ЖИГИТОВ Салижан: Антуан де Сент-Экзюпери: Кичинекей ханзада-1

Которгон Салижан ЖИГИТОВ

ЛЕОН ВЕРТКЕ
Алдагы китепчени чоң кишиге арнап койгонум үчүн кечирим сурайм. Актанып айтарым эле бу: а чоң киши менин эң мыкты досум. Анан калса ал балакеттин баарын, а түгүл балдардын китептерин да түшүнө алат. Акырында айтарым: ал Францияда жашайт, азыр аякта суук, ачарчылык. Демек, менин досум көңүл жубаткан жылуу сөзгө өтпө муктаж. Эгер ушул айткандар да актай албаса, анда китепчени досум деген чоң кишинин бала чагына арнайм. Чоң кишилер баары адегенде бала болгон го, бирок аны эстеп жүргөндөр аябай аз эмеспи. Ошентип, мен арноомду кайра түзөтүп жазам: бир кезде бала болгон Леон Вертке.

Алты жашымда адам аралай элек чер токойлор жөнүндө сөз кылган «Болмуш окуялар» аттуу китептен бир сапар укмуш сүрөт көрдүм. Сүрөттө удав деген килейген жылан бир жырткыч айбанды оп тартып жатыптыр. Мынаке а сүрөт:

Китепте мындай деп жазылыптыр: «Удав өз олжосун чайнабай бүкүлү жутат. Анан тырп эте албай калат да, ошо бойдон алты ай бою уктап жата берет, жутканын аш кылмайынча ойгонбойт».

Шумдук-шумдук окуяларга бай жунглинин турмушу тууралуу кеп-көп ой жүгүртүп, акыры түр калем менен биринчи мертебе сүрөт тарттым. Бу менин № 1-сүрөтүм эле. Мына, а сүрөт:

Тарткан сүрөтүмдү чоң кишилерге көрсөтүп:
— Коркуп атасыңарбы? — деп сурадым.
— Шляпадан да коркчу беле? — дештп алар.
А сүрөт дегеле шляпа эмес болчу. Ал пилди жутуп алган удав эле. Ошондо мен чоң кишилер аңдап алсын деп удавдын ичиндеги пилди айкын көрсөтүп тарттым. Билесиңер, аларга бардык нерсени түшүндүрүп бермейин болбойт. Мына, менин № 2-сүрөтүм:

Чоң кишилер мага жыланды ичинен тартканыңды да кой, тышынан тартканыңды да кой, андан көрө географияга, тарыхка, арифметикага, таза жазууга көбүрөк көңүл бур деп кеңеш беришти. Жакшы художник болуудан алты жашымда ушинтип айныбадымбы. № 1-жана № 2-сүрөттөрүм эчтекеге арзыбай калган соң өзүмө өзүм дурус ишенбей калдым. Чоң кишилер өздөрү эчтемени аңдап түшүнө алыпшайт, ал эми аларга көрүнгөндүн баарын улам-улам эзип түшүндүрүп отуруу балдарды аябай жадатып жиберет.

Ошентип, мага башка кесипти тандап алууга туура келип, учкучтукту үйрөнүп чыктым. Уча берип жер шарын бүт кыдырып койдум окшойт. Ырасын айтсам, географияны окуганым жакшы болгон экен. Мен Аризонадан Кытайды бир караганда эле айрып таанычу элем. Түндөсү жолдон адашып кетсең мунун аябай кереги тиет.
Өмүрүмдө ар кыл олуттуу адамдарды арбын жолуктурдум. Көп убагымды ошолордун арасында өткөрдүм. Алар менен коюн-колтук да жүрүп көрдүм. Ошондо деле алар жөнүндөгү ой-пикирим оңолуп кеткен жок.
Башкалардан акылдуу жана парасаттуу көрүнгөн кандайдыр бир чоң кишиге туш келгенде, ага баягы № 1-сүрөтүмдү көрсөтөр элем.

А сүрөттү айрып-тыткан эмесмин, дайыма жаныма ала жүрчүмүн. Таанышкан адамым чын эде бирдеме түтүнөбү,— ошону билейин дечүмүн. Бирок адардын баары: «Шляпа турбайбы», — дей салышчу. Ошондон кийин алар менен удавдар, жунглилер, жылдыздар жөнүндө сүйлөшчү эмесмин. Алар менен бриж жана гольф оюну, саясат менен галстуктар жөнүндө сүйлөшчү элем. Ошонума чоң кишилер да ыраазы болушуп, турмушту туура түшүнгөн адам менен тааныштык деп компоюп калышар эле.
II
Эзилишип сыр айтышар жан табылбай, ошентип эндекей жашап жүрдүм. Анан мындан алты жыл мурда айла жоктон Сахарага конууга мажбур болдум. Самолетумдун моторунун бир тетиги сынып калды. Жанымда механик да, жүргүнчүлөр да жок эле, ошон үчүн канчалык кыйын болсо да, баарын өзүм оңдоп көрөйүн деп бел байладым. Же моторду оңдошум керек эле, же өлүшүм керек эле. Бар болгону бир жумага араң жете турган суум калган.
Ошентип, биринчи түнү адам турагынан миңдеген миль алыстагы чөлдүн кумуна жатып уктадым. Кемеси кыйрап, анан океандын чексиз кыйырында такта сал минип калган адам да менчелик жалгызсырабайт. Таң эртеңде мени бүрөөнүн чыйылдаган үнү ойготту. Менин аң-таң калганымды айта көрбөгүлө. Дабыш:
— Мага.. козунун сүрөтүн тартып берчи! — деди.
— Ыя?
— Мага… козу тартып берчи…
Так төбөмөн күтүүсүз күн күркүрөп ийгендей ыргып турдум. Көзүмдү ушалап жибердим. Жан-жагыма карандым. Ошондо мени дегеле олуттуу тиктеп турган кызыктай бир кипкичине адамды көрдүм. Мен кийинчерээк тарткан анын эң дурус сүрөтү мынаке. Менин сүрөтүмдө ал, чынын айтсам, куду өзүндөй жакшы болбой калды. Ошентип калышына мен күнөөлүү эмесмин. Чоң кишилер мага алты жашымда сенден художник чыкпайт деп кесе айтып коюшпады беле, ошонун айынан удавды ичи менен тышынан тарткандан башка эчтеме билбей калгамын.
Ошентип, мен бу үч уктаса түпкө кирбеген кубулушка аңкайып карап турдум. Эсиңерде болсун, мен адам жашаган жерден миңдеген миль алыс элем. Бирок а балада адашып, же эси чыгып, аябай арып-чарчагандай, же ачка калып, каны катып алсырап араң тургандай кыяпат түк жок. Анын түрүнө карап, бу как эткен каргасы жок чөлдө жүргөн бала там-ташынан алыс калган дешке болбойт. Бир оокумда мага тил кирди:
— Бирок… сен мында эмне кылып жүрөсүң?
Ал дагы да акырын, бирок олуттуу өтүндү:
— Мага… козу тартып берчи..
Мунун баары ушунчалык табышмактуу жана акыл жеткис эле, ошол себептен терс жооп беришке чамам келбеди. Бу эрме чөлдө, өлүмдөн бир эле карыш алыс турганда, канчалык өөн учураганына карабастан чөнтөгүмдөн бир барак кагаз менен түгөнбөс калем учумду алып чыктым. Бирок ошо замат кичинемде географияны, тарыхты, арифметиканы, таза жазууну көбүрөк үйрөнгөнүм эсиме кылт дей түштү. Мен балага:
— Сүрөт тарта албайм! — деп айттым. Кыязы, бир аз ороң- добураак айтып койдум окшойт.
Ал көшөрүп туруп алды:
— Баары бир. Козу тартыл бер.
Өмүрүмдө койдун сүрөтүн тарткан эмесмин, кутулайын деп баягы өзүм билген эки сүрөттүн бирин — пил жуткан удавды— тарта салдым.
— Жок, жок! Мага удав жуткан пил керек эмес! — деп кыйкырып ийди бала. — Удав өтө опурталдуу, пил опсуз чоң. Менин үйүмдө баары кипкичине. Мага козу керек. Козу тартып бер.
Мен таң калганыман алдастай түшүп, сураганын чампалай салдымн.
Ал тарткан сүрөткө ынтаа менен ка рап туруп:

— Жок, бул козунун араң эле жаны бар экен. Башкасын тартып бер,— деди.
Дагы тартып бердим. Жаңы тааныш досум менин түшүнбөй жатканыма ырайымы келди белем, болор-болбос жымыйып койду.
— Карабайсыңбы, — деди ал,— бу козу эмес да. Бу кочкор турбайбы. Мүйүзүн көрбөйсүңбү…
Мен дагы башкача тарттым. Бу сапар да сүрөтүм анын купулуна толгон жок.

— Бул өтө эле картаң экен. Мага көпкө өлбөй турган козу керек.
Мен чыдабай кеттим. Тезинен моторду текшеришим керек эле. Кутулайын деп мына муну чиймелей салдым:
— Мына жашик,— дедим балага,— мунун ичинде сен каалагандай козу бар.
Көңүлүнө эчтеме толбогон сынчым жадырай түшүп:
— Жакшы болбодубу! Кандай дейсиң, бу козу чөптү көп жейби? — деди. Мен аң-таң калдым.

— Эмне экен?
— Менин үйүмдө баары кичине да…
— Ага жетет. Мен сага кичинекей козу берип жатам.


— Жок, анча деле кичине эмес…— деди ал, сүрөттү үңүлө карап жатып.— Карасаң эй! Уктап калды…
Кичинекей ханзада менен мен ушинтип тааныштым.
III
Анын кайдан келгенин көпкө биле албай жүрдүм. Кичинекей ханзада мага үстөккө-босток суроо бере берет; а мен андан бирдеме сурасам, укмаксан болуп коет. Капыс оозунан чыккан, байкабай айтып ийген сөздөрүнөн улам аз-аздан мага баары дыйын боло баштады. Мисалы, ал менин самолетумду (самолетту тартпай эле коёюн, баары бир колуман келбейт) адеп көргөндө:
— Бу эмне деген шумдук? — деп сурады.
— Бу «шумдук» эмес, самолёт. Менин самолётум. Асманда учат.
Анан ага уча аларымды мактаныч менен түшүндүрө баштадым. Ошондо ал кубана кыйкырып ийди:
— Кантип? Асмандан түштүңбү?
— Ооба,— дедим мен жай гана.
— Мына тамаша!..
Кичинекей ханзада кыткылыктап күлүп жиберди. Мен ага тырчый түштүм: иши кыйчалыштап турганда ыгы жок күлкүнү ким жакшы көрсүн.


Анан ал:
— Демек, сен да асмандан келипсиң да,— деп койду. — Кайсы планетадан, ия?
«Бу чөлгө кайдан келгениң табышмак болуп жатты эле, көрсө, анын жандырмагы ушундай экен го!» деп ойлодум да, тап жылдырбай сурап жибердим:
— Аа, сен биерге башка планетадан келдим дечи?
Ал жооп каптарбады. Менин самолётумду тиктеп туруп, акырын баш чайкады:
— Жок, сен муну менен алыстан келе албайт элең…
Ал көпкө мелтиреп ойлонуп калды. Анан чөнтөгүнөн мен берген козуну алып чыгып, ошол баа жеткис дасмиясын сонуркап баштады.
«Башка планеталар» жөнүндө бүдөмүктөтүп айткан сөздөрдөн ынтызарлыгым ашына түштү. Баланын сырын көбүрөк тартып көрөйүн деп чегип сурадым:
— Бала, сен кайдан учуп келдиң? Үйүң кайда? Менин козумду кайда алып кеткени турасың, ия?
Ал ойго чөгүп унчукпап туруп, анан минтти:
— Жашикти мага ырас берипсиң, козуну түндөсү ичине камап коём.
— Ошент. Жакшы бала болуп турсаң, сага жип да тартып берем, күндүз аны аркандап коёсуң. Казык да берем.
Кичинекей ханзада кабак бүркөдү:
— Байлап эмне кереги бар?
— Байлап койбосоң, дайынсыз алыс-алыс кетип, жоголбойбу.
Тиги досум дагы кыткылыктап күлүп ийди:
— Кайда бармак эле?
Кайда бармак эле! Башы ооган жакка бара берет да каңгып…
— Жоголот деп коркпойм, үйүмдө жер аябай аз эмеспи,— Кичинекей ханзада бу сапар тамашасыз чын сөзүн айтып, кайра муңайыңкы мындай деди. — Башың ооган жакка түз бара берсең, баары бир алыс кете албайсың…
IV
Дагы бир жаңылыкты мен ушинтип ачтым: көрсө, анын планетасы үйдөй эле бар экен!
Бу мени анча деле таң калтырган жок. Жер, Юпитер, Марс. Венера сыяктуу чоң планеталардан башка жүздөгөн планетлар бар экен, алардын эң кичинелери телескоптун көзүнө да араң-зорго урунарын мен жакшы билчүмүн. Ошондой бир кичинекей планета ачып калса, астроном ага ат эмес, жөн гана номер коёт. Маселен, «Астероид № 3251» — деп.

Мен Кичинекей ханзада «Астероид В-612» деген бөтөкөй планетадан учуп келди деп болжойм. Анткенимин жүйөөсү бар. Ал астероидди 1909-жылы бир түрк астроном телескоптон бир эле жолу көрүп калган экен.
Астроном өзү ачкан жаңылык тууралуу Эл аралык астрономиялык конгрессте баян этет. Бирок ага эч ким ишенбейт, анткени астроном түркчө кийинип алган болот. Чоң кишилер дегениң ушундай го, чиркин!
В-612 астероидинин ыкыбалы тоодон экен, түрк султаны өзү сурап турган элге европача кийим кийгиле, кийбесеңер өлүмгө кириптер болосуңар деп буйрук кылат. 1920-жылы баягы эле астроном өзү ачкан жаңылык жөнүндө кайрадан билдирүү жасайт. Бу сапар уккандардын баары анын айтканын макул көрөт, анткени ал эң соңку модада жасанып алган эле.

Мен чоң кишилердин айынан гана В-612 астероидин ушунча көп сөз кылып, а тургай номерин да айтып ийдим. Чоң кишилер цифра десе жантыгынан жата калат. Жаңы бир дос тапканыңды сүйүнчүлөсөң, алар эч качан алгылыктуу суроо бербейт. Алар эч качан: «Анын үнү кандай экен? Кандай оюнга ышкыбоз экен? Көпөлөк кармайт бекен? — деп сурабайт. Алар: «Жашы канчада экен? Ага-иниси канча экен? Салмагы канча экен? Атасы канча акча табат экен?» — деп сүрүштүрөт.

