чоңдук кылып, баштарын кагыштырып ойноп, бирөөнүн жаркырак-сары тоголуу аскер кемерин чечип алып, анысын талаштырып ыйлатып, айтор, ошолорду эрмектеп келе берип, үйгө жакындаганда гана эсиме жара чыкканын билип жүрөм.

«Итти атып берсин» деген атамын аманатын айтканы барып, кепке алаксып унутуп жүрө берипмин. Улукбек аке ушундай укмуш сүйлөйт! Ошон үчүн Жоро шайтан мамындай бир күйдүргү тамаша чыгарып жүрбөйбү. Көйкап деген жерде Дажаал деген бир шумурай шумдук бар экен, ал темир дубалы бир кулач калың туюк тамга камалып жатат имиш. Ошо Дажаал күн сайын куптандан багымдатка чейин калың темир дубалын тили менен жалай берип кагаздай кылып жукартат экен, анан күн сайын эртең менен багымдат намазга азан айтылганда кагаздай жукарган дубал кайра баштагыдай толо түшөт экен. Акыр заманда, жумурай журт динден безип, азан таптакыр чакырылбай калган бир таң заарда Дажаал дубалын тешип чыгат имиш, көк эшегине тетири минип алып, коңгуроолорун шалдыратып, керней-сурнайын күпүлдөтүп, ыр-күүлөрүн безелентип эл аралап жөнөйт имиш. Ошондо элдин баары Дажаалдын кубулжуган ыр-күүсүнө эрип, катуураак тамашасына азгырылып, артынан калбай ээрчип бара берип, түз эле тозоктун отуна кирип кетет имиш. Жоро шайтан ушу диний жомокту дегеле ойкуштантып айтып келет да, анан: «Бу Ит атаар да ошо Дажаалга окшогон бир неме да! – деп арсаңдап күлөт. – Керней-сурнайдын деле кереги жок, аны ушул эле кара эшегине тетири миндирип, ушу айтып жүргөн калптарын эле айттырып койсо, биздин балдар бири калбай артынан ээрчип кете берет. Кулактарын делдейтип бара берип, жердин түбүнө кирип барганын деле билбей калчудай кысталактар».

Чоң кишилер Улукбек акенин аңгемелерин өз кулактары менен угуп көрбөй эле сыртынан өгөйлөп, баарын кызылдай калпка чыгарып, кур бекер мазактап күлүп жүрөт окшобойбу. Кокустан кулак салып калышса, алар деле ошо «калп» дегендерди бизден бешбетер ынтызарланып угат экен. Муну былтыркы бир көргөнүмөн улам айтып жатам. Ошо былтыры Улукбек аке үйүндө бизге сүйлөп берип атса, үстүбүзгө Байымбет деген чал кирип келди. Үй ээси менен эсен-соолук сурашкандан кийин төр жакка өтүп, куду менин маңдайыма мандаш токунду. Улукбек аке анын эмне иш менен келгенин сурамжылады. Ал сунулган чайды эңкейип ала берип: «Бир иш бар, анан өзүңө айтам, кебиңи сого бер», – деди да, чайын иче баштады. Ит атаар аңгемесин кайра улаганда, мен кепке кулак салганча маңдайымдагы Байымбет абышканын жүдөмүш кебетесин, дайыма уйпаланып жүргөн сакалын, чүрүшкөн бетин көрүп отурдум. Көп өтпөй абышка көзүмөн кайым болгон экен, бир кезде аңгеменин таасиринен бир аз бошоно түшсөм, ал кайра баамыма урунду. Башы саал кылжыйып, кетик тиш оозу болор-болбос ачылып, бети күлүм сүрөөгө толуп туруптур. Бир саамга тунарган көздөрүн Ит атаардын оозунан албай дал болуп отуруп, ууртунан шилекейи шыр куюлуп өткөндө гана эсине келе калды да, башын чайкап күлүп, тамшанып жиберди: «Кысталак, жакшы айтып атасың!» Мурдагы жылы биздин Түмөн Анжиянга барып келген эле. «Ит атаар семичке сатканы жөнөп атыптыр, мен дагы барып келем», – деп делгирип калганынан атам аны төрт кап семичке менен Улукбек акеге кошуп берген.

