ЖИГИТОВ Салижан: Ит атаар жана башкалар

Экинчи баян

Жолборс окко учкандан бир жыл өтпөй атам дүйнөдөн кайтты. Кийинки жылы жетинчини бүтүрүп, мен шаарга кирип кеттим. Мен алыста жүргөндө, апаларым (атамдын эки эжеси) өлдү. Кийинчерээк жатындашым Түмөндөн айрылдым. Анын өрттөй өткүр тун уулу да көзгө көрүнөйүн дегенде чарчап калды… Айтор, менин өмүрүмдүн өзөгүн сыздаткан кырсык-апаат көп эле болду. Бирок мен тирүү жүрдүм, шүгүрчүлүк, дагы эле тирүүмүн. Тирүүлүктө ыбырсыган көроокат деген бар, ырайымсыз убакыт деген бар, алагды кылар дагы башка жумуштар бар. Алар акыры жер үстүнөн сап болгон жакындарыңды да унуттурат экен.

Башкаларды ким билсин, мен жыл өткөн сайын кайткыс сапар кеткен кайрандарымды унутуп баратам. Балким, аларды кайра-кайра эстей бергенден атайлап кача тургандырмын. Ал эми жолобоңдуу Жолборс таптакыр эле жадымдан көтөрүлүп кетиптир. Ушу мен унутуп калган соң башкалар аны кантип эсине алып жүрсүн. Эстесе эле баягыда эсинен кеткис кылып уламаланган Улукбек аке эстебесе.

 

* * *

Кырсык бир басса жаман го, жалгыз келбей дайыма кошмоктошуп келет эмеспи. Эшегине кайгырып отурса, бешим ченде аялы кире калды. Музоосун союп бүтүп, Улукбек аке анын күйүтүнө да бир бөтөлкө аракты эч ким менен бөлүшпөй шыпкап ичти. Курсакка ысылыгы жок кирген эки бөтөлкө арак жөн жатмак беле, Ит атаарды кыйла эле мас кылып таштайт. Мас болгону бир кеп, ичиндеги бөтөлкө аны бир албуут ойго азгырып жиберди. «Мен элдин кара ашын деле, жөн ашын деле көп жедим, – дейт ал катынына. – А биз болсок элге жөн аш түгүл, кара аш да жедире элекпиз. Эч кимибиз өлбөсөк, каяктагы кара аш? Мына, эми Кара айгыр…» Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин, балдарыма кесири тийбей, өзүңө көрүнсүн!» – деп каргап жиберет.

Ызалана түшкөн Ит атаар жерди дүп тебе берип: «Малчайт! Кара айгыр Жоро шайтан экөөңөн өйдө болчу! – деп бир бакырып алат да, артынан кайра жашып кетет. – Оо, кайран гана Кара айгыр-аа! Олдо кайран гана Кара айгыр!» Ал чолок жашын сүртүп, эшегинин кебине шылкыйып басып барат, эшектин мултук куйругун сылагылап ыйламсырайт. Аерде бир аз үндөбөй отуруп, капыстан каңырыгы түтөй түшөт: «Оо, кайран Кара айгыр! Оо, шейит өлгөн ырысы жогум! Дагы бир аздан соң бая башына келген ойду кайра эстеп, ордунан обдулуп турат. «Эмне, Кара айгыр күйөөрү жок карып-мискин беле? Же сайда саны жок селсаяк беле? Жо-жок, күйө турганы бар! Мына, мен бармын! – деп көбүрүп-жабырып күүлөнөт. – Жо-жок, мен аны көмгөн бойдон эле тим болбойм!.. Арбакты сыйлаш биздин деле колдон келет! Өлгөндүн ызатын биз да куп кыла алабыз! Эй, катын! Катын дейм! Торпоктун этин сал!.. Короодогу очокко от жагып аткан катыны: «Ооба, сен кылбагандан ошол эле калды эле! – деп какшыктап коюп, көнүмүш кеп-сөзүн жебирейт. – Мас болсоң эбиң менен бол. Ичсең алыңа чактап ич. Оозуңа келгенди оттоп, күлкүгө калба!»

Анда Ит атаар: «Малчайт! Болбосо сени да атып, эшек экөөңүн ашыңы бир берем! – деп кыйкырып иет да, артынан дагы жашып кетет. – Оо, кайран гана Кара айгыр-аа!» Катыны каяша кылган сайын Ит атаар ого бетер оолугуп, айтканынан кайтпай көшөрүп, мас көңүлүнө түйүлгөн оюн чын чыгарам деп жаңжал салат; сырттагы очокто асылуу чоң казанга музоонун этин бүт салдырам деп катынын кысмактай берет. Ылжыган мас күйөөсүнөн жедеп жадаганда, катыны музоонун эки санын баштыкка салган бойдон жакын эле жердеги төркүнүнө кетип калат. Катынын качырып ийген Ит атаар эми эттин баарын казанга салдырам деп бала-чакасын кыйнайт. Балдарынын улуулары мектепке оюн коюшканы кетип кутулат. Анан качан болсо атасынын айтканын эки кылбаган он бирдеги кызы менен тогуздагы кенже уулу чоң казанга суу толтурушуп, очокко от жагышат.

Улукбек аке мас абалында музоонун этин эптеп жиликтеп, кызы менен уулуна ташытып казанга салдырат. Салынган эт көзүнө аз көрүнүп, үстүнө мурдагы күнү эле кудадан өзү апкелген тайдын учасын коштуруп коёт. Кенже уулун айылдын эркектерин чакырып келгенге жумшап, өзү арактан дагы бир жүздү согот. Каш карайганда кызы чырак жагып, буттары чалыштаган атасын мейманканага араң жетелеп киргизет. Ит атаар мас кыялында кара эшегин жоктоп улагага жакын отурса, эшиктен Айдараалы бакырчаак кирип келет. «Теги тынччылыкпы я, Улукбек?» – деп зоңкоюп босогодон аттайт. Шылкылдап отурган Ит атаар аны көрө замат жашып кетет, ордунан турайын деп обдула берип, оң жагына ооп барып жыгылды. Айдаралы бакырчаак шашканынан: «Ой, Улукбек! Кантет, кантет, капырай!» – деп алдастай бакырып Ит атаардын үстүнө эңкейет.

Мурдуна бурулдаган жыт урунганда ал: «А ко-куй, баягы турбайсыңбы!» – башын шарт тартып алат: «Оо, Айдаке! Бүгүн ичпей… качан ичем анан!» – дейт Ит атаар тура албай тили булдуруктап. Айдараалы аны сүйөмөлөп кайра ордуна отургузуп коёт. «Оо, Айдаке! Кара айгырдан… кол жууп… Оо, кайран… Кара айгыр! Оо кайран… Айдакем!. Оо… – деп бышактап ыйлап иет. – Өзүм… атып! Колум… сынсачы!.. Оо, Айдаке! Кара ашыман… кара ашыман… жеп кет!» Айдараалы бакырчаак «жеп кет» дегенден башканы ачык түшүнө албай дел болуп туруп калат. Ал аңгыча созолонто «ассалоомалейкум» айтып дагы бирөө кирет. Шылкылдап отурган Ит атаар аны көргөндө да жашып кетет. Кирип келген киши сестейе түшөт: «Деги тынччылыкпы? Мал-жан аманбы?» Ит атаар мурдун шыр тартып: «Ошол мал-жан аман болбой атпайбы!» – деп сүлкүлдөп коёт. «Ким билет, чакыртып ийген экен, келсем ушинтип мас, эшегин айтып эле ыйлактайт, кебине жакшы түшүнбөй турам, – дейт Айдараалы бакырчаак делдейип. – Жана барганда уулу: «Аба, атам чакырып атат, гөш жегенге келиңиз» – деп коюп эле көздөн кайым болду. Чакырткан себебин сурагыча болбой жылт берди, кысталак!»

«Кара айгырдын… кара ашына чакырткамын, – дейт Ит атаар шылкылдап. – Бүгүн кайран Кара айгырды… көмбөдүмбү!.. Ошонун кара ашын… берип атам! Оо, кайран… Кара айгыр-аа!» Жаңы кирген киши мас неменин айтканы тамаша же чын экенин түшүнбөй, ыйларын же күлөрүн билбей, Айдараалы бакырчаакка суроолуу карайт. Дээринде күлкүчүл ой-сезими жок Айдараалы бакырчаак олуттуу бирдеме айтканы келатса, салам айтып Айдараалы бырыкна босого аттап кирет. Ит атаар аны көргөндө да көзүнө чолок жаш алып коёт. Айдараалы бырыкна сестейе түшөт. Кадыресе капалуу сумсайган Айдараалы бакырчаак: «Кара эшеги кокустап өлгөн экен, Улукбек бүгүн жерге көөмптүр, – деп иштин жайын дегеле олуттуу баян кылат. – Бизди ошо эшегинин кара ашына чакырыптыр». Айдараалы бырыкна капыстан кыткылыктап күлүп жиберет. Эси-дартын казандагы этке алдырып мостойгон Айдараалы бакырчаак: «Кантет, кантет, капырай! Быякта киши ичинен кан өтүп кайгырып атса, сенин обу жок күлгөнүң кандай? – деп кумсара түшөт. – Эмне, бирөөнүн уят жери ачылганын көрө койдуңбу? Сенин башыңда деле пендечилик бар, аты уйкашым, бирөөнүн күйүтүн табалап күлгөн кесир болот».

Капылет каккы жеген Айдараалы бырыкна жүзүндө ойногон күлкүсүн дароо өчүрүп, эки колун көтөрдү. «Койдум, адашым, койдум» – деп. Аңгыча Ит атаар дагы эреркей түшүп, каңырыгын түтөтөт: «Оо, кайран… Кара айгырым! Оо, шейит кеткен… ырысы жогум!» Ар дайым эт жегендин кабарын угар замат олуттуу боло калчу Айдараалы бакырчаак терезеден сырттагы казанга карап бир тамшанып алат да, ого бетер олуттуу боло түшөт. «Кой, Улукбек, кайрат кыл, көп жашый бербе, – деп коюп, жанында тургандарга такилип кылат. – Кана, орун алгыла! Ызат кылып чакырса, кишинин сыйын жай отуруп көргөндөн өтөрү жок».

Үчөө жаңы эле көчүк басканда, эшиктен дагы бирөө салам айтып кирет. Анын артынан чакырылгандар убап-чубап келе баштайт. Ордунан козголо албай шылкылдаган Ит атаар киши кирген сайын эреркеп жашып, ылым санагандары киргенде бышаң-бышаң ыйлап да коёт. Келгендердин ар бири «эмнеге чакыртты» деген күдүк ойдо босого аттап, аттаар замат Ит атаардын ыйлап ийгенин көрүп, делдейе берет. Айдараалы бакырчаак адегенде ар бирине иштин жайын олуттуу түшүндүрүп, түшүндүргөнүнө күлгөндөрдү катуу кагып, күлкүсү кыстагандарды акырая тыйып отурат да, киши көбөйө түшкөндө казандагы этти кызгана баштайт. Чакыргандар келип бүткүчө Ит атаардын тили булдуруктап, башы чатына салаңдап, шаштысы аябай кетип калат. Айдараалы бакырчаак болсо купуя күйүп-быша берет: «Кичине эт деги кимибизге жетет?» Ошентсе да жегенин дайыма сөзү менен актап жечү неме үйрөнгөн адатын коё бергиси келбейт. Ал жанындагыларга «күлбөй тургула» деген мааниде акырая карап коёт да, тамагын кырып-кырып, чын эле кайрат айтканы кам урат.

«Улукбек, эшегиң акыйкатта жакшы эшек эле, айылдагы эшектердин алды эле, – дейт ал олуттуу сумсайып. – Сен эмес, ушу баарыбыздын кабыргабыз жаман кайышып…» Ушинтип сүйлөп келатса, жаңы эле кыйшайып жерге башы тийген Ит атаар коңурук тартып жиберет. Баятан бери бүлкүлдөп тымызын күлүп аткандар дуу жарылып, үй ичин үч көтөрө каткырык салышат. Каткырык күндүн күркүрөгөнүндөй көпкө чейин басылбай жаңырыктайт. Оозунан сөзүн алдырган Айдараалы бакырчаак бир аз мурчуюп отурат да, анан ачуулуу бакырып иет: «Эмне тырактайсыңар? Бирдеме көрдүңөрбү, я?!»

Үйдөгүлөр кыраан-каткы түшүп кыйрап калат. Шагы сынган Айдараалы бакырчаак ачуусун араң басып көңүлүн кайнап аткан этке атайлап алагды кылат, кызганычы барган сайын ырбап, өзүнчө эле кыйнала берет.

* * *

Кара эшектин кара ашы кыштак ичинде күлкү менен кеп-сөздүн өртүн алоолонтуп, чоң өрт чыгарат. Ал өрт жарым айча жалбырт- жалбырт күйүп туруп, жаңы эле басылайын дегенде ичкериштирген оттой кайра дүрт дей түшөт. Бу сапар күлкү-кептин дуулдап күйүшүнө эки Айдараалы бакырчаак менен Айдараалы бырыкна себепкер болду. Айдараалы бакырчаак малканасынын алдын тазалап атса, жанына кедеңдей басып Айдараалы бырыкна жетип келет. Эки аты уйкаш сагынышып калгандай ынак көңүл менен саламдашат. Анан алыбеттүү Бакырчаагы бешиликтин узун сабына ээгин таяп, беркиси атка маңдайлаш турган коделектей кедейип, экөө дегеле мамыр-жумур сүйлөшүп калышат. Алар аба ырайынын кебин бат эле түгөтүп, баягы эле кара эшектин кайгайына өтүшөт. Бырыкнасы байлап алып кытыгылаган коделектей тыбырчылап кыткылыктай берет, күлкүчүл сезимден арыган картаң аттай башын калжайтып, беймарал чөп жеп жаткандай жаактарын жай кыймылдатып, сомсойгон калыбында олуттуу сүйлөп турат.

Бир кезде Бакырчаагы: «Башкасын билбейм, шыбагама тайдын учасы тийип, мен өзүм бир маза кылдым го!» – деди тамшанып-тамшанып. Ошондо Бырыкнасы жер тепкилей туйлап күлүп калат. «Эй, аты уйкашым, сага эмне, жин тийдиби?» – дейт Бакырчаагы. Бырыкнасы ого бетер ойдолоп кыткылыктайт. «Кантет, кантет, капырай! – дейт Бакырчаагы. – Дайыны жок тырактаганың кандай? Күлсөң айтып күлбөйсүңбү?», «Ой! Ой! Ой! – дейт күлкүдөн күйүккөн бырыкнасы. – Ой, адашым! Сиз жеген… ой!.. тайдыкы эмес… эшектики экен!» Бакырчаак капыстан үрпөйө түшөт: «Эй, Бырыкна, сен эмне деп бок жеп атасың я?»

Бырыкна кыткылыктай бергенден боору эзилип, боору эзилгенден ичин мыкчый бүгүлүп, кусуп ийчүдөй кызарып-татарат. Бакырчаактын бапсагай сакал-муруту кыбырап, оозу жаман даамданып кетет. «Ой, адаш! Ит атаар сизди бир түшүргөн экен! – дейт Бырыкна күлкүсүн араң-араң тыйып. – Сизге жедиргени эшегинин учасын бөлөк салдырып, анан…» Ачууга алдырып бараткан Бакырчаак, көөнү айный түшүп, түкүрүнүп жиберет. «…Ит атаар мас деле эмес экен, калп эле ылжымыш болуптур, наркы үйгө киргенде эле ыргып туруптур, көтөрүп кирген балдарга: «Аксакал эмеспи, мына бу кайнап аткан учаны Айдараалыга тарткыла» – деп коюп, анан…» Бакырчаактын сакал-муруту түктөйүп, көздөрү алачакмактап, тула бою калчылдай түшөт. Өз тамашасына өзү маашырканган Бырыкна: «…Сиз уча жеп атканда Ит атаар көрүп алып, боорун тырмап күлүптүр», – дейт да, кайра кыткылыктап калат.

«Карма мени, Бырыкна, карма! Ачуум жаман, ачуум жаман! – деп Бакырчаак калч-калч этет. – Ит атаарды соо койбойм! Жайлап салсам камалып кетем! Карма мени, Бырыкна, карма!» Тамашасынын таасирине эрдемсиген Бырыкна калпын токтото албайт: «…Ит атаар мага бекер эле күлөсүңөр, күлсөңөр эшек жеген Бакырчаакка күлгүлө деп жүргөн турбайбы…» Туталанып алган Бакырчаактын бети дирт-дирт тартып, кекиртегинен киркиреген бакырык чыгат: «Кач! Жедим!» Ошо бакырыгы менен кошо өзү ордунан атып кетет. Жүзүндө дини карарган кишинин каары бар. Колунда найзадай соройгон бешилиги бар. Дагдаңдап чуркап баратышы жоосун качырып калган байыркы жөө аскерге окшош.

* * *

… Мен Улукбек аке, Жоро шайтан, эки Айдараалы катышкан ушул уккандан кийин көп жыл тууган айылыма барбай калдым… Окуялар ортосуна катышкан эмесмин. Бирок анын эртеси эле Жамшит сарыга жолуккамын. Чымындын чоңун көрсө деле чайылдап кыйкырып калчу баягы ылжырама сары бала азыр салабаттуу сары киши болгон. Мектептин белдүү мугалими, айылдын кадырман адамы, адабияттын ышкылуу күйөрманы. Көргөн-билгенин дегеле куюлуштуруп сүйлөмөй жагынан да кур алакан калган эмес. Экөөбүз өткөн-кеткенден козгоп отурсак, Жамшит бирдемеден улам Улукбек акенин атын оозанып калды. Мен ошо замат анын сөзүн бузуп ийдим: – Баса, а киши кантип атат, ал-абалы кандай, эмне жаңылыктары бар?

Жамшиттин кой көздөрү нур төгүп күлүңдөй түштү. Кылактаган шылдыңкор жылмайышын сапсары өңүнөн өчүрбөй: – Жакшы эле жүрөт, баягы Улукбек акең да, – деди ал. – Калпынан сурасаң, өзү турат, үйүнө барып ук. Кылык-жоругунан сурасаң, кызыгы ушунча көп, кайсынысын айтам деп башың маң. Эски-жаңы кылыгынан айтып берсең, бөлөк-бөтөн кишилер дегеле ишенбейт экен. Кээ бир кылыгын айтсаң, Улукбек акенин ушу сага окшоп илгери-мурун көрүп-билгендер да анча ынаңкырай бербейт. Эшегин атып алганын уктуң беле? А-а, уккан турбайсыңбы. Кош ооруга чалдыгып, үч ай сүйлөбөй жатканын уктуң беле? – Жо-жок, ошону айтчы, – дедим кызыксынып. – Ээ, анысы бир узун жомок, – деди Жамшит көңүлсүбөй. – Мурдагы жылыбы же анын наркы жылыбы, айтор, кышка жуук Ит атаар капылет ооруга кабылбадыбы. Балдарга бакырып калп айтып отурган экен, өтө кызып кеткен го, байкабай катуу кыйкырып ийиптир, кыйкырып ийсе тамагы «кыйк» дей түшүп, доошу бүтүп калыптыр. Ошондон кийин үн чыгарса эле тамагы зыркырап оорутчу болуптур. Сүйлөйүн десе кычышкансып да кетет экен. Анан бечара, шыбырап сүйлөп калбадыбы. Ит атаардын бу кайгысын көпчүлүк күлкү кылып алды. Ошого байланыштуу тамаша сөздөр да чыгып кетти. Бирок а сөздөргө абышкалар анча ыраазы болгон жок. «Атаганат, Жоро шайтандын өлгөнү эми билиндиби, – деп алар арман кылышты. – Ал болсо Ит атаардын ушунусун боор эзилгидей күлкү кылып бербейт беле?!» Тамак оорусу аздык кылгансып, Ит атаар дагы бир кызык дартты жабыштырып албайт бекен. Ал ооруса да жөн оорубай калсын! Маал-маал кармап, кармаса эле эки-үч күнгө созулчу дарт экен. Ошо дартты тутса эле Ит атаарда жан жок: безгектегенден бетер калчылдап, тиши-тишине тийбей ээк атат, көздөрү чанагынан чыкчудай тостоюп, онтогонго да шайы келбей калат. Ушундай да кызык оору болорбу! Же безгек эмес, же башка эмес, кызылдай эле бир балээ! Өзгөндүн доктурлары тамагы ооруганын «ларингит» деп таап, берки балээ дартын биле албай коюшуптур. Ит атаар анан Ошко барбадыбы. Оштун ооруканасында эки айча жатты окшойт. Аңгыча болбой Ит атаарды Фрунзеге алып кетиптир деген имиш угуп калдык. Буга удаа эле күйгөн дүмүрдөй дүңүрөйүп өзү кирип келди. Ошонун эртеси мен учурашып коёюн деп үйүнө бардым. Үңкүйүп төрүндө отуруптур. Тонун күпчүйүп кийип алыптыр. Араң-араң угулгудай эле шыбырап сүйлөйт. «Догдурлардын атасынын арбагына, – деп оозун кыбыратты. – Эки ай жаткырып, же дартымын дарегин табышпайт, же доошуму чыгара алышпайт.Үкөлүн эле куят көчүгүмө, үкөлүн эле куят. Же көчүгүм ооруп атпаса…»

Ал уколдон зааркангандай бир чүйрүйүп коюп, кайра шыбырады: «Догдурларыңы маң кылды го менин дартым. Прумзеде «писийк-балныйса» деген бар экен, ошого барасың дешти акыры. Көргөн- билгенден сураштырсам, анысы «жиндикана» дегендей эле неме имиш. Тим койсом мени ошо жиндиканага апарып тыгышчудай. Өлсө да үйдө өлөйүн деп келе бердим».

Келерин келип алып, Ит атаар кош оорудан аябай жабыркады, шапайып арыктап, түктөйүп жүдөп да кетти. Эми анын ооруганына күлмөк кайда? Элдин баары аны аяп, чалдар болсо ага тийген дарттын себебин издеп убара тартты. Сүрүштүрүп отуруп, капырай, ошо себепти да таап ийишпедиби. Көрсө, Ит атаардын чоң атасынын бир тууган таякеси чоң бакшы болгон экен. А бакшы тили менен ысык темирди жалап, кызарган чок басып, кызыганда түндүккө секирип чыкчу экен. «Улукбекке ошо чоң тагасынын жин-пири өтүптүр, – деди Осмон аке. – Бакшылык тукум кууйт, муну ошо жиндер оорутуп атат. Көзүн ачтырып койбосо, ушинтип кыйналганы кыйналган». Осмон аке дегеле соопчул киши эмеспи, Ит атаарга ошол эле чындап күйдү. Ал сурамжылап жүрүп Кара-Суудан бир чоң бакшы таап келди. Бакшы келген күнү Ит атаардын «безгеги» катуу кармап турган экен. Чоң бакшы анын үстүнө жин-макүлдөрүн чакырган бойдон чамынып кирип барат. Кирсе эле күйгөн дүмүрдөй дүңүрөйгөн бирөө тиштерин шак-шак ургулап калчылдап отурат. Аны көрөр замат чоң бакшы селт чочуп, оозунан сөзүн түшүрүп, делдейип туруп калат. Ит атаар болсо дүңүрөйгөндөн дүңүрөйүп, алайгандан алайып, чүйрүйгөндөн чүйрүйүп, тиштерин шак-шак эттирип, калч-калч силкине берет.

Чоң бакшы Ит атаардын бир көргөн кишини чочуткудай түрүнөн, анан ошо түрү менен сүлк-сүлк зиркилдеп атканынан эси чыгып, эшикке карай кетенчиктейт. Осмон аке эшикте турган экен, ээрчитип келген бакшысынын бакырып кирип эле үнү өчкөнүнө таңыркай түшөт да, ал кетенчиктеп кайра чыкканда үрпөйүп чочуп кетет. Чамынып кирген бакшысы тумшукка жегендей шалпайып чыкса чочубай коёт беле, «Мунуңардын макүлдөрү меникинен күчтүү экен, – дейт чоң бакшы эсин жыйып-жыйбай. – Меники мунукун көргөндө эле качып берди. Жок, аксакал, мунуңардын көзүн ача алгыдай эмесмин. Менден күчтүү бир бакшы таппасаңар аны бөөдө майып кылып аласыңар».

Ошону менен чоң бакшы Кара-Суусуна жүрүп кетет. Кара-Суулук бакшынын качканы көп жерге угулган го, башка жактын бакшылары канча кадыр салып чакыртса да коркуп келбей койду. Акыры Сузактан бир атыккан бакшы келип, Ит атаардын көзүн ачам деп беш күнү далбас урду. Бирок а деле Ит атаарды бакшы кыла алган жок. Анын доошун да ача алган жок, безгек оорусун деле оңоп ийген жок. Ошо чакта өйүздөн бир табыптын кабары катуу чыгып калды. Элдин уу-дуусуна караганда, кыл тамырчы имиш, карандай кайнак суу ичирип тергетет имиш, тергеген киши кокус бир күкүм нан жеп койсо, ошону да үч күндөн кийин тамырдан билип алат имиш. Аны да Осмон аке ээрчитип келбедиби. Табып жолду ката Ит атаардын жөн-жайын сурап билет да, тамырын кармап көрүп эле тарс айтып калат: «Калп сүйлөп коймой адатың бар окшойт?» Ит атаар көзүн кыбың-кыбың ирмеп, чынын айтып шыбырайт: «Ооба, кичине калпым бар».

Табып өзү кармап турган тамырдын сырын тарткандай кыйлага кулак түрүп тунжурайт. «Кээде эле оозуман чыгып кетет, – дейт Ит атаар актанып, – кантип чыгып кеткенин өзүм да байкабай калам».

Табып тамырдан колун албай: «Кепер ысык экен, ысыгың ашынып кетиптир», – деп коюп, дагы көпкө тунжурап калат. «Сакайгың келсе, үч ай төшөктөн турбай жатасың, – дейт табып акыры. – Он беш күн карандай суу ичесиң, артынан он беш күн мүнөздөп оокат ичесиң. Ушуну үч кайталасаң туура үч айдын жүзү болот. Дагы бир шартым: үч айга ооз ачып сүйлөбөйсүң, асти үн чыгарбай жатасың». Ит атаар ач жатканга чыдаса да, сүйлөбөй жатканга чыдай албайт, биринчи эле он беш күндө беш-алты ооз сүйлөп коёт. Андан кабар алганы келген табып тамырын кармап эле чочуп кетет: «А кокуй десе, сүйлөп койгон турбайсыңбы!» Ит атаар бир селт этип алып, алдастай түшөт, сүйлөп койгонун танып, дагы шыбырап сүйлөп жиберет. «Кой, жаныңы жебе, тамырың ачык айтып, ак сүйлөп турбайбы, – деп мурчуят табып. – Дегеними дегендей кылбасаң, экинчи келбейм».

Ошондо Ит атаарың бышактап ыйлап иет. Оору жанына баткан бечара кантсин анан! Алын сурап коёюн деп бир күнү Ит атаардыкына бардым. Ал чүйрүйүп төшөктө жатыптыр. Күйгөн дүмүрдөй өңү шапайыңкы, алайып көздөрү эле жалдырайт. Жанында аштакта жатат, аштактада калем менен дептер жатат. Алын сурасам, муңайым баш ийкеп, көздөрүн жайнатты. Анан кынтая калып, дептерге тайраңдатып жазып кирди. Жазганын араң-араң окуп түшүндүм: «Жамшитбай, ичим бышып өлмөк болдум го, эрмекке сүйлөп бербейсиңби?» Уккан-көргөндөн сүйлөп көрүп бат эле кебимин аягына чыгып алдым. Тилсиз кишинин кашында унчукпай отурган жаман экен, калп эле бир шылтоо таап сыртка жөнөдүм. Улукбек акенин башына кыйын эле күн түшкөн экен. Ага бир эрмек таап бербесе болчудай эмес. Аяк-быякты ойлонуп көрсөм, акыры бир акыл башыма келгенсиди: «Пионер балдар согуш ветерандарын шефке алып жүрбөйт беле, ошолорду пайдалансам кантет?»

Мен жакшы окуган пионер балдар менен макулдаштым: алар күн сайын кезектешип Улукбек акеге бир-эки саат китеп окуп беришмей болду. Адегенде баары тең кызыгып, бири-биринен өчүрөт талашып, калбай барып атышкан. Башка иштерге алаксып байкабай калыпмын, жарым айдан кийин чунак балдар барбай коюшуптур. Мен аны Улукбек акеден кат алганда билбедимби: «Жамшитбай, адабиятыңын кыныгын эми алып келайттым эле, балдарың келбей койду, – дептир катында. – Эми өзүм тамтаңдап окуп атам. Балдарыңы тим эле кой, китебиңен эле берип тур, өзүм эптеп эрмектей берем».

Кат апкелген кызынан Улукбек акеге он чакты китеп көтөртүп ийдим. Алар кыргыз жазуучуларынын белгилүү прозалык чыгармалары эле. Жарым ай өтпөй дагы китеп сураткан экен, дагы берип жибердим. Тергеп ичкен суу безгектей дартын эки ай дегенде араң сүрүп чыгарды. Ит атаардын китеп окуганын мына ошондон кийин көрүп ал! Кыргыздагы мыкты роман-повесттерден ал окубаганы калган жок. Котормо китептердин бир далайын да соо койгон жок. Күнү-түнү бекер жатат, уктап деле жарытпайт, көргөн-бакканы эле китеп. Китепти окубай эле бүкүлү-бүкүлү сугунуп жаткандай. Өмүр бою китептен жутаган бечара кантсин анан! Үч ай билинбей бат өтүп, Ит атаар төшөктөн турчу күн да кирип келди. Мен ошо күнү эртелеп анын үйүнө бардым. «Токсон күн китеп окуп кезерип, түк да сүйлөбөй жатты го, табыбы бүгүнтөн сүйлөй бергенге улуксат кылыптыр, – деп ойлоп койдум. – Бүгүн саат тогузда ал кайра сүйлөйт. Ошондо оозунан биринчи кандай сөз чыгар экен?»

