ЖИГИТОВ Салижан: Антуан де Сент-Экзюпери: Кичинекей ханзада-2

XIV
Аябай кызык планета бешинчи планета экен. Баарынан кичине. Анда бир фонарь, бир фонарчы бар экен. Көк асмандан көзгө илепшеген, тамсыз жана адамсыз бу кепкенедей планетага фонарь менен фонарчынын кандай зарылы бардыгын Кичинекей ханзада эч бир түшүнө албады.

Бирок ал мындай ой жоруду: «Балким, бу адам теңирден тетири көрүнөр, бирок ал королдой, атак сүйөрдөй, камбылдай, аракечтей тетири эмес. Анын кылганында бир маани бар. Ал фонарын жакканда, дагы бир жылдыз же гүл жаралгандай боло түшөт. Ал фонарын өчүргөндө, жылдыз же гүл уктап кеткендей боло түшөт. Бу ашкан татына, ашкан кооз жумуш, ошон үчүн пайдалуу».
Ошо кичинекей планетага оропара келгенде, ал фонарчыга ызат менен таазим кылды.
— Арбаң,—деди ал.—Фонарыңды азыр эмнеге өчүрүп койдуң?
— Шерт ушул,—деди фонарчы,—Бар бол.
— Эмне деген шерт ал?
— Фонарды өчүрөм деген шерт. Кечиң кут болсун.
Ал фонарды кайра жакты.
— Эмнеге фонарды кайра жактың?
— Шерт ушул, -деди фонарчы.
Кичинекей ханзада чынын айтты:
— Түшүнбөй турам.
— Түшүнбөгөндөй эчтемесп жок,—деди фонарчы.—Шерт деген шерт. Күнүң кут болсун.
Фонарды дагы өчүрүп койду.
Анан чакмак кызыл кол жоолугу менен терин аарчып, мындай деди:
— Өмүрүм өтө мээнеттүү. Бир кезде мунун мааниси бар эле.
Мен фонарды таң атканда өчүрүп, кеч киргенде кайра жапчумун. Күндүз эс алчу элем, түндөсү уктачу элем…
— Эмне, кийин шерт бузулдубу?
— Шерт эч бузулган жок,—деди фонарчы.—Балекетин баары ошондо турбайбы! Планетам жыл өткөн сайын катуураак айланып баратат, а шерт болсо мурункудан өзгөрбөй келатат.
— Эмне эмне болот? — деди Кичинекей ханзада.
— Эчтеме болбойт. Планета мүнөт сайын чарк айланьш турат, а мен көз ирмемге да тыным албайм. Мүнөт сайын фонарды өчүрүп, өчүрөр замат кайра жагып турам.
— Мына тамаша! Демек, сенин күнүң бир мүнөттө эле өтүп кетет акен да!
— Эч кандай тамашасы жок,—деди фонарчы.—Сен экөөбүз сүйлөшүп тургандан бери бир ай болду.
— Бир ай?!
— Ооба. Отуз мүнөт. Отуз күн. Түнүң кут болсун!
Ал фонарын дагы жакты.
Кичинекей ханзада фонарчыга карап туруп, ушу өз сөзүнө айныбай бек турган адамды ичинен аябай жактырып калды. Кичинекей ханзада өзү баягыда күндүн батканын кайта-кайта көрөм деп отургучту улам алдыга жылдыра бергенин эстеди. Ал тиги досуна жардам кылгысы келди.
— Кулак салчы,—деди ал фонарчыга.—Мен бир айла таптым: сен качан кааласаң, ошондо эс ала бересиң…
— Менин эс алгым дайыма эле келип турат,—деди фонарчы.
Сөзгө бек турган, бирок жалкоолугун койбогон адамдар да бар эмеспи.
— Сенин планетаң аябай кичине экен,—деди ханзада сөзүн улап,—сен аны үч арымдасаң чарк айланып чыккыдайсың. Эгер ылдамырак баса берсең — күн төбөңдө батпай тура берет. Эс алгың келгенде сен баса бер, баса бер… ошентсең такыр түн кирбейт, күн сен каалаганча созула берет.
— Кой, анткенден мага эч пайда жок,—деди фонарчы.— Мен баарынан уктаганды жакшы көрөм.
— Анда алың кыйын экен,— деп көңүл улады Кичинекей ханзада.
— Алым кыйын,—деп кубаттады фонарчы. Күнүң кут болсун!
Ал фонарын кайра өчүрдү.
«Баягы король, атак сүйөр, камбыл, аракеч—айтор элдин баары кокус бу адамды көрүп калса, аябай жектешер эле,—деп ойлоду Кичинекей ханзада сапар тартып баратып.—Бирок менимче, ошолордун ичинен жалгыз ушуга гана күлкүң келбейт.
Буга балким, жалгыз өзүнүн камын гана жебегени себептир».
Кичинекей ханзада улутунуп койду.
«Мен дос болчу киши ушу экен,—деди ал ичинде.—Бирок анын планетасы өтө бөтөкөй экен. Эки киши баткыдай эмес…»
Ушу татынакай планетанын ага жагып калганынын дагы бир купуя себеби: анда күндүн батканын суткасына бир миң төрт жүз кырк мертебе көрүүгө мүмкүн эле. Бирок ханзада бу себепти калп эле капарына албамыш болду.
ХV
Алтынчы планета бешинчи планетадан он эсе чоң эле. Анда калың-калың китептер жазган чал жашайт экен. Ал Кичинекей ханзаданы көрө замат кубанып кетти:
— Мына, мына! Саякатчы да келип калды!
Кичинекей ханзада дем алайын деп столго отурду. Ал узак жол баспадыбы!
— Жол болсун? — деди чал ага.
— Бу эмне деген калың китеп? — деди Кичинекей ханзада.—Биерде эмне кылып отурасыз?
— Географмын,—деди чал.
— Географ деген эмне?
— Географ деген деңиздер, дарыялар, шаарлар, тоолор, чөлдөр кайда турганын билүүчү окумуштуу.
— Кызык экен! — деди Кичинекей ханзада.—Чыныгы жумуш деп ушуну айт!
Анан ал географтын планетасына көз чаптырды.
Мындай шаңкайган сөөлөттүү планетаны ал эч качан көргөн эмес.
— Сиздин планетаңыз кооз экен,—деди ал.—Мында океан барбы?