Кайра келгенде чоң шаардан кандай кызыктар көргөнүн сурасак, Түмөн жарытып деле айтып бере алган жок. Анын шаардан ала келген сөздөрү бат эле түгөнүп калган. Улукбек аке болсо шаарга барып келгиче көргөн-билгендерин бир айга жакын айтып да түгөтө албай койгон. Анын ошо түгөнбөгөн аңгемелерин Түмөн да үч күн катары мага кошулуп барып угуп көргөн. Үчүнчү күнү экөөбүз Улукбек акеникинен кайтып келатканда: «Анжиянга бекер эле барыпмын, – деп Түмөн чын эле арман кылган. – Барбай эле баарын Ит атаардан угуп алсам, баргандан кызыгыраак болмок экен».

* * *

Улукбек акенин бир тууган жээни орто мектепте он жыл, жогорку окуу жайында беш жыл, аспирантурада үч жыл окуган, анан Москвадагы квалификация көтөрүү курсунда бир жыл чоң илимий кызматкер абалында (докторантурада) эки жыл жүргөн. Былтыр философия илиминин доктору деген илимий даража алган. Бир жагынан таякесин айныбай эле тарткан экен: докторлук диссертациясын жактаганда илимий советтин мүчөлөрүнө банкет бермек түгүл, оппоненттерин да үйүнө чакырып койгон жокко, оңбогур! Ырас, биз (айылдаштары) элди туурап туугансыгандан ага банкет өткөрүү жагын жакшы эле эскерткенбиз. Бирок ал: «Мен диссертациямды өзүм эле жазгамын, – деп кесе айткан. – Мен эч кимге милдеткер эмесмин. Анын үстүнө өзүм жалаң айлыкка караган кишимин, банкет өткөрчү бекер тыйыным жок». Анткен менен Улукбек акенин жээни илимдин артынан сая түшкөн неме. Тирмейип китеп карай берип, калп айткан менен болобу, абстракттуу ой жүгүртүүсүн кыйла эле өөрчүтүп алган. Ар кандай факт колуна тийсе же оозуңдан кайдыгер эле бирдеме чыгып кетсе, ал аны дароо философиялык категориялардын торуна сала коюп, ошо замат жалпылап жиберет.

Бир гана кемчил жери: таякесинин көркөм шыктуулугун тартпай калыптыр – адабиятка анча кунту жок. Кунт коймок турсун, өлүү жана тирүү классиктерден башка жазуучуларга өйдөтөн текебер карайт. Адабияттын көп сандаган жөнөкөй дыйкандарын жалпы эле интеллектуалдык жагынан, асыресе өз алдынча ойлонуу жагынан бечел калгандар деп эсептейт. Муну купуя гана ойлоп тим болбой, көрүнгөн жерде жарыя айта берет. Өзү тим эле философиянын классиги болуп алгансып айтат! Ошенткени менин мүйүзүмдү да сыздатып, куйкамды куруштурат. Мен жеке өзүм үчүн гана эмес, өзүмдүн Толстой болобуз деп боло албай калган жазуучуларым үчүн да арданып күйүп-бышам. Күйгөнүмө чыдабай Улукбек акенин ошо жээни менен кажаңдашып айтыша кетем. Көп учурда ал мени теселдей сөз менен эле туюкка камап, айламы курутат. Бирок жаныма күч келгенде мен да аянбайм, кээде анын талуу жеринен карыштыра кармап, анча-мынча аптыктырып коём. Бир сапар ошо текеберсиген философ менен талаша кетип, мен аны бир аз мукактантып койгонум күнү бүгүнкүдөй эсимде. Адегенде экөөбүз «кыргыз бальзамынан» бир флаконду дарылыкка деп суу кошпой ичип алып, анан балалык күндөрүбүздөн мамыр-жумур кеп козгоп отурганбыз.

