ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ: ТЕРМИНДЕР ТЕГЕРЕГИНДЕГИ СӨЗ

Илимий сабатсыздыкка итиркейи келип турар эле Сакебиздин. Өткүр акылына өөн көрүнгөн нерсеге унчукпай коё алчу эмес. Табиятынан сынчыл жаралган көсөмдүгү ушул белем: береги «Терминдер тегерегиндеги сөз» аттуу мазмундуу макаласын те илгери – 1979-жылы эле жазганы менен, ошондон бериге актуалдуулугун жоготпой келаткан илимий сабактарына таң берип отургандагыбыз бүгүн даа. Бүгүн даа кыргыз тилин кедергисинен кетирген тилине тибиртке чыккырлар толтура. Ошолорго сабак болсун үчүн көсөмдүн көөнөргүс темаларына көңүл бөлөр жагдайлар туру.

Себеби терминологиялык чаржайыттык бүгүн да кулач жайып турган кезең. Элестетиң, мындан кырк жыл мурун эле Сакебизден бизге сабак болор сын айтылат минтип: «урунуп жүргөн илимий терминдерди кыргыз адабиятчылары жана сынчылары жекече өздөрү кыйналып-кысталып табышкан жок, өз башы менен иштеп чыгышкан жок, алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыз адабият илимине орус адабият илиминен дапдаяр бойдон көчүп өткөн, бир даары калька», – дегени азыркы тапта да арышын керип, С.Жигитовдун сөзү менен айтканда «абдан көп колдонулчу терминге бир окумуштуу бир маани берип жазса, экинчиси дагы башка маани берип жаза» берүү өнөкөтү калелек! Бундай көрүнүш өнөкөткө айланарын ошондоле алдын ала туйгандай минтип атпайбы: «Балекеттин баары терминологиялык сөздүктөр үчүн караң калгыр калем акынын көлөмгө (листажга) жараша төлөнгөндүгүндө», – деп кайран Сакебиз советтик бийликтин илим-билим системасындагы кемчилигине да көз жума албай чындыкты чыркыраткан экен.

Кийин бизге өлөрүнө көзү жеткендей азил чала айтканычы: «Мен өлсөм, ушул кургур өмүр бою илим-билимдүүмүн деген кыргыздар курган тексттерди оңдоп-түзөп жүрүп өлүп кеткен деп күмбөзүмдүн башына жазып койгула!»

Устатыбыздын күмбөзү башына бул акыйкатты жазып илип койбосок да, артында калган сабактарын санаттап жүрмөгүбүз ушул окшобойбу, азил окурман…

Олжобай ШАКИР

Терминология маселеси — адабий тилибиздин азыркы өнүгүш баскычындагы өтө маанилүү жана татаал маселелерден. Ырас, илимдин көп эле тармагы боюнча кыргызча терминологиялык сөздүктөр үстөккө-босток түзүлүп, атүгүл, эне тилибизде жакынкы жылдары өөрчүп кетпей турган, илимий эмгектер жана диссертациялар дегеле жазылбай турган илим салаалары боюнча да терминдер иштелип чыкты. Калп айткан менеп болобу, ошондой терминдер тилибиздин сөз кенчин байытып, ар кыл илимдердин кыргызча «сүйлөшүнө» мүмкүнчүлүктөр ачып, практикалык мааниге ээ болду, асыресе көп томдуу универсал-улуттук энциклопедиябызды чыгарууда кыйла эле пайдасы тийди.

Бирок кыргызча терминдер Кыргыз ССР илимдер академиясына караштуу Терминология сектору аркылуу гана иштелип жаткан жок, алар кыргыз тилине стихиялуу түрдө, башкача айтканда, которулган окуу китептер жана илимий-популярдуу адабият, оригиналдуу илимий эмгектер, газета-журналдар, радио жана телевидение аркылуу да күргүштөп кирүүдө. Натыйжада, азыркы кыргыз адабий тилинде терминология жагынан баш аламандык өкүм сүрүп келатат. Ал эми мындай чаржайыт абал эне тилибиздин кадыресе адабий тил катары биротоло калыптанышына, ойдогудай өнүп-өөрчүшүнө, коомдук милдеттерин жакшы аткарышына терс таасирин тийгизери айдан ачык.

Албетте, жалпы эле терминология маселесинин оош-кыйыш жактарын тескеп-териштириш үчүн аны менен атайлап алектениш керек. Мындай иш бир чети профессионал тилчилердин энчиси болсо, бир чети ар бир илимдин өкүлдөрүнүн жумушу. Ошол себептен өзүбүз аки-чүкүсүн дурусураак билген адабият илими жана сыны урунган терминдердин тегерегинде азыраак сөз козгогубуз бар.

Коомдук жана табияттык илимдердин көпчүлүгү эне тилибизде али шыдыр сүйлөп кете элеги бештен белгилүү. Алардын фонунда адабият илимибиздин кыргызча туюнтуу мүмкүнчүлүктөрү кадыресе бийик даражага көтөрүлүп калганы айкын байкалат. Эгер философтор менен экономисттер өз илимдериндеги анча деле татаал эмес тексттерди (илимий ой-пикирлерди) кыргызча түшүнүктүү айтуу жагынан аябай кыйналышса, кыргыз адабиятчылары өз илиминин алкагындагы ар кандай татаал пикирлерди эне тилибизде анча көп чайналбай эле таамай да, түшүнүктүү да туюнтуп бере алышат. Буга чыгаан адабиятчыларыбыздын мыкты илимий китептери жана адабий-сын макалалар жыйнактары айкын мисал. Ошентсе да биздин илимдин атайын «сөздүгүндө» айрым кемчиликтер менен чаташуулар бар экенин баса белгилөөгө туура келет.