Менчилеп кызыккандар көп экен, барсам үйү толо киши. Келгендерди кыртышы сүйбөй чүйрүйүп отурган экен, Ит атаар мени көрүп эле сүйүнүп кетти. Шорулдата чай ичип, кобур-собур сүйлөшүп отургандар саат тогузга жакын демин ичине тартып тымтырс боло калды. Баары тең Ит атаардын оозуна жабыла карады. Ал жабалактаган көздөрдөн саал-паал сүрдөй түшүп колун койнуна салды, аяктан эски чөнтөк саатын алып чыгып, чырт эттире капкагын ачты. Отургандар болсо дале дем чыгарбай тымтырс. Ит атаар болсо саатына үңүлгөн бойдон кыймылсыз. Саат туура тогуз болгондо Ит атаар тамагын акырын кырып- кырып койду. Тымтырс отургандар жапырт бир демин чыгарып, кайра делдейди. Ит атаар тамагын дагы бир акырын кырды да: «Жам…шит…бай», – деп абай менен үзүп-үзүп айтты.

Отургандар ошо замат дуу этип, анан алын сураганы туш-туштан жаалап кирди. Ит атаар аларды тоотпогондой дүңүрөйүп, баарын тең жактырбагандай чүйрүйүп, бирөөнө да жооп айткан жок, тек бирдеме дегиси келип мага эле кадаланып туруп алды. Отургандар аны бирдеме дедире койбой туш-туштан алын сурай берди. Ошондо Ит атаарың тырчый түштү. «Көрдүңөр го… безгегим жок… доошум бар, – деди сактанып сүйлөп. – Көрүп туруп эле… сурай бересиңерби?»

Буга Каамыт аке түтүп тура алган жок. «Оо, чүйрүйгөн мурдуңду сенин! О Теңирден тетири пейилиңди сенин! – деп чарт-чурт жарылды. – Адамкерчиликке алын сурап койсо, тим эле доңуздай «корк-корк» этет ой!» Ит атаардын да итатайы тута түштү. «Силерди… ким… чакырды? Теги… силер… кимсиңер? Бириң калбай… кеткиле… азыр! – деди көзүнөн чаарын чыгарып. – Бүгүн сүйлөчү… нормом бүттү… баары бир… сүйлөбөйм! Сүйлөйм деп… дагы доошуман… айрылайымбы».

Отургандар оңтойсуз абалга каптала түштү эле, дагы да болсо Каамыт аке ишке жарады. Ал Ит атаарды ашатып сөгүп жиберди, ошо сөгүнгөн бойдон ордунан обдулуп турду. Беркилер да анын артынан көчүк көтөрдү. Мен да өйдө козголуп, топураган эл менен кошо бастым. Эшикке чыгып баратсам, Улукбек аке акырын табыштап калды: «Жамшит! Сен… кетпечи!» Мен текченин түбүнө барып, отургучка көчүк бастым. Ит атаар эшикке чыккан элдин опур-топуру үзүлгүчө үңкүйүп жер карап отурду. Анан башын өйдө кылып, сактык менен муңканып сүйлөдү: «Ушулар да… кишиби? Киши деп… мына… китептеги кишилерди айт!»

Мен унчукканым жок. Ит атаар да бир саамга үн-сөз чыгарбай тунжурады. Анан ал капыстан: «Эх, кайран өмүрүм! Эх, китеп билбей кысыр өткөн армандуу ай-жылдарым! – деп абайлабай каңырык түтөтүп ийди да, кайра эсине келе калып, жай сүйлөдү. – Эх, Жамшит… байым! Экөөбүз сүйлөшчү… сөз көп. Сүйлөшөт… элек, тамагыман… чочулап… турам. Табып… сөз менен ашка… аста-аста… аралаш деген. Азырынча… китебиңен… дагы… берип ийчи!»

Эл ошо күнү эле Ит атаарды «акылдан айныптырга» чыгарды. Ишенбегендер эртеси жалгыз-жарымдап барып анын айныган-айныбаганын текшерип көрүшүптүр. Баргандар кандай сөз чыгар экен деп чегип сурашса, Ит атаар окуган китептеринен эле кеп сала бериптир. «Ушу биздин турмуш да турмушпу, турмуш деп мына китептердеги турмушту айт!» – деп эки-үч сапар тамшанып айтыптыр. Ал эми кечке маал келгендерге: «Бүгүн сүйлөчү нормом бүттү» – деп сүйлөбөй коюптур. Мен Ит атаардыкына жарым айдай өткөрүп бардым окшойт. Ал короодогу чарпаясында китеп окуп отуруптур. Маектешери жок бук болуп турган бейм, мени көрөр замат эле адабияттын кебин божурап кирди. Анын эс-дартын бүт бойдон адабият ээлеп алыптыр, андан башка эчтеме сүйлөбөйт. Ошонусу мени жадатып да жиберди. Башкага алаксытайын десем алаксыбайт, көңүл-ниети адабияттан башкага дегеле бурулбайт. Китептерден кеп кыла берип кечти да кийирип ийдик. Мен үйгө кеткени жатып Улукбек акеге айтып калдым: «Эл сизди «айныдыга» чыгарып алды го! Бусурманым, келген-кеткен менен жөн эле сүйлөшүп койбойсузбу?»

Ит атаар сөзүмү жактырбай бир чүйрүйүп коюп, анан текеберсип кесир сүйлөдү: «Ошо бечара немелерди айтпачы, Жамшитбай! Алар деги ким? Билгиң келсе, жакшы нерселерди жеп, жаман нерсе чыгаргандан башкага жарабайт алар. Мен китептеги кишилерге таазим кылам, ошолор эле жетет мага!» Китептен тапкан бир пайдасы: арак ичкенин койду. Адабияттын нашасы арактын кумарынан ашып түштү көрүнөт. Анын артынан көнүмүш кесибин да таштап салды. Таштаганда жөн таштабай, аябай кызык таштады. Китептин айынан Ит атаар адегенде айлык планын араң-араң толтуруп, анан толтура албай да калат. Кийин эки айча бир да тери тапшырбай койсо, аны начальниги чакыртып иет. Ит атаар начальнигине кирип эле маселени кырынан коёт: «Мен наадандыгыман күнөөсүз жан-жаныбарды көп атып, табияттын тең салмагын бузуп жүрүпмүн. Мен эми табиятка андай кыянат кыла албайм! Жетет ушунчасы! Кош бол, эски кесибим! Эми менин ордум Мергенчилер жамаатында эмес, Жаратылышты коргоочулар коомунда».

Муну өз кулагы менен уккан начальниктин каңырыгы түтөй түшөт: «Атаңын көрү-ая, эл бекер айтпаптыр, кайран киши чын эле айнып калган турбайбы!» Ит атаар болсо табиятты коргоо жайынан сөз козгоп, өзү китептерден окуп билгендерин сүйлөй берет. Ит атаардын айныганына начальник эми чындап ынанат. «Жашыңыз эчак жетпеди беле, иштегиңиз келбесе, пенсияга чыгып албайсызбы!» – деп кеңеш айтат ал.

«Жок! Албайм! – деп чорт кесет Ит атаар. – Табиятка кылган кыянатым үчүн пенсия алууга эч кандай акым жок!» Анан эшикти тарс жаап чыгып кетет. Начальниги Ит атаарга боор ооруп, кийин анын закондуу пенсиясын сыртынан эле чыгартып берет.

* * *

Пенсияга чыкканы Ит атаардын китептен башка менен иши жок. Эшик-эликке көп баспайт, өзүн «айныдыга» чыгарган элдин уу-дуусун таназар албайт, эч ким менен эзилишип сүйлөшпөйт. Аздыр-көптүр ынак кишиси эле менмин. Экөөбүз кез-кезде окуган китептерибиз боюнча пикир алмашып, адабият маселелерин талкуулап калабыз. Бирок биздин ынактыгыбыз деле көпкө узаган жок. Дагы эле болсо ошо адабияттын айынан арабыз сууду. Мага жаккан китеп ага жакпайт, ага жаккан мага жакпайт. Маселен, Улукбек аке көтөрүңкү романтика менен шоолаланган, өтө кооз турмуш көрүнүштөрүн сүрөттөгөн, кебете-келбети да, жүргөн-турганы да, сүйлөгөнү да ашкере сулуу каармандары бар чыгармаларды жанындай жакшы көрөт. А мен болсом андай чыгармаларга анча кушум жок, эт-бетим менен үзүлүп түшпөйм. Айтор, экөөбүздүн адабий көз карашыбыз менен көркөм табитибиз эки башка экен. Ошонун айынан көп талашчу болдук. Бир сапаркы талашта Улукбек аке кызаңдай түшүп, тарс эле бетке чаап калбаспы: «Жашырбай эле айтайын, Жамшит, сен адабиятты түшүнбөйт экенсиң!» Бара-бара экөөбүздүн ыркыбыз кетип, ал менден жатыркай баштады. Анан мени менен адабият жайында сүйлөшпөй калды. Көрсө, обулустук газеттин кабарчысы менен таанышып алыптыр. А кабарчы да аңгеме жазып жүргөн бала экен, адабиятка деген ышкы Ит атаар экөөнү ынак кылып жибериптир. Ошо кабарчы досу сыртынан шилтеп ийгенби, же Ит атаар өзү суранып жаздырганбы – аныгын билген киши жок. Айтор, бир күнү эле обулустук гезитке Ит атаардын макаласы чыгып калды. «Мен динден кайттым» деген макала экен. Динден кайткыдай Ит атаарың же молдо болсочу. Жок эле дегенде беш убак намазын үзбөй окуп жүрсөчү. Өмүр бою ичкени арак-бозо болсо, айтканы кызылдай калп болсо… Деги өзүнчө бир анекдот!

Оо, кичинесинде молдодон таалим алып, «чар китепти» түшүргөн экен, ошонусун жазыптыр, кудай менен диндин жалганын чукуптур, молдолордун алдамчылыгын айыптаптыр, өзүн окуган бакшылар менен өзүн айыктырган табыптын абийирин айрандай төгүптүр. Макалага күлбөгөн киши жок, ачууланбаган молдо-сопу жок, түкүрүнбөгөн кемпир-чал жок! Улукбек акенин кийинки бир кылган иши ошол ашынган кайрыдиндигине деги бир коошуп койсо эмне!

Ушу быйыл жазда кары-жаш капыстан эле Ит атаардын жашырыкча намаз окуп жүргөнүн кеп кылып калды. Мен адегенде ишенгеним жок, дагы бирөө чыгарып койгон тамаша го деп кабыл алдым. Бирок ошо кеп-сөз бара-бара күч алып кетти. Мен анын аныгына жетейин дедим да, бир күнү кечинде Ит атаардыкына тымызын аңдып бардым. Айың сөздүн чындыгы бар экен, Ит атаарды куду куптан окуп аткан жеринен кармабадымбы. Жыгылып-туруп, дегеле ыкылас менен кобурап окуп атыптыр. Мен бир аз убакыт күлкүмү араң-араң тыйып ага карап турдум, анан катуу бир жөтөлүмүш болуп койдум. Ит атаар жалт карай берип, жайнамазын тепсей тура качты, бурчка камалып, булганып алган баладай жалдырап туруп калды. Күлкүм кыстап, «баа» деп бакырып ийе жаздадым. Бирок сыр алдырганым жок, карагүчкө жүз үйрүп күп-күп эттим: «Динден качан эле кайтпадыңыз беле, жолдош Баатырбеков? Эми өзүңүз кайра намазга кирипсиз го? Ай-ай-ай-ай! Эмне деген шермендечилик! Эмне деген эки жүздүүлүк! Эмне деген көз боёмочулук!»

Ит атаар башын шылк дедирип шүмүрөйө түштү. Ошо кейпинде кыйлага итирейип турду да, анан ооз кыбыратып күңк эткенге араң жарады: «Карыганым ушу да». Мен аны ого бетер опузалайын деп дагы күпүлдөдүм: «Өкмөттү гана алдайсыз ээ?! Мен эртең эле тийиштүү жерге билдирем, гезитке жазып чыгам!» Ит атаар шылкыйган башын шарт өйдө көтөрдү, алаңдаган көздөрүн жалдыратып, мага жалынып-жалбарып жиберди. Мен анысына жумшарганым жок, кокон пешке салып коркута бердим. Жедеп шаштысы кеткенде Ит атаар: «Намазыңы мен калп эле окуп аткамын», – деди. Ошондо чыдай албай каткырып ийбесминби. Ит атаар акеңе дабаа бар беле, эс-учун жыйгандан кийин дагы мындай деп актанып турбайбы: «Ээ, Жамшитбай, «кудай жок, кудай жок» дейбиз, кокус бар болуп калса балээ да!» Ана, сага тамаша!

* * *

Жамшит сары узун сабак сөзүн ушунтип бүтүрдү. Күлө берип өпкөм өрөпкүп калган экен, анымы басып-баспай Жамшит сарыдан сурап жибердим: – Баса, анын калпы кантти? Баягыдай элеби? – Баягыдай элеби дейт тура? Калпы кайра көбүрүп-жабырып кетпедиби. Азыр баштагыдай эмес, китептегидей кылып айтып калган. Ар күнү кечинде дагы эле үйү толгон бала. Жаңы калптарына ошо балдар эле жыргап атат окшойт. Баса, силердин бир итиңер бар эмес беле, баягы Жолборсуңарчы. Ит атаар ошону да укмуш икая кылып айтып жүрөт имиш. Ошол икаяга «Сарыбаш» деп сени да каарман кылып алган имиш. Мен өзүм угуп көргөнүм жок, уккан балдар эле тамшанып айтып калышат ко. Жамшит сарынын айткандары менин делебеми козгоп, Улукбек акенин өзүн көргөнгө, жаңырган калптарын укканга аябай ынтызар кылды. Баарынан да Жолборсту кызык баян кылып айтып жүргөнүн уксам деп катуу дегдедим. Жамшит сары экөөбүз кечке маал Улукбек акеникине бардык. Үйү бак-даракка чылк көмүлүп, такыр эле көрүнбөй калыптыр. Короо-жайын кашаалаган долоно, чычырканак, караган көчөттөр текши коолап өсүп, жашыл керегеге айланыптыр. Кашаасынын жол жаккы оозуна заңгыраган дарбаза курдуруптур, анысын баштан-аяк көк сыр менен сырдатып, жан жыгачтарынын бетине түр салдырыптыр, дого сымал иймейген түндүк жыгачына: «Куш келипсиздер!» – деп бадырайта жаздырып коюптур. Тамы болсо баягы эле эски там экен, тек дубалын кичине өйдө көтөртүп, тышын актатып, камыш чатырын шифер менен алмаштырыптыр.

Тамдын дубалдарына ураандар жазылыптыр, алар короодогу бак-дарактар арасына да илиниптир. Мына дубалдын оң капшыт бооруна кара боёк менен түшүргөн ураан: «Наадандыкка наалат!» Мына, эки терекке кере тарткан чүпөрөк тасмадагысы: «Билимдин булагы экен, китепти сүйгүлө!» Тигине, мейманканасына кирчү чоң эшиктин үстүнө илип койгону: «Жашасын адабият!» Бул ураан кызыл чүпөрөккө ак бор менен дегеле саймаланып чоң жазылыптыр. Улукбек акенин үйүндө эч ким жок экен. Бөлмөлөрүнүн эшиктери ачык калыптыр, сыягы, үйдөгүлөр эми эле жумуштап мындай баскан көрүнөт. Мен мейманканага Жамшитти ээрчий кирип, эң оболу китептин көптүгүнө таң калдым. Үйдүн төркү жүк текчесине да, каптал текчелерине да туурасынан тактайлар кагылып, шыкалып китеп жыйылыптыр. Эскилиги жеткен эки шкафтын ичи да жыкжыйма китеп. Китептер терезе текчесинде да, жер полдо да жатыптыр. Мен аларды бир четинен кызыгып карай баштадым. Алар баштан-аяк оригиналдуу чыгармалар, котормо адабий китептер жана журналдар экен.

Аңгыча болбой Жамшит сары: – Арбаңыз, байбиче! Жакшы турасыңарбы? – деп калды. Карай салсам, кире бериште Улукбек акенин кемпири туруптур. Эти качып, бырыштары көбөйүп, бет сөөгү оркоюңку тартып бери чыгыптыр. Жамшит экөөбүз а киши менен учурашып, Улукбек акенин кайда жүргөнүн сурадык. – Жанараак поштоого кетти эле, – деди кемпир. – Поштоо менен китеп алдырат, дагы бир китеби келип калган го. Ушу менен Жамшит экөөбүздүн кемпирден сурай турганыбыз түгөнүп, кемпир да бирдеме дегенге сөз таппай ыңгайсызданып, бир аз тымтырс боло түштүк. Анан менин оозума адеп келген сөздү эле айта салдым: – Үйүңөр тим эле китепкана болуп кетиптир го? – «Тентек темир жыйнайт» дегендей, акеңер китеп эле жыйнап атат, – деди кемпир кайдыгер сүйлөп. – Оокат-тиричилик менен иши жок, тапкан-ташыганын бүт ошо китепке жумшайт. Башта эле акеңер саал-паал дубана пейил эле, эми ушунтип китеп-жинди болуп албадыбы. Күн сайын кечинде келчү балдар да аларга жаңы кошулган Жамшит экөөбүз да мейманканасында акыйып күтүп отурган элек, Улукбек аке күүгүм талаш келди. Ичинде эки-үч китеп бар окшойт, чырмап байланган чакан таңгакты оң колунун салааларына илип алыптыр. Чачтары да, сакал-муруту да куудай агарыптыр. Чаар топусунан чеке-бели агарып чыккан аппак чачы, эки жаагынан ээгине дейре калың өскөн купкуу сакалы анын бетин тегерете ороп, дүңүрөйгөн ыраңын ого бетер капкара көрсөтүп таштаптыр. Ал оозгу үйгө башбагар замат Жамшит экөөбүз ордубуздан атып турдук, балдар да биздин шарыбыз менен жапырт ордуларынан козголду. Улукбек аке ичкери жалт карады да: – Оо, абышкалар, отура бергиле, силер эмне… – деп келатып, оозун шарт тартып алды.

Балдардын арасынан эки чоң киши баамына урунду белем, саал эңкейе берип, электр жарыгынан көздөрүн бош алаканы менен калкалады, курчу кайткан көздөрү менен тигиле карап, Жамшит экөөбүздү тааный албай бүшүркөп турду. Мен утурлай басып: – Ассалоомалейкум, Улукбек аке! – дедим. Ал мени үнүмөн тааный койду, дароо өзгөрүлө түшүп, башын артка карай серпти, чалкалай берип колдорун эки жакка жайды, оң колу болсо салааларына илинүү таңгагы менен кошо жайылды. Дал ошол калыбында ал салабаттуу дабыш салды: – Оо, мен кимди көрүп турам! Мен кол сунгуча болбой, Улукбек аке жайган колдорун куушура келип, мени кучактап калды, кучактаганда таңгак китеби кыры менен дүк этип жонума бир тийди. – Ох, абышка, абышка! Эх, Сарыбашым, Сарыбашым! – деди кучагын жазбай. – Канча кыш, канча жай!.. Экөөбүз жанаша отурганыбызда Улукбек аке көзайнегин тагынды да, чүйрүйүңкү жылмайган жүзү менен мага бурулду: – Сени кайсы шамал айдап келди, абышка? Мен жооп айткыча болбой, ал дагы суроо берип жиберди. Анан экөөбүз эсен-соолук сурашып бир саам отуруп калдык. Ошондо бир ачык байкаганым: Улукбек акенин жүргөн-турганына да, сүйлөгөнүнө да окуган китептери аябай эле таасир эткен экен. Ал мага суроо берип, менин суроолорума жооп кайтарып отурса, мен айрым жаш жазуучулар жараткан каармандардын кеп-сөздөрүн эстей бердим.

Ал мага кээ бир китептердеги кишилерди туурап сүйлөп, туурап кыймыл-аракет жасап, кандайдыр бир адабий кейипкердин ролун ойноп жаткандай көрүндү. Бир маалда Улукбек аке сол колун эшикке карай коомай өйдө көтөрүп, ашкана тарапка акырын гана дабыш салды: – Айдыңым! Кемпирин чакырып атканын мен аңдай койдум. Мурда: «Катын!» – деп бакырчу эмес беле, эми ушинтип сыпайы чакырып калган тура, бусурманым. Ошо замат менин эсиме кылт этти: кайсы бир жазуучунун каарманы да аялына: «Айдыңым!» – деп кайрылса керек эле. Казан-аякка алаксып жүрүп укпай калды окшойт, кемпири жооп кайтарган жок. Улукбек аке колун салабаттуу созгон ошо калыбынан жазбай: – Ак жоолукчан айдыңым! – деп үнүн бийигирээк чыгарды, – ардактуу коноктор келип калган экен, тамак-ашыңын абалы кантип атат? Улукбек аке кемпиринин жообун күтпөй эле мага кайрылды: – Майрам сайын куттуктап тилгирем урам, деги алып жүрөсүңөрбү? Мен ойлонуп калдым. Канчалык чымыркансам да, Улукбек акеден мага бирди-жарым телеграмма барганын эстей алганым жок. Бирок мен иштин жайын дароо биле коюп: – Ыракмат, алып жүрөм! – дедим. – Мен да сизге майрам сайын жиберем, тийип атабы? Улукбек аке буйдалбай шыр эле: – Угу, – деди да, ашкана жакка бек-бек дабыш салды. – Айдыңым! Баягы Сарыбаштан келген тилгиремдер кайда, апкелчи! Майрам сайын анын мага телеграмма жибергени да, менин ага жибергеним да кызылдай эле калп болчу.

Мен тек Улукбек акенин капыс чыгарган калпы ачылып калбасын деп жанымы жеп койдум. Чалынын кыял-пейилин жакшы билген кемпири да адатынча акылмандык кылып, сыр билдирген жок. Ал ашкана үйдөн: – Бир жакка каткансыдым эле, – деп каратып туруп калп айтты. – Эсиме жара чыгып каякка катканымы билбей атпайымбы. Улукбек аке бир чүйрүйүп койду да, мага карай берди: – Кана, абышка, сайрачы бир: адабиятта кандай жаңылыктар бар? Мен анча-мынча жобурап койсом, ал мага ошо жерден чап жабышты: чоң жазуучулардын кимиси эмне жазып атканынан баштады да, таанымал жаш прозачылардын кандай чыгарма бүтүргөнүн, каерде иштегенин, баскан-турганын, ичер-ичпесин, атүгүл бала-чакасын калтырбай такып сурады.

Деги ал ошо түнү адабият жайынан мени эле сүйлөткүсү келип турду, мен болсом а сүйлөсө деп турдум. Аны сөзгө салабыз деп Жамшит экөөбүз бир далай убара тарттык. Менден бирдеме сурата койбой алдын тороп, астыртан сөз чыгарчу суроолор жылдырып, аны байкатпай сүйлөгөнгө азгыра баштадык. Ал акыры жаңыча аңгемелеринен кеп салып бергенге көңүлсүгөнсүп калды. Ошондо мен андан Жолборстун баянын айтып беришин сурандым. Жамшит да менин суранычымы кубаттай кетти. Улукбек аке башын төмөн салып, терең ойго чөккөнсүдү. Мейманканада бир саамга тымтырстык өкүм сүрдү. Ал акырын башын өйдө кылды, өйдө кылганда көзайнеги жарыкка жарк этти. Баам салып карасам, анын дүңүрөйгөн өңү бир заматта кыялга туна түшкөн экен. – Жолборстукун кезеги келгенде айтып берем, – деди мурчуюңку түр менен. – Азыркы баяным башка бир окуянын жайын айтат. Ал кайрадан сүкүт уруп унчукпай калды да, кыйладан кийин гана башын кейкейте өйдө көтөрүп, кыялдуу кыяпат менен акырын-жай сөз баштады…

Анысы чубалжыган узун бир баян экен, айтып атып тээ түн бир убакта араң аягына жетти. Эртеси кечинде да эмнегедир Жолборстон кеп козгобой, дагы бир нары узак, нары кызык аңгемесин айтты. А күнү да жети түн болгондо үй-үйлөрүбүзгө тарадык. Улукбек акенин аңгеме айтышы чын эле жаңырып кетиптир. Баягы бир бала чакта уккандарыбыз, көркөм касиети бар болсо да, түпкүлүгүндө кадыресе эле оозеки аңгемелер болучу. Ал эми азыркы айткандары көп жагынан жазма чыгармаларга ыктап тургандай. Эми ал адабий кара сөздүн баяндоо манерасына, сүрөттөө ыкмаларына, көркөмдөө амалдарына салып айтат экен. Окуялар тизмегин кураштырганы, каармандарын сыпаттаганы, атүгүл сөздөрүн кынап койгону да куду китептегидей чыгып калыптыр. Деги анын азыркы баяндарын тыңшап отурсаң, кандайдыр бир көтөрүңкү лирико-романтикалуу аңгеме же повесть окуп жаткандай таасирге кабыласың. Бирок Улукбек аке жаңы аңгемелерин карандай китептик таасирлерден эле курап албаптыр. Булары деле өз кыялынан эле жаралгандай түрү бар, тек акын кыялы гана адабий китептердин таасиринен жаңыланып, кереметтенип, өзгөчө сапат алып кеткендей…

Баса, Ит атаардын сүйлөп бергени да өзгөрүүгө учураптыр. Адегенде ал терең ойго чөккөндөй бир кыйлага үңкүйүп отуруп калат экен. Анысы өзүн өзү купуя күүлөгөнү го, сыягы. Анан өзү батып кеткен ой тереңинен суурулгансып башын жайбаракат өйдө көтөрүп, коңур доошу менен жайма-жай сөз баштайт экен. Ар бир баянын тим эле китептен жаттап алгандай кыраатка салып, ыгы келген жерде доошун кубулжутуп, колдорун кошо кыймылдатып, дегеле куюлуштуруп шыдыр айтат экен.

Ырас, узатып айткан сайын кызыгандан кызып, эргий-эргий күүлөнөт экен; ошондо доошу алда кайдан шаңшып, кээ-кээде каргылдана да түшөт экен; күүлөнгөндөн күүлөнө берип капыстан ашкере толкуп да кетет экен; ошондо мууну бошоп, көздөрүнө жаш тегеренип, сүйлөй албай мукактанып, тек ыйга мууна түшкөн тамагын гана кырт-кырт эттире бүлкүлдөтүп, бир саамга жер карап сүкүт урат экен…

Жолборстун баянына үчүнчү күнү кечинде гана кезек келди. Баарыбыз күндөгүдөй мейманканасына чогулганда Улукбек аке бүгүн «Жолборс икаясын» кеп сала турганын жарыя кылды да, адатынча башын төмөн салып, көздөрүн коомай жуумп, эриндерин болор-болбос кыбыратып, дегеле терең ойго баткан же кайыптан кабар тыңшаган кишиче мелтирей мурчуюп калды. Кыйлага ошентип үңкүйүп отурган соң башын салабаттуу өйдө кылып, мурдун чүйрүйтүп, бирок дүңүрөйгөн ынды кара өңүнөн кыялдуу жышаанын өчүрбөй, жумулуу көздөрүн ачпай, кандайдыр бир сырдуу таасири бар доошу менен сөзгө кирди.

* * *

– Апакай булуттарын андан-мындан булайткан ачык асман. Ошол аруу булуттарга жанаша чаалыгыңкы канат сермеген келгин куштар. Кардан жаңы бошонгон карарыңкы адыр-талаа. Тасмадай созулуп жаткан кашкайган таш жол. Тээ берегиде көк мунарык көшөгөсүн тартынып тоолор келберсийт. Ак булуттуу көгүлтүр асман астында, кышкы уйкудан ойгонуп ныксыраган адыр-талаа арасында, даңгыраган байтак жолдун үстүндө кош ат чегилген араба калдырайт. Арабада тиги келгин куштардай чаалыгып кан майдандан кайтып келе жаткан солдат отурат. Солдаттын ошондогу сөөлөтүн көрүп ал: үстүндө – окко тешилип, дары жытына каныккан боз шинель; башында – кызыл жылдыздуу көөнө пилотка; жонунда – бүкүрдүн өркөчүндөй томпойгон аскер баштык. Араба өңгүл-дөңгүлдө секирген сайын солдаттын сол төшүнө шыкалган орден-медалдары бири-бирине урунуп шыңгырайт. Тотуккан жүзүнөн көңүл кубанычынын сараң жышаанасы көрүнөт; тамеки чеке-белин ыштаган муруттарында болор-болбос жылмаюу кылактайт; көздөрүндө жеңиш отунун учкундары жылт-жылт этет; кулагында уруштун айбаттуу дүңгүрөктөрү үзүл-созул жаңырыктайт… Арабадагы ошо солдат ушу кашыңарда сайрап отурган киши болчу. Ооба, мен элем. Төрт жыл алоолоп күйгөн согуш өртү өчөйүн дегенде, мен тууган айылыма кайтып келаткамын. Көңүлүм шаттыкка мелт-калт, бирок түбүндө кермек даам арманым бар. Касиеттүү Ата Журттун ыйык чегинен катаал жоону кууп чыкканда, мен купуя кыялга баткамын: «Баягы баш шылкыйткан уяттуу чегинүүлөрдө желкеме ок тийип оңколобогон, карчылдашкан салгылаштарда өлбөгөн, тозоктун тозогунан аман калган ушу мен эми жеңиш менен алдыга күркүрөп баратканда мерт боломбу? Жок, эми мен өлбөшүм керек. Өлгөнгө эч кандай акым жок. Мен сөзсүз Берилинге чейин барам, Рейкистактын так төбөсүнө туу сайышам, кандуу согуштун акыркы барагына акыркы огум менен чекит коюшам!»