Аны айтып, муну айтып, кызыгандан кызый берип, бир кезде Улукбек акени сөз кыла баштаппыз. Анын кылык-жоругу менен калптарын экөөбүз бир сыйра эскерип өткөндө мен да чочугандай философчулук кыла кеттим. – А киши чоң художник турбайбы, калпынын баары эле көркөм чыгарма экен, – дедим дегеле килейген чоң жаңылык ачып ийгенсип. – Анысын билбей, биз аны укмуш калпычы деп жүрүппүз. Бала чактагыларды эстегенденби же тим гана «бальзам» ичкенденби, айтор, саал-паал кыялга алдыргансып, анча-мынча элжирегенсип башын колу менен сүйөй кыңырайып отурган философ: – Да-а, тагам калп айтканга мастер, – деп ойлуу кобурады. – Сен туура байкапсың, тагам чын эле художник экен… Айылдык Расул Гамзатов экен… Сен токто… үрпөңдөбөй коё тур… Да-а, аны билими жок Гамзатов… караңгы кыргыз Гамзатову десе болчудай… Ал ошол кыңырайган кыялдуу кейпинде бир аз отурду да, капыстан жандана түштү: – Сен, молдоке, кызык ойдун башын чыгардың, азаматсың! Тагам чынында да художник экен, аны ошо художниктик жаратылышы калп айттырып жүргөн сыяктанат. Эми сенин оюңду улап, логикалык чегине жеткирели. Билесиңби, өтө чоң, масштабга салып караганда улуу жазуучулардын баары калпычы болуп чыга келет.

Токто, токто, сабыр кыл! Ырас, мен чала сабат тагамы классиктерге теңегим келбейт. Алардын маданий-интеллектуалдык деңгээлинде чоң айырма бары чын. Мен көркөм чыгармачылык сыяктуу феномендин түпкү маңызын айтып жатам. Тышкы маанилүү айырмачылыктарына карабастан, тагам менен улуу жазуучулардын арасында кандайдыр бир ички окшоштук бар. Алардын өнүп чыккан тамыры бир. Улуу жазуучулар, балким, күндөлүк турмушунда калп айтышпастыр, бирок чыгармачылыкка келгенде аларды да тагама окшогон калпычылар деп айтса болот, алардын ар бир чыгармасы гениалдуу калп, татынакай бир жалган элес, азгырмалуу иллюзия…

Философ ушуну айтканда мен чыдай алган жокмун, жаным чыгып кетти. Аны бура сүйлөтпөй чап кармадым эле, экөөбүз дагы жаакташып калдык. Карапайым жазуучуларыма асылганы аз келгенсип, оңбогон философ эми: «Чоң калпычылар» – деп улуу жазуучуларымы тим койбой атпайбы! Мен аябай күйүп-бышып, классиктеримин таламын тим эле жөжөлөрүн айры куйруктан коргогон тооктой чыркырап талаштым. Философ болсо дегеле кебелип койбой өз айтканын жай жактап отурду. Мен адабий чыгарманын жакшы-жаманы дебей турмуш акыйкатын өзүнчө ык менен чагылдыра турганын айтып безилдедим. Ошентсем, калпычынын калп айтпас жээни жайбаракат гана: – Эмне, турмушту калп чагылдырбайт бекен? Билгиң келсе, диний түшүнүктөр да реалдуу турмуш көрүнүштөрүнүн аң-сезимде өз алдынча чагылышы болот, – деп каяша кылды.