— Аны билбейт экемин,—деди географ. О-о,—деди Кичинекей ханзада иренжий түшкөндөй үнүн созуп.—А тоолор барбы?
— Билбейм,—деп кайталады географ.
— Шаарлар, дарыялар, чөлдөрчү?
— Аны да билбейм.
— Сиз географ эмессизби!
— Кеп ошондо, — деди чал. — Мен географмын, саякатчы эмесмин. Саякатчыларымын жоктугунан кыйналып жүрөм. Шаарлардын, дарыялардын, тоолордун, деңиздердин, океандардын, чөлдөрдүн эсебин географтар албайт. Географ — өтө иши көп адам, анын сейилдешке чолосу жок. Ал кабинетинен чыкпайт. Бирок ал саякатчыларды кабыл алат, алардын айтып бергендерин жазат. Эгер алардын бирөө кандайдыр бир кызык нерсени айтьш берсе, географ сурамжылап, сүрүштүрүп отуруп, ал саякатчы ишенчиликтүү кишиби — ошону текшерет.
— Эмне үчүн?
— Эгер саякатчы калп айтып койсо, география китебинде баары чаташып кетет. Эгер саякатчынын ичип коймою болсо, андан бетер жаман.
— Эмне үчүн?
— Себеби, мастын көзүнө бардык нерсе кош көрүнөт. Мас саякатчынын куру сөзүнө ишенген географ бир тоонун ордуна эки тоо жазып коёт.
— Мен бир адамды көргөмүн… Андан начар саякатчы чыкмак экен,—деп койду Кичинекей хапзада.
— Толук мүмкүн. Ошентип, эгер саякатчы ишенчиликтүү киши болуп чыкса, анан анын ачканын текшеришет.
— Кантип текшеришет? Барын карап келишеби?
— Жок, кокуй. Антиш өтө кыйын да. Жөн гана саякатчыдан далилдерди талап кылышат. Мисалы, эгер ал бир чоң тоону ачтыбы, анда ошо тоодон чоң-чоң таштар алып келсин.
Географ капыстан шашкалактап калды:
— Сен өзүң да саякатчы эмессиңби? Алыстан келбедиңбп? Өз планетаңын жайын айтып берчи.
Анан географ калың китебин ачып, калемин учтады. Саякатчылардын айткандары адегенде калем менен жазылат. Саякатчы далиддерди алып келгенде гана анын айтканын сыя менек жазышка уруксат экен.
— Кулагым сенде,—деди географ.
— Менин планетамда кызык эчтеме деле жок,—Кичинекен ханзада бош айтты.—Анда баары кипкичине. Үч вулкан бар. Экөө күйүп турат, бирөө өчүп калган. Бирок кырсыкты кайдан деп болбойт.
— Айтканың ырас,—деп кубаттады географ.
— Анан бир гүлүм бар.
— Биз гүлдөрдү белгилебейбиз,—деди географ.
— Эмнеге? Ал ажайып сулуу да!
— Себеби, гүлдар опосуз.
— Опосуз деген эмне?
География боюнча китептер — дүйнөдөгү ашкан баалуу китептер,—деп түшүндүрдү географ.—Алар эч качан эскирбейт. Тоонун ордунан козголуп кетиши сейрек болчу окуя го. Океандын какшып калышы да ошондой. Биз түбөлүк өзгөрбөгөн нерселер жөнүндө гана жазабыз.
— Бирок өчкөн вулкандын кайра ойгонушу мүмкүн да,— деп сөздү иле койду Кичинекей ханзада.—«Опосуз» деген эмне?
— Вулкан өчтүбү же жандыбы — анын биз үчүн, географтар үчүн анча мааниси жок,—деди географ.—Маанилүү нерсе: тоо. Ал өзгөрбөйт.
— «Опосуз» деген эмне? — деп сурады Кичинекей ханзада. Ал суроо берсе, жооп алмайын такый берчү.
— Бат жок болчу нерсе опосуз деп аталат.
— Менин гүлүм да бат эле жок болуп калабы?
— Адбетте.
«Менин кубанчым, шаң — көркүмүн өмүрү кыска экен да,— деди Кичинекей ханзада өзүнө,—анын дүйнөдөн сактана турган эчтемеси жок, төрт эле тикенеги бар. Мен аны таштап кеттим, ал планетамда жападан-жалгыз калды!»
Өзү таштап кеткен гүлгө анын ичи биринчи жолу ачышты. Бирок ошо замат ага кайрат кайрылып келди.
— Мен кайда жөнөйүн, кандай кеңеш бересиз? — деп сурады ал географтан.
— Жер планетасына бар,—деди географ,—анын кадыр-баркы жаман эмес.
Кичинекей ханзада жолго чыкты, бирок анын ою өзү таштап кеткен гүлдө болду.
XVI
Ошентип, ал кайрылган жетинчи планета Жер эле.
Жер жөн планета эмес! Анда жүз он бир король (буга, албетте, негрлердики да кошулат), жети миң географ, тогуз жүз миң иш билги камбыл адам, жети жарым миң аракеч, үч жүз он бир миң атак сүйөр куу чирен баары биригип эки миллиардга жакын чоң кишилер бар.
Жердин чоңдугу силерге ачык болсун үчүн мындай бир мисал келтирейин; электр жарыгы табыла электе алты континент фонарчылардын зор армиясын — төрт жүз алтымыш эки миң беш жүз он бир адамды кармап турчу экен. 
Эгер сырттан караганда, бул ажайып шаңдуу көрүнүш болгон. Бул армиянын кыймыл-аракеттери куду балеттегидей эң так ритмге багынып турчу. Биринчи болуп Жаңы Зеландия менен Австралиянын фонарчылары чыгар эле. Алар чырактарын жандырып коюп, уктаганы кеткенде кезек Кытайдын фонарчыларына тийчү. Бийди аткарып коюп, алар да көшөгөнүн артына жашынар эле.
Анан кезек Россия менен Индиянын фонарчыларына келе турган. Анан Африка менен Европада фонарлар жапырт жанчу. Анан Түштүк Америкада. Андан кийин Түндүк Америкада. Алар эч качан жаңылчу эмес, эч ким сценага беймаал чыкчу эмес… Чынын айтыш керек, бу ажайып сонун көрүнүш болгон.
Бир гана түндүк уюл менен түштүк уюлда жалгыздан фонар жакчу эки фонарчы беймарал, кыйналбай жашачу: алар ал жумушту жылына эки сапар гана аткарыша турган.
ХVII
Аябай куудулдангың келгенде кээде эрксизден апыртып коёсуң. Фонарчыларды айтып жатып, мен бир аз чындыктан тайып кеттим. Биздин планетаны жакшы билбеген киши а жөнүндө тескери түшүнүк алып калабы деп чочулайм. Адамдар Жерде аз эле орунду ээлеп турушат. Эгерде эки миллиард адам жыйылып келип, жыйындагыдай бир жерге быкылдап чогулса, баары биригип узун-туурасы жыйырма милден ашпаган мейкинге опоңой сыят. Бүт адамзатты Тынч океандын бир кипкичинекей аралына тыгып салса болот.
Чоң кишилер, албетте, буга ишене бербейт. Алар кыялында көп жер ээлеп турабыз дешет. Өздөрүн баобабдай опсуз чоң сезишет. Силер аларга айткыла: так эсептеп көрүшсүн. Ошентсеңер, алар жыргай түшөт, анткени цифра дегенде жантыгынан жата калышат эмеспи. Силер андай арифметикага убактыңарды кетирбегиле. Анын пайдасы деле жок. Силер ансыз деле мага ишенесиңер.
Ошентип, Жерге келерин келип алып, Кичинекей ханзада кыбыр эткен жанды көрө албай айраң болду. Ал жаңылып башка бир планетага түшүп калдымбы деп да ойлоп кетти. Бирок жанындагы кумдан өңү ай шооласыңдай бир шакекче кылаң этти.
— Кечиң кут болсун,—деп салам айтып койду Кичинекей ханзада.
— Болсун,—деп алик алды жылан.
— Кайсы планетага туш келип калдым?
— Жерге,—деди жылан.—Африкага.
— Ошондойбу. Эмне, Жерде адамдар жокпу?
— Бу чөл. Чөлдө эч ким жашабайт. Бирок Жер өзү абдан чоң.
Кичинекей ханзада ташка көчүк басып, асманга көз жиберди.
— Жылдыздар эмне үчүн жылт-жылт этерин билсем го,— деди ал кыялданып.— Балким, алар эртедир-кечтир ар ким өз жылдызын таап алсын деп жарык чачып тургандыр. Карачы, менин планетам! Так үстүбүздө баратат… Бирок ал аябай алыс, алыс!
— Кооз планета экен,—деди жылан.—Сен мында, Жерде эмне кылганы жүрөсүң?
Кичинекей ханзада чынын айтты:
— Мен гүлүм менен араздашып калдым.
— А, ошондой де…
Экөө тең тим боло калды.
— Кишилер кайда деги?—Кичинекей ханзада кайра сөз баштады,—Канткен менен чөлдө жалгызсырайт экенсиң…
— Элдин ичинде деле жалгызсырайсың,—деди жылан.
Кичинекей ханзада ага тигиле тиктеп койду.
— Абдан кызык макулук экенсиң,—деди ал.—Бармактан жоон эмессиң го…
— Бирок менде королдун бармагынан көбүрөк кудурет бар,—деп каршыкты жылан.
Кичинекей ханзада жымыйып койду.