Арийне, урунуп жүргөн илимий терминдерди кыргыз адабиятчылары жана сынчылары жекече өздөрү кыйналып-кысталып табышкан жок, өз башы менен иштеп чыгышкан жок, алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыз адабият илимине орус адабият илиминен дапдаяр бойдон көчүп өткөн, бир даары калька (муунма-муун же сөзмө-сөз которуу) жолу менен жаңыдан жасалган. Ал эми өз кезегинде орус адабият илими өзү урунуп жүргөн терминдердин тең жарымынан көбүн чет тилдерден жана башка илимдерден кымтып алган. Экинчи жактан, орус адабият илиминин терминдери деле эмдигиче жалкы маани алып, токтолго таап, биротоло такталып бүтө элек. Алсак, жанр деген абдан көп колдонулчу терминге бир окумуштуу бир маани берип жазса, экинчиси дагы башка маани берип жазат. Поэтика, сюжет, фабула сыяктуу терминдердин түпкү мазмуну, так мааниси, терминдик чек арасы эмдигиче айкын боло элек. Албетте, орус адабият илиминде өкүм сүргөн ушул өңдүү терминология жактан баш аламандык аны ээрчип өнүгүп келаткан биздин адабият таануудагы терминдердин иштетилишине белгилүү даражада таасир кылары бышык.

Бирок кыргыз адабиятчылары жана сынчылары, орус адабият илиминде алда канча такталып, дайыма туруктуу мааниде айтылып-жазылып жүргөн терминдерди да кээде бузуп-жарып, тескери мааниде пайдаланган учурлар көп болот. Буга мисал катары көркөм адабият жөнүндөгү илимдин өз атын (наамын) келтирели. Орустун илимпоз адабиятчылары өз илимин наука о литературе, литературная наука, литературо- ведение деп аташат. Булардын баары маанилеш сөз айкалыштары, бирок туруктуу термин катары колдонулган литературоведение. Бул терминдин уңгусуна жалгашкан «ведение» деген орусча «наука» дегендин эле синоними. Ал эми көпчүлүк кыргыз адабиятчылары жана сынчылары бул терминди эмнегедир адабият таануу илими деп жазышат. Буга конкреттүү бир мисал: «Авторлор… адабият таануу илиминин тигил же бул маселелерин конкреттүү түрдө талдоого, жалпылоого аракеттеништи». («Адабият теориясынын проблемалары», «Илим», 1966, 3-бет.). Албетте, мындай сөз айкалышы логикалык жактан таптакыр туура эмес, аны кайра орусча которсо, литературоведческая наука дегендей теңирден тескери сөз айкалышы келип чыгат. Көркөм адабият жөнүндөгү илимди кыргызча же адабият таануу же адабият илими деп жазуу керек, адабият таануу деп жазгандан кийин ага илим дегенди жалгап кереги жок!

Кыргыз тилиндеги илимий же сын макалаларда, окуу китептеринде, атүгүл мисирейген академиялык эмгектерде прозалар, лирикалар, сатиралар, юморлор, эпостор дегендей формада колдонулган терминдер көп жолугат.

Маселен, «Сегиз жылдык жана орто мектептер үчүн кыргыз тилинин жана адабиятынын программасында» («Мектеп», 1972) аталган терминдер баштан-аяк көптүк сан формасында жазылган, Алар мектептин окуу китептеринде жана хрестоматияларында да дал ушундай формада жазылат. Ал эми орус тилинде проза, сатира, лирика, юмор, эпос деген сөздөр термин катарына эч качан көптүк санда айтылбайт да жазылбайт!

Баса, ал терминдер эмне үчүн кыргыз тилинде көптүк сандын мүчөсүн чиркештирип алды? Илгертен бери эле жумурай журт шайлоо деп жекелик санда айтып келген сөз азыр чочугандай шайлоолор деп көптүк санда жазыла баштаганын оңой түшүндүрсө болот, анткени, ал орусча көптүк санда турган выборы деген сөздүн таасири менен ошентип калды. Айрым котормочулар орус тилинде выборы, часы, ножницы, брюки дегендей жоон топ сөз дайыма көптүк санда иштетилип, эч убакта жекелик санда иштелип, эч убакта жекелик сандай айтылбай турганын ачык билишпейт көрүнөт. Ал эми орусча ар качан жекелик сан формасында колдонулган проза, лирика, эпос лирика, юмор дегендердин кай себептен кыргызча көптүк санда жазылып-айтылып калганын түшүндүрүү өтө кыйын.

Ар бир илим өзү урунган ар бир терминдин бир гана маани туюндуруп турушуна муктаж болот, бир терминдин көп же кош маанилүү болушу илимий идеалга туура келбейт. Бирок иш жүзүндө ар бир илимий термин жалкы гана маани туюнтуп тургудай абалга жетишүү да өтө кыйын сыяктанат. Бул абал, айрыкча, коомдук илимдерде сакталып кала берчүдөй. Маселен, орус адабият илиминде эпос деген терминдин кош мааниси бар. Биринчиден, ал сөз көркөм адабияттын лирика, драма сыяктуу өз алдынча бир классын, тобун, уруусун (родун) туюндурат. Экинчиден, ал кара сөз же ыр түрүндө оозеки жашаган көлөмдүү элдик чыгармалардын жалпылама атын билдирет. Ал эми ар кайсы эл өз эпосунун жеке-жеке чыгармаларын эне тилинде өзүнчө аттар менен атайт. Алсак, өз эпостук чыгармаларын орустар былина деп, украиналыктар дума деп, исландыктар сага деп, казактар батырлар жыры деп, өзбектер дастан деп айтат. Илгери кыргыздар «Кожожаш», «Курманбек» сыяктуу эпостук поэмаларын эмне атаганын ким билсин, а «Манасты» жомок деп атаганы белгилүү. К.К.Юдахин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» жомок сөзүнүн негизин маанисин орусча: «былина, произведение богатырского эпоса; сказ о богатыре, о богатырском подвиге»,—деп бериптир (199-6.).