Бирок ошол тилегиме жетпей, согуш бүтөр жылдын февралында оор жарадар болдум. Госпиталда жатып Берлинге карай качырып бараткан майдандаштарымын бактысына көз кызарттым. Алар асман бетин бербеген айрыпыландардын саясында, жер дүңгүрөткөн канонадалардын коштоосунда, кан кызыткан атакалардын шарданында селдей каптап батышка кетип барышат. А мен болсом канатына ок тийип, тобунан айрылып калган куштай жалдырап ооруканада жатам… Айыгып-айыкпай эле кайра согушка сурандым. Догдурлар улуксат беришкен жок. Жер сабап догурунсам да болушкан жок, ой-боюма койбой тылга айдашты. Ошол себептен мен төрт жыл азап-тозогун кошо тарткан кандуу согушту аягына чыгарбай, аздыр-көптүр арман менен тууган айылыма кайтып келем. Айылга төрт-беш чакырымдай калганда, артыбыздан шамал эпкиндей баштады. Шамал бат эле күч алып, аттардын куйрук-жалын сапырды, этектерибизди делбек-делбек ала качты, чыйралган шлиялардан ышкырык чыгарды. Көп өтпөй шамал албууттанып, кутурган кара айгырдай асман талаасында беймарал жайылган ак булуттар үйүрүн кайдадыр кубалап кетти да, алда кайдан үрөй учурган кочкул кара булут түрмөктөрүн уюлгутуп айдап чыкты.

Коргошундай оор булуттар зымырап көчүп, калдаң-калдаң оодарылып, кара нөшөр жамгырын калың самсаалатып биз тарапка чү койду. Арабакеч бала ошо түнөргөн кара булуттарга бир кылчая карады да, аттардын жонуна шапалагын тартып-тартып алды. Шамал тоонун кирген дайрасындай аркырап, кулагымда ышкырып зуулдады, беттерими ургулап, көзүмөн жаш чыгарды. Арабекеч бала бекер эле жанталашкан экен, баары бир жамгырдан кутула алганыбыз жок. Бирок бала аттардын башын тартпай, кара нөшөрдүн капшабы менен айгайлап айдай берди.

Эми шамалдуу жамгыр тула-боюмду ырайым кылбай камчылап, бетимди кимдир бирөө майда чыбыктар менен дуу-дуу сабап жаткандай дуулдатты. Аңгыча болбой так төбөдөн асман тарс жарылып, ага удаалаш чагылган жарк этип, капкара асман бетин кылычтай жара чапты. Күүгүм тарткан жер бети көз ирмемге жапжарык боло калды. Күн кайра-кайра күркүрөп, күркүрөгү бир саамга гүлдүрт-гүлдүрт жаңырыктап, чагылган жарк-журк этип соймоңдой берди. Асманда такалуу азоо айгырлар капыстан үркүп, ошо бойдон таш жолдо ээ-жаа бербей ала качып, бирде кан буугандай тык токтой калып, бирде кайрадан дүр үркүп, баары чогуу азанап, баары чогуу туяктарынан от-жалын чыгарып, кайдадыр андыздап чаап бараткансыды. Шамал ого бетер чапкындап, жамгыр нөшөрлөп төктү. Жерде чакан араба жин тийгендей шарактап, ташка чака-чак кадалган туяктардан учкундар чачырады; көктө болсо күн күркүрөп, чагылган жарк- жарк жанып турду. Айтор, асман менен жер бирин бири туурап үн алышып жаткансыды.

Айылга жакын калганда, кара нөшөр басылып, түнөргөн булуттар өткүнүн самсаалаткан бойдон тоо тарапка узап кетти. Арабакеч бала оолуккан аттарынын башын араң тартты. Менин сыртым шөмтүрөп суу болсо да, көңүлүм жадырап куунак эле. Жамгырдын жааганы да, күндүн күркүрөгөнү да, чагылгандын жаркылдаганы да мага шарапаттуу жышаанадай сезилди. «Сагынычтан саргайган тууган жерим мени көз жашын көлдөтүп тосуп алды, – дедим купуя кудуңдап. – Боордош табиятым да кан майдандан эсен-соо кайтканымы урматтап дүңгүрөтө залп берип, жаркылдата салют атты!»

Мен арабада ушундай көкөлөгөн ойлорго термелип келатып, киндик каным төгүлгөн чоң колотко жете келгенибизди да байкабай калыпмын. Карай салсам, ачык асмандын көгүлтүр тунук тилкесинде, тууган колотумдун чатынын так үстүндө, кыштакка кире бериштин куду төбөсүндө албан түстө кубулжуган татынакай асан-үсөн илинип туруптур. Эки учу маңдайлаш жапыз тоолордун чокуларына жебедей сайылып түшүптүр, ортосу жароокер жаш сулуунун керме кашындай назик ийилип, ажайып бир көрк берип кулпурат. Тим эле рабат дарбазанын түркүн боёктор менен сырдалган сөөлөттүү чамгарак жыгачындай[1] бир башкача кереметтенет.

Мен сүйүнгөндөн апкаарый түштүм, жүрөгүм туйлап, каным чыкыйыма тээп чыкты. Көктөгү асан-үсөндү тууган жеримин мени ардактап тоскон дагы бир шааниси деп кабыл алдым, ал менин келишимин ызатына бир боор айылымын кире беришине дал ушинтип керилип калды деп туюндум.

Өрөпкүгөн көңүлүм көккө чаргып, төбө тушумда керилип турган керемет кубулушка жетине албай акыйып карап, кокту оозуна кире бердим. Ошондо мен өзүмдү алыскы казаттан олжолуу кайтып, салтанаттуу алтын дарбаза аркылуу тууган шаарына санжыргалуу саябан арабада сөөлөт менен кирип бараткан кол башчыдай эле сезип кеттим. Араба калдырап-шалдырап айыл арасына киргенде, боор этектей түшкөн тамдардын эшик-элигинде жүргөн кемпир-чалдар жолго серепчилей карап калышты. Ошо замат менин баамыма тиги өйүзгү боордогу жаңгак түбүнөн топ киши уруна түштү. Жаандан корголоп келип, кээ бирлери каамыттуу аттары менен, кээ бирлери кетмендерине таянып жөө турган кошчу-кетменчилер экен, алар да мага жарданып карай беришти. Баары тең капысынан арабачан чыга келген солдатка таңыркап, мени тааный албай бүшүркөп, делдейгенден делдейди.

Ошондо арабакеч бала эсине келе калып, заңк этип табыш салды: «Сүйүнчү! Сүйүнчү! Улукбек акем келди!» Өйүздө сестейиңки селейип тургандар жандана түшүп, бир куру уккан кулактарына ишенбегендей алма-телме карашып, анан кубанычтуу кыйкырып жиберишти. Ошо кыйкырык менен кошо атчаны атчандай чаап, жөөсү жөөдөй чуркап жөнөштү. Кемпир-чалдар да жолго карай бөкчөңдөп, алардын артынан томполоңдоп жаш балдар ээрчип алышты. Баары тең туш-туштан мени көздөй сүрүлүп келатышты.

Араба жол ортосуна токтоп, мен жерге секирип түштүм. Келаткандардан сүрдөгөнүмөн кайсынысын утурлап аларымы билбей, түшкөн жеримде селейип туруп калдым. Адегенде эле мага атчандар жете келип, аттарынан куланды. Алар менен кучакташып көрүшкөнчө кемпир-чалдар, тиги өйүздө тургандардын жөө-жалаңдары жете келип, мойнума асылышты. Баарынын кирпиктери суу, менин да муунум бошоп, көздөрүмдө жаш. Көз жаштар, көз жаштар…

Төрт жыл бою саргайткан сагынычыбыздын жаштары, адам чыдабас азап-тозокту көтөргөн сабырыбыздын жаштары, көкүрөгүбүздө тыбырчылап туйлаган кубанычыбыздын жаштары! Ошо көз жаштарды көз көрүнөө бет ылдый агызгандан эч кимибиз уялганыбыз жок. Кары-жаш менен учурашып бүткөнүмдө, өспүрүм балдар мени ортого алышып, ой-боюма койбой көтөрүшүп, беш-алты мертебе көкөлөтө ыргытып ийишти. Менин тоолуктарымын ушундай ажайып салты бар эмеспи. Балдардан араң бошонсом, жабалактап тургандар уу-дуу түшүп, жарышып суроолор жаадырышты. Мен өзүм каерден келгеними, уруштун ал-акыбалын, айылдаштардан кимди көргөнүмү жаалап сурашты. Бир даары: «Уулуму көрдүңбү, эрими көрдүңбү, агамы көрдүңбү?» – деп жака-жеңимен, каптал- өңүрүмөн тарткылап жулкулдатты. Кимге эмне дээрими билбей алдастап, чолок-чолок жооптон башка оозума эчтеме кирбей, заманам куурула түштү.

Акыры башыма бир ой кылт этип, арабага чыгам деп жармаштым. Балдар мени көптөп так көтөрүшүп, арабага леп чыгарып коюшту. Жарданып тургандардын соболдоруна жалпы жооп кылып эки-үч ооз сөз айтмак болдум да, пилоткамы башыман жулуп алдым. Башта калк кашына чыгып сүйлөп көргөн эмес элем, адегенде акылыма сөз илинбей, тилим күрмөөгө келбей, пилоткамы мыкчый кармап апкаарыдым. Анан бар күчүмү жыйнап бакырып коё бердим: «Жолдош катындар! Жолдош кемпирлер! Жолдош балдар жана чалдар!»

Бакырарын бакырып алып, кайра мукактанып туруп калдым. Бар кайратымды жыйнап кайра сөз баштаганда да мукактанып барып араң оңолдум. Бир аздан соң сүйлөгөндүн ыгын таап, кадыресе дасыккан чечендердей шыдыр кеттим.

Мен согуш өртү жакында биротоло өчөөрүн айттым, көп өтпөй аман калган ата-балдар, ага-инилер, сүйгөн жарлар жеңиш менен кайрылып келерин айттым. «Жаз кабарын канатына кондуруп келген биринчи чабалекей сыңары мен да силерге аз күндө жарк этчү жеңиштин сүйүнчүсүн ала келдим,– дедим толкунданып. – Эми менин артыман калган жоокерлер да келгин куштардай убап-чубап келе берет».

Сөзүмүн аягында эки-үч ураан таштап койдум эле, тургандар жапырт шапалак чаап, балдар ураалап кыйкырып ийишти. Ошентип, менин кыскача дакылат сөзүм да дурус чыгып, ошо жыйын да күтүлбөгөн жерден кодура митингеге айланып кетти. Арабакеч аттардын жонуна шапалагын чуу эттирди, арабага жоон топ бала жармашты, калгандары аркабыздан чуулдай чуркап, атчандар арабаны жандай кошо чапты. Жазгы күн асмандан жаркырап тийип турду, атчан-жөөлөр коштогон арабанын дөңгөлөктөрү жолдо балдардын кыйкырык-чуусуна аралаш кубанычтуу күү чыгарып калдырттап баратты.

Капыстан кошок кошуп ыйлаган аялдын аянычтуу үнү угулуп калды. Ошо замат арабанын жүрүшү жайлап, балдар жаагын жап басып, атчандар аттарын илкитип бастыра баштады. «Баягы Асылбектен кара кагаз келген, жоктоп аткан ошонун бейбагы» – деди кимдир бирөө. Келиндин каңырык түтөтүп созолонткон кайгылуу кошогу, аягында эчкирип-эчкирип ыйлап калганы, баарынан да каргылданган доошунун күйүттүү ыргактары өзөгүмдү өрттөп жиберди. Көктөгү күн булутка жашынып, жер бети көлөкөлөнө түштү.

Арабанын дөңгөлөктөрү сабыры суз жайма-жай кылдырап, аттардын басыгы ого бетер жайлады. Баарыбыз үн-сөз катпай жүздөрүбүздү сумсайтып, баштарыбызды шылкыйтып, там ичинен түтөп-түтөп чыккан кошокко эрксизден кулак түрдүк. «Капылес-аа жатып түш көрсөм, карайган-аа көлдөр көрүнөт, карайган-аа көлдөр үстүндө- аа, карайган-аа өрдөк көрүнөт, карайган-аа көлдөр – көз жашым-аа, карайган-аа өрдөк – өз башым-аа-хи-ий-ий!..» Көңүл ачыштырган ый-кошок алыстай түшкөндө, мен шылкыйткан башымы өөдө көтөрүп, жан-жагыма карандым. Төштөгү тектирчеден тыптыйпыл күйгөн тамдын чалдыбары көзүмө чалынды. Там күйгөн дүмүрдөй карарып үтүрөйүп, өтө эле түрү суук. Карарган чалдыбардын алдында капкара чапанчан, капкара жоолукчан катындын карааны.

«Бу Анардын үйү го?» – дегенимче болбой, кимдир бирөө айтып калды: «Анар бечара уулунан кара кагаз алганда акылдан айнып, үйүн өрттөп алган». Жолго нестейип карап турган Анар: «Каяктан келайтасыңар, я?» – деди кайдыгер гана. «Аскерден келайтат, аскерден», – деди балдардын бирөө. «Келаткан теги ким?» – деди Анар. «Улукбек аке, Улукбек аке». Менин атымы угар замат Анар селт чочуп, кыйкырып ийди: «О, Улукбек! Арстаным да аскерде эмеспи, каралдымы көрө алдыңбы?!» Капылес суроо жүрөгүмү шуу эттирип, калдастатып салды. Калдастаганыман: «Жок, байбиче, көргөн жокмун», – деп заңк этипмин. Ошондо Анар башынан кара жоолугун сыйрып таштап, колдорун асманга көтөрүп, алакандарын жая берип: «Оо, Арстаным, карааныңдан кагылайыным! Кайдасың, мени боздотпой эртерээк келчи!» – деп ачуу кыйкырып алды да, озондоп ыйлап жиберди.

Тула боюм зыркырап, көңүлүм зилдеп, Анарга кошулуп бакырып ыйлагым келди. Көзүмдү жуумп, эрдимди кесе тиштеп, чыдай албай онтоп жибердим. «О согуш, согуш! – дедим каңырыгымы түтөтүп. – Деги сенин кылбаганың калдыбы?!» Аңгыча болбой иттер уңулдап улуп, эшектер мээ тундура айкырып, уйлар өңгүрөп мөөрөп калышты. Кишилер да бир кур дуу этип алышып, кайра тым-тым болушту. Мен чочуп көзүмдү ачсам, жер бети караңгылай түшкөн экен. Көзүм караңгылабадыбы деп ойлоп, бирок эмнегедир шектенип, өйдө карадым. Оо, шумдугуң түшкүр, асманда азыр эле жаркырап тийип турган күн тутулуп, чеке-бели карарып, ортосу билинер-билинбес түтөп, күйүп туруптур. Жанымдагылар үрпөйүп чочуп, жакаларын карманып, асманга акыйган бойдон турганы-турган жеринде селейип калыптыр. Жалгыз гана Анар жерде ооналактап, кыянаттуу согушка наалат-каргыш айтып, кара чечекей уулун атынан чакырып, жан-жаныбарлар менен кошо өкүрүп ыйлап атыптыр…

Күн күйүп бүткөндө биз баарыбыз үрөй учкан кейпибиз менен илең- салаң ордубуздан козголдук. Арабанын дөңгөлөктөрү ыйлагандай кейиштүү кыйчылдап жөнөдү. Баарыбыз тең куду көрүстөнгө сөөк узатып бараткандай шылкыйып, сумсайып, тил катпай бараттык. Алдыбыздан киши чыккан жок, тек гана мектептин жанына барганда жолдон топтошкон иттер кыйгач чубап өтө берди. Мен иттердин арасынан эки-үч дөбөттү, анан Орозаалы чалдын айы-күнүнө жеткен бооз канчыгын айныбай тааныдым. «Бу бооз канчыкка топтошкон иттердин ичинде эмне бар?» – деп кайдыгер гана ойлоп койдум.

* * *

Мен келген соң жазгы баардын жаңы жууган айнектей тунук, күлүңдөгөн жайдары мемиреген ачык күндөрү өкүм сүрдү. Түндөсү асман бетине жымыңдаган жылдыздардын сепкили жамырап чыгып, толукшуган ак жуумал ай илепсиз жарыгын муңайым чачып, асман- жердин кыйыры алтын буусуна чайкалгансып буурул мунарыкка тунуп турду. А күндүзү көк жүзү бир башкача ажайып көгөрүп, андан- мындан ак куу мисал булуттарын булайтып, күн болсо кызарып чыгып, кызарып батып керээли-кечке жер үстүнө жылуу мээримин марттык менен төгүп турду. Күндүр-түндүр кара жерден кылайып башбаккан чөп-гүлдөр өйдө карай өрөпкүй умтулуп, ыргалыңкы бой түзөнүп, айдоолордо үрөндөр чытыр-чытыр этип өнүп чыгып, дарак бүчүрлөрү тырс-тырс жарылып жатты. Кыштак жыбылжыган коңур жымжырттыкка чөгүп, мени мемиреген беймаралчылык үстүмөн лап басып калгансыды.

Мен жадыраган жаз жамалына кумарланып, жыбылжыган жымжырттыкка ыракаттанып, жаркын маанай менен үй-тиричилик ишине кириштим. Адегенде короонун ичин какыр-чикирден арылттым, анан там арканын тамтыгы кетип жыртылган кашаасын калыбына келтирдим. Керээли-кечке кыбырап иштеп жүрсөм, жерден нымсак топурак менен чырымтал майсанын наристе жыты көтөрүлүп турду. Ошол аңкыган жыт башымды болор-болбос эңги-деңги кылып, делебемди козгоду. Мендеги уктап калган дыйканчылык ышкы кайрадан чукуранып ойгоно баштады. Бу жарык дүйнөдө дыйканчылык кумарынан касиеттүү кумар болбос, чиркиниң! Мен өз башыман өткөрбөдүмбү: ал кумардын жалынын кандуу согуштун катаал шарттары да тыптыйпыл өчүрө албайт.

Ырас, кан майданда солдаттын назик сезимдери кыйынчылыктан таштай катыңкы тартат, ысык мээрими болсо кас душманын жек көргөндөн муздай тоңгонсуп калат, антпесе тажаал жоого ырайым кылбай качырып кириш кыйын го. Бирок катуу ташты да жарып татынакай гүл чыгат, калың муз астында да шылдырап суу агат. Анын сыңары төрт жыл күйгөн согуш өртүндө менин кабыктанып каткан көңүлүмдө да дыйкандык ышкым какшып калган жок. Кандуу кармаштан колум бошосо эле тууган жерими сагынып кусага малынар элем, нымдуу кара турпактын жытын талгак болгонсуп күсөй берер элем; түш көрсөм эле майланышып эзилген бороз кечип кош айдап жүрөр элем, шымаланып алып жерге көчөт сайып атар элем. «Согуш доошу жалп басылса, тууган айылыма карлыгачтай кайтып барсам, – деп дайыма тилек кылар элем, – жалаң гана жер айдап, эгин эгем, көчөт тигип, бак өстүрөм, орок оруп, кырман басам».

Кыштактагы беймарал күндөрүмдүн бешинчи бейпил таңы кылайып атты. Ачык асмандын күн чыгыш жагы агарып, бүлбүлдөгөн соңку жылдыз сөнүп калды. Короздор коңгуроолуу доошу менен кубанычтуу үн алышып, таңкы алешем салкын жер бетин саал чыйрыктырып турду. Мен арыктын эки кырына мырза теректин калемчелерин сайып жүрдүм. Бүткөн боюм сергек, көңүлүм жарык, колдорум ишке ынтызар эле.

«Буюрса, бүгүн адырга чыгам, – деп купуя кудуңдадым. – Кош айдайм, соконун тиши жерди тилип кирет, кара топурак аңтарылып түшөт, жылма бороздор күнгө чагылышып жалтырайт.» Таттуу кыялдарга жетеленип, улам бөгжөң-бөгжөң этип калемче сайып жаттым. Эң акыркысын сайып атсам, там жактан бирөө атыман чакырып дабыш салды. Чакырган Жоро шайтан экен, короодо атчан туруптур. Ал амалданып аскерге барбай, ошонусунан мендей жоокерди көрсө эле өзүн күнөөкөр сезип, алапайын таппай кайсалактап калар эле. Азыр да мага тик карай алган жок, ээр кашы менен ат жалын алма-телме сыйпалап, мага көшөкөрлөнө эбиреп-жебиреди: «Кандай, каркыбарым, мал-жан аманбы? Бала-чакаң чоңоюп атабы? Байбичең күүлүү жүрөбү? Эс алышың кандай?..»

Мен сыпайкерчилик үчүн гана салкын баш ийкегилеп турдум. Кошоматын айтып бүткөн соң ал мага бир чапталуу каниверт сунду. Канивертте мындай деген кат бар экен: «Ардактуу эпирейтор Батырбеков! Кан майдандан аман кайтышың кут болсун. Бир мыкты адис издеп воинкаматка кайрылсам, сени рекомандовайт этишти. Таржымалың менен тааныштым, көксөп жүргөнүм так өзүң экенсиң. Ушу катты аларың менен мага кел, келбесең баары бир воинкамат аркылуу чакыртып алам. Саламым менен Бейшеке Ургазиев».

Бу каттын табышмактуу жазылганына бир аз таңырканып, Жоро шайтандан сурадым: «Мунуң ким өзү деги?» Жоро шайтан эмнегедир жандана түштү: «Бейшеке Ургазиевби? Оо, ал даңы дубан жарган киши эмеспи! Экөөбүз калың доспуз. Мурда милийсанын начайлиги эле, бир болбогон майда ишке чалынып, жакында андан түшүп калган. Азыр «Заготжипсырыянын» баштыгы. Укмуш кыйын адам!»

Мен «барсамбы-барбасамбы» деген кыялда арсарсып турдум. «Ал пендеден чыккан бир арстан го, эргул! – деп маашырканды Жоро шайтан. – Айбат-сүрү арстандыкынан кем эмес. Үнү да арстандыкындай күркүрөп чыгат. Не бир баатырсынган эр азаматтарды бир карап эле сестентип, бир кыйкырып эле бүжүрөтүп коёт. Не бир кабанаак иттерди жакын келгенде эле бир тиктеп токтотуп, ошо токтогон жерине тап жылдырбай матап салат.Кысталак, чын арстан, арстан!» Шаарга улуу шашкеде жетип, түз эле «Заготжипсырыяга» бардым. Кер кашканы эшиктеги куураган тытка аса байлап, ичкери кирдим.

Бейшеке Ургазиев салмак менен козголуп ордунан турду. Дардайган алыбеттүү неме экен, турганда төбөсү жапызыраак шыпка тие жаздап барып тийбей калды. Мүчө-жотосу дегеле москоол, башы калжайып чоң, кулагы опсуз делдегей көрүндү; аткыйган одоно, одур-будур чаар, ашкере мээримсиз дүңүрөкөй бети дароо итиркейиме тийди. Кызарыңкы тартып түбүнөн кайнап турган чүңүрөкөй көздөрү бар экен, тикирейип мага кадалды. Ал көз караштан көңүлүм аптыккансып, тула-боюм чымырап муздай түшкөнсүдү.

«Баатырбеков окшойсуң! Кандай, жакшы эс алып атасыңбы?!» Ал жай эле сүйлөдү, бирок доошу күпүлдөп жаткандай күркүрөп өкүм чыкты. Жоро шайтан жалган айтпаптыр: Бейшеке Ургазиевдин түрү суук кебетесинде, тикчийген тикенектүү көз карашында, күп-күп этип өкүм сүйлөгөнүндө чын эле шумдуктай айбат-сүр бар экен. Экөөбүз маңдайлашып отурган соң Ургазиев мага сүрдүү карай күп-күп этти: «Сен сынайпер турбайсыңбы, бизге ыштатный агент-акотник бол!»

Мен мындай сунушту күткөн эмесмин, саал-паал алдастай түшүп айтып калдым: «Кандай иш кылам антсем?» Ургазиев салмак менен күп-күп этти: «Суур атасың! Ит атасың! Айтор, бизге баалуу тери тапшырып турасың! Эскертип коёюн, айлыгы жакшы кызмат бу, орношом деп жулунгандар көп, бирок биз жулунгандын баарын эле ала бербейбиз». Мен ошо замат терс жооп кайтардым: «Жок, иштей албайм».

Ургазиев чакчая түшүп, мени тирүүлөй жеп жиберчүдөй бар күчү менен жекире карады. Мен бир кур аптыгып алып, анан кайра оңолдум да, тикчийген көзүнө тик карап каяша кылдым. Ургазиев карарып туталанып кетти да, ачуулуу күркүрөдү: «Эмнеге иштей албайсың?!» Бу сапаркы айбатын мен анча тоотконум жок, жалаң дыйканчылык майданында иштесем деген тилегимди жай гана билдирдим. Ургазиев айтканымы кулагынын сыртынан кетирди, дагы бир топ кошумча шылтоо айтсам да баарына ынаган жок. Айлам түгөнгөндө баягы «иштей албайм» дегеними көшөрүп кайталай бердим. Ургазиев мени ийге келтирем деп даңазалуу сүр- айбатын ар кандай кубултуп да көрдү, кайдагы бир «мокочонун» башын кылтыйтып опузалап да көрдү, бал тилге салып алдамыш да болду. Мен болсом кашайып эле терсаяктык кылып туруп алдым. Бир маалда Бейшеке Ургазиев кара көк тарткан бетин каардуу одурайтып, кайнаган көзүн чаарын чыгара кызартып, доошунун барынча айкырып турду: «Малчайт, эпирейтор Баатырбеков!!! Ыстайт исмирно!!»

Бөлмө дүңгүрөп, бурч жаккы шыптын шыбагы күбүлүп, айнектер калдырт-калдырт эте түштү. Мен да селт чочуп, шарт ордуман ыргып туруп, көнгөн адатым боюнча маш буурчак жеген короздой какайып калдым. Капыстан өзүмдү аракеттеги армия сабында жүргөндөй сезип кеттим. «Сен экөөбүз солдатпыз, жолдош Баатырбеков! Азыркыдай оор шарттарда керегибиз тийген жерге кыйыктанбай барышыбыз керек! – деп салмактуу күркүрөдү Ургазиев. – Мен эмне, бул кызматка өзүм суранып келди дейсиңби? Керегим тийген экен, маблизация кылышты. Салдат экемин, кыңк дебей келдим. Мен салдатмын, жолдош эпирейтор! Сен да салдатсың!!»

Бу сөздөр менин жоокердик ар-намысымы козгоп салды. Бирок анын артынан эле дыйканчылык кылсам деген тилегим эсиме кылт этти. Бир жагынан жазыксыз жан-жаныбардын жанын кыйгандан да алдын ала зааркандым. Эрксизден эки анжы ойго такалып, бир жагына оой албай кыңырылып турдум. Бейшеке Ургазиев кыраакы экен, менин көңүлүмдө салдаттык тобокелчилигим менен дыйкандык кыйыктыгым таймашып жатканын байкап калды. Атүгүл менин жоокердик уятым күчтүү экенин да билип алгансыды. Ошол себептен мени тап жылдырбай кармагысы келип, салдаттык арыма демитип атака койду.

«Менин аскердик наамым капитан, комбат болгомун, – деп сыймыктуу күркүрөп айтты. – Демек, сага буйрук бергенге акым бар. Жолдош эпирейтор, сен бизге ыштатный агент бол да, согуштагыдай эле жигердүү кызмат кыл!»

Арсарсыткан ойдон улам какайган денем саал бошой түшкөн экен, ошо замат кайра чыйралды. Дыйкандык кыйыктыгымды салдаттык ар-намысым басмырлап баратты. Ийий турган жеримен кармаганын билген кыйды Ургазиев ого бетер күркүрөдү: «Буйрук берилди, эми аны аткар, салдатым!» Менин көңүлүмдө салдаттык ар-намысым тыбырчылап кетти. А тургай ашкан маанилүү бир аскерий тапшырма алып жаткансып өрөпкүй түштүм да: «Буйругуңузду аткарууга улуксат этиңиз, жолдош капитан!» – деп толкундана сүйлөп, какая честь берип ийдим. «Азаматсың, жолдош эпирейтор! – деп кубанычтуу күркүрөдү Бейшеке Ургазиев. – Азыр өздүк кагазчаңды толтур, аванса айлык, ок-дары, мылтык ал». Анан терезеден эшикке бир карап койду да, менден сурады: «Тиги атты сен минип келдиңби? Калкоздукубу?» Мен «ооба» дегенчелик кылып баш ийкедим. «Ошону мине бер, мен раиске айтып коём, – деп Ургазиев колумду бекем кысты да, аздыр-көптүр мээрим аралаш доошу менен айтты. «Жаңы эмгек майданына киргениң кут болсун! Асыл ишиңде чоң-чоң ийгиликтерге жет, салдатым!»