Суроолоруна жооп алган соң алар адамды билип алдык деп компоюп калат. Чоң кишилерге: «Мен кызыл кыштан салган кооз там көрдум, терезесинде герань гүлү өсүп, чатырында кептерлер учуп жүрөт» — десең, алар ошол үйдү түк көз алдына келтире алышпайт. Аларга: «Жүз миң франктык там көрдүм» — деп айтышың керек, ошондо алар. «0, сонун экен!» — деп тамшанышат.
Анын сыңары аларга: «Кичинекей ханзада чын эле болгонуна далилдер мына: ал ашкан бир азамат бала эле, кыткылыктап күлчү эле, бир козум болсо дечү эле.

Ал эми козум болсо деп тилеген жан кантип бу дүйнөдө жашап өтпөсүн» — десең, алар ийнин куушуруп тим болот да, сага кирди-чыкты акылы бар балага карагандай карайт. Эгер: «Ал астероид В-612 деген планетадан келиптир»— десең, алар дароо ишенет да, башка суроо бербейт. Чоң кишилер дегениң ушундай. Аларга таарынгандан эч пайда жок. Балдар жөн гана чоң кишилердин ошол кемчилигин көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп коюшу керек.
Бирок турмуш деген эмне экенин жакшы билген биз, албетте, номерлер менен цифраларды шылдыңдап күлөбүз! Оюма койсо, бу повестти мен сыйкырдуу жомок сыңары баштайт элем. Мындай деп баштар элем:
«Бар экен, жок экен, бир Кичинекей ханзада болгон экен. Ал өзүнөн бир аз эле чоңурак планетада жашачу экен, анан ага бир жакшы дос табылбай жүрчү экен…» Турмуштун эмнелигин түшүнгөндөр бу айтканым бүтүндөй чын экенине дароо ишенишер эле.
Эл бу китебимди эрмек үчүн гана окусун деп тилебейм. Кичинекей досумду эстесем, жүрөгүм зырп дей түшөт, ошол себептен аны сөз кылганда мен кыйналыш тартам. Ал козусу экөө мени таштап кеткенден бери мына алты жыл өттү. А жөнүндө айтып берейин деп далбас урганым — аны унутпайын дегеним. Досторду унуткандан кейиштүү эмне бар деги. Ар кимдин эле досу боло бербейт. Мен да цифрадан бөлөк эчтемеге кызыкпаган чоң кишилерге окшоп каламбы деп жүрөкзаада болом. Бир жашик боёк менен түр карандаштар сатьш алганымдын дагы бир себеби мына ушунда. Өмүрүңдө өмүрүң болгондо да алты жашыңда улавды гана ичинен-тышынан тартып көрүп анан менин курагыма келгенде кайра сүрөт тарта башташ, калп айткан менен болобу, кыйын эле нерсе экен! Ырас, мен дурус эле окшоштурушка тырышып көрөм. Бирок тартканым ойдогудай чыгарына шегим бар. Бир портрет дурус эле окшош болсо, бирөө таптакыр караандабайт. Бир сүрөтүмдө ханзаданын бою ашкере чоң көрүнсө, экинчисинде — кичинекей. Кийиминин өңү-түсү да жадыман чыгып кетиптир. Мен аны жоромолдоп, эптеп-септеп, мындай да, андай да тартып көрөм. Акыры, мен кээ бир урунттуу жерлерди жаңылыш тартып коюшум мүмкүн. Ал үчүн силер мени айыптабассыңар. Досум мага эч нерсе түшүндүрчү эмес. Сыягы, ал мени куду өзүндөй деп ойлосо керек. Тилекке каршы, мен жашиктин ичинде жаткан козуну тышынан көрө албайм. Кыязы, мен чоң кишилерге бир аз окшош болсом керек. Балким, картайып бараткандырмын.
V
Күн сайын мен анын планетасы жөнүндө, ал өзү планетасын кантип таштап, кантип саякаттап кеткени жөнүндө кандайдыр бир жаңылык билип турдум. Сөз ыңгайы келе калганда гана кичине бир жаңылыкты байкабай айтып ийчү. Мисалы, мен үчүнчү күнү гана баобабдардын кесепетинен келген кырсыкты билдим.
Буга даа козу себеп болду. Капыстан Кичинекей ханзаданын көңүлүн оор шектенүү өйүй баштады белем, сурап калды:
— Айтчы, козулар бадалдарды чын эле жейби?
— Чын эле жейт.
— Жакшы экен!
Козулардын бадал жеген-жебегени ага эмне себептен мынча зарыл болгонун түшүнө бербедим. Аңгыча Кичинекей ханзада дагы сурады:
— Демек, алар баобабдарды да жейт турбайбы?
— Жок. баобаб бадал эмес да,— деп мен ага каршы чыктым. – Боабаб деген мунардай бийик опсуз чоң дарак болот, сен бир үйүр пилди айдап келсең да, баары биригип бир баобабды жеп түгөтө албайт.
Пилдерди айтканыма Кичинекей ханзада күлүп жиберди:
— Бир пилдин жонуна экинчисин тургузуп койбосоң, алар батмак эмес…
Анан ал каадалуу түр менен:
— Баобабдар адегенде, чоңойгуча, кипкичинекей эле болот,— деди.
— Ал чын дечи. Бирок сенин козуң кичинекей, баобабдарды кайдан жейт эле?
Сөз жөпжөнөкөй, айдан ачык чындыктар жөнүндө жүрүп жаткансып:
— Жебегендечи!— деп койду Кичинекей ханзада. Буга мен башымды аябай катырып, иштин жайы эмне экенин араң дегенде аңдап билдим.
Планеталардын баарында өскөн пайдалуу чөптөр Кичинекей ханзаданын планетасында да өсө турган. Андай болгон соң аерде жакшы, пайдалуу чөптөрдүн жакшы үрөндөрү, жаман отоо чөптөрдүн жаман үрөндөрү болору шексиз да. Бирок үрөндөр көзгө көрүнбөйт эмеспи.

Ичинен бирөө ойгоном деп умтулмайынча, алар терең топурактын астында уктап жата берет. Анан баягы ойгоном деп тырбалаңдаган үрөн өнүп чыгат; боюн түзөп, мойнун күнгө созот; дегеле татына, дегеле айыпсыз көрүнөт. Эгер бу шалгам же розаньш көчөтү болсо, мейли, беймарал өсө берсин. Эгер ал кандайдыр бир жаман чөп болсо, айрып тааныр замат тамыр-самыры менен жулуп ташташ керек. Кичинекей ханзаданын планетасында аябай опурталдуу, өтө кыянаттуу үрөндөр… баобабдардын үрөндөрү бар эле.

Планетанын топурагын бүтүндөй ошол үрөндөр булгап таштаган эле. Эгер баобабды чыгар замат айрып тааныбасаң, кийин шоруңдун катканы. Ал бүт планетаны ээлеп алат. Тамырларын тереңге-тереңге сойлотот. Планета кичине болот, баобабдар көп болсо, алар аны барча-барча жарып иет.

— Бир катуу эреже бар, —деди мага Кичинекей ханзада кийинчерээк. — Эртең менен туруп, жуунуп, өзүңдү тартипке келтирер замат планетаңды да тартипке келтир. Баобаб менен роза өнүп чыкканда коёндон окшош болот. Алар бир аздан соң айырмалана баштайт, ошондо күн сайын баобабдарды сөзсүз отоп турушуң керек. Бу аябай кыбыр жумуш, жадатып иет, бирок анча деле оор эмес.