Буга караганда революцияга чейин кыргыз эли «Манастан» башка эпостук чыгармаларын да жомок деп атаган сыяктанат. Азыр болсо адабий тилибизде жомок деген сөз, биринчиден, эпос деген терминдин далдаасында калды, экинчиден, маанисин өзгөртүп, мурдагы жөө жомок дегендин ордуна колдонулуп кетти. Натыйжада, азыр бир көркөм адабияттын бир родун да, ыр же кара сөз формасындагы көлөмдүү оозеки чыгармалардын жалпы атын да, жекече эпостук чыгарманы да эпос деп айтып калдык. «Манас» эпосу, «Курманбек» эпосу, «Жаңыл Мырза» эпосу дегендей сөз айкалыштары көнүмүшкө айланды. Орусча маанисиндеги эпос деген терминди (башкача айтканда, «совокупность произведений народного творчества — героические сказания, песни и. т. п»; 0. И. Ожегов, «Словарь русского языка», 894-6.) болсо эпостор деп атап таштадык. Айтор, эпос терминин биз орусчасынан да көп маанилүү кылып ийдик. Баарынан да аны көптүк сан формасында иштетип алганыбызды айтпайсыңарбы!

Кыргыз адабият илиминде эмне үчүн терминологиялык чаржайыттык өкүм сүрүп, бир катар интернационалдык терминдердин мааниси өйдөкүдөй өзгөрүүгө дуушар болду? Менимче, мунун эң биринчи себебин кыргыз адабият илиминдеги терминдер системасы башынан атайын иштелип чыкпагандык менен түшүндүрүүгө болот.

Көркөм адабиятыбыздын тарыхый-теориялык маселелерине арналган кыргызча илимий эмгектер, диссертациялар, сын макалалар жазгандар орусча терминдер менен туруктуу сөз айкалыштарын өз алдынча которуп, өз алдынча маани берип пайдаланып, өз билгениндей иш кыла бергени да терминологиялык ойгелдиликтин күчөшүнө алып келген. Адабиятчыларыбыздын арасында орусча терминдердин түп маанисин айкын билбей, ошонун айынан аларды кыргызча калпыс которуп алгандары да болгон. Айтор, биздин адабият илимибизде жана сыныбызда термин чыгаруу менен пайдалануу стихиялуу өнүгүп отурган.

Бизде адабият таануу терминдеринин системасын кандайдыр бир деңгээлде иштеп чыгуу бир кыйла кечигип, башкача айтканда, адабият таануу жагынан кыргызча далай эмгектер жазылып калгандан кийин башталды. Бул ишти адеп колго алгандар — белгилүү адабиятчыларыбыз Р.3.Кыдырбаева менен К.Асаналиев. Алар кураштырган «Адабият таануу терминдеринин кыргызча кыскача сөздүгү» 1961-жылы долбоор түрүндө, 1963-жылы биротоло басылып чыккан.

Албетте, ал «Сөздүк» — кыргыз тилинде адабият илими боюнча терминдерди иштеп чыгуу жана тартипке салуу багытындагы туңгуч аракет, маанилүү саамалык. Анда орус адабият илиминдеги жоон топ терминдердин кыргызча эквиваленти дурус табылган. Андан кыргыз фольклорундагы көркөм кубулуштарды жана жанрларды туюндурган «төл» терминдер да орун тапкан. Анын ар бир термини кең-кесири чечмеленген, конкреттүү мисалдар менен түшүндүрүлгөн. Ошол себептен ал «Сөздүк» адабият илими жагынан кыргыз тилиндеги кыскача маалыматчыл (справочный) китептин касиетин да алган. Бул жагынан бизде эмдигиче окуу китептери жок болгондуктан Р. Кыдырбаева менен К. Асаналиевдин «Сөздүгү» адабият теориясынан кыргызча учкай маалымат берген бирден бир колдонмо катары жалпы окурмандарыбызга, айрыкча, студенттерге, бир кыйла аралжы болду.

Ырас, «Адабият таануу терминдеринин кыргызча кыскача сөздүгүндө» айрым кемчиликтер да жок эмес. Эң оболу белгилей турган нерсе: анда бир топ термин орусчадан сөзмө-сөз которулуп ташталган. Маселен, «поэтическая вольность» деген кыргызча «поэтикалык эркиндик» деп берилген. Ал эми анын түшүндүрмөсү мындай: «Байыркы мезгилде ыр жазууда грамматикалык эрежелерден четтеп кетүүнү поэтикалык эркиндик деп аташчу. Анда сөздүн айрым муундары түшүп калууга же басымдын туура эмес коюлушуна жол берилүүчү. Азыркы мезгилде болсо поэтикалык эркиндик сөздүн ирониялуу маанисинде гана колдонулат» (28-бет). Авторлор «вольность» дегенди «свобода», «независимость» маанисинде гана түшүнүшүп, аны бу жерде «не ограниченность какими-нибудь правилами, нормами, законом» («кандайдайдыр бир эрежелер, нормалар, закондор менен чектелбегендик») деген мааниде колдонулуп жатканын таназар алышпаган көрүнөт.