Айтор, мен «дарт» десем, ал «балээ» дей берди. Заманам, жаман куурула баштаганда, кудай жалгап, удургуп турган акылыма бир дурус ой келе калбаспы! – Кой, башкаларды эмне кылабыз, ушу экөөбүз жакшы билген Ит атаар тагаңы эле алалы, – дедим мен сүйүнүп кетип. – Анын соо киши кылбаганды кылганын, элдикинен башкача жоруктарын, шыпырылткан калптарын сен менден жакшы билесиң – сенин бир тууган тагаң эмеспи. Ошолордун баарын кимдир бирөө так өзүндөй кылып жазып койсо кантесиң? Ошону да калп дейсиңби? Тагаңы куду өзүндөй кылып жазган киши да сага калпычы болобу? Ушундай деп демитип жиберсем, ал бырс күлүп ийди, оозуна алгылыктуу сөз кирбей, саал буйдалана түштү. Кепке жыгылыштуу болсо ал дайыма ошентип калат. Атаны кокуй ай-я, олуттуу окурмандарым, силерди дагы эсимен чыгарып, кызыганда кыйшык ала качмайым дагы кармап, итке тиешесиз эле бирдемелерди бабырап кеткен турбайымбы!

Улукбек акени узун сабак сөз кылганымын го жөнү бар, канткен менен итими ошо киши атканы жатпайбы. Ал эми жанагы философко эмне жок? Же анын итиме бир тиешеси болсочу! Силер деле байкап калдыңар го, деги ал өзү чыгармага оң каарман да, терс каарман да кылып киргизбей турган неме. «Күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичет» дегендей, ал таякеси Улукбек акенин аркасы менен бу баяныма кирип кетти шекилди. Оңбогон философ ошого да ыраазы болбой, дагы сүйлөйм деп жулунуп, дагы кыймыл-аракет жасайм деп кынынан суурулуп жүрбөйбү. Чап кармап, желкесинен ныгыра басып, кынына кайра араң киргизбедимби.

Мен классик эмесмин да, шүгүрчүлүк, каармандарыма азырынча күчүм жетет! Капырай, классиктердин каармандары башкача бир ээнбаш болот экен, кээде авторлоруна баш ийбей өз билгенин кылып, оозуна келгенин оттоп, башы ооган жакка дейди басып кете берет экен. Байкуш классиктер болсо эмне кыларын билбей жалдырап отуруп калат экен. Менин азыркы эле философ каарманым да ошолорду окуп алып, анан мага баш бербейм деп ээленип көрдү го, сыягы.

* * *

Сабырдуу окурмандарым! Эгер ушу жерге чейин чыдап окуп келсеңер, мен чыдамыңарга «баракелде» айтып кыйкырам да, жанагы философтун байкатпай сөз арасына кирип алганы үчүн силерден кечирим сурайм. Ал эми бул баянымдын көп жери силерге кызык көрүнбөй атса, ага эч кандай кечирим сурабайм. Канчалык ыйынсам да, силердин кыялыңарды удургуткудай, көңүлүңөрдү аптыктыргыдай, сезимиңерди чымыраткыдай кылып жаза албасам кантмек элем? Колуман келгени эле ушул. Көргөнүмү көргөндөй жазып атам, кызык кылам деп курулай калп айтканым жок. Өзүңөр билесиңер, болгонду болгондой жазса ушундай эле чыгат, мындан кызык боло албайт.

* * *

Ошо түндүн эртеси эртелеп мен Улукбек акеникине бардым. Короосуна кире бергенимде, ал кирирээк ак көйнөгүнө чапанын желбегей жамынып, чодойгон кыска дамбалынын узун ычкырын салбыратып, там аркасынан какырынып-түкүрүнүп чыгып келатыптыр. Ал менин саламымды күлө багып алик алды да, чүйрүйүп сурап койду: «А-аа, Сарыбаш, таң атпай жогжоңдоп жетип келипсиң, деги тынччылыкпы?» Мен атамын «Жолборсту атып берсин» деген аманатын айтсам, ал менден иттин айып-кылмышын сурамжылап билди. «Раистин сөзүн эки кылгыдай башым экөө эмес, – деп ал тамашага чалды. – Оокат ичип алып эле жетип барам».

Улукбек аке кара эшегин кыдыңдатып, шашке ченде келди. Асынганы – кош ооз, курчанганы – патронташ. Кабагын карыш салып, чүйрүйгөндөн чүйрүйүп алыптыр. Бизге жакын келгенде эшегинин башын кейкең дегизе тарта берип сурап калды: «Итти каерге байладыңар?» Мен Түмөндөн озунуп жооп айттым: «Коктуга, чоң жаңакка».