— Бу эрежени силердин балдар да жакшы түшүнүп алсын, сен мындай бир сүрөт тартып көр,— деди ал бир күнү мага.— Эгер алар бир кезде саякатка чыгып калышса мунун пайдасы тиет. Башка иш күтүп турса да зыяны жок. Бирок баобабдарды эркинче коё берсең, балээге калганың ошол. Мен жалкоо бирөө жашаган планетаны билчү элем. Ал үч көчөттү убагында жулбай койгон экен…

Кичинекей ханзада мага эчтемесин калтырбай баяндап берди, мен а планетанын сүрөтүн тарттым. Мен адамдарга акыл-насаат айтканды жаман көрөм. Бирок баобабдардын кандай кырсык апкелерин билгендер аз, ал эми кимде ким астероидге барып калса, аны көп коркунучтар курчап алары бештен белгилүү. Ошон үчүн бу сапар демейдеги адатыман айныгым келип жатат. «Балдар! — дейм мен,— баобабдардан этият болгула!» Менин досторумду көптөн бери коркунуч күтүп турат, аны мен мурда сезбеген сыңары алар да сезишпей жүрөт. Мен муну досторумдун эсине алдын-ала салгым келет. Мына ошон үчүн бу сүрөттү тирмийип отуруп тарттым, кеткен мээнетиме кенедей ичим оорунбайт. Балким, силер сурарсыңар: эмне үчүн бу китепте баобабдарды тарткан сүрөттөй барандуу сүрөттөр жок? Жообу өтө эле жөнөкөй: мен тырышсам да, алгылыктуу чыккпай койду. Ал эми баобабдарды тартып жатканда, тартып жатканым укмуштай маанилүү, эртеңкиге түртө салбай турган жумуш деген ой мага шык берди, күч берди.
VI
0, Кичинекей ханзада! Сенин өмүрүң кандай кейиштүү, кандай бир өңчөй өткөнүн бара-бара билдим. Көпкө чейин сенин көргөн-баккан тамашаң күндүн кызарып батканы болгон экен.
Мен аныңы төртүнчү күнү эртең менен:
— Мен күндүн батып баратканын жакшы көрөм. Жүр, күн батканын карайбыз,— дегениңден аңдап калдым.
— Бир аз күтө туралы.
— Эмнени күтөбүз?
— Күндүн батканын.

Адегенде сен бир кур таң калып, анан өзүңө өзүң күлүп жибердиң:
Мен дайым эле үйдө шүргөнсүйм.
Айтса-айтпаса, Америкада чак түш турганда, Францияда күн батарын элдин баары билет. Эгер көз ирмемде Францияга учуп жетишке мүмкүн болсо, күн батканын көрүп, жыргар эле. Бактыга каршы, Франция бизден алыс, аябай алыс. А сенин бөтөкөй планетаңда отургучту бир нече кадам жылдырсаң эле жете турган. Анан сен каалаган учурда батар күндүн асманын улам-улам көрө берчүсүң…

Бир сапар бир эле күндүн батканын кырк үч ирет көргөмүн!
Бир аздан кийин сен:
— Билесиңби… капа болуп турганда, күндүн батканын карап турсаң жакшы да…— дедиң.
— Демек, күн батканын кырк үч жолу көргөн күнү аябай капаланып турдуң беле?
Бирок Кичинекей ханзада жооп кайтарбады.
VII
Бешинчи күнү Кичинекей ханзаданын ыймандай сырын бплдим. Билишиме дагы да козу себеп болду. Ичинен көп-көп ойлонуп отуруп, бу бүтүмгө келген белем:
— Козу бадалдын көчөтүн жесе, гүл да жейт ко?—деп капыстан сурап калды ал.
— Оозуна эмне урунса, жей берет.
— Тикенеги бар гүлдү делеби?
— Ии, тикенектүү гүлдү да жей берет.
— Анда тикенектин эмне кереги бар?
Муну мен билген эмесмин. Анын үстүнө бош эмес элем: мотордун бир болту желип кетип, ошону чыгара албай жаткамын. Абалым аябай оордошуп, суум азайып, айлам түгөнүп турган. Бу аргасыз конуп калганым жаманчылык менен бүтпөсө экен деп корко баштагам.
— Тикенектин кандай кереги бар?
Бир суроо берип алса, Кичинекем ханзада жооп алмайынча такый берчү. Жөн гана көнбөгөн болот кыжырга жатты эле, мен:

— Тикенектин эч кандай кереги жок, гүлдөр тикенекти ачуусуна чыдабай чыгарат, — деп оозума келгенди оттоп салдым.
— Мына кызык!
Бир саам жымжырт боло түштү. Анан ал бир аз кыжырланып:
— Ишенбейм сага! — деди,— Гүлдөр назик. Аларда куулук-шумдук болбойт. Анан алар айбаттуу көрүнсөк деп тырышат. Тикенегибиз болсо эле баары коркот деп ойлошот…
Мен унчукканым жок. Ошол саамда: «Эгер бу болт азыр да чыкпай койсо, балка менен тарс бир уруп, сындырып салам», — деп жаткан элем ичимен. Кичинекей ханзада оюму бузду:
— Сен ойлойсуң го, гүлдөр…
— Койчу, айланайын! Эчтеме деп ойлогон жерим жок! Мен сага ойлонбой эле оозума келген сөздү айтып койдум. Көрүп турбайсыңбы, мен олуттуу иш кылып жатканымды.
Ал мага таңыркап карап калды.
— Олуттуу иш дейсиңби?
Үстү-башымды карала-торала кылып, балканы колума алып, ага түрү суук, мага түшүнүксүз бир буюмга үңүлүп жаткан элем. Ал мага чекчейип тигиле карап турду да:
— Сен чоң кишилердей сүйлөйт экенсиң! — деди.
Бетим чымырай түштү. Бала ого бетер бетимди чымыратты.
— Сен баарын чаташтырып атасың… эчтеме түшүнбөйт турбайсыңбы!
Анын ачуусу чындап келген экен. Башын чулгуп алды эле, шамал алтын чачтарын үрпөйтө жулмалап жатты.
— Мен бир планетаны көргөм, анда бети чыйкандай кызыл бир төрө жашайт. Ал өмүр бою бир жолу гүл жыттап көрбөптүр. Бир жолу да жылдызга карабаптыр. Эч кимди сүйбөптүр. Эчтеме кылбаптыр. Анын асылганы эле: цифраларды кошуу. Керээли кечке сага окшоп: «Меп олуттуу кишимин! Мен олуттуу кишимин!» деп какшана берет. Текеберликтен жарылып кетчүдөй болуп турат. А чынында ал адам эмес. Ал айгыр тепек.
— Эмне?
— Айгыр тепек!
Кичинекей ханзада жаалы чыккандан кумсарып кетти. Миллион жылдан бери гүлдөргө тикенек чыгат. Ага карабай миллион жылдан бери козулар гүлдөрдү жеп келет. Тикенектен кенедей пайда болбосо, гүлдөр неге бар күчүн тикенекке чыгарат? Эмне, ушуну түшүнүү олуттуу иш эмеспи, ия? Козулар менен гүлдөр өз ара согушуп жүргөнү сага тамашабы? Бул, эмне, бети чыйкандай кызыл, семиз төрөнүн арифметикасына арзыбаган кайдыгер нерсеби? Эгер мен дүйнөдөгү жападан жалгыз бир гүлдү билсем, а гүл менин планетамда өссө, андай гүл башка жакта такыр жок болсо, анан бир күнү кичинекей козу байкабай а гүлдү жалмап таштаса, жалмап таштап кандай иш кылганын да билбесе… сага эмне, ушунун бары оюндай көрүнөбү?
Ал кызарып-татарып кетти. Анан кайра сөзгө кирди:
— Миллион жылдыздын бирөөндө да өспөгөн жалгыз гүлдү сүйсөң арманың болбос; асманды карайсың да, өзүңдү бактылуу сезесиң. Анан өзүңө: «Ошо жакта менин гүлүм бар…» — дейсиң. Эгер козу аны жалмап койсо, жылдыздардын баары жапырт өчкөндөй болбос беле! Эмне, ушуга сен кайдыгер карайсыңбы?!
Ал туталанып сүйлөй албай калды. Капыстан буркурап ыйлап жиберди. Каш карайды. Мен ишимди таштадым. Кесирдүү болт менен балка, чаңкоо менен өлүм мага сокур тыйынча көрүнбөй калды. Бир жылдызда, бир планетада — Жер деген аты бар менин планетамда Кичинекей ханзада ыйлап жатты, эми аны сооротуш керек эле. Мен аны колума алып, алдейлей баштадым. Мен ага мындай дедим: «Сен жакшы көргөн гүлгө эч кандай коркунуч туубайт… Козуңа ширге тартып берем — тумшугуна кептеп коёсуң… Гүлүңө темир калпакча тартып берем… Мен… Мен… «Эмне деп кобурап жатканымды билген жокмун. Өзүмдү аябай ыңгайсыз, аябай эби жок сездим. Ал эмне деп чакырсам угарын, аны менден качып бараткан жанын кантип кууп жетеримди биле албай турдум… Көз жаштын өлкөсү— ал табышмактуу, купуя сырдуу өлкө го, чиркин!
VIII
Көп өтпөй а гүлдүн жайын жакшы билип алдым. Кичинекей ханзаданын планетасында дайыма жөнөкөй, көзгө комсоо гүлдөр өсчү — алардын гүл желекчелери аз эле, алар биртике жер ээлеп, эч кимге жолтоо болчу эмес. Алар таңзаарда гүл ачып, кечке жуук солуп кала турган. Бу гүл болсо, бир күнү белгисиз жактан шамал айдап келген үрөндөн өнүп чыкты. Кичинекей ханзада башка көчөттөргө жана чөп-чарларга окшошпогон бу көчөттөн көз айырбай жүрдү. 
Кокус баобабдын кандайдыр бир жаңы түрү болуп жүрбөсүн? Бирок көчөт өскөнүн токтотту да, чанак байлады. Кичинекей ханзада мындай чоң чанакты эч качан көргөн эмес, ошон үчүн чанак ачылса бир укмуш көрөм деп ичинен кымылдады. Ал эми өзүнүн жашыл бөлмөсүндө жашынып жаткан купуя мейман болсо маалкатып сулуулана берди. Ал боёктордун гүлгүнүн тандады. Ар бир желекчесин улам-улам тагып көрүп, камырабай жасанып жатты. Ал кайдагы бир кызгалдак баштанып бул дүйнөгө үрпөйүп көрүнгүсү келген жок. Ал бүт көркүм менен бир жарк этип жадырайын деди. А чиркиниң ченде жок ойсоке эле! Табышмактуу камылгасы күндөн күнгө созула берди. Анан бир күнү, күндүн мурду эми чачыраганда, гүл желекчелери ачылып калды.
Ушу минута деп камынып, ушунча мээнет кылган сулуу эстене берип:
— Ах, араң эле ойгондум… Кечиресиз… Мен саксайып турам. Тарана элекмин…— деди.
Кичинекей ханзада жетине албай, кубанып турганын жашыра алган жок:
— Сиз укмуш татынакайсыз!
— Коюңузчу? — деди назик үн,— байкадыңызбы, мен күн менен кошо төрөлдүм.
— Албетте, Кичинекей ханзада ажайып меймандын аздыр-көптүр көтөрүлүп коймою бар экенин баамдап калды, бирок ал жүрөк аптыккандай татынакай эле!
Бир аздан соң гүл:
— Эртемененки тамактын маалы болуп калды окшойт, — деп койду, — кичипейилдик үчүн… мага кам көрүп коёсузбу… Кичинекей ханзада аябай уялып кетип, суу сепкичти таап, гүлгө булактын кашка суусун сенти.

Көп өтпөй сулуунун кербез жана ызакор экени билинди. Кичинекей ханзада анын айынан далай абыгерчилик тартты. Гүлдүн төрт тикенеги бар эле, бир күнү ал ханзадага мындай деди:
— Жолборс келсе келе берсин, мен анын тырмагынан коркпойм!
— Менин планетамда жолборс жок, — деди Кичинекей ханзада. — Анын үстүнө жолборс чөп жебейт да.
Гүл ызалана түштү:
— Мен гүл эмесмин!
— Кечиресиз…
— Чын, мен жолборс дегенден коркпойм, бирок шамалдан жаман корком. Сизде шамал тосчу парда жок бекен?
«Өзү өсүмдүк, анан жел тиет деп коркот… кызык, капырай…— деп ой жүгүрттү Кичинекей ханзада.—Бу гүлдүн кыялы кырс экен!»
— Кеч киргенде, мени айнек калпакча менен жаап коюңуз. Аябай суук экен. Бу жер жашоого ыңгайсыз планета көрүнөт. Тиги мен келген жакта…
Ал сөзүн бүтүргөн жок. Бу жерге ал кичинекей дан кезинде келип түшкөн. Анан ал башка дүйнөлөрдүн кабарын кайдан билмек эле. Калпыңы оңой карматып коёр соң калп айтып не керек! Сулуу уяла түштү да ханзада менин алдымда айыпкер экенин сезсин дегенчелик бир-эки жөтөлүп койду.
— Пардаңыз кана?
— Мен апкелейин деп турдум эле, бирок сиздин сөздү угуп бүтпөй кете алганым жок!
Ошондо гүл ханзаданын бетин аябай бир чымыратайын дегенчелик кылып ого бетер күчөнө жөтөлдү.
Кичинекей ханзада татынакай гүлдү жакшы көрүп да, ага кызмат кылышка азыр болсо да, көп өтпөй жүрөгүнө шек саноо төрөлдү. Беймаани сөздөргө итиркейи келип, өзү бактысыз сезе баштады.
— Анын айтканына бекер кулак салыпмын,—деди ал бир күнү мага сырдаштык менен.—Гүлдөрдүн сөзүн элебей эле коюш керек. Аларга жөн гана сонуркап карап, жыпар жытын искеш керек. Менин гүлүм планетамды аңкытып турганда, мен ага кубана албапмын. Жолборстор, тырмактар жөнүндөгү сөздөр ай-я… А сөздөргө мен элжирешим керек экен, а мен ачууланыпмын…
Дагы мындай сырын айтты:
— Мен анда эчтемени түшүнбөпмүн! Сөзүнө эмес, ишине карап бааласам болмок экен. Ал мага жыпар жытын берип, өмүрүмө жарык шоола төккөн тура. Бекер качыпмын! Ошо арсыз кытмырлык менен айлакерликтин артында назик мээрим жатканын туюшум керек экен. Гүлдөрдүн айтканы башка, кылганы башка болорун кайдан билдим! Анда мен өтө жаш экемин, сүйө билчү эмес экемин.
IX
Баамымда ал келгин куштар менен кошо саякаттамак болот. Кетер күнү таң заардан турду да, планетасын күндөгүдөн жакшырак жыйыштырды. Ал өчпөй жанып турган вулкандарын жадабай жакшы тазалады. Жанып турган эки вулканы бар эле. Таң эртеден тамак койсоң, дароо ысытчу. Анан тиги экөөнөн башка да бир өчкөн вулканы бар эле. Бирок кырсыкты кайдан деп болбойт! Ошон үчүн ал өчкөн вулканды да тазалап чыкты. Вулкандарды шапшай тазалап жатканда, алар оргуштап ысык жалын чачпай, бир калыпта текши күйөт.