— Койчу, сен ушунча эле кудуреттүүсүңбү? Бутуң да жок экен. Сен саякаттай албайсың го…
— Мен сени ар кандай корабль жеткире албас жерге жеткире алам,—деди жылан.
Анан ал Кичинекей ханзаданын кызыл ашыгына алтын билерик сыңары оролуп алды.
— Мен тийип эле койсом, ким болсо да чыккан жерине кайра кирет,—деди ал.—Бирок сен жылдыздан келдиң, аруусуң…
Кичинекей ханзада жооп бербеди.
— Сага боорум ооруйт,—деди жылан сөзүн улап.—Сен бу таштай катуу Жерде мажестик кыласың. Планетаңды таштап кеткениңе арман кылып өкүнгөн күнү мен сага жардам бере алам. Мен сени…
— Түшүндүм, жакшы түшүндүм,—деди Кичинекей ханзада,—Бирок сен эмне эле табышмактатып сүйлөйсүң, ия?
— Мен табышмактардын баарын табам,—деди жылан.
Анан экөө тең унчукпай калды.
XVIII
Кичинекей ханзада эрме чөлдү аралап өтүп, эч кимди учурата албады. Жолунан бар болгону бир гүл чыкты, үч желекчеси бар сербейген көрксүз бир гүл…
— Салам,—деди Кичинекей ханзада.
— Салам,—деп гүл алик алды.
— Адамдар кайда, ия? — деп сурады Кичинекей ханзада сыпаалык менен.
Гүл бир жолу жанынан өтүп бараткан кербендерди көрүп калган эле.
— Адамдар дейсиңби? Ах, ырас эле… Алар баары биригип бешөө же алтоо болсо керек. Көрбөгөнүмө көп жыл болду. Ал эми аларды кайдан издеп, кайдан табарды эч ким билбейт. Адамдарды шамал айдап жүрөт. Алардын тамыры жок, ошонусу өтө жаман.
— Жакшы кал,—деди Кичинекей ханзада.
— Жакшы бар,—деди гүл.
XIX


Кичинекей ханзада бийик тоонун чокусуна чыкты. Ал мурда бою тизесинен келген үч вулканынан башка тоо аттууну көрүп-баккан эмес. Ал өчкөн вулканын отургуч кылып алуучу эле. Эми ал: «Бул бийик тоодон бүт планетаны, адамдардын баарын текши көрөм го» — деп ойлоду. Бирок ал ийнедей ичке шуштуйган аскаларды гана көрдү.
Ал жөн эле ой келди салам айтты:
— Салам!
— Салам… Салам… Салам…—деп туурады жаңырык.
— Силер кимсиңер? — деди ал.
— Силер кимсиңер… кимсиңер…—деп туурады жаңырык.
— Дос бололу, мен жалгызмын,—деди ал.
— Жалгызмын… Жалгызмын… жалгызмын…—деп туурады жаңырык.
«Кандай кызык планета» — деди Кичинекей ханзада оюнда. — Үстү какыраган каксоо, ийнедей шуштугуй, шор экен. Адамдарынын акыл-эси деле ченелүү окшойт. Алар эмнени айтсаң кайра ошону айтат… Үйүмдө гүлүм бар эле, ал менин санжыргам, кубанчым эле, ал суратпай өзү сөз баштоочу эле…
XX
Кичинекей ханзада чөлдөн өтүп, аскаларды ашып, кар малтап жүрүп отурду да, акыры жолго чыкты. Ал эми жолдун баары адамдарга алып барат.

— Салам,—деп айтты ал.
Анын бет алдында розалар жыш өскөн бак турду.
— Салам,—деп алик алды розалар.
Кичинекей ханзада розалардын баары баягы өзүнүн гүлүнө окшош экенин көрдү.
— Кимсиңер? — деди ал аң-таң калып.
— Розабыз,—дешти розалар.
Кичжнекей ханзада араң эле унчукту:
— Ошондой дечи…
Ал өзүн аябап бечара сезди: «Ааламда дегеле мендей гүл жок»—дечү сулуусу. Эми ал бир эле бактан андай гүлдүн беш миңин көрүп турду!
«Муну көрүп калса, ал кандай гана ызаланар эле,— деп ойлоду Кичинекей ханзада.—Ал каракүчкө күрсө-күрс жөтөлүп, күлкүгө калбас үчүн гана мүрт үзүлүп бараткандай пеш кылар эле. А мен болсом аны карайм деп кеселман баккандай абыгер чекмекмин, антпесем ал мени дагы өзүнүкүндөй абалга калтырам деп чыны менен эле өлүп калышы мүмкүн болчу…»
Анан ал минтип ойлоду: «Мен бу дүйнөдө жалгыз бир гүлгө ээмин, андай гүл эч жерде өспөйт, эч кимде жок деп керсейип жүрүпмүн, а көрсө, аным карапайым эле роза экен. Карманганым бир жөнөкөй гүл, бою тиземен келген үч вулкан болсо, анысы аз келгенсип вулкандарымын бирөө биротоло өчүп калса… анан мен эмнеме ханзадамын деги…»
Ал чөпкө жата калып ыйлап жиберди.
XXI
Так ошондо Түлкү пайда болду.
— Салоомалейкум,—деди ал.
Кичинекей ханзада илбериңки алик алып, эки жагын каранды эле, эч ким көрүнгөн жок.
— Мындамын,—деди дабыш.—Алманын түбүндөмүн…


— Сен кимсиң?—деди Кичинекей ханзада.—Укмуш сулуу экенсиң го!
— Түлкүмүн,—деди Түлкү.
— Мени менен ойносоң,—деп суранды Кичинекей ханзада.—Мен капаланып турам…
— Ойной албайм,—деди Түлкү,—Мен али байыр боло элекмин.
— Ах, кечирип кой,—деди Кичинекей ханзада.
Анан саал ойлонуп турду да:
— «Байыр» деген эмне? — деп сурады.
— Чоочун жерлик көрүнөсүң,—деди Түлкү.—Биерден издегениң эмне?
— Издегеним адамдар,—деди Кичинекей ханзада.—«Байыр» деген эмне?
— Адамдардын мылтыгы бар, алар аң уулашат. Мунусу өтө жаман! Бирок алар тоок да багышат. Мунусу абдан жакшы! Сен тоок издеп жүрөсүң го?
— Жок,—деди Кичинекей ханзада.—Дос издеп жүрөм. Айтсаң, «байыр» деген эмне, ия?
— Бу эчак унутулуп калган түшүнүк,—деди Түлкү.—Ал «Жүрөккө жүрөктү байландыруу» дегенге барабар.
— Байландыруу дедиңби?
— Ооба,—деди Түлкү.—Азырынча сен мага түмөн-түмөн балдардан эч айырмаң жок кичинекей бир баласың. Мага керегиң жок. Менин да сага керегим жок. Мен да сага түмөн-түмөн түлкүлөргө окшогон бир түлкү элемин. Эгер сен мени байыр кылып алсаң, экөөбүз бири-бирибизге керек болуп калабыз. Сен мен үчүн бу дүйнөдө жалгыз болосуң. Мен да сен үчүн дүйнөдө жападан жалгыз болом…
— Мен аңдай баштадым,—деди Кичинекей ханзада.—Бир роза бар эле… Сыягы, ал мени байыр кылып алган го…
— Ошентсе ошенткендир,—деп макулдады Түлкү.—Жер үстүндө эмнелер болбойт.
— Ал Жер үстүндө болгон эмес,—деди Кичинекей ханзада. Түлкү аябай таң калды.