Чынында «поэтическая вольность» деген поэзиядагы кандайдыр бир эркиндикти эмес, акындын тентектигин же ээнбаштыгын туюндурат. Ал эми ырда грамматикалык эрежелерди байыркы акындар түгүл, кийинки акындар деле ээнбаштанып буза беришет. М. Ю. Лермонтов бир ырында: «Из пламя и света рожденное слово»,— деп жазат. Орус тилинин грамматикалык закону боюнча ырдын башындагы сөз айкалышы «из пламени…» болушу керек эле. Аалы Токомбаев да «Кичинекей корей кыз» деген ырында: «…түртүп ийди чалкага»,—деп жазат, ал эми кыргызча ал «түртүп ийди чалкасынан» болушу керек эле. Демек, «поэтическая вольность» деген кыргызча акын ээнбаштыгы же тентектиги дегендей бир кеп турбайбы.

«Сөздүктө» сөзмө-сөз которуунун айынан көп терминдер кыргызча жасалма, олдоксон, угумсуз чыгып калган. Маселен, «звукоподражение» деген «үндү тууроо» (47-6.) деп, «народность литературы» деген «адабияттын элдиктүүлүгү» (80-6.) деп «начальная рифма» деген «башталгыч уйкаштык» (31-6.) деп берилген. Булар кулакка сайгандай серт угулуп, айтайын десең тилиңди булдурттатат. Баарынан да «башкы уйкаш» деп жайдары кыргызча айтылчу сөз айкалышынын «башталгыч уйкаштык» деген жасалма сөз айкалышы менен туюнтулушу таң калтырат. Уйкаш деген таамай да, кооз терминди уйкаштык (116-6.) деп айтуунун кандай кажаты бар эле?

Баса, азыр лык мүчөсүнүн арааны аябай жүрдү белем, бечараны ыгы келсе деле, келбесе деле зордоп колдоно беребиз. «Элдик поэтикалык чыгармачылык» деген тикенектей сөз айкалышын окуу китептеринен да, газета-журналдардан да көп учуратабыз. Бир сөз айкалышында караң калгырлык мүчөсү үч мертебе кайталанат деген эмне жакшылык! Мындай айкалыш сөз кадырын, даамын, көркүн аздыр-көптүр сезип-билген кишинин итиркейин келтирбей койбойт ко. Аталган «Сөздүктө» «фольклор» деген түшүнүк орусча «народное творчество» деген сөз айкалышынан которулуп, ошон үчүн «элдик чыгармачылык» (79-6.) деп берилиптир. Кокус ал орусча «народное поэтическое творчество» деп жазылса, тупадан туура эле «элдик поэтикалык чыгармачылык» деп которулары шексиз эле. Орусчасында -ный мүчөсү менен аяктаган терминдердин аягын кыргызча — лык деп которула берген. Маселен, «каламбурная рифма» деген «каламбурдук уйкаш» (56-6.) деп которулуптур. Мунун өзү кыргыз ээр, калай кашык, жыгач үй деген сөз айкалыштарын кыргыздык ээр, калайлык кашык, жыгачтык үй деп айткандай эле бир кеп эмеспи. Бу мисал келтирген сөз айкалыштары орус тилинде эч качаи киргиз-седло, алюминий-ложка, дерево-дом болуп айкалышпайт, алар киргизское седло, алюминевая ложка, деревянный дом делип суффикстердин жана окончаниелердин жардамы менен айкалышат. Ал эми биз ошондой суффикстерди жана окончаниелери бир сөз айкалыштарын орусчадан которгондо баш катырып ойлонуп отурбай, оңбогур -лык мүчөсүн лып коё коёбуз, тек гана «каламбур уйкаш» деп айкалышчу сөздөрдү «каламбурдук уйкаштык» деп теңирден тетири айкалыштырабыз. Мындай котормочулук жалаң эле адабиятчылар гана эмес, жалпы эле кыргызча жазып же которуп жүргөндөрдүн башында бар жаман адатка айланды шекилди.

Сөзмө-сөз которуунун күүсү менен «Адабият таануу терминдеринин кыргызча кыскача сөздүгүндө» кээ бир төл терминдерибиз да эмнегедир орусча маани алып калыптыр. Маселен, анда «акын» деген бештен белгилүү сөзгө мындай түшүнүк берилиптир: «Казак жана кыргыз элдөринде импровизациялык формада ыр чыгарган адамды акын деп аташат. Казак акындары домбуранын, кыргыз акындары комуздун күүсү астында өздөрүнүн чыгармаларын төкмө түрүндө ырдашат» (11-6.). Казак менен кыргыз төкмө ырчыларын акын деп аташканы ырас. Бирок эки эл тең азыркы учурда профессионал поэттерин да акын деп атайт эмеспи. Эгер орус тилинде «акын» деген бир маанилүү эле термин болсо, кыргыз тилинде ал кош маанилүү терминге айланды. Авторлор ушул моментти таптакыр эске алышкан эмес.

Тирмее тескеп-териштиргенде «Адабият таануу терминдеринин кыргызча кыскача сөздүгүнөн» булардан башка да кемчиликтерди табууга болот. Бирок биз ошол «сөздүккө» кечиккен рецензия жазып жаткан жерибиз жок. Биз жакшы билебиз: Р. 3. Кыдырбаева менен К. А. Асаналиев сөздүк кураштырып жаткан кезде адабият илими боюнча Л. Тимофеев менен Н. Венгровдун орто мектеп окуучуларына арналган «Краткий словарь литературоведческих терминов» деген китепчесинен башка терминологиялык сөздүктөр жок эле. Ошондон улам биздин адабиятчылар Л. Тимофеев менен Н. Венгровдун нормативдүү кыскача сөздүгүнө гана таянууга аргасыз болушкан.