Вулкандын оргуп атылышы мештин морунда көө күйүп өрттөнүп жаткандай. Биз, Жердин адамдары, өтө кичинебиз, вулкандарыбызды тазалаганга алыбыз келбейт. Мына ошон үчүн алар бизге көп бүлүк салат.
Баобабдардын бирин-серин көчөттөрүн жулуп жатканда да Кичинекей ханзаданын жүрөгү тыз дей түштү. Эми ал кайра келбейм деп ойлоду. Бирок ошол таңда демейде кыла жүргөн иши ага башкача бир ыракат берди. Ажайып гүлүнө соңку ирет суу чачып, айнек капкакча менен жабарда, ыйлагысы келди.
— Саламат калыңыз, — деди ал.
Сулуу жооп кайтарбады.
Кичинекей ханзада кайталап айтты:
— Кош болуңуз.
Сулуу жөтөлүп койду. Бирок бу суукка урунгандагы жөтөл эмес эле.
— Мен эселек элем,—деди ал акырын.—Мени кечир. Бактылуу боло көр.
Жемелеген бир сөз айтпады. Кичинекей ханзада аябай айраң калды. Ал уялгандан шаштысы кетип, айнек калпакчаны кармаган бойдон нес болуп турду. Бу муңайым назик мээрим каякта жашырылып жаткан?
— Жашырганда эмне, мен сени сүйөм,—деди сулуу.— Сен аны билген жоксуң, ал менин айбым. Эми айтып-айтпай пайда жок. Сен да мендей эселек элең. Бактылуу болушка тырыш. Калпакчаны ташта, эми анын мага кереги жок.
— А шамалчы?..
— Мен анча деле суукка урунган эмесмин… Түнкү салкын мага жагат. Мен гүл эмесминби.
— А жырткыч айбандар, курт-кумурскаларчы…
— Эгер көпөлөк менен таанышкым келип жатса, эки-үч көпөлөк куртуна кайыл болом да. Көпөлөктөр татына болсо керек. Алар келбесе, мага ким келет эле? Сен алыс-алыс болосуң да. Камсанабай эле кой, чоң жырткычтардан дегеле коркпойм. Менде да тырмак бар.