— Башка планетадабы?
— Ии.
— Ал планетада мергенчилер барбы?
— Жок.
— Сонун экен. Тооктор барбы?
— Шок.
Түлкү күрсүнүп койду:
— Телегейи текши дүйнө жок экен го!..
Ал кайра баягы сөзүнө ооду:
— Көргөн күнүм куруп калсын. Мен тоокторду тооруйм, адамдар мени тооруйт. Тооктор бири-биринен айырмаланбайт, адамдар да баары окшош келет. Эмнесин айтасың эптеп күн көрүп жүрөм. Эгерде сен мени байыр кылып алсаң, менин өмүрүм күн тийгендей жаркырай түшөр эле. Дүңгүрөгөн дүбүрттөрдүн арасынан сенин басканыңды дароо айрып тааныр элем. Адамдардын баскан дабышын эшитер замат мен жылт берип, жашынып калам. Бирок сенин басканың мага музыкадай мукам угулат, анан мен чакыртпай ийинимен чыга келер элем. Баса, карап бакчы! Тиги талаадагы кыярып бышкан буудайды көрдүңбү? Мен аштык жебейм. Мага буудайдын кереги жок. Эгин мени кызыктырбайт. Бирок сенин чачтарың алтындай сапсары экен. Мени байыр кылып алсаң кандай сонун болор эле. Алтын буудай көрсөм дайыма сени эсиме салар эле. Буудайдын шамалга шуудураганын жаным жыргап тыңшаар элем…
Түлкү жаагын басты да, Кичинекей ханзадага телмире тиктеп турду.
— Мени байыр кылып алчы! — деп ийди ал бир оокумда.
— Ошентсе, ошентер элем,—деди Кичинекей ханзада, — бирок убактым тар. Көп-көп дос табышым керек, дагы көптү билишим керек.
— Эмнени байыр кылсаң, ошону гана чындап биле аласың,—деди Түлкү.—Бирдеме билгенге эми адамдардын чолосу тийбей калды. Алар буюмдарды магазинден даяр бойдон сатып алат. Бирок дос саткан магазин жок да, ошон үчүн эми адамдардын досу болбойт. Досум болсун десең, мени байыр кылып ал!
— Ан үчүн эмне кылам? — деди Кичинекей ханзада.
— Сабыр кыл,—деди Түлкү.—Сен алгач тиги чөпкө моминтип отур, тигиндей алысыраак отур. Мен сага көз кыйыгым менен астыртан карай берем, сен түк ооз ача көрбө. Сөз мамилени бузат. Анан сен күн сайын кичинеден берилеп жылып отура башта…
Эртеси Кичинекей ханзада баягы жерге дагы келди.
— Дайыма белгилүү бир саатта келчи,—деп суранды Түлкү.—Сен, мисалы, туура саат төрттө келчү болсоң, мен саат үчтөн баштап жыргай берем. Болжогон саат жакындаган сайын бактым артат. Саат төрттө делебем козголуп, тынчым кетет. Мен бакыттын даамын моокум канганча татам! Эгер сен эрте-кеч келе берсең, мен жүрөгүмдү кайсы саатка күүлөп турарымды билбей калам… Кааданы кармаш керек.
— Каадаң эмне? — деди Кичинекей ханзада.
— А да эчак эстен чыккан нерсе,—деп түшүндүрдү Түлкү.— Кээде кандайдыр бир саат башка сааттарга окшобой калат. Мунун баары ошо кааданын шарапатынан. Мисалга алсак, менин аңчыларымда мындай каада бар: алар ар бир бейшембиде кыштактын кыздары менен бийлешет. Айта көрбө, бейшемби бир укмуш күн да! А күнү мен сейилге чыгам, жүзүмзарга чейин коркпой барам. Эгер мергенчилер оюна келген күнү бийлей беришсе, мен үчүн күндөрдүн баары бирдей болуп, эс алат дегенди түк билмек эмесмин.
Ошентип Кичинекей ханзада Түлкүнү байыр кылып алды. Аңгыча коштошор маалы да кыйгачтап келди.
— Мен сени сагынып ыйлайм,—деп улутунду Түлкү.
— Айып өзүңдө,—деди Кичинекей ханзада.—Мен сени сыздатып кетейин деген эмес элем, сен өзүң байыр кылып ал деп туруп албадыңбы…
— Анткеним ырас,—деди Түлкү.
— Бирок сен ыйлайт турбайсыңбы!
— Ыйларым ырас.
— Демек, сен жаман алда калат экенсиң го.
— Жок,—деди Түлкү,—алым жаман болбойт. Алтын буудай жөнүндө айтпадым беле, ошону эсиңен чыгарба.
Ал тып басылды. Бир маалда мындай деди:
— Бар, розаларды карап кел. Сен эми өзүңдүн розаң дүйнөдө жалгыз бирөө гана экенин билесиң. Анан коштошкону мага келгенде, бир сыр айтам. Сага берген белегим ошол болот.
Кичинекей ханзада розаларды көргөнү барды.
— Силер менин розама түк окшошпойсуңар,—деди ал гүлдөргө.—Силер эчтемеге арзыбайсыңар. Силерди эч ким байыр кылган жок, силер да эч кимди байыр кыла элексиңер. Менин Түлкүм башта ошондой эле. Түмөн-түмөн түлкүлөрдөн анын эч айырмасы жок болчу. Экөөбүз достошуп алдык эле, эми ал мага мүлдө дүйнөдө жалгыз болуп калды.