Андан бери далай жылдар өтүп, адабият илиминин терминологиясын мурдагыдан толугураак камтыган маалыматчыл китептер көп чыга баштады. Буга мисалдар: көп томдуу «Краткая литературная энциклопедия» (1962—1978; экинчи басылышы), А. Квятковскийдин «Поэтическая словары» (1966), 0. Ахманованын поэтика боюнча терминдерди бүт кошо камтыган «Словарь лингвистических терминов» (1966) дегени, М. Хамраевдин «Краткий словарь терминов тюркоязычпых литератур» (1966) аттуу китепчеси, Л. И. Тимофеев жана башкалар түзгөн «Словарь литературоведческих терминов» (1974) деген энциклопедиялык мүнөздөгү эмгек. Демек, азыркы учурда адабият таануу боюнча терминдердин орусча-кыргызча толугурак сөздүгүн иштеп чыгууга омоктуу өбөлгөлөр бар.

Бирок адабият илиминин терминологиясын кыргызча тартипке салып чыгыш оңой-олтоң жумуш эмес. Ал кадыресе чыгармачылык түйшүккө сала турган иш. Мындай түйшүктөн жакшы натыйжа чыгарыш үчүн эң оболу терминдерди иштеп чыгуунун жалпы жана жеке методологиялык принциптерин аныктоо өтө зарыл. Ушул маселеге тикелей киришкенде өзүнөн өзү бир топ суроо чубап чыгат.

Терминдерди жөнгө салууда биз баарынан мурда орус адабият таануусунун бай тажрыйбасына таянарыбыз бышык. Ал эми орустун азыркы адабият илими — дүркүрөп өөрчүгөн, көп тарамга ажыраган, өрүшү кенен илим. Демек, ал урунган терминдер да өтө көп. Башкасын айтпаганда да, орус ыр таануусунун өзгөчө же атайын сөздүгү эле ушу тапта өзүнчө китеп болчу «терминдер жыйындысынан турат. Орус адабият илиминдеги терминдердин арасында эл аралык маанидегилери да, жалпы жана жеке мүнөздөгүлөрү да, айрым региондук же улуттук адабият илимдеринен келгендери да жолугат. Алсак, орус адабият таануусундагы терминдердин басымдуу көпчүлүгү байыркы грек жана рим поэтикасынан кабыл алынып, Европа элдеринин адабият илиминдеги терминология менен өзөктөш.

Орус илимине өткөн кылымдан бери карай араб, иран, инди адабияттарынын терминологиясы, бу кылымдын башынан бери карай япон, кытай, корей поэтикасынын спецификалык терминдери кире баштады. Азия, Африка, Латын Америкасындагы элдердин көркөм маданияты советтик илимий изилдөөлөрдүн объектине айлана баштагандан бери карай ал элдердин айрым терминдери да орус адабият илиминин сөздүгүнөн орун алууда. Айтор, азыр орус тили адабият таануу терминдери жагынан аябай эле байыган чак.

Эми ушу жерде мамындай суроонун көлдөлөң коюлушу закондуу болот: биз адабият таануу терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыкканда орус адабият илиминдеги бардык терминдерди толук бойдон камтышыбыз керекпи же алардын арасынан эң керектүүлөрүн гана тандап алышыбыз керекпи?

Ырасын айтканда, жалпы эле адабият илиминин терминологиясын бүт бойдон чагылдырган лексиконду (сөздүктү) кыргызча түзүп чыгуунун анча деле зарылчылыгы жок. Себеп дегенде жакынкы жылдар аралыгында кыргыз тилинде адабият илиминин палеография, текстология, ыр таануу сыяктуу көмөкчү тармактарынын дүркүрөп өөрчүп кетиши, япон же корей адабияты тууралу оригиналдуу илимий эмгектердин жазылышы шек туудурат. Андай болгон соң биз адабият таануу терминдеринин кыргызча түзүлө турган сөздүгүнө көп сандаган спецификалуу терминдерди, айталык, япон поэтикасынын түшүнүктөрүн же ыр таанууга (стиховедение) гана тиешелүү терминдерди киргизбей койгондон анча деле өксүп калбайбыз.

Кезектеги дагы бир суроо мындай: жарала турган сөздүк кандай болушу керек — Р. Кыдырбаева менен К. Асаналиевдин «Сөздүгүнөн» жайылма-түшүндүрмөлүүбү же орусча терминдердин кыргызча эквиваленттерин гана тизмелөө түрүндөбү?

Дегинкисин айтканда, терминдердин ар биринин маани-мазмунун чечмелеп, конкреттүү мисалдар менен «кооздоп» отуруу терминологиялык сөздүктүн озуйпасына кирбейт. Тилекке каршы, илимдин көп тармактары боюнча терминологиялык сөздүктөр ашкере түшүндүрмөлүү багытта жаралып келет. Иштин мындай багыт алып келиши да кокусунан эмес. Балекеттин баары терминологиялык сөздүктөр үчүн караң калгыр калем акынын көлөмгө (листажга) жараша төлөнгөндүгүндө жашынып жатпайбы. Эгер калем акы башкача (айталык, аккордный) формада төлөнсө, терминологиялык сөздүктөр азыркыдай терминдердин маанисин түшүндүргөн «жайылма» сүйлөмдөргө бай болуп калбайт эле.

Биздин оюбузча, адабият таануу терминдеринин болочок орусча-кыргызча сөздүгү жөнөкөй терминологиялык сөздүк иретинде түзүлүшү керек. Тактап айтканда, мындай сөздүк орусча терминдердин кыргызча которулчулары которулуп, которулбай тургандары ошо бойдон алынып, өтө эле зарыл болуп калса гана айрым терминдердин тушуна кыскача түшүндүрмө берилиши максатка ылайык. Анан ушундай терминологиялык сөздүктүн негизинде кийин адабият теориясы боюнча окуу куралдарын да, адабият таануу боюнча энциклопедиялык китептерди (түшүндүрмөлүү сөздүктөрдү) да чыгарууга болот.