Жолду ката төбөмдөгү асман үтүрөйүп бүркөлүп турду. Менин көңүлүм да ачылган жок. Анан капаланбай коймок белем! Төрт жыл бою кызыл кыргындын арасында болдум. Касташкан адамдар гана эмес, эч жазыксыз айбандардын, малдардын, куштардын кырылганын көрдүм. Өзүм эле канча душмандын өмүрүн кыйдым! Арабыздан бирин-серин дезертир же чыккынчы чыкса, кээде ошолорду да аттым. Катуу салгылаштарда киши канын суудай кечип, боо түшкөн өлүктөрдү үстүнөн тебелеп өттүм. Жалаң өлүктөрдүн арасында да түнөдүм. Башка түшсө адам баарына көнөт дешет. Бу сөз адамга карата айтылган карандай эле жалаа экен! Жок, мен төрт жыл катар кызыл кыргында жүрүп, өлүм менен аккан канга көнө алганым жок. Тескерисинче, өлүк менен канды көргөнден барган сайын көңүлүм кала берди. Анан аскерден кайтарымда, калган өмүрүмдү тынч турмушка, ак эмгекке, жер бетин безегенге гана арнайм деп, эми буюрса, колума асти мылтык кармабайм, итти да инимдей көрүп башка чаппайм, жадагалса жазыксыз чымындын да жанын кыйбайм деп тилек-шерт кылгамын. Бирок а тилегим таш каап, мына, Өзгөндөн жан-жаныбардын шоруна мергенчи болуп кайтып келатпайымбы. Жолду ката беймаза болуп, оор санаага алаксып келе берип, өз үйүмүн тушунан итабар өйдө өтүп кетипмин. Мени бирөөнүн капшыттан чыгып айткан саламы эсиме келтирди. Карай салсам Орозаалы чал. Кудуңдап сүйүнүп алыптыр. «А-а, абышка, кунажының эгиз туудубу?» – дедим тамашалап. «Жок, канчыгым жетини тууду», – деди чал мулуң-мулуң күлүп. Бу кабар менин түпөйүл көңүлүмө жарык нурдай сызылып кирди. Адамбы, айбанбы – деги ар кандай жаныбардын жарык дүйнөгө келгени жакшы жышаан го, чиркин! «Аскерде жүрүп уктум эле, кайсы бир элде наристенин төрөлгөнүн ок чыгарып жарыя кылышат экен, – дедим жонуман мылтыгымы ала берип. – Абышка, сенин күчүктөрүңүн туулганын да ошентпейлиби?» Анан мен чындап эле ар бир туулган күчүктүн урматына асмандатып ок ата баштадым. Мен аткан сайын Орозаалы чал жетине албай: «Баракелде, азаматым, баракелде!» – деп кубана берди. Мен сегизинчи окту атып ийип чалдан сурадым: «Абышка, канчыгым жетини тууду дедиң беле?» Орозаалы ого бетер кудуң-кудуң этип: «Апбали, азаматым, жетини, жетини», – деп ырсайды.

Мен Кер кашканын башын артка буруп жатып жай гана ойлоп койдум: «Соңку туулган жетинчи күчүктүн урматына эки жолу салют атып ийипмин». Ошондон он күн өтпөй, таң эртелеп биздин эшикке Раис аке бастырып келип калды. Чайга чакырсам, түшкөн жок, ээрине адатынча таш өбөк сала берип, кепке кирди: «Улукбек мырза, сага кадыр салып келип турам, мени бир ажаттан чыгар». Мен эмне сурарын түкшүмөлдөп: «Айтыңыз, колдон келген иш болсо, сизден аянат белем», – дедим. «Мен буга чейин маани бербей жүрүпмүн, көрсө, куттуу үйдүн көркү ит турбайбы, – деди Раис саймедиреп. – Короодогу итиң осол болсо, а дагы бир балээ экен. Баягы-баягы жылы сен тартуулаган дөбөттөн бери итке жарыбай жүрөм. А бечара карылыгы жетип көз жумган. Мурдагы жылы бир күчүк баксак, кысталак, ууру чыгып, былтыр аттырып салгамын. Сен иттин айтылуу сынчысы эмессиңби, мага бир жакшы ит болчу күчүк таап бер». «О ко-куй, кадыр салып сураганыңыз ушубу? – дедим мен жаркылдап күлүп. – Жакшы күчүк табыш жерге кирсин, жүрүңүз, кеттик». Экөөбүз мамыр-жумур маектешкенче катар бастырып, Орозаалы чалдыкына бардык. Орозаалы чал күпкөдөн канчыгын кубалап, күчүктөрүн бирден мыкчый кармап тышка чыгарды. Бири-бирине тамчыдай окшош сокур күчүктөр аянычтуу кыңшылашып, бири-бирин сүзгүлөшүп, бүжүрөп турушту.

Орозаалы чал менен Раис мага карабай эле күчүктөрдү жондорунан кармалап көрө башташты. Алар сыртынан көзгө толумдуу көрүнгөн төрт күчүккө айрыкча пейил түшүрүшүп, оң- тетирисинен сынап карашып, төртөөнүн кайсынысына токтолоорун билишпей, өздөрүнчө күдүңдөп жатышты. Мен алыстан эле адис көзүм менен баамдап койдум: аларга жагып калган төрт күчүк адегенде туулгандар болчу, анын үстүнө төртөөнүн экөө ургаачы эле. Тигилер аны байкашпай, көңүлдөрүнө куп келген ошо төрт күчүктүн үстүнө үйрүлө беришти. Мен жарык дүйнөгө тиги төрт күчүктөн кийин келген үч күчүккө карап четтерээк турдум. Ал үчөөнүн бирөө эмнегедир көзүмө жылуу учурады. Ал башкалардан кыйла эле түрү суук, башы чоң, жондорунда үч түп катуу кылы бар, чапчаң кыймылдуу күйпүл күчүк экен. Бир караганда серт көрүнгөнү болбосо, башка айыбы жоктой: «Эң соңунда ушул эргул туулса керек?» – деп купуя болжодум да, ошо болжолумду абышкадан жарыя сурадым.

«Апбали, азаматым, так үстүнөн чыкпадыңбы!» – деди Орозаалы чал. «Көйнөкчөн туулган күчүк экен, – дедим ичимен кымылдап. – Кечээ мен көрбөй-билбей эле мунун урматына эки ок чыгарыпмын. Жакшы жышаана!» Мен түрү суук күчүктүн качан туулганын тактап сураганымда, мени атайын ээрчитип келгенин эстей койгон раис мага бурула берди. Өтө сергек киши эле ыраматылык, мага саал айыптуудай күлө багып кайрылды: «Сен турсаң, Орозаалы экөөбүз кур бекер баш катыра бериппиз. «Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун». Кана, билерманым, сынчылыгыңы бир көрсөтүп калчы». Орозаалы чал да кубаттап кетти: «Апбали! Иттин сырын жакшы билет бу азаматым, жакшы билет».

Мен эки колум менен тиземи кармай бүкчүйүп, күчүктөргө үңүлө бердим да, баарын текши дагы бир айландырып карай баштадым. «Жакшылап кара, азаматым, жакшылап, кара, – деп кобурады Орозаалы чал. – Сенин билбегениң жок». Мен күчүктөрдүн баарын алмак-салмак байкап-сынап, акыры баягы эле көрүнүшү серт күйпүл күчүккө токтолдум: «Раис аке, ушу күчүктү алсаңыз, асти арманыңыз болбойт».

Тандаган күчүгүм купулуна толбой калганын раистин өңүнөн эле айныбай көрдүм. Ал аңгыча Орозаалы чал: «Сен, Улукбек, таш балакетти да билбейт экенсиң! – деп чукчуңдай түшпөспү. – «Жаманды мактаса, жардан алыс кетет». Сен так ошонун бири экенсиң». Менин да итатайым кармай калып, чалга терсаяктык кылдым. Экөөбүз катуу жаакташа жаздап калдык эле, ортобузга раис арача түштү: «Талашыңарды койгула, азыр пайдасы жок. Күчүктөр кичине ирденсин, ошондо дагы бир сынап көрөлү». «Ушу күчүктү көрсөм эле итиркейим келет!» – деди Орозаалы чал таарынгандай мурчуюп.

* * *

Бир күнү кечинде кызматтан суй жыгылып чарчап келип, аябай катуу уктаган экемин, эртеси күндөгүмөн кеч ойгондум. Уйкусу жакшы канган наристедей куунак пейил менен турдум. Муздак сууга жуунуп, тамакты көңүлдөнүп ичип, таза кийинип, эшикке чыктым. Биздин чоң колоттун койну толукшуган жаз маалынын айдыңында түркүн түстө кулпуруп, көз кайкыткан көрккө чөгүп, бир башкача жарашыкка тунуп турган экен. Эрке жел көрүнбөс алакан сыяктуу акырын сылап өтсө, адыр-түзгө калың чыккан көпкөк жаш ыраң ар кайсы жерлеринен кызыл гүлдөрүн кылайтып, үстүнөн майда толкундарын кат-кат жөнөтүп, өзгөчө бир жагымдуу көрк менен жагалданат.

Жапжашыл дүйнөнүн жарашыгын ого бетер жадыратып текши ачылган алча-гилас гүлдөрү ак көбүктөнүп, бутактарына батпай ашып-ташат. Өрүкзарлар ак гүлдөрдүн аруу туманына чылк көмүлүп, алмалар жайнаган агыш-мала чечектердин санжыргасында сөөлөттөнөт. Сыдырым леп этсе, гүлдөгөн дарактардын баарынан гүл таажылары уюлгуп учуп, апакай майда көпөлөктөрдөй назик дирилдеп, илээлеп жааган бадырак кардай самсаалап, дабыш чыгарбай жер бетине төшөлөт. Мен бу татынакай табият майрамына, жароокер жаратылыш салтанатына жандилим менен таасирленип, делдейген бойдон туруп калыпмын. Кыйладан кийин гана албан көркү эс-дартымы бүтүндөй арбап койгон жашыл дүйнө дүйүм добуштардан жаңырып турганы кулагыма чалынды.

Шамдай тирешкен мырза теректерде чымчыктар башаламан ызы- чуу көтөрүп, түшүнүксүз тилде «чырк-чырк» кужулдашат. Жалбырактарга жашырынган булбулдар аңкыган жыттарга кумарланып, жаз сулуулугуна көңүлү ийип-ийип, жан-алына карабай тилин безейт. Булбулдун буруп-буруп таңшыганын магдырай тыңшап туруп, ичимен маашырканам: «Бөбөктүн муштумундай ушу боз чымчык тын жүгөрүдөй жүрөгүнө ушунча күү кантип батат, я!»

Аңгыча болбой так төбөмөн күмүш үндөр шыңгыр-шыңгыр себеленип, асманга акыйып карашка аргасыз болом. Тээ бийикте жылтылдаган күн шооласына илинген карача торгой жандуу чекит мисал тырпырап, алкымында күмүш жылаажыны бардай мукам-мукам күүлөр төгөт. Торгой таңшыгына моокум канбай тамшанып маңдайкы тоо башына көз чаптырам. Заңгыраган туу чокунун үстүндөгү чымкый көк асманда калдайган бүркүттөр жайма-жай каалгып айланат. Кере кулач чалгындуу алп канаттары күн шооласына күңүрт чагылышып, салмак менен токтомдуу анда-санда сермелет. Куш аттуунун кыраандары көз талдырган бийиктикте салабаттуу сайран куруп, тайманбастык менен азаттык жөрөлгөсүн жар салгандай кээде гана салтанаттуу «клак-клак!» шаңшып коёт.

Бүркүттөрдүн шаңдуу шапарын сонуркап турсам, дагы бир ажайып көрүнүш көз кырыма уруна түшөт. Береги кырдан каз-катар тизилген бир үйүр ак куу сөөлөттүү чабыт менен кылактап чыга келет. Апакай булуттардан атайлап чебер жасагандай, наристе баланын күнөөсүз кыялынан учуп чыккандай, сулуулук менен аруулуктун ширөөсүнөн бүткөндөй керемет бир ак куулар… Ак куулар, ак куулар, ак куулар! Сурнай мойнуңарды шаанилүү каада менен көтөрүп, сүттөй аппак канаттарыңарды күнгө жаркылдата сабалап, сурнайдыкындай заңк-заңк дабыштар чыгарып, каз-катар сабыңардан жаңылбай кайсы жакка сапар тартып, сапар тартып, сапар тартып барасыңар?..

Мен жомоктогудай биринен бири сонун көрүнүштөрдөн аптыгып, ичим элжиреп, делебем элеп-желеп козголгончо толкундадым. Бир туруп ушу кулпурган көрктүү жараткан кудурети күчтүү жерди жата калып өөп-жыттагым келди, бир туруп бүркүттөр эркин-азат айланган бийикке көкөлөп шаңшыгым келди, бир туруп алиги ак куулардын артынан алыскы сырдуу аралдарга карай зымырап сызгым келди. Демейкимен аруу-таза болсом деп, өзгөчө бир шарапаттуу иштер кылсам деп, кандайдыр бир жакшылык жасасам деп, кимдир бирөөлөргө бир башкача кубаныч тартууласам деп катуу самап-дегдеп кеттим.

Өрөпкүгөн көңүлүм алда кайда ала качып, эргиген тула-боюм бир жерге жай тура албай, толкунданып ары-бери бастым. Аңгыча болбой баамыма дагы бир керемет көрүнүш кабылды: ылдыйтан өйдө карай, күкүктөп кирген дайранын агымына каршы, ошо дайранын так үстү жапыз учкан каркыралар өтүп баратыптыр. Койкойгон узун моюндарын алдыга жебедей түптүз созуп, соройгон узун аяктарын да ошо моюндарына барабар артына таптак көтөрүп, чалгындуу кооз канаттарын бир калыпта жайма-жай сермеп, өзгөчө бир жарашык менен шынаа мисал желе тарткан каркыралар! Менин ансыз деле мелт-калт көңүлүм чайпалып, өзүмдү өзүм кармашка чамам келбей калды. Токтонуп тура албай, байлануу атыма секирип миндим; минер замат эле аттын оозун коё берип, дембе-дем теминип сайга салдым; күрпүлдөп кирген дайраны бойлой каркыралардын артынан аңдыздап чаптым.

Кер кашкам, жаныбарым, кулак куушура жапырылып, эки капталына канат бүткөндөй зымырады; көк-жашыл жээк көз алдымда чимирилип, артыма карай зуу-зуу шиленди; эки этегим туудай желбиреп, кулагымда шамал ышкырды. Каркыралар түштөгү бир ажайып элес сыңары көз кырыман чыкпай кылактай берди. Мен күлүктүн оозун тартканым жок. Кер кашкам каркыраларга жакындап-жакындап барып – канткен менен канатсыз эмеспи – аста-аста кала баштады. Каркыралар болсо жаш чактагы бир ашкан сулуу кыял-тилек сыңарындай көңүл дегдеткен көрк менен алдыга озуп баратты. Мен жете албай калганыма өкүнүп, атымын башын тарттым. Каркыралар жарашыктуу желесинен жазбай кылактап учуп баратты. Мен аларга ичим элжирей сонуркап карап турдум да, токтоно албай кыйкырып ийдим: «Эй! Эй, каркыралар! Эй, керемет куштар! Канатыңардан таштай кеткиле-е-е!»

Ошондо күтүлбөгөн бир кереметке күбө болуп, адегенде көрүп турган көзүмө ишенгеним жок: менин кыйкырганым таасир эттиби же жөн эле өздөрүнүн көнүмүш жөрөлгөсүбү, айтор, каркыралар дароо желесин буза коюшуп, заматта бир сапка тизилишти да, көз ирмемге каалгып токтой калышып, канаттарын кагынып-кагынып жиберишти. Кагынган канаттардан бир-экиден канат күбүлгөнсүдү. Каркыралар кайрадан желе тартып жөнөй беришти. Ал эми күбүлгөн канаттар кыймылсыз тунук абада бир кур дилдир-дилдир этип алып, анан шоолаларга билинер-билинбес чагылышып, төмөн карай илең- салаң самсаалады.

Каркыралардын ойдо жок жоругу мени көңүл аптыктыра таңыркатып, катуу маашырлантты. Тула-боюм чымырап, эки көзүм жашка толо түштү. Күн нуруна балкып турган көгүлтүр асман жаш чайыган көздөрүмө асан-үсөн түстөнүп түркүн ыраңда кулпуруп көрүндү. Ошол кулпурган асмандан кызгылт-көк жашыл шоолаларга ширелишкен канаттар жайбаракат каалгый түшүп келатты. Мен бул ажайып көрүнүшкө арбалган жайдак атта делдейип тура берипмин. Аңгыча болбой самсаалаган канаттардын аябай эле ылдыйлап, куду дайра бетине түшчүдөй көрүнүп калганын баамдай койдум. «Кокуй, баары сууга түшөт окшойт!»–деп чыйпыйым чыкты. Мен атымы темингенче, канаттар дайра шарына жаай баштады. А дайра болсо киргилт толкундарын таштарга жанчкылап, тоңкочук атып, опоң-чычаң мөңкүп жатты. Канаттардан кур калат экемин деп чычкыланып, атымы түз эле аркыраган шарга салдым. Муздак суу дароо тиземе чаба берип, буттарымы какшатты. Теминген бойдон дайранын дал ортосуна барып, аттын башын өйдө карата бердим. Күркүрөгөн долу толкундар Кер кашканын омуроосун кочкордой сүзгүлөп, дароо чарт экиге жарылып, тула-боюн солк-солк эттире жан-жагынан аркырап ала салып жатты. Кутургандай алдас уруп күүлөнгөн шарлардан каркыра канаттарын акмаласам, сапырылган киргилт көбүктөрдөн башка эчтеме көрүнбөйт. Ал-аңгыча тоңкочуктап куланган толкундар арасынан бирдеме караң эте түшкөнсүдү. Ал бир көрүнүп, бир көмүлүп келаткан экен, жаныма жакын келгенде, эңкейип кол суна бердим да, жылмакай түктүү бирдемени мыкчый кармадым. Кармарым менен Кер кашкам күргүштөгөн өктөм шарга туруштук кыла албай, таканчыктаган жеринен тая түштү белем, ошо замат сендиректеп, чимирик болуп айланып кетти. Мен ат жонунан шыпырылып кала жаздап, бош колум менен жалга жармаштым. Ат чимирик-чимирик болуп, эки кулагынан башка эчтемеси көрүнбөй, шардын күүсү менен кошо кетти. Мен жаныман түңүлүп, ала чакмактаган көздөрүмү жума койдум. Аңгыча сайроон жерге жетип, буттары жерге тие түштү окшойт, жаныбарым Кер кашка бир катуу силкинип, кашатка карай бой таштады. Мен бурдай кармаган жалды коё бергеним жок, канчалык шаштым кетсе да, самындын алкындысындай жылмышкан түктүү немени деле колуман чыгарганым жок. Кашатка чыга берип карасам, кармай чыкканым күчүк экен. Сууга түшкөн чычкандын кебетесин кийген бир шүмүрөйгөн күчүк. Араң эле ысык жаны бар – жадагалса катуу үшүгөндүн белгиси кылып калтыраганга да шайы келбей калыптыр. Тула-боюнан суу шорголотуп, анда-санда өлүмсөк дирт-дирт этет.

Дагы бу кызыгын карабайсыңбы: желкесине бир канат илип алыптыр! Мен сүйүнүп кеттим. Жанагы дайрага күбүлгөн канаттардын бирөө мага чындап буюрган экен. А канатты алып жатканымда, күчүктүн жондорундагы эки түп тикенектей жалы колуму сайып алды. Ошондо мен дароо аңдай койдум; бу Орозаалы чалдын баягы түрү суук күчүгү экен. Оңбогон чал муну бая күнү эле жаман көрүп атты эле, сууга ыргытып ийген турбайбы. Же мага өчөшкөнүнөн ушинтти бекен? Чалдын таш боорлугуна менин ачуум келе түштү. Кийим-кечемен башымдагы калпагым эле кургак калыптыр. Мен күчүктү суу тебетейдей силкип-силкип, калпагымын ичине салдым да, жылынсын деп койнумун кургак жерине каттым. Көкүрөгүмөн ылдый суу шорголотуп шөмтүрөп турсам да, өлөрүмү элес албай дайрага киргениме өкүнгөнүм жок.

«Каркыра канатынан да бирди алып калдым! – деп аны кулагымын үстүнө кыстардым. – Баарынан да бир тирүү жанды өлүмдөн куткарып, чоң жакшылык кылганымы айтпайсыңбы!» Ушул ой менин көңүлүмө жарык шоола түшүрүп, денеми ысытып жиберди. «Бу күчүктү өзүм багып алам! – дедим ичимен кымылдап. – Оо, мындан ойротто жок өткүр ит чыгат!» Бирок аңгыча болбой менин оюм буйдала түштү. Бая эртең менен өрөпкүй толкуп турганымда бүгүн бирөөлөргө бир башкача кубаныч-шаттык тартууласам деп тилегеним эсиме кылт этти. Мен ошо замат «күчүктү өзүм багамдан» тарс айныдым.

«Баса, муну оо бир күнү эле Раиске ыйгарбадым беле, –деп эстей койдум. – Кой, муну ошо кишиникине апарып берейин. Бала-чакасы бир кубанып калсын. Башкалары кубанбаса да, менин ынагым Сарыбаш бир шаттыкка бөлөнсүн». Раистикине баратып койнума каткан күчүккө карадым. Ал бүрүшкөн бойдон калпактын ичинде жатат. Кичине жылып алганбы, жылмакай суу денесин болор-болбос бүлкүлдөтүп, атүгүл кыңшылагандай бир алсыз дабыш да чыгарып коёт. Бүрүшүп кылтыраган а бечараны мен аяп кеттим. Берки жатындаштарынан саал түрү суугураак туулуп калганы болбосо, бу бечарада эмне жазык? Бу жаныбар да жарык дүйнөгө кокусунан жаралбагандыр. Менин ырайымым козголуп, көңүлүмү муң каптады. Ошо замат жаркырап тийип турган күн кара булутка жашынып, жер бети көлөкөлөнө түштү. Көз алдыма дароо оо бир кезде чоң энемен уккандарым келе калды. Жаңы төрөлгөндө ушу мен да серт ыраңым менен көргөндөрдүн көбүн чочуткан экемин. Ошондой куник туулуп калганыма айрыкча ыракматы чоң энем катуу арданыптыр.

«Жатыны жаман арам, тууп бергениң ушу тири укмуш каракчыбы?» –деп кайран апамы кан кууруптур. «Бу ыраңы суук тукум бузат!» – деп наристенин күнөөсүн көтөрүптүр. Анан көп өтпөй таң азандан туруп, апама байкатпай мени үйдөн алып чыгып, сайга барыптыр. Ардуу кемпир мени сууга агызып ийеин деп ниет кылып, бирок анткенге даай албай, же тим койгонго да түтпөй, кашатта кайсалактап басып жүрүптүр. Бир маалда чымыркана бел байлап кашаттын башына жакын барып, көздөрүн бекем жуумп, мени кирген дайрага ыргытканы калыптыр. Ошондо капыстан бирөөнүн дабышы заңк этиптир: «Ай, ай, байбиче! Абайлаңыз, чүрпөңүз колуңуздан түшүп кетпесин».

Чоң энем селт чочуп, мени кайра бооруна ала коюп, көздөрүн чоң ачып караса, маңдайында ак боз атчан, аппак кийимчен, куудай сакал-мурутчан бир сөөлөттүү карыя туруптур. «Таң заарда дайранын шарапаттуу шапатасынан дем алдыруучу сиздей энеси бар небереңиз ырыстуу жан экен, байбиче!» – дептир ал ак сакалын жайкап. Кыраакы карыя чоң энем сынбасын деп анын мени дайрага алып келгенин жакшылыкка жоруп коюптур. «Кана, уулуңузду мага бериңизчи, – деп мени колуна алыптыр. – Оо, маңдайынан ырыс төгүлгөн бала турбайбы. Бу уулуңуз тегин туулган пенде эмес, байбиче. Көздөрү кыялкеч, эрди жука экен, уккан жанды кеби менен жашарткан сөзмөр болчу кейпи бар. Маңдайына карасаң, баатыр болчу түрү бар. Деги эсен жүрсө, эл мактанчу эр азамат болор, «кимдин уулу» дедиртип ата-энесин даңаза кылар».

Карыя мени кайра колуна карматканда, чоң энем ооз ачканга шаасы келбей абдырап, өзүн кыянаттуу иштен калкалап калган кишиге жаш агызган көзү менен гана алкыш айтып жалдыраптыр. Карыя шарт теминип жүрүп кеткенде, чоң энем мени бооруна кыскан бойдон телмирип кала бериптир, тек көздөрүнөн мөлт-мөлт куланган жаштар менин бетиме тып-тып тамчылап туруптур…

* * *

Мен күчүктү Раистикине тапшырып кайттым. Соксоюп жылаңбаш, атым да, өзүм да шөмтүрөп суу бойдон бастырып барсам, Раиса каным там капшытында күнөстөп отурган экен, мага таңыркай карап калды. Мен койнуман калпакты суура берсем, Раиса каным селт чочуп кетти; суусу кургай элек күчүктү көрөр замат ичиркене түшкөндөй далыларын тартып алды; күчүктү тартуулап келгеними айтсам, анымы албай турганын итиркейи келгендей түрү менен эле билдирип койду. Менин шагым сынып, жакшы ниетим ысытып турган көңүлүм шыргалаң суу сепкендей муздай түштү.

Ат башын терс бура береримде, кайдан-жайдан Сарыбаш чыга калды. Колумда кыңшылап тыбыраган күчүктү көрүп көздөрүн жайнатты, күчүктү колуна алганда, кудуңдап сүйүнүп кетти. Орозаалы чалдын күйпүл күчүгү раистин үйүнө мына ушунтип туш келди. Бирок тегинде куу тумшук туулган шордуу ошондо деле чекеси жылыган жок: жаңы ээлеринен мээрим сезбей, айлана- чөйрөсүнө аралашып кетпей, өз туушкандарынан да ырайым көрбөй, карыпчылык тартып чоңоё баштады. Баягы эле куник-серт кешпиринен улам ошентти. Анан калса ит баласынын мындай түрү суугун ким көрүптүр! Адеп көргөн киши: «Капырай, ушундай да куник ит болот экен ээ!» – деп жарыя айтпай же ойлонбой өтпөйт. Бет-маңдайы түксөйүп, башы калжайып, тыгырчык денесинен чоң көрүнөт; жүнү күлгө уйпалап койгондой даакыланып, чоңойсо барак ит болчудай үтүрөйгөн кейпи бар. Ошонусун билбей дагы анын дегеле адамга жакынын кантейин! Киши-кара көрсө эле эркелегиси келет, куйругун булактата шыйпаңдап жетип барат. Бирок барган кишиси демейде жипкиргендей боюн жыйрып, тумшуктан ары бир тебет, болбосо «кет!» деп кыжырлуу кагып салат. Багып алган үйүнүн чоң кишилерине ылым санап шыйпаңдаса деле жегени тепки, укканы «кет!» деген каккы.

Адатта балдар күчүк-мүчүккө ынак келет эмеспи, жадагалса ошолор да Жолборсту жаман көрүшөт; көздөрүнө урунса эле кыйкырып кубалап, таш менен уруп, каткырып күлүшөт; ыңгайы келсе жыга тээп, куйруктан тик көтөрө кыңшылатып, одоно тамаша кылышат. Чоң иттер болсо аны көргөн эле жерден баса калып, жулмалап салышат. Анын эч кимге зыяны деле жок, энеден түрү суук туулуп калганы болбосо, башка жазыгы деле жок.

Раистин үйүндө Жолборско мээр төккөн – жалгыз эле Сарыбаш. Ал ошо күйпүл күчүгүн жанындай жакшы көрөт, үстүнө үйрүлүп түшүп, башынан инисиндей сылап эркелетет, кээде жаш баладай көкүрөгүнө көтөрүп алмайы да бар. Экөө кайда барса да бир барат, эзели бир биринен айрылбайт. Сарыбаш аны бар жаманчылыктан калкалап, көрүнгөнгө түрткүнчүк кылбай, кайда болсо анын таламын талашып жүрөт. Ошо Сарыбаш, анын жапакечтиги, жөн билгилиги, мээрими болбосо, ким билет, Жолборс жашабай жатып көргөн кордуктарына түтө албайт беле? Ким билет, ким билет…

Мына, күчүгүн ээрчиткен Сарыбаш таң эртең атасынын атын айдап келгени беде аңызда чымын-куюн чуркап барат. Күчүктүн көз алдында жыңайлак, илмийген ичке, жылаңач эки шыйрак шибең-шибең тыбырайт; жаш беделер туурулган кара балтырларга чабылып, шүүдүрүмүн жаба чачат, чор тамандарга тепселип, анан көз жаштарын мөлт-мөлт агызганча чала-чарпыт серпиле кыбырап калат: сербейген беделер күчүктүн да буттарына илээшип, капталдарын койгулап, майда жашыл кулактарынан мөлтүр тамчыларын чачыратат; чаба тийип, тумшугун суу кылып, болор-болбос ичиркентип, итиркейин да келтирет, моокумун да кандырат. Илмең-илмең тыбыраган шыйрактардын арасынан тээ алыскы тоо кырындагы мала кызыл мунарыкта кызгылтым аттар зымырап, аттардын жонунда жаш балдардын күн карамадай тегерек баштары кызарган бойдон көзгө илешпей соксоңдоп бараткансыйт. Жок, ал тегерек неме күн карама да, балдардын башы да эмес, тек жаңы эле кырга тоголонуп чыккан кызыл күн экен. Күн азыр эле салкын көлөкөгө басылып турган ой-кырга жайдары күлө багып, зор жипчелердей жылт-жылт эткен узун кирпиктерин мээримдүү чачыратат. Сууланган илмигий шыйрактар жылтырап, жаш беделер күн нуруна кызарыңкы тартып, көз жашындай мөлтүрөгөн шүүдүрүмдөрүн жаркыратып, алтын буусуна чайкалгандай балкый түшөт…

Мен эртели-кеч жолдон өтүп калам. Чоңоюп эле калган Жолборс мени алыстан таанып, мага карай серең-серең жүгүрөт. Мен аттан түшүп, жолдун чекесиндеги арыктын жашыл ыраң кырына, кашкар талдын салкын саясына отура кетем, Жолборстун келишин күтөм.