Розалар аябай осолдой түштү.
— Силер сулуусуңар, бирок беймаанисиңер,—деп сөзүн улады Кичинекей ханзада.—Силер үчүн өлгүң келбейт. Ырас, өтүп баратып менин розамды көрсө, кайдыгер жолоочу аны силерден эч артыкчылыгы жок бир гүл экен деп айтышы мүмкүн. Бирок ал мага силердин баарыңардан кымбат. Мен силерге эмес, жалгыз ага суу сепкемин. Силерди эмес, айнек калпакча менен аны жапкамын. Шамал тийбесин деп анын тушуна парда тарткамын. Ошол розам үчүн көпөлөк курттарын кырып, көпөлөк чыксын деп бир-эки гана курт калтырып койгомун. Анын муңканганын да, мактанганын да укчу элем, а түгүл ал унчукпай калганда да мен кулак түрүп турчу элем. Ал роза—менин розам.
Айтаарын айтты да, Кичинекей ханзада кайра Түлкүгө келди.
— Жакшы кал…—деди ал.
— Жакшы бар,—деди Түлкү.—Мына менин сырым, ал жөнөкөй эле сыр: жүрөк гана көрөгөч. Эң түпкү касиетти көз менен көрө албайсың.
Унутуп калбайын деп Кичинекей ханзада кайталап айтты:
— Эң түпкү касиетти көз менен көрө албайсың.
— Розаң сага кымбат, анткени сен ага бүт дилиңди бергенсиң.
— Унутуп калбайын деп Кичинекей ханзада кайталап айтты:
— Мен розам үчүн жоопкермин…
XXII
— Салам,—деди Кичинекей ханзада.
— Салам,—деп алик алды стрелочник.
— Эмне кылып атасың? — деди Кичинекей ханзада.
— Жүргүнчүлөрдү сорттоп атам.—деди стрелочник.—Бир түшүргөндө эки поездге миң жүргүнчү түшүрөм да, бирин оңго, бирин солго жөнөтүп турам.
Аңгыча жарык терезелерин жалтыратып, калдырт-шалдырт этип, стрелочниктин будкасын титиретип ылдам поезд өтө берди.
— Булар кайда ашыгат? — деди Кичинекей ханзада таңырканып.—Деги издегендери эмне?
— Аны машинист да билбейт,—деди стрелочник.
Аңгыча отторун жаркыратып, калдырт-шалдырт күү менен дагы бир ылдам поезд башка жакка карай өтө берди.
— Баягылар кайтып калыштыбы? — деди Кичинекей ханзада.
—Жок, булар башкалар,—деди стрелочник,—Бу каршылаш келаткан поезд.
— Алар башта жашап турган жер, эмне, жаман беле?
— Биз жок жердин баары жакшы,—деди стрелочник.
Аңгыча калдырт-шалдырт күү менен жарк-журк этип үчүнчү поезд өтө берди.
— Булар баягы биринчи өткөндөрдү кубалап баратабы? — деди Кичинекей ханзада.
— Алардын кубалай турган эчтемеси жок,—деди стредочник. — Алар вагон — вагондо уктап жатат, же оозун араандай ачып эстенишип бекер отурат. Балдар гана мурундарын айнекке такап, кең дүйнөгө сугалак карайт.
— Эмне издегенин балдар гана билет,—деп айтты Кичинекей ханзада.—Алар чүпүрөк куурчакка бүт жан-дилин бере алат, ошол себептен куурчак аларга жанындай кымбат болуп калат, эгер аны колунан алып койсо, балдар ыйлайт…
— Алардын бактысы ошол,—деди стрелочник.
XXIII
— Салам,—деди Кичинекей ханзада.
— Салам,— деп алик алды соодагер.
Ал суусун басуучу жакшыртылган пилюлялар сатчу эле. Ошондой пилюлянын бирин жутуп алсаң бир жума суусабайт экенсиң.
— Буларды эмне үчүн сатып атасың? — деди Кичинекей ханзада.