Ит атаар чүйрүйүп койду: «Жок, болбойт, жаңгак касиеттүү жыгач, түбүндө чымынга да ок атпаймын. Ал тийген күндөн көздөрүн алаканы менен далдалаганча төш тарапты бир айландыра карап, анан колун жаңсады: «Оо, тиги боордо жалгыз бадал серейеби? Долоно окшойт, ошого байлагыла». Көрүнгөн жалгыз бадал чын эле солкулдаган жаш долоно экен. Түмөн Жолборсту тушардан ашкан чөптү аралатып долоного жетелеп барды, жерге тизелей калып, долононун билектей жоон уңгу жыгачына иттин узун чынжырын кабат-кабат ороп байлады, чынжырдын бышык байланганын сынап тартып-тартып көрдү. «Ит атаар жанын жейт, көрүнөө болсо жаңактын түбүндө деле атат болчу, – деди Түмөн ордунан тура берип. – Жаман алында дегеле жанда жок көйрөң, атканымы эл көрсүн деп атпайбы».

Ит атаардын төшкө чыгып келатканын көргөндө эле Жолборс арсылдап жулуна баштады. Тиги болсо иттин үргөнүн таңазар албай биздин жаныбызга жай чыгып келди, мылтыгын алдына кыңырайта кармаган бойдон алкынып аткан итке чүйрүйө карап туруп калды. Жолборс жулкунган сайын долоно солк-солк силкинип, майда жалбырактарын дир-дир шуудуратып жатты. Улукбек аке иттин айбатын тоотмоксон доош менен: «Бекем байладыңарбы? – деп сурады да, жоопко күтпөй эле кайра өзү сүйлөп кетти: – Жакшы ит эле, кыс талак, көрөр күнү бүткөн экен. Териси аюунукундай эле экен, буюрса, биринчи сортко өткөрөм. Эми карап тургула, как көзүнө атып жер каптырам. Же чыкыйга атып жыгып берейинби?»

Ал оозун жыйып алганча болгон жок, алкынып турган Жолборс бар күчү менен жулунуп калды, долоно бир серпилип ийиле түштү, чынжыр байланган жеринен сыдырылып кетти; ит жаалы менен дагы бир аркырап секирди, долоно түп жагынан карс этип сынгансыды. Ит атаар алаңдай түштү, кетенчиктей берем деп чөпкө чалынды, чалкасынан жыгылып баратып кандайдыр бир амал менен жерге көмкөрөсүнөн тийди. Жолборс аны баса калып, куду көчүк ченден бир бурдап алды, Ит атаар бир ачуу бакырып, тура качканга шайы келбей, буттарын тыбыратты, колунан чөпкө ыргыган мылтыгына жабышып, ылдый сойлойм деп тырбаңдады, карбаластап жаза кармап алды бейм, кош оозу сорок эте түштү, сорок дегенде эле учунан түтүн бурк деп, кулак тундурган дабыш кошо жаңырды. Мылтык атылар замат Жолборс коркконунан артына жалт берип, ылдый жактан эмнегедир кара эшек айкырып ийди, менин тула боюм дүрүлдөп, эсим чыгып кетти; Улукбек аке атылган октун коктуда жаңырганын тыңшагансып кыймылсыз жатып калды.