Жайдын толукшуган маалы. Күн төбөдө өрттөнүп, жерге ысык илебин бүркөт. Арыкта бир кулак суу көңүл жоошута шылдырайт, жаныман жалбыздын коюу жыты буркурап аңкыйт. Жолдун наркы четине алда кандай чыгып калган кодура күн карама калдайган себетин асманга каратып, сапсары гүлдөрүнөн шире соруп ызылдаган аарыларды таназар албай, жалындай күн шоолаларын жаны жыргап шимирет. Маңдайкы аптап куйкалаган боз адырдын кырында ысыган аба закымданып, майда аарылар уйгу-туйгу учуп жаткандай жыбыр-жыбыр этет.

Аңгыча болбой жаныма акактап Жолборс жетип келет. Кызыл тилин салаңдатып, куйругун булак-булак ойнотуп, акылдуу көздөрүн жайнатып, түз эле тиземе жармаша кетет. Мен аны апаптагандай ээк алдынан кармалап эркелетем, жонунан сылагылайм, кулагынын түбүн кашылап кытыгылайм. Анан мен андан мээрим менен сурап калам: «Ал-жайың кандай, Жолборсум?» Күчүктүн жайнап турган көздөрү капыстан өчүңкү тарта түшөт. «Акыбалым кыйын, баары мага кас, баары мени ызалайт!» – деп арыз-муң айтат а көздөр. «А Сарыбашчы, а кандай бала?» –деп коём мен. Жолборстун муңайым көздөрү дароо күлмүң этет: «Жакшы бала, а болбосо шорум аябай кайнамак экен». Мен ага дагы суроо берем: «Билесиңби, көп кишилер эмнеге сени жаман көрөт?» Күчүктүн көздөрү кайрадан маңыроо тартат: «Билбейм, эмнегедир баары эле мени жектейт ко». Мен анын көздөрүнө тике карап туруп олуттуу кеп салам: «Сен билбесең, мен билем. Сен башка күчүктөргө окшош эмессиң. А көпчүлүк башкалардан айырмаланып, аларга окшобой тургандарды адатта жакшы көрбөйт. Сен көпчүлүккө капа болбо, алар ар кандай нерсенин сыртын көрүп гана бүтүм чыгара берет, анын данегин, маңызын, ички касиеттерин көрө албайт».

Күчүктүн көздөрү коюлуп, ойго туна түшөт. «Алар сенин маңдайыңа кадаланып карашпайт, – деп кебими улантам. – Ошенткен кыраакы киши эле сенин ички дасмияңды даана көрмөк: көздөрүңдө итке ыраа көрбөс акыл бар, баш териңде азыр айкын көрүнө элек айбат бар, кебетеңде көмүскө бир жамал бар». Күчүк уялгандай жер карап, ыңгайсыздангандай кайсалактап калат. Анын ошондогу кейпи: «Койсоңчу, кантип эле мен байкуш ошондой болоюн?» – деп айтып тургансыйт. «Жо-жо-жок, апыртпай эле чынын айтам, – дейм мен. – Ишенип кой, сенде кайбар ит болчу белгилердин баары бар. Бат эле көркүң чыгат, бүткүл айбатың таасын көрүнөт. Далай азаматтык кылып, эл оозуна алынасың. Башыңа сыймык конот, атагың алыс кетет».

Күчүктүн куйругу кубанычтуу булактап, көздөрү анча ишене бербей жалдырайт: «Чын эле ошондой болобу?» Мен тарс эле кесе айтам: «Дал ошондой болот! Сен азыр кордук көргөнүңө кайгырба, анын да пайдасы бар: сени ошо кордуктар өжөр-өлөрман, кайраттуу, бышык кылат. Билип кой, эрке өскөн балдардан деле, күчүктөрдөн деле кыйындар чыкпайт. Баарына чыда, азаматым, атаман болосуң!» Жолборс кудуңдап сүйүнүп, сүйүнгөнүнө чыдабай так секирип ойнойт. Ал булактаган куйругу, жайнаган көздөрү, жалпы эле үтүрөйгөн кебете-кешпири менен: «Ыракмат, ыракмат!» – деп Ит атаар жана башкалар шыйпаңдайт. «Эчтеме эмес, мен чынды чындай, болорун болордой айтканды жакшы көрөм», – деп ордуман козголуп турам.

Карапайым кыргыз, эгер ал ышкылуу мерген болбосо, демейде ит жаныбарды кор тутат, бапестеп бага албайт. Мал сойсо, канын, арам жерин, сөөк-саагын таштап берет, калган убакта карандай жугундуга гана каратып коёт. Анан дайыма чала тоют жүргөн ит аргасыз жер шимшилеп, ыпылас бирдемелер жейт, сасыган тарпка кыныгат, дүмбүл кемиргенге өчүгөт. «Чай бергенге май берген» жоомарт эл ит бакканга келгенде ушундай сараң, ушундай кайдыгер. Биздин Раис деле ит күтүш жагынан көпчүлүктөн айырмаланган жок. Ошол себептен кайран Жолборс көп убак чала тоют калат. Анын үстүнө Жолборс иттин пакизасы чыкпадыбы: жугунду ичпейт, ыпылас неме жебейт, какыр-чикирдин арасын шимшилебейт. Ал эми эртели-кеч үйдөн жеген загыра нан жумуруна жук болбойт. Бирок Жолборс кезерген бойдон эле тим жүрө берген жок.

Кара курсактын кайгысы аны бейпайга салып, кеч күздө үйдүн төш жагындагы токойчого айдап барды. Аерден ал өзү күтпөгөн жем- тамактын кенчин тапты. Токойчонун салкын күүгүмүнө адеп киргенде эле ар кошкон коюу жыттардан башы эңги-деңги боло түштү. Кайсы жыт эмненики экенин айра албай, тек напси козголуп, шилекейи акты. Бир аңкыган таттуу жытты ээрчип барып, жапайы алчанын жерге төгүлүп додолонгон мөмө-чөмөсүнө туш келди. Кыстаган напси чыдатпай, додо алчанын үстүнөн бир сапар «ап» деди. Чайнап көрсө, алчанын майда сөөктөрү морт, эзилген илээшчек эттери кыйгыл таттуу экен. Алкы ачыла түшкөн ит алчадан лак-лак тиштеп, аптыгып-аптыгып сугунду. Тойгуча жеген соң бирөөдөн коругансып алчанын жанына жатып эс алды. Көп өтпөй жаңы эле кампайткан курсагы ачышып, өзөк тарттыра ачка кылып, итти кайра жер шимшилетти. Ал жерге түшкөн эки-үч жаңгак таап, катуу кабыгын карс сындыра чайнады, майлуу-ширин маңызын сөөктөрү менен кошо чайнап-чайнап, ыракаттана жутуп ийди.

Бат эле жаңгак чагып жегендин кыныгын алып, сары сойгок чөп арасынан нымда жатып борсуган жаңгактарды таап жеп, аябай маза кылды. Курсагы тойгондо гана каны катып суусаганын билди. Шимшилеп жүрүп бир жетим булактын чөйчөктөй көзүн таап, чаңкаганын кандырды; чөп-чар аралаш алча баты жабышкан мурду-башын тазалап, карды менен көңүлү ток үйгө түшүп келди. Ошол күндөн тартып, Жолборс эртең менен үйдөн буюрган шыбагасын шам-шум этип эле төштөгү токойчого желип-жортуп барчу болду. Шагынан күбүлгөн мөмө-чөмөлөрдүн ар кошкон жыттарын алыстан айра таанып, айрыкча жаңгак таап жегенге көбүрөөк кызыкчу болду. Бирок күн өткөн сайын күбүлгөн алма-алчалар жегенге жарабай, жаңгактар да тумшугуна көп урунбай, иттин жок жерден табылган ырыскысынан береке кача баштады.

Бир күнү Жолборс чирий баштаган чөп, жалбырак, мөмө- жемиштин жыттары кыйгыл-муңдуу көңкүп турган токойдо адатынча жер шимшилеп баратып, капыстан кандайдыр бир өзү билбеген жандуу неменин коңурсук жытын алды. Бейтааныш жыт анын канын кызытып жиберди! Ошо замат кулагы тикчийип, алдыңкы бир буту өзүнөн өзү көтөрүлүп, денеси муштумдай түйүлүп, селейген бойдон туруп калды. Алиги коңурсуган бейтааныш жыт улам жакындап, жакындаган сайын Жолборстун делебеси козголуп, тула боюн майда калтырак аралады. Байкоостон чөп арасы шытырап, алдынан жөрмөлөгөн бирдеме апыл-тапыл чыга калганда, ит селт этип чочуп, түйүлгөн денеси жазыла түштү.

Өмүрүнө коркунуч туулганын туюк туйган тиги неме жаналы калбай тыбырап, чөп-чарга чалынып, «чый-чый» этип далбасалап, качам деп томураңдады. Жолборс турган жеринен кантип атып кеткенин өзү байкабай, эки-үч аттап эле тиги келемишти шап баса калды; жаны кашайып чыйылдаган бечараны колдору менен будамалап, бурдай тиштеди. Курч тиштер ар кайсы жерин «тыз-тыз» эттирип денесине киргенде, келемиш тыбырап чыйылдады, тыбыраганда жумшак жүндөрү иттин таңдайын кытыгылап сайгылады, «чый-чый» эткен заар чыңырык менен таңдай кытыгылаган жүндөр Жолборстун итиркейин келтирди, бирок ошо замат оозуна тил куйкалаган ысык кан жайылып, көздөрү караңгылашып, жаны магдырай түштү. Жолборс талаадан таап жеген кандуу эттин даамын ушунтип билди. Эми ага загыра нан менен жаңгак топурак даамданып калды. Эстеген сайын оозуна келемиштин жумшак этинин таттуу даамы келет, мурдунан ысык кандын буруксуган жыты кетпейт. Күндө токойчого чагып барат да, кара тумшугун былкылдатып келемиш жытын искейт, шырп алдырбай абайлап басып, чоң үмүт менен жер шимшилейт. Кээде гана тумшук батар-батпас тар ийиндерден келемиштин билинер-билинбес жыты жаңгак жытына аралаш аңкып калат, ошондо Жолборстун оозуна келемиш этинин мазалуу даамы толо түшөт.

Ит тумшугу менен түрткүлөп, алдыңкы буттар менен апчылап ийин каза баштайт. Жан-алына карабай жер тырмалап, тырмактары канаганча тырбалаңдап, шалдырап шайы оогуча көшөрүп казат, бирок жарытылуу арбытып үңүй албайт. Ийин казган иттин иши эмес экен, анчейин бир кур далбаса экен. Ушуну түкшүмөл сезип туйганда, Жолборс таманы чокко күйгөндөй тыбырап, заманасы куурулгандай кыңшылап, уңулдап улуп да иет. Жолборс келемиштен жолу болбой жүрүп, акыры дагы бир жаңы кумарга кабылды. Ошо күнү биринчи кар жаап, эми эле басылган эле. Чала тоют Жолборс басса мамыктай жумшак сезилип, бутун үшүткөн ак карга таң калып, демейкисинче токойду шимшилеп жүрдү. Бир кезде кар баскан караган дүпкүрүнөн кардын салкын жытынан айырмалуу коңур жыт бур дей түштү. Жолборстун тула бою өзүнөн өзү түйүлө калды. Жыт болсо напси козгоп ашкере таттуу бурулдап турду!

Ит токтоно албай, жыт чыккан жакка бет алды, дүпкүрдөн бирдеме булт этип, серең-серең качып жөнөдү. Алдастай түшкөн ит бир аз буйдалып, анан коёндун артынан кууду. Денеси эркинен тышкары чыйралып, буттары ала качып, атүгүл абалап үрүп алганын да өзү билген жок, тек аны кандайдыр бир сыйкырдуу күч чымын-куюн чуркатып баратты, көздөрүнө коёндун серең-серең эткенинен башка эчтеме көрүнгөн жок. Бирок коён бат эле көзгө илешпей, кайдадыр житип кетти. Жолборс күч менен дагы кыйлага адыраңдап барып, коёндун жытын жоготту, көзүнө эчтеме чалдыктыра албай, кар жытынан башканы сезбей калды. Канга толгон көздөрүн кызартып, жогдор жүндөрүн үрпөйтүп, тилин кере карыш салаңдатып, көпкө чейин жаалы тарабай буулугуп кыңшылады. Жолборстун канында уктаган аңчылык ышкысы ушундайча ойгонду. Арийне, бир ойгонгон ышкы оңой менен кайра тынч албайт эмеспи. Жолборс күн сайын керээли-кечке ар кайсы жерден коёндорду үркүтүп сереңдете кубалай берип бир күнү бир коёнду кармап жеди. Ошо жеген эт аны аңчылыкка ого бетер ышкыдар кылды. Бир сапар карда көчүгү томурайып жаткан кекиликти басып жеп, ошондон кийин кекилик ууга көбүрөк кунт койду. Нары сак, нары күлүк коёнду кубалагандан көрө баёо кекилик басып жеген оңой экен. Биринчи жааган кар эрип, жер кайра карарып, анан капыстан суу карлап жаап ийди. Кекилик дал ушундайда болот эмеспи. Кекиликтер турган жеринен топ-тобу менен түштүккө карай тумандап учуп жөнөштү. Бирок алар бат эле сууланган канаттарын көтөрүп уча албай, карда араң басып калышты. Ошо күнү Жолборс эки кекилик басып жеп, чечекейин чеч кылды. Кийин ачык күндөрдө деле кар менен жөө өрдөп качкан кекиликтерди кубалап көрдү. Кээде гана бирди-жарым жармачын жебесе, көп учурда кекиликтин баарын тоонун кырынан ашыра кууп, үйгө кур ооз келип жүрдү. Анын ошо келгендеги түрүн көрүп ал: өзү өлгүдөй чаалыккан, көздөрү канталап кызарган, желке-жон жүндөрү бубактанган, сууланып батташкан курсак-каптал жүндөрү музга айланып шакмарланган. Кыймылдап койсо эле шакмарлар бири-бирине урунуп, тили үзүлгөн майда коңгуроолордой күңүрт үн чыгарып шыгырайт. Эгер аңчылык ышкысы ойгонбосо, Жолборс, ким билет, башка айыл иттериндей эле борпоң, илээнди болуп тим калат беле? Ким билет, ким билет…

Кантсе да ошол ышкысы аны карапайым иттерге окшотпой, өмүрүн мазмундуу, өзүн чыйрак-тың кылды; кайрат- эркин курчутуп, туюмдарына назик жана сезимтал касиет берди. Бирок кыш бою керээли-кечке талаада жүрсө да, Жолборсто жолбун иттин кыял-кейпи пайда болгон жок.

* * *

Кыштак чөйрөсүндө калың кар кетип, качкан кыштын элеси тээ тоо баштарында гана бүлбүлдөп, кайрадан көгөрүп жаз келди. Жыл айланып, Жолборс да бир жашка толду. Анын ошондогу келбетин көрүп ал: бүткөн бою сом темирден уютуп жасагандай чулу, көкүрөгү дагдагай, курсагынын чандыр жагы кынжыйып ичине тартыңкы, буттары нары узун, нары москоол. Айтор, килейген бир сымбаттуу дөбөт. А башы болсо калдайып чоң, арстандыкындай апсайыңкы. Желкесиндеги эки түп катуу жалы бар жогдору да арстандыкына окшош. Кокус алдыңан карп-курп чыга калса, айбаты арстандан кем эмес.

«Атаңдын көрү, өмүрүмдө бир катуу жаңылыпмын, – деп арман кылып калам. – Ка-ап, атын Арстан койбой, бекер Жолборс койгон экемин!» Ал эми кээде иттин сөөлөтүн маашырлана карап туруп: «Мунун анча-мынча арстандан чалымы бар го, я?!» – деп да кетем. Арстандан чалгашмасы бары, албетте, шек санатат, бирок анда ар кыл иттердин насилинен бары күмөнсүз. Менин болжолумда, анын заадиси түрктүн койчуман апчаркесинин, өзүбүздүн эле тайгандын, карапайым короочу иттин, анан дагы бир мага белгисиз бир ит тукумунун канынан куралса керек. «Курама темир курч болот», – дейт ко эл макалы. Жолборс да, балким, ар кошкон кандын аралашмасынан бүтүп, ошондой асылзат жаралгандыр? Ким билет, же аны карапайым эле короочу канчык кокустан ушундай мыкты тууп койгондур? Эмнеси болсо да, Жолборс ит аттуунун бир сырттаны туулуп калган экен.

Адамдын оюн айттырбай билген зиректигин айт! Ажалдан кайра тартпас баатырлыгын айт! Баарынан да көздөн далдаа нерселерди айныбай таамай көргөн, ар кандай кырсыкты күн мурунтан сезе билген кыраакылыгын айт! Жолборс ошо жылы жайында жакынкы күндөрү табиятта бир кырсык болорун алдын ала туюп, жаны жай таппай кайра-кайра кыңшылап, маал-маалы менен улуп ийип, эки күн аябай беймаза болду. Ал эми үйдөгү кишилер эчтеме сезип-туйбай беймарал; кырсык жакындап калганы бирөөнүн да капарында жок. Жолборс ээлеринин ошонусуна күйүп-бышып кыңшылады, жаны кашайгандан улуп-уңшуп жиберди. Ошондо үйдөн бирөө чуркап чыгып, сөгүнүп-сагынганча итти уруп кубалады. Кырсык келерине аз-аз калганын катуу сезген ит жаны чыгып бараткандай улуп-уңшуду. Ошентсе деле үйдөн эч ким чыккан жок.

Жолборстун таманы чок баскандай тызылдап, заманасы куурулду. Кырсык болсо улам жакындап келе берди. Жолборс эми чыдай алган жок, көкүрөгү менен каалганы түртүп ачып, үйгө килеңдеп кирип барды. Үйдөгүлөр үрпөйүп чочуп кетти, кичинекей кыздар корккондон кыйкырып ийишти, кимдир бирөө «кет!» деп ачуулуу бакырды. Ит алардын баарын элес албай, канталаган көздөрүн алактатып, күтпөген жерден текчеге секирди да, Раистин калпагын тиштей качты. Үйдө отургандардын баары чуркурап ийишип, бир дем менен өйдө болушуп, жөөлөшүп эшикке атып чыгышты. Дал ошо кезде кайдандыр бир күңүрт дүңгүрөгөн дүбүрт келип, аны менен кошо бак-дарактар силкинип, тамдардан качыр-кучур, калдырт-кулдурт, шаңгыр-шуңгур, күпө-күп деген табыштар чыгып, жер титиреп кетти. Ырас, ошондо жер кыйла эле күчтүү титиресе да, анча көп зыян келтирген жок. Кишиден деле, малдан деле чыгаша чыккан жок. Тек терезелердин айнектери талкаланып, тамдардын дубалдарынан жарака кетип, анча-мынчаларынын гана шыптары оюлуп түштү. Ошо шыбы түшкөн үйлөрдүн бири Раистики болду. Шыптын так ортосу тешилип, куду үй-бүлөсү менен чогуу отурган жердин үстүнө лап кулаптыр…

Жай чилдеде Раиса каным өлүм төшөгүнө жатып калды. Жолборстун көңүлүнө кайра да кабатырлык аралап кирип, тынчын кетирип, мазасын ала баштады. Кыйла күнгө чейин эмнегедир кулагына уу- чуу каңырыштап, көздөрүнө жаман бирдемелер караңдап, өзүнчө эле бук болуп жүрдү. Барган сайын буулукканы күчөп, көкүрөгүнө дүмөктүү бүдөмүк сезимдер толуп, эртели-кеч уңулдап улугусу келе берди. Жакын арада бир жамандык болорун айбандык керээти менен түкшүмөл туюп, бирок кандай жамандык экенин айкын биле албай, купуя күйгүлтүк тартты. Чөптөр куурай баштаганда гана Жолборс раистин куттуу үйүнө кара кийимчен кайгы каптап кирээрин таасын билди. Көңүлү сыздап ачышып, жаны жай таппай чебеленди. Жакшы көргөн кишисинин табытта жатканын, үй ичинин чуркурап ыйлаганын, адам күйүтүнүн кара-кочкул өңү-түсүн көргөндөн заарканды. Эмне кыларын билбей мукурап, үйдөн алысыраак барып уңулдап улуп алды да, артын карабай качып берди. Ошондо Раиса канымдын үзүлөрүнө бир жума калган эле. Жолборс Күндү-Жаңынын токоюна качып барып, аерде кайгы тартып каңгырап жүрдү. Жетинчи күнү таң атканча жаман түштөр көрүп чыгып, таңга маал сагызгандын шакылыктаганынан селт чочуп ойгонду. Кулагы катуу чуулдап, ичинде бирдеме лук-лук ооругансып кетти. Жолборс жаткан жеринен атып туруп, алапайын таппай кайсаңдап, улуп ийчүдөй асманга карады. Сүрүп келаткан таңдын илебинен көк кыйыры саал агарыңкы тартып, жыбыраган жылдыздар сепкили кадыресе суюлуп, тек гана бирин-серин калгандары терилип өчүп атыптыр. Аңгыча болбой бүлбүлдөгөн жылдыздардын бирөө тамчыдай куюлуп, бийик тоо кырынан ары тамгандай болду. Эмнегедир Жолборстун жүрөгү шуу этип, үрөйү учуп, каңырыгы түтөй түштү. Чыдай албай ачуу үнү менен улуп-уңшуп жиберди. Ошо ченде Раиса канымдын жылдыздай жанган көздөрү түбөлүк жумулган эле.

Жолборс а күнү керээли-кечке, эртеси бешимге чейин жаңгактын калың көлөкөсүн сыйынттап жатты. Бешим оогондо ордунан козголуп туруп, өйдө карай бет алды. Кырга чыга берип токтоду да, тумшугунун карасын былкылдатып, түбүнөн кусалыгы кайнаган көздөрү менен төмөн жакка карады. Кыштактын үстүн көгөрүңкү дакидей жука мунарык чалып, мунарык арасынан өндүргө тартипсиз салынган тамдар үтүрөйүп көрүндү. Бу кырдан түзгө карай түшкөн кыя жолдо далыларын капалуу үңкүйткөн атчандар кыркаар тар тып ылдыйлап баратты. Берегирээк жакта чөбү такырайта орулган көрүстөн-дөбө жыш дөмпөйгөн эски мүрзөлөрү менен, андан-мындан сербейген дарактары менен, сынынан кетип кыйрайган беш-алты кабыры менен азалуу дүмпүйүп турду. Ошо көрүстөн-дөбөнүн тескей боорунан Жолборстун көзүнө дароо жаңы мүрзө чалынды. Мүрзөнү көргөндө эле ит кыңылдап ийип, төмөн карай салды.

Дөбөнүн этегине жетип, кайра бир аз өйдөлөп чыгып, жаңы мүрзөнүн жанына шүмүрөйүп басып келди. Жаңы казылган турпактын, кыйылган чөп тамырларынын, теринин аралаш жыттары мурдуна бур урду. Мууну бошоп, тула бою шалдырап, төрт буту бирдей бүгүлө түштү. Шалк жата калып, мүрзө дөбөчөсүнүн четине башын койду. Көкүрөгү дирт-дирт этип, көздөрүнөн мончок-мончок жаш агып кетти. Аккан жаштары ак топурак кесектерине кара чекит болуп кадалып жатты. Жолборс а түнү мүрзө башында күтүп, эртеси шашкеде үйүнө келди. Анын келгенин элден мурун раистин тун уулу Түмөн көрдү. Көрөр замат кабагы карыш салынып, ачуусу бетине түктүйүп чыкты. Анткен себеби, раистин тун уулу үй башына калайман түшөрүн билип качканы үчүн Жолборсту жек көрүп калган эле. Бу кайгы-азалуу күндөрү Түмөн өзүн кандуу салгылашта катуу жараланып жаткан жоокердей сезип, а ынак досу Жолборсту болсо өзү ошентип жатканда таштай качкан шеригиндей санап кектеп жүргөн эле. Качкан итинин кайтып келгенин көргөндө көкүрөгүнен кектүү сезимдер көтөрүлүп, тамагына тиреле түштү. Көзүнөн чаары чыгып, жаак эттери бүлөө жондонуп түйүлдү.

Кекенген баланын баамына иттин жүдөмүш түрү, кайгылуу кыяпаты, астыртан айыптуу караганы да байкалган жок. Тек көз алдында жек көрүмчү ит шүмүрөйүп турду. «Оо, дайиз Жолборс!! – деп ызырынды ал. – Сен дезертир экенсиң, эми дезертир катары жаза тартышың керек!» Аңгыча болбой Түмөндү үйдөн атасы табыш салып чакырып калды. Бир жакка шашылыш жумшады белем, Түмөн ичкертен түнөрүңкү чыгып, Жолборско жаман көзү менен үлүрөйө карап койду. Анан шыпылдай баскан бойдон жогорку айыл тарапка кетти. Кеткен жагынан бешим ченде келип, келери менен Жолборстун курсагын кампайтты. Анан эки кулачтай ичкерээк жип менен итти мойнунан байлады да, жетелеп жөнөдү. Чоң жолго чыкканда ылдый карай салды. Өспүрүм бала менен жетеленген иттин буттары жолдун калың чаңына бурт-бурт батып, байкалар-байкалбас тозоң ызгытып, узунду-кыска мөөр басып баратты. Кыштактын чатына чыга бергенде Түмөндүн кулагына суунун шары чалынды. Ал итин жетелеген бойдон таш жолдон түз өтүп, Жазынын сайына түштү. Сайдагы токойдон дарак жалбырактарынын, өлөң чөптүн, кумдак сыз топурактын жыты менен салкыны бетке урду. Түмөн токой аралай кеткен бир таман жол менен бат эле жээкке жетип барды.

Алдынан көлдөй көйкөлгөн чакан суу мейкини шаңк ачыла берди. Жазы дайрасынын жайылып жай аккан, көлмөлөнүп мелмилдеген, иримденип көгөргөн жайык жери да, терең жер да ушул эле. Суу жакалай соройгон сыпай жыгачтарынын бирине кичинекей кайык байлануу экен, жылжып аккан сууда жайма-жай термелип туруптур. Түмөн итин жетелеп кайыктын тушуна басып келди. Таштардын арасынан коондой чоң сүйрү ташты тандап алды. Кайыкты чынжырынан тартып жээке жакындатты да, ичине ошол ташты коомай ыргытты. Таш кайыктын түбүнө дүп этип тийип, андагы суу чалчыгын чалп дедире чачыратты. Жамандыктан бейкапар Жолборс шилтеп койсо эле өзү кайыкка секирип түштү.

Түмөн батинкечен суу кечип кирди, кайыкты катуу түртүп, кырына жармашты. Тырмышып чыга бергенде кайык оодарыла жаздап барып кайра түзөлдү. Түмөн кайыктын бурчундагы туура жыгачка ыңгайлана көчүк басып, жалгыз калак менен шарпылдатып суу шилей баштады. Кайык жылжыган агымдын ыгы менен көлмөлөнгөн көк жайыктын ортосун карай жайбаракат жыла берди. Жолборс кайыктын орто ченинде беймарал чочоюп отурду. Былкылдаган кара тумшугу менен көк кашка суунун салкын жытын искеп, бет маңдайындагы кубулуштарга сонуркай карады. Мелмилдеген суу күзгүсү кыйгач түшүп чагылышкан шоолалардан жылт-жылт жылдызданып, асмандагы булайган аппак булуттун сөөлөттүү сүрөтүн кучагына катып, көгөргөн тереңинде аруулап чайкап-жууп атты. Өйүздөгү тармал токойдун жашылына жашынган күкүк кимдир бирөөнүн жашын санай муңканып, кайчы канат чабалекейлер кашат үстүндө зып-зып учуп оюн салып жүрдү. Тээ алыскы кызгылтым мунарык арасынан күндүн алтын алкагы чоктой кызарып, көк мелжиген тоо кырына чукул эңкейлеп баратты.