— Булар убактыны көп үнөм кылат,— деди соодагер.— Адистердин эсебине караганда, бир жумада элүү үч мүнөт үнөмдөөгө мүмкүн экен.
— Ал элүү үч мүнөттө эмне кылса болот?
— Эмне кылсаң ошо кыласың да.
«Эгер элүү үч мүнөттүк бош убактым болсо,—деп ойлоду Кичинекей ханзада,—эч токтолбой булакка жөнөр элем…»
XXIV
Мен өзүм аварияга учураганыман бери бир жума өтүп кетти.
Кичинекей ханзада, пилюля саткан соодагердин баянын айтып жатканда, мен калган-каткан сууну шыпкап ичип жаткан элем.
— Ырас,—дедим Кичинекей ханзадага,—айткандарыңдын баары кызык, бирок мен алигиче самолётумду оңдой элекмин, бир тамчы суу да калган жок, эгер эч токтолбой булакка жөнөй алсам, мен деле бактылуу болбос белем.
— Мен достошкон Түлкү…
— Садагасы, ушу тапта Түлкүңүн сөзүн уккудай алым жок!
— Эмне үчүн?
— Каным катып өлөт көрүнөм, мына ошон үчүн…
Суусоо менен өлүмдүн кандай байланышы бар экенин ал түшүнө бербеди. Макул болгон жок:
— Өлө турган болсоң да досуңдун болгону жакшы. Мен Түлкү менен достошконума аябай кубанып жүрөм…
«Ал кандай кырсык күтүп турганын түшүнбөй жатат. Өзү ачкалык менен чаңкоо дегенди башынан эч өткөрүп көргөн эмес. Ага күн шооласы болсо эле жетет…» Мен да суусап турам… Жүр, кудук издейбиз,— деп жиберди.
Кыйырсыз чөлдөн тобокелге салып кудук издегенден не пайда дегенчелик кылып колдорумду эки жакка кайдыгер кере жайдым. Бирок баары бир жолго чыктык.
Көпкө дейре сөз катышпай жүрүп отурдук, бир оокумда караңгы түшүп, асманга жылдыздар чыга баштады. Суусаганыман башым каңгырап, бир аз калч-калч этип, жылдыздарды түшүмдө көргөнсүп бараттым. Кичинекей ханзаданын алиги сөзү улам эсиме түшө берип, акыры сурадым:
— Демек, сен да суусайт экенсиң го?
Бирок ал жооп кайтарбады. Ал кайдыгер гана мындай деди:
— Суу жүрөккө да керек…
Мен түшүнө албай калсам да, унчукканым жок. Такып сураган менен андан сөз чыкпасын билчү элем.
Ал чарчады. Кумга отура кетти. Мен жанына көчүк бастым. Үн катканыбыз жок. Бир кезде ал мындай деди:
— Жылдыздар укмуш кооз, анткени алардын бир көмүскө жеринде гүл өсөт, дал ошо гүл жылдыздарга көрк берип турат…
Ай нуруна бөлөнгон толкун-толкун кум айдыңын карап турган элем:
— Айтканың ырас,— деп тим болдум.
— Чөл дагы кооз…— деди Кичинекей ханзада.
Чын айтат. Чөл мага дайыма жага турган. Кум дөбөчөдө отурасың. Эчтеме көзгө урунбайт. Эчтеме кулакка чалынбайт. Бирок жымжырттан бирдеме шоолаланып турат…
— Билесиңби, чөлдү жакшы кылган эмне?— деди ал. — Анын бир жеринде булактар жашырынып жатат…
Мен аң-таң калдым, кумдардан жыбылжып чыгып турган сырдуу шооланын эмне экени дароо баамыма жетти. Баягы бала чагымда мен бир чалдыбары чыккан эски тамда жашаган элем. Ошол тамда катылган кенч бар деп айтчу калайык. Албетте, аны эч ким таба алган жок, а балким аны дегеле эч ким издеген эместир. Бирок кенч бар дегенден ал там сыйкырланып калгандай туюлар эле, неге десең ал өз жүрөгүндө жашырын сырды тымпыйып ката турган…
— Чын,— дедим мен.— Үйбү, жылдызбы, чөлбү — деги баарынын эң татынакай касиети көмүскөдө калып көзгө көрүнбөйт.
— Түлкү досумдун айтканын айтып атканыңа кубанып турам,— деди Кичинекей ханзада.
Анан ал уктап калды, мен аны колума көтөрүп алып жолду улай бердим. Мен өрөпкүп алган элем. Үлбүрөгөн назик бир асыл буюмду көтөрүп бараткансыдым. Биздин жерде морттугу жагынан мындан назик эчтеме жок сыяктанды. Айдын жарыгында купкуу маңдайына, жупташкан кирпиктерине, желге желбиреген алтын көкүлүнө карап баратып, мен өзүмө мунун баары тышкы гана кабыгы деп айттым. Тереңдеги касиети көзгө көрүнбөйт…
Ал түрпүлөндү эле болор-болбос ачылган эриндери дилдирей түштү, ошондо мен өзүмө кайра мындай дедим: бу уйкудагы Кичинекей ханзада гүлүн эч качан чанбайт, жүрөгүндө гүлдүн элеси куду шамчырактын жалынындай жанып турат, уктап жатса да жанып турат, мунун ич элжиретип, мээрим туудурган касиети дал ушунда… Ошондо мен түшүндүм: ал көзгө көрүнүп турганда да назик экен. Шамчырактарды абайлаш керек — шамалдын эпкини өчүрүп кетиши мүмкүн…
Ошентип бара берип, таң кылайганда кудукка жеттим.
XXV
— Адамдар ылдам поезддерге минип жүрүшөт, бирок эмне издеп жүрүшкөнүн азыр өздөрү да билишпей калыпты: — деди Кичинекей ханзада.— Ошон үчүн алардын жаны жай албайт, аягы сай таппайт…
Анан ал мындай деп кошумчалады:
— Бекер эле дарбышат алар…
Биз дуушар келген кудук Сахарадагы кудуктардан башкача экен. Демейде аердин кудугу аңгектин эле өзү болот. А биз тапкан кадыресе эле кыштактын кудугу экен. Бирок жакын арада дегеле кыштак аттуу жок болучу, ошол себептен бул түшүм го деп ой жорудум.
— Таң калып турам,— дедим Кичинекей ханзадага,— биерде бүт баары даяр экен — чыгырыгы да, чакасы да, арканы да…
Ал күлүп жиберди, арканды кармалап көрдү, чыгырыкты бошото баштады. Чыгырык куду шамалсыз буйткада көп жатып дат баскан эски флюгер сыңары кычырап коё берди.
— Уктуңбу?— деди Кичинекей ханзада.— Биз кудукту ойготтук эле, ал ырдап кирди…
Эми ал чарчап калат экен деп чочулап турдум.
— Сууну өзүм тартып чыгарам,— дедим ага,— сенин күчүң жетпейт.
Мен мелт-калт чаканы абайлап акырын тартып чыгардым да, кудуктун таш кыргагына оодарылбас кылып коюп койдум. Кулагыма чыгырыктын кыйчылдаган обону дале жаңырып, чакадагы суу дале басылбай чайпалып, суу бетинде болсо күн нуру чагылышып ойноп турду.
— Ушу суудан жуткум келип атат,— деди Кичинекей ханзада.— Берчи ичейин…
Анын эмне издеп жүргөнүн мен ошондо аңдадым!
Чаканы анын оозуна апардым. Ал көзүн жуумп алып ичип жатты. Бу мүнөттөр бир шаанилүү тойдой бек абзел эле. Суу да жөн суу эмес эле. Ал суу жылдыздар алдынан узак-узак жол жүрүп, анан чыгырыктын кыйчылдашынан жана менин колдорумдун кыймыл-аракетинен пайда болгон. Ал жүрөккө арналган белектей ыйык эле. Кичине чагымда мага рождество майрамындагы белек-бечкектер так ушундай жаркырап көрүнөр эле: ёлкада шамдар балбылдап турар эле, жарым түндөгү месса убагында жыбылжып орган күүсү чалынар эле. мээримдүү жылмаюулар жадырап-жайнаар эле.
— Сенин планетаңда,— деди Кичинекей ханзада.— адамдар бир эле бактын ичине беш миң роза өстүрөт экен да… арзып издегенин эч таппайт экен…
— Таппайт,— деп мен ырастап койдум.
— Ал эми алардын издеп жүргөнүн жалгыз бир розадан, бир ууртам суудан табууга мүмкүн да…
— Албетте, мүмкүн,— деп мен ырастап койдум.
Кичинекей ханзада кайра мыңдай деди:
— Бирок көз сокур. Жүрөк менен издеш керек.
Мен суу ичтим. Сергий түштүм. Таң атарда кум бал сыңары алтын түстөнүп калды. Ошого да жетине албай кубанып турдум. Баса, капаланышка кандай жөнүм бар эле?..
Кичинекей ханзада жаныма кайра отуруп жатып:
— Убадага туруш керек,— деп койду акырын.
— Кайсы убада?
— Унутуп калдыңбы, баягыда менин козума ширге берем дебедиң беле… Билесиң, алиги гүлгө жооптуу эмесминби.
Чөнтөгүмөн тарткан сүрөттөрүмдү алын чыктым, Кичинекей ханзада аларды карап жатып күлүп жиберди:
— Баобабдарың капустага эле окшоп калыптыр…
А мен баобабдарыма дагы мактанып жүрүпмүн!
— Түлкүңдүн кулактары… мүйүздөн. айрылбайт ко! Узундугун кара!
Ал дагы күлүп жиберди.
— Сен калыстык кылбай атасың, досум. Баягы ичи менен тышынан тарткан удавды эле айтпасаң, мен эч качан сүрөт тартып көргөн эмесмин.
— Эчтеме эмес,— деди ал көңүлүмдү улап.— Балдар ушунуңан деле түшүнүп алат.
Анан мен козуга ширге тартып бердим. Сүрөттү Кичинекей ханзадага берерин берип алып, кайра жүрөгүм шуу дей түштү.
— Сен бирдемени оюңа түйүп коюп, бирок мага айтпай жүрөсүң…
Ал жооп кайтарбады.
— Билесиңби,— деди ал,— эртең силердин Жерге келип түшкөнүмө туура бир жыл толот…
Дагы тып басылды. Анан мындай деди:
— Мен кулап түшкөн жер ушу тегеректе эле…
Айтарын айтып алып кызарып кетти.
Менин көңүлүм эмне үчүндүр кайрадан түнөрүп, чөгөттөп калды. Ошентсе да ага суроо бердим:
— Демек, бир жума мурун бая экөөбүз таанышкан таңда сен бу адам турагынан миңдеген миль алыс жерде бекеринен жалгыз каңгып жүрбөпсүң го? Сен өзүң кулап түшкөн жерге кайрылып келаттың беле?
Кичинекей ханзада ого бетер кызарды.
Мен даап-даабай дагы минтип айттым:
— Балким, бир жыл толгондон улам кайрылып келатсаң керек?
Ал дагы кызарып кетти. Менин суроолорумдун бирөөнө да жооп берген жок, бирок кызарганың демейде макул болгонуң эмеспп.
— Коркуп атам,— деп мен улутуна сөз баштаганда, ал сөздүн алдын торой койду:
— Ишке киришер маалың болуп калды. Машинаңа бар. Мен сени ушул жерден күтөм. Эртең кечкурун кел…
Бирок менин санаам тынчыбай койду. Баягы Түлкү эсиме түштү. Өзүңү бирөө байыр кылып алса, кийин ыйлап да каласың.
XXVI
Кудуктан нарагыракта байыркы таш коргондун урандылары бар экен. Эртеси кечинде жумушумду бүтөр замат баягы жерге жетип келдим да, алыстан эле коргондун кырында бутун салаңдатып отурган Кичинекей ханзаданы көрдүм. Көрө замат табышын да эшиттим. Унутуп калдыңбы,— деди ал,— Жок, дегеле биерде болгон эмес.
Ага кимдир бирөө жооп берди көрүнөт, анткени ал:
— Ооба, туура бир жыл мурда болгон куду ушу күнү, бирок башка жерде…— деди.
Мен кере-кере адымдадым. Бирок коргондун жака-белинен эч кимди көрө да, уга да алганым жок. Аңгыча болбой Кичинекей ханзада бирөөгө дагы жооп кайтарды:
— Албетте, ошондой. Сен изимди кумдан табасың. Тапкан соң күтө тур. Бүгүн түнү аерге барам.
Коргонго жыйырма эле метрче калса да, эчтеме көзүмө чалынбады.
Бир азга үн-сөз угулбай калгандан соң:
— Ууң күчтүүбү? Мени кыйнабайсыңбы?—деди Кичинекей ханзада.
Мен тык токтой калдым, жүрөгүм шуу дей түштү, бирок дале эчтеме түшүнө албай турдум.
— Бар, бара бер эми,— деди Кичинекей ханзада.— Мен секирип түшөйүн.
Ошондо төмөн жакка карай салып, селт чочуп ойт берип кеткенимчи! Коргондун түбүндө Кичинекей ханзадага башын соймоңдото созуп бир саргыч жылан токочтонуп жатыптыр. Андай жыландардын уусу ар кандай жанды аш-пыш дегиче күм-жам кылат!
Чөнтөгүмдөгү револьверди сыйпалап издеген бойдон жыланга тап бердим, бирок ал шыбыртымды угар замат сиңип бараткан суу сыңары акырын кумга сойлоп кирди да, билинер-билинбес шытыраган шоокум чыгарып беймарал гана таштардын арасына житип кетти.
Кичинекей ханзаданы түшүрүп алайын деп коргонго дароо жетип келдим. Анын өңү самандан да сапсары экен.
— Кайдагы жаман жорону баштап алдың, бала! — деп мен кыйкырып ийдим.— Жыландар менен сүйлөшкөнүңө жол болсун?
Мен анын мойнунан түшүрбөгөн алтын шарфын чечтим. Маңдайын суулап, суу ичирдим. Бирок башка суроолор бергенге батына албадым. Ал мага олуттуу карап койду да, мойнуман кучактады. Анын жүрөгү куду ок тийген чымчыктыкындай дүкүлдөп кагып жатканы мага угулуп турду.
— Машинаңдын кырсыктаган жерин тапканың ырас болуптур,— деди ал.— Эми үйүңө кайта аласың.
— Сен аны кайдан билесиң?!
Дегеле оңолчудай түрү жок самолётумду бүгүн кокустан оңдоп алып, азыр ага ошону сүйүнчүлөйүн деп жаткан элем!
Ал жооп айтпай, жөн гана:
— Мен да бүгүн кайтам,— деди да, анан муңайган түр менен мындай деп кошумчалады: — Менин жолум сеникинен көп-көп узак да… кыпын да…
Баарына акылым жете бербей жатты. Мен аны Кичинекей бөбөктөй бек кучактап турдум, бирок ал колуман жылмышып бараткансыды, түпкүргө түшүп бараткансыды, аны кармап калганга кудуретим калбай бараткансыды…