Аңгыча Түмөн эки секирип жанына жетти. Ит атаар жан-алы калбай тыбырап, мылтыгын коё бербей далбастап, арбаң-тарбаң тура качты, ошо бойдон артына карабай дыр койду эле, май куйругунун бир жагы кызаңдап, таар шымы менен сур дамбалынын чоң айрыгы кабаттала салпаңдап баратты. Узай түшкөндө гана бир кылчак карап алды, анан боюн токтотуп-токтотпой эле артына бурула берди; алаңдап шашып, кайра жулуна баштаган итке жалтаң-жалтаң карап, кундагын акырегине такай берип, киркиреп калды: «Качкыла!» Түмөн экөөбүз эки жакка капталдай качтык. Мен ок атылар замат кайрыла берсем, байкуш Жолборс: «Каңк!» – деп кыйраңдай түштү, кайра оңоло калып, бар кудуретин жыйнап жулунду, долоно дагы карс этти, Жолборс аркырап атырылды, долононун түп жак уңгусу сороң этип көкөлөп барып, кайра жерге чабылды, бутактуу үч жагы бир-эки калдаң-калдаң ала салды. Муну көргөн Ит атаар дагы качып берди.

Бирок алкынган Жолборс узай алган жок, кыйраңдап баратып бураң дей түштү, ордунан тура албай очорулуп калды. «Жыгылды! Жыгылды!» – деп кыйкырып жиберсем, Улукбек аке алаңдап артына бурулду, шашып-бушуп патронташынан ок сууруп, апыл-тапыл мылтыгын дүрмөттөп, итти дагы кароолго алды эле, кош оозунун соройгон найы өйдө-ылдый кыймылдап турду. Ок «баң!» дегенде көчүгүн көтөрө албай, көөдөнү менен ынтылган Жолборс дагы бир «каңк!» этип алып, шылк жыгылды. Улукбек аке кардыккан доошу менен: «Тийди, тийди! Башка тийди!» – деп кубана кыйкырып, мылтыгын жерге шалак таштап ийди, ошо замат көчүгүнүн жылаңач жерин коомай кармалап, ошо жерин көрөм деп башын төмөн карай кылчайтып, канчалык чымырканып мойнун бураса да көрө албай, турган жеринде көк мээ болгон койдой тегерене баштады.

Түмөн экөөбүз анын жанына эки жактан жүгүрүп барсак, ал айрылган жерин бизге тозо берип, безилдеп сурап ийди. «Канабаппы! Тиши кирбеппи?» Түмөн эңкейе калып карады да, мурдун чүйрө башын өйдө кылып, күлүп жиберди: «Эчтеме болбоптур, канабаптыр, тиштин тагы эле түшүптүр, айра тырмагандай эле так түшүптүр». «А гөргө, гөргө[6], – деди дале тула бою калтырап турган Ит атаар. – Баягы ок бирөөгө тийген жокпу? Эшек аманбы?» Улукбек аке мылтыгын жерден алып, сол далысына арта салды, шымынын айрылган жерин колу менен жамай кармап, ылдый карай басты. «Иттин терисин эмне кыласыз?» – деди Түмөн. «Ошонун терисинин как чокусуна… – деп сөгүндү Ит атаар. – Желкемдин чуңкуру көрсүн. Көөмп салгыла капырды». Түзгө түшүп, өрүккө байлалуу кара эшектин жанына келдик. Түмөн Улукбек акеге дагы үн катты: «Чай ичип чыкпайсызбы?» Ит атаар ага карабай: «Ошо чайыңын как чокусу… – деп баратып оозун жыйып алды. – Кой, байым, чай ичкидей шай жок, дагы бир күн ичермин». «Ак суудан бар эле, – деди Түмөн. – Ушунун ачуусуна бир тартып ийбейсизби?» Улукбек аке ыңгырангансып чүйрүйүп турду да, айрык жерин кармаган колун бошотуп, жерге карай силкип калды: «Апкел ошо капырды! Заар болсо да ичип иейин!» Түмөн келгиче Улукбек аке дамбал-шымынын айрыгын салпаңдатып, дагы эле калтырап турган колдору менен патронташка бас тыра байлаган жоолугун күчөнүп сууруп алды, салаңдаган айрыкты өз ордуна келтирип, үстүнөн жоолугу менен бастырып, жоолугунун учун алдына тартып, бекем байлады.