Көрккө тунган керемет дүйнө Жолборстун көзүнө бир башкача ажайып көрүнүп, көңүлүн элжиретип, жашоо кумарын экилентип ийди. Капылестен алиги коондой таш сууга чулп этип, ташка чырмалган жип кайыктын кыры ылдый сойлоду. Ошо замат Жолборстун мойнундагы сыйыртмак сыдырылып, желкесине катуу өтүп, башын эңкейте тартып жиберди. Ит дароо жамандыктан шек алып, кежигесин кержең эттире кетенчиктеди, жаны көзүнө көрүнүп, алдыңкы буттары менен кайыктын капталын чирене тепти; ичинде өлүм коркунучу тыбырчылап, сууга сойлогон жипти апчый тиштеди. Жипке байланган таш ылдый тартып, жан талашкан Жолборс тескери тартып, кайык калт-култ чайпалып кетти. Түмөн алдастай түшүп, иттин арткы буттарына жармашты. Жолборс өлө-тала кайыкка тырмышып, жипти кырча тиштейм деп карышты. Түмөн ала салдырам деп иттин арткы буттарын көтөрө койду; Жолборс бар күчү менен туйлап-туйлап ийди; калт-култ этип турган кайык опоң-чычаң мөңкүп барып оодарылды. Жолборс тоңкочук атып сууга чаначтай чабылды. Кулап баратып апчый тиштеген жибин кырча тиштеп салганга үлгүрүп калды. Түмөн сууга башы менен сайылып, ошо замат суу жутуп, чакап кетти. Буттарын тыбыратып, колдорун тарбаңдатып, өйдө карай атылды. Башы суудан сороң этип, абадан аптыга жутуп алды. Карайлаган көзүнө кайык чалынып, ага карай далбасалап бой урду. Суудан күч менен суурулуп, колдорун созо жайып, көмкөрүлгөн кайыктын үстүн чапчыды. Кайыктын сырты самындын алкындысындай экен, колдору жылмышып тайгылды; кайык үркүп кеткендей шарт нары качты; Түмөн суу кулачтай жыгылып, сууга көмүлө түшүп, кайра атып чыкты. Атып чыкканда аптыккан алкымынан суу бүркүлүп, алактаган көздөрүнө батар күндүн жаркырак нурлары чабылып тийди. Түмөн кол-буттарын арбаң-тарбаң иштетип, солкулдак денесин ийреңдетип, өлө-тала сүзө баштады. Бирок көйнөгү этине жабышып, батинкеси буттарын оорлотуп, шалбыраган шымы төмөн тартып, башбалдак атканга кадыресе каргаша кылды. Антсе да Түмөн тырбалаңдап чабак ургансып атты. Жакын эле жээк алыс көрүнүп кылактап көзүнөн учту.

Көп өтпөй акактап чарчап, шалдайып шайы ооп, кол-буттары араң кыймылдап калды. Ал аңгыча колдору карышып, буттарынын тарамышы түйүлдү. Бирөө бутунан ылдый тарткансып, башын суу көмө жаап, акылын «өлдүм!» деген ой тепчип өттү. Думукканы кыстагандан аптыгып, оозу-мурду менен суу жутуп алып, көңүлү караңгылай түштү. Атып чыгам деп тырбаңдап, кайра-кайра аптыгып, үстөккө-босток суу жута берди. Акыры күчүн үрөй суудан башын чыгарып, булдурап бир бакырып алды. Сууга кайра чумуп, деми чыкпай тумчугуп, жан далбасага да алы келбей, эстен танып баратты… Эң соңку бүдөмүк туйганы бул болду: кимдир бирөө мүрүсүнөн капшыра кармап, өйдө карай тарткылап аткансыды.

* * *

Жолборс эси оогон Түмөндү сайроонго сүйрөп чыгып, анан жээкке карай тарта берди. Өңү кара көк тарткан Түмөн абадан билинер-билинбес дем алып, акырын-акырын тириле баштады. Башы жээктин кумуна сүрүлүп тийгенде көздөрүн аңтара ачып, эс-мас акылы менен аман калганын билди. «Өлбөй калдым!» деген ой дем-күч берип ийди белем, ал башын өйдө кылып, жөрмөлөй тура калып, жээк кумуна темтеңдей кадам койду. Ошол замат көөнү айланып, оозу- мурдунан суу атып кетип, кайра эсинен танып, кумга көмкөрөсүнөн жыгылды. Бир саамда эсине келип, башын күч менен көтөрүп, чыпталышкан көздөрүн зордоп ачты.

Так маңдайынан шөмтүрөй суу болуп, тыбырчылай кыңшылап, көздөрүнө жаш алып турган Жолборсту көрдү. Иттин мойнундагы сыйыртмагы шалкы салбырап, жонунун сууланган жылмакай жүндөрү батып бараткан күн нурунан өрт чалгандай жалындап күйүп турган экен. Түмөндүн тирилгенин көрөрү менен Жолборс бир катуу силкинип, чалкасынан кетчүдөй так секирип, оозун аңырайта ачты да, куду каткырып жибергендей кубанычтуу арсылдап үрдү. Алсырап жаткан Түмөндүн акыл-эсин кечиккен өкүнүч өрттөдү: «Эх, мен акмак болбосом, ушул асылзат итти да сууга чөгөрөм деп алдас урамбы?!» Бир чети уялгандан бети чымырап, бир чети жетине албай ичи элжиреп, маңдайы менен кум сүздү да, бышаңдап ыйлап ийди…

* * *

А жылы кыш бороон-чапкындап эрте келип, кар оңбогондой оор түштү. Жолборс былтыркыдай эле аңчылык кумарына азгырылып, көкүрөгү менен калың кар жиреп, курсак-капталдарын шакмарлатып, кекилик, чил, коён уулап жүрдү. Бир жолу кекилик этине лыкыя тоюп, анан жаңы кармаган бирин эмне кыларын билбей үйгө тиштеп келди. Буга раистин балдары так секирип кубанышып, үйдү үч көтөрө кыйкырышып, көрүнгөнгө мактанып сүйүнчүлөштү. Ошондон көп өтпөй талаадан араң жанбы же өзү эле өлүп калганбы, айтор, бир түлкүнү басып, аны да үйгө тиштеп келди. Буга бүт айыл аң-таң калып дуулдады. Ошону менен кыштак калкынын арасында Жолборстун баркы дароо көтөрүлө түштү. Анан кыш чилдеде кылган бир азаматтыгынан кийин иттин зоболосу тим эле асмандап көкөлөдү. Ал азаматтыгын Жолборс Жоро шайтандын тамынын аркасында жасады.

* * *

Адатта өлгөн кишинин артынан жаман айтпайт эмеспи. Бирок өлгөндөн эле кишинин тирүүсүндөгү баасы, жүргөн-турганы, кылган-эткени жакшырып кетпейт ко. Өлүү болобу, тирүү болобу – деги адамдын ким экенин так өзүндөй кылып айткандан өтөрү жок. Эгер ыраматылык Жоро шайтандын жайын айтсак, ал жарытып деле жарык дүйнөнүн көркүн чыгарган эмес. Өлөр-өлгүчө жамаатка кандайдыр бир пайдалуу иш кылганын мен билбейт экемин. Куурай башын сындырбаган жалкоо эле, өз көмөчүнө күл тарткандан башканы билбеген өзүмчүл эле. Жалгыз башына ошо жаман касиеттери аз келгенсип анын аржаңдаган ажыккыздыгычы! Куудулданып сүйлөйм деп далбаса кылчу, бирок сөздү эбине келтирип сүйлөй албай, тузу жок аштай даамсыз бирдеме кылып салчу.

Кээде мага да тийишип калар эле, мен чукугандай тапкан эки-үч ооз сөз менен анын жаагын жап басып, кынына киргизип койчумун. Баарынан да анын коёндой коркоктугучу! Жайчылыкта мактанып отурса, дегеле андан баатыр киши жок. Качырганын камандай кайсаган көк жал тим эле, көк жал! Ал эми эрдик түгүл, жөн эле эркектик сыналчу жерге келгенде… Кыш чилдеси кирген буурадай зиркилдеп, темир аяз чыкылдап, тышта катуу суук. Очойтуп оор жаап салган кар айсыз караңгы түндү байкалар-байкалбас буурулдантып, ыркыраган шамал тамдын камыш чатырын дүмөктүү шуулдатып турду. Кеч киргенден бери көңүлү коолдоп өзүнчө эле коркуп отурган Жоро шайтан төшөгүнө жатты.

Уңулдап улуп аткан неме мору же карышкыр экенин ажырата албай, уңулдаган сайын эси чыгып, жуурканын бекем чүмкөнүп алды. Бир маалда короосунда бирдеме дүп-дүп басып жүргөнсүп кетти. Корккон Жоро шайтан калтыраган үнү менен: «Бу эмне, я?» – деп аялына жууркандын ичинен күңк этти. «Сенин эшегиң да, – деди аялы уйкусурай эстене берип. – Байлап чөп салып кой десем, бая кашайып эле болбой койбодуңбу». Жоро шайтан жууркандан башын чыгарбай: «Жаркынай, байлап келе калчы, – деп жалынычтуу суранды. – Чөп издеп тентип, суукта кайыгып өлбөсүн».

Уйкусураган аялы тилин албай, жумшайын десе катуу уктап калган уулу да ойгонбой, Жоро шайтандын айласы куруду. Акыры ал сөгүнүп-сагынып, тамагын катуу-катуу кырынып араң ордунан турду, асма панарын жандырып, ошо панарына эш байлап, куру кайрат менен каалгасын карс эттире ачты. Босогодон эшикке аттай берсе, маңдайында бир караан туруптур. Көзү өчөйүн деген чоктой күңүрт кызыл, өзү ит сүрөттүү, кулагы тик. Ошо замат Жоро шайтандын акыл-эсин «карышкыр!!» деген сөз чагылгандай жарып өттү, жүрөгү шуу дей түшүп, бүткөн бою дүркүрөп, жаны оозуна тыгылды, колуна кармаган асма панарын жерге түшүрүп ийди, качайын десе буту тушалып, кыйкырайын десе доошу чыкпай, үрөйү учкан бойдон селейди. Бир кыйлада гана Жоро шайтан анча-мынча эсине келип, далбасалап артына качты. Калтырак кармаган буттары босогого чалынып, өзү көмкөрөсүнөн жыгылды, кайра турганга да шайы келбей, өлүп- талып жөрмөлөй төшөгүнө жетти. Жуурканга эптеп кирер замат белинен бек кучактай аялына жармашты. Уйкусураган аялы чочуп ойгонуп, эри жакка оодарылайын десе, Жоро шайтан коё бербей, ачкенедей жабышып алыптыр. Жаркынай катуу булкуна бошонуп, ачуулуу сурады: «Капырай, сага эмне болду деги, жин тийдиби?»

Жоро шайтанда тил жок, тула бою калч-калч, тиштери шака-шак. Коркуп кеткен Жаркынай жуурканды шарт серпип, эринин үстүнө эңкейе калды да, кайра башка бир чапкандай артына жалт берди… Көрсө, Жоро шайтаның түшкүр корккондон дамбалына таштап койгон экен.

* * *

Жоро шайтандын жүрөгүн түшүргөн карышкыр эки күндөн бери кезерип ачка эле. Талаадан такыр жолу болбой, кишилер уялаган «үңкүрлөрдүн» арасын бир жойлоп көрөйүн дегенчелик кылып кыштак ичине кирип келген. Эми эле четки «үңкүрдүн» алдына жетип, шиштигий тумшугу менен жыт искеп, ар кошкон коюу жыттардын кайсынысы эмненики экенин биле албай, арасаат абалда шүмүрөйүп турган. Ошентип турса, балакет басып, койдун мүлжүгөн баш сөөгүндөй жарык көтөргөн бирөө «үңкүрдөн» шоп чыга калбаспы! Карышкыр селт чочуп, тиги неме колундагысы менен уруп иеби деп коркуп кетти, коркконунан чычаңы бүлкүлдөп, жон жүндөрү тикчийип, төрт аягы байланып, жалт берип кача албай калды. Аңгыча болбой тиги киши жарыгын жерге түшүрүп, бир саамга турган жеринде делдейе катып, анан алдастап ичкери качты.

Карышкыр көлөкөдөй дабышсыз жортуп, келген жагына жүрүп берди. Тиги ичкери кире качкан неме соройгон темир таягын көтөрүп чыгып, дагы тарса-турс да жарка-журк эттирбесин деп чочулады. Ал ошо тарс этменин сырын жакшы биле турган, бир жолку жортуулунда жамбашына ок жеген. Карышкыр төштөгү жаңгактын түбүнө барды. Кардын үстүнө шыбырт чыгарбай коомайланып жатып, азыр эле өзү таштай качкан «үңкүрдүн» оозун акмалай баштады. Баягы киши кайра чыгат деп көпкө зарыгып күттү, чыкса эле көрүнбөй жылт койгонго камданып жатты. Бирок күткөнү эмнегедир чыккан жок. Карышкыр өзүнүн айбандык аңы менен тиги кире качкандын коркконун түшүндү да, ичинен карышкырча табалап күлдү. Ал алиги өзү козгоп койгон кишиникинен четтеп өтүп, чыйыр жолго салды. Кишилер сыйынт кылган үңкүрлөр тараптан жыттардын чалды-куйду аралашкан агымы бурулдайт, жолдон болсо адамдын, төрт түлүк малдын, эскирген кайыштын өчүңкү истери билинер-билинбес аңкыйт.

Карышкыр кашынан чыккан дагы бир киши үңкүрүн жандап өтүп, анын жанындагы мал-сал уялачу үңкүргө акырын шүмөң-шүмөң басып жетти. Сак кулагы бышкырынган, күшүлдөгөн, күрт-күрт чайнаган табыштарды таасын эшитти, сезимтал тумшугу чыланын кычкыл жытына аралаш кой, уй, жылкынын бири-биринен айырмалуу жыттарын искеди. Ынак жыттардан ачка неменин башы саал эңги-деңги боло түшүп, анан оозуна шилекейи толуп, канкорлук жаалы чымырап козголду. Бир тешик тапканы мал үңкүрүн чарк айлана шимшилеп баратса, жытын алып калды белем, ичкеридеги мал бирдеме туйгандай дүпүрөй түштү.

Карышкыр бир тешикке тосулган туташ жазы жыгачтарды (ал эшик эле) тумшугу менен түртсө ачылган жок, үстүрөөктө карарган томпок бирдемесин шалдырт эттирип гана тим болду. Ал оңтойлоно калып, эшикти күчүнүн барынча омуроолой түрткүлөдү, эшик кыйч-кыйч этип, баягы томпок карасын дагы шалдырттатты, ичкеридегилер катуу дүрбөп, жылкы окуранып жиберди. Мукураган карышкыр бийикке секирип, эшиктин бетин тытырата аймай кайра сыйгаланды. Мал үңкүрүн дагы айланып, бийиктеги көзөнөккө да секирип-секирип жетпей койду. Айласы жедеп куруганда дубалдын бетин тырмап-тырмап, итчесинен кыңшылап да ийди. Бул «үңкүргө» киргенден күдөр үзүп, шырп чыгарбай кийинки үйгө бет алды. Жакындап барганда иттин коңурсуган тааныш жыты мурдуна бур этти. Карышкыр аны ажылдаткысы келбей там аркасына көлөкөдөй жылт берди. Бирок ит да анын жытын алып, күпкөсүнөн үрүп чыкты. Карышкыр калп эле качымыш болсо, ит эрдемсий абалап артынан адыраңдады. Карышкыр тишин шак-шак эттирип койду. Ит куйругун чатына кысып жалт берди да, корккон доошу менен обочорооктон айгай сала баштады. Аңгыча кайдан- жайдан арсылдап үргөн иттер чогулуп, чоочун конокту тегеректей калып, бирок качырып тийгенге бирөө да даабай, абалап уу-чуу көтөрүштү.

Карышкыр ушу арсылдаган арсыздарга кыжыры кайнап, тиштерин шакылдаткан боюнча төшкө карай жортту. Төш таяна бергенде капыстан баягы тааныш неме тарс жарылды. Карышкыр коркконунан түксүгүй жон жүндөрүн жапырып, карга лып жата калды, үрөйү учкандан кулагына эчтеме угулбай, денеси ымыр-чымыр муздап, баягыда ок тийген жери ысый түшкөнсүп лук- лук тартты. Тарс эткен дабыштын жаңырыгы алда кайда кеткенде гана карышкырдын кулагына жанагыдан бетер ажылдаган үндөр кайра шак этти. Ал тула боюн кыймылдатып көрүп, эч жерине ок тийбегенин билди, шарт секирип туруп, чыңк өйдө карай түйүлүп чуркады. Карышкыр дөбөнүн чокусуна чыгып, күйүккөнүн басканча кар жалап жатты. Кар жегенден өзөгү ого бетер үзө тартып, жанын кыйнады. Тарс эткен немеден эси чыккан шордуу кайра ылдыйлап баргандан заарканып турду. Барбайын десе, кардын соруп ачыштырган ачкалык кыстады. Кандай кыларын билбей арсарсып жатса, көзүнө эмнегедир жанагы үңкүргө кире качкан коркок киши караңдай түштү. «А коркок качкан бойдон кайра чыккан жок, анын тарс этмеси жок окшойт, – деди карышкыр айбанча акылында. – Абалап үргөн ити да жоктой көрүндү эле».

Ал дагы бир азга эки анжыланып туруп, анан тобокелге салып төмөн карай шүмүңдөдү. Акыры мылтыктан бүлкүлдөп коркконун кезерген ачка напсиси жеңди. Карышкыр Жоро шайтандын малканасынан дагы да малдын кумарлуу жытын алып, ага кирем деп баягыдай эле аракеттер жасады. Анысынан эчтеме чыкпай, ошого ичи күйүп, үңүлдөп улуп ийгиси келди. Бирок каерде турганын эстей коюп, жаны кашайып жаалдангандан өңгөчүн ыркырата тартып малкананы айлана жортту. Бурчтан чыга бергенде мурдуна эшектин жыты бур урунду. Ошо замат бастырмада бош турган эшек жалт үркүп, үрккөн бойдон сай жакка салды. Эшек төрт аягын тыбыратып жан-алы калбай качты, карышкыр артынан жеткенде ал аңгырай айкырып, көткү буттарын сыраңдата мөңкүп жиберди. Карышкыр жалт берип, эшекке капшыттан чагылгандай атылып бир тийди, устарадай тиштерин чандыр ченге матырып, шарт үзүп кетти. Эшек бар доошу менен кулак тундура бир ачуу айкырып алып, жан далбастап алдыга ынтылды, бирок анча узай алган жок. Ичегилери чубалар замат көздөрү караңгылап, темтеңдей түштү. Карышкыр эшекти жыгылганга жеткирбей алкымдан карыштыра тиштеп, төрт аягын сырайтты.

Ач карышкыр ысык эттен жулкуп-жулкуп жей баштады, жаны чыкса деле эшектин денеси диртилдеп атканын да элес алган жок, жулкуй тиштеп, чайнап-чайнабай, аптыгып-аптыгып сугуна берди. Курсагы кампайып, жегени өзөгүнө түшүп, бир саам эндиреп туруп калды да, анан эттен көзү өткөн неме кайра апчый тиштеди. Чайнап көрсө, эшектин эти жыгачтай катуу, даамсыз, коңурсук сезилди. Жоро шайтандын эшеги карыган, арык, жону толо жоор эле. Карышкыр коңур жыттуу кой этинин ширин даамын эстеди, ошондо оозундагы эт тим эле кардан да жаман даамданып кетти. Айыл толгон төрт түлүк малдан ырысына ушу даамсыз чарым эттүү, тирүүсүндө эле сүрсүп калган эшек туш келгенине кыжырланды. Же жоктон көрө жогору көрүп сүйрөп кетейин десе, эшектин локуйган өлүгүнө алы жетчүдөй эмес. Карышкыр буга да ачууланды, ачуусуна чыдабай жаалдана ыркырап, эшектин чандырынан дагы жулкуп алды, тиштерине ылжырак ичегилер урунду, ал ошо ичегилерди чубап, каардуу кекенич менен тартып сүйрөдү, сай талдарга чалды-куйду ороп, ошого табасын кандырып жатты.

Карышкыр ичеги чубап обу жок оюн салып атса, арс-арс үргөн иттер ар кайсы тараптан бириндеп жетип келди. Ары жок шалпаң кулактар же качырып тиш салышпайт, же куйрук кысып тим болушпайт, карагүчкө сес көрсөтө ажылдашып кыжырга тийгенден башкага жарашпайт. Ар бир иттин алын үргөнүнөн эле байкап, карышкыр бирин да тооткон жок, иттин баары өзүнөн калтаарып турганын сезип, ошого ичинен саал эрдемсий түштү. Дал ошол кезде абалаган доошторго күп-күп эткен айбаттуу бир доош кошулду. Ал жаңы доош килейген даңгыттыкы экенин карышкыр дароо баамдай койду. Ал аңгыча болбой кандайдыр бир күч капталына күп тийип, карышкыр капыстан көмөлөнүп кетти. Жолборс өзү тоголото койгон карышкырды лап басып, алкымына тиш салмак болду, карышкыр ошенте койдурбай тиштерин шак эттирип, иттин кулагын тиштеди. Кулагы тыз эткенде Жолборс башын катуу чулгуп жиберди, кулагын тишке айра тилдирип, шарт сууруп алды.

Карышкыр лып тура калып, эми Жолборсту желке ченден кабыштыра тиштеди, оозуна иттин куду эки түп жалдуу жери туш келип, катуу жалдар карышкырдын жумшак таңдайына тикендей сайылды. Жолборс эти ооруганга чыдабай каңшылап ийди, таңдайы ооруганда карышкыр да тиштеген жерин бошотту. Жаны ачышкан Жолборс карышкырды каптал туштан бир бурдап өттү, чала тиштеп калып, бир тутам жүнүн териси менен кошо жулуп алды. Жолборстун айбатын көргөн берки иттерге да чочугандай кайрат кирди, алар карышкырга жабыла тап берип калды. Иттердин кур дымагы Жолборсту эрдемсинтип жиберди, ал дагы күүлөнүп барып карышкырды көмөлөттү, ошо замат аны чап үстүнөн басып, көк желкесине тиштерин матырып, бар күчү менен булкуп-булкуп алды.

Карышкырдын жоон кантамыры кыйылып, ысык каны дир-дир атып кетти. Жолборстун оозуна кан толо түштү. Карышкыр мойнун толгоп, тиштерин шак-шак эттирди. Жалкып калган Жолборс куйругун кыпчып артына жалт берди. Жаралуу карышкыр желкесинен канын чууртуп ордунан обдулду, жаалынын күчү менен гана чапчаң ыргып турду, саал теңселе түшүп, бар кудуретин үрөй ыркырап Жолборсту карай качырды. Жолборс дагы мант берип, карышкырга кайра илбирстей атып тийди. Карышкыр кыйраң дей түштү. Жолборс аны оңолто койбой ыркырап баса калды, куду кекиртек ченден бурдай тиштеди, курч тиштери карышкырдын этине батып кетти. Карышкыр бошоном деп катуу булкунду, турам деп туйлай-туйлай мөңкүдү, ошентип атып итти үстүнөн чала серпип салды, көчүк жагы менен тыбырчылай өйдө туруп, кетенчиктей чиренип тартылды, бирок тиштер кычкачтай кармаган тамагы кыйкылдап муунуп кетти, акыркы деми менен ыркырайын десе, ыркырабай эле жөткүрүп жиберди, жөткүргөндө кандын шор даамы оозуна толуп, көзү караңгылап, кайра шалк кулады.

Жолборс кекиртектеген бойдон карышкырдын үстүнөн өмгөктөп жатты. Үрпөйгөн желке жүндөрү кайра жапырылбай айрылган кулагы менен тиш кирген кежигесинен кан шүүшүндөп агып турду. Карышкыр жан далбастап дирт-дирт этсе, Жолборс анын кекиртегин дагы бекемдеп тиштеди. Карышкыр анан тишин дагы бир алсыз шак эттирип, көткү бутун бир катуу серпип корулдап алды да, түйүлгөн денесин шалк жазып жиберди. Жолборс бир аздан кийин гана карышып калган жаактарын араң ачып, кекиртектен тишин сууруп алды, бирок карышкырдын үстүнөн түшкөн жок, былк этсе кайра шап тиштегенге даяр турду. Карышкыр болсо кыймыл эткен жок, тек тулку-бою гана билинер- билинбес диртилдеп, коюуланган каны желкеси менен кекиртегинен сарыгып агып жатты.

Капыстан Жолборс да шалдая түшүп, өзүнүн аябай чарчаганын, кулагы менен кежигесинин сыздап ооруганын, кандын буруксуган жытын, иттердин абалаган үндөрүн туйду, карышкырдын жылуу денеси акырын муздап баратканын капталы менен сезе баштады. Ал ошондо деле карышкырдын чындап өлгөнүнө ишенген жок, өзү мындай жылса эле басып жатканы тура калчудай сыяктанды. Кан аябай чачыраган жүндөрүн бубактатып, Жолборс ошо жаткан калыбында таң аткыча жата берди. Эртең менен эрте сууга келген кыз-келиндер итти ошол абалында көрүштү.

* * *

Элет жеринде мындай окуя чанда эле болот. Жолборстун бул эр- диги кыштак арасына чагылгандай тез тарады. Анын кабары кары- жашты дароо элеп-желеп кылып, баарын тынч ордунан козгоду. Карышкырдын өлүгүн көргөнү элден мурун эдиреңдеп балдар чуркады, артынан чоң кишилер жөөсү жөөдөй, атчаны атчандай, учкашканы учкашкандай убап-чубады. Чалдар да эшектерин кыдыңдатып элден калган жок, кээ бир ээнбаш кемпирлер да эшекчен чалдарына учкашып алды.

Түп көтөрө чыккан эл кыштактын аяк-быягынан Жоро шайтан тамынын тушундагы сайга агылып келе берди. Келгендер сүр учурган бул көрүнүшкө кабылды: ит буттары кыйма-чийме малтаган, карышкыр менен ит алышкан жерлери сүрүлүп тамтыгы чыккан, ар кайсы жери кан чачырап кызарткан чамбылала кар; үстүңкү капталын кызыл гөш кылып, жара тартылган чандырын оңурайтып, ичегилерин сай талдарга оролтуп тырайган эшек; тиштери арсайып, желке-жон жүндөрү канга батташып катып, зыңкыйып тоңуп калган карышкыр. Эл бат эле жыйылып, карышкыр менен эшек жаткан жерди тегеректеп жарданып карап турду. Кийин келгендер ошо кызыкты көргөнү карап тургандарды жөөлөп, түртүш-кагыш да чыгарып ийишти. Баары тең таңырканып, көз алдыларындагы көрүнүштү бири-биринен талаша кеп кылып бака-шака түштү. Башта барк албай, атүгүл күчүк чагында кордоп жүргөндөр асмандан бүгүн эле түшө калышкансып Жолборсту көргөнгө ашыкты. Бир тобу сүрүлүп раистикине барды. Алар карышкырга катылган кайбар итти жаңыча көз менен тим эле укмуш карашып, керемет көргөндөй маашырканып кайтышты.

Чогулуп келгендер Жолборстун сөлөкөтүн мактап, айбатына тамшанып, кайрат-кажарын көтөрө чалып бакылдашкан бойдон топ-тобу менен тарай башташты. Эл суюлуп, эки жигит карышкырдын терисин шымалана сыйрып кирди. Дал ошол кезде аярлай басып Жоро шайтан келди. Ал түн бою чүмкөнгөн жуурканында бүлкүлдөп коркуп жатып, таңга жуук гана уйкуга кирген эле. Уйкудан кеч ойгонуп, тыштан элдин уу-дуусун туюп, төшөгүнөн туруп келгени ушул. Карышкырдын  өлүгүн көргөндө бүткөн бою дагы дүр этип, тизелери калтырап кетти. Бирок эч кимге сыр бербей, эки жагын алаң-алаң каранып, четирээк туруп калды. Тырайган эшегин көрүп, адегенде унчуккан жок. Карышкыр териси сыйрылып бүткөндө Жоро шайтан капылес кыйкырып коё берди. «Кайран эшек, кайран эшек!» – деп карышкырга карай дугдуңдады. «Жеген ушу сенсиңби, төлөп бер эшегими!» – деп карышкырдын башын тепкиледи. «Эшегимдин кунуна алам, бери бергиле!» – деп эки жигит керип-чоюп аткан терини жулуп алды.

Эч ким талашпаса деле өкүрүп-бакырып, ошо бойдон терини үйүнө сүйрөй качты. Жоро шайтан эки-үч күндөн кийин карышкырдын ошо терисин канжыгасына байланып Өзгөнгө барыптыр, жолду ката жолуккандарга өзүм чаап алдым деп мактаныптыр, ошо менен эле жөн калбай, терини райондук мергенчилер коомуна тапшырып, аерде да элге мактанып айтканын айтып, акчалай сыйлык өндүрүп алыптыр…

Жоро шайтандын бу кылыгын мен кийин мергенчилердин райондук жыйынына барып укпадымбы. Баса, ал жыйында кызык-кызык сөздөр козголуп, аягында карышкырга каршы күрөш маселеси каралды. Кар токтобос Ак-Башат кыштоосунда бөрүлөр аябай күч алып, койго көп зыян келтириптир; кээде жайылган койго күпкүндүз эле катылып, түнүн короолордун тынчын алып, деги чабандардын көңүлүнө көк таштай тийиптир. Карышкырдан жүдөгөн чабандар бир жардам сурап райондук чоңдорго кайрылыптыр, чоңдор болсо мага окшогон адис мергендерди ушу жыйынга чакырыптыр. Жыйынга келген мергендер баарыбыз чабандарды ажаттан чыгарабыз деп бир ооздон бүтүм кылдык. Ак-Башатка чогулуп барчу күндү болжоштук, курал-жарактан башка ит ээрчите барганга да макулдаштык.