Ал кайдадыр алыска тунжурап карап турду.
— Менде сенин козуң калат. Козуга берген ящигиң калат. Ширгең да калат…
Ал муңайым күлүмсүрөп койду.
Мен көпкө күттүм. Ал эс-учун жыйып келаткандай болду.
— Эсиң чыгып, коркуп калыпсың, бала…
Эс чыкпай турган окуябы анан! Бирок ал аста-секин күлүп койду:
— Бүгүн түнү мага мындан да коркунучтуу болот…
Жүрөгүм дагы бир балакет башталарын сезип, бүткөн боюм муздай түштү. Атаганат, анын күлкүсүн мен эми укпай каламбы? А күлкү мага чөлдөгү булак мисал кымбат эле го.
— Бала, сенин күлкүңдү дагы бир уккум келип атат…
Бирок ал:
— Бүгүн түнү бир жыл болот. Менин жылдызым бир жыл мурда мен түшкөн жердин так үстүнө тушма-туш келет…— деди.
— Бери карачы, бала, алиги жыланың да, жылдыз менен жолугарың да тек гана жаман түш го. Чын айтып атамбы?
Ал жооп кайтарган жок.
— Эң түпкү касиет көзгө көрүнбөйт…— деди ал.
— Айтканың ырас дечи…
— Бу гүлгө окшош. Эгер алыскы бир жылдызда өскөн гүлдү сүйсөң, алтүндө асман караган сонун. Жылдыздардын баары жадырай түшөт.
— Айтканың ырас дечи…
— Бу сууга окшош. Сен суу бергениңде, а суу мага музыкадай туюлуп кеткен, ошенткени чыгырык менен аркандын шарапатынан болсо керек… Эсиңде бардыр, ал суу абдан жакшы суу эмес беле.
— Айтканың ырас дечи…
— Түндөсү сен жылдыздарга карап-багасың. Менин жылдызым өтө эле кичинекей, аны сага көрсөтө албайм. Бир жагынан ошонусу да жакшы. Ал сен үчүн топ жылдыздын бирөө гана болот. Анан сен жылдыздарга караганды жакшы көрүп каласың. Жылдыздардын баарын дос кылып аласың. Анан сага мен бирдеме белек кылам…
Ушундай деди да, күлүп жиберди.
— Ах, бала, бала, мен сенин күлгөнүңө аябан кумармын да!
— Мен дал ошо күлкүмү белек кылам… Ал суудай эле болот…
— Суудайың кандай?
— Ар кимдин өз жылдыздары бар. Саякаттап жүргөндөргө алар багыт көрсөтөт. Кээ бирөөлөргө жылдыз бүл-бүл жанган оттордон айырмасыз. Илимпоздорго алар чыгарууну талап кылган эсеп-маселе. Баягы камбыл кишиме алар алтын көрүнөт. Бирок а кишилердин баары үчүн жылдыздар тилсиз. Ал эми сеники башкача жылдыздар болот.
— Башкачаң кандай?
— Түн киргенде көккө көз чаптырсаң анан жылдыздардын күлгөнүн угасың, анткени асманда мен жашап, мен күлүп турган жылдыз бар эмеспи. Сенин жылдыздарың күлө ала турган жылдыздар болот!
Ушундай деди да, өзү күлүп жиберди.
— Жубанып калганыңда (акыры жубанбай кайда барат элең) сен мени билгениңе кубанасың. Сен дайыма досум бойдон каласың. Мага кошулуп күлгүң келет. Кээде сен терезеңди моминтип ача салсаң, дароо жаның жыргай түшөт… Анан асманга карап алып күлүп жатканыңды көргөн досторуң аң-таң калышат. Аларга сен: «Ырас, мен жылдыздарга карап алып дайыма күлө берем!» деп айтасың. Анан алар сени акылдан тайган экен деп ойлошот. Көрдүңбү, мен сени кандай жаман кылам…