Мылтыгын жонуна асына берип, мен колтуктап мингизейин дегиче болбой эшегине секирип минди да, чылбырын өрүктүн бутагынан чечип, жоолугу менен таңып байланган жерине кылчайып карап койду. Түмөн дикилдеп жетип келди. Ит атаар анын колунан чоң стакан толо аракты илип алып, кылк-кылк жутуп ийип, бети-башын тырыштыра ачырканып, чүйрүйгөндөн чүйрүйдү. «Закускага бирдеме ала чыкпапсың да, бала!» – деди чычайган мурутун жанып-жанып.

«Шашып калбадымбы, – деди Түмөн купшуңдамыш болуп. – Эми таарынбай барыңыз, эшегиңиз да кур ооз калды». Ит атаар чүйрүйө күлүмсүрөй: «Кара айгыр менден ашса ичет да!» – деп кара эшегин теминди. Эшек кыдыңдап тигиндей узай бергенде, Түмөн мага: «Ит атаар акең жаман коркту го, коркконунан кичине булганып да алды бейм», – деди.

Түмөн кетмен көтөрүп, мен бел күрөк алып, экөөбүз төштү көздөп илээлеп бараттык. Тиги боордо сынган жалгыз долононун жалбырактуу бутактары барпайып, чөп арасынан Жолборстун бир капталы дөмпөйүп көрүнүп турду. Жанына чыгып барсак, ит ылдый баштанып, өлүк денесин шалдайта жайып, канжалаган тумшугун кызарган чөптөргө жашырып, арткы бир бутун жансыз сырайтып кыймылсыз сулк жатыптыр. Башы менен курсагынан аккан кан кылчык жүндөрүн териге жабыштыра батташтырып, чөптүн сабактары менен жалбырактарын кызыл жаян кылып, жерге жайыла агып, килкилдеп катып, кара кочкул тартып каймактана түшүптүр. Курсагындагы ок тийген жерден кан дагы эле кочкулданып тамчылап туруптур. Заматта үстүнө чымын-чиркей жабалактап үйүлө калыптыр. Мен дит багып тиктеп тура албай, терс карап кеттим.

Асмандан күн чакчайып, ой-тоонун жапжашыл ыраңын жарыкка балкытып шоола чачат; дабышсыз жумшак жел чөптөрдүн башын болор-болбос термелтип, дүйүм жыттарын коңур аңкытып, дарак жалбырактарынан угулар-угулбас шоокум чыгарат. Коктудагы дүпүйгөн жаңгактар менен бака теректерде чымчыктар ызы-чуу түшүп кужурайт; ошо кужураган «чырык-чырыкка» аралаш булбулдар үн алышат, алар созолонто ышкырып-ышкырып, ышкырыктын аягын чолок-чолок кайрып булдурап кетет. Кыймыл-шоокумга толуп турган көк-жашыл айлана жадырап-жайнап, чөп арасында Жолборстун тырайып өлүп жатканын эч таназар албай кулпурат.

Түмөн ылдыйраак басып барып, артына бурула берип, кетменин как төбөсүнө көкөлөттү. Керилип туруп чапканда кетмен жерге күп этип тийип, чөптөрдүн башын солк-солк эттирип, кыртышка чала-була кирип токтоду. Түмөн күчөнө жулкуп алып, кайра кериле көтөргөндө кетмендин мизи күнгө жарк деп чагылыша түштү. Чапкан сайын чөп тамырлары туташ кармаган каксоо дың күп-күп дабыш чыгарып, кетменди анча тоотпогонсуп жатты. Бирок Түмөн кетменин көшөрүп, кара күчкө салып чаап жатып бат эле токумдай жердин үстүңкү кыртышын сыйрып жиберди, анан ошо карара түшкөн жерди тереңине чукуп каза баштады. Ал кара турпакты кетмени менен дем албай чапчып ыргыта берип, күйүккөнүнөн катуу бышылдап калды. Ошондо мен жардамга келдим.