Бул айтылгандар — терминологияны иштеп чыгуунун жалпы методологиялык принциптери. Ал эми терминдердин өзүн конкреттүү жасоо (кабыл алуу) жол-жоболоруна келсек, мында да көңүл бура турган бир топ маселе бар. Маселен, адабият таануу боюнча эл аралык терминдердин дээрлик баарын орусча кандай айтылып-жазылса, кыргызча дал ошол бойдон ала турганыбыз талашсыз нерсе. Ошондой эле интернационалдык терминдердин орус тилинде туюнтулган мааниси кыргызча өзгөртүп жиберүүгө, көптүк санда тургандарын жекелик санда, жекелигин көптүк санда чалды-куйду пайдаланууга да акыбыз жок. Лирика, эпос, юмор сыяктуу орусча дайыма жекелик гана санда колдонулуучу терминдерди лирикалар, эпостор, юморлор деп айтуу да, жазуу да илимий сабатсыздыктын аркайган белгиси катары бааланышы керек.

Бирок даяр терминдери баштан-аяк сыдыра кабыл алуудан да аздыр-көптүр сак болгонубуз оң. Балким, биз азыр колдонуп жүргөн айрым орусча терминдерди которуп колдонгонубуз жакшы чыгар? Маселен, ырдагы «слог» дегенди «муун» деп которгон соң «стопа» (ырдагы муундардын тутумдашкан тобу) дегенди «муунак» деп туютканыбыз маани жагынан да туура болмок, маанисин окурмандар да дароо гана аңдап калмак. Биздин оюбузча, «силлабикалык ыр түзүлүшү» дегенди «муунчул ыр түзүлүшү» деп, «тоникалык ыр түзүлүшү» айкалышын «басымчыл ыр түзүлүшү» деп, ал эми «силлаботоникалык ыр түзүлүшү» дегенди «муунчул-басымчыл ыр түзүлүшү» деп алуу зарыл. Дал ушундайча туюндурганда «муунчул» жана «басымчыл» деген сөздөр ырдын кандай принципте курула турганын айкын каңкуулап, терминдин маанисин окурмандарга дароо түшүнүктүү кылат.

Кесиптеш жолдошторумдун кээ бири бул сунушка каршы чыгышы да ыктымал. Алар «силлабикалык ыр түзүлүшү», «тоникалык ыр түзүлүшү», «силлабо-тоникалык ыр түзүлүшү» дегендер тилибизге алда качан сиңип кеткен деп айтышар. Эгер, кадыресе жүйөөсү бар ушул пикирди эске алсак, анда «силлабикалык ыр түзүлүшү» жана «муунчул ыр түзүлүшү» дегендерди азырынча маанилеш (синоним) терминдер катары жарыштыра кое беришибиз мүмкүн. Мейли, адабият илиминде экөө тең катары менен пайдаланыла берсин. Мындан биздин илимибиз эч кандай деле зыянга учурабайт, анткени, үч-төрт маани туюндурган бир сөздүн барынан көрө бир маанини билдирген эки-үч синоним терминдин бары алда канча жакшы эмеспи. Дегинкиси синоним сөздөрдүн көптүгүнөн жалпы адабий тил да, жекече илимий тил да эч качан жабыр тартпайт, тескерисинче, көркүнө чыгат. Буга өзүбүздүн эле адабиятчылар иштетип жүргөн бири бирине маанилеш «проза» менен «кара сөз», «ритмикалык проза» менен «жорго сөз», «ритм» менен «ыргак» сыяктуулар айкын мисал.

Биз, тескерисинче, өз илимибиздеги айрым терминдердин көп маанилүү жагдайынан аздыр-көптүр азап жейбиз. Ошон үчүн андай терминдерди көп маанилүү абалдан сууруп чыгаруу өтө зарыл болуп турат. Мына, биздеги «ыр» деген термин орус адабият илиминдеги стих (көркөм речтин прозадан айырмалуу түрү), стихотворение (поэзиядагы окуп түшүнүүгө арналган чакан чыгарма), песня (обонго салып ырдашка арналган чакан поэзия туундусу) деген өз алдынча үч терминдин ордуна жүрүп жатат. Ал эми көпчүлүк түрк тилдеринде бул терминдердин маанилик айырмасы ачык-айкын ажыратылат: стихотворение дегенди өзбектер шьер, татарлар шыгыр, казактар өлең деп, песня дегенди болсо өзбектер кошук, татарлар жыр, казактар эн же жыр деп айтат. Кыргызча мындай айырмалап айтуу азырынча жок. Кош маанилүү «акын», «эпос» деген терминдер тууралу да ушуну эле айтуу мүмкүн.

Кош, эми эмне кылышыбыз керек? Канткен менен «ыр», «акын», «эпос» сыяктуу сөздөрдүн көп мааниде айтылганына жедеп көнүп алганбыз го, асыресе «ыр» сөзүнүн карандай терминдик үч маанисин буга чейин биз контекстке карата бири биринен айырмалай түшүнүп келбедикпи. Балким, аларды мындан ары деле мурдагысындай эле уруна бергенибиз оңдур?

Ырас, маселенин ушундайча коюлушунун да аздыр-көптүр жүйөөсү бар. Бирок жөнөкөй оозеки тилде таназар албачу мындай көрүнүш илимий тилде, тактап айтканда, терминология алкагында бир кыйла өөн да учурайт, максатка да ылайык келе бербейт. Нукура илим өз терминдеринин сыңар (жалкы) маани гана туюндуруп турушуна өтө муктаж. Андай болгон соң өйдөкү келтирген терминдердин азыркыдай көп маанилүү бойдон калганга эч акысы жок.