Ал дагы күлүп жиберди.
— Сага жылдыз эмес эле, бир короо күлкүчү жылаажын бергенсидим окшойт…
Ал дагы күлүп жиберди. Анан кайра олуттуу боло калды:
— Билесиңби… бүгүн түнү… келбей эле кой.
— Мен сени жалгыз таштай албайм.
— Мен сага азап чегип жаткандай… атүгүл өлүп бара жаткандай көрүнөрмүн. Дайыма ошондой көрүнөт.
Келбей эле кой, келгениңин кереги жок.
— Мен сени жалгыз таштай албайм.
Бирок ал бирдемеден кабатыр болуп турду.
— Анткен себебим… баягы жыландан улам айтып жатам. Кокус ал сени чагып алса… жыландардын жини чукул да. Бирөөлөрдү чакса жыргап калат.
— Мен сени жалгыз таштай албайм.
Кайра ток пейил боло түштү:
— Баса, анын уусу экөөбүзгө жетпейт ко…
Ошо түнү анын кантип туруп кеткенин туйбай, калыпмын.
Шырп алдырбай жылып жөнөгөн экен. Артынан жеткенимде, ал эчтемеден кайтпачу түр менен бат-бат арымдап баратыптыр.
— А-а, сен белең…— деп койду.
Дароо мени колтуктап алды. Бирок бирдемеден кооптонуп баратты.
Бекер эле мага кошулуп алдың. Сен мага дит багып карап тура албайсың. Сага мен өлүп бараткандай көрүнүшүм мүмкүн, а чынында эч өлбөйм…
Унчукканым жок.
— Билесиңби… Сапарым чексиз узак. Денем өтө оор, аны өзүм көтөрүп кете албайм.


Унчукканым жок.
— Бирок бу эскирген чел кабыкты сыйрып таштагандай эле кеп. Ал үчүн кейий турган эчтеме деле жок…
Унчукканым жок. Анын көңүлү бир аз чөгө түштү. Ошентсе да кайратын жыйнап, дагы жооткотуп көрдү:
— Билесиңби, бу абдан сонун болот. Мен да жылдыздарга карап-багамын. Анан бүт жылдыздар куду чыгырыгы кыйчылдаган эски кудуктар сыңар мага кымбат сезилет. Ар бир жылдыз мага суусунан берет…
Унчукканым жок.

— Кандай кызык болорун ойлоп көрчү! Сенин беш миллион жылаажының, менин беш миллион кудугум болот…
Ушундай деген соң ал өзү да унчукпай калды, анткени жашып кеткен эле…
Бир аздан кийин:
— Мына келип калдык,— деди ал.— Уруксат кыл, эми жеке өзүм бир кадам шилтейин.
Ал кумга отура кетти, анткени чочулап-корко баштаган эле.
Анан мындай деди:
— Билесиңби… розам… мен ага жоопкермин. А роза аябай маес! Куулук-шумдукту да түк билбейт! Анын төрт эле бечара тикенеги бар, дүйнөдөн калкаланар андан башка эчтемеси жок…
Мен да көчүк бастым, анткени буттарым аябай талып калган эле.
— Мына… болгону ушул…— деди ал.
Бир мүнөтчө аярлай калып, ордунан турду. Анан бир гана кадам шилтеди. А менин кыймылдаарга бурчам келбеди.
Бут алдынан сары чагылган кылак эте түшкөнсүдү. Көз ирмемге кыймылсыз турду. Кың деп үн бербеди. Анан кыйган дарактай каалгый барып кулап түштү. Кум шоокумдун баарын жутуп алат эмеспи, ошон үчүн каалгып табыш чыгарбай кулады.
XXVII
Андан бери, мына, алты жыл өттү. Анын жөн-жайын мен эмгиче эч кимге айта элекмин. Кайтып келгенимде жоро-жолдошторум мени аман-соо кайра көргөндөрүнө кубанышты. Жүрөгүм мыкчылып санааркап жүрдүм, бирок аларга сыр алдырбай:
— Бу тек гана чарчаганым…— деп коёр элем.
Көңүл дартым бара-бара билинбей жазылып кетти. Жаңылышам… таптаза жазылган жок. Бирок мен Кичинекей ханзада өз планетасына аман-эсен жетти деп ишенемин, анткени таң атканда баягы кумдан анын денесин таппай калдым. Денеси анча деле оор эмес эле. А мен болсом түн киргенде жылдыздарды тыңшаганга ышкыдармын. Куду беш миллион жылаажын сыяктанышат…
Бирок момундай бирдеме баш катырат. Мен козуга ширге тартып жатканда, кара басып, боосун кошо тартпай калыпмын! Кичинекей ханзада эми аны козунун оозуна кептей албайт. Анан өзүмө өзүм суроо берем: анын планетасында эмнелер болуп жатты экен? Кокус козу розаны жеп алды бекен?
Кээде мен өзүмө: «Жо-ок, эч андай болбойт! Кичинекей ханзада түндөсүн дайыма розасына айнек калпакчаны кийгизип коёт, козусун да тирмие көзөмөлдөп турат…»— деп айтам. Ошондо бактыга балкыйм. Жылдыздар да баары шыңгырап күлүп жиберет.
А кээде мен өзүмө: «Кээде эсер болуп да каласың… ошондо кырсыктын ар кандайын күтсө болот! Кокус ал кечинде айнек калпакчаны эсинен чыгарып коёбу, же козусу түндөсү тымызын бошонуп кетеби…» — деп айтам. Ошондо жылаажындардын баары ыйлап жиберет..
Мунун баары табышмактуу да, акылга да токтобойт. Кичинекей ханзаданы жакшы көрүп калгандар, силер да менчилеп эч качан, эч качан кайдыгер боло албайсыңар, анткени ааламдын кайсы бир бурчунда, балким, биз дегеле көрбөгөн бир козу бизге бейтааныш бир гүлдү жалмап салганын ойлосоң бут дүйнө башкача боло түшөт.
Көк асманга көз чаптыргыла. Өзүңөрдөн: «Баягы роза аман-эсен бекен же тыйпыл болду бекен? Кокус аны козу жалмап койду бекен?» — деп сурап көргүлө. Ошондо силер көрөсүңөр: дүйнө такыр башкача боло түшөт…
Мында кандай улуу маани бар экенин чоң кишилердин бирөө да эч качан түшүнө албайт!
Бу жер, менимче, дүйнө жүзүндөгү ашкан калктуу жана ашкан муңдуу жер.

Чөлдүн ушу бурчу мындан алдыңкы эле баракта тартылган, бирок силер жакшылап карап алсын деп дагы бир жолу тартып салдым. Кичинекей ханзада биздин планетанын дал ошол жеринде адеп пайда болуп, кийин ошол жерден кайра көздөн кайым болгон. Эгер качандыр бир Африкага, эрме чөлгө барып калсаңар, а жерди сөзсүз тааный коюш үчүн ыклас кылып карагыла. Силерден жалбарып суранарым: эгер ошо жерден кокус өтүп калсаңар, ашыкпагыла, алиги мен айткан жылдыздын астына бир аз аярлай тургула. Эгер жаныңарга алтын көкүлчөн бир Кичинекей бала басып кедсе, эгер ал кыт-кыт күлүп, сурооңорго жооп бербесе, силер, адбетте, анын ким экенин дароо баамдай коёсуңар. Силерден көптөн-көп суранарым: ошондой болуп калса, менин убайымдуу көңүлүмдү жубатуу жагын эсиңерден чыгарбагыла, анын келгенин билдирип, мага тезинен жазып жибергиле.