Күрөк менен ийрелеңдеп топурак чыгарып, чуңкурду дурус эле тереңдетип салдым. Мен чарчаганда Түмөн чуңкурдун эки жагын кетмени менен кеңейтти да, мага: «Чынжырды чечип кел», – деп буйрук кылды. Мен сынган долонону чынжыры менен эле калдаңдатып сүйрөп келатсам, Түмөн чынжырды канга малынган үчүн Жолборстун каргысынан чыгарып, мындайраак серпип салды. Мен берки учун долононун уңгу жыгачынан бошотуп, чынжырды шалдыратып түрүп атсам, Түмөн итти бир бутунан кармап, башы менен берки буттарын шалактатып сүйрөп жөнөдү. Көк чөптү жапырылта сүйрөп барып, чуңкурга чалкасынан түшүрүп таштады эле, Жолборстун төрт аягы сырайып чыгып калды. Түмөн иттин өлүгүн эки бутунан өйдө көтөрүп, кайра капталынан шалак таштады да, сырайып чыгып калган эки бутун ичкери тээп киргизип койду. Мен чынжырды шалдыр-шулдур түргөнчө анын жанына басып бардым.

Түмөн Жолборстун үстүнө чөп аралаш топуракты кетмен менен шыпылдатып тарта баштады. Иттин башына жабылган бир кетмен кара топурак дагы эле чыпылдап чыгып турган кызыл канга кочкулдана эзилип, ылжырай түштү. Түмөн бош жерди эки жактан бат-бат шилеп, иттин өлүгүн жашырып салды. Көөмп бүткүчө экөөбүз сөз катышканыбыз жок. Түмөн дөмпөйгөн дөбөчөнүн үстүн тегиздемиш болду да, өкүрүп ийчүдөй кетмендин сабына таянып, нымшып тердеген чекесин тырыш- тырып, көздөрүн чүңүрөйтүп, кайгыга баткандай тунжурап туруп калды. Менин көңүлүм да аздыр-көптүр сыздап турду. Канткен менен кайран Жолборс бизге кайдыгер жат жаныбар эмес эле, өз колубузда чоңойгон, биздин үйдүн бир бүлөсүндей эле болуп калган, эч кимибиз жамандыкка ыраа көрбөй турган бир боор ит эле.

Деги биздин кабыргабыз анча-мынча кайышканга кадыресе себеп бар эле. Түмөн капыстан иттин мүрзөсүн карап чөгөлөй берди да, шатыратып куран окуп кирди. Мен бир кур күлүп ийе жаздадым. Карасам, анын тамаша кылгандай түрү жок, көрүнүшү чын пейили менен куран түшүргөн кишиникиндей. Ал кээде айылдагы молдолордун башка-башка кыраат менен куран окуганын тамашалап туурап калчу эле, азыр болсо өзүнүн эле саал киркиреги бар доошу менен олуттуу окуп атат. Мен да олуттуу боло түшүп, анын каршысына чөгөлөй кеттим. Ортобузда иттин кара мүрзөсү дөмпөйүп турду. Аңгыча болбой Түмөн жаагын жап басып, оозун ачыңкырай делдейип, асманга аңкая карап, үнсүз-сөзсүз отуруп калды.

Окуп аткан куранынын андан аркысын эстей албай жатканын мен дароо сезе коюп, курандын а такалган жеринен нары улап окуй кеттим. Экөөбүз тең бата кыла берип, тең барабар каткырып күлүп жибердик, күлгөн бойдон ыргып туруп, чынжыр менен кетмен-күрөктү көтөргөнчө кубалашып чыңк ылдый салдык. Асмандан күн жаркып тийип, ой-тоонун жашыл көркүн жадыратып, куштардын баарын кужур-кужур сайратып турган эле.

Экинчи баян ушул шилтемеде

[1] Түрк – өзбектин мурдагы көчмөн уруусу, көбүнчө кой багышат.

[2] Шыйпаң – тамдын камыш байланган чатыры.

[3] Брыхня (туурасы – брехня) – орусча калп, жалган деген сөз.

[4] Кянся (кэнсэ) – кантора, канцелярия.

[5] Тажия – сөөк коюу жөрөлгөсү, кара аш.

[6] Гөргө – дурус, ошенткени жакшы болуптур деген мааниде.