Сулуу гүл бала кыялы менен төрт тикенегин көрсөтүп койду. Анан кыжырлана түштү:
— Маалкатпачы, бай болгур, кыйнабачы! Кетер болсоң жөнөбөйсүңбү эми.
Ал өзүнүн ыйлаганын Кичинекей ханзадага көрсөткүсү келбеди. Ашкан намыскөй жан эле а гүл…
X
325-, 326-, 327-, 328-, 329- жана 330-астероиддер Кичинекей ханзаданын планетасына башкалардан жакын турчу. Ошон үчүн ал адегенде ошолорго багыт алды: кантсе да өзүңө бир иш таап, бирдеме үйрөнүшүң керек ко.
Биринчи астроидде король жашайт экен. Арс чычкандын терисинен жакасы бар кызыл кымкапка оронуп, жөнөкөй, бирок дегеле сөөлөттүү тактысында отуруптур.
Кичинекей ханзаданы көрөр замат:
— А, мына менин букарам! — деп кыйкырды король.
«Мени кайдан тааныды? — деп ойлоду Кичинекей ханзада.— Мени биринчи көрүп жатпайбы!»
Королдор дүйнөгө аябай үстүрт карарын, алар элдин баарын баш ийген букарам деп эсептээрин ал билчү эмес.
Король бирөөлөргө королдук кыла аларына жетине албай:
— Келчи бери, сени бир жакшылап карап багайын,—деди.
Кичинекей ханзада көчүк басар жер табылар бекен деп эки жагын каранса, көлкөйгөн санжыргалуу арс чычкандын мантиясы планетаны бүт бойдон жаап калыптыр. Тике туруп турушка аргасыз болду. Ал аябай чарчаган эле… анан капыстан оозун араандай ачып эстенип жиберди.
— Королдун көзүнчө эстегенге салт уруксат кылбайт,—деди король.—Сен эстенбе, тыюу салам.
— Мен байкабай эле…—деди осолдой түшкөн ханзада.—Мен жол азабын көп тартып, такыр уктай элекмин.
— Мейли, анда эстене бер, уруксат,—деди король.—Эстенген адамды көрбөгөнүмө көп жыл болду. Бу мага аябай кызык. Кана, эстен! Буйругум ушул.
— Мен ийменип атам… Эми эстене албайм…—Кичинекей ханзада мукактанып, кызара түштү.
— Мм, мм… анда эмесе буйрук кылам: бирде эстенип, бирде…
Король чаташып калды, сыйкы ачуусу да кармай түштү окшойт.
Королго кыңк этпей баш ийип турган жагат эмеспи. Каяша айтып кыр көрсөткөндү ал көтөрө алмак эмес. Бу король болсо бийлиги чексиз монарх. Бирок ал ак көңүл адам, ошондуктан дайыма акылга сыйган буйруктарды бере турган.
«Эгер мен генералыма деңиздин ак чардагы болуп кубул деп буюрсам, анан генерал буйругумду аткара албай койсо, анын күнөөсү эмес, менин күнөөм»,—дечү король.
— Отурсам болобу? — деди Кичинекей ханзада батына бербей.
Король:
— Буйрук кылам: отур! — деди да, арс чычкан жакалуу мантиясынын бир этегин өзгөчө бир сөөлөттүү шаани менен жыйрып койду.
Кичинекей ханзада дагы эле түкшүмөлдөп жатты. Планета кепкенедей экен. Бу король деги эмнени башкарат?
— Таксыр,—деди ал,—сизге бир суроо берсем болобу?
Король шашып кетти:
— Буйрук кылам: сура!
— Таксыр… Сиз эмнени башкарасыз?
— Баарын,—деп койду король тек гана.
— Баарын дейсизби?
Король өз планетасына, ошондой эле башка планеталарга да, жылдыздарга да жай гана колун нускады.
— Ушулардын баары баш иеби? — деп Кичинекей ханзада кайра сурады.
— Баш нет,—деди король.
Анткени ал ченемсиз бийлик берилген монарх эле, кандайдыр бир чек дегенди билчү эмес.
— Жылдыздар да сизге баш иеби? — деп такыды Кичинекей ханзада.
— Ананчы,—деди король.—Жылдыздар көз ирмемде баш ийип калат. Каяшаны көтөрө албайм.
Кичинекей ханзада жетине албай катуу сүйүндүү Анын да ушуңдай кудурети болсочу! Анда ал күндүн батканын бир күндө кырк үч эмес, жетимиш эки, жүз, эки жүз жолу көрүп, моокумун кандырар эле! Анүчүн ага отургучту улам жылдырып тургандын да кажаты болмок эмес. Ошондо ал өзү таштап кеткен планетасын эстеп, кайра кусалана баштады да, анан кайраттанып королдон суранды:
— Күндүн батканын көргүм келет… Ыракым этиңизчи, күнгө бат деп буйрук кылыңызчы…
— Эгер мен кайсы бир генералга көпөлөк болуп гүлдөн гүлгө учуп кон деп, же трагедия жаз деп, же деңиздеги ак чардакка айлан деп буйрук кылсам, анан генерал буйругумду аткара албаса, анда ким күнөөлү болот? Менби же генералбы?
Кичинекей ханзада буйдалбай шар жооп берди:
— Сиз, таксыр.
— Ап-балли,—деп кубаттады король.—Ар ким алына жараша. Бийлик биринчи иретте акылга таяныш керек. Эгер сен элиңе сууга чөк деп буйрук кылсаң, элиң революция чыгарат. Мен баш ийүүнү талап кыла алам, ага акым бар, анткени мен буйруктарымды акыл менен берем.
— А күндүн батканы кантет? — деп эстетти Кичинекей ханзада. Ал бирдеме сурадыбы, жооп алмайын тынч албай турган.
— Күн батканын да көрөсүң. Мен күнгө «бат» деп айтам. Бирок ылайыктуу шарт келишин күтө турам, королдун акылмандыгы мына ушунда, эгер билсең.
— А ылайыктуу шарт качан болот? — деп каңкуулады Кичинекей ханзада.
Мм, мм,- деп койду король календарын барактап жатып.—Болот, болот… мм, мм… бүгүн кечки саат жетиден кырк мүнөт өткөндө болот. Ошондо сен менин буйругум кандай так орундаларын көрөсүң.
Кичинекей ханзада оозун ачып эстеди. Бу жерде күндүн батканын каалаганда көрө албайт экенсиң эмне! Ырасын айтканда, ал зериге баштады.
— Мен кеттим,—деди королго.—Биерде мен эми эмне кылат элем.
— Кете көрбө! — деди король, ал өзүнө баш ийген адам табылганына корсоюп отурган эле, эми андан айрылгысы келген жок,— Сен кал, министр кылып дайындайын.
— Эмненин министри?
— Тиги… Юстициянын.
— А биерде кимди соттомок элем!
— Аны дагы көрө жатабыз,— деди король,— мен өз мамлекетимди алигиче баштан-аяк карап чыга элекмин. Карып да калдым, карета кармаар орун жок, жөө басканда бат чарчап калам.
Кичинекей ханзада кыйшая эңкейип, планетанын аркы жагын дагы бир ирет карады.
— Мен карап көрдүм! — деп кыйкырды ал,—Аякта деле эчтеме жок экен.
— Анда өзүңдү-өзүң сотто!—деди король.—Бу баарынан кыйын. Бирөөлөрдү соттогондон өзүңдү соттогон алда канча оор. Эгер өзүңдү калыс соттой алсаң, анда сен чын эле акылмансың.
— Мен өзүмдү каерде болсо да соттой алам,—деди Кичинекей ханзада.—Анүчүн сиздин жаныңызда калгандын кажаты жок…
— Мм, мм…—деди король.—Менин планетамда бир карыган момолой чычкан жашаса керек. Түндөсү кытыратканын угуп калам. Сен ошо карт момолойду соттошуң керек. Аны кезек-кезек өлүм жазасына өкүм кылып тур. Анын өмүрү сенин колуңда болот. Бирок аны улам-улам кайра актап тур. Карыган момолойду сактоо керек, ал биздин жалгыз момолой да.
— Мен өлүм жазасына өкүм кылганды жаман көрөм,—деди Кичинекей ханзада.—Мага эчтеменин кереги жок, мен кетем.
— Жок, кетпейсиң,— деди король.
Кичинекей ханзада жөнөй берейин деп өзүнчө бүтүм чыгарды, бирок картаң монархты капа кылып кеткиси келбеди.
— Эгер таксыр ылайык тапса, эгер өзүңүздүн айтканыңыз эки болбосун десеңиз, мага акылга сыяр буйрук берсеңиз жакшы болор эле,—деди ал.—Мисалы, мага азыр бир мүнөт кармалбай жолго чык деп буйрук бере аласыз. Менимче, азыр ушундай буйруктун жагдайы келип турат.
Король жооп кайтарбады. Кичинекей ханзада эмне кыларын билбей бир аз аялдап турду да, анан бир күрсүнүп алып, жөнөй берди.
Король артынан:
— Сени элчи кылып дайындадым! — деп шашыла кыйкырып калды.
Анын кебетесинде каяша айтканды көтөрө албас кыяз бар эле.
Кичинекей ханзада сапар тартып баратып: «Чоң кишилер деги кызык калк».—деп ойлоду.
XI
Экинчи планетада атак сүйөр жашайт экен. Ал Кичинекей ханзаданы алыстан көрөр замат кыйкырып жиберди:
— О, мына, урматтоочу да келил калды!
Кекирейген куу чиренге элдин баары жалгыз ошону көрүп, жалгыз ошого суктаньш жаткандай көрүнөт.
— Арбаңыз!— деп салам айтты Кичинекей ханзада. — Шляпаңыз кызык экен.
— Мага таазим кылгандарга алик алыш үчүн деп түшүндүрдү атак сүйөр. – Куттуктап мага салам беришкенде таазим кылышым керек. Бирок кудай уруп, биерге эч ким келбейт.
— Ошондойбу?— деп койду Кичинекей ханзада калп эле: ал эчтемени түшүнө албай турган.
— Кол чаап койчу,— деди атак сүйөр.
Кичинекей ханзада алакан шапалактады. Атак сүйөр шляпасын алып, сылык таазим кылып койду.
«Картаң королдукуна караганда биерде көңүлдүүрөөк экен»,— деп ойлоду Кичинекей ханзада. Ал дагы алакан шапалактай баштады. Атак сүйөр болсо шляпасын алып, таазим кыла берди.
Бул тамаша беш мүнөтчө улам-улам кайталанган соң Кичинекей ханзада жадап кетти.
— Эмне кылганда шляпаң учуп түшөт? — деп сурады ал.
Бирок атак сүйөр укмаксан болуп койду. Куу чирен адамдардын кулагына мактоодон башка сөз кирбейт эмеспи.
— Сен чын эле мени жан-дилиң менен урматтайсыңбы?— деп сурады ал Кичинекей ханзададан.
— Урматтайт деген эмне?
— Эгер ушул планетада менден сулуу, менден көрктүү, менден бай, менден акылдуу башка адам жок деп эсептесең — урматтаганың ошол.
Сенин планетаңда сенден башка эч ким жок болсо эмне кылам?
— Баары бир мага суктана бер. Кана, мени бир жыргатчы!
— Мен сени көрүп таң калып, сонуркап, кубанып турам,— деди Кичинекей ханзада бир аз ийнин куушуруп,—бирок сен ошого да кубанасыңбы?
Анан ал атак сүйөрдөн качып жөнөдү. Жөнөп баратып ал: «Чын эле чоң кишилер аябаган кызык калк»,—деди баёо кыялында.
XII
Андан соңку планетада аракеч жашайт экен, Кичинекей ханзада аерде аз эле турду, бирок ошондон кийин анын маанайы пастабыраак калды.
Ал ошо планетага келгенде, аракеч алдына тизилген арактуу жана бош бөтөлкөлөргө карап үңкүйүп отурган экен.
— Эмне кылып атасың? — деди Кичинекей ханзада.
— Ичип атам,—деди аракеч дулдуюп.
— Эмне үчүн ичип атасың? — деди.
— Унутайын деп.
— Эмнени унутайын деп? Кичинекей ханзада аракечти аяп кетти.
— Уятымды унутайын деп.—Аракеч чынын айтып, башын шылкыйтты.
— Эмнеңден уялып жүрөсүң?— деди Кичинекей ханзада тиги бечарага жардам кылгысы келип.
— Ичкенимден уялып! —деди аракеч. Сабасаң да мындан башка сөз андан чыкчудай эмес.
Эчтеме түшүнбөй делдейген Кичинекей ханзада андан ары жөнөй берди.
«Шек жок, чоң кишилер өтө кызык калк»,—деп ойлоду ал сапар тартып баратып.
XIII
Төртүнчү планета иш билги камбыл адамдыкы экен. Кичинекей ханзада келгенде, ал башын көтөрүп карап койбой иштей берди.
— Арбаңыз! — деп салам айтты Кичинекей ханзада.—Чылымыңыз өчүп калыптыр.
— Үчкө экини кошсо — беш. Бешке жетини кошсо — он эки. Он экиге үчтү кошсо — он беш. Саламатсызбы. Он бешке жетини кошсо—жыйырма эки. Жыйырма экиге алтыны кошсо — жыйырма сегиз. Ширенке чакканга чоло жок. Жыйырма алтыга бешти кошсо—отуз бир. Уф! Демек, баары биригип беш жүз бир миллнон алты жүз жыйырма эки миң жети жүз отуз бир.