* * *

Мергенчилер алты короо кой кыштаган кар токтобос Ак-Башат өрөөнүнө болжошкон күнү кечинде барышты. Баары күпчүйүп тончон, жондорунда – кош ооз, белдеринде – окчонтой, канжыгаларында – салбыраган жип-шуу, бөктөрүнгөндөрү – ором-ором кызыл чүпүрөк, ээрчиткендери – бөрүбасар иттер менен бакыбат тайгандар. Жоро шайтандын Жаныбек аттуу кыйыр жээни беш итти кошмоктоп барыптыр. Ал өзү өйүзгү Доңуз-Тоо кыштагынан экен, ит-тайган бакканга кумарпоздон бетер ышкылуу экен. Мен ээсинен сурап алып, атайы төрт күн табына келтирген Жолборсту ээрчите бардым.

Раистин итин ошо сапар чогулган тандама бөрүбасарлар менен тайгандарга салыштырып көрдүм. Алардын арасында келбет-бой жагынан да, күч-кубат жагынан да, айбат-сүр жагынан да биздин итке барабары жоктой. Мен ичимен кымылдап, көз айырганга алым келбей Жолборско сук артып турдум да, анан «көз тиет» деген эл ырымын эстей коюп, «түү-түү» деп түкүргөнчө терс карап кеттим. Эртеңки карышкыр ууда баарына баш-көз болгонго мергенчилер мени шайлашты. Мен койчулардан бөрүлөрдүн жөн-жайын, жүргөн- турганын, сыйынт жерин сураштырдым. Көрсө, кашабаңдар түндөсү жойлоп, күндүзү карагай токойду сыйынт кылат экен. Мен ошол эле замат кыштоодон беш-алты чакырымдай алыс токойго өзүм жалгыз атчан барып, анын аяк-быягын чалгындап келдим. Түндөсү эртеңки ууну кандайча жүргүзүш жайын ойлоп көпкө уктабай жаттым. Мен мергенчилер менен койчуларды таң куланөөк салганда ойготуп, адегенде эле алтоону карышкыр айдаганга атчан жумшадым.

Алар карагай токойду наркы жагынан айланып өтүп, мен белги бергенде бөрүлөрдү үркүтүп бери сүрмөк болду. Калгандарын токойду берки четинен кендир жип менен айландыра курчап, жиптерге кызыл чүпүрөктөр илмей ишине чектедим. Номер алган ар бир мергенчиге акыркы акыл-кеңешими бердим. Сүйлөбөй, жөтөлбөй, чылым чекпей, шырп алдырбай мышыкча аяр басып барып, берки жумуштарды да дал ошондой тартип менен бүткөрүү жагын баарына тең катуу эскерттим. Ээнбаштыкка эч кандай жол берилбей турганын, бардык иш мен дегендей, менин белгим боюнча жасаларын да кайта-кайта айттым. Беймаал үрүп шойкон салбасын деп иттердин тумшугун бекем кемээчтетип салдым. Бышкырбасын деп аттардын жаактарын чылбыр менен чырматтым, дүбүрт чыгарбасын деп туяктарына кабаттай-кабаттай оротуп чүпүрөк байлаттым. Аттар менен иттерди бир аздан соң артыбыздан балдар тымызын алып бармай болду. Токойдун айдоочулар келчү жагы гана ачык калып, берки жактары алысыраактан эле жип менен тегерете курчалды, жиптерге самсаалатып кызыл чүпүрөктөр илинди.

Мергенчилер мен айткан жерлерде дым чыгарбай өңүп жатып калды. Карышкыр айдаганы кеткен атчандар тиги кырдын ар кайсы жеринде таш эстеликтердей селейип катып турду. Аттар менен иттер да балдардын коштоосунда бери жакындап келатты. Тек токойдун ичтен зааркангандай күңүрт күңгүрөнгөнү болбосо, теребелде бир саамга чыйралган жымжырттык өкүм сүрдү. Токойдон четирээкте бир жалгыз карагай бар экен, мен эски снайперлик өнөрүмү эстеп, мылтыгымды асынган бойдон анын башына чыгып бардым. Белимдеги чоң кызыл чүпүрөктү чечип мылтыктын учуна сайдым да, кырдагы атчандар көрсүн деп өйдө көтөрдүм. Атчандар а белгини көргөндө, мен «баштагыла» дегенчелик кылып көтөргөн мылтыкты төмөн жыктым. Кырдагы атчандар турган жерлеринен эле ылдый салды. Кажырлуу аттар тоңголок кара жер менен бат эле жайык коктудагы токойго түшүп келди. Ошондо айдоочулардын бирөө тарс атып жиберди. Болор-болбос күңгүрөнүп турган жымжырттык ташка тийген айнектей быркырады. Токой селт чочуп кеткендей дүмөктүү жаңырык чыгарды. Анан удаама-удаа ок атылып, октордун жаңырыгын кыйкырык-өкүрүк, добулбас дүңкүлдөгү, дагы башка дабыштар коштоду. Куштардын баары ызы-чуу салып көккө көтөрүлүп, асман карара түштү.

Токойду барабанга айлантып дүңгүрөткөн тарса-турс, дүңкө-дүңк, кыйкырык-сүрөөн, чуру-чуу улам берилеп келе берди. Байлалуу аттар тула боюн дирт-дирт эттирип титиреп турду. Кемээчтелген иттер думуга кыңшылап, чынжырларын шалдырттата тыбырчылап жиберди. Мен ошондо карагайдын ача бутагынан мергенчилерге: «Иттердин оозун бошоткула!» – деп белги кылдым. Асман-жердеги каңгыр-шаңгыр менен ызы-чууга дароо иттердин абалап үргөндөрү кошул-ташыл болду. Дал ошол маалда Жоро шайтандын жээни Жаныбек ойдо жок иш баштап, бир итин токойду карай агытты. Мен убадага бош ээнбаш немени ашатып сөгүп: «Оо жинди, итиңи кайра чакыр!» – деп бакырдым. Жаныбек анымы укмамышка салды, ити болсо арсылдап үргөн бойдон токойго кирип кетти.

Ал аңгыча айдоочулар берилеп, карагай токойдун ар кайсы жеринен үч карышкыр шоп чыга калды. Алар токойдон атып чыкты да, илинген чүпүрөктөр менен жулунуп үргөн иттерди көрүп жалтайлай түштү. Мен белги бергиче болбой кимдир бирөө тарс атып ийди. Анан туш-туштан октор тарс-тарс этти. Бир атылган ок ортодогу карышкырды дароо башы менен жер сайгызды. Ок чала тийгени кайра токойду карай салганда, мен мелжеп туруп атып калдым, кыйралаңдап бараткан карышкыр оңкосунан кетти. Үчүнчү карышкырды атып ийсем, токойдун өйдөңкү четинен Жаныбектин жанагы агыткан ити шүмүрөңдөп качып чыкты да, ээсин көздөй энтеңдеди. Ага удаалаш эле дагы бир килейген карышкыр көрүнүп, качкан иттин артынан Жаныбекке карай арыш керди. Алактаган Жаныбек апыл-тапыл ок чыгарып, капыстан өзүнүн итин «каңк» дегизе атып алды. Жаны кашайган карышкыр атылган октон да, илинүү кызыл чүпүрөктөн да, мылтыкчан тизелеп отурган Жаныбектен да жалтанган жок, өлөрүнө карабай атырылып баратты. Таякесин айныбай тарткан экен, Жоро шайтандын жээни мылтыгын таштай бакырып качты, үч ити кошо кетти. Карышкыр көз ачып-жумганча ошол үч итке аралашып, анан бат эле Жаныбектен да озуп алдыга чыкты. Мен качкан карышкырды атканы камынып, бирок кокус Жаныбекти же анын бир итин атып аламбы деп чочуладым. Аңгыча болбой мергенчилер бөрүбасар иттерин коё берди. Иттер карышкырдын артынан түшкөндө, мен Жолборсту жулкунтуп араң кармап турган жигитке кыйкырдым: «Агыт! Коё бер! Каргысын чыгар!»

Жолборс иттердин эң артында куугунга кетти. Карышкыр кары жок боор менен капталдай качты. Артынан арсылдап үргөн иттер адегенде тобу менен чогуу баратып, көп узабай эле узунунан созула түштү. Жолборс ошо чубалып чуркаган топ итке бат эле жетип, бирден-бирден артка таштай берди. Анан анын алдында чуркап бараткан эки гана ит калды. Жолборс эки итке мына-мына жетейин дегенде, карышкыр кокту менен жогору карай салды. Кашабаң эми жанагыдай бир кулач жерди бир аттап чуркабай, москоол шыйрактарын шып-шык маштырып, өлүп-талып өйдө качты. Иттер да анын артынан калбай баратты. Чычкыланган мергенчилер менен койчулар мага карашкан жок, жапырт аттарына минишип, айкырык салган бойдон капталдай чаап жөнөштү. Мен да карагайдан шыпырылып түшүп, каңтарылуу туйлап турган Керкашкама энтеңдеп жетип бардым. Атка шап ыргып минип, ээр кашка асылуу турнабайды алып, көздөрүмө туштап кармадым. Тигине, кокту өрдөй жорткон карышкыр жапыз тоонун кырына чыгып, ошо кыр менен олжоң-олжоң жүгүрүп калды.

Жолборс алдындагы эки итти куду кырга чыга берерде кууп жетти. Кырга чыгаары менен үч ит тең карышкырдын артынан атырылды. Жолборс бир кулач жандуу өрткө айланып, кырда көзгө илешпей жалбырт-жалбырт чимирилип, берки эки итти узатпай басып өттү. Ал бара-бара карышкырга жакындап, бир ит кыйла эле артта калып, экинчиси Жолборско куйрук улаш баратты. Аңгыча болбой карышкыр тоонун аркы бетине ооп, дароо көз учуман жылт тайды, артынан Жолборс менен ага куйрук улаш бараткан дөбөт да далдаага жашырынды. Карышкыр кууган үч ит караандатпай кетсе деле салпайып артта калган баягы топ ит кокту өрдөй чубалып баратты. Мергенчилер менен койчулар аттарын жан-алы калбай теминип, кардуу жол менен тоо таяна берди.

Мен катуулай бастырып, кырга чыга бергенде эле төмөн жактан иттердин арсылдап үргөнү, аттардын бышкырганы, кишилердин бак-бак эткени кулагыма шак урунду. Карай салсам, калың кар баскан наркы коктунун таманында бир топ атчан боз үйдүн ордундай жерди тегеректей үймөлөктөп туруптур. Арасында жөөлөрү да бар. Кишилерден четтерээк турган иттер чочулаган дооштору менен куру айбатка арс-арс үрүп атыптыр. «Эмне болуп кетти? Карышкыр кана? Жолборс кана? Куугандан жолу болду бекен? Же мертинип калдыбы?»

Башымда ушундай ойлор чагылгандай жарк-журк этип, мен атымы теминдим. Керкашкам боордон жыландай сойлоп түзгө түшкөндө үч-төрт атчан мага карай чапты. Эң алдында жетип келгени: «Сүйүнчү, абаке, сүйүнчү, Жолборсуң ишке жарады!» – деп кыйкырды. Менин жүрөгүм ойноктоп, көңүлүм чалкып кетти. Бирок анымы тышыман билдиргеним жок, текирең-таскак менен бараткан атымын башын да тартканым жок, тек карагүчкө тоңдоосун-жай үн чыгарып: «Болсун, баатыр, болсун!» – дедим да, чөнтөгүмөн кызыл он сомдукту сууруп бердим.

«Акесин таанытыптыр! Кокосун жулуп алыптыр! Башын тим эле былчырата чайнаптыр!» – деди энтиккен экинчи атчан көздөрүн чачыратып. Үчүнчү атчан мени жандай лок-лок бастырып, салабаттуу сүйлөдү: «Оо, Жолборсуң чын эле жолборс экен! Мен өз көзүм менен көрүп калбадымбы, карышкырга тээтиги бетте жетип кармашты. Адегенде экөө алышкан иттерче тик тура калышып, кайра жыгылышты. Жолборс карышкырды ошондо кекиртектен алды көрүнөт. Анан экөө бири-бирин улам оодара серпип, бири үстүнө чыкса, бири астында калып ылдый тоголонушту. Карышкырды тап жылдырбай баскан итиңе ыракмат, иттин сырттанын баккан сага ыракмат, сендей уулду тапкан ата-энеңе ыракмат!»

Көмүскө тапталып жүргөн сай күлүктөр жумурай журтка чоң жыйындардын дүңгүрөгөн ат чабышында таанылат. Кайбар иттердин даңазасы болсо кайберен ууда же карышкыр куугунда чыгат. Жолборстун кадыр-баркын да ошо карышкыр куугун көкөлөтө көтөрүп жиберди. Ууга катышкан мергенчилер анын көк жалдыгын тамшана кеп кылып, сөөлөтүнө сук артып, ашкере маашырканып калышты. Менин ичим жыйрылып, кызганычым козголо түштү.

* * *

Куу тулаңга койгон өрт дароо дүрт этип күйүп, бир заматта теребелге жайылып кетет эмеспи. Жолборстун кабары да мергенчилердин аркасы менен куу тулаң өрттөнгөндөй эле тез тарады. Чынга апыртма кошулуп, мактоого мактоо жалганып, кабылан иттин шоораты дубанга дүң түшүрдү. Далай киши аны көрсөк деп сыртынан самап, тим эле көрүп коймокко атайын алыстан арзып келгендер да болду. Ал эми ит кадырын жакшы билген уучулар, асыресе алардын аша чапкан кумарлануулары биздин кыштакка көп имерчиктей баштады. Көрсө, алардын итти сатып алсак деген ниети бар экен. Ошо ниеттери билинер замат раис катуу ачууланып, келген мергенчини эле ашата сөгүп кубалап, Жолборстун жанына жакын жолотпой койду. Бирок жакшы ит дегенде жанын сатканга даяр немелер кагып-сөгүп кубалаганга болчу беле. Эми алар раистикине барганга даабай, түн караңгыда жалгыз-жалгыздан уурданып келип, менин тынчымы кетире баштады.

Иттин баасы заматта эскиче беш миңден он миңге чаап чыкты. Мергенчилер ортого түшүп бер деп айламы курутканынан бир күнү раистикине кирип бардым. Далдалчылык кылып келгеними угар замат раис мага туктумалдан каптаган бороон-чапкындай эле бир тийди. Ачуусу аздыр-көптүр кайра жанганда гана жайыраак сүйлөдү: «Деги сен кыргыз баласынын ит сатканын кайдан көрдүң эле? Эмне, мени ит сатар деп элге-журтка шылдың кылгың барбы?» Раистикинен өлбөгөн төрт шыйрагымы сүйрөп араң чыктым да, мени далдалчы кылып жиберген Жаныбекти тилдеген бойдон айдап ийдим.

Анан Жолборско кардал түшүп келген мергенди эле көз ачырбай шатырата сөгүп, аттан түшүрбөй артына кайыра бердим. Жазга маал мергенчилердин жаңы жапырыгы башталды. Балакеттин баарын чыгарган баягы эле Жаныбек болду. Ит бакканга ышкылуу неме бир күнү эле меникине эки канчыгын ээрчитип кирип келди. «Жолборстон тукум алып калышым керек!» – деди бапыраңдап. Көрсө, эргулуң Жолборсту сатып алгандан түңүлсө да, андай кайбар иттин ээси болгондон күдөр үзбөптүр. Ал сай жакта эки күн катары канчыктарын Жолборско жолуктуруп, дегеле чечекейи чеч болуп сүйүнүп кетти. Жаныбек тааныш-билиштеринин баарына тапкан амалын мактанып айткан белем, көп өтпөй канчыгы барлары барын жетелеп, жоктору кайдан-жайдан канчык таап, айтор, ит ээрчиткен мергендер эле менин үйүмө келип түшүп жатты. Алар сай жакта канчыктарын Жолборс менен жолуктурушуп, ошенткенге үлгүрбөй калгандары меникине түнөп, эртеси канчыктарын сайга жетелеп барып жүрдү. Жолборстон тукум алып калсак дегенде баарынын көзү төрт. Анткен менен даңгыттын камын ойлогон эч кимиси жок. Жолборс беш-алты күндө эле шапайып арыктай түштү. Мергенчилердин бир сындырым нан таштабай Жолборсту күч-кубаттан тайдыра бергени ачуума аябай тийди. Он күнгө жетпей дөбөттүн сүлдөрү эле калды. Ыргалган бечарага боорум ачып, аксым мергенчилерге кыжырым кайнап, сайды жаңырта айкырык салдым: «Болду, жаш дөбөттү жарактан чыгарасыңар!» Бакырып-өкүрүп атып канчык ээрчиткендердин аягын араң тыйбадымбы.

* * *

Мен алдан тайган Жолборсту бапестеп багып, кайра күчүнө кирери менен кайберен ууга апарып кийик тиштетейин деп жүрсөм, Жоро шайтан Жолборстун атагы таш жарганга өзүнчө эле күйгүлтүк тартып, көңүлүндө жаман ой багып жүрүптүр. Ит жаңы эле оңолуп келатканда бир кысталыш жумуш менен шаарлап кетсем, мен жокто, Жоро шайтан Жолборско өтө жаман бир кыянат жасаптыр. Эх, ич күйдүлүк! Атам замандан бери адам баласынан өксүбөй, баскан жериңе кара майдай так калтырып, далай эле адам менен жан-жаныбарлардын шоруна чыйкан болуп чыктың го сен!

Жоро шайтан да сенин айылыңа байырлаган, ичине бүкүлү таруу айланбаган, атүгүл бирөөнүн морунан коюу түтүн чыкканын көрө албаган бир неме эле бечара. Жолборстун ыкыбалы көтөрүлгөнү Жоро шайтандын жылдызы жерге түшүп, куйкасы курушуп, күйүтү күчөгөн. Бир чети ич күйдүлүгүнө чыдабай, бир чети раис менен мага эрегишип, базардан бир капкара дөбөт сатып келген. Жаман оюнда ошонусун Жолборско тең келет, атургай ашып түшөт десе керек. Чынында анысы сырты гана бараандуу, заадисинде алабарман, аңгүдүк, коён жүрөк бир ит экен. Пейли-куюна караганда иттин жоро шайтаны дегендей эле бар. Жоро шайтан менин жогумду билип кара даңгытын Жолборс менен талаштырыптыр, Жолборс ана-мына дегиче болбой тиги дөбөттүн башын жара чайнап, ызага өрттөнгөн Жоро шайтан Жолборсту атчан кубалап, айып кылганын туйган Жолборс жонуна чуу чабылган камчыга чыдап кача бериптир. Камчы как төбөсүн какшатканда гана жаны ачышкан ит каяша кылам деп кайрыла берип, аттын омуроосун чапчый арылдаптыр, ошондо алаңдаган Жоро шайтан итти камчы менен куду көз талаштыра чаап жибериптир. Эртеси сол көзүнүн камчы тийген чечекейи агып түшүп, Жолборс сокурайып калыптыр. Жолборс сол көзүнүн сокурлугунан жабыркап, жалгыз көзү менен күн көрүп басып жүргөнгө анча көнө албай, түпөйүл тартып көңүлү ачылбай, бечара үч-төрт күн итканасында солуп жатты. Сол көзү туруп-туруп зырпылдап ооруган сайын Жоро шайтан оюна кылт түшө берди, аны эстеген сайын жек көрүү сезими туйлап, байкоостон ыркырап ийип атты. Ошо жек көргөнү көкүрөгүндө көбүрүп- жабырып, шакардай кайнап, акыры кекеничттүү жаалга айланды. Ит жаткан жеринен атып туруп, кас душманынан өч алуу амалын издеп, локулдап ары-бери чуркады. Бир сапар Жоро шайтанды атчанында кубалап, бир сапар жөөсүндө качырып, тек анын денесине тиш матыргандын гана оңтоюн келтире албады. Жолборстон коркконунан Жоро шайтан үйүнөн башбагып чыга албай, балдарынын күлтүгүнөн пайдаланып калды.

Дагы ырысы бар экен, аңгыча болбой райондук «Жипсырыянын» баштыгы Бейшеке Ургазиев ополдомочтук кылып биздин айылга келди. Жоро шайтан экөө бөтөлкөлөш дос экен, ал келери менен ошонун үйүнө түшүп, ошондо жатып жүрдү. Бейшеке Ургазиев ополдомоч болуп келгенине эрдемсип, кыштак жеринде айтылуу айбат-сүрүн ар кандай түргө салып дөгүрсүдү. Жай сүйлөсө эле күп-күп сүйлөп, элеттин баёо кемпир-чалдарынын сесин алды. Коён жүрөк коркокторду тикирейе бир тиктеп эле бүжүрөтө берди. Ыңгайы келе калса эле доңуз айбатын салып бакырып, айылдын баатырсынган эргулдарын кынына кийирип жүрдү. Терс аяктанып тетири баскандардын акесин таанытып, эсин эки кылды. Ажаан иттерди алыстан эле бир карап токтотуп, токтогон жерине кыймылдатпай матап таштап, сүр-айбатынын күчүн бу жагынан да сынап көрдү. Жоро шайтан ошо сүрдүү досун эш байлап эшик-эликке чыгып, аны менен көчөгө басып калбадыбы.

Бир күнү эки дос жолдон беймарал өтүп бараткан экен, Жолборс алыстан эле аларга абалап жөнөдү. Чый-пыйы чыккан Жоро шайтан досунун далдаасына жашынды; досу болсо адыраңдап келаткан итти токтотом деп көздөрүн тикчийтти; чүңүрөкөй көздөрүн чанагынан чыгарчудай чакчайтса да Жолборс токтогон жок; анын «токто!» деп айкырып бакырганын да тоотпой, Жолборс жанына жакындап калды; шаштысы качкан Бейшеке Ургазиев жамбашынан тапанчасын ала коюп атып ийди; ит чапчаң ойт берип, эми Бейшеке Ургазиевдин өзүнө тап берди. Карбаластан пайдаланып Жоро шайтан досун таштай качты; жалгыз калган Бейшеке Ургазиев аяк-быягынан арылдап качырган иттен тапанчасын аткылап коргонду; жаалы чыккан ит тарс-тарс атылган октордон тайсалдаган жок, алдастап аткан октор итке тийбей, огу түгөнгөндө Бейшеке Ургазиев Жолборсту тапанчасы менен бир уруп, өзү артына карабай арбаң-тарбаң качты.

Жолборс артынан кууп, көп узатпай жетип, аны куду куйрук ченден чала-чарпыт апчып бир айкыртып алды. Жолборс шымынын көчүк жагындагы айрыгын салпаңдатып качып бараткан Бейшеке Ургазиевди артынан кууган жок. Анын көздөгөнү бу киши эмес эле.

* * *

Жолборс кеч киргенде талаалап жүрүп, күүгүм талаш Жоро шайтандыкына абайлап барды да, ажатканага жакын жерге жашырынып жатып алды. Дагы бирөөнү жаңылыш каап албайын деп ажатканага келгендердин жытын алыстан искеп, дегеле саксынып жатты. Эл жатарга чейин Жоро шайтандын бала-бакырасы ажатканага тынбай каттады, Бейшеке Ургазиев да эки мертебе келип-кетти. Жолборс Жоро шайтандын чыкканын күттү. Бирок Жоро шайтан чыкпай, таң куланөөк салгыча акыйтты. Жолборс күтө-күтө зарыгып, зарыккандан уйкуга карамыгып карашалады. Уктап кетпейин деп бала чагынан жакшы учурларын көз алдына элестетип, ошону менен уйкудан алаксып жатып, таңга маал көзү илинип кеткенин өзү байкабай калды. Кыйлага тырп этпей уктап, анан бир чукуранып алып, түш көрө баштады. Түшүндө алгач күзгү токойду аралап шимшилеп жүрдү, кайра эле жаңы кар менен жан-алы калбай коён кубалап калды, анан кайдан- жайдан Сарыбаш пайда болуп, жаш бедени аралай жүгүрүп кетти. Сарыбаштын чийдей ичке кара шыйрактары көзгө илешпей шибең- шибең алмашып, көк беделер артынан сербең-сербең серпилип, күчүк Жолборс өзү болсо шибеңдеген шыйрактардын артынан калбай баратты. Жаш беделер жан-жагынан чапкылап, шүүдүрүмдүн өзүнө жаба төгүп, тула боюн жагымдуу ичиркентип турду.

Ал аңгыча Сарыбаштын илмеңдеген шыйрактары да, сереңдеп серпилген жаш беделер да жоголуп, капыстан тапанча кармаган Жоро шайтан чыга келди. Артынан аттын дүпө-дүп баскан күңүрт дүбүртү угулгансыды, бирок аттын өзү көрүнгөн жок. Жоро шайтан гана тапанчасын мээлей басып келатты. Атынын күңүрт дүбүртү катуулап, өзүнүн басканы да кадыресе туюлуп, тапанчасынын оозу дегеле оңурайып коркунучтуу көрүндү. Жолборс ошо ок бүркүп ийчүдөй оңурайган ооздон заарканып жыйрылды да, ыркырай үн чыгарып ордунан козголду. Жоро шайтан шарт каптал жагынан өтө качкансыды, уйку-соо арасында обдулуп турган Жолборс Жоро шайтанга атып тийди. Курч тиштери менен куду бет ченден апчыганда Жоро шайтан эмес, башка бирөөнүн бакырган үнү кулагына шак этти. Ошо замат Жолборс, көзү умачтай ачылып; артына жалт кулады; жерге төрт аяктай калып карай салса, каап алганы Айдараалы бырыкна экен, Жолборс түшүндө өзүнчө тапанча менен тап берген Жоро шайтанга асылып, өңүндө таң атпай Бейшеке Ургазиевдин атын жетелеп келаткан Айдараалы бырыкнаны каап алды.

Дагы жаңылганын билгенде эле уятына чыдабай кыңшылап качып жөнөдү. Кечинде Бейшеке Ургазиев мени келсин деп чакырткан экен, көп күттүрбөй жетип бардым. Калкоздун кантуруна кирсем, правлениянын мүчөлөрү түгөл жыйылып, баары тең сумсайышып маанайы пас отуруптур. Раистин башы салаңдап, кабак-кашы түнөрүп, көрүнүшү оор айып кылган кишиникиндей. Жалгыз гана Жоро шайтандын өңүндө кудуңдап кубангандын жышааны бар. Айдараалы бырыкна кире бериште дубалга жөлөнүп, башына мусапырчылык түшкөндөй шылкыйыңкы; оозун даки менен кабаттай оротуп таңдырган экен, үстүңкү эрди туштан жайыла берген кан дакини батташтырып катып калыптыр. Төр жакта турган Бейшеке Ургазиев терезени зор тулкусу менен далдаалай заңкайып, кара көк тартып кумсарып, түбүнөн кайнаган чүңүрөкөй көздөрүн тикирейтип, кабагынан алай-дүлөй кар жаадырып дегеле сүрдүү. Бейшеке Ургазиев тикенектей көздөрү менен мени теше тиктеп, күрүлдөгөн доошу менен ар бир сөзүн мык кагып жаткандай чак-чак кадап, салмактуу да, айбаттуу да сүйлөдү: «Жолборсту! баарыбыз! бир добуштан! өлүм! жазасына! өкүм! кылдык! Сен өкүмдү! ишке ашырасың!!»

Мен анын көзүнө тике карап туруп кесе айттым: «Атпайм!» Бейшеке Ургазиев далысын бир күйшөп алды да, каар чачыраткан тикенектей көздөрүн мага кадады. Ошо көз карашы мага тула боюму өтмө катар каарып өтүп, карыштыра чеңгээлдегендей эле таасир кылды. Бирок мен ага кадыресе туруштук бердим, жадагалса билинер-билинбес дирт этип да койгонум жок. Бир тиктеп тайсалдатам дегени оңунан чыкпай, ошого начайлик алдастай түшкөнсүдү. Ошентсе да куу неме сыр алдырган жок, кайра бар сүр-айбатын салып тиктеп, тим эле жутуп ийчүдөй жекире кадаланып, күркүрөп кекетти: «Эмнеге ата албайсың?!» Мен бу сапар да анын үрөй учуруп караганы менен күркүрөп кыйкырганын тоотконум жок.

Тастайып тик караган бойдон жооп кайтардым: «Атканга колум барбайт». Өмүрүндө каяша айтмак түгүл, өзүнө тик карап сүйлөгөн кишини көрбөгөн Бейшеке Ургазиев менин кебелбей туруп сөз кайырганыма чыдай албады: одурайган өңү карарып, чүңүрөкөй көздөрү чакчайып, таноолору зоруккан аттыкындай дердектеп, туталанып кетти. Кыстаган жаалына алы жетпей, тула боюн калч-калч эттирип, оң колун кериле өйдө серпти да, бакырган бойдон үстөлдү бир урду: «Атасың, сыволуч!» Токмоктой муштуму тийгенде үстөлдүн жука тактай үстү карс сынды. Бөлмө дүңк жаңырып, терезе айнектери калдырт-калдырт этип, отургандар бүжүрөй түштү. Жалгыз гана мен кебелгеним жок. Өкүмсүнгөн неменин ачууга алдырып тарс жарылганына, чабалдыгын билдирип үстөлдү сындыра муштаганына табам канып, мыскылдуу күлүмсүрөй какшык жылдырдым: «Македонский деле ачуусунан үстөл сындырган эмес экен».