Биздин оюбузча, көп маанилүү терминдер камтыган маанилердин арасындагы айырмачылыктар өз алдынча туюнтмалар менен белгиленгени дурус. Эгер, бул маселеси бир жаңсыл кылуу биздин колубузга тийсе, анда адабият илиминин спецификалуу сөздүгүндө «ыр» дегенге «песня» маанисин биротоло берип, «стихотворение» дегендин маанисин «өлөң» же «казал» сөздөрү менен туюндурар элек. Эмне үчүн дегенде, ал эки сөз тең бир чети жалпы кыргызга маалим, бир чети айдан ачык жалкы мааниси гана бар термин да эмес. Айтор, ал экөөнүн бирөө термин кылып алганга жарайт. Анын үстүнө, туңгуч жазма ырчыларыбыз өздөрү кагазга түшүргөн ырларын «казал» деп аташкан эмеспи. Бу «казал» дегенди алар «газель» (бейттен, башкача айтканда, эки саптан куралган ыр) деген түпкү маанисинде эмес, жазылган ыр (стихотворение) маанисинде колдонгону талаш туудура койбос. Ошондой эле «эпос» деген терминди кыргызча көп маанилүү абалдан чыгаруу үчүн да ал сөзгө орус адабият илиминде токтолго тапкан жана эч убакта көптүк санда айтылбаган эки маанисин («адабияттын бир түркүмү; ошол түркүмдүн чыгармаларынын жалпы жыйындысы») кайра кайтарып берип, али эми эпоско тиешелүү конкреттүү чыгармаларды «дастан» деп атаса кантмек? Мисалы: «Курманбек» дастаны, кыргыздын баатырдык дастандары ж. б. Бу сөз да жалпы кыргызга белгилүү, бирок буга чейин термин катары пайдаланылбаган сөз. Ошондуктан ал орусча «эпическое сказание» (былина, дума, сага ж. б.) деген түшүнүктү кыргызча туюндурган термин болууга арзый алат.

Биз «акын», «акындар поэзиясы», «жазгыч акын» деген сөздөрдү да көп пайдаланабыз. Алардын орус адабият илиминдеги («акын», «акынская поэзия», «акын-письменник») маанилерин билбеген карапайым окурмандар «акын» дегенде эң оболу А. Токомбаев, А. Осмонов, С. Эралиев сыяктуу профессионал поэттерибизди, «акындар поэзиясы» дегенде ошолордун чыгармачылыгынын жыйындысын түшүнөрү бышык. Ал эми илимий тилибизде «акын» деген термин кош маанилүү болуп турган чакта орусчадан калька кылынган «жазгыч акын» дегенибиз жөнөкөй окурманга беймаани бир сөз айкалышындай туюлары шексиз. Чынында да Токтогул менен Осмоновдун, Тоголок Молдо менен Рыскуловдун, Турсуналиев менен Эралиевдин арасында (алардын табигый талант даражасын эске албаганда) чыгармачылык жактан кандайдыр бир сапаттык айырма бар го?

Андай болгон соң илим тилинде аларды бирдей термин менен атоо сөзсүз чаташууга алып келбей койбойт. Кийинки жылдары «акын» деген сөз профессионал поэт маанисин көбүрөк алып кеткен себептүү аны «поэт» дегендин кыргызча эквиваленти катары туруктуу термин кылып алып, ал эми орусча «акын» («кыргыз жана казак элдерине импровизациялык формада ыр чыгарган адам») деген терминдин кыргызча эквиваленти катары «ырчы» деген төл сөзүбүздү кабыл алышыбыз лазым. Ушинткенде орусча «акынская поэзия» дегенди «ырчылар поэзиясы» деп, орусча «акын» (башкача айтканда, «певец-импровизатор») дегенди «төкмө ырчы» деп, орусча «акын-письменник» дегенди «жазма ырчы» («жазгыч» менен «ырчы» айкалышканда айтымга оор, угумга жагымсыз чыгат экен) деп алууга туура келет. Ошондо «акын» деген сөздү кош маанилүүлүктөн чыгарар элек да, тиги «ырчы» деген сөзгө да өзүнүн азандагы маанисин берер элек.

Адабият таануу боюнча универсал болбосо да бир кыйла толугураак терминдер системасын иштеп чыгуу процессинде көп сандаган терминдер орусчадан кыргызчага жаңыдан, биринчи жолу которулары да шексиз нерсе. Ошолорду ойдогудай кыргызчалатуу үчүн термин тапкычтардан чымырканган аракет, омоктуу илимий дасмия, өткүр тилдик баам, ийкемдүү илээкечтик талап кылынат. Демек, орусча терминдердин кыргызча эквиваленттерин таамайлап табуу чыныгы чыгармачылык мээнет менен бүтө турган иш. Ан үчүн эң оболу термин жасоонун түпкү табиятын жана конкреттүү жол-жоболорун, чыгармачылыктын ушул тармагы боюнча кыргызда бар тажрыйбанын нускалуу жана жарамсыз жактарын терең тескеп-териштирүү зарыл.

Арийне, жаңыдан өөрчүп келаткан адабий тилдер терминдердин бир кыйласын өөрчүгөн тилдерден даяр бойдон алса да, көпчүлүк терминдерин жаңыдан жаратууга аргасыз болот. Демейде жаңы терминдер жасалма сөздөр түрүндө чыгарылат да, илимий адабият, окуу китептери, басма сөз сыяктуу коммуникация каналдары аркылуу көнчүлүккө жайылат. Бул процесс көбүнчө жасалма туюнтмаларды калктын калың катмарына таңуулоо иретинде жүрөт. Кээ бир акылмансынган тилчилер: «Терминдерди жогортон элге таңуулоого болбойт, таңуулаганда да баары бир эл кабыл албайт»,—деп калышат. Сыртынан жүйөөлүү көрүнгөн мындай пикирлердин калетсиздигин жандуу тил практикасы ырастаган жери жок.