— Беш жүз миллион эмне?
— Ия? Дагы эле кете элексиңби? Беш жүз миллион… Билбейм, эмне экенин… Ишим чачыман көп! Мен олуттуу адаммын, бекер калжырап олтура албайм! Экиге бешти кошсо— жети…
— Беш жүз миллион эмне? — деп Кичинекей ханзада кайра сурады: ал бирдеме сураса, жооп алмайын тынчу эмес.
Камбыл адам башын көтөрдү.
— Бу планетада жашаганыма элүү төрт жыл болду, ошондон бери мага үч эле жолу жолтоо кылышты. Биринчи жолу мындан жыйырма эки жыл мурун бир тампыс коңуз келип калыптыр. Ал аябай шоокум салып, мен кошуудан төрт ката кетирип койгом. Экинчи жолу мындан он бир жыл мурда, кызыл жүгүрүгүм кармап калды. Дайым отуруп иштегенимен. Сейилдикке убактым жок. Мен олуттуу адаммын. Үчүнчү жолу… Мына азыр! Ошентип беш жүз миллион…
— Беш жүз миллион эмне?
Камбыл адам жооп бериш керек экендигин, антпесе кутулбасын түшүндү.
— Беш жүз миллион тиги немелер… кээде абада көрүнө калган немелерчи… — Эмне, чымындарбы?>
— Жо-ок, кичинекей, жылтыраган немелер.
— Аарыларбы?
— Жо-оок. Кичинекен, күмүштөнгөн немелер, ар бир жалкоо көрөр замат кыялданып кетет. Мен олуттуу адаммын. Кыялданышка чолом тийбейт.
— А, жылдыздарбы?
— Таптың, таптың. Жылдыздар.
— Беш жүз миллион жылдызбы? Сен аларды эмне кыласың?
— Беш жүз бир миллион алты жүз жыйырма эки миң жети жүз отуз бир. Мен олуттуу адаммын, тактыкты жакшы көрөм.
— Беш жүз миллион жылдызды эмне кыласың деп жатам?
— Эмне кылам? Ии?
— Эчтеме кылбайм. Мен алардын ээсимин.
— Жылдыздардын ээси болосуңбу?
— Ооба.
— Бирок мен бир королду көрдүм эле, ал…
— Королдор эчтеменин ээси эмес. Алар жөн гана башкарат. Ал такыр башка маселе.
— Сен эмне үчүн жылдыздарды ээлеп жүрөсүң?
— Бай болуш үчүн. |
— Эмне үчүн бай болушуң керек?
— Эгер кимдир бирөө жаңы жылдыздарды ачса, сатып алыш үчүн.
«Бу баягы аракечтей сүйлөйт экен», — деп ойлоду Кичинекей ханзада.
Анан дагы кайра такып кирди:
— Жылдыздарды кантип ээлеп алса болот?
— Жылдыздар кимдики? — деди камбыл күңк этип.
— Билбейм. Эч кимдики эмес.
— Демек, меники, анткени, муну биринчи ойлогон мен болдум.
— Сен ошого эле ыраазысыңбы?
— Ананчы. Эгер сен алмаз тапсаң, эгер анын ээси чыкпаса, ал сеники. Эгер сен ээси жок арал тапсаң, а да сеники. Эгер сенин башыңа кандайдыр бир идея баарынан мурда түшсө, сен ага патент аласың: ал сеники болот. Мен жылдыздардын ээсимин, анткени жылдыздарды ээлеп алганды мага чейин эч ким ойлогон эмес.
— Мунуң чын экен,—деди Кичинекей ханзада.—Деги жылдыздарды эмне кыласың?
— Аларды ээлеп турам,—деди камбыл.—Эсептеп чыгам, кайра эсептейм. Бу абдан кыйын. Бирок мен олуттуу кишимин.
Мындай жооп Кичинекей ханзаданы алымсындыра албады.
— Эгер менин жибек кол жоолугум болсо, аны мен мойнума орой алам, жаныма алып жүрө алам,—деди ал.—Эгер менин гүлүм болсо, аны үзө алам, жаныма алып кете алам. А сен жылдыздарды ала албайсың да!
— Жок, мен аларды банкка салын коё алам.
— Кантип?
— Мына минтип: канча жылдызым болсо, ошонун баарын кагазга жазам. Анан а кагазды ящикикке салып, кулпулап коём.
— Болдубу анан?
— Ошо мага жетет.
«Кызык экен! — деп ойлоду Кичинекей ханзада.—А тургай кандайдыр бир сонундугу да бар. Бирок анча деле олуттуу иш көрүнбөйт».
Эмне олуттуу, эмне олутсуз — аны Кичинекей ханзада өзүнчө түшүнө турган, анын түшүнүгү чоң кишилердикине дал келчү эмес.
— Менин бир гүлүм бар,—деди ал,—күн сайын эртең менен ага суу себем. Үч вулканым бар, жума сайын аларды тазалап турам. Үчөөнү тең тазалайм. өчүп калганын да. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мен ээси болгонум вулкандарыма да, гүлүмө да пайдалуу. Ал эми жылдыздарга сенин эч кандай пайдаң тийбейт…
Камбыл адам бирдеме дейин деп оозун ачты, бирок эмне деп айтарын билбеди. Кичинекей ханзада жолуна түштү.
Сапар тартып баратып: «Жок, чоң кишилер чынында да таң каларлык калк», — деди ал баёо кыялында.