Калчылдап турган Бейшеке Ургазиев ого бетер жиндей түшүп: «Малчайт, Македонский!» – деп айкырды. Айкырарын айкырып алып, алдынан бирөө өзөртө койгондой ык этти да, бир бүктөлүп бүрүшө түштү, көкүрөгүн апчый кармап, көчүгүн отургучка лак таштап, үстөлгө өбөктөй калды. Башкаларга кошулуп мен да элейип коркуп турсам, Бейшеке Ургазиев бар кайратын жыйнап башын көтөрдү. Күч менен чалкалай берип, өчүңкү тарта түшкөн көздөрүн сүзүңкүрөп, каргылданган доошу менен акырын сурады: «Сен салдатсың ээ?» Кашкөйлөнүп каяша айтып эстен тандырганыма күнөкөрсүнүп турган элем, дегеле илбериңки баш ийкедим: «Ооба, ооба». «Эпирейтор белең?!» «Так ошондой».

Эмнегедир кашкөйлүгүм жумшарып, салдаттык сезимим чымырап ойгоно баштады. «Өзүң билесиң, мен капитанмын, – деп Ургазиев жай айтты да, капыстан доошун бийиктетти. – Демек, сага буйрук бере аламбы?» Мен эмнегедир өзүмү аскердегидей сезе калып: «Так ошондой, жолдош капитан!» – дедим. Бейшеке Ургазиев жандана түшүп, ордунан обдулуп турду: «Эпирейтор Батырбеков! Ыстайт исмирно!» Мен эркимен тышкары какая түштүм. «Буйрук ушул, – деп күркүрөдү Ургазиев. – Эртең раистикине барасың да, Жолборсту атасың!» Салдатчасынан кадыресе шайдооттоно түшкөн экемин, байкоостон: «Йес, жолдош капитан!» – деп чест берип ие жаздадым.

Буйруктун Жолборсту ат деп берилгени гана мени кармап калды. Капитанга каяша кылганга да оозум барбай, ынак досуму аткандан да заарканып, кыйын абалга кабылдым. Какайып турганым жазылып, эмне дээрими билбей шылкыйып, кежигеми кашыдым. Ал аңгыча аерде тургандар менин «куп» деп коюшуму өтүнүп жаалап кетишти. Баарынан да раис аябай безеленип суранды, мага жалдырай карап, жалынып-жалбарып ийди. Раиске боорум ачый түштү. Көпчүлүктүн көңүлүн да калтыргым келген жок. Менден аскерий наамы өйдө капитандын шагын да сындыргым келген жок. Кабыргамы кайыштыра кыңырылып туруп: «Болуптур, атса атайын», – деп күңк эттим.

* * *

Убаданы берерин берип алып, артынан бейпайга түштүм. Түн бою уктай албай түйшөлүп чыктым. Эртең менен башым зыңгырап, маанайым пас ойгондум. Кыянаттуу ишке жөнөй турганымы эстеп жүрөгүм зыркырады. «Барба! Атпа! Качып кет!» – деп көңүлүмөн бир үн шыбыштады. «Барышың керек! Салдат сөзүнөн айныбайт!» – деди дагы бир үн. Эки үндүн кайсынысын угарымы билбей башым катты. «Арак ичсең бир айла табылар», – дей койду үчүнчү бир үн. Бир бөтөлкөнү бошотконумда баягы экинчи үн көңүлүмөн өкүмсүнүп шыбырады: «Сен салдатсың! Приказ алдыңбы, аткар!» Ушул үндүн буйругуна баш ийип, чала мас бойдон аттанып чыктым.

Арак курушкан жарпымы жазып ийген жок – башым кеңгиреп, көңүлүм түпөйүл. Мойнуман байлагандай эле араң бастырып барам. Күн да үтүрөйүп бүркөк. Жылчыксыз асмандан коргошундай оор булуттар салаңдайт. Үп басып дымыган аба коргошундай салмактанып, ич бышырган кусалыкка, муңдуу тымтырстыкка чөгүп тургандай. Тээ токой жактан гана каргалардын «карк-карк» эткени үзүл-созул угулат. Алдыман раис оро-пара чыкты. Анын да мага окшоп башы шылкыйыңкы, ат бастырышы бошоң. Мага жакындай келгенде бирдеме айтайын деп атынын башын тартты. Бетиме тике карай албай көздөрүн ала качып, кайдыгер кобурап койду: «Төшкө байлатып койдум, атып бер».

Мен тизгин тартып аялдаганым жок, ооз ачып бирдеме дегеним да жок – шылкыйган бойдон жанынан илкий бастырып өтө бердим. Ошондо раис көшөкөрлөнгөндөй таттуу да, муңдуу да доошу менен артыман табыштады: «Ичип алыпсың, чатак сала көрбө. Кежирлик кылба, атып бер. Чоңдун каарына калбайлы бөөдө». Мен жолдогу дүкөндөн дагы ичип, анан раистин үйүнүн төшүнө чыгып бардым. Дөбөнүн жээгинде Бейшеке Ургазиев менен Жоро шайтан атчан туруптур, дөбөнүн кырындагы жалгыз өрүккө байланган Жолборс аларга жулунуп үрүп атыптыр. Мен окшошкон эки доско жаман көзүм менен акырая бир карап койдум, жанынан салам айтпай бастырып өтүп, атымын башын тарттым. Жолборс мени көрө коюп жулкунуп үргөнүн тыйды, кубанычтуу кыңшылап ийип, чочоюп отуруп калды. Ал апакай гүлдөрдүн туманына көмүлгөн өрүктүн түбүндө, айдагандай калың чыгып, баары текши гүл ачып, жалын чалгандай дөбө бетин кызарткан назик кызгалдактар арасында чочоюп отурду. Иттин карааны таштан чегилген сөлөкөт сыңары көрктүү да, сүрдүү да көрүндү! «Ушундай ажайып сулуулукка карай ок атамбы?!» – деген ой аң-сезимими өрттөп жиберди.

Жолборстун адамдыкындай акылдуу көздөрүнө тик карай албай, атымын башын тескери бурдум. Көздөрүм Бейшеке Ургазиевдин тикчийген көздөрүнө чагылыша түштү. Ошондо кечээ кечкурун тиги немени эстен тандырып алганым, Жолборсту атам деп көпчүлүккө убада бергеним, азыр эле жолдо жолугуп айткан раистин аманаты эсиме кылт этти. Атымын тизгинин тартып, мылтыгымы жонуман алып, оозун ит жакка каратып далыма арта салдым. «Ушунча келген соң бир ок чыгарып коёюн, – дедим оюмда. – Минтип аткан баары бир тийбейт, бирок тийсе-тийбесе да бир балээден кутулам го». Тескери карап туруп эле атмай болдум. Көзүмдү жума берип: «Ылайым тийбей кал!» – дедим да, мылтыктын машаасын басып калдым. Ок тарс дегенде эле Жолборс бир «каңк!» этип алды, октун жаңырыгы менен кошо Бейшеке Ургазиевдин жагымсыз каткырыгы жаңырды, асмандан тарс жарылып күн күркүрөдү. «Азаматсың, башка аттың!» – деп Жоро шайтан кутургандай кыйкырып ийди. Кара басып, Жолборсту атып алганым акыл-эсиме ийнедей сайылып, көздөрүм караңгылай түштү. Көзүмдү ача салып кылчайып карасам, өрүктүн апакай гүлдөрү да, өрттөй кызарган кызгалдактар да капкара көрүндү.

* * *

Сокур ок куду мээлеп туруп аткандай Жолборстун мээсине кадалды. Соо көзүнүн үстү «тыз» дегенде ит бир каңк этип, анан башы кеңгирей түшүп, кантип оңкосунан кеткенин өзү да билбей калды. Калың кызгалдакты жапырып жерге жыгылар замат анын караңгылаган кыялында эмнегедир качанкы бир элес жарк этип жанды: тээ алыста асман менен жер өбүшкөн жээк кызгылтым тартып мунарыктап, ошо мунарыкта кызыл көйнөкчөн балдар минген кырмызы аттар кылак-кылак зымырап баратты. Ал аңгыча зымыраган аттар жылас болуп, кызгылт мунарык арасынан кыпкызыл күн чеке-белин каканактатып күн карама себетиндей калдайды. Дал ошол кирпик ирмемде жаны чыгып бараткан Жолборстун соо көзүнө кашы ылдый аккан кан жая берди, ошондо анын кыялындагы каканактап турган күндүн бетине да дароо кан жайыла түштү. Күн жара кескен дарбыз сыңары канжалап, чеке-белинен кызыл кочкул кан тамчыларын чачыдай самсаалатып турду. Анан кызарыңкы мунарык көөдөй карарып, канын самсаалаткан күн да кочкулданып күйүп, чоңойгондон-чоңоюп, бир кур берилей калдайып жылып келип, кайра артына шуу чегинди да, ошо карайып күйгөн бойдон кичирейип-кичирейип барып, караңгылыкка батып кетти…

* * *

Мен мөндүр аралаш нөшөрдө үйүмө чаап келип, кайра аракка кирдим. Деги эчтеме ойлонгум келген жок. Тышта болсо өткүн өтүп, жерге жөө туман калың түшүп, жүдөтмө майда жамгыр шыбыргактап жаап турду. Мен үстөккө-босток стакан бошотуп, бар күчүмү аракка чыгардым. Өзүмү өзүм унутайын дедим, эс-учун жоготкон абалга батып кетейин дедим. Ичкен сайын башым тумандай берди. Соңку стаканды жутуп ийип, чалкалап жаттым. Айланам акырын көчө баштады. Эс-мас абалым менен «айланкөчөк» чимирилген бөлмөдө жатып, акыры качан экенин билбейм – уйкуга чөгүп кетипмин. Түн бир убакта эмнегедир чочуп ойгондум. Башым зыңылдап ооруп, ичим өрттөнгөндөй күйүп атыптыр. Тамагым какшып, аябай чаңкап да калыпмын. Чоюндай салмактанган башымы араң көтөрүп, коргошундай оор денеми очорулуп жатып өйдө кылып, ашкана үйгө темселеп жеттим. Карайлап жүрүп сууну таап, чакага ат сыңары эле башымы салып, муздак суудан көпкө чейин шимирип ичтим да, кайра келип төшөгүмө күп этип барып куладым.

Тышта болсо капкара түн, бир калыпта уңулдаган карандай шамал, шатырап жаап аткан кара жамгыр, дүмөктүү күңгүрөнүп күү чыгарган дарактар… Менин эсиме эмнегедир Жолборс кылт этти. А шордуу азыр баягы атылган жеринде эле тырайып жаткандыр. Астында муздак жер, үстүндө капкараңгы түн, тула боюн сабалаган кара жамгыр… Капыстан чагылган жарк этип, көз ирмемге караңгыны жалт качырып, кайра жылас болду. Караңгылык дүйнөнү кайрадан басып калды. Аттиң ай, Жолборстун кыска өмүрү да бу дүйнөдөн чагылгандай бир жарк этип кайра өчтү го. Ал кечээ эле мантаңдаган күчүк эмес беле. Анан килеңдеп чоңойбодубу, иттин көк жалы чыкпадыбы, атак-даңкка бөлөнбөдүбү. Анан… мен колдуу болуп бейажал өлбөдүбү… Эх, эсил кайран Жолборс!..

Жолборстун өмүрү эсиме түшүп, туулгандан акыркы саатына чейинки жандуу элестери көз алдыман тизилип өтүп жатты. Өлүп бараткандагы элеси тартыла калганда каңырыгым түтөп, бүткөн боюм калтырап кетти… Анан Жолборстун өлүмүнөн улам өз өмүрүмү ойлой баштадым. Балалык күндөрүмү, өспүрүм кезими, жигит курагымы, кан майданда кечирген жылдарымы бетим чымырабай эле жай гана эскерип өттүм. Ал эми согуштан соңку өмүрүмү ийне- жибине чейин тескеп-териштирип, карандай акылымын ырайымсыз сотуна салдым. Акыл-эсимин соту өзүнүн чакчайган илепсиз шооласы менен бүт өмүрүмүн кыйырын жарык кылды. Ошондо өткөн өмүрүмүн берки жарымы мага өрттөлгөн аңыздан бешбетер карарып көрүндү. Өрт чалган кайран өмүрүм! Сени өз колум менен жасаган кыянат иштеримин кызыл жалыны каптап, карартып өрттөп салыптыр. Анан калса мен жаратылышка кастарымы тигип, кылгылыкты ченебей эле кылыпмын го!

Жандуунун баарын ылгабай кыра берипмин, жан-жаныбарлардын убалына дегеле карап койбопмун. А алар бу жарык дүйнөгө менин огуман ажал тапканы келген эместир. Арийне, алар эне-жерди көп сырдуу, көп түстүү, көп үндүү кылып көрккө бөлөгөнү келгендир; өз жайына койсо тукумдап көбөйгөнү, бирок ашып-ташып же бөксөрүп кетпей, бирин бири өлчөмү менен жеп, бири-бирине ыктап, биринин эсебинен экинчиси күн көрүп, айтор, сан-сапатын өз ара жөнгө салып, табият таразасын бир жагына оодурбай, тең салмакта мелт-калт кармап турганы жаралгандыр. Анан мен бирди-жарым артыкбашы да, кызылдай эле зыянкечи да, кылчалык жазыгы да жок жаныбарларды шорлотуп ата берипмин. Жадагалса жаратылыштын жакшы бир перзенти – бөрүгө да ырайым кылбапмын. Көрсө, карышкырың түшкүр кайберендин катаал мүнөз тарбиячысы, тоо-токойдун табылбас санитары тура. Кашабаң айбандардын дени-карды соолорун кубалап жүрүп чыйрак кылып, тек жармач тукум калтырчу араңжандары менен оору жуктурчу кеселмандарын гана жеп, табият тазалыгын коргойт экен, атүгүл койдун да жалаң илдеттүүлөрүн тандап жеп, адам баласына дагы кадыресе шарапатын тийгизет экен.

Кыялымда согуштан соңку өмүрүмүн өрттөлгөн аңызы кайрадан карайып көрүндү. Арасында көк майсаңдуу токумдай аралчасы да, кур дегенде жадырап гүлдөп турган алакандай жери да жок – бүтүндөй капкара. А мен деле өмүрүмүн жарык таңында айыпсыз, ашкан кыялкеч бала эмес белем? Көңүл аптыктырган кооз элестерге, бийик максаттарга, жаркын тилектерге азгырылып, алардын баарына эртерээк жетсем деп дегдечү элем. Бу дүйнөдөн аруу жашап, сулуу өмүр сүрүп, адамдык парзымы ойдогудай өтөп өтсөм деп самачу элем. Ошонума караганда мен деле жарыкчылыкка тегин келбесем керек, татынакай иштер жасаганы, жаркын үмүттөрдү чынга чыгарганы, эне-жердин көркүнө аздыр-көптүр көрк кошкону жаралсам керек…

Бирок мен өз убагында, баягы кан майдандан жаңыдан келген чагымда, айкын багытыман айнып, теңирден тескери жолго түшүп кетипмин; кур бекер ак көңүлдүк кылып, макулуктардын шоруна чыйкандай чыккан мергенчиликке көп кыйыктанбай макул болупмун. Айткан убаданын аягына чыкканга, кандай иш болсо да дайыма так бүтүргөнгө бала чагыман жедеп көнүп алган экемин, зордук менен мойнума илинген мергенчилик кесибиме да салдатчасынан адал кызмат кылыпмын, айлык-жылдык тапшырмаларды эки-үч эселеп толтурам деп кайберен-аңдын шорун катырыпмын. Шакардай кайнаган күч-кубатымы, жанымын жалбырттаган жалынын, ай чарпыган эрк-шыгымы түпкүлүгүндө каргышы тийчү кыянаттуу иштерге жумшапмын. Ырас, жан бүткөндүн жазыксыздарын атып жакшы кылбай жүргөнүмү сокур сезимим менен боолголоп билчү элем, кээде өз кылганыман өзүм жипкирип да койчу элем, атүгүл айбандардын көбүн атып жатканда жүрөгүм зыркырап, аткандан кийин кабыргам катуу кайышып да калчу эле. Балким, ошол көңүл толгоолор билинбей жүрүп көмүрдөй кара чачымы кыроого бастыргандыр? Эгер андай болсо, менин аппак чачтарым – күнөөсүз жаныбарларды кантип кырганымын тилсиз күбөлөрү. Эгер тил бүтүп калса, ким билет, ак чачтарымын ар бир талы өзүм кырган макулуктардын убалын кыйкырып жар салат беле?!

Санаксыз жан-жаныбардын убалына калганым күйүтүмүн бир чекеси эле го. Баарынан да өз колум менен Жолборсту атып алганымчы! Кыянаттуу кызматымын кыл чокусу ушу болбодубу. Мен тек көп иттин бирин атканым жок, ит аттуунун кайталанбас сырттанын аттым, табияттын чанда бир жаралып калчу керемет туундусун аттым, өзүмүн айныбас ынак досуму аттым. Кайгылуу көңүлүм өрттөлгөн аңыздай карарып көрүнгөн өмүрүмөн жийиркене түштү. Мүдөө-максаттарымын жылдыздуу асманын кара булут каптап бараткансыды. Зыңгыраган оор күйүт үстүмөн ныгыра басып, карарган куса-чер ичимен туталантып, жанымы жаман кашайтып жиберди. Тирүүлүктөн кечип кеткенге кайыл болуп, өлгөндүн амалын издеп кайсаладым. Бир туруп түгөйүнөн айрылган ак куу сыңары көккө атып чыгып, кайра өз боюму жерге карай ургум келди. Бир туруп кайтып бараткан келгин куштарча кайдадыр бир белгисиз жакка сызып, дайынымы таптырбай кетким келди. Бир туруп жакшы итчесинен көз көрбөс жерге барып, көмкөрөмөн сулап жатып, тарткан азабымы сыртыма чыгарбай жатып жан бергим келди.

Бир маалда шамал албууттанып, күн катуу күркүрөдү. Асман чарт-чарт быркыранып, калдайган сыныктары жерге кулап түшкөнсүдү. Күн күркүрөгүнөн дем-шык алгандай жамгыр да шатыратып куюп кирди… Анан таң аткыча шамал чапкындап, күн кайра- кайра күркүрөп, жамгыр көнөктөп төгүп, кокту-колоттордон кыян жүрдү. Күкүктөгөн дайра күркүрөп-шаркырап, түбүнөн таштар күлдүрт-күлдүрт тоголонуп, кашаттар сууга күп-күп кулап жатты. Таң аткыча менин кыялымда да кыян жүрүп, ой-санааларым кара кочкул сел болуп акты, көз алдымдагы өрттөлгөн аңыздай өмүрүм баягыдан бешбетер карарып көрүндү. Мүдөө-максаттарымын асманын калдайган кара булут туташ каптап, үмүтүмүн жылт-жылт жанган жылдыздары бүт бойдон өчүп калды. Жаным кашайып, туюк караңгыга келип такалдым. Чын эле өлгүм келди, атылып өлгүм келди. «Кыянатчылыкка белчемен батып жүргөнчө, ынак досуман айрылып күн көргөнчө азыр эле атылып алганым оң, – деп бел байладым да, кайра башка ойго азгырылдым. – Жок, жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт эмеспи, мен эмне, ошо жакшы итче жок белем. Кой, тоо башына барып өлөйүн».

Дубалда илинүү турган октолуу мылтыгымы алып, дамбал-көйнөкчөн, жылаңбаш, жыңайлак бойдон сыртка чыктым. Жамгыр басылып, көктө киргилт булуттар даакыланып, үтүрөйгөн бүркөк таң атып келаткан экен. Мен айдоонун баткак топурагын жыңайлак кечип, биздин туштагы көпүрөгө карай далбаңдап жүгүрдүм. Энтелеп жетип барсам, көпүрөнү суу алып кетиптир. Кашатта аңкайып туруп калдым да, күкүктөп агып жаткан сууга карадым. Өркөч-өркөч шарларын ала салдырып, түбүнөн күлдүрт- күлдүрт таш агызып, күр-шар этип алдас урган дайранын ылайланган суусу кара кочкул. Айбаттуу күркүрөшү: «Ажал! Ажал!» – деп балдырап жаткандай. Же өлүм самаган көңүлүм: «Ажал! Ажал!» – деп мени шаштырып атабы?

Бир багытка бет алып дүүлүккөн кыялыма дагы бир ой келди: «Тоодо ит-кушка жем болгуча ушу дайрага эле агып өлбөйүмбү!» Сууга артымы салып кашаттын кырына кыйгачыраак турдум да, мылтыгымын кундагын жерге такап, оозун куду чекеме караттым. Жыңайлак бутумун бармагы менен маашаасын басып алсам эле ок чекеме кадалып, чалкаман кетем. Ошо менен сууга чалп этип күм- жам болом. Артымда дайра: «Ажал! Ажал!» – деп күркүрөп чамынат. Маңдайымда мылтыгымын оозу үрөй учуруп оңураят. Мен көзүмү жуумп, оң бутуму өйдө көтөрө берсем, капылестен эсиме Жолборс кылт этти. Ал азыр шүүдүрүмдүү кызгалдактар арасында чалкасынан сулк жаткандыр. Бооруна апакай өрүк гүлдөрү төшөлүп, капталына үлпүлдөгөн кызгалдак гүлдөрү чачылып, өзү да кызыл жаян канга боёнуп алгандыр. Ак гүлдөр туманына көмүлгөн өрүк иттин үстүнө кайгылуу үңүлүп, бооруна көз жашындай тунук шүүдүрүмүн тамчылатып, кан жайган соо көзүнө аппак сүрөтүн кыпкызыл кылып күңүрт түшүрүп тургандыр…

Мен Жолборс менен соңку ирет бир коштошуп алмак болдум да, акырын: «Кош, Жолборс!» – деп айтканы келатып, капыстан тамагыма такала түшкөн ыйдан чакадым. Коштошчу сөзүмү кайра да жарыя айтканга камынып «ко…» дегенде эле муунум бошоп, жумулуу көздөрүмөн жаш мөлт-мөлт агып кетти. Күйүттөн, арактан, уйку көрбөгөндөн алсыраган жаным суу тийген ылайдай эзилип, жадагалса ошо эки сөздүн «кош» дегенин да айта албай, ыйга муунуп турдум. Тула боюм шалдырап, аккан жаштар бетим ылдый сарыгып, элжиреген көкүрөгүмөн ысык ый тамагыма улам тебилип чыга берди. Көп өтпөй калтырап турган алсыз тизелерим өзүнөн өзү бүгүлө түштү да, мен көмкөрөмөн келип жерге суладым. Шүүдүрүмдүү көк майсага бетим тийип-тийбей эле мен буркурап ыйлап жибердим. Көзүмдөн аккан жаш көк чөпкө тамчылап, шүүдүрүмгө аралаш ным жерге кулап жатты. Буулугуп-буулугуп, өксөп-өксөп ыйлап, жаш баладан бетер өпкө кагып солуктадым. Көйнөк-дамбалым шүүдүрүмгө чыланып, асты жагыман сыз өтүп атканы да капарыма келген жок, токтоно албай ыйлай бердим, ыйлай бердим. Өксөп ыйлаган бойдон жатып, кыйладан кийин гана араң соолуктум. Башымы өйдө кылып, көздөрүмдү ачтым. Жерге кадыресе жарык түшүп, чыгышта асмандын ачык тилкеси кызарыңкы тартып тамылжып туруптур.

Жердин нымы, чөптүн шүүдүрүмү, көйнөк- дамбалымын суусу оттой ысык денеми муздатып, жалындап күйгөн башымы сергиткенсип коюптур. Анын үстүнө ыйлай берип бугум чыгып, көксөөм сууп, жеңилдегенсип да калыпмын. Аңгыча болбой бир күчүктүн безеленип үргөнү кулагыма чалынды. Бул добуш мага дегеле тааныш өңдөнүп угулду. Мен акмалап карап, тиги өйүздөгү арыктын кыры менен чуркап бараткан куу күчүктү көрдүм. Ал дегеле жан-алы калбай үргөн бойдон кара коделекти кубалап алыптыр. Тышкы көрүнүшү да, өңү-түсү да, үргөнү да куду Жолборстукундай. Кандайдыр бир сыйкыр менен Жолборсту кичирейтип, кайрадан күчүк кылып койгондой. Мен таңыркана карап турдум да: «О чиркин, эсил кайрандын тукуму турбайбы!» – дедим оюмда. Дале түнөрүп турган көңүлүмө жарыктын шооласы чарпылып тийгенсиди. Максат-мүдөөлөрүмүн асманынан булут сүрүлүп, үмүтүмүн жылдыздары жылт-жылт жадырай түшкөнсүдү. Наристе майсаң, ным топурак, мөлтүр шүүдүрүм кумарлуу жыттарын бир башкача аңкытып жибергенсиди. Жер шарынын өз огунда оор тегирмен таштай кыйч-кыйч этип айланып атканы капталыма сезилгенсип, кулагыма угулгансып кетти. «Жер тегеренип атыптыр, турмуш уланып атыптыр», – дедим көңүлүм жайланып. Капыстан көкүрөгүмдө жашоо кумары тыбырап ойгонуп, дүйнө көзүмө татынакай көрүнө түштү. Азыр эле жан кыйганга аз-аз калганымды эстеп алып, бетим чымырады. Ошондой теңирден тетири ойго азгырылып кеткениме аябай уялдым. «Жок, өлүм мени күтө турсун! – дедим ордуман туруп баратып. – Эми мен аруу жашап, адал мээнет кылып, ошону менен табиятка жасаган айып-күнөөмү жууйм. Калган өмүрүм жалаң жакшылыкка арналат. Жолборстун арбагын сыйлаганым ошо болсун!»

Ордуман турарым менен жерден мылтыгымы көтөрдүм да: «Кош, куралым!» – деп сууга ыргыттым. «Кош, кыянаттуу кесибим!» – деп артынан кошумчалап койдум. «Кош, атың өчкүр арак!» – деп жерге жийиркеничтүү түкүрдүм. Анан кыйгачынан карай бердим да, бир терең улутунуп алып, үшкүрүк аралаш күйүттүү үн чыгардым: «Кош, Жолборс!..» Ал аңгыча баягы күчүктүн безеленип үргөнү дагы да кулагыма чалынды. Карасам, эми ал артына кайтып баратыптыр. Үч-төрт бала андан калп эле качып, күчүк аларды үргөн бойдон кубалап алыптыр. Мен балдар менен күчүктү далдаага киргенче элжирей карап турдум да, маңдайымдагы тоо этегине карадым. Адыр-түзгө калың чыккан көпкөк жаш ыраң берекелүү шүүдүрүмгө көмүлүп, жамгыр шарапатынан ого бетер жашара түшкөнсүп, ар кайсы жеринен кызыл гүлдөрүн кылайтып, деги бир татынакай жарашык алыптыр. Арык боюндагы мажүрүм талдар чуудаланган сулуу шактарын муңайым самсаалатып, топ-топ өскөн өрүктөр апакай гүлдөрдүн аруу туманына көмүлүп, барпагай алмалар жайнаган агыш-мала чечектердин санжыргасында сөөлөттөнүп туруптур. Алча-гиластардын бутактарына батпай ак көбүктөнгөн гүлдөрүн гана шамал үйлөп, жамгыр жууп кетиптир…

Шамдай тирешкен мырза теректерде чымчыктар ызы-чуу түшүп, жашыл жалбырактар арасында булбулдар жан-алына карабай мукам-мукам безеленип, тээ бийикте жандуу чекит сыңары тырпыраган карача торгой күмүштөй шыңгыр ыргактарын жылаажындуу алкымынан от учкундарындай себелеп, айтор, баары тең агарып аткан таңдын, жадыраган жаз маалынын, түбөлүгү түз тирүүлүктүн урматына кереметтүү күүлөр чалып атыптыр. Мен башымы өйдө кылып, тоо башына көз чаптырдым. Туу чокунун үстүндө кере кулач чалгындуу канаттарын салмак менен токтомдуу сермеп, анда-санда «клак-клак!» шаңшып, бийикте сайран куруп айланган бүркүттөрдү көрдүм. Аңгыча болбой береги кырдан апакай булуттардын үзүмүндөй ак куулар үйүрү чыга келди. Наристе баланын кыялынан жаралгандай керемет куштар сурнай моюндарын шаанилүү созуп, сурнайдыкындай заңк-заңк табыш салып, сөөлөттүү чабыт менен кылактап баратты. Алардын артынан эле шынаа мисал желе тарткан каркыралар көрүнө калды. Койкойгон узун моюндарын алдыга жебедей түптүз созуп, соройгон узун аяктарын да ошо моюндары барабар артына таптак көтөрүп, чалгындуу кооз канаттарын жайма-жай сермеп, өзгөчө бир жарашык менен кылактаган каркыралар!..

Алоолонуп кызарган күн кыраңдан кылайып чыгып, жылтылдаган илептүү кирпиктерин асман-жердин кыйырына чачыратты. Күн шооласына бүркүттөрдүн канаттары күңүрт чагылышып, ак куулардын аруу чалгындары жарк-жарк этип, шүүдүрүмгө чайкалып калган көк чөп, дүйүм гүл, бак-дарак балкый түштү да, миң-сандаган мапмайда электр шам жапырт жагынгансып жаркырады. Мына, бу дүйнөгө жаңы күн тууду. Анан ошо жаңы тууган күн асманда бүркүт болуп айланып, ак куу каркыра болуп кылактап, торгой болуп тырпырап, жерде түмөн-түмөн шүүдүрүм болуп жаркырап, алча-өрүк болуп апакай гүлгө чөгүп, күчүк болуп сереңдеп жүгүрүп, эч качан бүтпөгөн автопортреттерин тарта баштады.

Аягы

[1] Рабат дарбазанын чамгарак жыгачы – арка (орусча).