Кыргыз тилиндеги жаңыдан жасалган далай эле термин илимпоздор, котормочулар, газеталар тарабынан табылып, агартуу уюмдары жана массалык коммуникация каналдары аркылуу калайыкка таралып жатпайбы. Алардын арасында сөз кадырын аздыр-көптүр билген адамдын итиркейине тийчүлөрү да, тилдик сезими кылдат кишинин каарын келтирчүлөрү да аз эмес. Маселен, «элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык», «улуттук көз каранды эместик», «бөлүп-жаргыч ишмердүүлүк» сыяктуу чычырканактай сөз айкалыштары окуу куралдарынан, котормо жана оригиналдуу китептерден, газета-журналдардан кадам сайын жолугат. Карапайым малчылар же дыйкандар эмес, өзүбүздүн эле «чилистендер» чыгарган өйдөкүдөй терминдер жана айкалыштар жазма тилибиз түгүл, оозеки тилибизге да сиңип баратпайбы. Тек андай речтик көрүнүштөрдүн эне тилибиздин топурагына тамыр жая баштаганын жакшы жышаан деп баалаш гана кыйын…

Демек, ар түркүн китептер, күндөлүк басма сөз, радио менен телевидение аркылуу үстөккө-босток кайталана берсе, жаңы терминдер менен сөз айкалыштарынын жакшына жасалгандары да, дегеле эби-сыны жок табылгандары да эл арасына жайылып кете берет экен. Тил практикасында ушундай тенденциянын өкүм сүрүшү кыргыз илимпоздорун, котормочуларын, журналисттерин, айрыкча, термин чыгаруу менен алышып жүргөндөрдү жаңы тилдик туюнтмалар жасоо ишине ашкере кылдат мамиле кылууга милдеттендирет.

Ырас, терминчилик өнөрүбүздө оркойгон кемчиликтер бир топ бар. Бирок бу жагынан бизде өрнөк ала турган үлгүлөр да жок эмес. Буга айкын мисал — кыргыз тил грамматикасынын алгачкы терминдери. Алар илимдин бардык тармагы боюнча термин табуу үчүн эң сонун үлгү (модель) боло алат.

Грамматикабыздын терминдери дээрлик бүт бойдон илгери эне тилибизде жолукпаган жасалма сөздөр экени белгилүү. Мынакей, «сүйлөм» деген терминге баам салалы. Илгери эне тилибизде ушундай заттык туюнтма бар беле? Жок, жөн гана «сүйлөө» деген кыймыл атооч бар болгон. «Сүйлөм» деген «байлам», «чайнам», «кайнам» дегендей зат атооч сөздөрдүн үлгүсү менен жаңыдан чыгарылган. Жасалма сөздөр болгону менен бу сыяктуу терминдер кандай таамай, кандай кооз, кандай шаңдуу! Байкап көрсөңөр: «Зат атооч!», «Сын атооч!», «Илептүү сүйлөм!» «Атооч жөндөмө!»… Чиркин ай, баары тең ыр айкалыштарындай мукамдуу, баарын тең момпосуй соргонсуп тамшанып айткың келет! Алар эне тилибиздеги нукура төл сөздөрдүн фонунда курулушу жагынан да, угулушу жагынан да кылчалык өөн учурабайт.

Мындай керемет терминдерди учкул кыял, өткүр акыл, акын жандуу пенделер гана ойлоп табышы мүмкүн. Эгер грамматика терминдери бүт бойдон азыркы тилчилер тарабынан жаралса, «зат атооч» дегенибиз «заттык ат» же «затты атоо» деп, «сүйлөм» дегенибиз «сүйлөө», «сунуш» же «сүйлөөчүлүк» деп, «илептүү сүйлөм» дегенибиз «кыйкырыктык сүйлөөчүлүк» деп, «илик жөндөмө» дегенибиз «туудуруучу жөндөөчү» деп жасаларына шек санабай эле койсо болот.

Ал терминдер ушундайча чыгарылып калса, айла барбы, тилибизди мүдүрүлтүп айта берет болчубуз. Өз убагында мындан бешбетер копол терминдер менен сөз айкалыштары жазма тилибизде жамырап кеткен экен, алардын баарын биз аргасыздан жазып да, айтып да жатпайбызбы. Баса, кыргыз тил грамматикасынын кийинки жылдары жасалган көпчүлүк терминдери мурдагыларынан кескин айырмаланып, сөз кадырын билгендердин куйкасын куруштурат. Мисалы, орусча эле сөздөн турган «выпадение звука» деген «тыбыштын сыйлыгышып түшүп калышы» деп дегеле бир кулач болуп которулган, жадагалса «куранды мүчө» нары кыска, нары угумдуу термин «сөз өзгөртүүчү мүчө» деген тикенектей сөздөр менен алмаштырылган…

Айтор, адабият таануу терминдеринин эскилерин кайра карап, жаңыларын орусчадан кыргызчалатып чыгууда биздеги терминология чыгармачылыгынын өрнөктүү салттарын да, жарамсыз көрүнүштөрүн да эске албаса болбойт. Ал терминдер эне тилибиздин туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш жасалсын, айтканга да, укканга да жарашыктуу болсун, тек, көп илимдердин кыргызча терминдери сыңары сын атоочтук же кыймыл атоочтук мааниден серпилип чыга албай, заттык мааниге чапчаң көтөрүлө албай, арабөк калбасын.

1979-жыл.

«Көркөм сөз маселелери» китебинен

Абдил ШЕРМАТОВ: Терминдерди териштирүүдөн чыккан сөз